Ырас, агасына акыл айтуу салтта жок болсо да, улуулук баа­баркын, нарк­насилин сактабаган, айрым көңүл иренжитерлик жоруктары мени абама кат жазууга аргасыз кылып туру. Анын үстүнө, бул көптөгөн кыргыздарга мүнөздүү көрүнүш.

— Аба, сага коё турган биринчи дооматым — ичи тардыгың. Өзүңдүн акылың толуп, жашың өйдөлөп калганын эске алсаң обол ичи тардыгыңды ташта. Бирөөнүн жеке ийгилигин кой, эл үчүн жасаган эмгегин да көргүң келбей турганын көп байкадым. «Ал муну бекер жасаган жок» деп, арт жагынан криминал издеп турасың.  Бардык жакшы жактарыңды ушул ичи тардыгың көлөкө түшүрүп көрсөтпөй турса, бардык жаман адаттарыңдан ушул сапатың миң эсе ашып түшүп турат. Жакында эле алакандай кыргызды алтыга бөлүп, биздин райондон эмне бир депутат чыкпайт, татыктуу балдар жайнап атпайбы деп бакылдабадың беле. Эми айылдашыбыз районго аким болсо, дароо анын тексиздигин, кайындарынын аркасы менен көтөрүлүп жүргөнүн, аялы кыйын экенин, ал деле жеп­ичкенден башкага жарабасын “далилдеп” жибердиң го.

Дагы бир айылдашың китебин чыгарып, экинчиси илим кандидаттыгын жактаган экен, аларды жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаптың. Алардын байманасы ташыгандан ошенткенин, биринин китебинде “пок” да жогун, экинчиси илимге кенедей да салым кошпогонун айттың. Алар маңдай терин төгүп, жандарын үрөп жүрүп ошол эмгектерин жасаганын, алардын элге пайдасы тийип жатканын билип эле турсаң да билгиң келбейт. Андан көрө алардын эмгектерин окуп көрүп, алың жетсе ийгилик­кемчиликтерин айтсаң кубанып калбайт белек.

Ушул ичи тардыгыңдан кол жуумайын өзүң да, балдарың да, сени көргөн жаштар да өсүп­өнбөйт. Кыргыздын жолун тороп турган айрымдар айткандай аракечтиги же башка терс сапаты эмес, эң оболу ушу ичи тардыгы аба. Алсак, өзүбүзгө  керексиз болуп калган, бирок колдонууга жарактуу бир буюмду керегине жарата алчу башка бирөөгө ыраа көргөндөн көрө сындырып салганды же таштандыга ыргытканды артык көрөрүбүздү кантип танабыз. Жакшыны ак дилден колдомок тургай, анын ийгилигин көралбай кыжырыбыз кайнап турат. Бул көпчүлүгүбүзгө мүнөздүү көрүнүш.

— Экинчи дооматым — уруучулдугуң. Аба, мен сени патриот деп жүрсөм, абдан жаңылышыптырмын. Өтө майдаланып кеткен жан экенсиң. Урууну урукка, урукту айылга, айылды көчөгө, көчөнү аталарга бөлүп карайт экенсиң. Ушундан кийин өз үй­бүлөңдү деле бир нече “сортко” бөлөрүңө ишенип калдым.

— Үчүнчү дооматым — кекчилдигиң. Түз эле айтсам: качанкы бир кекти унутпай Ормондун кунундай узартуудан же Чубактын чуусундай чубалтуудан пайда жок. “Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат”, “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” дейт кыргыз, “бирөө менен урушсаң, жууган жүз аарчың кургагыча кайра элдеш” дейт мусулман дини. Бир болбогон иш үчүн жакын эле тууганыңы өмүр бою кектеп жүрүп, ал өлгөндө топурак салганы барып, “жакшы адам эле” дегениң курусун.

— Төртүнчү дооматым — жалкоолугуң жана уурулугуң. Өзүңдүн катарыңда эле жашаган эки кошунаңды карачы. Алардын чарбактарында картөшкөдөн кара өрүккө чейин өнүп турбайбы. Чарбактарынын топурагы да, арыктагы суусу да сеники менен бирдей эле шартта. Алар жерди тытмалап, балдарын мыкты эле багып атышат ко. Айдаган картөшкөсүн, баккан малын сатып, балдарына там салып, машине алып берип атканын өз көзүң менен көрүп турбайсыңбы.

Ал эми сенин чарбагыңда болсо айдап койгонсуп коко тикен менен куурай, үйүңдүн бети түлөгөн тайлактай болуп, ар кай жеринде гана шыбагы калган. Анан дагы бетиң чымырап койгондун ордуна каш карайгандан кийин жыла басып, алардын чарбактарынан картөшкө казып келесиң, өзүң айдап койгонсуп. Бирөөнүн акысын жеген күнөө экендиги мамлекет мыйзамында да, дин китептеринде да жазылып турганын менден жакшы билесиң.

Элдин баары эле уурдап атпайбы дээрсиң. Эл ичиндеги жакшы нерселерди көрбөй, айрымдардын жаман сапаттарын бетке кармаганыңа жол болсун. Андан көрөкчө ак жашоого аракеттенсең өзүңө эле жакшы болбойбу. Мындай майда­чүйдө уурулугуңду айта берсем түгөнбөс. Деги кайсы бир жоругуңду айтайын. Анан бирөө бирдеме десе жоктон башканы айтпайсың. Учурду бет парда кылып кармайсың. Өзүңдүн жалкоолугуңду билбей “жардам бербеген өкмөттү”, айтканын аткарбаган депутатты тилдегидей болсоң тилиңден чаң чыгат. Деги жолуң болсун аба.

Антип басып жүрө берсең сенин чарбагыңды эч ким келип айдап бербейт. Андан көрөкчө Бишкектеги уулуңду чакырып, алакандай чарбагыңды элчилеп иштетсең эле канга салам бербей жашайт элең. Бишкектеги “коммерсант” уулуң деле жарып кеткен жок. Көчөнүн бурчуна төрт тамеки, бир баштык чемичкени алдына коюп, керээлди кечке отурат сокуюп. Ушул сомодой жигиттин кылар ишиби?.. Бу да болсо жалкоолукка көндүргөн сенин тарбияң. Анан дагы аны өзүмчүлдүккө, шылуундукка үйрөткөндүгүңө жол болсун.

Аны адал жүрүүгө, ак сүйлөөгө үндөгөндүн ордуна, спиртке кантип суу кошконду, ичилген чайдын чамасын кургатып туруп кайра сатканды, деги койчу үйдөн (тамдан) баштап тиш жуугуч пастага чейин кандайча жасалмалап сатып, бирөөнүн убалына калууну үйрөткөнүңдү укканда жандан түңүлдүм. Эгер дипломуң болгондо эчак эле эмгек сиңирген ойлоп табуучу, рационализатор же атактуу химик болмок окшойсуң.

Андан кийинки сага коё турган дооматым — ичкичтигиң. Эртең менен жаман чапаныңды жонуңа илип кызматтан кечикчүдөй дүкөндүн алдына жөнөйсүң. Ал жерде саясатты саймедиресең тим эле республиканы, облусту, районду башкаргандар, мыйзам жазган депутаттар, атүгүл дүйнөдөгү атагы ааламга кеткен адамдар менен күндө чогуу жатып, чогуу туруп жүргөндөй сүйлөйсүң.

Сенин “лекцияңды” оозу ачылып, шилекейи чубурганча уккандардын арасынан кээде илгерки Жээренче чечен уулу Төлөмырзанын калпын оңдогондой бирди жарымы чыга калса, ага деле моюн бербейсиң. Сенин сөзүңө муюп алгандар сени эле депутат кылып алгылары келип кетишет. Көөдөнүңдү көтөрүп мактангыдай болсоң жаныңа киши туралбайт. Ар жакта көчүгүң көрүнүп жатканы менен ишиң жок. Анан өзүң психолог болуп да бүтүпсүң. Бирөөнүн бир нерсесин байкап калсаң, аны мактап­жактап атып, бир бөтөлкөгө жыкканга машсың. Ал түгөнө электе экинчисин да “өндүргөнгө” үлгүрөсүң. Күнүгө ушу.

Мындай учурда өзүңдүн кичүү балаң менен тең балдарга да теңтуш болуп аласың. Үйүңдө балдарың ачка отурганы менен ишиң да жок, кечинде үйүңө эптеп жетесиң темтеңдеп. Анан дагы бапыратып жыйып койгонсуп, тамагың кана дегениңчи жеңемди күйгүзүп. Мына ушул жоругуң менен эле жаштарга кандай үлгү көрсөтүп, аларды ичкиликке жакындан үндөп жатканыңды деги качан түшүнөр экенсиң!?

Эми мындай дооматтарымды айта берсем түгөнбөс. Анын үстүнө менин акылым деле кулагыңдын сыртынан кетээрин билем. Деги балдарга баш­көз болуп, карылык насаат айтчу, өзүң өрнөк болчу куракка эчак келгениңди гана эскертип койгум келди. Өз акылың өзүңдө. Менин бир гана суранычым, ушул сага багыштаган катымды аягына чейин окуп кой. Чындык ачуу болсо да түбөлүгү түс эмеспи, мүмкүн кичине ойлонуп каларсың. Айткандарымды туура түшүнсөң да, түшүнбөсөң да, мени кечирсең да, койсоң да өзүң бил аба!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *