Редакциялык эскертүү: Дебора Поттер айымдын журналисттердин кесиптик милдетине багытталган бул эмгеги бир гана аталган кесиптин ээлери үчүн эмес, бүгүнкү биз жашап жаткан жалпы коом үчүн да чоң мааниге ээ экендигин баса белгилегибиз келет. Арийне, ар бир жаран да өзүнүн маалымат алуу укугун билүүгө тийиш. Чын-чынында караламан калк азыр чыныгы маалымат эмне, ушак эмне, каралоо эмне экенин ажырата албай калган заманда жашап аткан кезең. Мейли, мамлекеттик маалымат каражаттарында же көзкарандысыз делген жеке тараптардын маалымат каражаттарында болсун, баарынын кесиптик кемчиликтери бири-бирине окшош кыргыз журналистикасы пайда болду. Теле-радио же маалыматтык сайт, гезит-журналдарда болобу, бүгүн  көпчүлүк журналисттер сайраган жаңылыктардын канчалык деңгээлде чын же төгүн экенине ынануу кыйындады. Андыктан массалык кесипке айланып калган журналистик озуйпа эмне экенин аңдоо сизиң, бизиң, баарыбыз үчүн маанилүү…

Бул колдонмону англис тилинен кыргызчага которгон Таалайбек Абдиев агабызга да терең ыраазычылык билдиребиз. Кызыктуу болсун үчүн аталган колдонмону эч бир кыскартуусуз жана үч бөлүккө бөлүп жарыялоону эп көрдүк.  

Автор тууралуу кыскача маалымат:

Дебора Поттер – Вашингтондогу (Колумбия округу) «Ньюслаб» интернет ресурс борборунун (www.newslab.org) аткаруучу директору, журналисттерге арналган бул борборду ал 1998-жылы өзү негиздеген. Ал Пойнтер институтунда жана Америка университетинде журналистикадан сабак берет жана мындан тышкары Телерадио кабар жетекчилери уюмунун аткаруучу директору болуп эмгектенет. Поттер АКШда жана дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде кабар бөлүмдөрүндө иштеген журналисттер үчүн семинарларды өткөрөт. Ал «Америка журналистикасынын баяндамасында» телерадио кабарлары боюнча кабарчы болуп иштейт жана «Даярда, жайгаштыр, алып бар: Кабар лидерлери үчүн ресурстук колдонмо» аттуу эмгектин автору. Поттер 20 жылдан ашуун убакыт телекабарчы болуп иштеген, анын ичинен 16 жыл «Си-Би-Эс ньюста» жана «Си-Эн-Энде» кабарчы болуп иштөө менен Ак Үй, Мамлекеттик департамент, Конгресс, улуттук саясат жана айлана-чөйрө маселелери боюнча кабар жазып турган. Ал ошондой эле «Пи-Би-Эс» телеканалында алып баруучу болуп иштеген. Түндүк Каролина университетинен гуманитардык илимдердин бакалавры даражасын, Америка университетинен магистр даражасын алган.
Мазмуну
1-бап
Жаӊылык деген эмне?
Жаӊылыктардын типтери
Жаӊылыктар кайдан келет?
Журналисттердин ролу
Объективдүүлүк жана калыстык
Жаӊылык берүүчүлөр
2-бап
Материал алуу
Төрт К жана эки Э
Байкоо
Иликтөө
Булактар
Интервьюлар
Негизги нормалар
Материалды так алуу
3-бап
Материалды баяндоо
Өзөк
Жазуу
Киришүү
Материалдын структурасы
Материалдын соӊу
Атрибуция (авторду көрсөтүү)
Цитаталар жана үн фрагменттери
Цифралар
4-бап
Материалды редакциялоо
Газета иштери
Телерадио иштери
Редактордун ролу
Материалды редакциялоо
Машыктыруу
Кабардын аталышы, тезистер жана сүрөт тексттери
Графикалык жана визуалдык материалдар
Көзөмөлдөө
5-бап
Телерадио жана интернет
Телерадио кабарларынын формалары жана убакыттары
Телерадио кабарларын жазуу
Үн
Видеоматериалдар
Телерадио кабарлары
Интернет кабарлары
Интернет кабарларынын формалары
Интернет кабарларын жазуу
6-бап
Тармактык журналистика
Тармактык маалымат берүү көндүмү
Бийлик жана саясат
Бизнес жана экономика
Ден соолук, илим жана айлана-чөйрө
Полиция жана сот
Спорт
Журналисттердин шайлоо тууралуу суроолору
7-бап
Этика жана мыйзам
Этикалык принциптер
Этикалык чечим кабыл алуу
Этикалык кодекс
Жүрүм-турум кодекси
Коомдук нормалар
Юридикалык маселелер
8-бап
Журналистика ресурстары
Кесип боюнча топтор
Маалымат берүү жана редакциялоо
Адистешкен журналистика
Журналисттик машыгуу
Сөз эркиндиги
Китептер
Этикалык кодекс
Киришүү
Журналистика кесип да, өнөр да болуп эсептелет, анткени журналисттер атайын көндүмдөргө таянып, жалпы стандарттарды карманышат. Ошентип, журналистика медицина же юриспруденция сыяктуу ушундай эле терминдер менен баяндалчу башка иштерден эмнеси менен айырмаланат? Сыягы, эӊ чоӊ айырмачылык маалымат каражаттарынын эркин коомдо өзгөчө роль ойной тургандыгында болсо керек.
Эркин басма сөздү көп учурда демократиянын кычкылтеги деп айтышат, анткени булар бири-бирисиз жашай албайт. Француз саясый баяндамачысы Алексис Токвилл мындан дээрлик 200 жыл мурун Кошмо Штаттарга келгенде, мындан да тагыраак айткан. «Силер демократиясыз чыныгы гезитке, гезитсиз демократияга ээ боло албайсыӊар»,- деп жазган. Ошондон бери дүйнө жүзүндөгү элдер ушул жөнөкөй ойдун канчалык чындык экенине ынанды. Калыптанып калган же жаӊыдан өөрчүп келаткан демократия маалыматтуу жарандардын макулдугуна көзкаранды болот, ал эми басма сөз элдин өзүн өзү башкаруусу үчүн зарыл болгон маалыматтын негизги булагы эсептелет.
Журналисттердин маалымат берүүсүн камсыз кылуу үчүн көп өлкөлөр эркин басма сөз үчүн укуктук жактан коргоону киргизишкен. Мисалы, Кошмо Штаттарда журналистика — Конституцияда көрсөтүлгөн бирден бир кесип, анда мындай деп айтылат: «Конгресс …сөз же басма сөз эркиндигин чектөөчү эч бир мыйзамды чыгарбайт». Томас Жефферсон, Кошмо Штаттардын үчүнчү президенти, 1787-жылы минтип жазган: «Биздин бийликтин өзөгүн элдин ой-пикири түзгөндүктөн, эӊ биринчи максат ушул укукту коргоо болууга тийиш, эгер мага бизде газетасыз бийлик же бийликсиз газета болуш керек, ушул экөөнүн бирин тандаӊыз дешсе, мен эч олку-солку болбостон туруп, булардын акыркысын тандамакмын». Эркин коомдо журналисттердин белгилүү деӊгээлде укуктары менен бирге жоопкерчиликтери да болот. Кээ бир өлкөлөрдө бул жоопкерчиликтер ачык жазылган, ал эми башкаларында болсо ачык айтылган эмес. Бирок дээрлик бардык учурда аларда бир эле нерсе айтылат: журналисттер тышкы таасирлерге көзкаранды болбостон туруп так, объективдүү маалымат берүү жоопкерчилигине ээ.
«Журналистиканын негизги максаты – эркин коомдо жашаган жарандарды так жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу».
Дүйнө жүзүндөгү демократиялык коомдордо маалымат каражаттары бийликтин саясый жана сот тармактарынын иш-аракеттерин көзөмөлдөө сыяктуу кошумча функцияны аткарат. Алар добушу жокторго добуш берип, бийликтеги көпчүлүк азчылыктын укуктарын бузбай тургандай кылуу менен демократияларга дем берип турат. 19-кылымдагы америкалык жазуучу жана юморист Финли Питер Дьюн журналисттин иши – «бечараны жубатуу, байды бечара кылуу» деп жазган. Ошентип, эркин коомдогу журналистиканын негизги ролу муундан-муунга өзгөрбөстөн келатат.
АКШдагы журналисттер комитети 20-кылымдын аягында журналисттерден алардын кесибинин мүнөздүү өзгөчөлүгү жөнүндө сурамжылоо жүргүзүп, соӊунда мындай жалпы жыйынтыкка келген: «Журналистиканын негизги максаты – эркин коомдо жашаган жарандарды так жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу».
Бул колдонмодо демократиялык системалардагы журналистиканын, ой-пикирге эмес, фактыга таянууга аракет кылган журналистиканын негиздерине кыскача киришүү берилет. Ой-пикирлердин өз орду бар, бирок эӊ мыкты газетелерда алар редактордук бет жана автордук бөлүм менен гана чектелет. Мен журналистиканын так ушул түрүндө 20 жылдан ашуун кабарчы жана редактор болуп иштедим, азыр болсо Кошмо Штаттарда жана дүйнө жүзүндө кесиптик семинарларды өткөрүп жүрөм. Менин максатым – өз коомуна жакшыраак кызмат кылууга жардам бере турган пайдалуу практикалык колдонмо менен бардык журналисттерди камсыз кылуу.
Дебора Поттер
1-бап
Жаӊылык деген эмне?
«Жаӊылык деген эмне?» деген суроонун жообу, сыягы, белгилүүдөй көрүнөт. Жаӊылык – бул жаӊы нерсе, жаӊы эле болуп өткөн нерсе. Сөздүктөн карап көрсөӊүз, анда жаӊылык «соӊку окуялар жөнүндөгү билдирүү же мурун белгисиз болгон маалымат» деп чечмеленгенин көрөсүз. Бирок күн сайын дүйнөдө болуп өткөн окуялардын көпчүлүгү газета бетинен же телерадиодон жаӊылык катары бериле бербейт.
Ошентип, окуяны жаӊылык кылып, басма сөзгө же телерадиого чыгара турган нерсе кайсы? Бул суроонун жообу ар түрдүү факторлорго жараша болот. Жалпы жонунан айтканда, жаӊылык – бул белгилүү бир аудиториянын жалпы кызыкчылыгын туудуруучу маалымат, ошондуктан Буэнос-Айрестеги чоӊ жаӊылык Бакуда жаӊылык деле болбой калышы мүмкүн. Журналисттер төмөнкү көптөгөн «жаӊылык баалуулуктарына» таянуу менен жаӊылыктарды тандашат:
Өз учурундагы жаӊылык
Окуя бир аз мурдараак же азыр эле белгилүү болдубу? Эгер ушундай болсо, анда ал кызыктуу болот. Алетте, «бир аз мурдараак» дегендин мааниси да маалымат каражаттарына карата ар түрдүү болушу мүмкүн. Жумалык журнал үчүн мурунку сан чыккандан кийинки жумадагы нерселердин баары учурдагы нерсе катары каралат. Ал эми 24 сааттык кабелдик жаӊылыктар каналы үчүн «шашылыш кабарлар» же ошол мүнөттө болуп жаткан окуялар өз убагындагы жаӊылыктар болуп эсептелет да, алар кабарчы тарабынан окуя болгон жерден берилет.
Таасир
Кабар көп адамга таасир эттиби же аз эле адамгабы? 20 000 киши жашаган шаарыӊарды тейлеген суу менен камсыздоо системасындагы суунун булгануусу таасирдүү болот, анткени бул силердин аудиторияӊарга тикелей таасир этет. Жайкы лагердеги 10 бала булганыч сууну ичип алып өлгөндүгү тууралуу кабар да таасирдүү болот, анткени бул окуяга аудиториянын эмоционалдык реакциясы күчтүү болушу мүмкүн. Эгер бүтүндөй шаар бир нече саат бою электр жарыгысыз калбаса, бир жумушчунун элекстр линиясын кесип салгандыгы тууралуу кабар анча деле чоӊ жаӊылык болбойт.
Жакындык
Окуя үйгө жакын жерде болдубу же ошол жердеги адамдар ага кириптер болдубу? Чаддагы самолёт кырсыгы Нджаменадагы газеталардын биринчи бетине чыгат, бирок самолётто чилилик жүргүнчүлөр жок болсо, мунун Чилидеги газеталардын биринчи бетине чыгарын элестетүү кыйын.
Пикир келишпестик
Адамдар буга макул эмеспи? Адам табиятынан чыр-чатактуу, талаш-тартыштуу же талкууланчу окуяларга кызыгат. Адамдар тараптардын бирине кошулуп, кимдин көз карашы басымдуулук кыларын көргүсү келет. Карама-каршылыкта дайым эле бир адамдын көз карашы экинчи бир адамдыкы менен карама-каршы боло бербейт. Оору менен күрөшкөн докторлор же адилетсиз сотко каршы чыккан жарандар тууралуу окуяларда да карама-каршылык бар.
Белгилүүлүк
Окуяга элге белгилүү адам катыштыбы? Премьер-министр же кино жылдызы сыяктуу атактуу адамдар катыша турган болсо, кадимки окуялар же кырсыктар жаӊылыкка айланат. Жүргүнчүлөрдүн бирөө атактуу рок музыкант болсо, Чаддагы самолёт кырсыгы дүйнөлүк жаӊылык болуп, газеталардын биринчи бетине чыгат.
Кеӊири тарагандык
Ошол жердеги адамдар бул тууралуу кеп кылып жатышабы? Чоӊ автобус кырсыгы болбосо, өкмөттүн автобус коопсуздугу каралган жыйналышына көп деле көӊүл бурулбайт. Футбол беттешүүсүндөгү кагылышуу тууралуу бир нече күн бою жаӊылыктарда айтылышы мүмкүн, анткени ал — шаардагы кеп-сөздүн негизги темасы.
Таӊ калыштуулук
Таӊ каларлык окуя болдубу? Эл оозунда айтылып жүргөндөй: «Эгер ит адамды каап алса, бул жаӊылык эмес. Бирок адам итти каап алса, анда бул жаӊылык болот!» Өтө таӊ каларлык же күтүлбөгөн нерсе адамдын табигый кызыгуусун туудурбай койбойт.
Окуянын жаӊылык болушу белгилүү бир аудиториянын кайсы жерде жашаганына эле эмес, анын курамына жана ким экенине да көзкаранды болот. Адамдардын түрдүү топторунун жашоо тариздери жана түшүнүктөрү ар түрдүү болот, ушундан улам алар кызыккан жаӊылык да ар түрдүү. Жашыраак угармандарга багытталган радионун жаӊылыктар программасында музыка жана атактуу спортсмендер тууралуу окуялар камтылышы мүмкүн, бирок мындай нерселер улуураак, байыраак окурмандарга арналган бизнес газеталарга мүнөздүү эмес. Медицина жаӊылыктарын камтыган жумалык журналда эксперименталдык дарыны сыноо тууралуу кабар болушу мүмкүн, анткени буга журналды окуган докторлор кызыгары шексиз.
Эгер бул дары белгилүү бир ооруну айыктырат деп эсептелбесе, жергиликтүү газеталардын көпчүлүгү бул кабарды көз жаздымда калтырышат. Ошол изилдөө жүргүзүлгөн жердеги газета гана бул кабарды чыгарышы мүмкүн. Жаӊылык даярдоочу мекемелер өз ишин коомдук кызмат катары карашат, ушундан улам жаӊылыктар күндөлүк турмушта зарыл болгон жана демократиялык коомдогу адамдар үчүн керектүү маалыматтардан түзүлөт. Бирок жаӊылык даярдоочу мекемелердин көпчүлүгүнүн иши бизнес да болуп эсептелет, алар өз жашоосу үчүн пайда табууга тийиш, ушундан улам жаӊылыктар аудиториянын көӊүлүн бура турган нерселерди да камтыйт, башкача айтканда, мында адамдар кызыгып, дароо билгиси келген окуялар да болушу мүмкүн. Бул эки өзгөчөлүк бири-бирине карама-каршы келбөөгө тийиш.
Кээ бир кызыктуу окуялар, чындыгында, маанилүү жана кызыктуу болушу мүмкүн. Бирок жаӊылык мекемелери окуяларды көбүнчө эки негизги нерсеге: оор жаӊылыктар жана жеӊил жаӊылыктар категорияларына бөлүшөт.
Жаӊылыктардын типтери
Оор жаӊылыктар, негизинен, ошол күнкү жаӊылыктар болот. Жаӊылыктардын ушул тибине газетанын биринчи бетиндеги же веб-сайттын үстүндөгү жаӊылыктар, телерадиодогу кабарлардын башында айтылган жаӊылыктар кирет. Мисалы, согуш, саясат, бизнес жана кылмыш көп учурларда оор жаӊылыктардын темасы болот. Миӊдеген адамдардын жумушка бара албай калышына себеп боло турган автобус айдоочулардын ошол күнү жарыяланган иш таштоосу оор жаӊылык болуп эсептелет. Бул — өз убагындагы, карама-каршылыктуу жана таасирдүү жаӊылык. Коомчулук так маалыматка муктаж, анткени бул адамдардын күндөлүк турмушуна таасирин тийгизет.
Ал эми жетим болуп чоӊоюп, дүйнөгө белгилүү болгон спортчу тууралуу баян жеӊил жаӊылыктарга кирет. Бул — атактуу адам катышкан кызыктуу, ары таӊ каларлык окуя, муну адамдар өз ара талкуулай тургандыгы бышык. Бирок муну газетага чыгаруунун же телерадиодон берүүнүн өтө деле зарылдыгы жок. Аныктамага ылайык, ушунун өзү аны тематикалык баян кылып турат. Көптөгөн газеталардын жана жаӊылык сайттарынын жашоо таризи, үй жана үй-бүлө, искусство жана көӊүл ачуу тууралуу кабарлар берилүүчү атайын тематикалык бөлүмдөрү бар. Чоӊураак газеталардын ал турсун жума сайын берилүүчү тамак, ден соолук, билим алуу жана башка ушул сыяктуу бөлүмдөрү болушу мүмкүн.
Оор жана жеӊил жаӊылыктар темасы боюнча эле бөлүнбөйт. Көпчүлүк учурларда оор жаӊылыктар менен жеӊил жаӊылыктар ар башка жазылат. Адатта оор жаӊылыктарды аудитория маанилүү маалыматты мүмкүн болушунча тез ала тургандай кылып жазышат. Ал эми жеӊил жаӊылыктарды жазгандар аудиториянын кызыгуусун пайда кылуу үчүн анекдоттор же мисалдар менен башташат, ошентип, баян бир топ узак болушу ыктымал.
Айрым баяндарда бул ыкмалардын экөө теӊ колдонулат. Убакытка анча көз каранды эмес, бирок маанилүү маселелерге арналган макалалар көп учурда «жаӊылык макалалар» деп аталат. Мисалы, коомчулуктун СПИДге каршы күрөшү «жаӊылык кабар» болуп эсептелет. Ал эми СПИД менен ооругандарды жаӊыча дарылоо тууралуу кабар оор жаӊылык болуп эсептелет. Жаӊылык макалалар айрым адамдардын тажрыйбаларын баяндоо менен коомдогу тенденцияларды же социалдык татаал проблемаларды иликтөөнүн эффективдүү жолу болуп эсептелет. (Биз ар түрдүү жазуу стилдерине «Окуяны баяндоо» деген 3-бапта кеӊири токтолобуз).
Жаӊылыктар кайдан келет?
Журналисттер жаӊылыктарды бардык жерден алышат, бирок көпчүлүк жаӊылыктар төмөнкү үч жол менен алынат:
• кырсык сыяктуу окуялардын болгон жерине баруу;
• жолугушуу же пресс-конференция сыяктуу пландаштырылган иш-аракеттерге катышуу;
• кабарчылык иш.
Көбүнчө пландаштырылбаган окуялар негизги жаӊылык болот. Паромдун чөгүп кетиши, самолёт кырсыгы, цунами же көчкү болор замат эле эмес, андан бир нече күн же жума өткөндөн кийин деле жаӊылык боло берет. Анын масштабы кандайдыр бир деӊгээлде окуя болгон жердин жакындыгына жана ага ким катышканына жараша болот. Айталы, Париждеги автомобиль кырсыгы ошол күндүн чоӊ жаӊылыктарынан болмок эмес. Бирок 1997-жылы Парижде болгон кырсык Франциядагы эле эмес, дүйнөдөгү өтө чоӊ жаӊылык болду, анкени бул кырсыкта каза болгондордун бири Британиянын принцессасы Диана эле.
Кырсыктын күбөсү болгон жарандар көп учурда жаӊылык мекемелерине кайрылышат. Мындан тышкары журналисттер маалыматты алгачкы күбөлөрдөн: полициядан, өрт өчүргүчтөрдөн жана куткаруу кызматындагылардан алышат. Айрым өлкөлөрдө кабар уюмдары тез жардам кызматтары менен байланышып турушат да, окуя болгон жерге дароо журналисттерди жөнөтүп, окуянын өнүгүшүн байкап турушат.
Көптөгөн кабар бөлүмдөрүндө шаардагы күндөлүк окуялар жаӊылыктардын шексиз булагы болуп эсептелет жана буга өкмөттөгү жолугушуулар, жаӊы ишканалардын ачылыштары же коомдук окуялар кирет. Булар дароо эле жаӊылык боло калбайт, бирок ал жаӊылык издөөдө кабарчыга жакшы иш башы болуп берет. Дайыма белгилүү бир маселелер же уюмдар боюнча иштеп дасыккан кабарчылар боло турган жолугушуулардын күн тартибин карап туруп эле окуянын идеясын таап алабыз деп көп айтышат.
Пресс-релиздер да жаӊылыктардын башка бир булагы болушу мүмкүн, бирок алар да иштин башталышы гана болуп эсептелет. Жаӊылык бөлүмдөрүнө күн сайын көптөгөн пресс-релиздер почто, факс менен, ал турсун спутник аркылуу видеоматериал түрүндө келип турат. Буларды чиновниктер менен мекемелер көп беришет, ошондой эле жеке бизнес жана коммерциялык эмес башка чоӊ уюмдар да өздөрүнүн иш-аракеттери тууралуу маалымат каражаттарына билдирип турушат.
Пресс-релиз жаӊылыктарга окшоп кетет, бирок бирөөнүн белгилүү бир кызыкчылыгы үчүн жазылгандыктан, мында баяндама толук болбойт. Пресс-релиздер чындыгында эле туура болушу мүмкүн, бирок алар адатта сөз болуп жаткан адам же мекеме жөнүндөгү оӊ фактыларды гана чагылдырат. Пресс-релиз жаӊылык болчудай көрүнсө да дасыккан журналист адегенде суроо берүү менен анын тууралыгын текшерип чыгууга тийиш. Демонстрация сыяктуу окуялар да жаӊылык болушу мүмкүн, бирок мында да журналист абдан этият болуп, окуянын бир тарабын гана айтууга аракет кылган уюштуруучулардын өзүн пайдаланып кетүүсүнө жол бербеши керек. Саясатчылар жаӊылык болбосо деле мындай учурда өзүн көрсөтүп, «сүрөткө түшө калууга» маш болушат. Бул, албетте, журналисттер мындай окуяларды көз жаздымда калтырууга тийиш деген сөз эмес, болгону окуяны толук камтуу үчүн алар кошумча маалыматтарды алышы керек.
Көпчүлүк кабарчылар эӊ мыкты материалдар өзү издеп келгенин айтышат. Кээде бейтааныш адамдар жаӊылык бөлүмдөрүнө атайын келип, телефон чалып же электрондук почта аркылуу окуяларды айтып беришет же арызданышат. Кээ бир жаӊылык мекемелери өздөрү кызмат кылган коомдо жашаган адамдарга телефон номерин же электрондук почта дарегин берүү менен алардан идея берүүнү суранышат. Журналисттер маалымат бере турган адамдар менен мамиле түзүү үчүн көп убакыт сарпташат (Биз бул тууралуу «Маалымат алуу» деп аталган 2-бапта кененирээк сөз кылабыз). Журналисттер материалдарды көбүнчө жөн эле айлана-чөйрөсүн карап, тегерегиндеги адамдардын эмне тууралуу сүйлөшкөндөрүн угуп эле таап алышат. Спорт оюнунда же почтада кулагыӊыз чалып калган нерселер сиздин жаӊылыгыӊызга айланып калышы мүмкүн. Окуяны толук бере албай жаткан болсоӊуз, жолуктурган адамдардан алардын жашоо-турмушу, кошуналары тууралуу сураштырыӊыз, анан эле буга чейин эч ким козгой элек жаӊы материалдар чыга келет.
Жаӊылык табуунун башка бир жолу — материал жарык көргөндөн кийин же эфирге чыккандан кийин эмне болгонун сураштыруу. Кийинки окуялар көп учурда шумдуктуудай тез өнүгүп, ал турсун биринчи кабардан да ашып кеткен учурлар болот. Мисалы, өрттөн бир күн кийинки кабарда канча адам каза болуп, канча материалдык чыгым болгону тууралуу баяндалышы мүмкүн. Бир нече жума өткөндөн кийин радио система бузук болгондуктан, өрт өчүрүүчүлөр тез келе албай, натыйжада бул бир нече адамдын өлүмүнө себеп болгондугу ачылып калышы ыктымал.
Документтер, фактылар жана коомдук архивдер да үрөй учуруучу окуяларды чубап чыгышы мүмкүн. Кабарчылар аларды тенденцияларды иликтөөдө жана мыйзамсыз иш-аракеттерди аныктоодо колдоно алат. Иштин бул түрү көбүрөөк аракетти талап кылат, бирок ошондо дээрлик дайыма акыбети кайтат. Албетте, электрондук маалыматтар менен иштөө бир топ жеӊил, бирок мында кабарчы компьютердик программаларды жакшы билиши керек, ушундай болгондо гана ал статистикалык маалыматтардын ичинен эӊ маанилүү маалыматтарды таба алат. Мисалы, катуу айдагандыгы үчүн эскертүү алган адамдардын тизмесин күнү боюнча эмес, ысымы боюнча талдоо кызыктуу материал бериши мүмкүн.
Телекабарчы Нэнси Эймонс так ушундай жол менен өз шаарындагы бир айдоочунун үч жыл ичинде көп жолу жол жүрүү эрежесин бузганын, ал турсун башка бир айдоочунун өлүмүнө себепкер болсо да айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбаганын иликтеп чыккан. Анын иликтөөсүнөн кийин шаардын кызмат адамдары өз иштерин жакшы аткарбагандыктарын моюндарына алышкан.
Журналисттин ролу
Жаӊы технологиялардын жардамы менен ким болбосун компьютер аркылуу жаӊылыктарды эӊ чоӊ жаӊылык мекемесиндей эле тарата алат. Бирок абдан мыкты жасалгаланган интернет сайты да эӊ мыкты жазылганына жана канчалык тез жаӊыланганына карабастан, ишенимдүү жаӊылык булагы боло албайт. Маалымат дефицит товар болуудан калган азыркы татаал дүйнөдө журналисттин ролу мурун болуп көрбөгөндөй өскөндүгү чындык.
Үгүттөөчүдөн же ушакчыдан айырмаланып, журналист колдогу маалыматты жарыялардан мурун кылдаттык менен иликтеп, анын баалуулугу менен ишенимдүүлүгүн аныктайт. Жаӊылык, мейли ал оор жаӊылык болсун, мейли ал жеӊил жаӊылык болсун, так жана ишенимдүү болууга тийиш. Журналисттер өздөрүнө керектүү маалыматты жыйноо менен бирге аны пайдаланардан мурун текшерип чыгууга тийиш. Алар качан болбосун биринчи колдон алынган маалыматка таянат жана алынган маалыматтын ишенимдүүлүгүн текшерүү үчүн көптөгөн булактарга кайрылат. Айрым учурларды эске албаганда, аудитория маалыматтын ишенимдүүлүгүнө ынаныш үчүн журналисттер өз маалыматынын булактарын көрсөтөт.
Маалымат дефицит товар болуудан калган азыркы татаал дүйнөдө журналисттин ролу мурун болуп көрбөгөндөй өскөндүгү чындык.
Бирок журналистика фактыларга негизделген маалыматты таратуучу эле эмес. Пропаганда да фактыларга негизделиши мүмкүн, бирок ал фактылар адамдардын ой-пикирине таасир тийгизгидей кылып берилет. Жогоруда айтылгандай, коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн профессионалдары фактыларды пайдаланышат, бирок алар окуянын бир гана тарабын айтышы мүмкүн. Ал эми журналисттер окуяны толук жана калыс чагылдырууга аракет кылышат. Алар окуяны өздөрү же башкалар кабыл алгандай эмес, болгонун болгондой берүүгө аракет кылышат.
Журналистика менен маалыматтын башка формаларынын ортосундагы дагы бир айырмачылык ушул: журналисттер өздөрү баяндаган адамдардан көзкаранды болбоого аракет кылышат. Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн профессионалдары мекемеде жалданып иштегендиктен, алардын мекемеге шек келтире турган маалыматтарды берерин элестетүү кыйын. Ал эми журналист жакшы болбосо да толугу менен сүрөттөмө берүүгө аракет кылат. Журналисттер өз ой-пикирлерин же башкалардан алган маалыматтарды өткөрүп берүү менен эле чектелбейт. Алар түпнуска билдирүү жасашат, фактыларды ой-пикир же ушак-айыӊдар менен аралаштырышпайт, редакциянын тыянагын чыгарышат.
Билл Келлер, «Нью-Йорк таймс» газетасынын аткаруучу редактору, журналистиканын негизги иши – «маалымат боюнча корутунду чыгаруу»,- дейт. Башка маалымат берүүчүлөрдөн айырмаланып, журналисттер эл ишенимин актоого милдеттүү. Канаданын «Монреал газетте» газетасынын моралдык кодексинде айтылгандай: «Газетанын эӊ чоӊ байлыгы – анын тазалыгы. Бул тазалыкка жетүү кыйын, бирок жоготуу оӊой». Бул тазалыкты сактап, кызыкчылыктардын кагылышуусунан оолак болуу үчүн журналисттер чымырканып иштешет. (Бул тууралуу «Этика жана мыйзам» деп аталган 7-бапта кеӊири сөз болот).
Объективдүүлүк жана калыстык
Журналистикада объективдүүлүк түшүнүгү мындан бир кылым мурун, ошол кездеги көпчүлүк газеталарга мүнөздүү болгон сенсациялуу, көӊүл бурдуруучу кабарларга жооп катары пайда болгон. «Объективдүүлүк» термини адегенде журналисттик ыкманы атоо үчүн колдонулган; журналисттер жаӊылыктарды объективдүү түрдө, эч кандай жеке же жалпы көз караштарсыз берүүгө тийиш болгон.
Мезгилдин өтүшү менен объективдүүлүк журналистттердин өздөрүнөн талап кылына баштаган. Америкалык «Вашингтон пост» газетасынын аткаруучу редактору Леонард Доуни бул түшүнүккө ушунчалык олуттуу мамиле кылгандыктан, добуш берүү үчүн катталуудан баш тарткан. Бирок бүгүнкү күндө көптөгөн журналисттер толук объективдүүлүктүн мүмкүн эместигин моюнга алышат. 1996-жылы АКШнын Профессионал журналисттер коому «объективдүүлүк» деген сөздү өзүнүн моралдык кодексинен алып таштаган. Журналисттер, баарынан мурун, — адам. Алар өз ишинен кооптонушат жана алардын да өздөрүнүн ой-пикирлери бар. Аларды толук объективдүү деп айтуу алардын эч кандай баалуулуктары жок дегендикти билдирет. Журналисттердин өз ой-пикири болот, бирок ал алардын көзөмөлүндө турат деген пикирге журналисттер көбүрөк макул болушат. Аудитория кабардан журналисттин ой-пикирин билбей тургандай болушу керек. Журналисттер объективдүү, илимий методду колдонуу менен маалыматты текшерип чыгып, өзүнүн жеке көз карашын чагылдырбаган кабарларды беришет.
Окуяларды бир тараптуу чагылдырбоо менен журналисттер калыс болууга аракет кылышат. Алар карама-каршы көз караштарды издешип, алардын тигил же бул тарабына артыкчылык бербестен, теӊ кароо менен билдирүү беришет. Фактыларды текшерүүдөн тышкары журналисттер фактылар талаш болуп калган учурларда ар түрдүү ой-пикирлерди издешет.
Бирок калыстык теӊ салмактуулук менен бирдей эмес. Теӊ салмактуулук бир окуянын эки тарабы болот да, алардын экөө теӊ бирдей салмакта болот дегенди билдирет. Өз макаласында жасалма теӊ салмактуулукка умтулган журналисттин ишинде окуялар так чагылдырылбай тургандыгы бышык. Мисалы, көзкарандысыз экономисттердин басымдуу көпчүлүгү белгилүү бир чыгымдоо саясатынын натыйжалары боюнча бир пикирде болушат, ал эми башка бир кичинекей топ мурунку тажрыйбалардан жаӊылыш экени белгилүү болгондугуна карабастан башка көз карашты колдойт дейли. Эки топтун көз караштарына бирдей убакыт же орун берилген макала элдин башын айландырары бышык.
Журналисттер бардык маанилүү көз караштарды калыстык менен баяндап, аудиторияга окуяны толук жана так чагылдырууга тийиш. «Айтмакчы, калыстык – бул ар түрдүү ой-пикирлерди угуп, аларды чогуусу менен берүү»,- дейт кабарчы Дэн Гиллмор. «Бул карандай теӊ салмактуулукка жетишүү үчүн жалган нерселерди айтуу же бурмалоо деген маанини билдирбейт, мындай нерсе айрым журналисттердин фактылардын көпчүлүгү бир тарапка ооп турса да карама-каршы цитаталарды келтире беришине алып келет».
Жаӊылык берүүчүлөр
Дүйнөдөгү журналисттердин өзгөчө бир мүнөздөрү бар. Алар ар нерсеге кызыккан, өжөр адамдар болушат. Алар бир нерсенин эмне үчүн мындай болгонун билгиси келип, суроосуна жооп тапмайынча тынбайт. Алар бийликтегилерден коркушпайт, өз ишин абдан берилип жасашат. Би-Би-Синин 4-радиосунун редактору Кевин Марш жакшы журналисттин «чындыкка жабышуу жөндөмү болот, эгер фактылар туура келбесе, ал чындыкты коё берип жиберет», — деп айткан. Журналисттин иши азгырма жана татаал болот. Филип Грехем, «Вашингтон пост компани» башкаруу кеӊешинин маркум төрагасы, бир жолу мындай деген эле: «(Журналисттин) ыйык милдети бар, ал – биз эч качан түшүнө албай турган дүйнөдөгү бүтпөс тарыхка жума сайын алгачкы чыйырды салат».
Бүгүнкү күндө журналисттердин иштерин алып туруучу рынок тарыхта болуп көрбөгөндөй чоӊ, мында кичинекей жергиликтүү газеталардан баштап дүйнөлүк телеканалдарга жана жаӊылыктар сайттарына чейин бар. Алардын ар биринин өзүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери бар.
Көпчүлүк өлкөлөрдө күндөлүк газеталардын штаттары адатта абдан чоӊ болот да, алар телерадиого караганда бир топ кеӊири темадагы материалдарды бир топ тереӊдетип берет. Интернет сайттардын көбөйүшү менен көптөгөн газеталар өздөрүнүн салттуу бир күндүк басылма планынын чектеринен чыга башташты. Бирок алар, негизинен, билимдүү, бай, газета сатып алууга акчасы бар же компьютерден жаӊылыктарды окууга мүмкүнчүлүгү бар адамдардын энчиси болуп эсептелет.
Радио, дүйнөдөгү эӊ кеӊири колдонулган маалымат булактарынын бири, тез иштей тургандыгы жана ыӊгайлуулугу менен айырмаланат. Радио журналисттер жаӊылыктарды эфирге дароо чыгарат да, радиосу бар ар кандай адам аларды дээрлик бардык жерден ар кандай убакта уга алат. Радио кабарчылар окуяларды айтып берет, ошентип, угармандар окуянын кандайча болгонун элестете алышат. Радио жаӊылыктар бир күндүн ичинде көп жолу эфирге чыгат, ошондуктан алар тез-тез жаӊыланып турат. Бирок көпчүлүк радиостанциялар соӊку жаӊылыктар үчүн чектелүү гана убакыт берет да, мында маанилүү кабарлардын кыскача топтому гана берилип, газеталардагыдай тереӊдик же кеӊирилик болбойт.
Үнү жана сүрөтү бар теле жаӊылыктарда кабарлар айтылып эле тим болбостон, эмне болгону көрүүчүлөргө көрсөтүлөт. Телекөрсөтүүнүн артыкчылыктарынын бири ал сезимдерди бере алат жана окуяны көрүүчүлөргө көрсөтө алат. Технологиялык жетишкендиктер – чакан камералар, цифралык редакциялоо жана спутниктик байланыш каналы – дээрлик радио сыяктуу эле жаӊылыктарды дароо эфирге чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Бирок бул маалымат каражатынын сүрөткө көзкарандылыгы өзү үчүн тоскоолдук болушу да мүмкүн: теле жаӊылыктарда кээде татаал окуяларды баяндоодон тайсалдашат, анткени анын баарын сүрөтү менен берүү мүмкүн эмес.
Соӊку мезгилдерде басма сөз жана телерадио жаӊылыктарынын ортосундагы салттуу айырмачылыктар жоюла баштады. Азыр Кошмо Штаттарда жана башка өлкөлөрдө көптөгөн жаӊылык мекемелери кабарларды ар түрдүү маалымат каражаттары, анын ичинде Интернет менен берет. Интернет чексиз кенен болгондуктан, баяндалган жаӊылыктар басма сөз же телерадиодогудай мезгил жана мейкиндик жагынан чектелбейт. Жанылык сайттары алда канча көбүрөк маалымат менен камсыз кылып, аларды узагыраак убакыт кармап тура алат. Алар пайдалануучуларга эӊ кызыктуу жаӊылыктарды таап алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Газеталардын, радионун жана телекөрсөтүүнүн катарына келип кошулган линиядагы жаӊылык сайттары аларга абдан окшоштой сезилет.
Мындай сайттар өз кабарларын сүрөттөр менен иллюстрациялашат, көпчүлүгү кабарлардын видео чагылышын же соӊку жаӊылыктардын толук жыйнагын да сунуш кылышат. Алар ошондой эле өз кабарларынын файлдарын Интернетке чыгарып, абоненттер аларды компьютерге жүктөп же плейерге коюу менен кийинчерээк да пайдалана алышат. Сиз айрым сайттардан текстти окуп же автордун сиз үчүн окуп берип жатканын уга аласыз. Кабар уюмдары ал турсун журналисттердин өзү даярдап жаткан материалдары же жаӊылык бөлүмүндөгү кабыл алынган чечимдер тууралуу линияда жазып турушуна мүмкүнчүлүк бере турган веб-логдорун (адатта мунун ордуна кыскараак “blog” деген термин колдонулат) да жиберишет.
Бул өнүгүп бараткан кабарлар дүйнөсүндө көптөгөн журналисттерден өз ишин аткаруу үчүн кошумча жөндөм талап кылынат. Кабарчылардан маалымат булактары менен аӊгемелешип, аны газетага жазуудан тышкары интернетте колдонуу үчүн сүрөткө тартып алуу талап кылынышы мүмкүн. Кабарчыдан келген материалды редакциялоо жана баш макалаларды жазуу менен бирге редакторлордон кабарларды интернетке чыгаруу талап кылынышы ыктымал. Сүрөтчүлөр сүрөт менен бирге видеоматериалдарды тартууга, ошондой эле өз сүрөттөрүн текст менен коштоого мажбур болушу мүмкүн. Көптөгөн кабар мекемелеринде жаӊылык бөлүмүндөгү жаӊы кызматка киришкен журналисттер үчүн атайын окуу курстары өткөрүлөт. Азыр журналистика факультеттеринин айрым окутуучулары студенттерге келечекте керек болуучу көптөгөн көндүмдөрдү үйрөтүүчү окуу пландарын жүзөгө ашырышууда.
Бирок бул жаӊы талаптарга карабастан, мыкты журналистиканын өзөгү мурунку эле бойдон калууда. Билл Ковач жана Том Розенстил өздөрүнүн «Журналистиканын негиздери: Кабарчылар эмнени билүүгө тийиш жана коомчулук эмнени күтөт» (The Elements of Journalism: What Newspeople Should Know and the Public Should Expect) аттуу эмгегинде жазышкандай, демократиялык коомдогу журналисттер таяна турган жана жарандар күтө турган айрым төмөндөгүдөй ачык принциптер бар:
• Журналистиканын биринчи милдети – чындык.
• Ал баарынан мурун жарандар үчүн ишенимдүү болууга тийиш.
• Анын маӊызы – текшерүү тартиби.
• Журналистикада иштеген адистер өздөрү баяндагандардан көзкарандысыз болууга тийиш.
• Журналистика бийликти көзкарандысыз көзөмөлдөө үчүн кызмат кылууга тийиш.
• Ал коомчулуктун сын пикирлери жана компромисс үчүн талкуу өткөрүүгө тийиш.
• Ал материалдын кызыктуу жана маанилүү болушуна умтулууга тийиш.
• Ал кабарларлын ар тараптуу жана пропорционалдуу болушун камсыз кылууга тийиш.
• Журналистиканын адистерине өз абийирине ылайык иштөөгө мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш.
Бул баалуулуктар журналистиканы коммуникациянын бардык башка формаларынан айырмалап турат. Аларды сактоо оӊой эмес. Журналисттер дээрлик күн сайын бул стандарттарды сактоодо кысымга дуушар болушат. Бирок аларды эсте тутуу — өз жашоо-турмушунда бир чечимге келүү үчүн зарыл болгон маалымат менен жарандарды камсыз кылып, журналистика өзүнүн негизги кызматын аткаруусуна жетишүүнүн эӊ жакшы жолу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *