Болгар жомогу  

Үйүндө бакчасы гүлдөгөн чал болуптур. Бакчасында кайналы толо өсчү экен. А үйүндө жыйырмага чыгып эр жеткен уулу болуптур. Үйлөнтүш керек дейт уулун.

«Тарбиялуу, мээнетчил уул өстүрдүм. Эми ага жакшы колукту таап берүү парзым калды. Уулума ылайык колуктуну кайдан тапсам экен?» деп ой басат камкор атаны.

Көпкө ойлонуп отуруп, ылаажысын тапты: арабага кайналы жүктөп, кыштакты кыдырып сатмай болду. Алдындагы атын алкынтып айдап, катуу кыйкырык салды кыштакта:

– Кимге кайналы керек? Кайналы алгыла! Кайналыны таштандыга айырбаштаймын.

Муну уккан катын-калачтар дуулдап калды:

– Мындай укмушту уккан ким бар! Кайналыны таштандыга айырбаштайм деп, бу чал акылынан айныганбы?! — деген келин-кесек, кыз-кыркын үйлөрүн шыпырынып, таштандыларын чогултмакка дүрбөп калышты. Шашкалактаганы шыпыргысын таппай, көбүрөк таштанды чогултсам, көбүрөк кайналыга алмашам деп карбаласташты. Эми таштанды табылбачу оокат бекен. Жайнайт да: бири кап-кабы менен сүйрөсө, бири кол арабага үйө чогултту. Дүрбөгөндөр чалдын алдында чогулткан таштандылары менен мактанып баштады:

– Караңызчы, канча таштанды чогултканымды! Бир жылдан бери короонун бурчунда тепсендиде жаткан мынча таштандыны сиздей галдир чал кайналыга алмашаары кайдан ойго келиптир!

– Сен мени олурайып карабаң, таштандысы аз экен деп. Даа ушунчасы калды, үйдө таштандыдан көп неме жок, – деди бири.

– А биздин үйдөгү таштандыны жылы бою жыйнасак да бүтпөс. Тимеле тоодой үйүлөт. Карачы, четинен күрөгөндөле чоң кап толо түштү. Буюрса, балдарыбыз бүгүн кайналыңды чычкактаганча жеп жыргашсынчы бир, – деди ары жактан ыржактаган бирөөсү.

Чал элдин таштандыларын жыйнатып, баарын кайналыга карк кылды. Буга өзү да күлдү, катындар да каткырды. Ага баары ыраазы болушту, жарпылары жазылды. Арабасына таштанды толуп калды, кайналысы калбады.

Бул учурда ары жактан жаш сулуу кыз көрүндү. Элдикинен эң эле аз таштанды жыйып келген ошол гана болду. Анысын да жүзаарчыга ороп алыптыр.

– О кагылайын десе, сенин таштандың кенедей эле го. Мынчалык аз шыпырындың үчүн мен сага кайдагы кайналымды карматам, – деди кексе кары.

– Ой, чоң ата, эч нерсе эмес! – деди кабагы жаркылдаган кыз. – Үйүбүздө таштанды жок. Муну да мага жардам кылганым үчүн кошуналар берди.
Муну уккан чал ичинен кымыңдады. Демек, өз үйүнөн таштанды көтөрүп келбеген бу кыздын үйүндө кыл да жатпаганына бөркүндөй ишенди.

«Буюрса, уулума колукту болор жан экен» деди. Деди да кызды арабасына отургузуп, атын зуулдатып өз үйүнө жөнөдү. Келери менен уулунун үлпөт тоюн үлпүлдөттү. Уулун үйлөп, келишкен сулуу келинин ошол күндөн ушул күнгө дейре оозунан түшүрбөй алкайт экен.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *