Менин аты-жөнүм Турдалиев Нурэлес. Мен Кыргызстандын атуулумун. Мен он үч жаштамын. Кыргызстандын өнүккөн мамлекеттерден болушун каалаймын жана өнүгүшүнө өз салымымды кошкум келет. Ал үчүн ар бир адам өз элин, жерин сүйүшү керек. Менин сүйүктүү шаарым Жалал-Абад.

Ар бир жердин аталышынын өз тарыхы бар. Илгери Жалал-Абад шаары жайгашкан жер ээн талаа болгон дешет. Эл үчүн жанын үрөгөн Мурзакул болуш калк кыдырып кетип баратып, бак-дарактарды отургузуп, гүлдөрдү эгип жүргөн баба дыйканды көрүп калат. Анын аты Жалал экендигин билет. Ачылып турган гүлдү, жетилип келе жаткан жемишти, дүпүйүп көлөкө кыла баштаган дарактарды көргөн Мурзакул болуш дыйкандын эмгегине ыраазы болот. Ошондон улам Мурзакул болуштун таасири менен Жалалдын эмгеги бааланып, эл оозуна алынып, Жалалдын атынан Жалал-Абад деп аталып калган дешет.

Ал эми “абад” фарсы тилинен которгондо көрктөнгөн кооз шаар дегенди билдирет экен. Чындыгында Жалал-Абад шаары өтө кооз. Тунук, дартка даба булактары, жаңгактары, жаратылышы, эс алуу жайлары, сейил бактары, таза абасы келген адамды өзүнө тартып турат. Шаарыбызды мындан да өнүктүрүү, жашылдандыруу,таза сактоо ар бирибиздин милдетибиз деп ойлоймун. Ар бир адам адептүү болуп, таштандыны көчөгө таштабай, түкүрбөй, сейил бактагы отургучтарды сындырбай маданияттуу болсо, шаарыбыз мындан да таза болот.

Жалал-Абад жашыл шаарым турагым,
Жанга даба мөлтүр булак сууларың.
Жашоо үчүн күч-кубатка дем берген,
Жакамдагы ыйык туткан тумарым,
деген ыр саптарында айтылгандай, туулган жеримдин мен үчүн ыйыктыгын сөз менен айтып жеткире албайм.

Турдалиев Нурэлес, Жалал-Абад шаары


Сынак жобосу менен ушул шилтемеден тааныша аласыздар

One Reply to “Сынакка: Менин шаарымдын тарыхы”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *