АҢГЕМЕ

Кыш чилдесинини мемиреген тынч күндөрүнүн бири. Жыйын-теринин эбак бүтүрүп алган айылдыктар печкесине отту улуу жагып, булоолонто чай ичип, үйдөн көчөгө кем чыгып калган маал. Ушул күндөрдүн биринде Бакир аксакалдын коргонунан коюу түтүн бөтөнчө булап жатты. Түтүн менен кошо мурун өрдөгөн жагымдуу жыт көчөнү каптады.
Кечээ кечинде союлган тайдын эти, бүгүн удаа союлган эки койдун эти үч чоң казанда өз-өзүнчө кайнап, дагы бир казанда боорсок бышып, короо ичи кыш күнүнө карабастан шаңдуу, кирип-чыккандар көп. Бул үй бүгүн куда тосуу камында. Жашиктеп апкелген арак-шараптар, түрдөп сатылып алынган таттуулар, жер-жемиш, мөмө-чөмө конок бөлмөдө узунунан коюлган үстөл үстүнө дөбө-дөбө коюлду.
Бакир аксакалдын минтип агылып-төгүлчүдөй жөнү бар эле. Көп жыл колхозду башкарды, анан колхозду башкарып, башкарып жөн эле кетип калган эмес. Көзүнө урунган, колуна тийген колхоз мүлкүнөн жакшы эле карманып калган. Ошол мүлктөрүнүн күчү менен уулуна азыр жеке фермердик чарба ачып берген. Эми уулу бакыйган фермер болуп чарбасы чоң. Айылдыктардын көбү буга жалданып иштешет.
Бүгүн бу киши кенже кызынын кайын журтун тосуп жатат. Келчү куда да карапайым эмес. Ал да бир кезде совхоздун деректири болгон. Ал да өз учурунда менчиктештирүүгө шылтап совхоздон алчусун жакшы эле алып алган. Бүгүн короосу трактор, комбайынга, мал-келге толуп, бакубат жашайт. Бу издешпей табышкан эки куда бири-бирин чакырып коноктогондо кадим мелдешке түшкөнсүп, өзүн көрсөтүүгө, биринен бири ашып түшкөнгө аракет кылышат.
Коноктор келип, чоң бөлмөгө жайгашып отуруп, эми гана күрү-күү күчөп калган маалда капыс электр жарыгы “жалп” этип өчүп калды. Бакир аксакал кыштын күнү минтип жарыктын бат-бат өчөрүн билчү. Бирок ушул кырдаалды эске албай калган экен. Күйгүзө койгонго чырак-пырагын камдап коюшпаптыр. Көөдөй караңгылыкта отургандар заматта кайсалай түшүштү, бала-чака коркуп, ыйлап жиберди. Эшикке чырак издеп жөнөгөн келиндер караңгыда буттары чалыштап, бирөөсү самоорго чалынып жыгылып да кетти. Ошол учурда төр жакта кудаларга ыктай отурган Бакир аксакалдын прокурор жээни Куланбай ойлонуп турбай чөнтөгүндө тирелген акчанын четинен бирди сууруп чыкты да, тамеки күйгүзгүчү менен аны тутантып жиберди. Бөлмө жарый түштү. Улам чөнтөктөн чыгып, күйүп жаткан кагаз эмес, 50 сомдуктар экенин көрүшкөндө дасторкон четинде отургандардын ооздору чындап ачылды. Куланбай райондун прокурору болуп иштейт. Алагүү болуп калган ал бөлмөгө чырак келгенче улам чөнтөгүнөн акча сууруп чыгып күйгүзүп, кудалар отурган дасторкон үстүн жарытып турайын деди шекилди.
Бакир аксакал болсо жээнинин бул жоругун ичинен жактырбаса да, аны “кой” деп тыя албады. Азыр өзү токтотоор деди. Токтогон жок. Чөнтөктөн байма-бай суурулуп чыккан акчалар күйө берди. Ансайын Куланбайдын эмес, отургандардын чый-пыйы чыкты. Чыракка кеткендер тезирээк келсе болот эле. Бир маалда чөнтөгүнө улам колун салып бирден чубап чыгаргандан эриндиби, Куланбай пачкеси эми гана бузулган бир боо акчаны булайта чыгарып, дасторкон четине таштады. Эми ага оңой болду, чачылган акчаларды бирден терип алып шашпай күйгүзө берди. Чырак издеп кеткендер болсо кечикти. Акчанын жарыгы дасторкон четиндегилерге прокурордун көйнөгүн чытырата тиреп, тарс жарылчудай болгон томпок курсагын, ага жылан сымал жабышып, сойлоп турган сары жалтырак галстугун, тултуйган кызыл жүзүн, калың кара мурутун даана көрсөтүп турду.
Акчанын күйүп жатканын жапырт тиктегендер тымтырс селейди да калды. Ушул азыр дасторкондо жайнаган тамак да, арак да эч кимди кызыктырбай, көздүн баары Куланбайда. Ал улам боосу бузулуп, дасторкон четине төгүлүп турган акчадан бирди алып, отко туткан сайын, отургандар ого бетер моюн созо төр тарапты тиктеп алат.
Акчанын тең жарымы күйүп бүткөндө Бакир аксакал чыдабай ордунан тура калды:
— Ай, Куке, Куланбай, токтот эми… — Прокурор кулак салган жок. Ал өз ишин уланта берди. Кудум эрдик жасап аткансып, жүзү олуттуу, эч кимди көрбөйт да, укпайт. ..
Акыры куда тараптан келгендер жапырт жаалап жиберишти:
— Ай, Куланбай куда, сыйыңа биз ыраазы, токтот…
Куланбай, эми акчаны бирден эмес, бир канчасын колуна тутамдап алып, күйгүзө баштады. Эми үйдүн ичи баягыдан да жарык боло түштү. Дасторкон четиндегилерге эми прокурордун кашка башы, жүлжүйгөн көздөрү да даана көрүндү. Куланбай бирөөгө өчөшкөндөй, акчаларын тутамдап күйгүзгөндү уланта берди. Отургандардын күйүп аткан акчаларды карап кареги кошо күйдү, ичи ачышты. Ичтери чындап ачышты, прокурорго эмес, бул акчаны ага берген адамга, башына мүшкүл түшкөн шордууга, прокурорго пачкелеп акча берген адамдын шор, азабы көп окшойт. Ким болду экен ал байкуш, азыр акчасы күйүп жатканын сезди бекен. Бу акчаны табам деп алда нелер болду экен…
Алган акчасын күйгүзүп салып, эми прокурор ага берген убаданы аткарат бекен… ушул ойлор ачык ортодо айтылбаганы менен баарынын көкүрөгүндө турду.
Чыракка кеткен келиндер кечикти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *