Кийинчерээк жалпы улут идеясын иштеп чыгышыбыз керек деп көп айтчу болдук, а бирок анын байланган казыгын таппай кайсалайбыз. Менимче, улуттук идея деген көктөн түшпөйт, жерден чыкпайт, башка калктардан көчүрүлүп да алынбайт. Ал өзүңдүн эле кыртышыңда жатат, кесе айтканда, так ошол уруучулугуңда да бир принциби катылган. «Кыргызчылык» деп өзүбүз жерип салган түшүнүктүн боюнда улуттук канча бир асыл сапат тунуп турганын сактанып болсо да айтчу болдук. Эмесе ошол «кыргызчылык» деген жакшы маанидеги түшүнүктүн байтүбүн алиги биз айткан «уруучулдук» деген жакшы маанидеги түшүнүк да тиреп турат. Жөн эле «кыргызчылык» деген болбойт, анткен жалаңкабат түшүнүк, тиреген түркүгү, азыктандырган кыртышы жок нерсе, ал: «я просто советский человек» же «тегин билбеген тентимиш Иван, же болбосо «кыргызча космополитизм» гана.

Кыргыздай көчмөн элдин тарыхы өзгөчө тарых. Анын улут катары калыптанышын уруулардын тарыхысыз, уруучулдуктун ургаал жаратманчыл рухусуз элестетиш мүмкүн эмес. Муну тансаң улутуңду танасың тарыхыңды танасың. Улут демекчи, кыргыз улут болуп түзүлүп үлгүргөн эмес деген да бир карандай миф бар. Шырдагы шырылып бүткөн, калпагы тигилип бүткөн, макалы тизилип бүткөн, Манасы түзүлүп бүткөн, б.а. материалдык да, руханий да дүйнөсүндө бир жалпылыкка алда эбак өсүп жеткен калкты улутка айланган эмес деп ким айтат?! Жетишет, “жомокчулардын” заманы өттү. Бая бир кур Ч.Айтматов “трайбализм” деп койду эле далайыбыз дүрр коштоп кеттик. Эми ээги түшкөн энебизден өйдө “экология” деп зар какшап “табият” деген татына сөздү “унутуп” калгандай, уруучулук деген сөздү да “трайбализмге” такачу болдук. Жок, бул экөө эки башка саясат.

Трайбализм, латынча “трибус” – уруу, урук деген уңгудан чыккан. Андан агылчындар “трибализм” деп термин жасашкан. Термин эмес бүтүндөй элдерди ичтен иритип, сырттан курутуп, кырды бычак кырылыштырган оторчул чоң саясатты, эл башкаруунун эң айла амал системасын иштеп чыгышкан. Индостан, Арабстандын кай бир элдерин канча мухит аржагынан былк эттирбей кармап турган каруу-күч бирин бири муунткан бир туугандардын билегинен ошентип “ойгонгон”. Трайбализм саясаты империялык Орусиянын да күчтүү куралы болгон. Урууларды араздаштыруу аркылуу улут наркын жок кылууга умтулуу күч болгон. Трайбализм идеясы тарыхты чагылдыруунун методологиясынын өзөгүнүн өзүн түзүп калган. Андыктан, мейли орус же улут тарыхчыларынын басым көпчүлүгүнүн жазганында: көчмөндөр бирин-бири мууздагандан башканы билбейт, урууну уруу жойгондон башканы сүйбөйт.

Айткылачы калайык, ошенткен журт тарыхтын канча бир калайман окуяларынан кантип эсен өтө алды? Жок! Эл, уруулар арасында ынтымак, намыс, биримдик гана ар заманда аныктоочу багытты түзгөн. Сарбагыш, Бугу салышып жүрүп эле өткөн эмес (экөөнүн чатагын ордо оюнга же Ормон, Балбайдын жеке мамилесине такаган ой чектелген ой. Мунун баео көзгө түшпөгөн көп жагы бар). Кыргыздын ар уруусу Ата Журттун ар жеринде бир-бирине арка сүйөп чеп турган. Ошол эле кезде ички чынжыр байланышы күчтүү сакталган. Төмөнтөн өйдөгө баш ийген АДАТКА бой сунган.

Кыргызды эл катары сактап калган нерсе ошол. Демек, санжыра деген саймедиреген кооз сөз эмес, иралды чоң саясат болгон десек жарашат. Айла канча, оболу оторчул Орусия тарабынан ырааттуу жүргүзүлгөн трайбализм саясаты соңунда улуттун жүзүн өчүрүүгө багытталган сусловчулук, кылчусун кылды, кыл жип менен бууду. Чычалабай чындыкты моюндасак, бузулган элге бучук аким заманын аталарыбыз менен биз жашадык. Эми улуттук кайра жаралуу процессинде иралдыда трайбализмдин сасык жытын бойдон кагалы.

Атаны кудай деп билген, Ата улуудан Ата уулга өскөн, урукка өнгөн, урууга биригип улутка айланган, ынтымак ырдаган угуттуу элдик философиянын бийигин тааныйлы. Алымдуусун алалы. Азыр биз көп айткан аймактык башкаруу, бийликтин төмөнкү структурасы дегенибиздин бир учугу да барып келип ушуякта катылып жаткан чыгаар. Ошондо вертикал байланыш бир тараптуу – жогортон төмөн гана акпай, төмөнтөн өйдөгө да өсүп тил табышуунун гармониясы табылаар. Демократия дегениң бир эле элдин бир үлгүдөгү энчиси эмес, анын принциптери азал күндөн бар калктын өнө боюнда улуттук түрп түспөлүндө жашап келгенин унутпайлы. Албетте, бул айтылгандар ким бирөөгө патриархалчылдык болуп көрүнөр. Бирок тарыхтын дөңгөлөгү артка айланбасы анык – ак.

Биз суктанган жапан калкы улуттук аң-сезимдеги секирикти обол өз кыртышынан, б.а. дүйнөдө өзгөчө жаралган, Аматэрасу Кудай сүйгөн (!) калк экендиктерин жар салган синтоизм мифинен таап, ошого аң сезимдүү ишенип иштөөдөн башташкан…

* * *

Кыргызда “Кара” жана “Караламан” деген тааным бар. Муну, орустагы “народ” жана “толпа” деген түшүнүктөр менен салыштырып тааныса болот. Эсеби, тарых, коом таануу илими “Эл – Народду” бир учурда: “тарыхтын жаратман, кыймылдаткыч күчү” (“созидательная, движущая сила истории”) деп даңазалай тааныйт, ал эми экинчи бир учурда, кай бирөөлөрү аны: “жок, ал кайда бурсаң ошол жакка жетеленген топураган масса(“народ – толпа!”) атайт. Кайсынысы чын? Эл чын эле топук “Карабы” (“Народ”) же топураган Караламанбы (“Толпа”)? Аныгы-таныгы кайсыл? Критерий эмне? Тык! Критерийи так өзүндө таамай жатыптыр, аталыштын! (кыргызың түшкүр, жөн атабайт ко!). Эсеби, Эл өзүнүн КИМ экенин нак Элдик деңгээлинде аңдап турганында ал (“национальное самосознание”) Каралык (“Народ”) калкагарында болот. А эгерде улуттук аң-сезимдин бийигине көтөрүлө албай өзүнүн КИМ дигин тааный албай маң турса, анда ал аламан (“толпа”) деңгээлге түшкөнү, б.а. Кара аламан-аламандаган Кара! Бир элдин экинчи бир элди башка чапса былк эткис көлүк-өлүк кылып бийлеп туруш үчүн миң бир жойпу жолдордо алдап-маңдап, миң бир жөөт жолдордо кулдап-пулдап турмагы ошол! Азал күндөн! Биздин башыбызда ошол ширге жабылуу келет, али! “Уруучулдук – трайбализм” ушунун бир жаңырыгы!

Эмесе, уруучулдукту да биз эми улуттук аң-сезимдин бийигинде, Каралык, жаки, Эл-Мамлекеттик деңгээлибизде туруп баалашыбыз, кастарлашабыз, билишибиз, сүйүшүбүз керек экен эми, кайталайм, “Эл-Мамлекеттик” бийигин карай ырааттуу өсүп отурган көчмөн кооомдоштуктун бир соңку тепкичи катары гана! Атабыз Исхак Разаковдун: “душмандын күчтүүлүгүнөн коркпо, өзүңдүн алсыздыгыңан корк!” – деген насыят сөзү ушул учурга кандай гана орунду-ов! Биз эмне үчүн өзүбүздүн улуттук аң-сезимдин бийигинде боло албай аламандап кеткен маң абалыбыздан коркпостон, “уруучулдук – алай-булай-шолай деп, ал элди ыдыратат, бузат, иритет деп, анын элди тээ төмөндөн эң ырааттуу-ирээттүү, тартиптүү жана абийирдүү, а эң башкысы өткөрө намыстуу (!) өркүндөй келген ыйык-бийик жолун эмне үчүн, эмне үчүн (!) күнөөлөшүбүз керек?! Эмне үчүн Элди “Эл-Мамлекет” деген эң бийик сересине өстүрүп бараткан Ыйык Чынжырдын бир эң маанилүү тогоолун жеришибиз керек, жулуп ыргытышбыз керек? “Уруучулдуктан” эмес, ата-бабаларыбыз Манастын, Комуздун, Сайманын тилинде-дилинде дирилдеп алда эбак “Карага” калкып кеткен туу калкагарына караандай албай каңгып калган өзүбүздүн эмики пастыгыбыздан, мажүрөлүгүбүздөн корксок кантет, бурадарым?..

Жогоруда “уруулук намыс”, “эң маанилүү тогоол” дедик уруучулдукту. Эмне үчүн? Анткени көчмөн коом тартибине ылайык, бая айтылгандай кыргыздын ар бир уруусу Мекендин ар бир жеринде эл биримдигин сак-сактап бир бирине арка сүйөп чеп турушкан. Эсеби, черик, моңолдор – Кытай тарабы; ичкилик эли – сарт тарабы; саруу-кушчу – Олуя Ата, Ташкен тарабы; солто – казак; бугу – казак, кытай тарабы, ж.б. д.у.с. Ушул өңдүү кыргыздык-стратегиялык жоокерчилик жолунда дайымкы күндөлүк турмуштук алака элдик чынжырдын биримдигинде уруулук деңгээл-орунду айрыкча активдүү ишке салган. Уруулук биримдик уйушмалдыктын айрыкча активдүү ачылганы ошол. Тык! Абай салыңыз, бул эми билгенге, азыр бүткүл Батыш илими “саморганизация – синергетика”атап улуу “өзү уйушмалдыкка” умтулуп-умтулуп бирок жете албай келаткан коомдук жаркын тепкичи ушул эмеспи! Билгенге…

Ооба, дал ушул! “Өзү уйушмалдыктын” коом турмушунда эң күчтүү ачылып чыккан бир тоом-тоголу ушул! Ушжерден биз эми бая IV-V баптарда кыйла айтылган “Жарандык Коом” жана “Укукчул Мамлекет” аталган түшүнүктөргө уруучул ыңгайдан жана бир бир кайрыла өтсөк болот эми.

Ф.Гегелдин бир айтканын мисалы бар: “В гражданском обществе каждый для себя цель, все остальное для него ничто. Индивиды в качестве граждан этого государства – частные лица, целью которых является собственный интерес”– деген эле. Өзүнүн кылымдар бою баскан калыптанган чарба жүргүзүү ыңгайынан (“психология-философия хозяйства”) башка-көзгө койгуланып атайлап башка буруу жолго салынган, “Карадан” тайып “Караламандаган” кайран кыргыз как азыр качандыр Гегелдер так мүнөздөп жазып койгон так ушул тозооку жолго түшүп алган, т. а. түшүрүшкөн! Айтылган – ичке ийри жылаан ыргытылып, как жүрөк толтодон мыжый кармап жеңиш үчүн!

Чарба жүргүзүүдө сан миңдеген жеке атом-субъектилерге чачыратылган;

менчик күтүүдө – сан миңдеген жеке менчик ээлерине бытыратылган;

“майда ишкерлик” саясатында берилген “максаттуу кредиттер” атайын майдаланып, кумга сиңген суудай максаттуу жок кылынган;

соңунда миллиарддарга айланган карыздар туула элек балдарыбыздын тумшугуна “ме!” такалган (!);

ушинтип, “жеке укук” деген былгы саясатта жете бириндетилген;

акыры “адам укугу” деген алдоочбаштыкта бала өзүнүн “бала укугун” атасына балп “үйрөткөн” (баласы атасына «баягыны» үйрөтөт!);

окуучулар өз мугалимин оптом окуткан деңгээлге чейин жетип, бычырап “жарандыландык”. “Жарандык Коомубуз” минтип ичтен быдырап-ыдырап эле чектелип тим болбой, азыр миңдеген беймаалым НПОлорго айланышып, жоопкерчилиги чектелген шектүү ОСООлорго өсүшүп, “укук! укук!” деп жер муштаган укукчулдардын полкун түзүшүп, ушунун далайы чет элдик кандайдыр “шектүү” “максаттуу” бир Ордодон агылган-координацияланган акчаларга туйтунушуп, биригип “Эл-Мамлекет” деген бир Улуу Кыргыз Кемени түбүнөн кемирип-жемирип жеп бүтүрүп жатышкан келемиштердин армиясына айланып баратышкан жокпу?

Кеме эпадам чөгүп баштаса, эң биринчилерден болуп “жеке укугун жете коргоп!” Желпинишке чейин өлкөдөн желпинип качып кетүүгө “дайым даяр!” турган! Эсеби, жаңы маалыматым жок, Акаеев кандыгынын акыркы жылдарындагы эсепте Кыргызстанда 13 миң ашык НПО боло турган эле, ошол эле туштары бизден ашса ашкан асты демократиясы кем эмес кең байтак Казакстанда болгону, төрт миңге жетпеген бейөкмөт уюм бар эле. Эсеп-кысабын, чыныгы максатын да көп учурда көшөгөлөгөн мынча армия бизде эмне иш кылат? Арык уйга ушунча залкар мүйүздүн кереги барбы? Маалымат ачык болушун милдеттүү талап кылып тажабай такылдатышып, дээрлик ар бир мамкеңсенин эшигин жыртып маңып жүргөндөр кимдер?

Шаардан чыгышып, меймандос мамлекетибиздин тээ ак кар, төр кумайларына чейин жетишип, аркарлар менен бир тайраңдап, кандайдыр шектүү жер чалгындап чаңып жүрүшкөндөр кимдер? Ал – “Жарандык Коом! Жана алардын “жаңы кызматташтары!” Анан мына ушул жармы кыргыз-жармы орус (чет!) обществолор “жарандык коом атуулдук биримдик үчүн коррупцияга каршы” аталган кандайдыр коалицияларга шып биригип алышат. Ушинтип, коррупциянын булагын бир колу менен өзү тынымсыз түзүп турган, экинчи колу менен аны тынымсыз “коргогон” “укукчул системдин” “системдүү жемиштери” өсүп чыгышат. Жер сабаган “тешик-эшик эдилбайсалдар!” Буларды ким тескейт? Тескей алабы? Тескетеби? Мамлекетпи? Жок, тескетишпейт! Анткени ал өзү ушул шектүү “Адамдын” укугун коргоого эл аралык документтерде милдеттенип алган укукчул Мамлекет!

Ал эми ошол Мамлекетке өсүп бараткан жолундагы бая тепкич – уруучулдукчу? Тескейт! Тескегенде да кандай! Тебетейин тескери кийгизип туруп тескейт! Анткени ошол ар бир бытыраган жаран, быдыраган НПО, бычыраган бечара, ар бири биригип келип, кайсыдыр бир жети атанын, уруктун, уруунун бир мүчөсү! “Жарандык Коомдон” бийик турган Коом бул! Уруучулдуктан да артылып “Эл” деген деңгээлге эбак өсүп чыгып кеткен коом бул! Демек, уруучулдук өз жолунда эле, кыргыздын наркы-салтында өзүнүн ар бир мүчөсүн тескеп орду-ордуна коюп коё алат! Тек, мунун заманга бап адептик-мыйзамдык чектерин гана белгилеп коюу жетиштүү. Бул — маселенин бир жагы. Экинчи жагы – мен “Жарандык Коомду” да жериген жерим жок. Тескерисинче, ал өзү “жарандык” аталган жалган мейкинге жасалма тентитилип, негизи бир чо-оң жерден координацияланган сырткы акчага тумтак көз карандыланып, кара курсактын айынан өзү ирип, өзү аркылуу бүтүндөй өз өлкөсү кошо иритилип-курутулуп, экөө бирдей курмандык болуп жатышканын ачык билсе деп жаным сыздап айтып атам. Мына ушул куу жолдо өз киндигин кесип атып “жарандык коом” кантсе да ичтен активдешип жетилип да алды азыр. Эми ал да уруучул-тууганчыл жолдо өзүн жаңы деңгээлде ирээттеп алмак, үзүлгөн чынжырларын улап, Мамлекеттин чыныгы активдүү жаранына айланмак (эстеңиз: “Мамлекет – менин Тең Түгөйүм!”).

Ушундай, уруучулдуктун бир табияты.”

“Саясый” демекчи, ырас уруучулдуктун да өзүнүн ичте кымырылган бир “ууру” саясаты болбой койбойт. Бая: “уруучулдук элди кериге сүйрөйт, тымызын ыдыратат” деген бир кооптун да жүйөсү жок эмес, бар. Бирок мындай былгы ыдыроо, айттык, бир шартта ишке ашып кетиши мүмкүн – Кара Каралыгынан тайып Караламандап кеткен тушта! Буга эгерим жол бербөөнүн да дарысы-шартты өзүндө– Каралык деңгээлин кармашында. Уруулук эмес улуттук бийиктигинде, болгондо да Мамлекеттин калган аз сан улут өкүлдөрүн өз көлөкөсүндө асыраган туу калк деңгээлин тута билишинде. Күнү кечээ Сарбагыш уруусунун курултайында таамай айтылгандай: “Улуттун ынтымагына шек туудурар кандай гана маселе болбосун, талкууланууга жатпайт!”

Муну аңтара салып да бир айтсак: улуттун ынтымагына шек туудурар кандайдыр иши билинген уруу катуу намыска жыгылат, калган “кырк уруу” тарабынан “айыпталат!” Бул үчүн демек, кечээги жат мыйзамды ичибизге ууру салган “Жарандык Кодекс” эмес, улутту бир уюлга уюткан, кылымдык кыраа нарк-салтынан агылган, жаңы заман реалийине төп, мисалы, жаңы “Эл Наркы” (“Элдик Кодекс”) кабылданышы шарт! Анын уңгусун манасуйул гана аныктайт! Мисалы, анын түркүк түшүнүктөрүн:

а). Башы Манас – Аягы Манас!..

б). Кыргыздын ар бир уруусунун бүгүнкү аз же көп санына карабай, Кыргыздын Эл катары түзүлүп, сакталып келишинде ойногон ролу, кошкон салымы бирдей. Кайсыдыр бир уруу, кайсыдыр бир кезде тарых майданынында активдүү көрүнсө, экинчи бир уруусу, экинчи бир кезеңде Элдин Бели болуп турган, б.а. кызматы бирдей, таразаланбайт (ырасында да ар бир замандагы тарыхый шарт, коога ар башка да, алар салыштырылбайт).

в). Кыргыздын ар бир уруусу бүгүнкү күндөгү аз же көп санына карабай жалпы улут маселесин чечүүдө бирден гана добушка ээ.

г). “Ак таңдай акын, сулуу кыз, алгыр тайган, кыраан куш – элдики” салтында улуттун чыныгы гөзөлдөрү бөлүнбөйт. Айрым урууга таандыкталбайт, “Элдик” саналат. Бүгүнкү күндө чыгып жаткан кыргыздын кыраан уул-кыздары да ушул нарк-салтта мындан ары да “элдиктелет”, кастарланат.

д). Кыргыздын тарыхы түптө. Кырк уруусунун изи изделет. Тарых такталат. Бирок Кыргыз Элинин ушул азыркы турган жергесинде, акыркы ирээт Эл болуп Долон бий атабыздын тушунда кайра уюган биримдиги ыйык, бийик. Бул биримдикке кошкон ар бир уруунун өз-өз салым-үлүшү өзгөчө. Антпесе, мисалы, тарыхты куткуп келсең, айрым жагдайлар, маселен “аталаштыруу – уулдаштыруу” уламасы, санжырадагыдай да чыкпай калышы ыктымал. Маселен, азыркы Азык уруусунун тарыхы азганакай азык көтөргөн бир балага эмес, Азия кеңдигинде чачыраган эзелки элге кетиши мүмкүн. Болбосо, саруу теги, б.з. чейин бир кез Миң Өзөндөн (Минусинск) Сары-Өзөнгө (Хуаңхы) куюлуп түшкөн эски динлиндерден “из” делиши да этимал. Бүгүнкү Моңолдор башы – Көкө Ата теги, көңкү хуннуларга таяшы ыктымал. Каңдынын теги тетиги эле баба Каган Огуздун “Каңгылуу” (араба) бир черигинин караңгы тарыхынан “калдырттап” угулаары да анык. Эми бул жолдо кылдырттап кете берсек, анда, акыр түбү, Кыргыздын өзүн да Каңгыдан алып чыгарыбыз, тынарыбыз ажеп! Демек, санжыранын өзү да өз тушунда тектеш урууларды “бир элдештирүү” угундагы кыраа, этиет, билги идеология болгонун моюндоо шарт.

“Аталаштыруу – уулдаштыруу” процесси сөзсүз эле түздөн түз “уул – ата” эмес, “Элге” кайра уюудагы, бирге уйумдашуудагы жаңы тарыхый муктаждык-зарылдык болгондугун да билген эп! Келечек үчүн! Бүгүнкү күнгө эсен жеткен, бүгүнкү кыргыздын кызыкчылыгында! Сенин, Менин!.. Демек, бул акыркы уйуу – абсолют! Азыркы Оң, Сол, Ичкилик ТЕҢ чынжыры-ыйык!

е). Батышта генетика илими менен тыкыз байланышта өнүктүрүлүп атайын эле илим тармагына айландырылган укумчулдук – евгеника – асыл тукумдук тууралуу, санжыра иликтин азыркы замандын демографиялык, эл каттоо ж. б. социологий маселелерин жаңыча түшүнүүдөгү орду-ролу өзүнчө сөз. Биякта бүтүндөй жаңы кыргыз илиминин башаты жатыры.

Жаңы мамтүзүлүш, башкарууда уруучулдуктун, т.а. Элдик Канаттын Орду – Жолу кандай болот, бул тууралуу сөз, анан.

  1. Сол Канат – мамлекеттик түзүлүш

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик түзүлүшү, башкаруу формасы КР Конституциясында белгиленген. Бирок анда V бапта айтылгандай аавалым башында эле “один хороший, умный, хитрыйлар” аркылуу билинбеген миналар катылып коюлган эле: ар жерине. Т. а. 1993-ж. Конституцияда эки башталыш жанаша марашып калган:

  1. Мамлекеттик башталыш;
  2. АДАМчыл башталыш.

Анда Преамбула, Жалпы Жобо ж.б. Элдин, Мамлекеттин укугу, анын иштеши тууралуу салтанаттуу фразалар жазылган, ошол эле кезде АДАМдын Жеке Менчикке укугу жанаша-жарыша да эптүү киргизилип отурган. Мамлекетибиздин кийинки өнүгүш жолунда, көрдүк, мамлекеттик менчиктин туташ жеке менчиктештирилиши менен, кийин да анын – АДАМдын, чабыты улам кеңип, сратегиялык менчиктерге (Жер, Кен, эми энергетика, Телеком ж.б.) жайылтылып отурушу менен Мамлекет деген түшүнүк, анын укугу, акыры тек, көздү алдаган, эсти маңдаган декорация-кагаз арстанга айланып, ал эми реалдуу күч, укук Жеке Менчикке ооду, өттү.

Ошентип, Мамлекетчил башталыш “Жаранды” жамынган “АДАМчыл” (алдамчыл!) башталышка тым басылды. Бул тууралуу 1998-ж. Жер Жеке Менчикке чыгарылганда жазылган “Ата Журт коркунучта” деген ой толгоомдо кеңири айтылган. Т. а. ошол оңдоодо Улуттук ыңгайдагы укукчул мамлекетти куруу мүмкүнчүлүгүнө чоң сокку урулганы айтылган. Андан берки жылдарда да ошол эле багыт ургаал тереңдеп отурду. Соңу – бүгүнкү чек.

Чоюн ӨМҮРАЛЫ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *