АҢГЕМЕ

Калмат карыя үй-бүлөсү менен түшкү чайга отурган. Неберелери мойнуна асылып эркелешсе, байбичеси Салкын алардын кылыгына маашырланып, өзүнчө эле жыргап отурат. Уулу Урматбек куудулданымыш этип купшуңдаса, келини Сымбат арчанын түтүнү сызыла чыккан самоордон чай куюп, сыпаа гана жылмайып коёт. Айтор ар кимиси өз ордун билген ушул үй-бүлөгө нарк-насил, береке, ынтымак-ырашкерлик, адеп-ахлак бекем орногон. Кимиси болбосун адеп менен сөз баштайт. Атасы ооз тиймейин дасторконго кол салуу деген эгерим болбойт. Ал айткан сөздү эч качан эки кылышпайт. Бир-эки чыныдан чай ичишип, чаңкоолору кангандан кийин сөздү Калмат карыя баштады.

— Шайлоо чукулдап калды окшойт. Бул жолку таймаш катуу болчудай кейиптенип калды. Борбордук шайлоокомдон алты партия каттоодон өтүптүр.

— Мен дагы уктум ата, — деди уулу. — Азыртадан эле айрымдары өз кишилерине акча таратып жүрөт дешет.

— Өткөн шайлоодо жалаң аракка сугарышты эле, эми акчага өтүшкөн экен да!?

— Кандай мышык болсо дагы чычкан алса болду дегендей, деги элди ойлогон депутат шайланса эле болду.

— Анткен менен биз депутаттан жолдуу болбодукпу. Эзели оңолбогон көпүрөбүздү салып берди, элге тез-тез келип көйгөйлөрүн сурап турат, жанагы телевизордо болгон сессияңарда да жакшы сөздөрдү айтып, элдин таламын талашат экен. “Адилет” партиясын эле шайлайлы!? – деди Салкын апа сөзгө аралашып.

— Ушу апаңардын кирди-чыкты эси бар. Эчтеке түшүнбөгөн кишидей момурап отуруп эле, кээде туура сөздү балп эттирип коёт, — деп Калмат карыя карс-карс күлүп койду.

— Биз дагы мектепте мугалимдер кеңешип, “Адилет” партиясына токтолдук, — деди ыйбаа менен Сымбат сөзгө аралашып.

— Кимди шайлайбыз, ал ар кимибиздин өз эркибиз. Ошентсе да баарыбыздын пикирибиз төп келип калды окшойт. Анын үстүнө башканы шайлайм деп Сымбаттан тил уккудай алым жок, — деди Урмат келинчегин тамашалай.

Кызара түшкөн Сымбат кайната-кайненесинин көзүнчө ага каяша айталбай, тымызын гана нукуп койду.

Ошентип бул үй-бүлө “Адилет” партиясын шайлоо жөнүндө бир бүтүмгө келгендей болушту.

Ушул учурда эшик ачылып, айылга атан төөдөй баркы бар Асанакун аксакал кирди, сакалын сеңселтип.

— Келиңиз, ата, келиңиз. Төргө өтүңүз, — деп уул-келин тура калышты.

— Атсалоомалейкум Каке! Кандай күүлүү-күчтүү турасызбы!?

— Алейкумаатсалом Асаке! Кел-кел.

Бир чыныдан чай ичип, азилдеш аксакалдар бир аз тамашалашкандан кийин Асанакун аксакал келген жайын айтты.

— Эми Каке, кеп мындай. Биздин айыл өкмөтүбүз Бектурду жакшы билесиң. Ушул бала кирген “Ак ниет” партиясы каттоодон өтүптүр. Чукулда аксакалдардан бата алсам дейт. Сөздүн кыскасы Бектурду колдоп берели!?

Калмат карыя бир азга тунжурап отургандан кийин сөз баштады.

— Асанакун, үч-төрт жыл мурда өкмөттүн «Аракет» программасын аткарабыз, айылга суу чыгарабыз дедиңер. Марафон өткөрдүңөр. Баардыгыбыз ураалап кол чаптык. Колубуздан келгенибиз торпогубузду, келбегенибиз улагыбызды бердик. Райборбордогу, облустагы, Бишкектеги балдарыбыз дагы жөн калышкан жок, кыйла эле акча чогултуп беришкен. Кана ошол мал, акча?  Бектурга келип эле дайны чыкпай калбадыбы. Сууну болсо дагы эле күнчүлүк Сарыбулактан ташып ичип атабыз. Биз дагы алып келебиз, күч бүлөсү жок кары-картаң, жетим-жесирлерге кыйын болуп атканын көрүп турбайбызбы. Андан дагы жердин мыктысын, малдын жакшысын өзү ээлебедиби. Ушуларды көрүп туруп, аны кантип депутаттыкка шайлайбыз. Деги Кудайды карасаңар боло!?

— Мунуң ак сөз, Каке. Туура сөздү туура деш керек. Бирок башка партияларда биздин балдар жок болуп атпайбы!? Анан башкалар биздин көйгөйүбүздү чечип бермек беле!? Бектур канткен менен өз бала эмеспи.

— Өз бала деп эле элдин ырыскысына кол салгандарды колдой беребизби!?

— Чапкан сайын көз чыкмак беле. Бектурдун атасы учурунда болуш болуп, баарыбыз эле жакшылыгын көрдүк эле го! Анын үстүнө түбүбүз бир кудай танбаган тууган эмесписпи. Ушул бир балабызды колдоп бере албасак, бир туугандыгыбыз кайсы. Эл болгонубуз кайсы!?

—  Эми элбиз деп эле иштей албаган адамды шайлай беребизби?

— Иштейт. Депутат болсо анан сууңду да чыгарат, башкасын да берет. Бир чычкак улак өлүп деле калат экен, өткөндө берген улагыңды унут. Бир улак үчүн элден чыгып калганыбыз болбойт Каке!?

— Мынча эле неге ал баланы жактап калдың?

— Намыс, Каке, намыс! Өз айылыбыздан депутат чыкса жаманбы, жакшылыгы жетпесе да шарапаты тиер. Анын үстүнө атасынын арбагы турбайбы.

— Ай ушул силердин намыскөйлүгүңөр!? Курнамыс деп жүрүп куурап калаарыңарды билбейт экенсиңер го! Андан көрөкчө арнамысыңарга келсеңер боло! Намыс деп жүрүп мыкты иштеп аткан мурдагы депутатыбыздын жолуна кедерги болгону турабыз.

— Анчалык катуу кетпе, Каке. Эл ичинде отурабыз. Бул сөзүңдү укса, депутат болбогон күндө деле Бектурдун ичинде зак калар. Сага жаманчылык кылганын деле укканым жок эле.

— Жанды койбойт экенсиң го!? Болуптур. Шайлап берели. Бирок элдин үнү эсинен чыкпасын!?

— Бая эле ушундай дебейсиңби! Келе колуңду, — кубангандан далбалактап кеткен Асанакун Калматтын колун кош колдоп кармап: — Кол Кудайдын мөөрү дейт, Каке, сөзгө туралы,- деп дагы бир жолу бышыктап койду.

Дагы сөздөн сөз чыгып кетип, алынган убаданы бузуп албайлы деген кыязда сыртты көздөй ашыкты. Сыртка чыгып баратып, эшиктен кирип келаткан москоол жигит менен сүзүшүп да алды. Алар саламдашып, ар кимиси өз жолуна түштү.

— Атсалоомалейкум. Жезде кандай жакшы турасыздарбы!? Эжеке, ден соолугуңуз жакшыбы? Ого, кичи жээндерим да чоңоюп келатышкан турбайбы, — деп ал жигит, шыпылдай кол берип, балдардын бетинен өптү.

— Алейкумаатсалом. Кел Мурат. Өзүңөрдө мал-жан аманбы? Эжеңер карый баштаганы көп жолобой кеттиңер!?

— Көр оокаттан кол бошобойт жезде.

Алар кыйлага мал-жан, ага-тууган, эгин-тегин, эл арасындагы кеп-сөз жөнүндө сүйлөшүп отурушту. Сымбат кайрадан чай коюп, дасторконду жаңылады.

— Эми менин келгеним жезде, сөздүн ток этер жерин айтсам, баягыл министр болуп жүргөн Акмат байкемдин “Ак тилек” партиясы каттоодон өтүптүр. Кайниңизди колдойт деген зор ишеним менен келдим.

— Кап азыр эле туугандарыбызга убада берип койбодук беле!?

— Антип бааделенбеңиз жезде. Уулуңуздун окуп калышына деле бир кезде ошол таекесинин жардамы тийбеди беле. Анын үстүнө эжекемдин көзү турганда кайындарыңызды бир жолу колдоп койбосоңуз болбойт!

— Жездең айта берет, — деп Салкын апа абышкасына нааразылыгын билдире, төркүндөрүнүн таламын талашып, сөзгө аралашты. — Колдойбуз, колдобогондо ушул айылда элүү жылдан бери жашап жүрүп бир тууганым үчүн беш кишинин добушунчалык кадырым болбой калыптырбы!? Жездең макул болбосо болбосун, эмне кылсам да абысындарымды көндүрөм.

— Байбиче, азыр эле башканы айттың эле го!? – деди Калмат карыя.

— Айтса айтып койгондурмун. Анын эмнеси бар экен?! Минтип бир тууганымдын кирип келээрин кайдан билдим.

Так кесе айтылган ушул сөз менен келген жигиттин мүдөөсү аткарылгандай болду. Мунуку да чын дегендей Калмат карыя үн-сөзсүз ээрдин тиштеп отуруп берди.

Кезекке турушкансып ошол эле күнү келини Сымбаттын төркүндөрүнөн келген киши «куданын эң эле начары суу кечирет деген, биздин партиябызды колдоп бергиле» десе, уулу Урматбектин журналист теңтушунун партиясы да каттоодон өткөнүн айтып, аны да жарга такап кетти. Ал аз келгенсип Калмат карыянын иниси “Ак шумкар” партиясын, анын жубайы “Ар-Намыс” партиясын, кызынын кайниси “Ак тилек” партиясын, жаш кезинен шилекей алышкан досу “Акыйкат” партиясын колдоону өтүнүштү. Айтор 29 партиянын ар биринде Калмат карыянын жакындары бар болуп чыкты.  Ошентип эч нерсе менен иши жок жадырап-жайнап отурган ушул үй-бүлөнүн ынтымагы түш жарымда эле ыдырап, ар кимиси ар жакты карап отуруп калышты. Кайсы партияга добуш берүүнү чече алышпай, жүрөктөрү дүпөйүл болуп аргалары кетип турду. Ар дайым арамзаланбай ачыгын айтып көнгөн айылдык үй-бүлөдө келген кишиге макул деп коюп, өздөрү каалаганына добуш берүү ойлоруна да келген жок.

Мындай окуя ошол айылдын ар бир үйүндө кайталанып жатты. Ал ат тезегин кургатпай байма-бай келген «коноктордон» улам ар бир айылдыктын көз алдында турду. Карапайым калктын жай турмушуна бүлүк түштү. Жалпы жайпап агып, чуңкурураак жер болсо бир агымга чогула калып, түз жерге келгенде кайрадан туш келди салаалап, бир нукка түшө албай, көбү жерге сиңип кетсе да өжөрлөнүп алдыга акырындык менен жылып келаткан суудай болуп эл шайлоого жөнөдү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *