АҢГЕМЕ

Алар эңкейиш ылдый өзөндү карай илең-салаң басып келатышты. Алдыда баратканы башаламан жаткан кой таштарга мүдүрүлүп, бир ирет жыгылып да кете жаздады. Күчтөн тайып, ашкере чаалыгышкандыктан, узакка созулган мусапырчылыктан кийин алардын иреңдеринде тобокелдик менен кыйынчылыкка моюн сунуунун түрү бар эле: Аркаларындагы арчындаган оор жүктүн салмагы артка карай тарткандыктан, алар көөдөндөрүн жүткүнтө алга таштап, белдерин бүкчүйтүп, моюндарын созуп, көздөрүн жерден албастан келе жатышты. Экөөнүн тең мылтыгы бар.

— Алиги жашыруун жайга катылган биздин патрондордон ушул азыр кур дегенде экөө болсо эмне? — деди бирөө.

Анын үнү камырабастыктай үлдүрөп чыкты. Анда эч кандай санаркоонун белгиси жок, жай сүйлөдү. Алдыңкы бараткан жолоочу кой таштарга урунуп, көбүктөнгөн киргилт ташкынга бутун сала сүрдүгө түшүп, жооп кайтарбастан кечип кете берди.

Экинчи адам да анын соңунан сууга кирди. Бут кийимдерин чечишкен жок. Ага карабастан мээге чыккан муздак суу кызыл ашыгын сыздатып, чучукка жетип, буттун баштарын жансыздай селейтти. Суунун кайсы бир жерлери тизеге чейин жаба берет. Жолоочулар теңселип, суунун түбүн буттары менен сыйпалап, кылдаттык менен зорго басып келатышты.

Артта келе жаткан адам жылмакай тегиз ташты басып алганда жыгыла жаздап барып, кыйынчылык менен жер такандап оңоло түшүп, ооруксунгандан катуу кыйкырып жиберди. Көзү ымыр-чымыр боло түшүп, жер көчүп, башы айланып, денесин токтото албай эки колун алга сунуп, абадан таяныч издегендей тамтаңдап кайсалады. Боюн токтотуп, алга карай жылууга умтулду эле, бирок кайрадан теңселип жыгылып кете жаздады. Андан кийин ал кайра токтоп туруп, башын өйдө көтөрүп, артка кылчайып көз кырын салбай кетип бараткан алдыдагы жолдошуна карады. Өзү менен өзү алпурушкандай бир минутча кыймылсыз турду да:

— Ой, Билл, мен бутумду кокустатып алдым! — деп кыйкырды. Билл болсо көбүктөнгөн агымды жиреп, артына кылчайбастан кете берди. Экинчи адам болсо андан көзүн албай карап турду; ажарында эч кандай өзгөрүш болбогон менен эки көзү жарадар бугунун көзүндөй жалооруп жашылданды.

Билл аркы өйүзгө чыкты да, кылчайып карабастан илгери карай жүрүшүн уланта берди; суунун так ортосундагы тиги киши Биллден көзүн албай карап турду. Эриндери бир аз кемшиңдей түшүп, тикирейген саргыч мурутун калтырак басып, тилинин учу менен эрдин жаланып:

— Билл! — деп аянычтуу үн чыгарды.

Бул — кыйынчылыкка дуушар болгон, бирок кайраттуу адамдын көшөргөн жан соогасы эле. Бирок Билл кылчайбады. Артта калган жолдошу эки жагына теңселе мүдүрүлүп, темтеңдеп басып бараткан Биллди, кичинекей дөңдү капталдап, кырдан ары ашып, көздөн кайым болгонго чейин карап турду. Билл кеткенден кийинки өзү жалгыз калган айланасына башын буруп көз чаптырып чыкты.

Айлананы учу-кыйыры жок жыш чулгаган коюу тумандан жана бозомук тарткан мунарыктан күндүн болор-болбос күңүрт шооласы көрүндү. Жолоочу бардык салмагын соо бутуна салып, саатын алып чыгып карады. Убакыт төрт болчу. Акыркы эки жумада ал өткөн күндөрдү эсептөөдөн жанылып калган: бирок июлдун аяк чени жана августтун баш чени болгондуктан, күн ушул мезгилде түндүк батыш жакта турарын болжоп билчү. Тээтиги түнөргөн адырлардын ары жагында Чоң Аюу көлү бар экендигин жана ошол тарапта Канада түздүгүн как жарып өткөн коркунучтуу Түндүк уюл жолу жаткандыгын божомолдоп, түштүк жакка назарын тикти. Өзү ортосунда кечип турган суу Коппермайн дарыясына келип куя турган; Коппермайн болсо түндүктү карай агып Түндүк Муз деңизине, Коронация кысыгына коюучу. Ал аякта эч качан болуп көргөн эмес, тек гана Гудзон кысыгындагы Компаниянын картасы аркылуу билчү.

Өзү жалгыз калган жаратылыштын аймагына дагы бир жолу көз жүгүртүп чыкты. Көрүнүш өтө эле көңүлсүз. Бир-бирине жылчыксыз учкашкан жапыс адырлар ийри-буйру сызыктар менен курчап турат. Учу-кыйры жок мемиреген коркунучтуу ээн талаадан башка көзгө илинер бир да дарак, бир да тал чөп, бир да бутак жок. Анын көз карашында коркунуч пайда боло баштады.

— Билл! — деди ал акырын күбүрөп — Билл! — деп дагы бир кайталады.

Айлананы курчаган көз жеткис мелмилдеген ээн талаа эрме чөл өзүнүн күчү менен анын маанайын басып, мээримсиз тынчтыгы менен кыйнап жибергенсип ал ылай суунун так ортосуна чөк түшүп олтура калды. Безгек болгондой калчылдады, мылтыгы колунан чулп этип сууга түшүп кетти. Бул анын эсин жыюуга мажбур кылды. Коркунучун басып, акылын токтотту да колун сууга салып, сыйпалап жатып мылтыгын издеп, таап алды. Андан кийин мертинген бутуна оордук аз келсин үчүн, көтөргөн таңылчагын сол ийинине күйшөп, чокураңдап, ылдый карай акырын илкип жөнөдү. Суудан чыккандан кийин ал токтогон жок. Бутунун ооруганына карабастан, өзүнүн шериги ашып кеткен дөбөчөгө жетүүгө жанталашты. Буттарын илең-салаң шилтеп, аксаңдап кырдан ары ашып кеткен Биллиге караганда, мунун көрүнүшү андан да олдоксон жана адамдын күлкүсүн келтиргендей эле. Кырга чыкса анчалык терең эмес кичине коктудан эч ким көрүнгөн жок. Кайтадан коркунуч басып, анан кайраттана түшүп таңылчагын дагы сол ийнине карай копшоп, аксаңдап дөбөдөн ылдый карай басты.

Калың эңилчек баскан өрөөн саздак болчу. Саздак балчык бут шилтеген сайын туш-тушка атылып, чачырап бутту күч менен араңдан зорго тартып алган сайын корулдап турду. Жолоочу эңилчектин арасындагы кичинекей арал сыяктуу чыгып турган кой таштарды басып, көлчүктөрдөн көлчүктөрдү айланып өтүп, өзүнүн жолдошунун изи менен келатты.

Жалгыз келатса да жолдон адашкан жок. Анын эсеби боюнча мындан алыс эмес жерде, кыска жана куураган пихта менен майда карагай тегерегин курчаган кичинекей көл болуу керек. Ал Титчинничили же жергиликтүү тилде «Кичинекей Таякчалардын өлкөсү» деп аталчу. Жылга ылдый аккан мөлтүрөгөн таза суу көлгө куюучу. Суунун жээгин бойлото камыш өсө турган — ал муну унуткан эмес, бирок бак-дарак жок. Ушу жылганы өрдөп, суунун агымын бойлоп жүрүп отуруп, суунун бөлүнгөн жерине дейре барып, андан батышты карай кеткен экинчи сууну ылдый бойлоп, Диз дарыясына жетип, ал жерден көмкөрүлүп, таш менен корумдалган кичинекей кайыкчанын астындагы жашыруун көрбөй-шөрбөйүн таап алмак. Кайыкчанын астына: патрон, кайырмак, анын жиби жана тырмактай тору катылган— мунун баары оокат таап жеш үчүн керектүү нерселер. Андан башка, аз да болсо биртике ун, буурчак жана бир кесим төш эт бар болчу.

Билл ал жерде аны күтүп турат. Ошондон ары экөө кичинекей кайыкчага олтуруп Диз дарыясы аркылуу Чоң Аюу көлүнө жетип андан өтүп алышып, түз гана түштүктү карай бет алып, Маккензи дарыясына жетмейинче тынымсыз жүрүп отурушат. Суунун агымы басаңдап тоңот, күн суук боло баштайт, алар чыгышты карай, буйдалбай жүрүп отурушуп, кыш кууп жеткенче бутактуу бийик жыгачтар өсө турган, оокат да жетиштүү Гудзон кысыгындагы соода-сатык кылуучу бир жылуу жайга барып калышат.

Оор кыйынчылык менен илкип араң басып келаткан жолоочу ушуларды ойлоп баратты. Канчалык кыйналып келатса да, Билл аны таштап кетпестигине, ырастан эле жашыруун жердин жанында күтүп тура тургандыгына өзүн өзү ишендирүү андан да кыйын болду. Анын мындай ойлошу мүмкүн эле, болбосо жашоо үчүн күрөшүүнүн эч кандай кажаты жок — ушу жерге жата калып өлүү гана керек. Ошол мезгилде түндүк-батыш жактагы күңүрт күндүн шар сыяктуу тегерек көзү калкамандап төмөндөй берди. Жолоочу болсо кууп келаткан кыштан тартып Билл экөөнүн түштүктү карай баса турган жолунун ар бир кадамына чейин бир нече жолу эсептеп чыкты. Кайыкчанын астындагы жашыруун жердеги жана Гудзон кысыгындагы Компаниянын складындагы белен азыктарды кайта-кайта эстеди. Мына, ал эки күн бою наар ала элек, ал эми тамакты тоё жебегеничи. Улам. улам эңкейип саздак жерге чыккан бүлдүркөн сыяктуу, боз жемиштерди жулуп оозуна салып, шимип чайнап келатты. Суулуу бүлдүркөн ооздо бат эрип, тек ачуу катуу данектери гана калат. Ал бүлдүркөндүн оокат болбой турганын түшүндү, бирок айла канча, аз да болсо аралжы болор деген ишеним менен кажылай берди.

Саат тогузда бутунун баш бармагын ташка катуу уруп алды, көзүнөн от чагылып теңселе түшүп, ачкалыктан алсырап жана каржалгандыктан жыгылып кетти. Бир жак кырынан далайга кыймылсыз жатты. Анан жүктүн арчындамаларын чечип, бошонуп зорго башын көтөрүп, коомай отурду. Али көз байлана элек, иңир талашта таштардын арасынан эңилчектин кургак термечиктерин эңкейип тере баштады. Бир кучак отунду терип алып, быкшытып от жакты да, челекке суу куюп асып койду. Андан кийин жүгүн чечип, алды менен ширеңкесинин баштарын санады. Алтымыш жети тал экен. Аныгына жетүү үчүн дагы үч ирет саноого туура келди. Андан кийин аны үчкө бөлүп, ар бирөөнү пергамент кагазына ороду да, түйүнчөгүнүн бирөөнү бош чөнтөгүнө, экинчисин тарпы чыккан баш кийиминин кырына, үчүнчүсүн койнуна катты. Ошонун баарын иштеп бүткөндөн кийин, кандайдыр бир коркунуч пайда боло калып, түйүнчөктөрдү чечип ширеңкелерди кайтадан санады. Алардын саны мурунку калыбында алтымыш жети болуп чыкты.

Эскилиги жетип, чалдыбары чыккан, суу болгон бут кийимин отко кургатты. Чарыктары, одеялдан тигилген байпактары баштан аяк тамтыгы кеткен, буттары канталаганча сүрүлүп өйкөлгөн. Кызыл ашыгы сыздап ооругандыктан караса: тизеге теңелип шишип кетиптир. Бир одеялынын четинен айрып алып кызыл ашыгын бекемдеп таңды, узатасынан дагы айрып алып байпактарынын жана чарыктарынын ордуна буттарын ороду да, кайнак суудан ичип, саатын бурап, одеялга оронуп жатты.

Таң атканча бут серппей уктады. Түн ортосунда айлана бир аз караңгыланды, бирок кайтадан жарык боло баштады. Күн түндүк-чыгыш жактан, тагыраак айтканда, жарык мурда аяң берген жактан чыкты, анткени боз булуттардын ары жагына жашынып калган болчу.

Жолоочу саат алты ченде чалкасынан жаткан калыбында ойгонду. Ал бозоргон асманга карап, ошол замат курсагынын ачканын сезди. Көмкөрөсүнөн оодарылып чыканактап жатканда бышкырык угула калды, бет маңдайында өзүн таңыркап адырайып карап турган бир чоң бугуну көрдү. Бугу эң эле жакын; кырк кадам чамасындай алыстыкта турган. Ошол замат көмөч казанда куурулуп жаткан бугу этинин жыты жана даамы келе түштү. Аргасыздан жанында жаткан огу жок мылтыгын ала коюп, шыкаалап туруп машааны басып жиберди. Бугу чочуп кетти да таштан-ташка секирип көздөн кайым болду.

Жолоочу өз алдынча сөгүнүп, мылтыгын ыргытып жиберип, онтолоп өйдө турууга аракеттенди. Көпкө кыйналып жатып, араңдан зорго тикесинен турду. Муундары катып калган немедей селейип, бүгүлүп же өйдө болгон сайын зыркырап, тикесинен турууга бардык күчүн жумшоого туура келди. Акыры өйдө тургандан кийин да боюн токтотуп, адам сыяктуу түз туруу үчүн көп убакыт жумшады.

Жапысыраак дөбөгө чыгып, төрт тарабын ынтаасын коюп карап чыкты. Айлананы жыш курчаган түнөргөн боз эңилчек деңизинен башка бир да жыгач, бир да бутак жок. Анда-санда гана бозомук тарткан жар таштар менен көлчүктөр, булактар көрүнөт. Асманда боз бүркөк. Күндүн көзү түгүл, кымындай шооласы да көрүнбөйт. Жолоочу бардык болжоолорунан адашты; түндүктүн кайсы жакта экенин, кечээ кечинде кайсы тараптан келгенин эстей албады. Канткен менен азыр бараткан жолунан адашпаганын сезди. Чукул арада Кичинекей Таякчалардын өлкөсүнө келиши керек. Кебетеси, ал сол жакта алыс эмес; мүмкүн, келерки айдөшүнүн ары жагында чыгаар деп ойлоду.

Кайтып келип, жүгүн оңтойлото тууралап бууп таңды, түйүнчөктөгү ширеңкелерин түгөлдөдү, бирок санаган жок. Бугу терисинен жасалган, шыкап чымчып буулган капчыттуу жалпак тулупту тиктеп бир аз ойго батты. Тулуп анчалык деле чоң эмес — кочушка гана баткандай. Анын оордугу бардык башка буюмдарынын оордугу менен барабар — он беш кадак эле. Бул жүрөктү өйүдү.

Акыр аягында тулупту четке алып коюп, таңылчагын таңды; анан тулупту карай салып, тез ала койду да ээн талаа анын алтынына озбодорчулук кылып жаткансып, жан жагына алактап каранды. Акыры жолоочу өйдө туруп, алга жөнөгөндө анын аркасындагы таңылчактын ичинде алиги тулубу да бар болчу. Ал кайта-кайта эңкейип, саздактагы бүлдүркөндөн үзүп оозуна салып, солго карай бет алып жөнөдү. Кокустан буту жыгачтай зыңкыйып катуу ооруксунуп, аксаганы күчөдү, бирок курсактын «оорусуна» караганда буттун оорусу эч нерсе эмес эле. Ачкалык чыдатпай баратты. Анын азабынан Кичинекей Таякчалар өлкөсүнө жетүү үчүн каякты карай басуу керектигин да сезбей калды. Терип жеген жемиштери карынга жугун болбогону мындай турсун, кайта таңдай менен тилди кууруп ачыштырды.

Кичирээк коого келгенде, алдынан бир топ ак чил учуп чыкты. Таш менен уруп бир да бирөөнө тийгизе албады. Андан кийин жонундагы таңылчагын жерге коё коюп, чымчык аңдыган мышык сыяктуу, боору менен жылып, чилди аңдый баштады. Арсайган курч таштарга шымы тытылып, тизеси тилинип канады, бирок ачкалыктын каары барына баш ийдирди. Чылпылдаган нымдуу эңилчектин үстүндө боору менен жылып жүрүп, кийими суу болуп, бүткөн бою кайыгып, тиши-тишине тийбей калчылдады. Мында да ачкачылыктын жапасы эчтекени сездирген жок. Ак чилдер болсо улам-улам тегерегинен бырп этип, чыркылдап учуп-конуп жатты, акыры алар аны мазактап жаткандай көрүндү: чилдерге сөгүндү да, аларды туурап үн чыгарып эликтеди.

Бир жолу аз жерден тепсеп ала жаздады, кыясы уктап жаткан чил болуу керек. Чил карпа-курпа учуп, бырпырап келип бетине бир тийгенге чейин ал көргөн эмес. Чил канчалык тез учса да, ушунчалык ылдам кыймыл менен серпкендиктен үч тал куйрук жүнү анын колунда калды. Өзүнө жамандык кылгансып, учуп бараткан чилдин артынан акырайып карап турду. Андан кийин таңылчагына кайтып келип, аны аркасына көтөрүп, жолуна түштү.

Куштары, аңдары арбын саздак жерге түш ченде келип жетти. Жөн эле көз жоосун алып бута атым жерден жыйырма чакты бугу жандап өттү. Бугуларды кууп жөнөөгө, эгерде антсе, кууп жетерине ишенген сокур сезим бийлеп, азгырылып турган мезгилде оозуна чил тиштеген калтар түлкүнү көрө коюп, катуу кыйкырып жиберди. Ачуу кыйкырыктан үрөйү учкан түлкү чочуп кетип мант берди, бирок оозундагы тиштеген жемин таштай качкан жок.

Кечке жуук жээктерине сейрек камыш чыккан чополуу сууга туш келди. Суунун ичиндеги майда камыштын сабагын мыкчый кармап, койдун кумалагындай камыштын түбүн сууруп алып, жумшак тамырын чайнаган сайын кырс-кырс этет. Бирок анын сөңгөгү өтө катуу экен, ошондуктан бүлдүркөн сыяктууну канчалык көп жесе да курсагы компойбоду. Ага карабастан жүгүн жерге таштап коюп, ар бир камыштын түбүнө төрт аяктап жылып барып, жулкуп алып, кепшөөчү жаныбар сыяктуу карсылдатып чайнап жүрдү.
Абдан каржалды, жаны жер тартып бут серппестен уктагысы келди; бирок Кичинекей Таякчалар өлкөсүнө жетүү далалаты, ачкалыктын зарпы түйшүккө салды. Алыскы түндүктө курт-кумурскалар жана бакалардын болбоосун билсе да, көлчүктөрдөн бака издеди, курт-кумурска табылар бекен деп колу менен жерди тырмалады.

Ар бир чөөткө тигиле карап жүрүп, акырында, иңир талаш бир чөөттөн жападан жалгыз кичинекей чабакты көзү чалды. Оң колун ийнине чейин сууга матырып, кармайын деди эле чабак башка жакка жылт берип кетти. Андан кийин эки колу менен кармоого киришти, чапчылай берип сууну ылайлап да жиберди.
Кандай гана болбосун кармаш үчүн жан талашып жатып балыкты жаза басып, жүткүнө берип өзү да көмкөрөсүнөн сууга барып түштү. Бел курчоосуна чейин суу болду. Балык көрүнбөгөндөй болуп суу ылайланып кеткендиктен, тунганча күтүүгө туура келди.

Кайтадан балык улоого киришип, сууну дагы ылайлап жиберди. Эми суунун тунуусун күтүүгө чыдабады. Челегин чечип алып, сууну челип ыргытып кирди. Адегенде ачуусу келип башаламан сузуп төккөндүктөн суу өзүнүн үстү-башына чачырап жана чөөткө кайта келип куюлду. Андан кийин жүрөгү дүрсүлдөп, колу калтыраса да сабырдуу болууга тырышып, кылдаттык менен жай сузуп төктү.

Жарым саатча чөөттөгү суу түгөндү. Түбүндө бир тамчы суу калган жок, бирок балык кайдадыр житип кетти. Таштардын арасында байкалбаган кичинекей жылчык жар экен, балык ошол жылчык аркылуу экинчи чоң чөөткө өтүп кетсе керек, аны керели кечке сузуп төксө да түгөнбөй турган. Эгерде ал жылчыкты мурда көргөн болсо, сөзсүз аны таш менен кептеп бекитип балыкты алмак экен.

Ызасы келип, балыктан үмүтүн үзүп, ным жерге отура калып ыйлап жиберди. Адегенде акырын бышактап, андан кийин айлананы курчаган мээримсиз ээн чөлдү жаңыртып катуу үңүлдөп, өпкө-өпкөсүнө батпай бир топко чейин басыла албай шолоктоду.

От жагып, суу кайнатып ичип, бүткөн боюн жылытты да өткөн түндөгүдөй таштын үстүнө уктоого жай камдады. Жатар алдында нымданып калбады бекен деп ширеңкелерин көрүп-багып саатын бурады. Одеялы суу жана муздак болчу. Буту чыдатпай ооруп, ысып-күйүп чыкты. Бирок жалгыз гана ачкалык сезими кыйнап, таң атканча оюн-той, ар түрдүү даамдуу оокаттар коюлган столдор түшүнө кирип чыкты.

Эртең менен анын бүткөн бою оор тартып, чыйрыгып оорулуу ойгонду. Күндүн көзү көрүнбөйт. Жер менен асмандын түнөргөн иреңи бозомук тартып, катуу жел согуп, биринчи аппак карга адырлар бөлөндү. Жолоочу от жагып, суу кайнатканча аба коюулана түшкөнсүп аппак болуп кетти. Жамгыр аралаш нымдуу кар лапылдата жаап кирди. Адегенде жерге түшөр менен эрип жатты, бирок уламдан-улам калыңдап, эңилчек суу болуп, от өчүп калды. Бул жагдай кайтадан жүгүн таңып, кайдадыр белгисиз, айтор илгери карай жылышына жолоочуга себеп болду. Эми анын оюна Кичинекей Таякчалар өлкөсү да, Билл да, Диздин жээгиндеги кайыкчанын астында катылган эмеректер да келбеди. Эси-дарты жалаң тамакта болду. Ачкалыктын азабынан акылга жеңдирди. Түзөң жер гана болсо башы ооган жакка кете берет эле. Ным кардын астынан сыйпалап бүлдүркөн издеп терип, камышты тамыры менен кошо жулуп шамшум этип жүрүп отурду. Бирок даамсыз неме тойгуза алган жок. Бир жерден даамы кычкыл бир чөп кездешти. Ал чөптү тапканынча жеди, бирок бул өтө аз болчу, себеби, жапырылган чөптү кар басып калгандыктан, арбыта издеп табуу мүмкүн болбой калды.

Бу түнү от жага албай ысык суусуз одеялга чулганды да бүктүшүп, ачкалыктан тынчы кетип, эптеп көз илдирген болду. Кар суук жамгырга айланды. Куюп турган жамгырдан ичиркенип, бир маалда айласыз ойгонду. Таң атты, бирок күндүн көзү көрүнбөйт, айлана тегерек түнөрүңкү. Жамгыр басылды. Ачкалыктын азабы анчалык сезилбестен, ичек-карды гана зыркырап ооруп, кыңырылгансыйт. Бирок ага анчалык кыйналган жок. Кайта эсине келип, Кичинекей Таякчалар өлкөсү жана Диздин жээгиндеги эмеректер жөнүндө ой жүгүртө баштады.

Бир одеялынын калдыгын бөлүп-бөлүп айрып, сүрүлүп-өйкөлгөн, канаган бутун ороп, оорулуу бутун оңдоп таңып, жолго чыгууга камданды. Таңылчагына келгенде бугунун терисинен жасалган тулубун көпкө тиктеп турду, канткен менен кыя албады, таштоого дити барбай ала кетти.

Жамгыр карды эритип, жер бети бүт карайды. Дөбөчөлөрдүн гана чокуларында аз-аз кыламык кар калды. Күндүн көзү кылтыйып көрүндү. Жолоочу эми жолдон чыгып адашып кеткенин түшүнсө да, төрт тарапты териштирип тактагансыды. Болжолу, кийинки күндөрдө ал адашып жүрүп сол жакка итапкан бурулуп кеткен окшойт. Эми туура жолго чыгыш үчүн, оң жакты карай бет алып жөнөдү.

Ачкалыктын кыйноосу басаңдаганы менен, күндөн-күнгө алсырап баратканын сезди. Камыштын түбүн жана бүлдүркөндү таап жеп, көбүрөөк токтоп, кайта-кайта дем алууга туура келди. Тили кургап күрмөөгө келбей, түк баскандай куудурап оозуна батпай көөп шишип, оозунун ичи эрмен даамданды. Баарынан да жүрөгүнүн ооруганы өттү. Бир аз жол жүргөндөн кийин эле, тынымсыз дикилдеп, анан сайгылашып, булкуп-булкуп, дирилдегенде деми кысылып, көңүлү караңгылап, эси оой жаздайт.

Түш ченде бир чоң көлчүктөн эки чабак көрдү. Көлчүктү каңылтыр кичинекей челеги менен соолтуу жөнүндө сөз болууга мүмкүн эмес эле, бирок бу жолу чабактарды акырын аңдып туруп, челегине түшүрүп алды. Кармаган чабактары чыпалактай болгону менен аны азыр жегенге көңүлү чаппады. Ичеги-кардынын зыркырап ооруганы басаңдап, эчтекени сезбегендей мемиреди. Өз акылы боюнча ушинтүү керек ко деп, чабактарды чийки бойдон көпкө чайнап шимип отуруп жеди. Оокатка табыты чаппаса да, тирүү калыш үчүн канткен менен жеш керек экенин билди.

Кечке жуук дагы үч чабак кармап алып, экөөнү жеп, үчүнчүсүн эртең мененкиге калтырды. Күндүн табына кургаган сейрек эңилчекти терип, от жагып, суу кайнатып ичип жылынды. Бул күнү ал он милден ашпаган жерди басты, экинчи күнү жүрөгү оорубаган кезде гана жүрүп отуруп беш милден алыс кетпеди. Аш казаны оорубай таптакыр уктап калгандай тынчып, мемиреди. Өзүнө тааныш эмес бир жерге келди. Бугулар, карышкырлар көбүрөөк кездеше баштады. Бир күнү үч карышкыр үңүй басып, желе-жорто анын жолун кесип өтүп, көздөн кайым болду.

Дагы бир күн өттү. Эртең менен акыры акылына келип бугу тулубунун оозун чечти. Тулуптун ичинен алтындын томолоктошкон куму, уюган таза алтын жерге төгүлдү. Жолоочу алтынды экиге тең бөлүп, бир бөлүгүн одеялдын жартысына ороп, уркуйган зооканын астына, көрүнөө жерге катты да, экинчи бөлүгүн кайта салып алды. Одеялынын акыркы калдыгын бутуна ороду. Бирок Диздин жээгиндеги патрондорун эстеп мылтыгын таштагысы келбеди.

Күн бүркөк, тумандуу. Бул күнү ачкалыктын кыйноосу кайта башталды. Ал катуу алсырады; башы айланып, кезек-кезеги менен көңүлү караңгылап, көзү эчтемени көрбөй калат. Кайта-кайта мүдүрүлүп, жыгылып туруп, бир ирет так эле чилдин уясынын үстүнө барып жыгылат. Уяда жумурткадан жаңы эле чыккан кызыл эт кичинекей төрт балапан бар болчу. Мунун ар бирин эки чайнап бир жутуп жиберүүгө болот. Ал балапандарды тирүүлөй бойдон аптыга оозуна шыкап, жумуртканын кабыгындай кычыратып чайнап жатты. Балапандардын энеси чыркылдап чаркелек айланып, учуп-конуп чебеленди. Чилди мылтыктын кундагы менен жаңсады эле, чил буйтап тийгизбей кетти. Андан кийин чилдин бир канатын таш менен сыйый урду. Чил бырпырап учумуш болуп жарадар канатын сүйрөп жер менен жөргөлөп жөнөдү, тигил да соңунан калган жок.

Балапандар жолоочунун араанын ачканы болбосо, жумуруна жук да болгон жок. Оорулуу бутун олдоксон кыңыраңдап бирде чилди таш менен жаңсап, бирде кырылдап үн чыгарып, бирде өзү менен өзү алп урушуп жыгылып туруп, ар бир жыгылып тура калган сайын караңгылаган көңүлүн жубатып, колу менен көздөрүн укалап эсин жыят.

Чилди кубалап жүрүп, баткактуу ойдуңга келгенде, бул жерден ымкыл тарткан эңилчекти жапшыра баскан адамдын изи көзүнө чалдыкты. Бул өзүнүн изи эместигине толук түшүндү. Кыясы, Биллдин изи болуу керек. Бирок чил узап кетип бараткандыктан, аялдай алган жок. Адегенде чилди колго түшүрүп, анан кайра келип изди териштирейин деди.

Жолоочу, чил чарчап жыгылганча кууп жүрүп отуруп өзү да аябай чаалыгып, эт-бетинен кетти. Чил канатын жайып акактап оор дем алып, бир жак кырынан жатат. Андан ончакты кадам алыс жерде жаткан чилге жакын жылып барууга шайманы келбеди, дембе-дем энтиге узунунан түшүп жолоочу жатты. Бир топтон кийин адамдын умтулган суук колунан чочуп качып жөнөдү. Ошентип экөө тең эс алып алгандан кийин кайрадан кууш башталды. Бирок иңир кирип кетип чил көзгө илинбей калып кутулуп кетти. Алсыраган адам сүрдүгүп барып, жонундагы жүк-мүгү менен көмкөрөсүнөн түштү эле бети ташка тийип, кан жайыла берди.

Көпкө кыймылсыз жатып, андан соң бир капталына оодарылып, саатын бурап, ошол калыбында таң атырды.

Күн дагы бүркөк болчу. Акыркы одеялынын жартысын бутуна ороду. Биллдин изин кездештире алган жок, эми аны кездештирүүнүн да кажаты жок эле. Ачкалык аны алга жүткүнтө берди. Чыны менен… Чыны менен эле Билл да адашып кеттиби?— деген ойго келди. Түшкө жакын ал такыр эле алдан тайыды.
Алтынды дагы бөлүштүрдү. Бу жолу жартысын түз эле жерге төгүп таштады. Кечке жуук одеялынын айрыгын, каңылтыр челегин жана мылтыгын гана алып калып, алтындын калганынан да таптакыр кол жууду. Кайдагы-жайдагы бир жок нерселер көзүнө элестеп, мазасын алды. Эмне үчүндүр мылтыгы дүрмөттөлгөн — бир ок болуу керек, мурун аны байкабаган сыяктуу ой жоруду. Бир жагынан ошол эле мезгилде мылтыгынын жатынында ок жок экенин жакшы түшүнүп турду.

Канткен менен үмүтүн үзбөдү. Бир нече саат элес менен алпурушуп акыры аягында мылтыгын карап көрүп, октун жоктугуна көзү жетти. Чыны менен эле ок таап алууга үмүттөнгөнбү, катуу кайгырып, ичи ачышып, шалдая түштү.

Жарым саат өткөндөн кийин баягы уйгактай жабышкан элес кайта пайда болду. Канчалык алпурушса да, андан кутула алгыдай эмес. Кайта-кайта элестей берген соң, көңүлүн тындыруу үчүн, мылтыгын дагы кароого туура келди. Анда-санда акылынан айнып, башы оогон жакка каңгырактап укмуштуу ой жана ыгы жок элестер мээсинде курттай быжыды. Бирок ачкалыктын аёосуз соккусу эсин тез жыюуга ага уламдан-улам түрткү берип турду. Бир күнү кокусунан кездешкен бир көрүнүш анын эсин эриксиз жыйгызды. Көрүнүш көзүнө чалдыгар замат, кубанганынан анталап, көзү алачакмактап, мас адамдай теңселди. Бет маңдайында бир ат турат. Кадимки эле ат! Өз көзүнө өзү ишенбеди, көз алдына коюу кара тумандын арасынан жылтыраган кичинекей гана шоола көрүнөт.

Көздөрүн кайта-кайта сүртүп, тунарганы тараганда караса, теке маңдайында ат эмес, чоң күрөң аюу аны таң калып, шектүү карап туруптур. Жолоочу мылтыгын шапа-шупа бетине кармай бергенде дүрмөтүнүн жоктугун ошол замат эстей койду. Мылтыгын таштай салып кынынан бычагын сууруду. Бет алдында эт жана өмүр экөө тең элестеди. Бармагы менен бычактын мизин жанып көрдү. Бычактын мизи да, учу да жалаңдап курч экен. Азыр аюуну качырып сала берип, жарып салуу гана калды. Бирок бир нерсени алдын ала сезгенсиген жүрөк түк-түк-түк согуп, кабынан чыгып кетчүдөй лакылдады. Кыпчуур менен кыскансып, чекеси куушурулду, кулактары чуулдап, көзү тунарды.

Өтө ыгы жок эрдикке, коркунучтун толкуну үстөмдүк кылып кетти. Ушундай алсырап турган кезде аюу качырып кол салса эмне болмокчу? Ал боюн керип кайраттангансыды, бычагын кармаган бойдон аюуну теше тиктеди. Аюу маймаңдап илгери басты, арткы буту менен туруп, бирок батына албай, тек гана ырылдады. Эгерде качып жөнөсө, айбан сөзсүз артынан кууп жөнөйт болчу. Бирок бардык жазмышка бел байлап, ордунан кыймылдаган жок. Кайта өмүрдүн тамыры менен терең байланыштуу коркунучтан жан соогалап айбанча жаалдуу ырылдады.

Аюу эч нерседен тайманбай какыйып карап турган бул эки аяктуу жаныбардан айбыгып, батына албай айбаттуу ырылдап четке чыга берди. Коркунуч өтүп кетмейинче ордунан козголбой тикийип карап турду да андан кийин безгек кармагандай калчылдап, ымкыл эңилчектин үстүнө эт-бетинен кетти.Азыраак эс алгандан кийин, дагы ар түрдүү жаңы коркунучтардан жапа чегип, илгери карай илкип жөнөдү. Эми ал ачкалыктан өлгөнүнөн коркпостон, зордук-зомбулук менен айбан колдуу болуп өлүү коркунучунан кооптонду. Тегеректе толгон карышкыр. Мейкин чөлдүн ар тарабынан алардын улуп-уңшугандары угулат. Желге дирилдеген чатырдын өңүрүндөй, калтылдаган колун өйдө көтөрүп, ушунчалык зор коркунучтуу сезимди тоскон сыяктанат.

Карышкырлар экиден-үчтөн топ-топ болуп, анын жолун тороп, кесип өтүп жатышты. Бирок жакындап келүүгө батынышпады— себеби, алар анчалык көп эмес болчу; экинчиден каршылык көрсөтө алышпаган бугуларга гана кол салууга үйрөнүшкөндүктөн, эки буттуу жаныбарлардын чапчып же тиштеп алууга жөндөмдүүлүгүнөн күдүктөнгөндөй чочулашып, кол ката алышкан жок.

Кечке жуук карышкырлар мүлжүп кеткен бир тарптын үстүнөн чыкты. Бул, мындан бир саат мурун оюн салып чуркап жүргөн бугунун музоосу болчу. Таптакыр кашкайта мүлжүлгөн, бирок али да болсо, каны кача элек мала кызгылт сөөктөргө суктанып карады. Мүмкүн, кечке чейин анын да шалдыраган гана сөөктөрү калабы, ким билсин? Өмүр деген түйшүктүү жана оомалуу-төкмөлүү эмеспи. Жалгыз гана өмүр убаралантууга накта себепкер. Өлүү анчалык кыйын эмес. Ал уктоо менен тең. Өмүр деген кыйналуунун акыры, тынчтык. Анда эмне үчүн ал өз жанын кыйгысы келбейт?

Бул ойго ал көп берилип отурган жок. Көп узабай жүйүртө баса чөк түшүп, али да болсо кызгылттанып турган сөөктөрдүн канын шимий баштады. Болор-болбос мала даамы калган таттуу эт анын напсисин ачып, өзөгүнө түшүп кетти окшойт, акылынан адаштырды. Сөөктөрдү азуу тиштерине салып, чымырканып кемирип кирди. Бирде сөөк, бирде өзүнүн тиши сынып жатты. Андан кийин сөөктөрдү таш менен жанчып үбөлөп, оозуна талкандай куюп, кээ бирин бүкүлү бойдон ирмеди. Шашкалактап өзүнүн манжаларын да былчыйта коюп алып атты. Эмне үчүндүр манжаларынын ооругандыгын сезбегендигине өзү айран таң калат.

Укмуштуудай жаан-чачындуу күндөр да болуп өттү. Бирок ал кайсы жерде күн кеч киргенин, каерге токтогондугунун жана кайсы күнү жолго чыкканын баамдаган жок. Убакытты тандабай күндүр-түндүр жүрө берди, жыгылган жеринде жатып дем алып, басууга дарманы келгенде жолго чыгат. Акыл-эси ордундагы адам сыяктуу өмүр үчүн күрөшүүнү койду. Эми өмүр өзү өлгүсү келбей, аны алга карай сүйрөй баштады. Эми азап тартып, жапа чеккенин элес алган жок.

Сезимдери абдан жансерек тартып мокоп, зээни жалаң гана укмуштуудай көрүнүштөр менен таттуу кыялга жык толду. Сөөктөрдү таш менен талкандай жанчып, кылдай кыпынын калтырбай жыйнап алып жолго чыкты. Ал эми дөбөчөлөргө да чыккан жок, суу кечип жылгалардан да өткөн жок, тек гана кең өрөөндү жарып аккан бир чоң өзөндү бойлоп, эңкейиштеп-капталдап жүрүп олтурду. Көз алдынан чоочун элес кетпеди.

Бир күнү эртең менен жалпак таштын үстүндө кадимкидей акыл-эсине келди. Күн чайыттай ачык жана мемиреп ысык. Алыстан бугунун музоолорунун мөөрөгөндөрү угулат. Ал жаан-чачындуу күндөрдү эсине түшүрүүгө аракеттенди эле, бирок эки күнбү же эки жумабы, айтор канча убакытка созулганын эсептеп чыгара албады.

Узакка кыймылсыз жатты. Мээримдүү күн жаркыраган нурун төгүп мээлүүн шооласы менен аянычтуу денесин мемиретип жылытты. «Күн жакшынакай, ачык болсо керек» деп ойлоду өз ичинен. Мүмкүн күндүн жылыганы боюнча өзүнүн кайсы жерде жатканын билүүгө болор. Өтө кыйналып жатып бир жак кырына оонады. Алды жакта мелмилдеген акырын аккан чоң өзөн жатат. Суу ага тааныш эмес. Бул аны таңдандырды. Сууну жай баракат көпкө карап туруп, анын тунжураган жапыс дөбөчөлөрүн аралап, буралып агып жатканын байкады.

Дөбөчөлөр да мурунку көргөн дөбөчөлөргө караганда, андан да сүрдүү жана өтө жапыс. Өзүнө тааныш эмес суунун агымын көшүүн, эч кандай ыклассыз таңыркап, көзү жеткен жерге чейин ээрчип карап барып, анан жаркыраган тунук деңизде куюп жатканын көзү чалды. Буга адегенде алеп-желеп болуп кубанган жок. «Кызык! Бул күүсүнөн жанган элестин закымы же көрүнүшү чыгар» — деп ойлоду. Жалтыраган деңиздин ортосундагы якордо турган кемени көрүп, өзүнүн бул жалган оюна ишеними дагы күчөй түштү. Бир аз көзүн жумуп туруп, кайра ачты. Укмуш көрүнүш көз алдынан кеткен жок, баягы эле ордунда турду. Таң каларлык эч нерсе жок. Баягыда мылтыгынын дүрмөттөлбөгөнү кандай айкын болсо, деңиздин да, кеменин да жок экендиги ошондой айкын аны жакшы билет.

Ал арт жагынан, же онтоо эмес, же жөтөл эмес, айтор бир кышылдаган добушту укту. Чегине жетип калган алсыздыкты жеңип, араңдан зорго экинчи капталына оодарылды. Жакын жерде эчтеке көрүнбөйт, бирок чыдамдуулук менен добушту дагы күттү. Онтоо жана жөтөл дагы угулду. Өзүнөн жыйырма чакты кадам алыстыкта, эки арсак таштын ортосуна арта салынган боз карышкырдын башы көрүндү. Башка карышкырдын кулагындай кулагы тикчийбейт, көздөрү күңүрт канталап турат, башын жерге салып, үлдүрөйт. Дайыма бышкырып жөтөлгөнүнө караганда, ылаңдаган карышкыр болуу керек.

«Мына бу анчейин көрүнүш болбоо керек — деп ойлоду да, мурда ага күңүрт тартып, көшөгөлөп турган жарык дүйнөнү көрүү үчүн кайтадан экинчи капталына оодарылды. Деңиз мурдагы калыбында эле жаркырайт, кеме да айкын-ачык көрүндү. Мүмкүн, чынында эле ушундай болуп жүрбөсүн? Көзүн жуумп алып, көпкө ойлонду, акыры кайсы жерге келгенин түшүндү. Ал Диз дарыясынан алыстап, түндүк-чыгышты карай жүрүп олтуруп, Коппермайн дарыясына туш келген. Мына бу мелмилдеп жылып аккан жайык өзөн Коппермайн дарыясы экен. Ал эми тигил жаркыраган деңиз — Муз океаны болчу.

Кеме болсо Маккензинин куймасынан алыс чыгышка сүзүп келип Коронация булуңунда турган кит улоочу кеме. Бир убактардагы Гудзон булуңундагы Компаниянын картасын эсине түшүрдү. Ошондо гана бардыгы айкын-ачык жана түшүнүктүү болду.

Ал башын көтөрдү, эң зарыл иштер жөнүндө ой жүгүрттү. Одеял-чулгоолорунун тамтыгы чыгып, буттары ташка айрылып, тилинип — кызыл жошо. Одеялдан бир айрык да калган эмес. Мылтыгы менен бычагы дайынсыз жоголгон. Баш кийминин кырындагы ширенкелери менен кошо каергедир түшүп калган. Жакшы жери — койнундагы пергамент кагазга оролгон ширенкелер түгөл жана кургак бойдон сакталган болчу. Саатына караса, убакыт он бир экен. Кыязы, саатты унутпай кез-кезде бурап жүргөн окшойт.

Анын акылы өз жайында жана санаасы тынч эле. Аябай алсыраса да, эч бир ооруган жерин сезген жок. Оокаттангысы такыр келбейт. Ал турмак аны эстегенде жипкирип да жиберет. Өзү иштебегендин бардыгын акылы менен жайгаштырды. Шымынын багалектерин тизесине чейин айрып алып, бутунун баштарын жана таманын ороду. Эмне үчүндүр кичинекей челегин таштабай ала жүрүптүр. Кемеге карай оор жолго чыгуудан мурда ысык суу кайнатып ичүү керектигин ойлоду.

Бардык кыймылы өтө эле жай. Шал болгонсуп бүт денеси өзүнүкү эместей шалдаят. Кургак эңилчекти жыйнамакчы болуп, турууга узак убараланды, бирок тура албасына көзү жетип, эмгектеп жылды. Бир күнү ылаңдаган карышкырдын жанына жакындап жылып, барып калган экен. Айбан тилин алсыз жалмаңдатып тумшугун жаланып аргасыздан кетенчиктей берди. Карышкырдын тили кадимкидей кызыл эмес, эмнегедир саргыч-күрөң тартып, бүдүр-бүдүр, коңур кургак шилекей менен чапталышкансып турганын көзү чалды.

Суу кайнатып ичкенден кийин, обдулууга кымындай күчү калбаса да, эптеп-септеп өйдө туруп, илкип-калкып басууга жарады. Ар ар минут сайын токтоп, дем алууга туура келди. Жолоочу алсыз тамтаңдап буттарын араңдан зорго сүйрөсө, карышкыр да үлдүрөп, анын соңунан ээрчий басты. Күүгүм кирип, жаркыраган деңизди караңгылык курчаган кезде жолоочу ага бүгүн төрт милдей жакындаганын божомолдоду.

Түн бою ылаңдаган карышкырдын жөтөлү, бугунун музоолорунун мөөрөгөнү ага угулуп жатты. Айлана тиричиликке толгон өз күчүндө, таза өмүргө толтура. Ал эми тигил оорулуу карышкыр адам андан мурунураак мерт болот деген үмүт менен анын соңунан калбай, ээрчип келетканын жолоочу толук түшүндү. Таң эртең менен көзүн ачар замат өзүн теше тиктеп жалмаңдап турган карышкырды көрдү. Жырткыч аябай жабыркаган, шилтиси түгөнгөн иттей башын шылкыйтып, куйругун шөпөйтүп сөлдүрөп турган. Жолоочу каргылданып угулар-угулмаксан кобураганда, карышкыр таңкы суук желге үшүп калтыраган кебетесинде тишин ырсайтып, ырылдамыш болуп, айбат көрсөткөнсүдү.

Жаркырап күндүн көзү көтөрүлөр замат, жолоочу мүдүрүлүп-жыгылып туруп, жаркыраган деңиздеги кемени көздөй жылып жөнөдү. Аба ырайы эң эле сонун, Түндүк кеңдиктин, байчечекейдин өмүрүндөй кыска жайы келген мезгил. Бул бир жумага созулат, же эртең, же бүрсүгүнү жай өтүп кетиши ыктымал.

Түштөн кийин ал бир изге кездешти. Бул төрт аяктап эмгектеп жылган башка бир адамдын изи болчу. Мүмкүн бул Биллдин изи болуп жүрбөсүн деп, ой жүгүрттү. Бирок аны суз кайдыгер гана ойлонду. Эми ага акыры бир нерсени ойлоо жана кайгылануу деген сезими чыны менен эле жат болуп калган. Эч бир ооруган жерин сезген жок. Сезим мүчөлөрү жана карды бейкут уктагандай мемирейт. Бирок жанталашкан өмүр дале болсо алга сүйрөдү. Өтө каржалса да өмүрдү кыйган жок. Ошондуктан саздак жердин бүлдүркөнү жана чабактар менен өзөк жалгап, суу кайнатып ичип карышкырдан көзүн албай, өлүм менен алпурушуп жүрүп отурду.

Ал жанагы төрт аяктап жылган башка адамдын изи менен келатып, көп узабай анын түгөнгөнүн — ымкыл эңилчектин үстүндө али сакталган карышкырлардын издерин жана мүлжүлгөн сөөктөрдү көрдү. Бул жерде дал өзүнүн тулубуна окшош чымчып буулган бугу терисинен жасалган тулуптун тиш тийбеген жери жок, тамтыгы калбай тытылып жаткан болчу. Мындай салмактуу нерсени өйдө көтөрүүгө анын манжаларынын кубаты жок болсо да, аны колуна алып ары-бери ала салдырып карады. Билл муну өмүрүнүн акырына чейин таштаган эмес экен, ха-ха!— деп Биллди табалап күлдү. Бул жолоочу тирүү калат жана тулупту тигил жаркыраган деңиздин ортосунда турган кемеге алып кетет.

Карганын каркылдаганы сыяктуу тири укмуштуу күлкү менен ыксыз кырылдап күлгөндө, ылаңдаган карышкыр да ага кошулуп, алсыз үнүн чыгарып улумуш болду. Жолоочу күлкүсүн тып токтотту. Эгерде бул Билл болуп, андан калган тигил кызгылтым сөөктөр болсо кантип ал Биллди табалап күлөт? Бул көрүнүштү карап тура албай, тескери бурулуп кетти. Чын, Билл аны таштап кеткен болчу. Бирок ал анын алтынын да албайт, сөөгүн да шимибейт. Эгерде Билл тирүү болуп, мен өлүп жатсам, анда ал баарынан тартынбайт эле — деп ойлоду сүйрөлүп жылып баратып.

Кичинекей бир көлчүккө кез келип, чабак балыктар бар болду бекен деп сууга эңкейе берип, суудан өзүнүн сөлөкөтүн көрүп, бир нерсе чагып алгандай кетенчиктеди. Өзүнүн эң эле укмуштуудай коркунучтуу кебетесин көргөндө, анын эч нерсени сезбей уктап калган сезими ойгоно түштү. Көлчүктө үч чабак балык жүргөн, бирок көлчүк аймактуу жана терең болгондуктан аны чакалап соолтууга мүмкүн эмес эле.

Кичинекей челеги менен бир аз тосмолоп кармамыш болду, акыры колунан келбей турганын билип, ал аракетинен күдөр үздү. Алсыз неме сууга жыгылып кетип чөгүп кетемин го деп кооптонду. Мына ошол себеп менен суунун жээгинде ар түркүн жыгач устундарды сууга түшүрүп үстүнө отуруп, агым менен ылдый кете берүүүдөн да баш тартты.

Бул күнү кемеге чейинки аралыкты дагы үч милге, эртеси араң эки милге кыскартты. Анткени ал Биллге окшоп эмгектеп жылып калган. Бешинчи күндүн акырында кеме али да жети милдей алыстыкта турду, эми күнүнө бир да миль алга жылууга кудурети келбеди. Кыска жай азырынча аярдап турат. Жолоочу бирде эс-учунан танып, бирде эптеп боортоктоп жылат. Ылаңдаган карышкыр баягысындай бышкырып-жөтөлүп адамды акмалап ээрчигенин койбоду. Адамдын тизелери жана тамандары кызыл жошо болуп ташка сүрүлгөн.

Көйнөгүнөн айрып алып таңымыш болгону менен, жылып өткөн жерге таштардын жана эңилчектин үстүндө созулган кызыл чийим так калтырып келатты. Кокусунан артына карай салып, кандуу изди жабыша калып жалап келаткан карышкырды көрдү да, эгерде ал өзү мурда жырткычтын көзүн тазалабаса, иш эмне болуп бүтөрүн ачык түшүндү. Мына ушундан баштап өмүр үчүн турмушта боло турган катуу күрөш башталды. Ээн талаада араң эмгектеген алсыз адам менен анын соңунан калбай сүйрөлгөн ылаңдуу карышкыр бирин-бири аңдып, жекеме жеке арбашты.

Ким билет эгерде бул дени сак, кара жанды карч урган карышкыр болсо, анда адам мүмкүн каяша кылбай анын талабына моюн сунат беле! Бирок адам өзүнөн өзү жыгылганы турган өлмөсөк эмеге бекеринен жем болгусу келбей, катуу намыстанды. Ал кайта дагы эсинен танып, көзүнө кайдагы-жайдагы жок нерселер элестеп, жөөлүдү.

Бир маалда так кулагынын тушунан энтиккен демди сезип, эсине келип, селт көзүн ача койду. Карышкыр артка секире берем деп чөп-чарга чалынып, алсыздыгынан боюн токтото албай чалкасынан кетти. Бул адамдын күлкүсү келе турган иш болду, бирок тигил жылмайып да койгон жок. Жадаса чочуп кеткен да жок. Анткени коркуу дегенди такыр билбей калган. Анткени менен саал эсине келип, акылын жыйып, ой жүгүртө баштады. Кемеге төрт милден кем эмес жер калды. Тунарып караңгылаган көзүн сүртүп, кемени анык көрдү, ал гана эмес жаркыраган деңизди жиреп келаткан кайыктын далдайып тартылган парусу да даана көрүндү. Бирок бул төрт милдей аралыкты жылып өтүүгө анын чамасы такыр калган эмес. Буга жакшы түшүнүп турса да, эч бир камыраган жок. Төрт миль түгүл жарым миль жерге жыла албай тургандыгын жакшы билет. Ошондой болсо да жашагысы келди. Ушунчалык кыйналууну, азап-тозокторду баштан өткөргөндөн кийин өлүү — акылга сыйбай турган иш эмеспи! Тагдыр андан көптү талап кылды. Өлүм оозунда жатса да, ага багынган жок. Мүмкүн бул барып турган акылсыздыктыр, бирок өлүмдүн тырмагында жатып, кайта аны менен аябай көпкө күрөштү.

Эки көзүн жумуп, бардык күч-кубатын боюна жыюуга көпкө аракеттенди. Бүт боюн ташкындаган киргил суудай каптап алган алсыздыкка берилгиси келбей, чымырканды. Бул сезим толкундай көтөрүлүп, өзүнүн эс учун каптап кетип жатты. Кээде ал толкунга чөгүп, эстен танса, кээде белгисиз бир кайрат, акыркы күчү жардам берип толкундун бетине калкып чыгат.

Кыймылдабай чалкасынан жатып, акырын жакындап келаткан карышкырдын кырылдаган дабышын укту. Убакыт созулуп дабыш улам-улам жакындады. Адам кыймылсыз сулк жатты. Мына эми карышкырдын деми анын кулагынын тушуна келди. Датты сүрө турган кум кагаздай карышкырдын бодур катуу, кургак тили анын бетин тикендей тырмады. Аны кармагысы келип эки колун өйдө сунуп, имергенде, алсыз манжалары тарбайып араң бүгүлүп, абаны мыкчып тим болду. Так жана тез кыймылдоо үчүн күч керек ко, мындай күч анда жок болчу.

Карышкыр жакшы эле чыдамкай экен, адам андан кем калышкан жок. Эсинен танып, эңгирөө менен кармашып көзү жумулса, канына тоюуга даяр турган тигил карышкырды, ыгы келсе аны өлтүрүп жеөгө ниеттенип түшкө чейин жатты. Кээ кезде аны эстен тануунун толкуну жаба коюп, узак түш көрөт. Бирок дайыма түшүндө да, өңүндө да кырылдаган демди угуп жана түктүү бодуракай тилдин сайгылаганын күтүп жатты.

Адам демди укпастан, тек гана колун жалап жаткан бодуракай тилден кытыгысы келип ойгонду. Бирок былк эткен жок.

Карышкыр көптөн бери кайтарып жүргөн жемине тиштерин тереңирээк батыруу үчүн күчүнүн бардыгынча тырышып азуулары менен уламдан-улам катуу кабыштырды. Бирок адам да аны көп күттү. Мына эми акыры анын колу карышкырдын жаак сөөктөрүнө жабышты. Карышкыр бошонуу үчүн дармансыз тырбалаңдады. Бирок адамдын алсыз манжалары жаакты коё берген жок, экинчи колу айбандын мойнуна арта салынды. Беш минуттай убакыттан кийин адам бардык салмагы менен карышкырдын үстүндө жатты. Муунтуп өлтүрүүгө колунун күчү жете албады, бирок адамдан амал качып кутулган жок,— карышкырдын тамагына тиштери жабыша түшүп, кылга оозун толтуруп, аткып-аткып алды. Жарым сааттан кийин ал тамагына куюлуп жаткан жылымчы нерсени сезди. Бул анын ичине коргошундун эритмесин зордуктап куюп жаткансып кыйналды. Бирок кантсе да чыдоого туура келди. Андан кийин адам чалкасынан оодарылып катуу уйкуга кетти.

Кит улоочу «Бедфорд» аттуу кемеде илимий экспедиция менен бир топ адам бар болчу. Алар палубада турушуп, жээкте кандайдыр бир укмуштуу кыймылдаган жаныбарды байкашты. Ал кумдун үстү менен араң кыбырап, деңизди карай жылып келаткан. Окумуштуулар айран таң калышты жана өтө эле кызыгышкандыктан, өз көздөрү менен көрүү үчүн кайыкка отуруп жээкти карай сүзүп жөнөштү. Жээкке келип бир тирүү жанды көрүштү, бирок аны адам деп айтууга болбойт. Ал сүйлөмөк түгүл, эч нерсе укпайт жана түшүнбөйт, тек гана зор куртка окшоп бүрүшүп-жыйрылат, кумдун үстүндө сулк жатыптыр. Тырп этүүгө алы болбосо да, далбас уруп, ийрилип-жыйрылып саатына жыйырма кадам алга жылымыш болгон экен.

Үч жума өткөндөн кийин адам кит улоочу «Бедфорд» кемесинин койкасында жатып, көзүнүн жашын көлдөтүп, өзүнүн ким экендигин, башынан кандай окуяларды өткөргөндүгүн айтып берди. Ал аңгемесинде энеси жөнүндө, түштүк Калифорния жөнүндө, апельсин дарактарынын арасында гүлгө бөлөнгөн үйү жөнүндө сөзүнүн баш-аягы жок дайынсыз кобурады.

Бир нече күн өткөндөн кийин окумуштуулар, кеменин капитаны менен бирге столдо оокаттанып отурду. Бир чети тамак-аштын көптүгүнө сүйүнсө, бир чети башка бирөөлөрдүн жеген-ичкен тамактарын ээрчий карап, ичинен кейип капаланат. Кадимкидей толук акылында болсо да, столдо оокаттанып жаткандардын бардыгын кыртышы сүйбөй алардан оокатты кызганып, тамак-аш жетпей калуу коркунучу ар дайым көкөйүн кесет. Ашмачыдан, юнгадан жадаса капитандын өзүнөн кемедеги тамак-аштын жетиштүүлүгү жөнүндө үзбөй сураштыра жүрдү. Ал турмак, алардын бир нече ирет айткандарына ишенбей өз көзү менен көрүү үчүн, уурданып азык-түлүк сакталуучу жайды текшерип да чыкты.

Анын эпсиз семирип бараткандыгы билине баштады. Күндөн күнгө семире берди. Окумуштуулар таңданып, башын чайкашып, ал жөнүндө ар кимиси ар кандай пикир айтышты, ой жорушту. Оокатты ченем менен беришти, ошентсе да барган сайын туурасы өскөндөн өсүп, ичи чыкты.

Матростор өз ара күлкү кылышчу болду, анткени алар бул эмнеликтен экенин билише турган. Окумуштууларга, качан гана өздөрү тымызын байкоо жүргүзүшкөндөн кийин бардыгы дайын болду. Күндөрдүн биринде эртең мененки оокаттан кийинки бакка барып матростордун бирине кайырчыга окшоп колун сунуп бирдеме сурап жатканын көрүштү. Матрос күлүмсүрөп туруп, бир сындырым сухарын карматты. Тигил ач көз адам алтынга умтулгандай шап илип алып, суктана карап туруп, койнуна катты. Ушундай «сыйды» башка матростордон да алган болчу.

Окумуштуулар унчугушпай, өз жайына коюшту. Бирок тымызын барып, койкасын карашты. Койканын асты-үстү, матрац сухарга жык толгон, бурчтарга сухарь жыйнап койгон. Бирок ошентсе да, толук өз акылында болчу. Анын бүт аракети эгерде экинчи ачкачылык боло калса, кор болбоодон сактанганы.
Окумуштуулар муну бара-бара өзүнөн-өзү жоголо тургандыгын айтышты. Чынында эле, «Бедфорд» Сан-Франциского барып якорго тургуча, ал кадимкидей акылына келип, убактылуу оорусунан айыкты.

1905.

Которгон С.Эрматов

Жек ЛОНДОНдун башка чыгармалары

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *