Абдыкерим МУРАТОВ

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата

Байыркы Гират шаарында ошол жердин өкүмдары Хусейин Байгара өз увазири, атактуу акын Алишер Навои менен атчан өтүп бараткан. Бир убакта алар арык боюндагы кумда ойноп жаткан балага кезигет. Баланын булар менен иши жок. Аны көрө калып увазир-акын Алишер атынан ыргып түштү да, эки колун бооруна алып:
— Ассалому алайкум, мавлоно теги! — деп учурашып калды.
Баланын болсо дале иши жок, оюнун улантып жатат. Анан Навои да атына минип жолун улады. Буга таң кала караган өкүмдар себебин сураса, Алишер тиги бала устаз-пирибиз Абдурахман Жаминин небереси эмеспи деп жооп узатты.
Көрсө, устаздын өзү эле эмес, урук-тууганы, жек-жааты да шакирт үчүн ыйык экен.
«Атаң менен устазың бирдей чакырса, биринчи устазыңа бар» деп айтылат хадистерде.
Дагы бир окшош мисал. Имам Азам бир койчуга аябай таазим кылып, урмат көрсөткөнүн байкап калып жанындагылар сурашат:
— Эй, пирим, сиз ушундай аалым киши, атактуу киши, бул койчуга неге мынча үзүлүп түштүңүз?
— Бул менин устатым, — дептир Имам Азам.
— Бир жүргөн койчу кантип эле сизге устат болсун? – Жанындагылар таң кала карап калат.
— Анын жөнү мындай: Бир күнү эл арасына чыгып баян айтып атсам, бир киши «Сиз ошончо билерман экенсиз, «Күчүктүн балакатка жеткенин кантип билүүгө болот» деп суроо берип калды. Ырасы, мен муну билбейт элем. «Эртең айтып берейин» дедим. Дедим да, сукбат бүтүп, китепканага кетип жатсам алдымдан ушул койчу чыкты. Чыкты да, «кабатыр болбо, балам, күчүктүн балакатка жетип, ит болгону бир бутун көтөрүп сийип калгандан билинет» деди. Ушундай. Ал мага устат. Адамга бир ариб үйрөтсө да, бир сөз үйрөтсө да устат, — дептир Имам Азам.
Устат. Устаз. Устаздык дегенде көп өнөрлөрдүн ичинен эң алдын усталар эске түшөт. Устаз, устат дегендер уста дегенге окшоп кетет. Ал эми усталык Чыгышта эң барктуу өнөр катары эсептелген. Атын тарыхта калтыргысы келгендер жылдап шаарма шаар кыдырып уста издешкен, таланттуу устадан алар эч нерсе аяган эмес, жээн калтырышкан, балдарынын оозуна түкүрткөн…
Ошол устаз-усталардын бири Молдо Кыргыз Уста эле. 1846-жылы Наманганда туулган. Жашынан диний билим алган, математика. география, табият илимдерин окуйт. Учурунун эң мыкты кыбачы-мармары (куруучу-архитектору) катары таанылган.
Намангандагы ал курган Атауллаххан төрө мечитинин ачылышына катышкан, көптү көргөн, арзавасы алыс кеткен, муктарам коноктордун бири Атауллаххандан сурайт: «Төрөм, устаңыз Ыстамбулга качан барган?» Төрө: «Биздин уста буягы Оштон, аягы Букарадан нары өткөн эмес» — дейт. Мейман жакасын кармайт: «Ыстабулга барбастан, Ая-София мечитин көрбөстөн, бу имаратты ошол даңазалуу имаратка окшотуп коюш… Эй, тооба». Коногу там берет. Букара, Самарканд шаарындагы тарыхый эстеликтерге окшоп кеткен бу мечитти Молдо Кыргыз тубаса шык, акыл, парасат менен ушунчалык чебер салган, күмбөзүнүн чоңдугу боюнча Борбор Азияда экинчи орунда (Түркстандагы Ахмед Йассивийдин күмбөзүнөн кийин) турат, келбет-башарасы бардык калаага (фонго) дал келип айкашкан.
Өткөн кылымдардагы усталар имараттарды көп жүз жылдыктарга жетишин, кулабай турушун каалашкан, ошого аракет кылышкан. Молдо Кыргыз өзүнүн атын калтырган медресесинин шыбына: «Адамдар келип-кетет, бирок алардын сооптуу, таза иштери түбөлүк жашай берет» деген жазуу калтырган. Кылымдарды карыткан биналар көбүнчө мечит-медресе (а Чыгыш элин илим-билимден артта калган деп келишпедиби), мончо (а бизди тазалыктан артта калган эл деп айтышчу эмес беле), күмбөз (тарыхый инсандарга сый көрсөтүү) катары курулган. Эчен уруш-согуштарды, зилзалаларды көрсө да былкылдабаган «эскинин калдыктарынын» көбү советтик техниканын сүзгүчүнө туш келди, а түгүл жардырылды, канывайраны чыгып, тамам болду. Көрсө, бул жеткен акмакчылык, варварчылык тура.
Уста Молдо Кыргыздан Намангандагы Атауллаххан төрө мечити менен Молдо Кыргыз медресесинен тышкары Төрөкоргондо Кайыпназар медресеси, Чуста Лутфулла Мавлана кабыры, Анжианда Атакозу мечити, Кокондо да бир топ эстеликтер, кыскасы Баргана өрөөнүндө, анын ичинде азыркы бөлүнүш боюнча Кыргызстанда да көптөгөн мончолор, мечит-медреселер, күмбөздөр табарик болуп калды. Мына ушунун баарына бир кишинин убактысынын кантип жеткенине таң каласың. Алар курулуштун жерпайын ушунчалык бышыкташкан, жерден туруп казылган жерпайга бычак таштаганда сайылган эмес экен, анан такпай (фундамент) тарткан, ар бир кышты бирден ийлеп, эзип, анан кармап көрүп, уста өзү жараткандан кийин гана бышырылган. Адегенде кудайдан тилеп, мал союп, бата тартып, анан ошо чөлкөмдөгү эң пакиза киши биринчи ташын койгон, ошо жылы дубалы жарым-жартылай көтөрүлүп, анан аны саратан ысыгын жедиртип таштап коюшкан, дубал асаттын ысыгына как болуп бышкан, бина ошерге былкылдагыс болуп орногон, анан жыл айланыппы, кайра келип, андан ары улантып иштешкен… Ылай үчүн чопо тандаганы, аны ылайыктаганы өзүнчө сөз…
Ушунун баарын бир киши жасай алмак эмес. Анан ал шакирт издеген, жакшы устага миңдеген адамдар шакирт болуу үчүн келет, бирок алардан тандалганы гана калат. Уста Молдо Кыргыз эң көп шакирт чыгарган. Алар салтты улап келишкен, азыр да куттуу өнөр кур калбай уланууда. Эгер устаз-шакирт мамилеси болбосо, ар кандай өнөр өлмөк, дүйнөнүн чеги түгөнмөк, адамзат жарга барып такалмак.
Орустун улуу падышасы Пётр Биринчинин шакегинде «Шакиртмин, устаз издеп жүрөм» деген жазуу бар экен. Орус турмушун оңбогондой оңдогон, Батыш борборун негиздеген улуу киши, улуу император ушундай деп атса, анан биз эмне дейбиз?
Грек философу Афлетун бир күнү академиясына шакирттерди издей баштайт. Талапкерлерди кең талаага алып чыгып сынамакчы болот. Ал биринчи талапкерге:
— Кана, айтчы, Сиз тегерегиңизден эмнелерди көрүп турасыз? — дейт.
— Талааны, койчуларды, көп койлорду!
Мындай жоопту уккан Афлетун айтат:
— Сизден эч убакта философ чыкпайт!
Анан ал экинчи талапкердин жанына келип сурайт:
— Балким сиз башка нерселерди көрүп жаткандырсыз?
— Ооба, устаз! Көктүн сулуулугуна көз арткан жердеги көк майса дагы көбүрөөк сулуулукка жетүү үчүн көккө көтөрүлгүсү келип турат. Ушул сулуулукка суктанган койлордун болсо чечекейи чеч, көңүлдөрү куунак. Бирок алардын каракурсагы жашыл дүйнөнү жабыркатышы мүмкүн болуп турат. Мындан өзүнчө ыраазы болуп турган койчулар гана чөнтөктөрүнө канча пайда түшүрүн эсептөө менен убара жана ал каражаттарды эмне кылышын ойлорун жатат. Мына ушул окуядан менен карама-каршылыктарды көрүп турам.
— Атыңыз ким? — дейт устат.
— Арасту!
— Сизден мыкты философ чыккыдай экен! – Устат аны дароо өзүнө шакирт кылып алат.
Кийин бул экөө устаты Платон жана шакирти Аристотель катары дүйнөгө таанылат эмеспи. Мында устаттын сыноосун көрүңүз да, шакирттин жообун байкаңыз. Устат менен шакирт бири-бирин бир көз караштан түшүнөт.
Бирөө чоркок болсо же адепсиздигин көрсөтүп койгон болсо, «бул устаз көргөн немеби» дешет аны карап тургандар. Илгертеден устаздын алдына келип ата-эне баласын «эти – сиздики, сөөгү – биздики» деп тапшырган. Советтик атеисттер муну диний медреселерди сындоо үчүн колдонгону менен мында «тарбиялоо сизден, сизге ишенип тапшырдык» деген маани жаткан. Баланы жаратуу атадан жана энеден, ал эми аны Адам кылып тарбия берүү устаздан дешкен. Андыктан да «устаз атаңдан да жогору» деген кеп тараган.
Күндөрдүн бир күнүндө Улукман Акимдин устазы бир иш менен алардыкына келип калат. Атасы уулунун устазын үйгө кирүүгө муражат кылат. Ата менен устаз үйдө сүйлөшө баштайт да Улукманды атасын отун алып келип чай кайнатууга жумшайт.
Бир убакта атасы сыртка чыкса, уулу ыйлап отурат.
— Сага эмне болду? – дейт атасы.
— Сиз мени отунга жумшадыңыз, отун болсо тамдын башында, а устазым болсо тамдын ичинде отурат, анан кантип мен анын үстүнө чыгып отун алам, — дептир.
Ата сөзүн таштап, устазды улуктаган Абу Али ибн Сина кийин атактуу дарегер болбодубу.
Кыргыздар да балдарын атайын устаздарга берип, өнөр үйрөткөн. Манасты бала чагында Ошпур деген койчуга бергенин жакшы белесиңер, Семетей болсо өнөрдүн баарын Букар хандыгында жүрүп үйрөнөт. Элдик акындарды Токтогул болобу, Барпы, Жеңижокпу, Алымкулбу, сөзсүз, бирөөлөргө кошуп берген, ошонун кызматын кылып, оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрүп өнөрүн үйрөнгөн. Айтуудан атактуу Токтогулду ар кайсыл мезгилде алтымыштай шакирт ээрчип жүрүптүр. Манасчылык да, кол өнөрчүлүк да, устачылык да, мүнөшкөрлүк да ошондой. Кыйын шакирт болсо, устаты жакшы үйрөтсө «устаттан шакирт өтүптүр» деген жакшы сөз чыгат, бул устаттын баркын түшүрүү эмес, тескерисинче, анын кыдырын көтөрүү, анын үйрөтүү усулдарынын майнаптуу экендигин тан алуу. Өнөрлүү адамдардын даңкы, баркы анын канчалык жана кандай шакирт өстүрүп чыгаргандыгы менен бааланат. Шакирти жок устат суусу жок арыктай, мөмөсү жок дарактай. Аны өзүмчүл дейт. өнөрүн гөрүнө алып кетти деп эл жаман көрөт.
Илгери өнөр үйрөнүү үчүн бүткүл байлыгын тартуулаган, башка алыс аймактарга барган. Эгер жакшы устат өз шакиртине өзүндө болгон нерсесин үйрөтүп бүтсө, андан ары өзүнөн кыйын устаттардын алдына алып барып, алардын колуна салып берүүнү милдети катары эсептеген.
Устат-шакирт мамилесинде жалаң эле оң жактар эмес, терс жактар да айтылат, мисалы композитор Моцартты көрө албаган Сальери тууралуу сөз аңызга айланып келет. Ал эми атактуу дарыгер Улукман Аким (Али Абу Ибн Сина) өлбөстүктүн дарысын тапкан дешет, ал киши адамды тетиктерге ажыратып, бөлүк-бөлүк кылып таштап, кайра улаштырып, тикелеп, бастырып койчу экен. Анан ошол киши шакирттерине өлбөстүктүн дарысын берет, мен өлүп баратканда ушуну ичиргиле дейт, чын эле өлүп баратканда шакирттердин бири – кызганчаагы жана наамарты ага ошол дарыны ичирбей коёт, устаз өлөт, калган шакирттери ал дарынын кошулмаларынын бир сырын билбей кала берет деп айтылат эл ичинде.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *