ЭССЕ

Турмушта сагыныч болбосо, анда адамдар бири-биринин баркын билбей калышмак. Көпчүлүк адамдар: «сагынычтан өткөн азап барбы, адамды санаага салып саргайтып жиберет» – дешет. А мен тескерисинче, сагынычтан жашарам. Жаша, түбөлүк — Сагыныч!
* * *
«Күтүүдөн өткөн азап барбы?» – дешет айрымдар. Жакын адамыңды сабыркап, санаага малына күткөндүн өзү канчалык рахат экенин айрымдары баамдабай калышат окшобойбу. Күтүү да, сагыныч сыяктуу жакыныңдын караанын алда канча аруу көрсөтө турган көрүнүш экенин эске түйө жүргөн дурус…
* * *
«Кудай кайда, барбы?» – деп бир канча ирет жаным кейигенде жаратканга акаарат айтып алган учурларым болду. Ошол саам да, эмнегедир Кудай жүрөгүмдөн чыкпай туруп алганын жакшы билем.
* * *
Алдындагы арактан тартып ийип: «түбүбүзгө ушул арак жетет!» – деди мукам үндүү обончу досум. Саамга анын муңдуу каректерин тиктеп олтуруп, чын ыкластан айтып жатканына ынандым. Айтканындай, ошол досум эртеси арактын айынанбы же тагдырдын жазмышынанбы, жалган жашоого түкүрүп туруп кете берди.
* * *
Дин – адамдын башын айланткан апийим! – деген Ленин. Сүйүү да апийим сыяктуу. Бар болгон айырмасы – апийим заматта акылды алса, а сүйүү алгач жүрөктү ээлеп, күч алып кетсе соңунда апийим тариздүү акылды алып коет.
* * *
Менин бир эле диним бар. Ал менин – абийирим!
* * *
Адам өзүнө карата айтылган чындыкты эч качан мойнуна албайт. Качан гана ажал сааты жакындаганда, чындыктын эмне экенин түшүнөт.
* * *
Бейиш – энелердин таман алдында дейбиз. Эне мээримине эч нерсе теңдешсиз дейбиз. А дейбиз, бу дейбиз. Баары бир тирүүлүктө эне баркын биле албай келебиз…
* * *
Кыргыз башка элдерден момундугу менен, кең пейилдиги менен, каарына келгенде баатырдыгы менен, батылдыгы менен айырмаланат деп жүрүшөт. Ошону менен бирге сөз байлыгы менен да айырмаланат болушу керек.
«Кепиниң өрттөнсүн», «өлүкканаңды көрөйүн», «кара башыңа көрүнсүн», «балаңдын боор этин жеп кал» д.у.с. сөздөрдү угуп олтуруп, дүйнөдө бир да эл кыргыз элиндей душманын үрөйдү учурта каргай албаса керек деген бүтүмгө келдим. Каргыш сөздөргө чынында кыргыз – бай…
* * *
Жаным кейип иштен кайтып келе жатсам, коляскада олтурган эки буту жоон санынан жок киши: «кайрым кыл, бурадар!» – дейт. Ал кишиден айырмаланып бар болгон байлыгым – он эким мүчөмдүн түгөл экенин эстеп, жанатан кейип жаткан жаным, көңүлүм чайыттай ачыла түштү. Ошого каниет дедим…
* * *
Мурда «байлык колдун кири!» – дешчү адамдар. Азыр ушул сөздү эч ким айтпайт, кашайып…
* * *
Кайсы бир майрамда аянтка чыксам, калың элдин көпчүлүгү майрам шааниси кылып, калп жылмайышса дагы көздөрү ыйлап турушканын көрүп, ошондон кийин шаан-шөкөттөрдө аянтка барганды койдум. Көр турмуш калың элдин жонунан кайыш тилип жаткан замана…
* * *
Акыл үйрөткөндү жакшы көрөбүз, өзүбүз акыл үйрөнбөй туруп…
* * *
Мага турмушунда оор сокку жеген адамдар менен сүйлөшкөн кыйла жеңилирээк. Турмуштан жабыркаган жаралуу жандар гана жаман адаттардан оолак качат эмеспи.
* * *
Мен өзүмдү бактылуу жандардын катарына кошом. Себеби жүрөгүмө өкүнүч да, кубаныч да, сүйүү да батат…
* * *
Ыйлагандын көзү жаман дегенге кошула албайм. Мерез адамдар гана ыйлашпайт…
* * *
Такымын тарап, турмушта алчы-таасын жеген тапандардан корком.
* * *
Сокис курбум туура айтат: «Жок, мен андай адам эмесмин дегендер, ошондой адамдар!» – деп.
* * *
Жер бетинен адамдагы бардык илдет-сыркоону алып туруп, боорукерлик деген илдетке чалдыктырып койсо – эң сонун болмок.
* * *
Мактоо сөзгө семирип кеткен көп жанды көрдүм, асти, арыктап кеткен адамды көрө албай койдум.
* * *
– Сүйүүнүн сүрөтүн тартып бераласыңбы? – деп төбөсү элге көрүнгөн сүрөтчүгө кайрылсам, жооп бералбай мукактанып калды.
* * *
Сүйүү – деген сөздүн өзү сүрдүү. Азыркы тапта ушул сөздү сүрдөшпөй айткан адамдарга таңданам.
* * *
Оттору күйүшпөй калып, ажырашып кетишти! – деди бири. Жакшынакай эле күйчү, күйүп-күйүп атып оттору күлгө айланып калды да дедим.
* * *
Бир мыкты жөндөп кага албай убара болуп жатканымды көрүп, өлүм алдында жаткан энем оор энтигип, ачуу үшкүрдү:
– Ай, балам, ай, кантээр экенсиң?! Калем кармашты го билесиң, кашайып, балка кармаганды билбей жатпайсыңбы!?
* * *
Энемди түбөлүк жайга узатып жатып жана бир тиктедим. Жакшы адамдар өлгөндө сулуу көрүнөт деген, чын окшойт. Энемдин жүзүнөн нур чачырап, жылмайып турат. Мындай сулуу аялды эч жерден көргөн эмесмин. Атүгүл, оорунун азабын аябай тартып, жаны кейип турганда да ажарынан жанчу эмес. Ушуну эстегенде, жанымды коерго жай таппай кетем. Кудай энемди жаратканда, сулуулугуна кошо ички дүйнөсүн да бай кылып жараткан тура!? – деп көп ойлончу болдум…
* * *
Үйлөнгөнүнө бир ай болбой жатып, көңүлү чөгүп турган досума кайрат айттым:
– Досум, көп кейий бербечи! Үйлөнгөндөн кийин да арасында бир аз, бир аз жакшы күндөрүң деле болот!
* * *
Жаңы үйлөнгөн жаш жубайлардын үлпөтүндө олтурушуп, кубанычтары коюндарына батпаган адамдарды карап: «Булар эмнесине сүйүнүп жатышат? Жашоо опурталдуу экенин, жаш жубайлар алдыда канча ашуу ашып, жол басаарын бир эстеп коюшпайбы?! – дедим.
* * *
Ар бир таанышкан адамымдын алгач көзүнө үңүлө тиктегенди адат кылып алдым. Биринин көз нуру өчүп калган. Биринин көз оту жанат. Биринин көзүнөн заар чачырайт. Көздөрдү тиктеп олтуруп, көп нерсени үйрөнүүгө болорун баамдадым.
* * *
Эки саат ээги-ээгине тийбей сүйлөп жаткан адамды көрүп алып: “мынчалык сөз байлыгын кайдан жүрүп топтогон?” – деп тан бердим.
* * *
«Тий-тий десең тийбейт, тийбе-тийбе десең тиет» – деген табышмакты кыргыз текей терип жүрүп чыгарбаганын түшүндүм. Сыягы, адамдын ички табигый түзүлүшүн терең түшүнүп, турмуштан каныккан кайсы бир кыргыз ойчулу ойлоп чыгарып койсо керек. Аны биз бир өңүттөн карап алып, баланын табышмагы катары санап жүргөн турбайбызбы, кургурдуку. Адам табияты да дал ушул табышмак сыңары «ай, жаман иш жасаба» деп буйрусаң жаман ишке барып, «жаман иш жаса» десең жаман иштен оолак качкан кокуй-наалаттардан болот эмеспизби…
* * *
Ар качан кыялдын жетегинде жүргөнүмдү көрүп, жаны кашайган атам:
– Ой, булут минип жүрө бербей жерге түшсөң боло, байболгур! – деди.
– Жерге түшкөндөн коркуп жатсам кантейин, ата!
* * *
Жер бети жексен болмоюн, эзели тынчтык орнобой калды сыяктанат…
* * *
Жүрөгүмдү тыңшап жаткан доктурга:
– Жүрөгүм эмне деп сүйлөп, эмне деп ыйлап жатканын алдыгы сиздин аппарат айтып бералабы? – дедим.
* * *
Баш кошоор алдында жигит кыздын манжаларын бек кармап:
– Жаркыным менин… Көркөмүңө деги көз тойбойт, – деди энтигип. Анан арадан айлар агып, жылдар узаганда:
– Тойдум сага! Деги көрөйүн деген көзүм жок, – деди колун булкуп…
* * *
– Ой мени сойду! – деди, колундагы кырдуу стаканды көңтөрүп ийип, ачуу үшкүрүнгөн бир аракеч. Аны чындап эле ой союп таштаганын, ойдун аркасы менен учурунда чоң максаттарга жетип, бир кездерде бир чоң мекеменин чоңу болуп, анан турмуштун бир соккусуна туруштук бералбай ачуусун, ызасын, арманын тең бөлүшчү бир гана арак деп аны эш тутуп ээрчитип жүргөнүн, бир кездерде айланасында көзүнүн агы менен кошо айланган кошоматчылар ар күнү кой союп берип атканы менен көрсө, ошол койлору, анан арам ойлору аркылуу мунун өзүн да акырын союп жатканын анда аңдабай жүрө берип, мезгил өтүп кеч түшүнгөнүнө арман кылып, көздөрүнөн буурчак-буурчак жаштарын агызып жатты…
* * *
Кетирген кемчилигим үчүн албетте, уялам… Жана Жараткан алдында жооп берүүгө толук даярмын!
* * *
Коркок адамдарды көпчүлүк жек көрүшөөрү ырас. А мен коркок адамдарды урматтайм. Табиятынан коркок жаралган адамдардын ыпылас иш жасагандан да коркуп турушкандарына, эчен курдай күбө болгон жайым бар.
* * *
Мен бир күлкүчү кызды жакшы билем. Качан көрбө каткырып-күлүп, шатыра-шатман жүрөт. Ошого жараша көп да ыйлайт, кургур…
* * *
8-Март… Алдыда эрди-катын баратты.
– Мага эмне белек алып бересиң, алтыным? – деди аял жалооруй.
«Алтыным, кечирчи! Акча болсо, атаңгөрү?!» – деген кепти айтат экен деп, эркектин кебине кулак төшөсөм:
– Жөн басчы! Эми сеники жетишпей тургансып… – деп бурк этти эри.
* * *
Өзүм жөнүндө жакшы пикир айтуудан алысмын. Анткени, көзүмө ириде – өзүмдүн кемчиликтерим көрүнөт.
* * *
Мен үчүн эң чоң жоготуу, кетирген каталарымды кайра кайталап алгандыгым.
* * *
Акчанын артынан адам тоголонбой, адамдын артынан акча тоголонор болсочу!
* * *
Эринчээктиктин айынан эрдимди ит жалаган күндөр көп болду.
* * *
Ыкшоолук боюнча тажрыйбалуу адис катарында айтам:
– “Бүгүнкү ишти “эртең бүтүрөм” деген ой башыңа келээр замат, эртеңки ишиң бүрсүгүнкүгө калаарын эскертем.
* * *
Сазайыңды колуңа кармата турган убаракерчиликтүү бир жумуш бар – “убада берүү” деген…
* * *
Чөнтөкчү бирөөнүн чөнтөгүнө кол сунуп баратып: “Оо, Кудай! Бүгүн үйгө олжолуу кайтсам экен…” – деп, Жаратканга жалбарыптыр…
* * *
– Үйлөнгүчө сени далай күттүм эле, үйлөнгөн соң мени жумалап күтүп атканың үчүн кечирим сурайм, – дептир күйөөсү аялына…
* * *
Аялы күйөөсүнө:
– Эсиңдеби? Сен мага үйлөнө электе эмне деген гана убадаларды бердиң эле?
– Ооба… Асманда турган айды, алыста турган алтын тоону алып берем дегем.
– Анан эмне болду?
– Табиятка каршы күрөш жүргүзүштүн өзү күнөө экенин сездим!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *