1-бөлүм ушул шилтемеден ачылат

Англис тилинен которгон Таалайбек АБДИЕВ

2-бап
Материал алуу
Мурунку мамлекеттик чиновниктен электрондук почта аркылуу бир кабар келип, ал Вашингтон штатынын паромдордорундагы куткаруучу кайыктарды текшерип көрүүнү сунуш кылган. Ошол кезде «Сиэтл таймс» газетасында иштеген кабарчы Эрик Нейлдер муну текшерип көрүүнү чечкен. Ал адегенде паром системасынын коопсуздук боюнча директоруна телефон чалат. Директор бул кызматка жаӊы эле келгенин айтып, бирок өзүнөн мурунку дироктордун аты-жөнүн жана дарегин берген. Кабарчы кызматтан кеткен директорго телефон чалганда, ал куткаруучу кайыктардын жетишсиз экендигин ырастаган. Нейлдер мунун жакшы материал экенине көзү жетпей туруп ишти кызуу баштаган.
Окуяны толук билүү үчүн Нейлдерге ар бир паромдогу куткаруучу кайыктардын саны, ар бир кайыктын сыйымдуулугу жана ар бир паромдун максисмум канча жүргүнчү өткөрө ала тургандыгы көрсөтүлгөн документтер керек эле. Ал куткаруучу кайыктын жетишпестиктиги канчалык деӊгээлде олуттуу экендигин аныктоо үчүн маалыматтарды анализдөөгө тийиш эле. Мындан тышкары ал паромдорго түшүп, жүргүнчүлөр жана паромдун командасы менен да сүйлөшүп көргүсү келди. Ушундан кийин гана ал газетага баш макала жазып, өз штатындагы паромдордо куткаруучу кайыктар аздыгын, алар менен ар бир жети жүргүнчүдөн бирөөнү гана куткарууга болорун аныктаган.
Кабар жазуу абдан түйшүктүү процесс, мында фактыларды чогултуп, алардын тууралыгын кылдаттык менен текшерип чыгуу керек. Журналисттер кээде кабарларды биринчи колдон алышат да, ал тууралуу кенен маалыматтарды ошол окуяны түз же кыйыр түрдө башынан өткөргөндөрдөн, же болбосо ошол тармактагы адистерден алышат. Маалымат кошумча булактар менен ырасталат же бекемделет, коомдук архивдер, кабарлар же архивдер аркылуу текшерилет. Журналист топтого маалымат адатта төрт К жана эки Э деген ат менен белгилүү болгон суроолорго (ким?, кайда?, качан?, кантип? жана эмне?, эмне үчүн?) жооп берүүгө тийиш. Кабарчы окуянын татаалдыгына жараша бул суроолорго түрдүүчө жооп бере алат.
КИМ:
• Бул окуяга ким катышты?
• Бул окуяга кимге таасирин тийгизди?
• Бул окуяны ким баарынан мыкты айтып бере алат?
• Бул окуяны ким билбей калды? Бул тууралуу ким жакшыраак кабардар?
• Бул окуяда кимдер чатакташты? Алардын кандайдыр бир жалпы нерселери барбы?
• Бул окуя тууралуу дагы ким менен сүйлөшсө болот?

• ЭМНЕ?
• Эмне болду?
• Бул окуянын өзөгү эмне? Мен чынында эмнени айтууга аракет кылып жатам?
• Окурман, көрүүчү же угуучу бул окуяны түшүнүү үчүн эмнени билүүгө тийиш?
• Мени таӊ калтырган нерсе эмне? Мен таанышкан эӊ маанилүү факты кайсы?
• Эмне болду? Эми эмне болот?
• Адамдар эми эмне кыла алат?

КАЙДА?
• Бул окуя кай жерде болду?
• Толук маалымат алуу үчүн кай жерге барышым керек?
• Бул окуя эми кандай болот? Кантип аяктайт?

КАЧАН?
• Бул окуя качан болду?
• Бул окуядагы бурулуш мезгил качан болду?
• Мен бул кабарды качан билдиришим керек?

ЭМНЕ ҮЧҮН?
• Бул окуя эмне үчүн болду? Бул өзүнчө бир окуябы же бир тенденциянын бөлүгүбү?
• Эмне үчүн адамдар мындай болуп жатышат? Мунун кандай себептери бар?
• Эмне үчүн бул окуя маанилүү? Эмне үчүн муну бардыгы көрүүгө, окууга же тыӊдоого тийиш?
• Эмне үчүн бул окуяны билдирүүгө укуктуумун деп ишенем?

КАНТИП?
• Бул окуя кантип болду?
• Бул окуядан улам жагдай кантип өзгөрүлдү?
• Бул окуя окурманга, угуучуга же көрүүчүгө, жалпы эле коомчулукка кандайча жардам берет?
• Мен бул маалыматты кантип алам? Буга ыйгарым укук барбы?
• Кимдир-бирөө бул окуяны досуна кантип баяндап берер эле?

Көп кабарчылар окуянын бардык маанилүү элементтерин берүү үчүн ушул сыяктуу суроолорго жооп издешет.

Байкоо жүргүзүү
Окуя болгон жерге байкоо жүргүзүү – кабарды жакшы даярдоонун негиздеринин бири. Журналисттер окуяны аудиторияга так сүрөттөп берүү үчүн ага өзү күбө болууну көздөшөт. Мыкты кабарчылар окуя болгон жерде кылдат байкоо жүргүзөт. Аудитория да окуяны сезсин үчүн алар баарын өздөрү карашып, өздөрү тыӊдашып, өздөрү жытын сезип, даамын татып, кол менен кармалап көрүшөт.
Мына ушундан кийин журналист өз байкоолорун так жазып алышы керек. Басма сөз кабарчысы өз ишин блокнот жана карандаш же ручка менен аткарат, бирок алардын көбү, өзгөчө кабар файлдарын интернетке бере тургандар, магнитофон жана камера да ала жүрүшөт. Радио журналисттери үндү, ал эми телекөрсөтүү үчүн үн менен видеоматериалды жаздырып алышы керек.
Мыкты кабарчылар окуя болгон жерде туюмдарынын баарын пайдаланышат.
Жазгычтарды пайдалануу – колдонулган ар кандай үзүндүнүн так болушун камсыз кылуунун бир жолу. Бирок, жалпыга маалым болгондой, электроника бузулуп калышы мүмкүн, ошондуктан жазып ала билүү бардык журналисттер үчүн маанилүү. Тажрыйбалуу кабарчылар жазып алуу боюнча төмөнкүдөй кеӊештерди айтышат:
• Фактыларды, майда-чүйдө нерселерди, ойлорду жана идеяларды жазып алгыла. Кимдин ким экенин, алардын кайдан келгенин аныктап жазгыла.
• Бөлмөлөрдүн, окуя болгон жердин же нерселердин чиймесин бири-бирине байланыштырып чийип алгыла.
• Ысымдарды, наамдарды жана маалымат дарегин дайыма так жазып алгыла. Бирөөнүн жашы туура экенине ынануу үчүн анын туулган күнү менен жылын сурап алгыла.
• Интервьюну блокнотко негизги эрежелер боюнча жазгыла.
• Блокнотко толтуруп жазбастан, кошумча маалыматтар үчүн орун калтыргыла.
• Мукабанын ички бетине кийин сурай турган суроолорду жазып койгула.
• Маалыматтарды мүмкүн болушунча тезирээк чечмелегиле.
Көп кабарчылар маалыматтарды тезирээк жазып алыш үчүн көп колдонулган сөздөрдү кыскартып жазышат. Анан алар жазып алгандарын чечмелеп, кийин жаӊылышып калбоо үчүн кыскартууларды оӊдоп, толуктап жазышат. Мындан тышкары, алар өзү таанышкан маанилүү маалыматтарды, макалада колдонула турган жакшы үзүндүлөрдү, такталышы керек болгон нерселерди жана сурала турган суроолорду белгилеп коюшат. Бул шексиз нерсе катары туюлушу мүмкүн, бирок маалымат алуу үчүн бараткан кабарчыда керектүү куралдардын бардыгы — блокнот, ручка, магнитофон же диктофон жана жаӊы батареялар болушу керек. Окуя болгон жерге келип, камерада тасма жок болуп, чөнтөктөгү жалгыз ручканын сыясы түгөнүп калгандан уят нерсе жок. Азыркы журналисттер көп учурда кошумча куралдарын – чөнтөк телефону менен сумкадагы компьютерин ала жүрүшөт. Башка айрым нерселер да пайдалуу болушу ыктымал. Блокноттун жазылып бүткөн жерине желим тасма жабыштырып коюу менен кийинки бош бетти оӊой таап алууга болот. Полиэтилен баштык блокнотту жамгырдан сактайт да, блокноттун беттерине суу тийип, сыя жайылып кетпейт. Өтө жакын бара албаган учурда эмне болуп жатканын кичинекей дүрбү менен көрүүгө болот. Самолёттогу күйүүчү майды тонна менен эмес, аудиторияга жеткиликтүү болуш үчүн литр менен берүү керек болгон сыяктуу учурда калькулятордун пайдасы тийиши мүмкүн.
Иликтөө
Журналисттер адатта өздөрү жарыялагандан алда канча көбүрөөк маалыматтарды жыйнашат, бул маалыматтар алардын өзү жарыялаган окуяны же маселени жакшыраак түшүнүшүнө жардам берет. Кээде кошумча маалымат окуяны тереӊирээк ачып берүүдө маанилүү болот. Мисалы, Эрик Нейлдер өзүнүн паром тууралуу жазган макаласында паромдор сүзгөн суу январь айында абдан муздак болгондуктан, ага түшкөн киши жарым сааттын ичинде өлүп калышы мүмкүн деген маалыматты кошуп кеткен. Бул маалымат куткаруучу кайыктардын жетишсиздиги эмне үчүн маанилүү маселе экенин көрсөтүүгө жардам берген. Бул кабарчы жаӊылыктар бөлүмүнөн чыккандан кийин же суроолордун пайда болушу менен окуяны иликтегиси келгенде керектелүүчү маалымат болуп эсептелет.
Компьютер менен интернет мүмкүнчүлүктөрүнөн улам журналисттер бүгүнкү күндө мурункуга караганда алда канча көбүрөөк иликтөө инструменттерине ээ. Алардын көбү негизги кесиптик инструменттердин (колдонмо-көрсөткүчтөр, жыйнактар, энциклопедиялар жана карталар) жогорку технологиялар менен жасалган версиялары болуп эсептелет. Ал эми башкалары болсо — интернетке чейинки мезгилде китепканага же мекемеге барууну талап кыла турган маалымат жыйнактары жана билдирүүлөр. Дагы башкалары — мындан жыйырма жыл мурун, интернет жаӊы чыккан маалда элестетүү кыйын болгон ресурстар: издөөчү программалар, форумдар, электрондук почта даректеринин тизмеси. Бул ресурстардын бардыгы окуя боюнча кошумча маалыматтарды топтоодо журналисттер үчүн пайдалуу. Бирок эӊ негизги иликтөө инструменттеринин бири – кабар мекемесинин мурун жарыяланган материалдары сакталган өздүк китепканасы бир кылым бою өзгөрбөй келатат. Бул материалдар кагазда болсо да, компьютер файлдарында сакталса да бардык кабарлар үчүн пайдалуу башталыш болот. Мындан тышкары көп журналисттердин айрым темалар боюнча сакталган материалдары болот. Айталы, коӊшу өлкөнүн мурунку президенти каза болду дейли. Бул кабарды жазуу иши тапшырылган кабарчы айрым негизги фактыларды: анын жашын, эмнеден өлгөнүн жана кайсы жерде өлгөнүн билгиси келет. Бирок журналист анын иштеген мезгили, ал президент болуп турганда өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болгондугу тууралуу маалыматтарды да алгысы келет. Ошондо жаӊылык бөлүмүнүн архивиндеги же линиясындагы мурунку материалдарга кайрылуу биринчи кадам болот. Мында мурунку президенттин жакын кишиси тууралуу маалыматтар болушу ыктымал, алардан кабарчы интервью берүүнү өтүнсө болот. Кабарчы интервью алардан мурун ал киши тууралуу кошумча маалыматтар менен таанышып, мурунку президенттин досуна жазган каттары бар экенин билиши ыктымал, ал эми бул болсо таӊ каларлык жаӊы маалыматты бериши мүмкүн. Эч бир кошумча маалымат албастан туруп интервью алуу бейтааныш жерде машина менен картасыз жүрүүгө окшоп кетет. Силер барчу жерге баратып, бурулушту байкабай өтүп кетишиӊер мүмкүн.
Булактар
Кабарчылар жаӊы кабарларды берүүдө негизги жана кошумча булактарды пайдаланышат. Окуяга же темага тике катышы бар адамдан алынган интервью же ошол темага тиешелүү түпнуска документ негизги булак болуп эсептелиниши мүмкүн. Көргөн-билген журналист да негизги булак катары каралат. Ал эми түпнуска документтин негизинде жазылган макала кошумча булак болушу мүмкүн. Мисалы, өрт окуясын ала турган болсок, үйү өрттөнүп кеткен киши негизги булак болот. Мунун катарына өрт өчүрүү ишине катышкан өрт өчүрүүчү да кирет. Ал эми өрт өчүрүү департаменти тарабынан кийинки күнү берилген пресс-релиз кошумча булак болот.
Окуяны иликтөөдө кабарчылар жалгыз булак эч качан зарыл маалыматтардын баарын бере албайт деген практикалык эрежени колдонушат. Мурунку президенттин окуясында кабарчы кайрылган ар бир булак башка бир булакка алып барат. Кээде булактар бири-бирине карама-каршы келип калат. Карама-каршылыктардан арылуу үчүн кабарчылар далилдердин көпчүлүгү кайсы тарапта экенин аныктоого же кайсы версия туура экенин далилдей турган документ сыяктуу негизги булактарды издөөгө тийиш. Кошумча булактар негизги булактардан алынган маалыматтарды ырастагандыгы менен пайдалуу. Окуяны иликтөөдө кандай гана булактар пайдаланылбасын, алардын баалуулугу же ишенимдүүлүгү сын көз менен каралууга тийиш. Азыр ким болбосун профессионалдардыкы сыяктуу сезилген веб-сайтты түзүп, же болбосо чындай сезилген жалган кабарды электрондук почта менен жиберип коё алат. Интернеттен табылган маалыматтардын баары эле чын боло бербейт. Журналисттер аларды макалага колдонууга боло тургандыгын аныктоо үчүн алардын булактарын текшерип чыгууга тийиш.
Жакшы кабарчылар өз булактары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, алардан кызыктуу нерселер болдубу деп сурап турат.
Кайсы булактарды макалада колдонууга боло тургандыгын аныктоо журналисттик иштин чоӊ бөлүгүн түзөт. Макалада колдонуу үчүн тандалып алынган булактардын баалуулугун аныктоодо пайдасы тийүүчү төмөнкүдөй айрым суроолор бар.
• Бул булак берген маалыматын канчалык деӊгээлде билет? (Бул киши айткандарын жеке адам катары билеби, же профессионал катары билеби?)
• Менин булагымдын көз карашын типтүү өкүлдүкү деп айтууга болобу? (Бул киши жеке проблемасынын айынан эле киреге берүүчүнүн үстүнөн кыйкырып арызданып жүргөн киши эмеспи? Же болбосо ал олуттуу юридикалык проблемалары бар киреге алуучулар тобунун кыйкырып чыккан өкүлүбү?)
• Бул булак мурунтан ишенимге ээ болуп келгенби?
• Мен бул булакты оӊой болгону үчүн, же болбосо пайдалана ала тургандыгымдан улам колдонуп жаткан жокмунбу?
• Булактын бул маалыматты беришине эмне түрткү болду? (Бул киши жакшы көрүнөйүн, же жетекчисин жаман көрсөтөйүн деп жатабы? Эмне үчүн ал муну мага биринчи болуп айтты?)
Бир окуя үчүн пайдалуу маалымат булагын таап алган соӊ ал киши менен дайым байланышта болуп турган оӊ. Ар бир булактын кызмат ордун же телефон номерин эле эмес, үй телефонун жана электрондук почта адресин да алып алыӊыз. Жакшы кабарчылар өз булактары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, алардан кызыктуу нерселер болдубу деп сурап турат. Булактар да сиз менен оӊой байланышкандай болсун, бул үчүн окуя боюнча жолуккан ар бир кишиге визит карточкаӊызды бере жүрүӊүз. Маалыматты билген ар бир киши, анын ичинде секретарлар менен контора кызматкерлери да журналист үчүн пайдалуу булак болушу ыктымал. Алар документтердин көчүрмөлөрүн бере алат, көп учурда аталган маселени эӊ мыкты билген кишини да билишет. Аларга урматтап мамиле жасаган кабарчы алардын жетекчисинин интервьюга макулдугун тезирээк алат.
Интервьюлар
Америкалык кабарчы Кристин Гилгер: «Жакшы интервью – кабарды жакшы берүүнүн жана жазуунун негизи»,- дейт. Интервью булактын аӊгемелешүү аркылуу кабарчы менен маалымат, ой-пикир, тажрыйба бөлүшүүсү катары аныкталат. Интервьюнун кадимки аӊгемелешүүдөн бир аз айырмасы бар: мында кабарчы суроо берүүнүн багытын өзү билет. Интервьюну уюштуруу дайым эле оӊой боло бербейт. Адамдар, өзгөчө маселе талаш болгон учурда, журналист менен аӊгемелешкиси келбейт. Кызмат адамдары менен сүйлөшкөндө, коомчулук кызмат адамдарынын эмне иш кылып жатканын билүүгө акылуу дегенден баштаӊыз. Тажрыйбалуу кабарчылар өтө кежир кызмат адамдарынын айтар шылтоосун алдын ала туюп, акыры аларды интервью бергенге мажбур кылат.
• Кызмат адамдарынын убактысы жок болот. Кабарчы сүйлөшө турган кишисине эӊ ыӊгайлуу мезгилде жана жерде жолугууну сунуш кылат. Мында керектүү убакытты чектөө да жардам берет.
• Алар интервью берип, жаман көрүнүп калбайын деп коркушат. Адамдарга урмат-сый менен кайрылып, аӊгемелешүүнүн максатын так түшүндүрүп берүү менен аларды көндүрүүгө болот.
• Алар эмнени айтарын билбейт. Кабарчы ал адамдын көз карашы эмне үчүн зарыл экенин так түшүндүрүп берүүгө тийиш.
• Алар менен жолугуу кыйын. Кабарчылар көп учурда интервьюала турган кишисине секретарь же коомчулук менен байланыш кызматкери аркылуу жетет. Кабарчы өз өтүнүчүнүн аткарыларынан шектенсе, тиешелүү булакка кат жазат, же болбосо түшкү тамак учурунда телефон чалат, же жумуштан кийин жолугууга араке кылат.
Интервьюну макулдашып, ал киши менен теманы иликтеп чыккан соӊ, ага даярдык көрүү зарыл. Көпчүлүк кабарчылар суроолордун же темалардын тизмесин түзүп, ала барышат, бирок интервью учурунда аны карашпайт. Алар бул тизмени аӊгемелешүү аяктап калган ченде карап, маанилүү бир нерсе унутулуп калбагандыгын текшеришет. Бул тизме ошондой эле кабарчы булактан алгысы келген башка маалыматтарды, документтерди же сүрөттөрдү да камтыйт. Суроолор интервьюнун өзөгүн түзөт. Алар кемени туура багытка сала турган руль болуп эсептелет. Жакшы суроолор күтүлбөгөн жооптор, бай маалыматтар жана сюрприздер менен кубантат. Начар суроолор эмне үчүн бул киши менен сүйлөшүүгө ушунчалык ынтызар болдум экен дедиртип бушайманга салат. Ал эми өтө өзгөчө суроолор жаӊылыш жолго салып жибериши мүмкүн.
Жакшы алынган интервью – кабарды жакшы берүүнүн жана жазуунун негизи.
Интервьюдагы биринчи суроо абдан маанилүү, анткени калганы ушуга жараша болот. Көпчүлүк журналисттер интервью берген кишинин көӊүлүн жайгара турган жайдары маанайдагы суроолор менен баштаганды жакшы көрүшөт. Бул алар жайма-жай жооп бере турган суроо болушу мүмкүн жана анын интервью менен байланышы жок болушу да ыктымал. Бирок мындай нерселер көп учурда интервью берген киши менен ымала түзүүгө жардам берет.
Көпчүлүк учурда эӊ мыкты суроолор бүтпөй калган суроолор, башкача айтканда, жөнөкөй эле «ооба» же «жок» менен жооп берүүгө болбой турган суроолор болот. Алар так кесер мүнөздө болбойт жана журналисттин көз карашын билүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. «Сиз бул тууралуу эмне деп ойлойсуз?» деген менен «Сиз кандай деп ойлоор элеӊиз?» дегендин ортосунда айырмачылык бар. Жакшы суроолорду берүү маанилүү, бирок тынч отуруп, интервью берген кишини сүйлөтүү да маанилүү. Жакшы журналисттер мыкты угарман болушат да, абдан маанилүү маалыматтарды унчукпай кулак төшөп угуп отуруп билип алышат. Силер уккан нерсе эске келбей турган кошумча суроолорду пайда кылышы мүмкүн.
Вашингтондогу (Колумбия округу) Улуттук мамлекеттик радиодо иштеген Роберт Сигел Рим папасы Иоан Павел Римде түрк тарабынан атылып, жарадар болгондон кийин Түркия элчисинен интервью алганын эскерет. Ал адегенде эле «Сиз Италияда жашаган Мехмет Али Агжа аттуу бул адам тууралуу эмне билесиз, ал Италияда эмне кылып жүргөн, италиялыктар ага кандай виза беришкен?» деген суроолорду узатат. Элчи бардык суроолорго «жок» деп жооп берет. Бир нече жолу аракет кылган соӊ, Сигел бул иштен баш тартууну ойлоп унчукпай калат. Анан бир маалда элчи тынчтыкты бузуп: «… мен билген бир нерсе, ал Түркиядагы эӊ коркунучтуу киши өлтүргүч, биздин башкы газеталарыбыздын биринин редакторун өлтүрүп качып кеткен», — дейт. Сигел тар маанидеги суроолорду берүү менен жакшы маалыматтардан куру кала жаздаганын айтат. Ал аӊгемелешүүнү «Сиз мага бул адам тууралуу айтып берсеӊиз» деп баштасам туура болмок экен деп, өз жаӊылыштыгын моюнга алат.
Кабарчылар телефон же электрондук почта, же болбосо үзгүлтүксүз маалымат алмашуу жолу менен интервью алышы мүмкүн. Булардын ар биринин артыкчылыктары да, кемчиликтери да бар. Киши менен аӊгемелешүү кабарчынын аны менен жакыныраак таанышуусуна мүмкүнчүлүк берет. Дубалда кандай сүрөттөр илинип турат? Жазуу столу иреттүүбү же иретсизби? Китеп шкафында кандай китептер бар? Мындан тышкары киши менен жолугушуу учурунда кабарчы анын жүрүм-турумуна карап туруп, булактын ишенимдүүлүгү боюнча жыйынтык чыгара алат. Ал тынчсызданып турабы же жайма-жай отурабы? Ал кабарчыны тике кароону каалайбы? Пойнстер институтунун, АКШдагы журналистика институтунун, семинар өткөрүү бөлүмүнүн башчысы Кристофер Скенлен күйөөсү рактан каза болгон аялдан интервью алганын эскерет. Аял ага үйүн көрсөтүп жүрүп, уктоочу бөлмөгө келгенде: «Билесизби, мен күн сайын жаздыгыма (күйөөмүн) одеколонунан бир аз сээп коём, ошентип ал дагы эле менин жанымдагыдай сезилет»,- дейт. Скенлен телефон же маалымат алмашуу жолу менен ала албай турган бул маалыматты окурман кадимкидей туюп-сезери бышык.
Телефон интервьюларына убакыт азыраак кетет, ошондуктан айрым кабарчылар булак менен бетме-бет отуруп сүйлөшүүнү талап кылбаган ушундай учурларды абдан жакшы деп эсептешет. Алар ал турсун уккандарын компьютерге жазып да алышат. Электрондук почта интервьюлары жетүүгө кыйын болгон алыстагы адамдарга карата пайдалуу, бирок кабарчы айтылган нерселерди уга албайт жана «анык убакыт» ичинде иштей албайт. Интернет аркылуу маалымат алмашуу телефон интервьюларына окшоп кетет. Бирок мында мен кайрылып жаткан адам суроолорго өзү жооп берип жатат болду бекен дегендей күдүк суроо туулушу мүмкүн. Ушундан улам Норфолктогу (Виржиния штаты) «Виржиниан Рилот» газетасы интернет кабарлары жөнүндө төмөнкүдөй баяндаган: «Электрондук байланыштардан үзүндү берүүдө биз маалыматтын анык экенин такташыбыз керек, анткени Интернеттеги даректи өзгөртүп коюш кыйын эмес. Интернетти телеграф кызматы сыяктуу (Рейтер же Ассошиэйтед Пресс сыяктуу) текшерип туруу мүмкүн эмес, жалган нерселер бардык жактардан келиши мүмкүн». Электрондук почтаны же интернет коммуникациясын колдонгон журналисттер башка формалардагы эле адистик стандарттарды колдонушат. Алар өздөрүн журналистмин деп тааныштырып, мындай маалыматты эмне үчүн издеп жатканын ачык айтууга тийиш. Алар ар кандай башка маалымат булактары менен иштегендей эле фактыларды текшерип, ой элегине салышы зарыл. Кандай гана жол менен интервью алышпасын, кабарчылар адатта айрым суроолорду интервьюнун соӊуна сактап коюшат. Биринчиден, алар айтылган нерселердин баарын так уккандыгына ынануу үчүн аӊгемелешүүнү жыйынтыкташы мүмкүн. Анан интервью алган кишиден дагы эмнелерди кошумчалоону каалай тургандыгын сурашат. Алар интервью берген адамдан кайра кайрылууга уруксат сурап, убакыт бөлгөндүгү үчүн ага ыраазычылыгын билдирет. Көпчүлүк журналисттер эӊ аягында интервью алган кишиден «Мен бул тууралуу дагы ким менен сүйлөшсөм болот?» деп сурашат.
Суроолор интервьюнун өзөгүн түзөт.
Негизги эрежелер
Көпчүлүк интервьюлар маалымат каражаттары үчүн алынат, башкача айтканда, кабарчы айтылгандардын баарын пайдаланат да, аны интервью берген кишиге жөнөтөт. Булактын муну биле тургандыгын текшерүү керек, өзгөчө кабарчы өз сөзү газетага же эфирге чыга тургандыгын билбеген карапайым адамдар менен иштегенде бул өтө зарыл. Эгер маалымат жарыяланбай турган болсо, кабарчы менен булак маалымат колдонула турган шарттарды алдын ала макулдашып алууга тийиш. «Кайра жөнөтүлбөй турган» интервью адатта булактын аты аталбаганы менен ал тарабынан айтылган сөздөр тике берилиши мүмкүн дегенди билдирет. Бирок булак, мисалы, «тышкы иштер министрлигинин кызматкери» же «компаниянын инженери» деген сыяктуу жалпы жонунан аталышы мүмкүн, мындай учурда булак менен журналист колдонула турган атты макулдашууга тийиш.
Көптөгөн кабар мекемелеринин аноним булактарды колдонуу боюнча жазылуу жоболору бар. Мисалы, «Нью-Йорк таймс» газетасы мындай дейт: «Аноним булактарды пайдалануу газета башка маалыматтарды бере албаган, бирок ишенимдүү жана кызыктуу экенине ишенген учурлар үчүн сакталат. Биз мындай булактарды колдонгондо, алардын ишенимдүү экенине окурманды ынандыруу милдетин эле эмес, алардын мотивациясын чагылдыруу милдетин да алабыз».
Кабарчылар коюлган шарттарды талкуулоого дароо эле макул болбошу керек, анткени маалымат булактары өзүнө кесепети тийбестигин билип туруп кээде муну өзүнүн же өз тарабынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланышы ыктымал. Аноним маалымат булагын пайдалануу аудиториянын маалыматтын ишенимдүүлүгүнө ынануусун кыйындатат.
Маалымат булагы менен аӊгемелешүүнүн жалгыз жолу болгондуктан, кабарчылар маалымат алуу шарттарына макул болгон учурлар болот. Кабарчы менен аӊгемелешкенимди башкалар билип калса, мага опурталдуу болуп калат деп корккон маалымат булагы белгилүү бир шарттар сакталса гана маалымат берүүгө макул болот. Маалымат берүү шарттарын кабыл алуу боюнча төмөнкүдөй айрым сунуштар бар:
• Маалымат коомчулук үчүн абдан кызыктуу болсо.
• Жарыялануучу маалыматты алуунун башка эч кандай жолу жок болсо.
• Маалымат булагы чындыкты билсе.
• Сиз маалымат булагы эмне үчүн аталбаганын (макалаӊызда) түшүндүрүүгө даяр болсоӊуз.
Айрым борбор шаарларда кызмат адамдары кабарчылар менен «олуттуу шарттардын» негизинде аӊгемелешт, мында тике үзүндү берилбейт жана булактын аты аталбайт. Кабарчы белгилүү бир кызмат адамдары мындай же тигиндей деп эсептейт деп гана жаза алат. «Жарыяланбай турган» маалыматты пайдаланууга болбойт, ошондуктан көпчүлүк кабарчылар буга каршы катуу туруп, маалымат булагы ушунчалык маанилүү болуп, андан башка эч нерсе жок болуп калган учурда гана буга макул болушат. Жарыяланбай турган маалыматты ал турсун башка маалымат булактарына айтууга да болбойт, бирок ал кабарчыларды мыкты маалыматтын изине салат.
Кандай гана макулдашуу болбосун, кабарчы интервью алардан мурун эки тараптын негизги эрежелерди түшүнүүсүн жана ага макул болуусун камсыз кылууга тийиш. Кээде маалымат булактары интервью ортолоп калганда кабарчыга маанилүү бир нерсени айтат да, кайра «Бирок, албетте, сиз муну колдоно албайсыз» деп кошумчалоо менен эрежени бузушат. Ошондуктан интервьюнун башында бардыгын тактап алып, айрым өзүнчө белгиленген учурлардан башка бардык маалыматтарды жашырбастан берген оӊ.
Мындан тышкары журналистер маалымат булагынын атын качанкыга чейин купуя сактаарын аныктап алууга тийиш. Кээ бир юрисдикцияларда журналист сот алдында жашырын маалымат булагы тууралуу маалыматты айтпагандыгы үчүн эркинен ажыратылуу коркунучуна кириптер болот. Эгер маалымат булагынын купуялыгын сактоо менен түрмөгө камалуу коркунучуна кириптер болгусу келбесе, ал муну ачык айтууга тийиш.
Айрым кабарчылар жарыяланбай турган маалыматты жарыялоо үчүн уруксат алууга маш болушат. Эрик Нейлдерди мына ушундайлардын бири деп айтууга болот. Жарыяланбай турган интервью аяктаган соӊ ал бир коопсузураак үзүндүнү окуп көрүп: «Сиз эмне үчүн муну жарыялаганга болбойт дейсиз?» – деп сурайт. Маалымат булагы буга макул болгон соӊ ал башка үзүндүлөрдү да окуу менен аларды пайдаланууга да уруксат алат. Ошентип бүтүндөй интервьюну бир аз өзгөртүүлөрү менен жарыялагамын деп эскерет ал. Бул бир жагынан маалымат булагынын кабарчынын тактыгына ишенбегенине, үзүндүлөрдү кайра тыӊдаган соӊ гана буга көзү жеткенине байланыштуу болсо керек.
Ишенимдүүлүк – журналисттин эӊ маанилүү сапаты, ал эми тактык – аны коргоонун эӊ жакшы жолу.
Журналисттер үчүн маанилүү болгон негизги эрежелердин дагы бири – маалымат булагы тарабынан «эмбарго» коюлган маалыматты пайдалануу эрежеси. Бул белгилүү бир шарттардын негизинде берилген маалыматты белгилүү бир мөөнөткө чейин пайдаланууга болбойт дегендикти билдирет. Жаӊы стратегияны жарыялаган мамлекеттик орган анын кыскача мазмунун бир нече саат же ал турсун бир күн мурун берет. Бул кабарчылардын пресс-конференциянын алдында берилген маалымат боюнча ой жүгүртүп алуусуна убакыт берет. Жаӊылык белгиленген мөөнөттөн мурун жарыяланып кетпесе, эмбарго коюлган маалыматты алган кабарчылар аны сактоого милдеттүү.
Маалыматты так алуу
Ишенимдүүлүк – журналисттин эӊ маанилүү сапаты, ал эми тактык – аны коргоонун эӊ жакшы жолу. Тактыкты камсыз кылуу үчүн кабарчылар жаӊы макала үчүн топтогон маалыматтарын кайра-кайра текшерүүгө тийиш. Кабарчылар жаӊылыштык кетириши мүмкүн, бирок алар сейрек болууга тийиш. Портленддеги «Орегониан» аттуу америкалык газетада өз жаӊылыштыктарын иликтеп чыккан редакторлор жаӊылыштыктар, негизинен, төмөнкү үч себептен улам болот деген жыйынтыкка келишкен:
• эске түшүрүп иштөө;
• божомолдоо;
• түп нуска эмес булактар менен иштөө.
Биз бул тууралуу 4-бапта («Материалды редакциялоо») кененирээк сөз кылабыз. Ал эми кабарчылар кабар мекемесиндеги кемчиликтерге каршы күрөшүүнүн биринчи сабында турушат. Мыкты маалыматтарды таап, аларды кайра-кайра текшерип, мүмкүн болушунча негизги булактар менен иштеген кабарчылар америкалык публицист Жозеф Пулитсер айткан журналистиканын «тактык, тактык жана тактык» деген үч эрежесин бек тутуп колдонушат.
3-бап
Материалды баяндоо
Бардык жаӊы материалдар фактылардан, байкоолордон, цитаталардан жана деталдардан турат. Кабарчылар дээрлик көпчүлүк учурда өздөрү пайдалана ала тургандан көбүрөөк маалымат жыйнашат, анткени алар мүмкүн болушунча бардык маалыматты чогултууга аракеттенишет жана өз материалында маалыматтарды мүмкүн болушунча көбүрөөк берүүгө аракет кылуу алардын табигый умтулуусу болуп эсептелет. Бирок фактылардын бардыгын киргизе берүү менен сейрек учурда гана элди кызыктырган макала жазууга болот.
Маалыматка жык толгон макалаларды түшүнүү кыйыныраак. Бардык нерселерди түшүндүрүүгө аракет кылган кабарчы аудиториянын башын айландырат. Мындан тышкары газеталардагы орун, радио менен телекөрсөтүүдөгү жаӊылык программаларынын убакыты, окурмандардын, угуучулардын жана көрүүчүлөрдүн убактысы менен көӊүл бөлүүсү кабардын маӊызына гана ылайыкталган.
Жакшы журналистика маалыматты кыскартып бербестен, тандап берет. Кабарчылар материалдагы эӊ маанилүү нерсе эмне экенин жана аны кандай тартипте берүүнү чечиши керек. Көп кабарчылар үчүн материал берүүдөгү эӊ кыйын нерсе – бул ашыкча нерселерди алып таштоо. Мында чечимге келүүнүн бир жолу материалдын өзөгүн тандап алуу болуп эсептелет.
Өзөк
Материалдын өзөгү, негизинен, «Бул окуя чынында эмне жөнүндө?» деген суроонун жообу болуп эсептелет. Пойнтер институтунун окутуучусу Чип Скенлен өзөктү аныктоо үчүн төмөнкү беш кошумча суроону чечүүнү сунуш кылат:
• Жаӊылык кайсы?
• Окуя кайсы?
• Образ кайсы?
• Мен муну алты сөз менен кантип баяндасам болот?
• Кана, эми кандай болор экен?
Сиз өрт жөнүндө жазып жатасыз дейли. Күнү бою адамдар менен сүйлөшүп, өрттүн кесепеттерин карап жүрдүӊүз. Эми болсо ишти баштаардан мурун эмнени жазууну ойлонуш керек. Төмөндө Скенлендин беш суроосун пайдаланып, окуянын өзөгүн табуу көрсөтүлдү:
• Жаӊылык кайсы?
Шаардын чыгыш тарабындагы тоолордогу эки үй күйүп кетти, бирок адамдардан кырсыкка кабылгандар болгон жок жана шаардын иш жүрчү району жабыр тарткан жок.
• Окуя кайсы?
Эки үй-бүлө үй-жайсыз калды, бирок алар тирүү калышкандарына ыраазы.
• Образ кайсы?
Үй-бүлө мүчөлөрү өрттөнүп кеткен үйлөрүнүн жанында кучакташып турушат.
• Мен муну алты сөз менен кантип баяндасам болот?
Өрт рухту эмес, үйлөрдү гана жок кылды.
• Кана, эми кандай болот?
Коркунучтуу өрттүн зыяны чектелүү болду.
Бул окуяны жазып жаткан кабарчы эми үй-жайынан ажырап калган эки үй-бүлө тууралуу жазарын, макаланын баш жагында үй-бүлө мүчөсүнүн тирүү калганына сүйүнүп айткан сөздөрүнөн үзүндү келтирерин жана мындан тышкары өрттүн зыяны тууралуу жалпы маалымат да берерин билет. Кабарчы шаардын иш районунда жайгашкан өрт өчүрүүчү кызматтардын саны тууралуу топтогон маалыматтарын алып таштап, бирок өрт өчүрүүчүлөрдүн жетекчисинин сөзүн кошуп койсо болорун билет. Мунун натыйжасында ар бир окуянын бир гана алгылыктуу өзөгү болуш керек деген жыйынтык чыгарууга болбойт. Тескерисинче ар кайсы кабар мекемелеринин кабарчылары бир эле негизги фактылардын негизинде бир топ айырмалуу окуяларды жазышы ыктымал, анткени алар ар түрдүү өзөктү тандап алышы мүмкүн.
Өрт окуясын берүүдө кабарчы ошол эле беш суроого жооп берүү менен окуянын башка өзөгүн таба алат.
• Жаӊылык кайсы?
Биздин шаардын бизнеси иш районунун чыгыш тарабындагы тоодо жайгашкан эки үй күйүп кеткен өрттөн аман калды.
• Окуя кайсы?
Иш ээлери бул жолку өрттөн аман калышкандарына ыраазы.
• Образ кайсы?
Иш ээлери ишканаларынын алдында өрт өчүргүчтөргө кол булгалап турушат.
• Мен муну алты сөз менен кантип айтсам болот?
Өрт ишти токтото алган жок.
• Кана, эми кандай болот?
Коркунучтуу өрттүн экономикалык таасири чектелүү болду.
Окуянын бул версиясында иш ээлерине басым жасалат жана ишканасы аман калган ишкердин сөзүнөн үзүндү берилет. Эки версияда теӊ бир эле негизги маалымат (эки үйдүн күйүп кеткени, бирок иш районунун аман калганы) берилгени менен басым эки башка нерсеге жасалат. Материалды жазардан мурун эмнеге басым жасаарын билген кабарчы кайсы фактылар менен үзүндүлөр материалга кирерин, кайсылары чыгарыларын оӊой эле чечет. Уильям Зинссер өзүнүн «Жакшы жазуу жөнүндө» (On Writing Well) аттуу китебинде белгилегендей: «Так ойлонуу так жазууга айланат, бул экөө бири-бирисиз жашай албайт».
Тажрыйбалуу кабарчылар өз иликтөөлөрүнүн, интервьюларынын жана байкоолорунун соӊуна чыга электе эле, өз материалынын өзөгүн издей баштайт. Алар муну эсине сактоо менен бирге эле маалымат алуу процессин башташы мүмкүн, бул болсо алардын кайда барып, кимден интервью алууну чечүүсүнө жардам берет. Албетте, маалыматтардын көбүрөөк жыйналышы менен алардын өзөгү да өзгөрүшү мүмкүн, көп учурда ушундай болот. Кабарчы үчүн эӊ маанилүү нерсе материалды жазардын алдында окуянын өзөгүн аныктап алуу болуп эсептелет. Аны аныктап ойлонуу — окуяны жазууну пландаштыруудагы биринчи кадам. Экинчиси – кайсы маалыматтын кайсы жерге кетерин аныктап, иретке келтирүү. Мында негизги фактылар тизмеленип, кайсынысы башына, кайсынысы аягына, кайсынысы ортосуна кетерин тактоо зарыл. Өз интервьюӊуздан эӊ мыкты үзүндүлөрдү же айтылган сөздөрдү тандап алып, алар окуянын кайсы жерине кетерин чечкиле. Материалга сөзсүз кире турган ар бир деталды жазып койгула. Материалды жаза баштоодон мурун айрым кабарчылар анын планын түзүп алышат да, аны жол көрсөткүч карта катары пайдаланышат.
Жазуу
Мыкты кабар кыска, ачык жана так жазылат. Бул жөнөкөй сезилгени менен чыныда бир топ кыйын. Биз жогоруда айтып өткөндөй, кабарчылар адатта өз материалында топтогондорунун баарын берүүгө умтулат. Бирок окуянын ток этер жери баяндалган материалдар убактысы аз окурмандарды көбүрөөк кызыктырат, анан калса материалды жарыялоочу кабар мекемеси башка нерселерге орун же убакыт берүүнү каалай беришпейт.
Жалпысынан айтканда, макалалардын башка көпчүлүк түрлөрүнө караганда кабарларда сүйлөмдөр менен абзацтар кыскараак келет. Ар бир абзацтын бир негизги идеясы болот. Жаӊы абзац жаӊы идея, образ же жагдай менен башталат. Журналисттер кыска, жөнөкөй тилди пайдаланышат, мында сын атоочтор менен тактоочторго караганда зат атоочтор менен этиштер көбүрөөк болот. Мыкты жазылган кабар бүдөмүк, эки ача же кайталама болбойт, анткени мында ар бир сөз саналат. Э.Б.Уайт өзүнүн «Стилдин негиздери» («The Elements of Style») аттуу классикалык эмгегинде көрсөткөндөй, жазуунун эӊ негизги эрежелеринин бири – «керексиз сөздөрдү алып таштоо».
Жакшы жазган адамдар өз оюндагысын берүү үчүн дайыма эӊ ылайыктуу сөздү издешет. 19-кылымдагы америкалык жазуучу Марк Твен айткандай, «Ылайыктуу сөз менен эӊ ылайыктуу сөздүн айырмасы чагылган менен жылдыз курттун айырмасындай». Кабарчылар өздөрү тандаган сөз чынында эле өздөрү ойлогон маанини берерине ынануу үчүн сөздүктөр менен маалыматчыл басылмаларды талыкпай карашат. Алар кабарларды жалпы эл үчүн жазгандыктан, көпчүлүк үчүн түшүнүксүз болгон жаргондордон же атайын терминдерден оолак болууга тийиш. Оорукананын өкүлү бирөөнү «жарааттан жана контузиядан» жабыр тарткан деп айтса, кабарчы «бети-башы айрылып көгөргөн» деген сыяктуу жөнөкөйүрөөк сөздөрдү колдонушу керек. Эгер тактык үчүн атайын терминди колдонуу керек болсо, ага өзүнчө аныктама берип койгон оӊ. Мисалы, дүйнөлүк энергия маселелери жөнүндөгү макалада колдонулган «казынды отундар» деген термин мындай отундардын түрлөрү (көмүр, нефть жана табигый газ) менен бирге берилет. Мындан тышкары журналисттер эвфемизмдерден – эл жаӊылыш түшүнүшү мүмкүн болгон сөздөр менен фразалардан этият болушу керек. Шаардык кеӊеш «сөөк коюу расмисин» жакшыртуу үчүн добуш берсе, радиодон же кийинки күнкү газеталарда шаар тургундарына «шаар жаӊы көрүстөн курууну пландаштырууда» деген кабар берилип калышы ыктымал.
Мыкты кабар кыска, ачык жана так жазылат.
Кабар жазуунун дагы бир негизги принциби – элге эмне болгону тууралуу айтып тим болуу эмес, эмне болгонун көрсөтүү. Мисалы, сөөк коюуга келген үй-бүлө мүчөлөрү кайгырып турушту дегендин ордуна жакшы жазылган кабарда алар бирин-бири кучактап, буркурап ыйлап турушту деп сүрөттөө менен берилет. Бирөөнү жөн гана узун бойлуу деп айтуунун ордуна, мыкты кабарчы ал кишинин эшиктен эӊкейип киргенин образдуу сүрөттөп жазат.
Тактык – кабар жазуудагы эӊ маанилүү нерсе. Так жазылган кабарда бардыгы: грамматика, орфография, пунктуация, даталар, адрестер жана кабарга кирүүчү бардык майда-чүйдө нерселер туура болот. Бирөөнүн аты-жөнүн же жашын туура эмес берүү журналисттин ишенимдүүлүгүнө доо кетире турган жаӊылыштыктардан болуп эсептелет. Так жазылган кабарда окуянын тигил же бул тарабы гана берилбестен, окуя толугу менен берилет. Бул белгилүү бир кабар ошол темага байланыштуу бардык нерселерди камтууга тийиш деген кеп эмес, бул журналист окуяны ачып бере турган негизги маалыматты алып салбоого тийиш деген сөз. Мисалы, жаӊы тест ооз рагын аныктоону жеӊилдетет деген кабар эски тест ишенимдүү эмес турбайбы деген ойду пайда кылышы мүмкүн. Эгер жаӊы тест тезирээк жасала турган болсо, кабарчы ушуну жазышы керек. Биз тактык жөнүндө «Материалды редакциялоо» деген 4-бапта кененирээк сөз кылабыз.
Киришүү
Кабардын башталышы киришүү деген ат менен белгилүү. Бул кызыктыруу, окурманды, угуучуну же көрүүчүнү тартуу деген маанини билдирет. Киришүүнүн эки негизги тиби бар: кыска жана кеӊири. Кыска киришүүдө окуянын негизги фактылары (2-бапта сөз болгон төрт К менен эки Э) кыскача баяндалса, кеӊири киришүүдө окуя болгон жер же образ берилет. Киришүүнүн бул типтеринин ортосундагы айырмачылыкты көрүүнүн дагы бир жолу бар: кыскача киришүү «Жаӊылык кайсы?» деген суроого жооп берсе, кеӊири киришүү «Окуя кайсы?» деген суроого жооп берет.
Киришүүнүн эки тиби теӊ оор жаӊылыктар үчүн колдонулушу мүмкүн. Мисалы, жаӊы премьер-министрди шайлоо жөнүндөгү кабар ар түрдүү жолдор менен жазылышы ыктымал. Кыскача киришүү төмөнкүдөй болот:
Мурунку козголоӊчу лидер Жошуа Смит 1993-жылдан бери биринчи жолу өткөрүлгөн шайлоодо 80 процент добушка ээ болуу менен жеӊип чыгып, бүгүн түнү премьер-министр болуп шайланды.
Ал эми кеӊири киришүү башкачараак болот:
Яӊтаунда өскөн Жошуа Смит бою кичине болгону менен ою чоӊ бала эле. Боюм дайыма кичине болгону менен мектептеги чоӊураак балдар менен мушташчу элем дейт ал. Грамматикадан окуткан эжейине бир күнү премьер-министр болом деп айтса, ал аябай күлгөн экен.
Азыр болсо эч ким күлбөйт. Смит кечээ өткөн шайлоодо 80 проценттен ашуун добуш менен жеӊип чыгып, 1993-жылдан кийин өлкөнүн демократиялык жол менен шайланган биринчи лидери болуп калды.
Көрүнүп тургандай, кыскача киришүү кеӊири киришүүгө караганда кыскараак, көбүнчө бир-эки сүйлөмгө кыскараак болот. Кеӊири киришүү узунураак болгону менен мындагы ар бир сүйлөм окуянын негизги маселесин белгилейт. Киришүүнүн эки түрүндө теӊ окуянын эӊ маанилүү элементтери камтылат.
Киришүүнүн тиешелүү түрүн тандап алуу кабардын маанилүүлүгү жана убактысы, кабар уюмунун тиби, басуу же эфирге чыгаруу сыяктуу көптөгөн факторлорго жараша болот. Телеграф агенттиктери, интернеттеги сайттар жана радиодогу соӊку жаӊылыктарда адатта кыскача киришүү колдонулат. Окуянын негизги фактыларын элдин көпчүлүгү билет деген ой менен жумалык кабар программаларында же журналдарда көбүнчө кеӊири киришүү колдонулат.
Кыскача киришүүнүн эӊ көп колдонулган тиби премьер-министрдин окуясындагыдай баян сымал киришүү болуп эсептелет. Аныктамасы боюнча, баян – бул кыска аӊгеме; киришүү катары колдонулганда ал чоӊураак окуядан алдын ала кабар берип, ага иллюстрация катары кызмат кылат. Коомдогу жалпы тенденциялар жөнүндөгү кабар бир нече баян же мисалдар менен башталышы мүмкүн. Сейрек учурларда цитата же суроо окуяга жакшы башталыш болуп бере алат. Бул киришүүнүн бардыгын «кармоочу» алгы сөздөр деп айтса да болот, анткени окурман бир нече сүйлөм бою кабардын чынында эмне тууралуу экенин биле албай калат.
Материалдын структурасы
Адамдардын омуртка сөөгү сыяктуу эле бардык кабарлардын структурасы болот, же бери болгондо, болушу керек! Кабарлар структурасыз фактылардын башаламан жыйнагы болуп, аларды бириктире турган нерсе болбой калат. Структура кабарлардын түшүнүктүү жана маанилүү болушу үчүн зарыл, бирок бардык кабарлардын структурасы бирдей боло бербейт. Жакшы кабарчы өзү баяндай турган окуя үчүн эӊ ылайыктуу форманы тандап алат.
Аӊтарылган пирамида
Көп кабарлар 100 жылдан көбүрөөк мезгил мурун иштелип чыккан салттуу структурага негизделет да, эӊ маанилүү маалымат менен башталат. «Аӊтарылган пирамида» формасында эӊ маанилүү маалымат баш жагында берилет да, калган маалыматтар маанилүүлүгүнө жараша бериле берет. Билдирүү маанилүү же шашылыш болуп, убакыт тар болгон учурда бул форма пайдалуу. Эгер сиз маанилүү кабарды биринчи болуп билдирип жаткан болсоӊуз, кабардын башында эле аудиторияга эмне болгонун билдирүүгө ашыгасыз. Мисалы, катуу шторм жөнүндөгү кабар кырсыктан каза болгондор жана оор жабыр тарткандар менен башталары бышык. Зарыл учурда бул структураны колдонбой койгон кабарчылар «кабар өлтүрүүчү» катары айыпталып, кабардын элге жетишин кыйындатат. Антарылган пирамида структурасында киришүүдөн кийинки маалымат алгач айтылган кабарды андан ары кеӊейтет. Шторм тууралуу кабарда кабарчы андан ары кырсыктан кыйраган жерди сүрөттөп, андан кийин аман калгандардын же куткаруучулардын сөзүнөн үзүндү бериши мүмкүн.
Кошумча абзацтарда тема андан ары кеӊейтилип, штормдун фонун камсыз кылуучу майда-чүйдө нерселер менен толукталат. Узунураак кабарда кабарчы негизги темага түз эмес, кыйыр тиешеси бар кошумча маалыматтарды да камтышы мүмкүн. Шторм жөнүндөгү кабар, мисалы, эл аралык жардам, кырсыктан аман калгандардын өтө зарыл жана узак мөөнөттүү муктаждыктары тууралуу маалыматтарды камтышы ыктымал. Бул структуранын өтүмдүүлүгүнүн бир себеби редактор орун менен убакытты үнөмдөө үчүн маанилүү маалыматты алып саламбы деп коркпой эле кабардын аяк жагын кыскарта беришинде жатат.
Кум саат
Аӊтарылган пирамиданын өзгөртүлгөн формасы «кум саат» структурасы деген ат менен белгилүү. Ал да жогоркудай эле таризде эӊ маанилүү маалымат менен башталат, бирок бир-эки абзацтан кийин эле кууш тартып, окуя адатта хронологиялык тартипте баяндала баштайт. Дагы эле баягы катуу шторм жөнүндөгү кабарды мисал катары ала турган болсок, кабарчы кыскача киришүү менен баштайт да, ага бир-эки кошумча абзац берген соӊ кабарды штормдан аман калган бирөөнүн баяны менен улантат. Кабар формасынын бул түрү кабырдын башы менен баяндоочу бөлүгүнүн ачык билинип турушун талап кылат. Кабарчы кум саат формасындагы кабардын негизги бөлүгүн «катуу шамалдын эпкини келип тийгенде фермер Икбалхан сарайда эле» деген сыяктуу таризде башташы керек. Кээ бир кабарлар таза хронологиялык формада жазылат, бирок бул структура көбүнчө очерктерде колдонулат.
Ромб
Кабар формаларынын дагы бирөөсү «ромб» формасы болуп эсептелет. Бул форманы пайдаланган кабарчы кыска баян менен баштайт да, андагы образ аркылуу окуянын маӊызын иллюстрациялайт. Бул кичинекей окуя андан ары кеӊейтилип, анын маанилүү экени көрсөтүлөт. Кабардын аяк жагында кабарчы окуядагы жеке образга кайрылуу менен баянды жыйынтыктайт. Бул структураны пайдаланган кабарчылар көбүнчө «жаӊгак» абзацы (жаӊгак окуянын өзөгү, маӊызы деген маанини билдирет) деген ыкманы колдонуу менен окуянын маӊызын түшүндүрүшөт.
Жэк Хат, Портленддеги «Орегониан» газетасынын аткаруучу редактору «жаӊгак» абзацы «киришүүдө пайда болгон ар кандай суроолорго жооп берип, окуянын эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрөт жана аны негиздүү контекст менен камсыз кылат» дейт. «Жаӊгак» абзац башында окурманга материалды бекер окубагандыгын түшүндүрүш үчүн зарыл. Ромб формасы көбүнчө телекөрсөтүү жаӊылыктарында, газета кабарларында пайдаланылат. Мисалы, СПИДдин жаӊы дарысы жөнүндөгү кабарды ушул дарыга муктаж болгон оорулуудан баштап, анан бул эксперименталдык дары, анын колдонулушун баяндап, акырында докторлор бул жаӊы дары эффективдүү болбосо, жогоруда биз таанышкан оорулуу узакка жашай албайт деп айтышканын белгилейт. Сиз кандай форманы тандап албаӊыз, кабардын орто жери эл үчүн кызыктуу болуп, аны өзүнө тартып туруш керек. Бир журналдын редактору айткандай, жакшы макала окурманды эми эмне болот экен дедиртип окуянын соӊун издетүүгө тийиш.
Материалдын соӊу
Эгер сиз салттуу аӊтарылган пирамида стилин колдонбосоӊуз жана редактор материалдын аягын баары бир кесип таштайт деп күтпөсөӊүз, материалды жаза баштаганда эле саякатка чыгарда бара турган жер белгилүү болгон сыяктуу эле материалдын соӊу да ойдо болгону жакшы. Бул радио жана телекөрсөтүү кабарларында абдан маанилүү. Басма сөз жана Интернет кабарларынан айырмаланып радио жана телекөрсөтүү кабарлары линия түрүндө болот (мында аудитория маалымат алуу тартибин тандай албайт). Ал эми жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрүүчүлөр менен угуучулар эӊ аягында уккандарын баарынан жакшы эстеп каларын көрсөтүүдө. Ушундан улам көптөгөн радио жана телекөрсөтүү кабарлары кыскача корутунду менен аяктап, кабардын маӊызын баса белгилешет.
Көп учурда материалдын соӊу анын башталышынын жаӊырыгы болуу менен маанилүү маселеге же кишиге басым жасалат. Хронологиялык баяндамада окуянын соӊу акыркы окуялар болот. Эгер кабарда проблема көтөрүлгөн болсо, анын соӊунда сунуштар берилиши мүмкүн. Материалдын соӊунда көбүнчө келечекте боло турган нерселер тууралуу сөз болот. Сейрек учурларда гана кабар цитата менен аякташы мүмкүн. Бул кээде гана өзүн актайт, ошондуктан үзүндү кабарды андан ары улантуу аудиторияны иренжитпей тургандай таасирдүү болууга тийиш.
Атрибуция (авторду көрсөтүү)
Кабар менен редакциялык колонканын негизги айырмасы атрибуцияны пайдалануу болуп эсептелет. Атрибуция «Ким айтты?» деген суроого жооп берет. Ал өзгөчө ой-пикирлер карама-каршы келип, маалымат талаш-тартыштуу болгон учурларда маалымат булагын аныктайт. Атрибуция тике же кыйыр түрдө болушу мүмкүн. Тике же ачык атрибуцияга төмөнкүнү мисал келтирүүгө болот: «Полициянын сержанты Антонио Коста ал адам кармалып, киши өлтүргөндүгү үчүн айыпталууда деп билдирди». Кыйыр атрибуцияны колдонгондо бул сүйлөм мындай болуп окулат: «Полиция ал адамды камакка алып, аны киши өлтүрдү деп айыптоодо». Булардын экөөндө теӊ маалымат булагы полиция экенин аудитория айта алат. Көпчүлүк кабарларда маалымат булагынын көрсөтүлүшүнүн негизги себеби окурмандардын, угуучулардын жана көрүүчүлөрдүн кабарга ынанышына мүмкүнчүлүк берүү болуп эсептелет. Мисалы, Түндүк Корея өзүнүн ядролук программасын токтоткондугу жөнүндөгү кабарга аудиториянын ишенүүсү Кытай жетекчилеринин же эл аралык окумуштуулар тобунун пикиринин берилишине жараша болот.
Авторду көрсөтүүнүн дагы бир себеби — карама-каршы ой-пикирлер болгон учурда жоопкерчиликти кабарчыга же кабар уюмуна эмес, аны айткан адамга жүктөө. Бул жөн гана сот дооматтарынан эркин болуу эмес, анткени мыйзамдык коргоо ар өлкөдө ар кандай болот. Бул – кимдин эмне деп айтканын же кимдин позициясы кандай экени чагылдырылган журналисттик жакшы практика.
Бирок кабардагы бардык эле маалыматтардын автору көрсөтүлө бербейт. Ар бир маалыматтын булагын көрсөтө бергенде, кабар дээрлик тушүнүксүз болуп калат. Кабарчы өзү билген маалымат автору көрсөтүлбөстөн бериле берет. Талашсыз же жалпыга маалым фактылар да атрибуцияга муктаж эмес. Мисалы, футбол оюнунда кайсы команда жеӊгенин кабарчы атрибуциясыз эле айта алат, анткени упай эсеби эч кандай шектенүүнү туудурбайт. Бирок саясий дебатта талапкерлердин бирөө жеӊди деп айтуу үчүн атрибуция зарыл же мында факты эмес, пикир баяндалат.
Цитаталар жана үн фрагменттери
Кабарлар, негизинен, кабарчынын сөзү менен берилет, бирок мында башка адамдардын сөздөрү, цитаталар жана үн фрагменттери да камтылышы мүмкүн. Мыкты колдонулган учурда цитататалар окуяга катышкандардын башынан өткөргөндөрүн чагылдыруу менен кабардын таасирдүүлүгүн арттырат. Цитатаны кабарда мыкты колдонуу кабардын кызыктуулугун арттырат, анткени цитаталар жеке адамдын окуя менен болгон байланышын көрсөтөт.
Аныктама боюнча, цитатада аны ким айтканы көрсөтүлүүгө тийиш. Тике цитаталар кеминде бир сүйлөмдөн туруп, сүйлөөчү кандай айтса, ошондой берилет. Алар айтылган сөз кайталоого татыктуу болгон учурда колдонулат. Толук эмес цитаталар, негизинен, басма сөздө колдонулат да, сүйлөөчү айткан сүйлөм абдан узун же мааниси бүдөмүк болгондуктан, цитата бир сөз же фраза түрүндө болот. Кабарчы толук эмес цитатаны контекст ичинде колдонгон учурда жоопкер мамиле жасайт, анткени сүйлөөчүнүн айткан сөзүнүн мааниси өзгөрүүсүз берилүүгө тийиш. Мисалы, Франциянын президенти Жак Ширак коомдук тартип бузуулардан бир нече жума өткөндөн кийин өз өлкөсүнө мындай деп кайрылган: «Биз коомчулук үчүн уу болуп эсептелген дискриминацияга каршы күрөшпөй туруп эч нерсе кура албайбыз». Ал эми Лондондогу «Гардиан» газетасы киришүүсүндө алгы сөзүндө бир гана сөздү цитата катары келтирүү менен «Жак Ширак …расалык дискриминациянын «уусуна» каршы күрөшүүгө чакырды» деп жазган.
Интервьюда айтылган нерселердин баарын эле цитата катары келтире берүүгө болбойт. Анда цитатаны кантип тандоого болот? Мунун негизги эрежеси жөнөкөй эле: Эгер сиз өзүӊүз жакшыраак айта ала турган болсоӊуз, тике цитатаны же үн фрагментн колдонбой эле коюӊуз. Көпчүлүгү кызмат адамдары тарабынан айтылган цитаталарга жык толгон көп сандаган кабарлар мындай сыноодон өтө албайт. Айрыкча бюрократиялык тил менен айтылып, жөн гана фактылар айтылган цитаталардан оолак болуӊуз. Мэрдин «Биз кийинки жумада шаар фондунан аз кирешелүү жарандарга каражат бөлүнүшүн күтүп жатабыз» деп айткан сөзүнүн кимге кереги бар? Мындай маалымат кабарчынын өз сөзү менен жакшыраак берилет. Кабарчы мында маалыматты төмөнкүдөй бериши мүмкүн: «Мэрдин айтканына караганда, кеминде бир жумадан кийин элге шаар фондунан акча берилиши мүмкүн».
Эӊ мыкты цитаталар субъективдүү мүнөздө болуп, кабарды жеке ой-тилектер жана перспектива менен толуктайт. Алардын тили өзгөчө болуп, жеке тажрыйбаны же эксперттик билимди айкындап турат. Аларда күчтүү сезим болот дейт телекабарчы Тони Ковалевски. «Интервью учурунда колдон келишинче күчтүү сезимди кармап калыш керек»,- дейт ал. «Жазып жатканда аны сөзсүз берүү керек».
Дагы бир жакшы эреже – макаладан окулгандай эмес, чын дилден айтылгандай сезилген цитаталарды пайдалануу. Эӊ мыкты цитаталарды тандап алган соӊ окуяны ошолордун негизинде түзүү керек. Бирок АКШнын «NBC» телекомпаниясынын кабарчысы Боб Дотсон мындай деп эскертет: «Үн фрагменттерин эффективдүүрөөк баяндаманын ордуна колдонбоӊуз». Цитаталарды же үн фрагменттерин жөн эле катарынан тизе берген кабарчы көбүнчө иштин оӊоюна качырган болот.
Цифралар
Журналистика факультетинин бир окутуучусу өз студенттерин бир жолу «математиканы жек көргөн жакшы адамдар» деп айткан эле. Көпчүлүк журналисттер математиканы жактырышпайт, математика аларга керек, ошондуктан алар анын эмне үчүн керек экенин билүүгө тийиш. Цифралар олуттуу жана факты сымал сезилиши мүмкүн, бирок алар да ишенимдүү боло бербейт. Маанисиз цифра менен маанилүү цифранын айырмасын айтып берүү үчүн журналисттер цифралар менен иштей билүүгө тийиш, болбосо алар жаӊылыш же баш айландырма, ал турсун ката макала жазып коюшу мүмкүн. Өздөрү карап жаткан цифралардын туура эмес экенин айтып берүү үчүн журналисттерге математикалык туюм зарыл. Цифралар менен материалдардын артында турган маалыматтарды табуу үчүн математикалык амалдар керек. Банк иштери менен бизнести, банкроттук менен өнүгүүнү баяндоо үчүн математикалык түшүнүктөр зарыл. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, цифралар менен берилген маанини сөз менен берүү үчүн журналисттерге математикалык көндүмдөр зарыл.
Дасыккан журналисттер цифраларды түшүнүп, ага этият мамиле жасашат. Алар күмөндүү цифраны дароо таанып, арифметикага жана статистикага таянуу менен өз оюн далилдешет. Проценттерди, катыштарды, өсүүнүн өзгөрүү темптерин жана башка цифралардын ортосундагы катыштарды эсептеп чыгарууну билишет жана мунун өзү чийки маалыматтарга караганда окуяны алда канча жакшы баяндап берет. Алар цифраларды окурмандар менен көрүүчүлөр оӊой түшүнө тургандай кылып берүүгө тийиш жана алар буга милдеттүү.
Индустриясы өнүккөн азыркы дүйнөдө цифралар менен иштей ала турган журналисттер өтө баалуу. Илимий, медициналык, технологиялык жана экономикалык өнүгүүлөрдү дал мына ушундай журналисттер баалап жана баяндап беришет. Журналисттер башкалардын жардам беришин күтүп отурбастан маалыматтардагы цифраларды талдоо менен маанилүү материалдарды даярдашат.
Цифралар кайра-кайра текшерүүдөн өткөн соӊ кабарчы аларды кабарда кантип колдонуу жагын чечиши керек. Мындагы негизги эреже – цифралар канчалык аз болсо, ошончолук жакшы деген эреже. Цифралар түшүнүктүү болуш үчүн тегеректелип, контекстте тактык үчүн пайдаланылууга тийиш. «Цифранын мааниси чоӊ эмес», — дейт Пол Хемп, «Өнүгүп бараткан экономикаларда бизнес жана экономика боюнча билдирүү берүү үчүн он практикалык кеӊеш» (Ten Practical Tips for Business and Economic Reporting in Developing Economies) аттуу китептин автору. «Анын чыныгы мааниси салыштырма баалуулугунан келип чыгат». Алсак, мектеп чыгымынын көбөйүшү жөнүндөгү кабар чийки цифраларды ар бир балага жумшалуучу кошумча суммага айландырышы мүмкүн. Жыл сайын өпкө рагынан каза болгон адамдардын саны жөнүндөгү кабарда бул цифра гигант авиалайнердин күн сайын кыйрашы менен барабар экендиги көрсөтүлүшү ыктымал. Математиканы жакшы билбеген журналисттер кылмыш статистикасы, булгануу нормалары, жумушсуз адамдардын саны сыяктуу айланасындагы чөйрө маалыматтарын чечмелеп берүү энчисинен кур калат. Өз сенсациясына ылайыктуу математикалык көндүмдөрсүз журналисттер өздөрү көздөгөн тактыкка жете алышпайт.
4-бап
Материалды редакциялоо
Эртеӊ мененки саат тогуз, кабар бөлүмүндөгү редакциялык чогулуш ар бир кишинин ошол күнү иштей турган материалын талкуулоо менен башталат. Айрым кабарчылар менен сүрөтчүлөр ошол күнкү кабарларды даярдоо үчүн тапшырма менен кеткен болот. Алардын кээ бирлери тапшырманы мурунку түнү алышкан, башкалары бүгүн эртеӊ менен кабар бөлүмүнүн жетекчилери катышкан чогулуштан кийин кетишкен.
Атайын тапшырма берилбеген кабарчылар жетекчиси менен сүйлөшүп, кабарды кечки берүүлөргө же эртеӊки газетага чыгарууга аракет жасайт. Маалымат бөлүмүнүн редактору бериле турган кабарлардын тизмесин карап чыгат. Чечимдер чыгарылган соӊ жетекчилер чогулуп газетанын санына же берүүлөргө кете турган кабарлардын топтомун сыдыргыдан өткөрүшөт. Ушул учурда жетекчилердин жаны жай алып отуруп калат деген ой келиши мүмкүн. Бирок кабарлар бөлүмүндө бир дагы чечим биротоло чыгарылбайт. Сөзсүз түрдө пландар өзгөрүп турат. Күтүлбөгөн жаӊылыктар болуп кетиши мүмкүн, кабарлардын айрымдарын алып салууга туура келет, анткени алар күтүлгөн натыйжаны бербей калат. Ал эми башкалары толугураак баяндаманы талап кылат, аларды кийинки күнү толуктоого болбойт. Кайсы кабар берилип, кайсы кабар алынарын жана кайсы иштер аткарыларын чечүү — кабар бөлүмүнүн жетекчилеринин, редакторлордун жана продюсерлердин иши. Алар маанилүүлүгүнө, кызыктуулугуна, жаӊы жагдайларга жана колдо бар убакыт менен орунга карап туруп кабарларды тандашат жана алардын курамын өзгөртүшөт. Бирок редактордун иши муну менен эле бүтпөйт. Газета басмаканага кетерден мурун же кабарлар эфирге чыгардын алдында редактор аткарчу турган дагы бир маанилүү роль бар. Алар элге сунуш кылынган кабарлардын жакшы жазылгандыгын же берилгендигин, ошондой эле так, толук жана калыс мүнөздө экенин текшерип чыгууга тийиш.
Көпчүлүк кабар бөлүмдөрүндө бир нече редактор иштейт. Көпчүлүк кабар уюмдарынан күн сайын түшүп турган кабарларды карап чыгуу бир адамдын колунан келбейт. Чоӊ жаӊылык бөлүмдөрүндө бир нече редактор болот да, алар бөлүм жетекчисине, газетанын башкы редакторуна же радио жана телекабарлар бөлүмүнүн жетекчисине баш ийишет. Көрүнүп тургандай, редактордун иши чоӊ адистикти, жогорку билимди жана ошондой эле тез өзгөрүлүп туруучу жагдайда ыкчам иштей билүүнү талап кылат.
Газетанын иштери
Кадимки күн сайын чыгуучу газетанын ар түрдүү кабарларды берип туруучу кабарчылары болот. Жергиликтүү газетадагы көпчүлүк кабарчылар адатта өз «шаары» үчүн иштешет да, газета тейлеген коомчулуктагы жаӊылыктарды чагылдырышат. Ал эми бүт өлкөгө таралуучу чоӊ газетанын улуттук жана эл аралык же чет өлкөлүк бөлүмдөрү, өлкөнүн борборунда жана башка өлкөлөрдө жайгашкан кабарчылары болот. Айрым кабарчылар газетанын атайын бөлүмдөрү үчүн иштөө менен спорт, бизнес кабарларын же сенсациялык материалдарды берип турушат. Бул бөлүмдөрдүн ар бирин бир редактор башкарат, ал кабарчылрдын ишин көзөмөлдөп турат. Анын бир же бир нече жардамчысы болушу мүмкүн. Газеталардын редакторлору материалдарды бөлүштүрүшөт, жазылган текстти редакциялашат, беттердин дизайнын жана макетин көзөмөлдөшөт. Чоӊ газеталардын көпчүлүгүндө редактор бул иштердин бирине гана адистешет, бирок чаканыраак газеталарда бул иштердин баарын бир эле киши аткарат. Мындан тышкары газеталарда сүрөтчүлөрдү көзөмөлдөөчү сүрөт редактору жана карталарды, схемаларды жана башка ушул сыяктуу графикалык маалыматтарды даярдаган сүрөтчүлөрдү көзөмөлдөөчү графикалык редактор болушу мүмкүн. Чоӊ газеталарда аналитиктер штаты да болот, алар кошумча маалыматтарды жыйноодо кабарчыларга жардам беришет жана газетада жарыяланган кабарлар сакталуучу китепкананы кармашат.
Радио жана телекөрсөтүү иштери
Радио жана телекөрсөтүүдөгү жаӊылык бөлүмдөрү газеталардагыдан башкачараак. Радио жана телекабарчылардын көпчүлүгү кабарлардын белгилүү бир түрүнө адистешишпейт, бирок алар мунун ордуна эртеӊ мененки кабарлар жана кечки кабарлар сыяктуу атайын чыгарылыштарга дайындалышы ыктымал. Радио жана телеберүүлөр продюсер тарабынан башкарылат да, ал кайсы кабарлар, канча узактыкта, кандай тартипте эфирге чыгарын чечет. Чоӊураак кабар бөлүмдөрүндө продюсерлердин ишин аткаруучу продюсер көзөмөлдөйт.
Кабарчылардан тышкары радио жана телекабарлар бөлүмүндө кабарчылар берген жаӊылыктарды эфирге алып чыга турган дикторлор же алып баруучулар болот. Радио жана теле дикторлор адатта бир нече жолу кабарлар менен чыгышат.
Телекабарлар бөлүмүндө редактор деген наам кээде видео жана аудиоматериалдарды кесип кыскартуу менен эфирге даярдаган адамдарга берилет. Көптөгөн кабар бөлүмдөрүндө видеоматериалдарды тарткан фотожурналисттер кабарчылар жазган материалдар менен иштейт.
Редактордун ролу
Чакан газетадагы редакторлук жумуштун милдети жөнүндө мындай деп айтылат: «Бул адамдын жазуу, редакциялоо жана макет түзүү боюнча мыкты жөндөмү болууга тийиш. …Ал так, жоопкерчиликтүү болуп, жамаат менен иштей билген жана жетектей ала турган адам болуш керек». Жаӊы продюсерди жумушка чакырган чоӊ телеканал «кабарларды жакшы билүүнү …мыкты жаза билүүнү… жетектөө тажрыйбасынын болушун, көп багытта иштей алууну жана тыкандыкты» талап кылат.
Редактор мыкты журналист жана кабар бөлүмүнүн лидери болууга тийиш.
Көрүнүп тургандай, редактор мыкты журналист жана кабар бөлүмүнүн лидери болууга тийиш. Редактор кабарларды мыкты билиши керек, анткени ал кайсы кабарлардын ким тарабынан берилиши үчүн жооптуу жетекчи катары кызмат кылат. Кабарчылар менен материалды талкуулап, кошумча маалыматтарды берүү үчүн көбүрөөк адамдарды ишке тарта билиш үчүн ал жакшы кабарчы болууга тийиш. Редактор кабарды берүү, тема коюу же тандоо, сүрөт, мукаба жана иллюстрациялоо иштерине түздөн түз катышат. Ал кабарчылар жамаатын жетектеп, шыктандыра билиши керек. Редакторлор менен продюсерлер кабарчылар менен биргелешип иштешип, алардын кабарларын талкуулап, текшерип турушат. Газета редакторлору материалды текшерип чыгып, иллюстрацияларды (схемаларды, сүрөттөрдү) тандашат, кабардын жана анын темасынын кандай жайгашарын чечишет. Көпчүлүк теле жана радио кабар бөлүмдөрүндө продюсер кабардын мазмунун жактырганга чейин кабарчылар өз материалын жаздырышпайт. Продюсерлер да берүүлөрдөгү кабарлардын кандай тартипте берилерин жана ар бир кабарга канча убакыт бөлүнөрүн чечишет.
Материалды редакциялоо
Редактор кабардагы ар бир катаны издеген экинчи көз катары кызмат кылат. Анткени кабарчылар өз материалын редакторго берердин алдында дайыма текшерип чыгууга тийиш. Биринчи нуска жакшы башталыш, бирок ал башталыш гана болуп эсептелет. Ар кандай кабарчы өз материалын текшертип турууга тийиш. Аныктама боюнча, жакшы кабар кайра жазууну талап кылат.
Тактыкты текшерүү редакциялоонун биринчи баскычы болуп эсептелет. Редактор грамматикалык жана маанилик каталарды, ошондой эле орфографиялык каталарды карап чыгат. Ал атооч-этиш жана зат-атооч-ат атооч айкашууларына көӊүл бөлөт. Редактор кабардагы бардык цифралардын (даректер, телефон номерлери, жаш-курактар, даталар жана убакыттар) тууралыгын текшерет. Ал кабарчынын ар кандай математикалык эсептөөлөрүн текшерип чыгат. Кабарчы сөзүнөн үзүндү келтирген кишилердин наамдары туура берилгендигин тастыктайт жана кабардагы атрибуциянын колдонулушун башынан аягына чейин карап чыгат.
Редактор ошондой эле фактыларга байланыштуу каталарды жана калыс берилгенин да карап чыгат. Ал кабарларды скептикалык маанайда карап, төмөнкүдөй суроолорду эске тутат:
• Кабарчы муну канчалык деӊгээлде билет?
• Аудитория эмне үчүн буга ишенүүгө тийиш?
• Кабардагы негизги маселе далилденгенби?
• Цитаталар так берилгенби жана алар авторлордун айтайын деген оюн так бере алабы?
• Бардык тараптар бирдей каралганбы?
• Калып калган нерселер барбы?
• Кабар калыс жазылганбы?
Редакторлор мындан тышкары жергиликтүү маданиятка жараша өзгөрө бере турган табит жана тил маселелерине да көӊүл бурууга тийиш (Биз бул тууралуу «Этика жана мыйзам» деп аталган 7-бапта кененирээк сөз кылабыз). Редакторлор менен кабарчылар материалды үн чыгарып окуу менен (өзгөчө теле жана радио кабар бөлүмдөрүндө) өтө узун сүйлөмдөрдү, кайталоолорду, ашыкча фразаларды жана мааниси эки ача сөздөрдү алып ташташы керек. Көптөгөн кабар бөлүмдөрүндө редакторлор ушул сыяктуу негизги проблемаларды кабарчылар менен кеӊешпестен туруп чече алат.
Редакторлор жөн эле корректорлор эмес, алар сөздүн толук маанисиндеги журналисттер болуп саналат. Көпчүлүк редакторлор менен продюсерлер кабарчылык тажрыйбасы менен жөндөмүнө ээ. Ошентип, алар кабарчынын материалын окуп жатканда жөнөкөй эле тактыкты эмес, андан олуттуураак нерселерди карашат. Алар бул маселе тууралуу эч кабары жок адамдарга бул кабардын мааниси болорун билгиси келишет. Алар кабарлардын кызыктуу болушуна кам көрүшөт. Эгер материал жакшы чыкпай калса, редактор же продюсер кабарчы менен биргелешип иштөө менен аны оӊдогудай болуш керек. Жетекчилик жөндөмүн пайдалануу менен алар адатта «машыктыруу» деп аталган процессти өткөрүшөт.
Машыктыруу
Машыктыруу – кабардын проблемаларын өз алдынча чечүү үчүн кабарчыга жардам берүүнүн жолу. Редакторлор кемчиликтерин белгилөө менен кабарчыларды өз материалын кайра жазууга мажбурлаган учурда, бул кабарчылардын капа болуусуна жол бербейт. Бул ошондой эле кабарчылардын бир эле жаӊылыштыкты кайра-кайра кайталай бербестен, жакшыраак иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берет. «Жакшы редактор кабарчыны материал жазып жатканда сүйлөшүү жолу менен машыктырат», — дейт Жойси Базира, Танзаниянын «Аласири» газетасынын кабар бөлүмүнүн редактору. «Машыктыруу учурунда …кабарчылар да редактор менен ой бөлүшүп, кездешкен проблемасын аны менен чогуу чечкенге аракет кылат».
Машыктыруудагы көндүмдөр ынтаа коюп угуу жана жакшы суроолорду берүү сыяктуу жакшы журналисттерди айырмалап турган көндүмдөргө жакын. Адатта кабарчылар өз кабарларындагы проблемаларды жакшы билгени менен аларды чечүүнүн жолдорун билишпейт. Машыктыруунун милдети – суроолорду берүү жана тыӊдоо, кабарчылардын өз материалын оӊдоосуна мүмкүнчүлүк берүү. Бул айрым редакторлор ойногон «координатордун» ролунан таптакыр башкача.
Машыктыруучу
Кабарчыга жардам берет;
Машыгуу аяктаганга чейин жардам берет;
Кабарчыны өстүрөт;
Күчтүү жагын өнүктүрөт;
Көзкарандысыздыкка тарбиялайт;
Биргелешип текшерет;
Координатор
Кабарды тартипке салат;
Мөөнөттү белгилейт;
Кабарчыны атайын жаӊылтып көрөт;
Чабал жагын көргөзөт;
Кабарчыны капа кылат;
Жетекчиликти өз колуна алат.
Көп редакторлор кабарчыларды машыктырууга каршы чыгышат, анткени бул өтө көп убакытты талап кылат деп ойлошот. Алар өзүбүз тезирээк оӊдойбуз деп ойлошот. Мезгили келгенде машыктыруу зарыл болбой калышы мүмкүн. Газета убагында басылып, радио жана теле кабарлар эфирге өз убагында чыгууга тийиш болгондуктан, каталардын кайталанышына жол берилбейт. Бирок машыгууга жол берилген кабар бөлүмдөрүндө редакторлор кабарчынын материалын текшерүү үчүн акыркы мүнөткө чейин күтүп отура бербейт. Редакторлор кабарчылар менен башынан-аягына чейин чогуу иштеп, жардам беришет, ушундан улам соӊунда материалды редакциялоого азыраак убакыт кетет. Азыркы учурда «Нгами таймс» газетасында иштеген ботсваналык журналист Родрик Мукумбира машыктырууну кабар бөлүмүндөгү редактордун негизги иши катары карайт. «Редактор кабарчыга тапшырма берип, анан кабардын каталарын оӊдоо менен эле чектелбөөгө тийиш», — дейт Мукумбира. «Ал убакытты үнөмдөө үчүн кабар жазуу процессине (кабарчы киришүүнү жазып жатканда эле) катышууга тийиш.»
Машыктыруучу редактор кабарчы менен ал кабар бөлүмүнөн чыгып баратканда же келип, кабар жазууга киришерден мурун сүйлөшүүгө тийиш. Ал кабарчыга жардам бере турган төмөнкүдөй жөнөкөй суроолорду бериши мүмкүн:
• Эмне болуптур?
• Сиздин кабарыӊыз чынында эмне жөнүндө болот?
• Аудитория эмнени билүүгө тийиш?
• Муну сиз канткенде ачык бере аласыз?
• Өз кабарыӊыз жөнүндө кандай ойдосуз?
• Кандай иштерди аткаруу керек?
• Эми сиз эмне кылсам деп ойлойсуз?
• Мен сизге кантип жардам берсем болот?
Машыктыруучу редакторлор кабардан дайыма мактай турган, сүрөй турган нерселерди издейт жана мүчүлүштүктөрдү учкай көрсөтүү менен чектелет. Пойнтер институтунан Жилл Гейслер машыктырууда жөн гана катышып отурарын айтат. Машыктыруучу катары ал кабарчынын материалына тийишпейт, мунун ордуна ал кабарчыны ынтаа коюу менен тыӊдап, тактай турган учурда гана ага суроолорду берет.
Машыктыруу кабар бөлүмүндөгү курч журналистикага өбөлгө түзөт. Ал диалогду жазага эмес, сыйга айландырат. Адамдар адатта кылган ишин жакшы эстеп калгандыктан, машыктыруу журналисттердин өз ишин мыкты аткаруусуна жардам берери шексиз.
Кабардын аталышы, тезистер жана сүрөт тексттери
Кабарчылардын материалдарын редакциялоодон тышкары редакторлор кабарларды коштогон кошумча материалдар үчүн да жооп берет. Газеталарда жана интернет кабар бөлүмдөрүндө иштеген редакторлор кабарларга тема коюп, сүрөттөргө текст жазышат. Кабардын аталышы анын мазмунун чагылдыруу менен бирге реклама да болот. Ал кабардын эмне тууралуу экенин аудиторияга билдирүү менен аны баштан-аяк окуп чыгууга кызыктырат. Ал эми сүрөттүн алдындагы текст жөнөкөй эле атоо менен чектелбестен, окурмандарга ал тууралуу баяндап берет. Радио жана теле кабар бөлүмдөрүндө продюсерлер кабарлардын темаларын, ошондой эле угуучуларды же көрүүчүлөрдү өзүнө тартып кызыктырып, кабарды баштан-аяк угууга же көрүүгө мажбурлай турган кыскача тезистерди жазышы мүмкүн.
Аныктама боюнча, кабардын аталышы кыска жана кызыктуу болуш керек. Басма сөздөгү кабардын аты кабардын мазмунун чагылдыруу менен бирге окурмандын көӊүлүн буруп, кабарлардын берилишин уюштурууга жана ар түрдүү көлөмдөгү тамгалардын колдонулушу аркылуу ар бир кабардын салыштырма маанилүүлүгүн көрсөтүүгө жардам берет. Кабардын аталышын жазып жатканда редактор алгы сөздү кыскартып, бир нече сөз менен берип койбойт. Жакшы редактор кабардагы негизги маселени анын аталышына сыйдырууга аракет кылат, ушундан улам кабарга ат коюудан мурун аны менен толук таанышуу зарыл. Редактор кабарды башынан-аягына чейин окуп чыгып, аны коштогон сүрөттөр менен схема-таблицаларды карап чыгууга тийиш. Эгерде негизги маселе ачык болбосо, редактор жаӊылыш же туура эмес ат коюудан мурун кабарчы менен кеӊешүүгө тийиш. Мындан тышкары, редактордун түшүнбөй калышынын өзү эле материалды кайра иштеп чыгуу керектигин көрсөтөт. кабар аттарынын тили жөнөкөй жана ачык болууга тийиш. Энчилүү аттарды жана учур чакты колдонуӊуз. Адатта байламталар колдонулбайт жана жардамчы этиштер түшүрүлбөйт. Бир аял менен анын жигити банкты тоноп жатканда кармалгандыгы баяндалган кабар «Бандит, жигит тоноп жатканда кармалды» деп аталышы мүмкүн. Бирок ат коюучулар кыскалыгына кызыгып коё берүүчү этиштерден оолак болгон оӊ. Аӊгемелешүүдө «сына», «кара», «кама», «атаандаш», «топто» деген сыяктуу этиштер дээрлик колдонулбагандыктан, алар кабардын аталышына да кирбей тургандыгы шексиз.
Аныктама боюнча, кабардын аты кыска жана кызыктуу болуш керек.
Кабардын аталышы анын жалпы маанайына ылайык келиш керек. Оор жаӊылыктар тике корутундуну талап кылат, мисалы, «Зимбабве индепендент» газетасында бир кабар «Контрабандисттер Зимбабвенин алтын өндүрүшүнө доо кетиришти» деген ат менен берилген. Кабардын аталышы окурмандарга анын эмне тууралуу экендигин ачык билдирүүгө тийиш. Ал эми жеӊил кабарлардын аталыштары, тескерисинче, кабардын мазмунун учкай гана көрсөтөт, анткени алар көбүнчө окурмандарды кызыктыруу максатын көздөйт. Мисалы, Аргентинанын «Буэнос-Айрес геральд» аттуу газетасы ушундай мүнөздөгү бир кабарды «Шок Мадонна кайтып келди» деген ат менен берген.
Кабар аттарына чектелүү орун берилгендиктен, газета редактору кабар аттарын курама сүрөт-табышмак түрүндө бериши мүмкүн. Америкадагы «Ньюарк стар-леджер» газетасынын редактору Жоэл Писетснер: «Мен сөздөрдү өзүнчө кагазга жазып, кайра-кайра аралаштырып туруп анан тандап алам», — дейт. Бул күлкүлүү болушу мүмкүн, бирок редакторлор окурманды эске алганда мунун маанилүү экенин айтышат. Көп колдонулган сөздөрдөн оолак болуп, мааниси эки ача сөздөрдөн этият болуӊуз. Күлкүлүү, курч же кызыктуу кылганга өтө катуу аракет кылган учурда да кабар аталыштары көбүнчө ойдогудай чыкпай калат. Кабардын аталышы баарынан мурун жаӊылыш болбостон, так жана жөнөкөй болуш керек. Кабардын аталышында эмне болсо, кабардын өзүндө да ошол нерсе болууга тийиш. Окурмандын кыжырын атында айтылып, бирок өзүндө жок болгон кабар сыяктуу эч нерсе кайната албайт.
Кабар аталышы сыяктуу эле телерадио тезистери да көрүүчүлөрдүн көӊүлүн кабардын калган бөлүгүнө буруу максатын көздөйт. Тезистер да кабардын аталышында айтылган эрежелердин көбүнө баш иет. Продюсерлер кабарды карап көрүп, тезисти жазардан мурун кабарчы менен сүйлөшүүгө тийиш. Көп колдонулган курч сөздөр кабар аталыштарындагыдан да көбүрөөк таасирсиз болот. Тезистерде кабар мазмунунан тышкары эч нерсе убада кылынбоого тийиш.
Газетадагы кабар аталыштарынан айырмаланып телерадио тезиси толук сүйлөмдөр менен жазылат. Ал кабардан бөлөк берилип, ортодо башка кабарлар менен рекламалар болушу мүмкүн. Тезис адатта кабар аталышы сыяктуу кабардын мазмунун жыйынтыктабайт, анткени ал көрүүчүнү кызыктыруу максатын көздөйт. Анын ордуна продюсерлер айрым суроолорду жоопсуз калтырган тезистерди жазат же кабарды аягына чейин көргөн көрүүчүлөр пайда табарын убада кылуу менен аларды күтүүгө мажбурлашы мүмкүн.
Бул айырмачылыкты байкоо үчүн Америкадагы «Лос-Анжелес таймс» газетасынын Аммандан (Иордания) алган кабарынын алгы сөзүн карап көрөлү: «Жекшемби күнү Иорданиянын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнө келген ирактык аял өткөн жумада үч отелди жардыруу менен 57 кишинин өлүмүнө себепкер болгон «Ал-Каида» жанкечтилеринин төртүнчүсү экенин билдирди». Газета кабарынын аталышы төмөнкүдөй болду: «Ирактык аял отелди жардырууга кантип аракет кылганын жай гана баяндап берди». Ал эми ушул эле кабардын «Эн-Би-Синин» түнкү жаӊылыктарындагы тезиси мындай болду: «Бул аял ким? Эмне үчүн ал Иорданиядагы отелди жардыргандардын төртүнчүсү болууга макул болгон? Жаӊы маалыматтарды бүгүн түнү көрө аласыздар». Телекөрсөтүү тезисинде аялдын дини айтылбайт, мунун ордуна анын ролу жөнүндөгү көрүүчүлордүн суроолоруна жооп берүү убада кылынат.
Сүрөт тексттери да кабар аттарынан башкача максатты көздөйт. Кабар аталыштары сыяктуу кыскача мазмунду берүүнүн ордуна мындай тексттер окурмандын сүрөттөгү нерселерди түшүнүүсүнө жардам берет. Сүрөт менен текст биригип келип чакан баяндаманы түзөт да, окурман кабардын өзүн окубастан туруп аны түшүнө алат.
Текстте сурөттөгү адамдардын ким экени так көрсөтүлүүгө тийиш. Эгер анда бир нече адам болсо, окурманга негизги каарман «шапке кийип турган киши» же «оӊ жакта турган киши» экенин көрсөтүп койгон пайдалуу болот. Сүрөт тексттеринде кабар аталышындагы сөздөр же кабардагы сүйлөмдөр кайталанбоого тийиш. Текст жазууда сүрөттөн ачык көрүнүп турган нерселерди жазуунун зарылдыгы жок. «Карлос Фернандес самолёттон жылмайып түшүп келатат» деген текске караганда «Карлос Фернандес 15 жылдык сүргүндөн кийин салтанаттуу түрдө кайтып келди» деген таасирдүүрөөк болору бышык.
Көпчүлүк сүрөт тексттери кыска болуп, майда тамга менен жазылып, бир-эки саптан турат. Бирок кээде газета же интернет сайты көп сандаган сүрөттөрдү берип, аларга узун баяндама кошумчалоо менен толук бир окуяны сунуш кылышы ыктымал. Узунураак тексттерде сүрөттөгү адамдардын сөзүнөн үзүндү да берилиши мүмкүн.
Графикалык жана визуалдык материалдар
Газета кабарчылары кээде графикалык материалдарды колдонууга нааразы болушат, анткени алар орунду көбүрөөк ээлеп, кабарды кыскартууга мажбурлайт. Бирок жакшы графикалык материал газетанын кооздугун арттырып, окурмандарды кызыктырат жана кабарлар да түшүнүктүүрөөк болот. Газета дизайнери Рон Рисон айткандай, графикалык материалдар – «декорация эмес, маалымат». Бош орунду же бош эфир убактысын толтуруу графикалык материалдарды колдонуу үчүн жөндүү себеп эмес. Графикалык материал окурмандын же көрүүчүнүн кабарды жакшы түшүнүшүнө өбөлгө түзүүгө тийиш, демек, графикалык матералды түзүүнүн же тандоонун алдында редактор материал менен толук таанышып чыгышы керек. Графикалык материалдарды адатта сүрөтчүлөр түзүшөт, ал эми редактор маанилик жагын кароо менен ал чагылдыра турган маалыматты табат жана анын тууралыгын текшерет. Графикалык материалдар негизги фактыларды бериши же процессти иллюстрациялашы мүмкүн. Сиз өлкөӊүздөгү абанын булганышы жөнүндө материал даярдап жатасыз дейли. Мында карта кайсы жерде аба өтө көп булганганын көрсөтө алат. Иллюстрация абанын булгануусу өпкөгө кандай таасир тийгизерин көрсөтүшү мүмкүн. Графикалык материалдардын эки тиби теӊ басма сөздөгү сыяктуу эле телерадиодо даколдонула берет.
Маалымат каражаттарынын кандай гана түрүндө болбосун маалыматка жык толгон графикалык материалдардан оолак болгон оӊ. Окурман же көрүүчү графикалык материалды көрөр замат эле негизги ойду илип ала тургандай болуш керек. Графикалык материал жол белгиси сыяктуу болуш керек – айдоочунун аны окуп үйрөнүүгө убактысы жок, анткени ал ылдам баратат, ошондуктан маалымат ачык жана оӊой кабыл ала тургандай болууга тийиш.
Сиз шаардын жылдык бюджети 10 жыл мурункуга караганда эки эсе өскөндүгү тууралуу кабарды окуп жатасыз дейли. Анан өсүү, негизинен, соӊку үч жылдын ичинде болгону байкайсыз. Акыркы он жылдын ар бир жылындагы өсүү көрсөтүлгөн мамыча түрүндөгү диаграмма муну даана бере алар эле.
Окурмандар менен көрүүчүлөр цифралар менен эмес формалар менен берилген маалыматты оӊоюраак кабыл алышат. Мисалы, шаарыӊыздагы тургундарды сүрүп чыккан бизнестин өнүгүүсү тууралуу материалда сиз квартиралар менен офис имараттарынын санын салыштыруу аркылуу келтиришиӊиз мүмкүн. Бирок бул экөөнүн катышы көрсөтүлгөн сектордук диаграмма мындан да таасирдүүрөөк болор эле. Мүмкүн болушунча цифраларды эмес, катышты салыштырыӊыз. Бир шаардагы СПИДден каза болгондордун санын тургундары 10 эсе көп болгон экинчи бир шаардыкы менен салыштырып, эки эсе көп экен деп жыйынтык чыгаруу жаӊылыш болор эле. Өлгөндөрдүн саны менен тургундардын санынын катышын эсептеп чыгаруу менен муну так көрсөтүүгө болот. Графикалык материалдар менен иштеген редакторлор статистикалык маалыматтарды дароо түшүнүп, аларды кабардын так жана жеткиликтүү болушу үчүн пайдаланууга тийиш.
Көзөмөлдөө
Биз жогоруда белгилегендей, редакторлор көзөмөлдөөчү да, журналист да болушат. Алар күн сайын кабарчылар менен күндөлүк кабарлар боюнча иштегендиктен, алардын кемчиликтерин көзөмөлдөп турушат. Алар кабарчылардын өз ишин жакшыртуусуна жардам берүүнү көздөшөт. Көп редакторлор өздөрү көзөмөлдөгөн кызматкерлердин жылдык иштери үчүн да жооп берет жана бул өз ара байланыштын формалдык тиби болуп эсептелет.
Эффективдүү өз ара байланыш өз убагында жана жекече мүнөздө болот. Ал адамдарга жана жазууга карата болушу мүмкүн. Көпчүлүк редакторлор мактоону элдин көзүнчө, ал эми сынды адамдын өзүнө айтыш керек деп эсептешет. Иши өтө көп редакторлор үчүн кызматкерлер менен жекече жолугушууну камсыз кылуунун бирден-бир жолу туруктуу өтүп туруучу чогулуштар болуп эсептелет. Кызматкерлерге өз иштерин кандай аткарып жатканын билдирип туруу жалпы иштеги жагымсыз сюрприздерден оолак болууга мүмкүнчүлүк берет.
Кабар бөлүмүнүн жетекчилери кызматкерлер менен иш боюнча ачык пикир алышуунун жолун табууга тийиш. Мындай иштер жайынча аӊгемелешүү же аноним сурамжылоо барагын толтуруу түрүндө болушу ыктымал. Кандай жол менен болгондо да жетекчилер кызматкердин ачык болушун жана жыйынтыктар жакшы болбогон күндө да нааразычылыктар болбошун каалашарын баса белгилөөгө тийиш. Алар үчүн негизги маселе — канткенде кызматкерлердин иши оӊолорун билүү.
Башкы редакторлор жана кабар бөлүмүнүн жетекчилери бөлүмдөгү жакшы маанайды жаратуу менен кабар бөлүмүнүн иш маданиятынын түзүлүшүнө жардам беришет, кызматкерлер бөлүшө турган нормалар менен баалуулуктарды негиздешет жана бекемдешет. Жакшы башкарылган кабар бөлүмдөрүндө редакторлордун сүйгүнчүгү болбойт. Алар ачык мамилелерге өбөлгө түзүп, ар бир кызматкер кабар уюмунун максаттарын жакшы түшүнүшүн камсыз кылуу үчүн чогулуштарды өткөрүп турушат. Редакторлор кызматкерлердин моралдык абалына көӊүл буруп, ийгиликтерди салтанаттуу түрдө белгилеп, мыкты жетишкендиктер үчүн сыйлык берүү менен колдоп турушат. Жакшы ишти эл алдында айтуу буга жетишүүнүн бир жолу болуп эсептелет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *