АҢГЕМЕ 

— Э кайда жүрөсүң көрүнбөй? Канча болду көрүшө элегибизге?

— Кайда жүрмөк элем, көрүнгөн жакта… Көрүнгөн иште… Өзүңчү?.. Дале театрдасыңбы?

— Кеткем ал жактан. Баягы кенедейлердин алды үйлөнүп, неберелүү болгом. Ушул жашка чейин жатаканада жашаган уят экен. Театрдан кеткенден бери там-таш кургам өзүнчө. Антпесе куда сөөктөн, элден уялат экен киши.

— А-а кеч болсо да туура кылыпсың. Мен го ырас убагында кетиптирмин.

— А мага өмүрдүн далайы сая кеткенден кийин акыл кирди да…

Бул экөө бир кезде опера-балет театрында чогу иштеген эски тааныштар. Бири – театрда администраторлукта иштеген Тентимиш. Экинчиси – театр солисти болалбай калган Карузо. А баса, Тентимиш да солист болмок, бирок тагдыр ага театр солистигин буюрбаптыр. Эмесе окурман, колуңа жүз арчыңды алып ал азыртан, көзүңөн сыгылган жашты кургатып отурганга. Ыйлайсың же күлөсүң…

Тентимиштин кыскача таржымалына келсек, СССР империясы кулап, театрлар камкордуктан, көзөмөлдөн ажыраган кыйың кезең. Тентимишке анда институтту бүтүрөрү менен театр солисти болуш кайда-а. Өздөрүн «бельканто» санаган пенсиядагы улуу муундан орун бошободу ага. Улуу муун жаштарды соороткон салттуу бир «кеңеш», салттуу бир «тартип» орноп калыптыр эбактан. Алар Тентимиштин үнүн угуп, баары бир ооздон макташты. «Келечегиң кең ырчы турбайсыңбы»; «Сенин үнүң Алибек Днишевдин аргендүү кооз үнүндөй экен»; «Днишев эмне… Днишев болгону камерный ырчы. Бул бала дадил опера ырчысы! Үнү Франко Кореллиникине жакын-н!» Бирок алардын эч кимиси Днишев менен Кореллиден кем калышпайт деген Тентимишке театр хорунда убактылуу иштеп тур дегенден башка оңгулуктуу кеңеш беришпеди. Театрда жадагалса жаш герцог менен жаш Сыргактын партиясы да картаң солисттерден артпады. Ансыз да Днишев менен Кореллиден ашып түшөр Тентимиш тургай Энрико Карузонун өзү, Бениамино Джильи, Тито Скипа, Дель Монакодон «ашкан» тенорлор канча жылдап хордо иштешчү. Ошол жүнүн жеген тенорлордун баары вакант жогунан хордо иштеп калышкан. Тентимиш да ошолордун жоон сабын толуктады. Башка арга таппады.

А Карузонун тагдыры, Тентимиштикинен да кейиштүү. Анын үнүн уккандар түз эле «Сен Кар-рузо турбайсыңбы» дешти. Аныгында минтип айткандардын баары эбак карт бөрүгө айланган «белькантолор» эле. Чынында театр босогосун аттаган күндөн баштап анын үнүнүн кубаттуулугун, кооз тембрын мактаган картаң артисттердин уйкулары бузулду. Бирөөсү: «Карузо өзүнүн чыгармачылыктагы чыйыр жолун хордон баштаган» десе, ага кыпчылган бирөөсү: «Туура, туура! – деди кыйпычыктап. – Мыкты солисттердин баары хордон чыгышкан. Хордогу киши эч качан фальшь ырдабайт. Слуху абсолютный ырчылар өздөрүн хордон тарбиялаган».

Миңжылкиев да убагында хордо ырдаганын бетке кармашты. Дагы биринин мактоосу баарыныкынан ашып түштү: «Үнүңдүн тембры чыныгы итальянецтердикиндей кооз!» деп. Деп коюшуп… сценадагы орус, Европа, анан өзүбүздүн улуттук классикадагы опералардын баарында жаш каармандардын образын 70 жашка чейинки чал, кемпир курагындагы артисттер аткаргандыктан – Карузо да театрдын жоон топ хорунда тизилген тенорлордун экинчи катарына барып кошулду. Тентимиш экөө ошондон бери тааныш.

Хордо өңчөй Джильи, Скипа, Монако, Ланцо, Паворотти, Кареррас, Доминго өңдүү булбулдар толуп кетти акыры. Бас, баритондордун арасында да Шаляпин, Руффо, Отс, Миңжылкиев өңдүү ырчылар жок эмес. А сопрано, альттардын арасындачы… Силс, Архипова… даа кимиси бар?.. Йе, Кабалье, Образцова өңдүү улуу ырчыларга теңтайлаш ырчылар болбой коймокпу. Болушту. Некин, булардын баары хордун гана солисттери!

Генералдыкты самабаган солдат болбогондой, соло номурду кандай вокалист самабайт. Дымагы күч Тентимиш бир курдай нааразычылык билдирди театр жетекчилигине: «Көптүн арасында жүргөнүмө беш жыл өттү! А качан солист болом?» Анын тирикарактыгын көргөн театрдын башкы режиссеру менен башкы дирижеру өз ара кеңешип, акыры «Паяцы» операсындагы жарыбаган бир крестьяниндин ролун берип коюшту. Анда ария деле ырдабайсың: спектаклдин жүрүшүндө хордун арасындагылардан бөлүнүп чыга калышың керек, чолок эки сапты созуш үчүн.

«Солист болуп сценадан качан ырдап чыгасың? Дайымале хордун арасынан көрүнөсүң…» дечүлөрдү Тентимиш бир күнү «Паяцы» операсы болорго жакын театрга чакырып салганын кантесиң…

«Паяцы» башталды. Залда көрүүчүлөр аз үчүн кол чаап жарытышпады. Анда-санда жерде соксоюп гүл кармап отургандар Тентимишти куттуктаганы келген санаалаштары, тилектештери, туугандары. Эки бөлүктүү спектакль аяктаганга чейин Тентимиш бир эле жолу жылт этип көрүндү. Дагы качан чыгарын күтүшкөн, бирок ал ошол бойдон сценада пайда болбоду. Спектакль бүтүп, сцена жарыгы өчтү. Тентимишке гүл тапшырчулардын маанайы да бир заматта өчтү.

Артисттер гримерныйга шашылышты. Гүл көтөрүп котологондор Тентимишти аркимден сураштырып, театрдын коён жатагына чейин аралап, гримерныйга чейин самсып издеп барып табышты. Хордогулардын бирөөсү гүл көтөргөндөр кимге келгенин баамдап, коридорго чыга калды кыйгыл кеп кыйытмакка: «СССР эл артисттерине да мынча көп гүл тапшырган театр күйөрмандарын көргөн эмес элек. Силер… ушунчаңар Тентимишти гүлдүн алдына көмүп саласыңар го бүгүн». Муну уккан Тентимиштин жети өмүрү жерге кирип кетейин деди го. Сыртка башпакты ыңгайсыз… Жабалактагандар гүлдөрүн жөн эле тапшырып кете беришпейт десең анда да. Кээси мыскылдагандай, кээси нааразылангандай күңк-мыңк:

— Ария аткарбадың го… Бир чыгып эле жок болдуң.

— Көтөрүп келген гүлүбүздү кайра көтөрүп кетпейли деп издеп келдик сени…

Куттуктаганга бирөөнүн да оозу барбады. Куттукташмак, эгер… Гүлдү алар ария созоор кишиге көтөрүп келишкен эле да. Акыры баары гүлдөрүн тапшырып, шаабайлары сууп кайтты. Тентимиш да эч кимисине эч нерсе дей албады. Өмүрүндө анын ошондогудай маанайы чөккөн күн эч болгон эмес.
Театр уламдан улам кедергисинен кетип аткан мезгил болчу бул. Оркестрдагы эң мыкты деген музыканттар еврей менен немис улутундагылар эле. Алар биринин артынан бири Израиль, Германияны көздөй зуу коюп суюла баштаган. Күнүгө репетиция алдында жумушка 1-2 саат мурда келип скрипка, гобой, кларнет, флейтасынын чаңын сүрүп, күүгө келтирип отурган чыныгы кесипкөйлөр ошолор болчу. Алардын артынан өздөрүн немис, ейрейден кем санабаган айрым орус улутундагылар чемодандарын салыштырып, Россияга сызды. Жүдөөлөрү калды. Оркестр аянтында жалаң бөтөлкөнүн түбүн жалагандары кала берди күн алыстап. Алар үчүн музыкалык аспаптардын чаңын сүргөндү гой, театр өрттөнүп кетсе да барыбир эле. Арасынан терип алчу кесипкөйлөр азайды. Театр эң мыкты музыканттарынан ажырап, оркестр курамынын басымдуу көпчүлүгүн музыкадан мурда арак-шарапты көбүрөк сүйгөн орустар менен кыргыздар түздү. Оркестранттардын санын кайра толукташ үчүн театр жетекчилиги башка музыканттар менен контракт түзүп жумушка тартты. Муну музыка чөйрөсү жакшы билет: бир оркестрдан экинчисине чуркаган музыкант эзели жыргатпастыгын…

Чынында жаңы келген оркестранттардын көбүнүн колунан арак, пивонун шишеси түшпөдү. Театрда музыкага тийди-качты мамиле кылгандардын баары топтоло берип, өлгөндүн үстүнө көмгөндөй иш болду бул. Театрды чыгармачылык кризистен мурда моралдык кризис басты. Ардактуу маэстро атанган эки аксакал дирижёр өздөрүнүн өмүр соңуна келип калган бул мезгилде экөөнүн шакирттеринин ортосунда ыйкы-тыйкылар тутанды. Башкы дирижёрдун орду талашка түштү. Эки аксакал маэстронун жанында жөлөп-таяган киши болгондо гана театрга айда-жылда бир келбесе, алар театрга сейрек каттап калган учур болчу. Карылык экөөнүн каруусун алып, үй бурчуна отургузуп койду.

А театрыбыздын афишасына көз жүгүртсөң, жалаң дүйнөнү дүңгүрөткөн спектаклдер! Дүйнөлүк театрлардын репертуарларынан түшпөгөн опералар бизде коюлуп аткандагыдай таасир театр сүйүүчүлөрүн азгырбай коймокпу… Өзүңдү адам санагандан кийин кээде музыканын керемет кайрыктарына кулак кужуруңду кандыргың келет, афишаларды көрүп. Анан театрга ак эткенден так этип билет аласың. Жетип барасың. Агер жаныңа өзүң кадыр туткан бирөө-жарымды ээрчитип алган болсоң, кадырыңа доо кеткени ошол: «чү» дегенде увертюраны аткарган оркестр фальшь ойноп баштайт. Андан да кокую – солкулдаган жаш Аиданын ордуна капкайдагы бирөөсү чыга келет. Ынды каралардын өңдүү-түстүүсү деген Аиданын партиясын аткарган ырчынын гриминен эле үрөй учат: же негр экени, же көмүргө оонап алганы билинбейт. Жүзүндөгү бырышына грим шыбанып алгандан эле кемпирдин баары жаш болуп чыга келсе кана. Эфиоп ханышасы делген Аида эмей эле, карылар үйүндөгү кароосуз кемпирлердин бири опера сахнасында чайылдап ырдап аткандай… Радамесчи? Ал ак сарай коопсуздугун кайтаргандардын ачандигиндей эмес эле бадалдын арасында мал кайтарган бадачыдай! Өкүргөнү да, кол жаңсаганы да… Радамесиң үнү мекиренип, эки буту калтылдаган эле чал. Бир көзү – Аидада, бир көзү – көшөгөнүн артына жөлөп келген таягында…
Кокусунан жазып-тайып, «Кармен» операсына кире көрбө. Баарынан да жаш Карменчи? О-о жүзү курусун! Үнүнүн ачуусучу… Цыгандардын эң сулуусу Кармендин түрү – адырашман түтөтүп Ош базарын аралап жүргөн лөлүлөрдүн эле өзү… Анын келишимдүү сулуулугуна, бийине, кумарына, ойсокелигине, амалдуулугуна арзуусу ашынган Дон Хозечи. Кайбардын колуна балта эле карматып коюшпаптыр дейсиң: так ошондо касапчынын өзү болмок. Карменди бычак менен жүрөккө сайып өлтүргөн эпизодду тиктеп отурган аз-аз суу жүрөк көрүүчүлөрдүн отурган орду сууланып калышы да ыктымал…
А арыда өң десе өңү келишкен, Үрдүн кызы дегизген Архипова, Силс, Дессей, Флеминг, Кабалье, Образцова сындуу сапрано, меццо-альт үндүү жаш кыз-келиндер хордун катарында тизилип турат. Андан бериде Шаляпин, Руффо, Паворотти, Кареррас, Доминго, Отс, Гяуровдон кем эмес делген жаш тенорлор менен бас, баритондор кор болуп хор сабында катар-катар турганычы… Ух! Башкы солисттердин үнүнө караганда ошолордун үнү залга жеткиликтүү, уккулуктуу. Тек аларга солист болууга вакант жок. Театрдан догурунуп кетпеген 60-70 жаштын ортосундагы чал-кемпирлерден орун тиймек кайда-а аларга!

Ушул сыягындагы көрүнүштөр Тентимиш менен Карузону далай ирет иренжитти. Өзгөчө Тентимишти. Ал кургур же театр залы көрүүчүлөргө толбогонуна, же театр артисттери искусствого ызаат мамиле кылбаганына кейип-кепчийт. Чогулуштарда сайраган тили тешилди. Театр жетекчилиги менен далай талашып-тартышып, театрдан жаа бою кача баштаган элди кайра кантип театрга тартууну сунуштады.

— Элди эмне көчөдөн сүйрөп келелиби театрга? – деген театр деректиринен Тентимиш да тилин тарткан жок бир күнү.

— Совет мезгилиндегидей жогорку окуу жайлардын студенттери менен мектеп окуучуларын кызыктырыш керек эч болбосо. Элдин театрга болгон кызыгуусун арттырар администратор табыш керек. А биздин администратор үстөл кучактап отургандан башкага жарабай атат.

— Андай кыйын экенсиң, өзүң администратор болуп көрбөйсүңбү?!

— Болуптур… Мен администратордун милдетин аткарып көрөйүн. Театрга элди кантип апкелишти менден үйрөнүшсүн, – деди опулдаган Тентимиш.
Турмушта Тентимиш үчүн айтылган сөз – атылган ок. Кыскасы, ал ошол күндөн баштап улуттук идеологго айланды окуу жайларын кыдырып. Барган жеринде мугалимдерге жаш муунду тарбиялоо маанисин какшап жүрүп, айткандай эле театр залын студенттерге, мектеп окуучуларына шыкап салчу болду. Иши жакшы кетти, шыр башталды. Студенттер менен мектеп окуучуларына билеттер арзандатылды. Бирок иш көпкө уланган жок. Бир күнү «Жизель» балетине зал толуп, толгон менен бейбаш балдарга сахнадагы бийчилер сыраңдап аткандай көрүнүп, күлкүлөрүн тыя алышсачы: залдан рогатка менен мээлеген «өнөр» пайда болду. Балет искусствосун түшүнбөгөн мектеп окуучуларына бийден мурда – чулка кийген артисттерге рогаткадан мээленген ок таамай тийсе, ордуларынан ийиктей чимирилип, такымдары тызылдап ооруганда сыраңдагандары огош бетер күлкүгө айланды. Атканда да бийчилерди такымга мээлешкендеричи, түгөткүрлөр! А залда болсо ансайын ду-гүү, чуру-чуу, гүрү-гүү…каткырык… Бейбаштар бийчилерди шылдыңга алышып, туш-туштан чөнтөктөрүнөн рогатка сууруп чыккандардын мелдеши күчөдү…

Пульттагы дирижер адегенде түшүнгөн жок: зал менен сценанын ортосунда эмне болуп атканын. Граф Альберт сүйгөнү Жизелди ийнине көтөрө берерде – негедир сценадагы массовка көшөгөнүн артын карай дыргаяктап качты. Балериналар рогатканын огунан жылан көргөн бакадай титиреп, «Жизель» үзгүлтүккө учурады. Спектакль аягына жетпей токтоду. Бул окуя республикалык гезиттерге чейин жазылып кетти. Администратор сөгүш алды мунүчүн. Тентимиш ошондон кийин хорду да, администраторлукту да, башкасын да жыйыштырып, базарга чыгып картөшкө сатып оокат кылганды оң көрдү.
Туура кылыптыр эми ойлосо. А Карузо болсо солисттик орун бошоп каларынан көпкө үмүтүн үзгөн жок. Кетпей жүрдү. Акыры биротоло театр таптакыр кедергисинен кеткенине көзү жеткендеги окуя мындай болду ага: сахнада «Фауст» операсы башталып калган. Мефистофель менен Фаустун ролун аткара тургандардын экөөсү тең СССРдин бакыйган эл артисттери! А кийгендеричи!.. Биринин чулкасы жыртык – Фаустуку… Болгондо да аласынан, аны залдагы көрүүчүлөр байкадыбы, жокпу, белгисиз. Муну эң биринчи Карузо байкады. Ал жанындагыларга шыбырады. Жанындагылар Фаустун жыртык чулкасынан мурда Мефистофелдин ыдырап сөгүлүп кеткен костюмун көрсөтүп, баары өздөрүнчө шыбырашып-күбүрөшүп бышкырып жиберишти.
«Мындан да укмушту байкаган жоксуңарбы?» деген хор ырчыларынын дагы бирөөсү «Фауст» операсынын чириген декорациясын көрсөткөнүчү. Ал ангыча болбой сценанын капталындагы качанкы эскилиги жеткен бутафориялар биринин артынан бири куласа болобу. Кулаганда да упурап-упурап түштү. Баары уялды. Айрыкча, хордогулар. А көрүүчүлөр буга кайдан уялышсын, шылдыңдашса шылдыңдашкандыр…

Бутафориялардын кулаганын тиктеген Карузо нес болуп катты. Бутафориялар эмес эле жандүйнөсүнүн кыйраканы чыккандай селейди. «Искусствонун күнү бүткөн экен!» деди ичинен…Ошол күндөн кийин театр келечегинен да, өз келечегинен да Карузонун үмүтү үзүлдү. Тилеги таш капты! Кетишти ойлонду… Кетти акыры.

Эми минтип Тентимиш экөө кезигишип отурбайбы. Экөөнө тең эски муундан эчбир соло партияны аткарууга жол бошободу. Болгону хор коллективи менен экөө бирге мамлекеттик гимнди жаздырууга катышты. Бирок гимнди ырдаган хордогулардын арасынан кайсы үн Тентимиштики, кайсы үн Карузонуку? – азыр өздөрү ажырата алышпайт. Хор деген хор, көп үндүн арасынан өз үнүңдү тааныбайсың!

Ноябрь, 2015-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *