— Акын болуш үчүн сөзсүз тагдыр керекпи? Анда тагдыры жок акындар кантти?

— Бирөө жөн эле үйүнө кирип-чыгып жашаса, ал деле тагдыры го. Демек, тагдырсыз адам болбойт. А акындык тагдыр деген кандайдыр бир өзгөчө окуяларга, жагдайларга капталуу (маселен, үй-бүлөсү менен ажырашуу, ичип кетүү, катуу ооруга чалдыгуу, саясый курмандыкка чалынуу) эмес. Акындык тагдыр деген эң башкысы, ал калемгердин канчалык даражада инсан боло алгандыгы жана өз тагдыры менен өз доорун кандай бийиктикте, кандайча көркөм ырдай алгандыгы менен көрүнөт. Кеп мына ошондо. А.П.Чеховдун: “Каалайсыңбы, мен сага пепельница тууралуу аңгеме жазып берейин?” – деген кебинде да ошол калемгердин даярдыгы тууралуу маани жатат. Көркөм адабиятпы, ал көркөм болуш керек, элдин табитин мокотпой, жипкиртпей, аруулантып, өстүрүш керек.

Жумушуңуз менен чыгармачылыкты кандайча айкалыштырып жатасыз? Кээде буулугуп, төрт дубалдын ичинде кыйналып кетпейсизби?

— Акындар эркин жүргөндү самаган адамдар болгон үчүн кечке олтуруп, кагаз менен алпурушуп иштөөгө көнө албай, алгач өзүң айтмакчы бук болот. Байлоодогу аттай буулугат. Анан барып көнүп кетет. Омар Хаям, Алишер Навоиден баштап Ч.Айтматов, М.Шахановдорго чейин баары көнүп кетишкен. Саясый айып менен түрмөдө жатып ыр жазгандар да толтура эмеспи.

— Акыркы убакта жалаң сүйүү ырларын жазып жатасыз. Балким, сизге сүйүү келгендир? Сыр болбосо, ачык айталасызбы?

— Албетте, ачык айтам:

“Адамдын жаны махабат,
Оо ансыз жашап не чара.
Сүйүү бар жерде баары бар,
Сүйбөгөн киши бечара
”,деп мен айтмакчы, адам сүйүп жашаш керек. Мен да сүйүп жашап жатам. Ак тилек менен сүйүү ырларымды окурмандарга чын дилимден сунуп келатам, бирок аны азырынча жар салуунун зарылчылыгы жок. Муза катылуу болбосо, көзүгөт дешет ко. Ал эми башка жандыктарга эмес – адамга гана тартууланган сүйүүнүн бийиктигин жаземдебей түшүнгөн улуу Виктор Гюго: “Бири-бириңерди ар дайым бардык жандилиңер менен сүйгүлө! Бул дүйнөдө сүйүүдөн башка эч нерсе деле жок!..” — деген эмеспи.

— 50 жаштын сересинде туруп, өткөн жаштык күндөрүңүзгө кандай көз менен карап калдыңыз? Өкүнүч мененби же сүйүнүч мененби?

— Адамда жаштык да, орто курак да, улгайган курак да болсо, бул бакыт эмеспи. Жараткан мага жакшы жаш берип, өтө чоң ишеним тартуулап келаткандыгына мен миң мертебе ыраазымын! Жаштыгыма сүймөнчүлүк менен карайм.

“Жашоодо эмгек болду менин культум,
Жалындуу сүйүү болду өмүр пультум.
Эки ирет төрөлмөй жок, эки өлмөк жок,
Эч кимге болбо туткун, жүрөк булкун!
Садага чабам баарын ак сүйүүмө,
А сүйүү сага курман, Ата Журтум!..”
— деп мен жазмакчы эмгекчилдик, сүйүү, улутмандык жана көк беттик мага жакшы көзүр болуп бере алды. Мен өз жашоомду жалаң план менен гана жашабасам да, өмүрүмдү туура пайдалана алдым. Жаштыгымда оттуу ырларды, терең ойго карк поэмаларды жазып алганыма өтө кубанам. Азыр да Жараткан менин жүрөгүмө от ойнотуп, улуу ойлорго сугарып жаткандыгы да касиеттүү бакыт.

— Эл билбеген кандай өнөрлөрүңүз бар?

— “Спорт – бул сүйлөбөй колдогон сүйкүм дос!” – деп мен айтмакчы, азыр да адам ден соолугун чыңдоо жаатындагы сүйүктүү түйшүктөрүмдү таштабай, улантып келатам. Ошонүчүн колум менен өзүмдү көтөрүп басып, сальто таштамайым бар. Сууда да жакшы сүзөм. “Атамдын төрүндө” жаткансып сууда чалкаман түшүп колу-бутумду жазып, каалаган убакка чейин эч кыймылдабай жата алам. Ошол эле тейде же бутумду бүгө салып да сүзүп кете берем. Жамакчылык өнөрүм жашырынып жатат, бирок ыр жазганда байкабай колдонуп ийем. Сүрөтчүлүгүм мектептеги бойдон калып кетти. Бирок кагазга тартпасам да, карекке жакшы тартам. Хемингуэйчесинен Африкага барып арстан уулап ийбесем да, мылтыкты жакшы атам.

– Тагдыр сизди эмнелер менен сынады? Мисалы, оору, мүшкүлдүү жагдайлар жана башка дегендей?..

— Биринчиси, тагдыр мага кедейлик берди. Анда мага Мухаммед пайгамбардын: “Менин Кедейлигим – менин байлыгым!”- деген сөзү дем берди. “Караңгылык кийин өлгөндөн кийин деле жетет” — деп билим алууга жандалбастадым. Жараткан тула боюмду да тыкан жараткан экен, ага карата мурда “Алп адамды деле кичинекей эле мээ башкарат, калганы сөөк, эт, карын го…” деп кутулчумун, азыр: “Мен кичинекей эмесмин. Мен – нанотехнологичныймын” (ныкмын) – деп бир армян айткан кепти колдонуп, оңтойсуз абалдан чыгып жүрөм. Анан да, Жараткан мага оору берип сынады. Окууга өтпөй, сынактан кулап, мал багып, анан айылдык клубда иштеп жүрүп, бир эле убакта сарык (боткин), ичкелте жана бруцеллез менен оорудум. Кийин кызганчаактыкты, аракечтикти жеңе алдым. Элде 100 пайыз эмоция болсо, ал менде 200 пайыз эмеспи. Ошол тулкума сыйбай жаткан эмоциямды тизгиндөө мени көптөгөн балекеттерден сактады.

— Өтө капа болгон учурларыңыз болдубу?

— Көп эле болду. Адам жакындарыңдан ажырайсың, дагы башка жагдайлар болот… Анан көралбастыктан улам сен тууралуу ушактарды чыгарышат.

— Маселен?..

— 2006-жылы көралбастарым мени СПИД менен ооруп калыптыр деген сөз чыгарып ийишкен.

— Коюңузчу!..

— Чын айтам. Мен аябай капа болуп, 2008-жылы чыккан “Тирүү Мекен” аттуу китебимде ал капалыгым тууралуу төмөндөгүдөй жазып да кеткем:

– Кайсы гений акындар менен үзөнгүлөш болдуңуз?

— Мен бактылуу адаммын, Алыкул Осмоновдон башка бардык гений акындар менен тааныш болдум. Алардын ирилери Сүйүнбай, Сооронбай, Байдылда, Омор, Жолон, Турар, Рамис, Анатай, Тургунбай, Табылды жана башкаларды айтсам болот. Казак акыны Мухтар Шахановдон да биртке сабак алып калдым.

—  Алардан жашыраак да чыгаандар барбы?

Аялдардан Сагын эже, маркум Айгүл эженин ырларын жаш акын кыздар окуса бир топ сабак алат деген ойдомун. Анан да, узанганда адабиятчы Кеңешбек Асаналиев, көп кырдуу таланттар Салижан Жигитов, Аман Токтогулов, Алым Токтомушевдерди көздө тутуш керек. Азыр чачы түшүп бараткан чыгаан акындар Шайлообек менен Карбаластын тепкичин басып өтмөйүнчө жаш акындардын адабий даярдыгы бөксө болуп калат. Тактап кетсем, гений дегениң бул мээси бир килограмм деген сөз эмес. Бул көп маанилүү сөз рим мифологиясында адамдын жеке рухун билдирсе, францияда алтын монетаны түшүндүрөт. Ал эми биз сөз кылып жаткан мааниси өзгөчө таланттуу инсан же өз ишинин учуна чыккан чебери дегенди эле билдирет.

— Жашоого кайра жаралсаңыз дагы да акындыкты тандаар белеңиз?

— Албетте:

“Мен дүйнөгө экинчи ирет жаралбайм,
А жаралсам акын болбой кала албайм”
– деп өзүм жазмакчы, акын болорум турулуу иш.

 — Жазуучулар негизи ак көңүл калк эмеспи. Жашоодо калемгерлер принципке туруп койгон учурларын байкадыңызбы?

— Мына өткөндө Кыргызстан Жазуучулар Бирлигинин президиумунун жыйынында эле кыргыздын лөктөрү, Кыргыз Эл баатыры, белгилүү хирург Мамбет Мамакеев, белгилүү ырчы, Эл артисти Дарийка Жалгасынова жана экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдерди “Алар өз кесиби боюнча небак эле эмгек өтөп коюшкан. А жазуучулар бирлигине мүчө болуунун аларга эч кандай зарылчылыгы жок”- деп Жазуучулар бирлигине мүчөлүккө өткөрбөй коюшту.

— Сизге эркин микрофон берейин. Эмне тууралуу айтмакчысыз?

— Мурда жазуучулар сыйлык, наам талашып, социализмдин ырын ырдап же кайсы бир чоңго жагынайын деп жатып бири-бири менен душмандашып калчу. Кийинчерээк чоңдор калемгерлерди шайлоодо пайдаланыш үчүн жер-жерге бөлүп, жазуучулук касиетинен, калыстыгынан, беделинен ажыратып салышты. Токтогул атабыздын нускасын туурап мен дагы ошондой кыргызды иритчүү ит оорулардан кийинки жаштар алыс болсо дейм. Албетте, жазуучу дегениң жаран катары Кыргызстандын сакталып калышы жана жаркын келечеги үчүн күрөшүүсү керек. Анан да көркөм дөөлөт жаратуу эң башкы парызы болгон соң ошол башкы миссиясын унутпашы керек.

Америкалык белгилүү жазуучу, “Оскар” сыйлыгынын ээси Сидни Шелден: “Эгер жазуучулар болбосо, дүйнөдө кылмышкерлер мындан 1000 (миң) эсе көп болмок да, алардын көптүгүнөн бул дүйнө урап түшмөк” – деген экен. Демек, жазуучу руханий тазалык үчүн күрөшүүсү зарыл. Жаш муундар жалаң кызык окуя же акча кууп кетип, коммерциялык чыгармаларга ооп кетпестен, ушул жагын унутта калтырбаса деген тилектемин.

— Маегиңизге ырахмат, Сизге мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын!

Маектешкен Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *