Эл алдында чачырап, төгүлүп сүйлөш керек. Бирок киши эл алдында чачырап, төгүлүп ырдай алат, сүйлөй албайт. Элдин сүрү бар. Бул сүр аябай олуттуу. Ырга гана баш ийет. Кыргыздар муну байыртан жакшы билишет. Мышык этин жеп, күрүчүн түртүп койгондой, жаман-жакшыларын алдыга түртүп чыгарып койушат.

Мени өткөн жумада «Асабанын» майрамында алдыга түртүп чыгарып койушту. Чачырап төгүлүп сүйлөй албадым… Улуу күч сүйүү гана кишини төгүлтүп чачыратат. Күн ошентип чыгат. Илгерки китептерде Күндү кудайдын жашаган үйү дешет. Ошондо мени бир жөнөкөй нерсе таң калтырды. Таң калганым ушунча болду, угуза да айтып жибердим. Адатымча орусча, кыргызчаны аралаштырып «мындай казылган, оюлган, тытылган рабочий полду көргөн эмесмин. Муну көрүп туруп начар сөз сүйлөөгө мүмкүн эмес» дедим окшойт. Анан жакшы сүйлөдүмбү, жаман сүйлөдүмбү билбейм… Бир билгеним филармониянын көшөгөсүнүн ичи мени зор таң калтырды. Аткананын, уйкананын ичи кышында ушундай казылып, ойулуп калат. Муну бок чыгаргандар билет.

Бул мага түшүнүктүү дейин десем, көшөгөнүн ичин мынабу, көпөлөккө окшогон бечара бийлеп жүрүп казып салдыбы? Улак чепкен жер ушундай болчу эле, майдан болгон жер да ушундай болчу эле деп, уйкананы айттык. Аткананы айттык. Айтпаганыбыз эмне калды? Көшөгө калды. Кыргызда илгертен көшөгөнүн ичинде эмне болот? Чымчылашып күйөө менен кыз отурушат. Чиренип өлүк жатат. Башкасын айтпаганда, мага таасир болгону бир чети, кыкемдигимен болду окшойт, ушул болду. Деги эмне болсо да, Салижан аке экөөбүз Кыргыз филармониясынын көшөгөсүндө орустардын Бөдөнө талаасында (Куликово поле) тургандай какайып турдук. Саясат жөнүндө кеп кылдык. Бул жөнүндө эми кеңири кеп кылууга болот. Мындан миң жылдар мурун Енисейде улуу кыргыз империясы болгону тарыхтан белгилүү. Түндүгү Кызыл-Жар (Красноярск шаары), чыгышы Кыргыз көл (Монголия), батышы Эдил дайра (Волга), түштүгү Кулаб (Тажикстан) — байыркы Кыргыз империясынын чектери ушул болгон. Ошондон бери кыргыздын өз мамлекети, өз саясаты эми башталды десек жаңылышпайбыз.

Кыргыз эли илгертен саясатчыл эл болгон. Саясатка жакын болгон. Саясат кыргыздын канында. Муну оңой эле байкаса болот. Куштардын эң эле саясатчысы кузгундар болушат. Кайдан-жайдан чогулганын билбейсиң. Төбөңдө куулдап-шуулдап айланып тургандарын гана көрүп, билип каласың. Ушунда гана Кыкең жоголгон уйун издеп жөнөйт. Кыргыз эригет. Бирөө менен сүйлөшкүсү келет. Эмне кылат? Унчукпай ордунан турат. Чапанын желбегей жамынат да каалгып, калдайып басып барып бир дөбөнүн башына конуп отурат.

Бир маалдан кийин эле карасаң дөбөнүн башы бакылдаган кыргызга толгон. Саясат жөнүндө сүйлөшүп отурушат. Кыргыздар саясатты кузгундардан үйрөнүшкөн. Экөө байыртан бери тоолордо бирге жашашат да. Ошол үчүн кыкеңдердин жакшылык, жамандыкта кантип чогулуп калгандарын билбейсиң. Муну өздөрү да билбей калышат. Кузгундардай эле чогулушат го чиркин! Бул бир белги. Экинчи белги, кыргыздын калпагы. Дүйнө элдеринде мындай мафиозный баш кийим жок (Буга мафиозный дегенден башка сөз таба албай жатам). Жыйырманчы-отузунчу жылдары Кыргызстанга Сергей Образцов деген сүрөтчү келген. Жашаган. Муну ушул киши биринчи түшүнгөн экен.

Анын үркүн жөнүндө бир сүрөтү бар. Беш-алты ак калпакчан кыргыз турат. Жөн эле турушат. Дөбөнүн башында отурушкандай эле. Бирок сүрөт «Заговор» деп аталат. Эгер жаңылбасам. «Минтип атаганга не түрткү болот?» деп карап турсаң, кептин баары калпактарда экенин билесиң. Беш-алты калпак бар жер сүрдүү да, шаңдуу да. Эсиң чыгат. Ак калпакта чоң саясат бар десең, кызык угулушу мүмкүн. Бирок бул — факт. Кудайдын саясатын айтпаганда, Аристотель аксакалдын «человек — политическое животное» деп айтканы кыргыздарга биринчи иретте эп келет, төп келет.

«Жети сөз жана Конфуций» китебинен алынды

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *