Кечээ дагы жер алдындагы жолдон көрдүм. Мас… Селсаяктан айырмасы жок, колунда тамеки… Өзү бутуна туралбай атып дагы бирдемелерди булдурап сүйлөп коёт. Жүрөгүм жанчылып кеткендей болду, бир туугандын иши кыйын го, чиркин!… Бирок, бирок жанына баралбадым, бир эсе элден уялсам, бир эсе баары бир алым жетпейт да, мас неме жүр деген менен тилимди ала койбойт ко…

«Олдо кагылайын, бир боорум-ай! Сени ким түрттү бул жолго, өзүңдү колго алсаң боло! Эркиңдин боштугу, өзүңдүн жооштугуң сени ушул абалга жеткизди го. Өзүң гана кыйналбай, мени да, эжекеңди кошо кыйнадың го, берекем… Апам бечара мени — силердин азабыңарды тартсын деп төрөп койгон окшобойбу. Неге мени мынча кыйнадың, иним?! Жездеңдин алдында деле эмне деген адам болдум?.. Менин коргоочум, менин боорум деген сен минтип өз азабыңдан чыга албай жүрсөң, арызымды, муңумду кимге айтам?! Атамдан кийинки атам, колдоочум, жөлөөчүм, төркүнүм деген бир тууган инилерим, бириң арактын кулу болсоң, бириң жаман катындын тилинен чыга албай, тууган уруктан четтеп жүрсөңөр, мен кимге таянам, мен кимге жөлөнөм?!

Кичинекей жүрөгүмдү бычаксыз бырча-бырча кескиледиңер го, садагаларым!…

Экөөңдү тең мен ойнотуп, мен көтөрүп, мен чоңойткон элем. Айрыкча кичи инимди… Туулгандан баштап оорукчан болду, догдурга саар кеч сүт ташып, «Молоковоз» атка кондум. Мен сексейип сүт, жалаяктарды көтөрүп кирип барганда, догдурдагылар молоковоз келди деп күлүшөр эле. Эрте менен келип, түнү менен булганган жалаяк, шымдарды көтөрүп кетип, жууп кургатып, үтүктөп кечкиге апкелчүмүн, чачымды тарашка алым келбей калчу. Ошондо, болгону он эки гана жаштагы секелек кыз элем… Ошондой кыйынчылыктар менен жонума көтөрүп, досторума кошулуп ойнобой баккан элем силерди бир боорлорум! Мени кыйнабагылачы… Мен да үч балама керекмин го, качанга чейин, качанга чейин…Чыдоом түгөнүп баратат, чарчадым… Мага дегеле эчтеме бербегиле, өзүңөр менен өзүңөр болсоңор болду, колумдан келсе жардам берем, келбесе жок, эч болбогондо пайдалуу бир кеңешимди айтаармын.
Садагам, бир боорум!.. Ичпечи… Суранам сенден ичпечи!!! Эмне болсо да сага кудайым нысап берсин, чырактай болгон эки кызың турат, ошолорду ойлочу. Түшүнөм, уулуңду төрт жашында жерге бергенден кийин, күчөп ичип кеттиң. Балаң өзү да бир баладай болсочу…

Шум ажал арабыздан аны алып кетти, тагдырга айла жок экен. Кантебиз, баары кудайдын колунда тура, кудайга керек экен, бизди таштап, чымчык болуп учуп кетти уулуң. Эми баланы табаар өзүң амансың го, сабыр кылып, белиңди бекем бууп, жашооңду кайрадан баштачы. Арактын сазына батып кетпей эч болбосо атабызды аячы, атам байкуш сенин азабыңдан акыркы жылдары кыйын карып кетти. Карыйт да анан, небересин, аябай жакшы көргөн небересин жоготту, чаласына сен ичип, аларды сыгасың… Балпайып төрдө олтураар чагында, кыйнабачы атамды…

Кудайдан сага сабыр, нысап тилейм, бир боорум! Тилегим кудайдын кулагына жетип, сен ичпей, жаркылдаган келинчектин жары, балдарыңдын мээримдүү атасы жана менин жандай көргөн сүйүктүү палван иним болушуңду гана каалайт элем…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *