Кыргыз жомогу

Бир кедей кемпирдин жети баласы болот. Ал балдар абдан акылдуу болуп чоңоюшат. Өнөр үйрөнүү үчүн жетөө жети өнөргө тырышышат. Күндөрдүн биринде кемпир жаа жасайт. Балдары энесинен жааны кимге берерин сурашат. Анда кемпир:

— Балдарым, араңардан кимиңердин өнөрүңөр артык болсо, ошого берем, — дейт. Эң улуусу:

— Энеке, асмандагы алпкаракуштун карааны торгойдой болуп гана көрүнсө да, атып түшүрө алам, мергенчимин, — дейт. Экинчиси:

— Менин өнөрүм ушул. Жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин таба алам. Үчүнчүсү:

— Дүйнө жүзүн алаканымды карап туруп эмне болуп жатканын айтып бере алам. Төртүнчүсү:

— Кайыптан тамак таап, канчалык адам болсо да, тойгуза алам. Бешинчиси:

— Менин өнөрүм ушул: деңиз-дарыялардан көздү ачып-жумганча кеме-кайык жасап, өтө алам. Алтынчысы:

— Деңиз-дарыялардын үстүнөн чуркаганымда, таманымдан чаң чыгат. Жетинчиси:

— Артымдан душман кууса: «Кара жер жарыл!» — деп койсом, кара жер жарылып кетет. Мен кирип кетип да, каалаган жерден чыга алам.

Энеси балдарынын өнөрүн уккандан кийин мындай дейт:

— Балдарым, эмесе силер, Болбос ханга барып ушул өнөрүңөрдүн жөнүн ачык айткыла, хан баарыңарды сынап, кимиңердин өнөрүңөр артык экендигин чечсин, артык болгонуңарга жааны берем, — дейт.

Кемпирдин жети баласы токтоосуз Болбос хандын шаарын көздөй жөнөйт. Шаар ичи чаң-тополоң. Балдар таң калып отурушканда, бир адам кездешет. Балдар ал кишиден шаардагы дүрбөлөңдүн жөнүн сурашат. Ал киши жооп кайтарат:

— Кечээ түнү хандын кызы жоголду. Ал жалгыз эле. Кайда кеткендигин эч ким билбейт. Дайынсыз. Ошон үчүн дүрбөлөң түшүп жатат.

Андай сөздү уккандан кийин жети бала кеңешет. Жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин биле турган бала, ары-бери карап:

— Хандын кызы асман менен кетиптир, — дейт.

Дүнүйөнү алаканынан карап биле турган бала алаканын ачып-жумуп:

— Кызды Тойбос хандын алпкаракушу алып баратат.

Балдар издеп жөнөшөт. Жүрүп-жүрүп отуруп, бир чоң дарыяга капталат. Үч-төрт күндөн бери даам татышпагандыктан, карындары абдан ач. Жок жерден тамак табам деген бала ары-бери кайсаңдап бир кой, нан даяр кылат, бардыгы тоюнушат. Кайдандыр дарыя, деңиз алдынан кабылса, көз ачып-жумганча кеме-кайык жасачу бала дарыянын жээгине чуркап барып, кайта келип, кеменин даяр болгондугун айтат. Балдар дарыянын жээгине барышса, бир жакшы кеме даяр. Кемеге түшүп, күндөп-түндөп жүрүп отурушуп, Тойбос хандын шаарына келишет.

Тойбос хан алпкаракушуна кырк хандын кызын алдырып келип, эң жарактуусун өзү алып, калгандарын вазирлерине берчү экен. Жети бала барып жеткен убакта, Болбос хандын жоголгон кызы кырк кызы менен сууга чумуп келаткан болот. Дарыянын үстүнөн чуркаганда, таманынан чаң чыккан бала, дарыянын үстүнөн ылдам жетип барып, Болбос хандын кызын жана ага кошуп кырк хандын кызын көтөрүп келип кемеге салат.

Бул кабар Тойбос ханга угулганда, токтоосуз алпкаракушун жиберет, ал атылып келип, эки кызды эки колуна илип, кайта асманга чыгып кетет. Алпкаракуш асманга торгойдой болуп чыкканда, атып түшүрө турган бала, жааны колуна алып, кыз эңген алпкаракушту атып түшүрөт. Эки кыз асмандан айлан-көчөк болуп келатканда, баягы таманынан чаң чыгуучу бала тосуп алат. Буту сынган алпкаракуш өз ханынын эшигинин алдына барып далп этип түшөт. Хан көп аскерлерин кемеге түшүрүп, балдардын артынан куудурат. Куугун аскер жете турган болгондо, кара жер как жарыл дей турган бала:

— Кара жер как жарыл! — дейт.

Кууган аскерге карматпай, жер алдына кирип кетишет. Жете келип кармай турган болгон ак боз атчан баатыр да жерге бирге кирип кетет, абдан шашып, не кыларын билбей:

— Эми мен кайта жер үстүнө кантип чыгам? — дейт ал.

— Өзүң тилеген жерден чык, — дешет тиги балдар.

— Эмесе, хандын коломтосунан чыгайын, — дейт ал.

Ал так ошол жерден чыгат. Тойбос хандын аскерлерине көргөндөрүнүн баарын төкпөй-чачпай айтат.

— Кыздарды ала качкандар адам эмес, азирейил жалаңкыч экен.

Тойбос хан абдан таң калып, өзүнүн кызынан айрылгандыгына катуу кейип, кызына аш-жытын берип, мындан кийин кыз уурдатпас болуп жатып калат. Жети баатыр Болбос хандын коломтосунан чыгып келатышса, шаардын калкы дүрбөп, мындай сөздү айтышат.

— Өгүнү хандын кызын жутту эле, эми өзүн жутканы келатышат, аны менен эле тим болбостон, баарыбызды кырып түгөтөт экен, — дешет.

Качып тоого чыгышат. Жети баатыр жер үстүнө чыкса, адам дегенден эчтеме жок. Боз атчанды босогого байлап салып, эки кызды окшоштуруп төргө отургузуп, бир койду союп, этин казанга салганда, оттун түтүнү чыкканын көрүп, хан бирөөнүн барып билип келүүсүн өтүнөт. Көпчүлүктүн ичинен эч ким барууга чыкпаган соң, бир жетим балага буюрат барып билүүгө. Жетим бала аргасыздан келет.

Кемпирдин жети баласы, аны менен бирге хандын кызы аман-эсен отургандыгын жана бир жигиттин эшикте байлануу экенин көрүп, токтоосуз жетип, ханга сүйүнчүлөйт. Баланын айтып келген сүйүнчүсүнө хан ишенбей, дагы бирөөнү жиберет. Бир киши барып көрүп, баланын сөзүнүн чын экендигин ханга айтат. Хан кызын көрүп, чектен тыш кубанат. Кыз атасына көргөндөрүн айтып берет.

Жети баатыр да ханга өнөрлөрүн бир баштан айтышат. Хан жети баатырдын эң улуусуна кызын берип, Тойбос хандын кызын дагы бирөөнө алып берип, ал гана тургай, тактан түшүп, хандыгын да берет. Калгандарына калкынан кыз алып берет. Жети баатыр карыган энесин алдырып, ыракат турмушта туруп калышат. Жетөөнүн кимисинин өнөрү артык экен, эми өзүңөр ойлонгула?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *