Азыркы күндөгү кыргыз поэзиясынын эң белгилүү устаттарынын бири Турар Кожомбердиев экендигин сыймык менен атоого болот. Тукебиз бул дүйнөдөн жаш кетти, андыктан анын миңдеген окурмандарына, тууган-туушкандарына, калемдештерине ошол 48 жаш курагындагыдай жаш боюнча элестелип кала берди… Анын канаттуу ырлары да акындын чагылгандуу жаштыгын элестетет.

Дайыма бийикке талпындым,
Издөөнүн жолунан кетпедим.
Бир далай кырларга чыксам да,
Эң кылда чокуга жетпедим.

Умтулам жүрөгүм жагылып,
Кулаймын кум менен агылып.
Жетпесем жетпесмин, а бирок
Өтөөрмүн чокуну сагынып.
(«Таңкы симфония»)

Акындыкты кесип катары көргөндөр мурдагы СССР заманында көп болучу, азыр да аз эмес. Деги акындык кесиппи же хоббиби? Ушул нерсени мен кыргыздын чыгаан акындарынын көч башында жүргөн көйкашкаларынын бири Турар Кожомбердиевдин мисалында азыноолак кеп салгым келди. Тагдырдын жазмышы деген түшүнүк ар кимди ар кандай түйшүккө салат экен: бирөөлөр жашоо үчүн алпурушса, дагы башкалар алпурушуу үчүн жашайт окшойт. Ушул айтылгандардын айланасында аңдап, ой жүгүрткөндө улуу-кичүү муундун көркөм сөз өкүлдөрү көз алдыдан чууруп өтөт. Өзгөчө акын аттуулардын катарлары көктө алыс сапарды карай учуп бараткан каркыралардын сабын элестетет. (Мен бул жерден ыр жазгандардын бардыгын эле атаганым жок, ыр жазгандар өтө эле көп, алардын бардыгын учура берсе, асманга батпай калышы мүмкүн, андыктан сөз туу акындар жөнүндө баратканын эскерте кеткеним оң. Ал эми чыныгы акындарды, тилекке каршы, колдун манжасы менен санап чыкса болот.) Ошол кырка тартып учуп бараткан каркыралардын катары аз эле, алардын канаттары талыбас, чаалыкпас, сапарларынын да учу-түбүнө көз жетпейт. Алардын алдынан улам бир мейкиндиктер ачылып, поэзия ааламы өзүнүн мынчалык кубаттуу экендигин далилдеп барат. Мындай чаалыкпас, канаттуу, оттуу поэзия ээлеринин бири Турар Кожомбердиев экендиги мен үчүн мактаныч, сыймык болорун ар качан айтып келем.

Ал улуу акын менен мен тууган, айылдаш болуп, бир булактын суусун ичкенбиз, ата-энелерибиз үйүр-үйүр жылкы багышкан, кийин тагдырдын буйругу менен Тукем экөөбүз басмада бирге, бир бөлмөдө бир топ убакыт чогуу отуруп иштегенбиз. Ал турган турушу, тулку бою менен акын эле. Айрым бирөөлөрдөй майда-барат нерселерге урунуп-беринчү эмес, көртирликтин арзыбас интригасы менен иши болбогон, ошол эле кезде жалаң эле ыр жазуу менен гана чектелип да калбаган. Чындык менен акыйкат үчүн кудайдын алдында болсо да кайратынан жазбай, калыстыктан тайбаган. Таланттарды баалай билген, аларга колдон келген көмөгүн аябаган. Улууну урматтап, кичүүнү сыйлай билген асыл жан болучу. Эки сүйлөгөндөрдү жактырбаган, өзү да эч качан өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн бирөөлөргө акаарат айтпаган, ушак-пушактан оолак эле.

Айтып отурсам анын көп адамдарга, өзгөчө чыгармачыл улуу-кичүүлөргө үлгү болорлук сапаттары арбын боло турган. Адамгерчиликтин мындай касиеттерине ээ болгон адам гана Турардын ырларындай ыр жазууга мүмкүнчүлүгү жетет. Ал эми тагдыр андай талантты ошо Тукемдин өзүнө ыроологон экен. Мындай оттуу поэзия ар кимдин эле колунан келе бербестигин акындын көптөгөн ырлары тирүү күбө өтүп турат.

Тукенин ырлары дегеле кыргыздын улуу-кичүү акындарынын чыгармаларынан өзүнүн элпектиги, көркөмдүгү, таасирдүүлүгү менен айырмалынып, анын ырларын окуган адам бейиштин бир ажайып дүйнөсүндөй болгон жайга туш келгендей, чөлдөгөндө мөлтүр булактын мөл суусунан кана ичкендей, бул жарык дүйнө чындыгында эле кооз, адам өмүрү өтө кымбат, бирок аябай морт экендигине ынанат. Анан ушул морт өмүрүндө пенденин өзүн өзү алдап, өзүн зордоп, эркине карама-каршы иш жасап жаткандыгына акын окурмандарын жүрөккө ийне сайгандай көрүнүшкө дуушарлантат. Чырылдаган чындыкты будамайлап, жалгандын жалбырттаган отун алоолонто жагып турган да ошол эле адамзат экендигин айтат.

Кай бирде биз көрмөксөн болгон менен,
Чырылдап жүрөгүбүз ыйлап турат.
Жалындай көңүлүңдү тутандырып,
Жалганды өлтүргүн деп кыйнап турат.

Кай бирде көрөм десе көрбөгүн – деп,
Катабыз кирпиктерге көзүбүздү,
Анакей-мынакей деп будамайлап,
Чындыктан качырабыз өзүбүздү.

Канчалык көрмөксөнгө салсаң дагы,
Уктатпай баса берип абийир кыйнайт.
Киргилди, каралыкты жашырдың – деп,
Кирпиктин астындагы чындык ыйлайт.

Чындык менен жалган экөө бири-бирине карама-каршы турган көрүнүш экендиги белгилүү, бирок бири бар үчүн экинчиси да турмушта өз ордун ээлеп алган. Чындыкты бурмалап, өз пайдасынын убайын көрүү үчүн жалгандыкты адамзат ойлоп тапкан нерсе экендиги талашсыз, себеби жалгандыкты адам баласындай көлөмдө эч бир жан да, жансыз нерсе да пайдалана албайт. Акын ошол жалгандыктын туткуну болгон көрүнүштүн сүрөтүн көзгө тартып, адам, чындык жана жалгандык деген үчилтиктин бири-бирине болгон алакасынын негизинде окурманга өз алдынча жыйынтык чыгарууга түрткү берет.

Мындай философиялык көз караш биз сөз кылып жаткан акындын чыгармачылыгында өзгөчө орунду ээлейт. Ырасында эле акын айткандай «өзүбүздү чындыктан качырабыз». Чындык эч качан, эч кайда качып кетпейт, ал артка да чегинбейт, анын жолу түптүз. Биз, адамдар, чындыктын көзүн карай албай жалтактап, анын жанына тура албай өзүбүз качып кетебиз да анан күнөөбүздү сезип турсак да өзүбүздү өзүбүз жооткотуп, болгон-бүткөн күнөөнү адамзат шылтоо үчүн ойлоп тапкан «жалгандык» деген нерсеге жаап туруп, чыйт түкүрүп, билмексен болуп туруп калабыз өз абийирибизди көөлөп.

Адамзат жаралгандагы алмустактан бери келаткан бири-бирине карама-каршы турган ушул шарттуу эки нерсе дүйнө философиясында түбөлүктүү тема экендиги белгилүү. Бул темага кайрылбаган эч ким жок: ага тагдыры ченебей талант берип, бирок физикалык өмүрүн кыскартып койгон Тукедей алп акындан баштап, эч кандай пилосопия-милосопия менен иши жок жөпжөнөкөй жай адамдар да кириптер болушкан. Мындан ары да адамдар өздөрүнө ылайыктуу аралыкка чындыктан оолактап, жалгандыкка жашынып алуу адаты калбай, ал адат акыры кыяматка чейин созуларына шек болбойт. Себеби жалгандык деген нерсе табияттан жаралбай, адам баласы ойлоп тапкан көрүнүш экендиги мурдатан эле окумуштуу философтор тарабынан такталып, далилденип калган. Акын дал ушуну айтып, жаны кейип жаткандыгын түшүнөбүз. Ал эми жалгандык дегендин өзү кеңири түшүнүк, ага терс көрүнүштөрдүн бардыгы кирет: ал алдамчылык, көрө албастык, карөзгөйлүк, ушак-айың, душмандык, ач көздүк, коркоктук, кошоматчылык, жасалма патриоттуулук, көз боёмочулук, паракорлук, чыккынчылык жана дагы көп-көп нерселер…

Тукебиз мына ушуларды кыргыз айтмакчы, кара жининдей жаман көрө турган. Анын чындык үчүн чыркыраган ушул маанайда жазылган көптөгөн ырлары бар. Туке баарынан мурда сүрөткер акын. Дегеле кайсы ырын албайлы, табият менен жуурулушуп, башкалар байкабаган, бөлөктөр элес албаган көрүнүштөрдүн, кубулуштардын полотносун тартып берет. Андай ырды окугандан кийин ким болбосун: «Мен ушунча болуп муну байкабапмын», – деп ойлоору бышык.

Ай нуру, аппак нурлар тынбай аккан,
Көңүлгө ырахат жок андай жаккан.
Жыбырап жылбай жанган терезеде,
Жылдыздар мык өңдөнөт мыктап каккан.

……………………………………………………….
Дирилдейт айдын сууда жалбырагы,
Балыктар тиштейт четин, ана тагы.
Бутакка мөмө болуп ийилет ай,
Качырайт оордуктан алма багы.

………………………………………………
Теректер шоокум салып, ыргалат жай,
Аппак түн айтып бүткүс элеске бай.
Аңкытып ар убакта эске түшүп,
Аябай ширин экен ай түшкөн чай.
(«Айылдагы ай нуру»)

Бул макаланын баш жагында ыр жазгандар мурда (СССР доорунда) көп болучу, азыр да аз эмес деп айткам. Ал эми ошол ыр жазгандардын бардыгын акын деп ооз көптүрүп айтууга ар ким эле батына бербесе керек. Андан калса калемгерлерге өкмөт тараптан да адабий чөйрөдө ар кандай шектүү түшүнүктөрдү жараткан наамдардын ыйгарылышы ошол акын сөрөйлөрдүн ташын өйдө кулатып, аларды эл билбесе да күчкө салып элге таңууланып калынышы күлкү келерлик көрүнүш экендигин далай окурмандар айтып келишет. Андайлардын көбү наамды кандай жол менен алгандыктары көпчүлүккө маалым, ал эми көпчүлүк андай жазмакерлердин бир да сап ырын эсине сактай албагандыгы өтө кызык көрүнүш.

Биз өзүбүз жашап, бир тыйын төлөбөй билимин алып, жамандыр- жакшыдыр китеп чыгарып, чыгарганда да мамлекет анүчүн акчасын берип, тумшуктууга чокутпай багып, анан ал доордун убайын көрүп алып, кийин ал чоң мамлекет тарап кеткенде аны жамандап, кийинки бийликке кошоматтанып жүргөндөрдүн далайы мурда кандай ыр жазса, азыр деле анысынан озуп кетпеди, болгону төшүн көбүрөөк, катуураак гана кагып калды. (Мен бул оюмду ностальгия – мурдагыны эңсөө катары эмес, болгонду болгондой айтууну максат эттим.)

Жогорудагы оюм мурдатан түптөлүп келген пикир эмес экендигин актануу үчүн эмес, тактоо үчүн эскерте кетким келет, бул пикир Тукенин ырларын кайра бир кайталап окуп жатканымда пайда болду, анын канаттуу ырлары чыныгы, чулу таланттын калеминен жаралгандыгына дагы бир жолу ынандым да поэзия мындай улуу акындын тагдыры экендигине көзүм жетти.

Ырас, азыр мурункудай болбой, адабий сынчылардын да катары суюлуп калган, андагыдай көркөм чыгарманын талаш-тартыштары да жокко эсе, демек, көркөм дөөлөт кандайдыр бир кууш алкактын капасында камалып тургандай элес калтырат. Мурда жалпы окурмандар жапа тырмак көркөм адабияттын ар түрдүү талкууларына активдүү катышып келсе, азыр андай иш чаралар жогорку окуу жайлардын филология факультеттеринде гана сабак катары өтүп, көпчүлүк учурда адабият таануу жагдайында чыгармаларды баалоо ошол факультеттердин окутуучулары же аспиранттары тарабынан илимий даража алуу үчүн иштеринде гана сыпатталат. Мындай тагдырга кыргыздын улуу акындарынын чыгармалары сыяктуу эле, Тукенин да кайталангыс поэзиясы тушугуп турганы өкүнүчтүү.

«Сөз чындыгынан бузулбайт» дегендей Тукенин калеминен жаралган ары таланттуу, жөпжөнөкөй, бирок терең философиялуу, көркөмдүгү бийик ырлары мен чоң акынмын деп жалган ишеничтин торуна камалып калган ар кимдин эле калеминен чууруп түшө калбасы бышык. Ошондон улам кыргыз поэзиясындагы улуу бурулуштарды жасаган Тукедей улуу акындарды колдун манжалары менен санаса болот деген пикирим ушундай жагдайлардан улам пайда болуп отурат. Акын өзү атагандай анын оту өчпөгөн канаттуу ырлары али өз баасын ала элек, аны окуу, үйрөнүү, Турар таануунун чети оюлмак тургай, атүгүл чыйыр салынбай дың бойдон жатат. Анын чыгармалары өткөн кылымдагы кыргыз поэзия дөөлөтүнүн туу чокуларынын бири, эң мыкты үлгүсү катары жашай берерине шек жок. Тукенин чыгармалары сыяктуу эле анын басып өткөн жолу, өмүрү да көп кырдуу, көркөм. Ал өзүнчө чоң сөз болууга арзый турган калың тема.

Акын жөнүндө өзү кайтыш болгондон кийин ушак-айыңдары арбын кошулган ар кандай имиштер, божомолдор айтылып, айрымдары массалык маалымат каражаттарына да жарыяланып кеткен жагдайлар болгон. Ал өзү туруп келип, айтылып жаткан ушак-айыңдардын жалган экендигин жарыя эте албагандыктан, андай пас, чындыкка коошпогон, жугумсуз макала сөрөйлөр Тукенин акын катары, адам катары да залкарлыгына эч шек жарата албагандыгы акындын сан миң окурмандарынын көзөмөлүндө турат. Улуу акын жөнүндө келечекте далай изилдөөлөр жазылар, анын поэзия мектебинен байсалдуу сапарын жолдогон таланттар өсүп чыгар, оту өчпөгөн ыйык коломтосунун табы көптөгөн муундарга дүрмөт берип, Тукенин канаттуу ырлары кыргыздын көөнөрбөс көркөм дөөлөтү катары жашай берүүгө акылуу экендигине күмөн жок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *