№3

Аялзаттын үй-бүлөдөгү орду кандай болууга тийиш жана бүгүнкү күндөгү социалдык турмуш жүгү эмне себептен аялзаттын мойнуна көбүрөөк жүктөлүп калууда?

Биз бүгүн сөз кылып жаткан тема — бул бүгүнкү күндө коомдогу эң актуалдуу маселелердин бири. Аялдардын үй-бүлөдөгү орду өтө чоң мааниге ээ. Кыргыз элинде аялзаты ар дайым урматталып, үй-бүлөдө, коомдо татыктуу орунду ээлеп келген. Аларды эне-катары, жубай-катары сыйлап урматташкан. Ошондой эле биздин каада-салттарыбыз, эл макалдарыбыз, аялдардын жүрүм-түрүм эрежелерине өз убагында, салым кошуп турат. Башка элдерге караганда уят, намыс бизде жогору коюлган.

Айрыкча апаларыбыз, чоң энелерибиз, ар убакта уят, намысты бийик туткула деп какшап жол көрсөтүп келген. Аял назиктик жана сезимталдыгы менен өзгөчө орду бар, ушул өзгөчөлүктөрү менен өз табигый ролун бузбай, өзүнүн ыйбаалыгы жана жылуу жумшак мүнөзү менен эркектен өзгөчөлөнүп турат, үй-бүлөсүнө жана коомго пайда алып келет.

Аялзат булганган идиш эмес таштанды төкчүдөй, ал баалуу бермет салынган кооз куту, аны кезинде барктап урматтап алуу керек. Негизи Аялзат ким өзү? Ал күйөөсүнүн өмүрлүк жубайы, бейпилдиктин, ыракаттын, мээрим менен сүйүүнүн булагы, эркектин жардамчысы жана үйүнүн ханышасы. Аял деген бейиш, анын таман астында болгон эне, балдардын алгачкы табылгыс тарбиячысы. Асыл маданияттын учугу узүлбөгөн үрп-адат менен баасы бийик нарк- насылдын башаты, жашоонун угуту.

Дүйнөдөгү өзүнүн милдеттерин так аткарган, үй-бүлөнүн купуя сырларын сактаган бул ким? Ал аялзаты! Мактоого татыктуу керемет сүйкүмдүү, мээримдүү эне. «Мээр» деген нерсеге эне жакын болот, энелик сезим башкача бир керемет нерсе тура. Илгери бир икаяда айткандай: Күндөн сурашат экен, «Сенин табыңдан өткөн тап барбы?» «Бар», — дейт экен ал. Бул эненин мээрими. Өлүмдөн сурашыптыр: «Сага тең келе турган күч барбы?» Ал дагы: «Бар» дейт. Бул — эненин мээрими.

Ошол үчүн «эне мээрими ташты эритет, эне каары тоону кулатат» деген тура. Улуу сыйга татыган аялзаты акыркы жылдары канчалаган оор түйшүктөрдү көтөрүп, турмуш үчүн жанталашып күрөшүп келишет. Ооба, кээ бир аялдар үчүн бул жат көрүнсө, кээ бирлер үчүн аргасыз ушундай шартка баш ийип, канча азап тартса да, жакшылыктан күдөр үзбөй, өмүрүн балдарына арнап, таң эрте жем издеген чымчыктай жумушка кетип, күүгүмдө бутун сүйрөп үйүнө араң келет. Анда да эс албай, балдардын оокатын жасап, үйгө кирип аял, эшикке чыгып эркектин образын жараткан аялдар саны коомдо көбөйүүдө.

Бүгүнкү күндүн агымы аялдарды экиге бөлүп кароодо: убакыт өткөн сайын дагы да бөлө бермекчи. Бул керектөөчү аял жана өндүрүүчү аял. Биринчиси сыйлуу айымдыктан байкуш ургаачылыкка, экинчиси күн өткөн сайын айымдыктан эркектикке карай багыт алып барат.

Азыркы учурда социалдык турмуш жүгү чын эле ЭНЕ шордууларга көбүрөөк түйшүк жаратып жаткан кез. Муну коомчулук толук моюнга алганыбыз дурус. Жашоонун түйшүгү аялдар үчүн өзгөчө оор болуп баратат дегеним. Эне өзүнүн кыйналганына кайыл болуп, ар дайым балдарынын келечегин ойлоп, турмуштагы баардык кыйынчылыктарды, азаптарды тартууга, жеңүүгө бел байлайт экен. Адам маңдайына жазылган тагдырга баш ийбешке арга жок.

Илгерки сыйга татыктуу аялзаты азыркы жашоо шартта тебелендиде калды десем жаңылбайм. Аялзаттын ушундай шарттарга кабылышына, чогу бир үйдөн түтүн булатпай, чыр-чатак, пикир келишпестик, конфликт болуп үйбүлө эки айрылыш жолго түшкөндүктөн аягы ушундай корутунду жаратып жатат. Кээ бир аялдар эркектерге таандык иштерди жасап, айрым эркектерге караганда жогору ийгиликтерге жетишип жатышат. Үй-бүлөлүк жашоо тараза сыяктуу, эки жагына эки башка жүк жүктөлгөн. Ар бир тарап өз жүгүн көтөрсө, аялдарга мынчалык түйшүк болбос эле. Акыркы жылдары бизде коомубуздагы жумушсуздук, жетишпестик, аргасыздыктын айынан башка ар өлкөгө кетип жатышат. Салып койгон жаңы тамы калып, баласына татыктуу ата-эне боло албай, «алыста өткөн күндүн өзү жат, башка элде жүргөндүн өзү арман» дегендей. Мигрант маселеси коомдогу көп аялдарга коркунуч жаратты, үйбүлөлөрүнөн ажыратты. Көз жашын төккөн энелер кимден жардам сурашын же кайсыл тарапка кайрылышын билбей, азап тартышууда. Өз очогун унуткан башка аялдан бакыт табам деп мотурайган балдарын таштап, ичимдик ичип, улуу аялдарга үйлөнүп, өз күнүмдүк жеке кызыкчылыгы менен өмүр сүргөн эркектерге эмне деп айтаарыңды да билбейсиң…

Азыркы кезде таразанын ташы коомдо энелер жакта көбүрөөк салмак берип жатат, мындай салмактык менен кетсе үй-бүлөнүн бузулушун шарттайт. Негизи үй-бүлөнүн, жашоонун жарыгы, бекемдиги, эркектин күчтүү болушунда, аял киши да бул жерде өз милдетин так аткарып: үйдүн куту, үйдүн туткасы болуш керек, мына ошондо үйбүлө бекем сакталат. Аял кишинин орду үйдө бала багып, үй ичин сарамжалдуу кармап, балдарын тарбиялап, күйөөсүн күтүп, уруксаты жок көчөгө чыкпай, казан асып, тамагы даяр турушу керек деген түшүнүк бизде жашайт жана каныбызга сиңип калган.

Бул туура дейли, бала чоңоюп өз алдынча болгончо, аял киши үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл буруусу кажет, балага эне гана күйөт. Бирок кээ бир эркектер бар шариятта мындай, тигиндей деп дин жөнүндө өздөрүнүн толук түшүнүгү жок, аялдарды үй камагына, кысымга алып, төрт дубал ичине камап, же аны иштетпей, же өздөрү жарытылуу тыйын таппай, аялына түйшүк жараткан бир-эки сакалын текедей серпеңдеткен эргулдар эл ичинде азыр толтура.

Шарият менен мыйзамда аялдардын укугу эки түрдүү каралат, биз көз карандысыз демократиялык өлкө болгондуктан аял менен эркектин тең укугун мыйзам коргоого алат. Шариятта аялдар эркектерге караганда төмөн баш ийип туруусу абзел. Аял киши баарына жетишүүгө, ар убак аракет жасайт, керек болсо жумушуна барып, сааты менен иштеп, өз кезегинде үй-бүлөсүнө көңүл буруп, күйөөсүнө жардам берип, үй-бүлөнүн жүгүн тең көтөрүп, турмуш арабасын чогу тарткан аялдар азыр учурда көп. Бул нерсе өөн деле көрүнүш болбой калды: «Эркектер казанда, аялдар базарда» дегендей.

Адам баласынын жашоосундагы эң бир маанилүү — бул үй-бүлө, балдарына жетиштүү тарбия берип, өз тууруна кондуруп, турмушта туура ордун тапса дейбиз. Тилекке каршы, учурда көпчүлүк үй-бүлөлөр бекем болуудан алыс, ойлонбостук менен жашоолоруна кайдыгер мамиле жасашат. Биз коомдо көп учурда эркектерди жек көрүп, күнөөлөп келебиз, бирок чындыгында андай эмес. Өз аталык парзын аткарып камкор ата, ини, ага, уул, сүйүктүү жолдош болуп жүргөн жигиттерибизди унутта калтырып кетсек болбос…

Бүгүнкү күндө батыштын уусуна ууланган аялдарда коомчулукта жок эмес, эркегин укпай жай турмушун бузуп, көчө таптап жүргөн кыздарыбызда көпчүлүктүн жүрөгүн оорутат. Ошол үчүн коомчулукта, баары болот тура, жаманы да, жакшысы да. Курчоого алынган табигый  көрүнүштөр муну эч ким, эч качан токтотуп жоё албайт, бул нерсе кылымдан бери өз жолунан адашпай келе жатат.

Ылайым коомубузда ЭНЕЛЕР ыйлабай, көз жашы төгүлбөй, эне-атанын балага деген сезими күчөп, бири-бирибизди урматтап, ыйман туруктуулуук, мээнетчилик, чыдамкайлык, сыяктуу адамзаттын аздек сапаттарын даңазалап өтсөк экен.

«Кайсыл элдин жүдөө көрсөң зайыбын, ошол элдин эрине кой айыбын» демекчи, жаркылдаган аялзатына тил тийгизбей, мырзаларыбыз өз учурунда баркын билип, назик сезимдерин арнап, аял-эркек ортосундагы жылуулук өмүр бою өчпөсо экен деп тилейм…

Cынак жобосу ушул шилтемеден ачылат

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *