Өзүн өзү сактоо жана өзүуюшмалдык (самоорганизация) – табийгаттын башкы мыйзамы. Ушул улуу мыйзамга негизделип жашоо – табийгат тирүүлүгүнүн жана коомдук өнүгүүнүн башкы шарты.
Кыргыз Эли да сан кылымдарды карыткан тарыхында өзүн сактап жашоонун, өзүуюшуунун чыныгы үлгүсүн издеп таап, ошол Асыл Эрежесин Алтын Түркүк тутунуп жашаган үчүн бүгүнкү күнгө эсен келди. Тескерисинче, өзүуюшуп жашоонун көзүнөн адашкан, кезиндеги не бир күркүрөгөн элдер, дүркүрөгөн цивилизациялар кийин тарых айдыңынан чийилип жок болушту.
Эми да карт тарых элдердин, айрыкча азаттыгына жаңыдан жетишкен жаш мамлекеттердин алдына тарыхый жаңы сыноосун койду. Сыноону төмөнкүлөр шарттады.
а) Бардык нерсени өз араанына алган, дүйнөлүк катаал тегирменине салган ирилешүү (глобализация) процесси баштагыдан да ыкчамдап, башкаларды (майдаларды) иритип жок кылуу, кансыз жеңип алуу (экономикалык, саясый, укуктук көзкарандылыкка кептөө, жылма неоколониализм) сапарын ургаал күчөттү;
б) Арада саал басаңдай калган дүйнөлүк тирешүү – конфронтация (СССР – Батыш; Ислам – Батыш) кайрадан күчөп, бет кэбин чечип, жаалдуу айыгышып, эми жылма, «кансыз» гана эмес, бири-бирин «кандуу» жеңип алуунун калайман жолуна ачык түшүштү.
Мунун айкын мисалы:
Батыштын атайын кызматтары так ишке ашырган араб мамлекеттериндеги ички бүлгүн, кырды бычак абал;
ага жооп, андан кем калбаган жексурлук – жанды чымындай кырып, канды суудай төгүп, кандай да болбосун дүйнөлүк халифатты орнотуу жан далбасасы (Ислам Мамлекети);
кечээ эле бүтүн, бейгам тургансыган Украинадагы бүгүнкү жарандык согуш, аймактык бүтүндүгүнүн эми айласыз кайра калыптангыс ыдырашы, бөлүнүшү (Крым, Чыгыш Украина)…
Түзүлгөн дүйнөлүк мындай кыйгач кырдаал, мындан ары да ургаал улана берээр түбү түпөйүл белгисиздик – бизди өзүбүздүн азыркы ал-абалыбыз тууралуу жашырбай, ачык, ачуу (ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат!), чечкин акыл калчап алышка аргасыз кылат.
Азыр кандай абалдабыз, кай чектебиз, келечектен эмнени күтөбүз, ага жетиш үчүн нелерди иштешибиз керек?..
Чыны менен бул, билгенге, тагдыр чечээр улуттук «гамлеттик» суроо…
Өзүн өзү сак-сактап («инстинкт самосохранения»), өзүн өзү кылдап уюштура билген («чуткая самоорганизация») кыргыз калкы эчен-эчен кылымдардын кыл көпүрөсүнөн эсен-эсен өтө келди дедик. Эми «кантип?» деген бир суроого так жооп беришке туура келсе, анда: «өзүнүн табигый укук, таасын мамлекетин түзүп!» деп жооп берээр элек. Бул эмне дегендик?
Бул – кыргыздын коомдук-саясый түзүлүшү – Кишинин Жолу (укугу-милдети), Үй-бүлөнүн Жолу (очок), Уруктун Жолу (айыл), Уруунун Жолу (аймак), Элдин Жолу (Ата Журт) биринде бири табигый уланып-кыналып, эч жеринде бирине-бири кайчы келбей, каршы үндөбөй, ырааттуу өтүшүп-этишип турган (всеобщая гармония), өзүндө өзү боло-толо (самодостаточность) Коом-Мамлекети болгон дегендик!
Ооба, дал – «Коом-Мамлекет!». Эч жеринде ашык кеми жок, катаал мезгил, татаал тарых өзү улангайыр Улуу Жолунда иштеп чыккан, өздүк-коомдук мамилени бар тепкичинде, бар тараптан жышып, жошуп, сомолоп салган Алтын Түркүк асыл мамлекет! «Мамлекет – Эл!», «Эл – Мамлекет!»
Кандай айтсаң да жарашат, экөө – ТЕҢ (Един), же Эл – Мамлекет ажырагыс, БИР! (Эске салып алалы: Батыш жана башка отурук калктарда коомдон мамлекети бөлүнүп өсүп чыккан; “Коом” жана “Мамлекети” ЭКИ ажырап калган, же “мамлекеттүүлүк“ философиясы тэк-генезисинде эки башка!).
Биз бүгүн, мына ушул, элибизди сандаган жоодон сактап келген, миңдеген кыргындан бычак мизинде алып өткөн улуттук өзүуюшуу жолубуздун уңгусун кайырып келишибиз керек. Ушунда гана бизге:
– «Украина фактору» коопсуз (ал эми мындай кыйгач абалды кыйды күчтөр кыргыз түштүгүндө же башка жерде жасалма түзө салары, турган иш);
– азыркы араб мамлекеттериндеги ичтен ириткен бүлгүн же сырттан көзүн чычаладай, кызарткан ислам халифатчылыгы (ИМ) алсыз! Анткени, мында «Эл-Мамлекет» кубаттуу БИР түйүлгөн муштумга айланган болот, казатка Казатты каршы коет!;
– болбосо, биз дале баш каңгып, үркүп, үрпөйүп турган «Бажы биримдик» да бардык оңтерси менен коркунучсуз! Анткени, мында да, кандай да болбосун «Эл-Мамлекет» акыры БИР чечимдүү болот. Демек, ынтымак ырашкерлүү, өз максатына биримдиктүү жетет.
Ушинтип улуттук өзүуюшмалдык, же Кыргыз Жолуна түшүү – эми өткөрө заман зарылдыгына айланып чыкты. Эгерде биз, бүгүн, эртелеп өзүуйуша албасак, эртеңки кооптун алдын албасак, бүрсүгүнү кеч болуп калат. Ичибизге бир эптеп «иритки» салып үлгүрсө душман же сырттан коогалаң капыс каптап кирсе, болбосо, ушул эле алдыдан күтүлгөн шайлоонун «шайтан оюндарына» дүрт эттирип май чачып ийишсе окус, анда өзүуюшуп үлгүрө албай калабыз. Пытырап калабыз. Ал эми «пытыраган» элди «патыратыш» – заматта, бачым! Ошентип боорум, кечикпей, эртелеп уйушалы! Бул – заман талабы. Убакыт – алтын! Лимит – аз!
Жогоруда «Кишинин Жолу», «Үй-бүлөнүн Жолу» ж.б. дедик.
Бул өңүттө бүгүн Эл өзү түйшөлүп, ар кыл топтор: «Кыргыз Наркын», «Кыргыз Кодексин» ж.б. өз алдынча иштеп чыгышып (дагы да иштелет), коомчулукка сунуштап жатышат, байма-бай. Биз бул жакка азыр булуңдабайбыз. Кези тургандыр…
Төмөндө кайрыларыбыз, «өзүуюшмалдыктын» кылымдар бою иштелип чыккан (жашоо зарылдыгы өзү иштеп чыккан!) кыргыздык улуу үлгүсү – уруучулукка токтолобуз.
Арийне, уруучулук – өткөн коомдун натыйжасы.
Тушунда, артта калган Азия, Америка, Африка, Индей элдеринин уруучулугу, негизинен, трайбалисттик мүнөз күткөн. Ал эми «трайбализм» – уруулар арасындагы биримдикке эмес, тетирисинче, ажырымга башкы басымды койгон коом. Андыктан алардын коому мамлекетке өсүп жетилген эмес.
Өнүккөн отурук элдердин уруучулугу болсо (байыркы Грек, Рим), бул да байыркыда эле ыдырап, кыйрап кеткен, ордуна жаңы байырлуу полис-шаар-мамлекеттер өсүп чыккан. Демек, мында да уруучулуктун өнүккөн «мамлекетте» эч жыты жок, тиешесиз.
Бир гана көчмөн коомдо гана, бая айтылгандай:
Киши[лер] – Үй-Бүлөнү түзүп;
үй-бүлөлөр – Урукка кеңип;
уруктар – Урууга өтүп;
уруулар – Тайпага биригип
(уруулар аралык
биримдикке);
уруу тайпалар – Улуска (Эл–Мамлекетке) өсүп;
улустар биригип – Каганатка (Империяга) айланган!
Ушинтип «Эл-Мамлекет» БИРлиги түзүлгөн.
Демек, дүйнөлүк башка уруучул коомдорго салыштырганда көчмөн уруучулугунун «Мамлекетке» түздөн-түз тиешеси бар же анын үзүлгүс биртуташ өзөгүнүн дал өзүн түзүп турат. Көзүндө чөккөн!
Бул тууралуу Элдик Курултай кыймылынын 2011-жылы 9-11-сентябрда Бишкекте өткөн Улуу Курултайына жасалган докладда мындай деп белгиленген эле:
«Ал эми кыргыздарда же көчмөн коомдо мамлекет кандайча көрүнгөн, же келип чыккан? Бизде дал ушунун тетирисинче болгон. Б.а. батышта мамлекет, бая айтылгандай, уруучул коом кыйрап кеткен жерден башталса, бизде анткен эмес, бизде коом кийинки тарыхый өнүгүүнүн бүт тепкичтерин ырааттуу, эволюциялуу басып отуруп, өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө келген, б.а. уруучул өнүгүш андан кийинки тепкичтеринде: оболу – канаттарга бириккен; бир нече уруу биригип, бир канатты түзгөн; андан кийин ал канаттар да бири-бирине биригип, Оң Канат, Сол Канат жана Ичкилик болуп ирилешкен. Андан кийин бул үчөө да биригип бир Элге айланышкан.
«Эл» деген бир эле учурда «Мамлекетти» билдирген. Өз кезегинде бир нече Эл – Мамлекеттер – бир Каганатка – Империяга бириккен. Эл куруунун мындай тартиби катка алынгандан беркисин эле эсептегенде, мындан эки жарым миң жыл мурда эле классикалык формасында байыркы Хунну каганатында ишке ашырылган.
Ал эми катка алынбаган кезеңдери карт тарыхтын караңгы-караңгы түпкүлөрүнө житет. Демек, биздин көчмөн мамлекеттүүлүгүбүз уруучулук деңгээлден эң кеми, мындан эки миң жыл мурда эле эки-үч тепкич бийикке аргып чыгып кеткен.
Биз ошентип, уруучулук деңгээлден алда эбак эле аскарлап Элдик-Мамлекеттик эң бийик деңгээлге өсүп кеткен элбиз.
Биз, кыргыздар – керек болсо, мамлекеттен да бийик турган Каганат курган элбиз!
Биз бүгүн мына ушул улуу чындыкты ачык аңдап, жөн эле эмес, мамлекеттүүлүк философиябыздын контекстинде таасын таанышыбыз керек. «Кыргыздар уруучул деңгээлден өйдө көтөрүлө алган эмес» деген батышчыл, орусчул кооз жомокторду бойдон кагып, манкурттук кайыш ширгелерди башыбыздан алып салышыбыз керек!»
Бизге бүгүн көчмөн уруучулдугунун мына ушул табигый, тарыхый, философий сабагы зарыл.
Ырас, өткөн кездердеги тарыхий кай бир чалкеш окуяларга (бугу-сарыбагыш чабышы) жана коомдук жаңы баскычка өтүүгө (совет заманы) байланыштуу «уруучулдукка» карата «трайбализм» деген кыйла терс пикирлер да калыптанды (чынында, «трайбализм» жана «көчмөн уруучулдугу» – маңызы боюнча эки башка көрүнүш-кубулуш экенин көрдүк). Азыр да аң-сезимибизде ошол инерция күчүндө турат. Бирок бардык эле тирүү организмдей эле (өзүн сактоо инстинкти кынтыксыз иштеген!) кыргыз уруучулдугу да эч бир тоскоолдукка карабай өзүн өзү сактоо жолунда келди.
Төтөн, эгемендик алгандан кийинки кездери өзүн өзү сактоонун, өзүн өзү уюштуруунун түмөн түрлүү жолдорун түйшөлүп издеген, чайналган-чайпалган кыргыз коомчулугунун (айрыкча орто интеллигенциянын) бир бөлүгү кыргыз уруучулдугуна кайрылышты, уруучул уюшуу жолу аркылуу кыргыз элин сак сактап калуунун мүмкүнчүлүгүн издешти.
Алардын мындай аракети «Кыргыз Эл Биримдиги» коомунун түзүлүшүнө апкелди. Бүгүнкү күндө айрым бөксөлүктөрүнө карабастан кандаш караандуу өкүлдөрүн баш коштурган кыргыз уруулары Оң, Сол канат жана Ичкилик бирлигине уйуп болду. Тарыхый бир баскыч басылды.
Ооба, кезектеги бир баскыч, бирок… бирок, али Биримдиктин төбөсү ачык же мамлекеттик түзүлүш-башкарууда орду жок. Бул тууралу сөз кийин…
Муну айтканыбыз – эгемендиктин алгачкы жылдарында өз өткөнүн, тарыхын жаңыча тааный баштаган кыргыз эли өткөн санжыра-тарыхына кайрылды. Тэгин тектеди. Бул, өзүн өзү заманбап кайра аңдоонун, өз нугуна кайрылуунун (самоидентификация нации) биринчи баскычы – уруучул – стихиялуу жолу эле.
Уруучул нукта өзүн өзү таануунун, өзү-уюшуунун экинчи баскычы эми жигердүү уланып жатат.
Бул:
– ар бир уруунун өз санжыра китептерин чыгарууcу, болгондо, кийинки Адигине-Тагай заманы менен чектелбей, андан артылып байыркы башаттарына үңүлүү, кырк уруунун санжырасын жалпы кыргыздык алкакта аңдоо, аны илимий нукта ачуу аракети;
– уруу мыктыларынын мааракелерин өткөрүү, эстеликтерин тургузуу менен мүнөздөлөт жана бая айтылган «Кыргыз Эл Биримдиги» ынтымак коомунун түзүлүшү менен жыйынтыкталат.
Босогодо уруучулук нукта өзүуюшуунун эң, жооптуу жана эң билги, жаратман жана жигердүү – уруулук стихиялуу өзүуюшууну мамлекеттик аң-сезимдүү өзүуюшууга кыйыштырып өтүүнү талап кылган үчүнчү негизги баскыч күтүп турат.
Алдыда ушул баскыч басылыш керек, ушул этап өтүлүш керек деп болжойбуз. Бул эмне дегендик? Эмесе, оболу, аң-сезимдүү баскыч дегендин өзүн аныктап-ачыктап алалы.
Биринчиден, кыргыз уруучулугу жоюлбайт, кыйла кезеңге кетет. Анткени, бул, өңгөнү койгондо да, көчмөн элдин өз өткөнү, тарыхы. Өзүуюшуп жашоонун үлгүсү – элет калкынын (бүгүнкү отурукташкандан кийин да!) туугандык алакасына, жети ата, урук ичиндеги өтпөс-кетпес дайымкы ынтымагына негизделген.
Анан да бүгүнкү күндөгү мамлекеттик башкаруунун эң биринчи жерпайы катары үлгү изделип жүргөн жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун (местное самоуправление) чыныгы түпкү тамыры, аныгы алгачкы негизи – ушул! Бир үлгү – конституциялык билги жолго коюлган Индия панчайаттары.
Дүйнөлүк төбөлдөр «местное самоуправление» атап мээлерге чай кайнатып, мамлекетти ичтен иритип жүргөн былгы манипуляцияга жеринде эң күчтүү сокку ураар элдик чыныгы өзүуюшмал жол, ушул. Бул тууралуу көп айттык, биерде токтолбойбуз. Андыктан азыр, ырас, «бар» жана «жашап турганы» соң, муну, же уруулук өзүуюшууну – алдыда билги жана цивилдүү, бурушун дуруска айлантып, мамлекеттик маңызга каныктырып, мамлекеттик мазмуундуу ишке чегип кетүү гана керек.
«Уруубузду эмес, улутубузду ойлойлу» деген илгери ураанды дагы заманбап илгерилетип-түзөтүп: «уруулук Ынтымак-Бирлик аркылуу улутту улуу уюталы!» деп ураан таштайлы.
Ушул философиянын бийигине өсөлү! Диалектикадагы «негативди (эгер болсо) позитивдейт» деген эле ушул.
Экинчиден, «ушул философиянын бийиги» өзү, не; же ал эмне менен, нетип өлчөнөт? – өңдүү суроолорго келгенде – уруучулдукту, бая айтылган, тарыхый контекстинен айырбай, коколой бөлбөй, алды-үстү иерархиялык катышында аңдап, нравалык-философий таасын аныктап, бүгүнкү күн бийигинен заманбап жооп берүү зарыл – Улуу ЖОЛ философиясы өңүтүнөн, манасий маңыздап!
Б.а. Кыргыз:
кишинин жолунан – Үй-Бүлөнүн Жолу улук;
үй-бүлөнүн жолунан – Ата Уулунун Жолу улук;
ата уулунун жолунан – Жети Атанын Жолу улук;
жети атанын жолунан – Жете Уруктун Жолу улук;
жете уруктун жолунан – Жеке Уруунун Жолу улук;
жеке уруунун жолунан – Утур Тайпа Жолу улук;
утур тайпа жолунан – Учур Элдин Жолу улук;
учур элдин жолунан – кечээги кеткен эсил;
эртеңки күткөн асыл Элдин Жолу улук!
ЖОЛ философиясынын керемети мында – ал мүлдө Батыш илими «укук» жана «милдет» деп ар бөлөктөп алган мазмуунду бир гана Сөз-Түшүнүктүн түбүнө уютуп, ичтей ооштуруп-кооштуруп, идеалдуу-кыймылдуу ТЕҢ таразалап салган.
Эсеби, «Жолу Улуу» деген эле жерден «укук» дайыма алга суурулат, «милдет» кериге кетет; тескерисинче (терскерисинче) «Жолу Кичүү» деген эле жерден «милдети» шарт биринчиленет, «укук» артка тартат.
Өмүр-жашоонун сан миң жагдайларындагы миң бир түрлүү «укук» жана «милдеттерди» ушинтип бир-ак түшүнүктүн түбүнө универсалдуу түйүп салган «ЖОЛ» философиясынын табияты, ал – Батыштын атайын маңдаар манипуляциясын («Адамдын укугу жана Эркиндиктери» – «Права и свободы Человека» дегендей), өз боюна жуутпайт, кагып, жиберет! Таскардын тасырайтып ачып таштайт!
Демек, чыныгы кыргыз уруучулдугу да, аавалым табиятында, өзүнөн төмөнкү деңгээл-иерархияларда Жолу кандай улууланса – өзүнөн жогорку деңгээл-иерархияларга карата да Жолу дал ошондой кичүүлөнөт. Эң жөнөкөйлөтүп айтканда, уруучулук – элдик биримдикке алып чыккан милдеттүү шаты, элдик кызыкчылык алдында – милдеттүү жаны курман!
Бул – Теңирдин мыйзамы. Теңрикуттун өзөгү. Мындан башка, Асман алдында – Мыйзам жок!
Бүгүн кайрадан уюшуп башталган кыргыз уруучулдугу, эгер, ушул тэңирий чындыкты тааныбаса, ушул теңирий мыйзамды моюндабаса анда…, анда – Теңирдин каарына калат!
Жок, ушул чындыкты ак тааныса, анда ал «Эл» деген, бул – бүгүнкү «бар», «жашап жаткан» тирүү «биз» ден эле турбасын; «ЭЛ» деген, ал – «кечээги кеткен ата арбагы», «эртеңки күткөн муун-балдары» да экенин нак билет, сезет, моюндайт; а демек, бүгүнкү өзүнүн Жолун алардан дамамат кичүүлөп жашайт.
Метафораны дагы жөнөкөйлөтүп айтканда, бул деген, миңдеген жылдык кечээги өзүуюшмал тарыхын, уруучулдук эми миңдеген келечек жылдарга элдик өзү уюшмалдык катары алып өтүшү милдет дегенди билдирет. Ушунда уруулук биригүү – улуттук ынтымакка табигый айланып кетет дегенди билдирет. Ушунда уруулук өзүуюшуу – улуттук ынтымакка, уруучулдук – кыргызчылдыкка айланып калат дегенди билдирет.
Уруучулдуктун алдыдан күтүлгөн аң-сезимдүү үчүнчү баскычы дегенибиз, ушул!
Аталган «ЭЛ», «ЖОЛ» философиясы боюнча «КЭЛ» Республикасы Конституция долбоорунда конкрет, так статьялар орун алган. Төмөнкүчө:
18-статья
1. Улуу тарыхын таасын таанып, учурунда өткөндөн калган дөөлөттү кемитпей сөөлөттүү жашап, келечек тукумуна ырыскылуу заман калтырган муун – өзү салтанаттуу тарыхка айланган санжыргалуу Эл болот.
2. Учурунда бир ынтымакка баш уруп, мамлекетине улуу уюп бакыбат турмуш курбаган муун – кечээги жашап өткөн ата-бабасынын арбагына кыянатчылык кылган, туула элек эртеңки тукумунун тамырына балта чапкан Караламанга айланат.
19-статья
1. Караламандабай калкаман Карага өсүү үчүн ар бир Кишиге учур – замандан укук берилет, милдет тагылат;
2. Укук башаты – Кишинин өзүндө-табиятта (Мейкин) болот, милдет теги – ата-бабадан калат, келечек муундан (Мезгил) келет.
3. Киши Жолунан – Эл-Мамлекеттин Жолу улуу болот.
Жогоруда «уруулук стихиялуу өзүуюшууну мамлекеттик аң-сезимдүү өзүуюшууга кыйыштырып кетүү учуру келди» дедик. Ушуга эми саал токтолуу зарыл. Оболу, мамлекеттик өзү уйушууга байланыштуу эки ооз сөз.
Чынында «Мамлекет» дегендин өзү – «өзүуюшуу», тек, укук жолунда, расмий мыйзамга (Конституцияга) негизделген. Бирок жаш мамлекеттердин маш душмандары эч качан анын телчигип өнүгүп-өсүп кетишин каалабайт, ал үчүн дайыма, бардык жактан митайым «аталык» цивилдүү кам көрүп турушат.
Биринчи ирээтте Баш Мыйзамы (Конституциясы) аркылуу билги уюшуп кетпесин деп Баш Мыйзамдарынын ичине иритки ириң булагын салып коюшат, жай иштээр минасын (универсалдуу!) катып коюшат.
Бизде дал ошондой болду. Биринчи Конституциябыз кабыл алынып жаткан кездери, андагы Биринчи Президент баштаган саясый ишмерлердин, улуттук интеллигенция өкүлдөрүнүн укуктук билиминин тайкылыгынан, өз алдынча мамлекет куруу тажрыйбасыздыгынан пайдаланып, дүйнөлүк жаңы төбөлдөр левитиндердин эптүү колу менен (Президенттин мамлекеттеги эң башкы кеңешчиси!) Конституциябыздын өзөгүнө, өзүбүздү тынымсыз ичтен иритип башкарып турууга өтө ыңгайлуу бир уулуу системаны эң жылма, эң арамза, эң митайым былгы-билги катып салышкан.
Мамлекеттин өзүуюшуусуна эзелим жол бербей ичтен тынымсыз бүлүндүрүп турган иритки системанын көзү мобул:
а) «мамлекеттик бийлик бутактары бөлүштүрүлөт» деген жобону абсолютташтырып, бирдиктүү мамлекеттик денени тик-вертикалында үч бөлүк тилип-тилип ажыратып салышкан. Алардын ортосунда маакулдашып аракеттенишүүнүн механизми жок. Анын ордуна тынымсыз ич ара бир-биринен тытынып полномочие талашуу гана күрөшү жүрөт (Президент – ЖК ж.б.);
б) «мамлекеттик бийлик жергиликтештирилет» деген жобону абсолютташтырып, бирдиктүү мамлекет денесин эми жергиликтүү өзүн-өзү башкарууларга бөлчөктөп (а булар жергилик кеңештер аркылуу жергиликтүү мамадминстрациядан сурак алат!), биртуташ турчу мамлекет денесин эми кыйыр-горизонталында парчалап-бырчалап салышкан (мэрия, айылдар; ал эми «1993»тө бул «өзүн-өзү» – обулустук деңгээлде болучу!), натыйжада, башы – бөлөк, денеси – салак мамлекеттик башкаңгы абал келип чыгат;
в) «сот бийлиги эч кимге көз карандысыз» деген жобону абсолютташтырып – сот системасын:
— өз ичинде – анык өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген чылгый коррупция уюгуна айландырып;
— сыртында – кайсыдыр бир чоң чөнтөккө чымбыт чүкө байландырып (Президент – ЖК);
— ал эми акыркы («2010») чындап көзкарандысыз кылабыз дешкени, системаны акыры чындап системдүү кризиске алып келип согот;
г) «адам укугу (милдети – жок!) жана эркиндиги» деген жобону абсолютташтырып Эл – Мамлекет (кыргыздын!) укугун сырткы Жеке Адам, Жеке Капиталдын укугуна чылк бастырган-башкарткан, мамлекет байлыгын сырттан майкандаган («Кумтөр» – ушунун көрүнө жемиши!) ууру системаны ичибизге тайраңдатып салып коюшат.
Ошолор! Бизге «аталык» кам көргөндөр. Мамлекеттик чыныгы өзүуйушуубуздун жолун чылк бууп, өз Конституциябыз аркылуу өз колу-бутубузду байлап-матап, бир көз ирмебей тикийип тиктеп кайтарып тургандар. Венециядан!
Демек, ириде, ичтен иритип турган дал ушул ууру системанын өзүн түбүнөн тикендей жулуп туруп гана мамлекеттик нагыз өзүуйушууга келүүгө болот.
Биз 2010-жылы моңолдор уруусунун Ордо Кеңешинин атайын тапшыруусу менен жаңы «Кыргыз Эл» («КЭЛ») Республикасынын Баш Мыйзам долбоорун жаздык. Долбоор К.Бакиевдин «Ынтымак Курултайы» алдында ага альтернатива катары жарык көргөн эле («Теңрикут», Б.: 2010). Ушул долбоордо жогорку үч маселени тең кардиналдуу чечүүгө аракет кылдык.
Атаганда:
1. КР Конституция[ларын]да «1993»-төн бери карай култуюп, жашынып келаткан бая ууру миналардын көзүн куруттук.
2. Мамлекеттик расмий өзүуйушууга чыктык (№ 2а-схем. кар.);
3. «Мамлекеттик расмий мыйзамдуу өзүуйушуу» жолуна «уруулук стихиялуу өзү-уйушуу» жолун табигый коштук, бириктирдик – (№ 1-схем. кар.) эстеңиз: кыргыз философиясында, дайымкы жашоосунда «Коом» жана «Мамлекет» бөлүнбөй чулу турган, ал – «Эл – Мамлекет», же «Мамлекет – Эл» БИРлиги болгон.
Жаңы «Кыргыз Эл» («КЭЛ») Конституция долбоорунда бул мындайча белгиленди:
«Элдик Канаттын (уруулардын) жалпы мамлекеттик ишке катышуусу – Ичкилик, Оң, Сол бийлеринин Аталык Кеңешке туруктуу мүчө болуусу аркылуу камсыздалат» (28-бер.).
Мына ушул сунушталган мыйзамдык жаңы жол эми кыргыз уруучул уйушуусу алдына заманбап милдеттерди коет. Б.а. ТЕҢ чил мамлекеттик түзүлүштө Мамбийлик бутактары (ОҢ КАРЫ) менен макул шилтениш үчүн Элбийлик канатына (СОЛ КАРЫ):
а) Оң Канат, Сол Канат, Ичкилик урууларынын ортосунда, анын ичинде ар канатка кирген уруулардын ич ара мамилесинде – өз ара шай макулдукта болуу талап кылынат;
б) бул үчүн, ар бир уруунун ички уюшуусунда, түзүлүш-башкаруусунда бирдейликтин болушу зарылдыкка айланат.
Бирок бая айтылгандай, азыр уруулук өзүн кайра аңдоо процесси экинчи гана баскычын башынан кечирип жатат. Уруулук – коомдук кайра уйушуу али чаржайыт стихиялуулуктан арыла элек. Ушуга байланыштуу, негизинен, коомдук бирикме катары катталышкан алар ички тартип жашоосунда ар кыл түзүм-структура, өз уставдары менен жашап жатышат. Кыйласында ал примитивдүү эле деңгээлде.
Кыргыз уруулук заманбап кайра уюшуусунун алдыда күтүлгөн жигердүү, үчүнчү баскычы, кыргыз мамлекетинин алгы бакыбат жана коопсуз(!) жашоо агымына (өзү түзө турган!) аң-сезимдүү куюлуп кирүү озуйпасы «Кыргыз Эл Биримдигинен», анын Оң, Сол канат жана Ичкилик топторунан, ошол топторду түзүп турган негизги бирдик – ар бир уруунун өзүнөн, негизинен, бирдей, окшош, түзүм-структурага келүүнү талап кылат. Мунсуз алардын ортосунда эч качан бири-бири менен маакул, үналыш (синхрондуу) мамиле түзүлбөйт, ынтымак-ырашкер иш келип чыкпайт.
Демек, элдик-мамлекеттик асыл, ыйык ишке жаратман салым кошо албайт. Тескерисинче, «жаратман» тургай, ар бир уруу, эгерде, азыркыдай өз тар казанында кайнай берсе, өзүнүн уруулук деңгээлинен бийик көтөрүлө албаса, анда, жалпы элдик ишке терс таасир да этип алмагы бар (эсеби, азыр кай бир уруулар ичинде алдыда күтүлгөн ЖКга депутат шайлоо, андан ары Президенттик шайлоого карата эмитен тымызын старт алынып, «өз короосунан кочкор изделип» же азыркы бар «кочкорлордун» «өз элине» (уруусуна, регионуна) эртелеп койкоңдоп кызмат кылып көрүнө баштаганы да көз кырга илине башталды. Бул – терс белги).
Ошондуктан, кайталайлы, Кыргыз Элинин өзөгүн түзүп турган кырк уруусу, өз жетекчилиги (Ичкилик, Он, Сол канат бийлери) аркылуу мамлекеттик ишке жаратман катышып, ийкем башкаруусу-башкарылуусу үчүн биринчи ирээтте өзү ички структурасында бирдейлениши кажет, окшош түзүмгө келиши керек!
Кыргыз урууларынын тээ эзелки тэгинен бери эле, негизинен, бирдей түзүмдө уюп келиши (ата уулу, жети ата, урук, уруу, эл – мамлекетке ырааттуу өсүшү; «төмөнкү – жогоркулар» ортосундагы бирин-бири «дамамат маакул угушкан» уруулук сый демократиясы) бул – калкыбыздын канында катылган улуу касиет жана азыр да заманбап уюмдашууга даярлыгын көзгө көрүнөө сайып турган, факт! Демек, элде бар нерсени – жээгин чоюп, тиреп турган тирүү духту мамлекеттик аң-сезимдүү, жаратман нукка салып коюу гана керек!
Биз ушунун бир жолун сунуштадык (№ 1 схем. караңыз). Мында уруулук өзү уюмдашуу жолу мамлекеттик өзү уюмдашуу жолуна дал келтирилди. Маселен, мамлекеттин Президенти бир эле учурда мамлекеттин Жолбашчысы да, Колбашчысы да болгондой эле, Уруу Бийи да дал ошондой – уруунун Жолбашчысы, Колбашчысы; Президент алдында акылчы Оң, Сол Билгилери тургандай эле – Бийдин да алдында билерман Оң, Сол Билгиси бар; Мамлекеттин Конституциялык Сотундай эле уруунун руханий Конституций Көзөмөлү бар, ж.б. Кыскасы, эң жогорку мамлекеттик бийлик жана эң төмөнкү элеттик бийликке чейинки үндөш-синхрондуулук так сакталган… (№ 3б. схеманы караныз).
Арийне, ушунун баарын эчактан ойлоп, жазып жаткан биз, өзүбүздү жаңы уруучул утопист санабайбыз; «уруучулук» дегенди укканда эле итатайы тутулуп «трайбализм, трайбализм!» деп тыраалап чыга калуучу батыш цивилдүү бай катмар бар экенине да эсеп беребиз. Бирок ошол эле учурда, ошончо батыш цивилдүүлөр (сифилдүүсү кошо кошулуп!), эгерде Эл башына кокус кооп тууса (украин бүлгүн, араб кыргын, ислам жихад – ИМ), анда «укук, укук!» деп улупуңшуп атышып, «демократия!» деп жер тепкилеп сабашып, «адам укугу!» деп айкырышып-бакырышып жатып да, биригип колдорунан кокон келтире алышпасын да билебиз! (тескерисинче, «дерьмократиясы» менен элди иритип, бүлгүндөтүшөт мындайда!).
Ал эми кыргыз уруучул уюмдашуусу – келтирет!
Жарым күндүн ичинде мамлекет Президентинин алдына кылкылдатып өз ыктыярдуу кыргыз армиясын түзүп берет! Жарым гана күндүн ичинде!
Тээ эң төмөндөн:
топ башылар (ата-уулдары) –
жүзбашыларга (айыл) биригишип;
жүзбашылар – миңбашыларга (район) биригишип;
миңбашылар – түмөнбашыларга (облус) биригишип;
түмөнбашылар – оң, сол колбашчыларга (регион) биригишип;
оң, сол колбашчылар – уруунун баш колбашчысына (уруу Бийи) биригигишип;
уруу бийлери – канат бийлерине (Оң, Сол, Ичкилик) биригишип;
канат бийлери – бир Чоң Бийге биригишип;
Чоң Бий – мамлекеттин Президентине, Эң жогорку Башкы Командачы алдына ыгып –
кыргыздын өз ыктыярлуу, намыскөй, октон-чоктон кайра тартпас зор армиясы мамлекет Президентинин алдына кылкылдап тизилип берет. Бир гана буйрук күтүп!
Кезинде улуу жааңгер Чыңгыз Каандын дүйнөлүк каганатын дүйнөгө дүңгүрөтүп алып чыккан кудурет күч – ушул!
Жете сыналган жетик система!
Бир гана ушул улуттук улуу армиянын мүмкүнчүлүгүн өзүндө реалдуу уютуп тургандыгы үчүн эле уруучул өзүуюшууну жалпы элдик-мамлекеттик туура жолго салып коюш – керек!
Мындай мүлдө улуттук өзүуюшмал даяр системаны колдоо зарылдыгы, төтөн, азыркы-акыркы шартта:
– исламды жамынган жанкечтилер мамлекеттин Ак Ордо аянтына жутунуп кирип элди көрүнө жардырмакчы болгон;
– аны ошо саат коштой чаап дүйнөлүк дагы бир жандарм – экинчи баш кесер Азимжан Аскаровду бетине чүркөп улуттук кагылышууга ачык кайраган;
– мунун да изин суутпай, дароо интернет баракчалары аркылуу ичтен күүлөп (араб бүлгүнү ушинтип башталган!) Кыргызстанда Ислам Мамлекетин орнотууга ачык чакырык таштаган;
– эки мамлекеттин кызматташуусу расмий сууп, мунун кысасын куялуу АКШ неден, кантип чыгарарын билбей кыжаалат кынжылып турган тушта айрыкча зарыл, актуалдашып чыгат! Улуттук улуу өзүуюшмал системаны карт тарыхтын караңгы коңулуна катып салбай, ага заманбап мазмун, өмүр берүүнү талап кылат.
Улуттук өзүуюшмал системага заманбап калып берүү – бүгүн, андан эч ажыратылгыс экинчи эң орчун маселеге да тыкыз байланышкан. Ал – жетимиштен ашуун улут өкүлдөрүнөн турган мекендештерибиздин тагдыры. Арийне, Кыргызстандагы ар улут өкүлдөрүнүн маселеси башка мамлекеттерге салыштырмалуу кыйла эле демократиялуу, жемиштүү чечилген.
Өлкөбүздө алардын башын кошкон коомдук бирикме – Калк Ассамблеясы иш алып барат. Бирок биз бүгүн муну жетишсиз деп санайбыз. Кыргызстандагы ар улут өкүлдөрү мамлекетибиздеги туу түбү калк (титулдук улут) кыргыздардын айланасына мындан да жакын баш кошушу – заман талабы. Бул үчүн Калк Ассамблея (КА) Төрагасынын орду-статусу коомдук бирикме башчылыгынан жогору турушу керек деп эсептейбиз.
Ушул максатта «Кыргыз Эл» Конституция долбоорунда КА Төрагасына Оң, Сол, Ичкилик бийлери менен катарлаш Аталык Кеңештен туруктуу орун ыйгарылган (50-ст.). Ошондой эле КА Төрагасы Бий Кеңеш мүчөсү (§ 42) жана Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү болуп саналат. Ал эми Калк Ассамблеясы өзү мамлекеттик түзүлүш-башкаруунун Сол Кары – Элбийлик канатынан орун алып (№ 1 сх. караңыз), ар улут өкүлдөрү кыргыз элине тыкыз баш кошуп, буга бутак-шак болуп биригишет. Бул, Калк Ассамблеясын элден куулган эки президенттин тушундагындай өзүлөрүнүн саясый кызыкчылыктарына гана кызмат кылдырып келишкен куурчак ролдон куткарат, жалпы Бир Элдик Мамлекеттик жаратман ишти ынтымак-ырашкер аркалашууга алып келет. Элдик өзүуюшмалдыктын заманбап маңызы, жаңы деңгээли дегенибизде, мына ушуну да түшүнөбүз.
Арийне, ушунун баарын айтып атып биз, дагы бир, экинчи нерсеге да эсеп беребиз.
Ал – саясат маселеси.
Принципиалдуу жагдай – уруулук өзүуйушуу же долбоордогу элбийлик канаты дайымкы саясатка түз катышпайт. Түз саясат – мамлекеттик бутактын ыкыбалы. Бирок эскиден келген да бир кески чындык бар: эгерде сен саясатка катышпасаӊ – сени катыштырышат. Жашоо, турмуштун өзү – саясат. Мындан сырт туруу – мүмкүн эмес! Мамлекеттин жашоосунун өзү – саясат. Демек анда, «сырт турмак» тургай, мамлекеттеги ар бир күч, дэм, энергия, атом – «мамлекет» деген бир зор дененин ирээттүү-ырааттуу, бакыбат кыймылга келиши үчүн ар бири өз ордунда, өз кызматында, Ленин атам айтмакчы, анын бир буроосуна, бир тетигине, бир шайбасына айланып, күжүлдөп туура, так, нак, саат механизминдей ак(!) иштеши керек!
Анткени, бул – сенин Мамлекетиң!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *