1-бөлүм жана 2-бөлүм ушул шилтемелерден ачылат…

5-бап

Телерадио жана интернет

Радио, телекөрсөтүү жана интернет журналистикасы – адистешкен журналистика, анын талаптарын биз жогоруда сөз кылдык. Телерадио журналистикасы сөздөрдү эле эмес, аудио жана видеоматериалдарды да пайдаланат. Алардын жазгандарын аудитория окубайт, тыӊдайт.

Телекөрсөтүүдөгү кесиптештери сыяктуу эле интернет журналисттери да өз кабарларында аудио жана видеоматериалдарды, ошондой эле окурмандын окуя менен олтурган жеринде таанышуусуна мүмкүнчүлүк бере турган интерактивдүү элементтерди да пайдаланышат.

Жөнөкөйлөштүрүү максатында биз бул бапта бардык радио жана теле кабарлары үчүн алар эфир, кабель же спутник аркылуу берилгенине карабастан, телерадио кабарлары деген терминди колдонобуз.

 

Телерадио кабарларынын формалары жана убакыттары

Телерадио кабарларынын негизги формаларына «баяндоо» же «окуу», «үнсүз баян» жана «таӊгак» кирет. «Окууда» кабар эч кандай аудио жана видеоматериалдар менен кошумчаланбастан, диктор же кабарчы тарабынан окулат. Ал эми «үнсүз баян» деген термин видеоматериалдар менен берилген кабар үчүн колдонулат жана англис тилинде бул термин менен тике цитаталар аталат. Мында диктор же кабарчы текстти окуп жатканда, видеоматериалдар көрсөтүлө берет. Үндүн берилиши менен «үнсүз баян» «үндүү баянга» айланат. Азыркы учурда көптөгөн станциялар видеоматериалдарды тасма менен эмес, цифралык жол менен берип жатканына карабастан, бул терминдер пайдаланылууда. Кабардын жогорудагы формалары адатта кыска болот да, бир мүнөттөн азыраак убакытка, ал турсун кээде 10-15 секундга гана созулат.

Кабарчы тарабынан толук баяндалган кабар радиодо «ором», ал эми телекөрсөтүүдө «таӊгак» деп аталат. Ал кабарчынын баяндамасынан турат да, көп учурда үн цитаталарын жана кабар алынган жердеги табигый үндөрдү да камтыйт. Телекабарларда видеоматериалдар болору шексиз, мында графикалык материалдар (туруктуу жана өзгөрмө) да камтылышы мүмкүн. Бул типтеги кабарлар түз же алдын ала жазылып берилет да, башка формаларга салыштырмалуу узагыраак болуп, кээде кабарлардын форматына жараша алты-жети мүнөткө созулушу мүмкүн. Ар бир кабардын диктор тарабынан окула турган киришүү бөлүгү да болот. Мындан тышкары көп кабарлардын «корутундусу» да болуп, мында кабарчынын кабарынан кийин кошумча маалыматтар берилет.

Телерадио кабарларынын дагы бир түрү «табигый үн» деген ат менен белгилүү. Бул форма көбүнчө телекөрсөтүүдө, айрым учурларда радиодо колдонулат. Мында кабарчынын үнү болбойт, анын ордуна кабарды андагы адамдар баяндап беришет. Бул ыкма көбүрөөк пландаштырууну талап кылып, башка кабарлардай эле маалымат берет жана натыйжасы абдан таасирдүү болушу мүмкүн. Кээде кабарчысыз эле ушул типтеги маалыматтарды берген фотожурналисттер зарыл маалыматтардын бардыгы жазылыш керектигин, болбосо акыркы продукция натыйжасыз болуп каларын эске тутууга тийиш.
Телерадио кабарлары угармандар үчүн жазылат.

 

Телерадио кабарларын жазуу

Телерадио кабарлары окурмандар үчүн эмес, угармандар үчүн жазылат. Кабарчылар өз материалын окуп жаздырышат жана ал даана, түшүнүүгө оӊой болушу керек. Газета же интернет окурмандарынан айырмаланып, телерадио аудиториясы окуган же уккан кабарына кайра кайрылып, түшүнбөй калган нерсесин тактай албайт. «Сөздөр айтылат, айтылган соӊ кайрылгыс болуп кетет», — деп жазган «Си-Би-Эстин» (АКШнын телеканалы) кабарлар бөлүмүнүн редактору Эд Блисс.

Телерадио журналисттери газетадагы кесиптештерине салыштырмалуу көп сүйлөшпөйт. Алар ушундай болууга мажбур. Жарым сааттык телерадио жаӊылыктары газетанын бир-эки бетине эле сыят. Телерадиодогу алгы сөз 2-бапта сөз болгон төрт К менен эки Э нин баарын камтый албайт, бул абдан узак, аткарууга кыйын иш болор эле. Мунун ордуна телерадио кабарчысы алгы сөздө берүү үчүн эӊ маанилүү эки-үч маселени тандап алат да, бир сүйлөм менен берип коёт. Мындан тышкары телерадио кабарларында басма сөздө көп берилүүчү жаш-курак, адрес сыяктуу майда-чүйдө нерселер берилбейт. Телерадио кабарчылары окуп жатканда демигип кыйналбагыдай кыска сүйлөмдөр менен жазышат.

Телерадио кабарчылары өздөрү колдонуп жаткан сөздөрдүн ыргагына ыӊгайлашуусу зарыл. Алар акындар сыяктуу ылдамдык менен ритмди сезе билет. Дүйнөлүк экинчи согуштун мезгилинде Лондондо «Си-Би-Эстин» кабарчысы болуп иштеген атактуу Эдвард Морроунун бир сүйлөмүн карап көрөлү: «Бирмингемден Вифлеемге чейин жарык өчүрүлгөн, бирок түндөсү Британиянын асманы ачык». Бул тыӊдоо үчүн жазылгандай сезилет. Сөздөрү жөнөкөй, жандуу.

Телерадио кабарчылары басма сөзгө ылайыктуу, бирок үн чыгарып окуган кезде күлкүлүүдөй сезиле турган сөздөрдөн этият болууга тийиш. Америкалык актриса жана эстрада ырчысы Лесилл Бол каза болгондо, газеталар «83 жаштагы Бол» деп жазышкан. Ал эми радиодон «Лесилл Бол 83 жашта эле» деп берилген (англис тилиндеги «бол» деген сөздүн башка маанилеринен (тактап айтканда, «топ» деген маанисинен – котормочу) ушинтип айырмалашкан).

Телерадио кабарчылары айтылышы окшош, бирок маанилери ар башка сөздөрдөн да этият болууга тийиш. Англис тилинде, мисалы “miner” (шахтёр) деген сөздү “minor” (жеӊил) деген сөз менен оӊой эле чаташтырып алууга болот. Мындай сөздөрдүн маанилери ачык болсун үчүн аларды тиешелүү контекстте колдонуу керек. Телерадио кабарчылары эфирге чыгардан мурун материалын үн чыгарып окуу менен ушул сыяктуу проблемаларды жана анча билинбей турган кош маанилүү сөздөрдү аныктап алууну өнөкөткө айландырышы зарыл. Кайрымдуулук максатында өткөрүлгөн гольф мелдеши тууралуу кабарда бирөө “played a round with the prime minister” (премьер-министр менен бир раунд ойноду) деп айтпаӊыз (англис тилиндеги “рlay around” деген сөз жаман маанини билдирет). Телерадио кабарлары окуу үчүн жазылса да, газетадагы сыяктуу эле туура жазылууга тийиш. Орфографиялык каталар көп учурда эфирде сөздөрдүн жаӊылыш айтылышына алып келет. Айтылышы кыйын сөздөрдү туура айтуу үчүн телерадио журналисттери көп учурда алардын фонетикалык транскрипциясын да материалга кошуп коюшат. Туура жазуу бүгүнкү күндө абдан маанилүү, анткени көптөгөн радио жана телеканалдар азыр өз материалдарын интернетке чыгарышат. Айрым каналдар атайын компьютердик программалардын жардамы менен өз кабарларын автоматтык түрдө дүлөй көрүүчүлөргө текст түрүндө сунуш кылышат. Эки учурда теӊ орфографиялык каталар кабарчыларга да, каналга да терс таасирин тийгизери бышык.

Телерадио кабарлары газеталардагы кабарларга салыштырмалуу оозеки стилге жакыныраак болот. Башкача айтканда, телерадио журналисттери өздөрү сүйлөгөндөй жазышы керек. Газета кабарында «кызыл «Тойота» жүк машинасындагы киши качып кеткен дейт полиция» деп айтылат. Ал эми телерадио кабарында бул кабар «Полиция кызыл «Тойота» жүк машинасындагы киши качып кеткен дейт» деп берилет. Оозеки стилди сактоо үчүн телерадио кабарчылары ысымдар менен наамдарды толук айтышпайт. Жалпылап айтканда, инициалдар, эгер ысымдын маанилүү бөлүгү болбосо, эфирде колдонулбайт. Кээде ал турсун ысымдын өзү да талап кылынбашы мүмкүн. Газета кабарында «Пакистандын тышкы иштер министри Хуршид Махмуд Касури бейшемби күнү Стамбулда (Түркия) өзүнүн израилдик өнөктөшү Силван Шалом менен жолгушту» деп айтылат. Ал эми радио кабарында жөн гана «Пакистандын жана Израилдин тышкы иштер министрлери бүгүн Түркияда жолугушту» деп берилет.

Ачыктык телерадио жаӊылыктарынын негизги мүнөздүү белгиси болуп эсептелет. Эгер сиз эфирде сүйлөп жатсаӊыз, сиз мындай деп түз айтсаӊыз болот жана айтышыӊыз керек: «Президент Кейптаунга учуп баратат». Бул «Президент бүгүн Кейптаунга учат» дегенге караганда ачыгыраак болот. Жалпысынан айтканда, телерадио кабарчылары, окуя бүгун болуп жаткан болбосо, убакытты тике көрсөтүүдөн качышат. Шаршембидеги газета алгы сөзүндө «Президент Мбеки шейшембиде Кейптаунга учат» деп берсе, шаршембидеги эртеӊ мененки радио кабарларында «Президент Мбеки Кейптаунга келди» деп башкача айтылышы ыктымал. Кабарчы президенттин шаршемби күнү Кейптаунда эмне кыларын билип, учур чак менен «Президент Мбеки бүгүн эртеӊ менен Кейптаун университетинин студенттери менен жолугушту» деп жазса андан жакшыраак болот.

 

Үн

Телерадио кабарчылары өз материалдарында колдонгон үн үзүндүлөрү цитаталардын телерадиодогу эквиваленти болуп эсептелет, бирок аларды тандап алуу өз алдынча жүргүзүлөт. Үн үзүндүсү үчүн кагаздагы маани жетишсиздик кылат. Ал радиодон же телекөрсөтүүдөн түшүнүктүү болгондой ачык болууга тийиш. Телерадио журналисттери үн үзүндүсү канча убакытка созуларын эске алышы керек. Кагазда кыска сыяктуу сезилген нерсе айрым учурда узакка созулуп, бөлүнгөн убакытка сыйбагандыктан, аны толугу менен колдонуу мүмкүн болбой калышы ыктымал.

Телерадио кабарчылары үн үзүндүлөрү башталган жана аяктаган учурларга өзгөчө көӊүл бурууга тийиш. Алардын максаты — чулу баяндаманы жаратуу менен аудиториянын көӊүлүн окуянын башынан аягына чейин ээлеп туруу. Мисалы, үн үзүндүсү ат атооч менен баштала турган болсо, кабарчы анын алдында окуянын маанисин тактап, окурманды эмне тууралуу сөз болуп жатканын дароо илип алууга даярдашы керек. Жергиликтүү мектептерде котур оорусу чыкты дейли. Мектептин медициналык кызматкери үн үзүндүсүндө мындай дейт: «Алар бул жерге келгенде эле тырманып келишет, биз муну дароо эле байкайбыз. Бул көрүнүп эле турган нерсе». Ал «алар» деп мектеп окуучуларын айтып жатат. Эгер үн үзүндүсүнөн мурун «Мектептердин медициналык кызматкерлери котур оорусунун опурталдуу түрдө күчөп баратканын айтышты» деген сүйлөм болсо, мындай болбой калат, анткени үн үзүндүсүндөгү «алар» деген сөз котур оорусуна тиешелүү болуп калат. Мунун ордуна кабарчы «котур оорусунун күчөп кетишин Мэри Смит сыяктуу медициналык кызматкерлер бүгүнкү күндө оорулуу балдардын адаттагыдан көбүрөөк болушу менен түшүндүрөт» деп айтышы мүмкүн.

Үн үзүндүлөрүнөн тышкары телерадио кабарларында «табигый» үндөр камтылат. Буга окуя болгон жердеги шамалдын добушу, полициянын сиренасы, балдардын ызы-чуусу сыяктуу үндөр кирет. Баяндамада мындай үндү пайдалануу дүйнөнүн айрым жерлеринде стандарт практикага айланган. Табигый үндөрдү кошуу угармандардын же көрүүчүлөрдүн кабарчынын баяндамасына караганда окуя болгон жерди же кырдаалды ачык сезип-туюшуна мүмкүнчүлүк берет. Үн ошондой эле бир окуядан экинчи окуяга көчүүдөн кабар берип, аудиторияны кийинки сценага алып барат.

Табигый үн кабарчынын сөзүн коштогондой акырын чыгышы же ачык угулушу үчүн катуу берилиши мүмкүн. Кандай болгондо да табигый үн кабарчынын окуяны баяндап беришине жардам берет. Жакшы табигый үн кирпичтердин ортосундагы аралашма сыяктуу окуяны бириктирип турат. Америкалык фотожурналист Стив Швейцер телекабардагы окуяны толук берүүдө табигый үндөрдүн маанилүү экенин айтат. «Үн – сүрөттүн бир бөлүгү», — дейт ал.

Телерадио журналисттери өздөрү сүйлөгөндөй жазыш керек.

 

Видеоматериалдар

Радиого караганда телекөрсөтүү видеоматериалдарга жакыныраак. Тажрыйбалуу телекабарчы окуяны таасирдүүрөөк баяндап берүү үчүн өз сөзүн видеоматериалдар менен тыгыз байланыштырат. Алар жөн эле материал эмес, кабардын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Алар окуянын «эмне» экенин, ал эми сөздөр «эмне үчүн» экенин баяндайт. кайрадан Эд Блисске кайрылсак, ал: «Көрүү – бул ишенүү болушу мүмкүн, бирок ал түшүнүү эмес», — дейт.

Телекабарчылар кабарды жазар алдында кайсы видеоматериалды колдонорун билүүгө тийиш. Алар адегенде видеоматериалдардын баарын карап чыып, өзүнүн жазганы видеоматериалдар менен дал келерине ынанышы керек. Бул стиль маселеси эле эмес. Сөздөрү менен видеоматериалдары дал келген, башкача айтканда, алар бир эле окуяны баяндаган учурда көрүүчүлөр кабарды жакшыраак түшүнүп жана эстеп каларын изилдөөлөр көрсөтүүдө. Видеоматериалдар сөздөр менен дал келбей калганда, көрүүчүлөр уккан нерсесине караганда көргөнүн көбүрөөк эстеп калат. Мисалы, ири урагандын өлкөдөгү күйүүчү май менен камсыздоого тийгизген таасири жөнүндөгү кабарды алып көрөлү. Эгер видеоматериалдарда урагандын зыяны менен кесепети гана көрсөтүлсө, күйүүчү май менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурагандыгы жөнүндөгү негизги маселени көрүүчү байкабай калышы мүмкүн. Кабарчы урагандын кесепеттери тууралуу айтып жатканда видеоматериалдарда урагандын зыяны көрсөтүлүп, андан кийин күйүүчү май ташыган машиналардын аӊтарылып жатканы же бензин кезегинде турган адамдар көрсөтүлсө, кабар жеткиликтүү болот.

Сөз менен видеоматериалды дал келтирүү көрүүчүлөр көрүп жаткан нерселерди жөн эле сыпаттай берүү деген сөз эмес. Видеоматериалда, айталы, чаӊдуу жолдо кетип бараткан фермердин трактору көрсотүлүп жатат дейли. Кабарчынын «Робертсондор кыштак жолунун аягында турушат» деген сыяктуу көрүнүп турган нерсени баяндоосу эч кандай деле мааниге ээ болбойт. Мунун ордуна ал кошумча маалыматтарды берүүгө тийиш. Жогорку кабарда кабарчы: «Кургакчылык катуу болгондуктан, Робертсондордун быйыл сата турган эгини жок» деп кыйла таасирдүү айтса болот.

 

Телерадио кабарлары

Газеталардын же интернеттеги кабар сайттарынын окурмандары жаӊылыктар менен иргеп таанышат. Радио угармандары менен телекөрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү андан азыраак. Газета окурманы биринчи беттен, спорт бөлүмүнөн же некрологдордон башташы мүмкүн. Интернет окурманы баштан-аяк окуй турган белгилүү бир теманы тандаганга чейин веб-сайтты бүт карап чыгат. Ал эми радио угарманы же телекөрүүчү кабарлар менен алар кандай ыраатта берилсе, ошондой тартипте таанышууга мажбур болот, анткени алар телерадиодогу кабар продюсери белгилеген тартипте берилет.

Телерадио кабарлары адатта продюсер күндүн эӊ негизги жаӊылыгы деп эсептеген кабар менен башталат. Бул андан кийин берилген кабарлардын бардыгы алгачкы кабардай маанилүү эмес дегендикти билдирбейт. Продюсер ар бир кабарды өзүнчө эмес, жалпы кабарлардын фонунда кароого тийиш. Продюсерлер көбүнчө маанилүү же адаттан тыш кабарды кийинкиге калтырып, алгы сөздөр менен көрүүчүлөрдү ага кызыктырып, программаны баштан-аяк көрүүгө же угууга мажбурлайт (Биз алгы сөздөр жөнүндө 4-бапта кеп кылганбыз).
Газета редактору беттердин макети кандай болорун чечкен сыяктуу эле телекабарлар бөлүмүнүн продюсери да бардык кабарлардын бериле турган тартибин аныктайт. Продюсердин иши – ар бир кабардын канча убакытка созуларын так билүү, анткени телерадио жаӊылык программасы белгилүү бир мезгилде башталып, белгилүү бир мезгилде аяктоого тийиш. Программа башталган соӊ продюсер анын убакыт графиги боюнча баратканын текшерип турат. Эгер бир кабар күткөндөгүдөн узагыраакка созулуп бараткан болсо, продюсер кийинки материалдардан кыскартууга тийиш. Эгер кабар үзүлүп калса, продюсер башка материалдар менен боштукту толтурушу керек.

 

Интернет кабарлары

Интернет журналистикасында басма сөз журналистикасы менен телерадио журналистикасынын айрым белгилери бар, ал эми башка бир белгилер анын өзүнө гана таандык. Көп учурда веб-сайттар газетага жарыяланган кабарларды сунуш кылат. Кээде аудитория андан видеоклиптерди да тандап ала алат, ошентип бул жагынан веб-сайттар телекабарларга да окшоп кетет. Жаӊы маалымат каражатынын бардык артыкчылыктарына ээ болгон интернет кабары окурмандын сунуш кылынган маалыматтардан өзүнө жакканын тандап алуусуна жана анын катышуучу болуусуна мүмкүнчүлүк берет. «Колдонуучулар көзөмөлүнүн айрым элементтери болсо, анда ал кабардын жаӊы формасы болот», — дейт Нора Пол, Миннесота университетинин Жаӊы маалымат каражаттарын изилдөө институтунун директору. «Интернет журналисттери бир эле учурда көп деӊгээлдерди – сөздөрдү, идеяларды, кабардын структурасын, дизайнды, интерактивдүү элементтерди, аудио жана видеоматериалдарды, сүрөттөрдү, кабардын маанисин эсте тутууга тийиш», — дейт Жонатан Дюб, «Кибержурналист.нет» аттуу интернет менен башка технологиялардын маалымат каражаттарын кантип өзгөртүп баратканын иликтеген веб-сайттын ээси. «Телекөрсөтүү кабарларды көрсөтөт. Басма сөз баяндайт жана түшүндүрөт. Интернет көрсөтөт, баяндайт, далилдейт жана карым-катышка кирет». Муну ишке ашыруу үчүн интернет журналисттери кабардын ар түрдүү формаларын пайдалануу менен маалыматты кабаттап берет.

 

Интернет кабарынын формалары

Интернет кабарынын эӊ негизги формасы «басма плюс» катары сыпатталат. Бул — сүрөт, аудио жана видеоматериал сыяктуу кошумча элементтерди же көбүрөөк маалымат үчүн гипертексттик байланышты камтыган текст түрүндөгү кабар. Журналист байланышка кирген окурманды кошумча маалымат үчүн өзүнчө веб-сайттарга алып барат, мындай маалыматтардын айрымдары башка булактар тарабынан берилет. Окурман маалымат таба ала турган даректердин камтылышы менен интернет кабарлары бир топ кеӊейиши мүмкүн. Мисалы, аймак мектептериндеги тест упайларынын төмөндөөсү жөнүндөгү кабар бардык мектептердин тест упайлары камтылган дарекке байланыштырылышы мүмкүн. Колдонуучу белгилүү бир мектепти же айрым бир шаардын бардык мектептерин карашы, же болбосо ар түрдүү мектептердин упайларын салыштырышы мүмкүн. Кийинки жаӊы формалардын бири — кабарды иллюстрациялоочу мультимедиа графикасы. Мында графикалык элементтер линия түрүндө жайгаштырылат да, окурман аларды өзү каалагандай ырааттуулукта карай алат. Текст, аудиоматериалдар жана сүрөттөр айкаштырылган интернеттеги көпчүлүк кабарлар ушуга окшош.

Окурманга айланасын бүтүндөй көрсөтө турган инструменттер интернет кабарларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтери шексиз. Алсак, интерактив мазмунду (видеоматериал, графика жана анимация) түзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган «флеш анимация» программасы ушундай иштерди жүзөгө ашыра алат. Мисалы, Лондондогу «Би-Би-Си» мыйзамсыз баӊгизат жана ичкилик жөнүндө веб-сайт түзгөн, мында окурман белгилүү бир баӊгизат менен анын белгилүү өлчөмдөгү дозасын тандап алат да, андан кийин мээ же жүрөк сыяктуу дененин бир бөлүгүн тандап, анан ошол бангизаттын дозасы ошол органга кандай таасир тийгизерин жана коопсуздук жөнүндөгү маалыматты окуй алат. Интернет сайттар кабарларды баяндоодо ал турсун жарыштар менен оюндарды да колдонушат, мында алар маалыматты суроолор менен жоопторго бөлөт да, колдонуучу кабарчынын эмне деп айтарын таап алууга тийиш болот.

 

Интернет кабарларын жазуу

Жонатан Дюб интернет кабарлары басма сөз кабарлары менен телерадио кабарларынын аралашмасы экенин айтат. Ал телерадио кабарчылары жакшы көргөн кыска, жөнөкөй стиль интернет кабарларын окууну жеӊилдетет дейт. Бирок ал көптөгөн веб-сайттар кабар жазуунун негизги эрежелерин көзгө илбей тургандыгын айтат. «Оозеки стиль жакшы», — дейт ал, «бирок грамматика менен орфография да маанилүү». Телекабарлар бөлүмүнүн жетекчиси Скотт Аткинсон интернет үчүн жазгандарга досуӊарга кат жазгандай жазгыла деп кеӊеш берер элем дейт. «Бирок бул сиз сөздөрдү ката жазып, кабардын структурасын бузуп, же болбосо контексттен чыгып кете аласыз деген сөз эмес», — дейт ал. «Бул мүмкүн болушунча чын дилиӊизден жазууга тийишсиз дегенди гана билдирет».

Интернеттеги кабар сайттары окурманга ар түрдүү маалыматтарды сунуш кылгандыктан, кабарчылар узак, кабардын эмне тууралуу экендигин дароо көрсөтпөгөн киришүүдөн оолак болууга тийиш. Алгы сөз окурманды кызыктыруу менен андан ары улантып окууга мажбурлашы керек, антпесе окурман башка кабарга өтүп кетиши мүмкүн. Интернеттеги кабарлар адатта газета кабарларына караганда кыскараак болот. Жакшы интернет кабары 800 сөздүн тегерегинде болот да, бир бетке сыят. Окурмандар интернеттеги кабарга көз жүгүртүп чыгып, андан кийинки беттерге өтүүнү анча каалабай тургандыгын изилдөөлөр көрсөттү. Бирок текст жетткиликтүү болуш үчүн Дюб текстти бир нече бөлүктөргө бөлүүнү жана мында чакан темаларды пайдаланууну сунуш кылат. Интернет журналистикасы окурмандардын кабарчы же редактор менен дароо жана тике байланышуусуна мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары көптөгөн сайттар окурмандардын өз ой-пикирин билдириши үчүн орун берет жана аны башкалар да окуп чыгып, өз ойлорун билдиришет. Кошмо Штаттардагы Миннесота мамлекеттик радиосу (ММР) кабарларын эфир аркылуу да, интернет аркылуу да берет. Окурмандардан кошумча материалдарды телефон же интернет аркылуу берүү жагы суралат. ММРдеин веб-сайтында «Бул кабарды берүүгө жардам бериӊиз» деген байланыш бар болгондуктан, аудитория комментарийлер менен ой-пикирлерди жиберип турат.

ММР мындан тышкары штаттын экономикасын иликтөө сыяктуу атайын кабарларды берерден мурун өз аудиториясынан сурамжылоо жүргүзөт. ММРдин кабарлар боюнча вице-президенти Билл Базенберг окурмандардын жардамы менен «чыныгы турмуштан алынган мисалдарга негизделген тереӊ аналитикалык кабарлар пайда болорун» айтат.

 

6-бап

Тармактык журналистика

Көптөгөн кабар уюмдары журналисттерди белгилүү бир географиялык аймактарга же тармактарга бөлүп коюшат. Мындай тармактар «биит» деген ат менен белгилүү. Бул термин башында кароолдун же полициянын кыдырып жүрүүчү жолун билдирген. Журналисттер өз тармагын жакшылап үйрөнүп, көп учурларда өз булактарын жакшыраак түшүнүү үчүн атайын лексиканы да үйрөнүшөт. Бирок алар бул лексиканы өз кабарларында пайдаланышпайт. Тескерисинче, жакшы тармактык кабарчылар котормочу жана тилмеч катары иштөө менен маалыматты жалпы коомчулукка жеткиликтүү кылып беришет.
Ар бир кабарчы кабарлардын бардык түрүн берүүчү кичинекей кабар бөлүмдөрүндө тармактар сейрек болот. Ал эми басма сөз менен телерадиодогу чоӊураак кабар бөлүмдөрүндө журналисттер кабарлардын белгилүү бир тибине адистешип алышат. Мисалы, айрым тармактык материалдар салттуу түрдө бийлик, полиция, сот жана бизнес жөнүндө болот. Башкалары аймакка жараша өзгөрүп турат. Коомчулуктун өзгөчөлүктөрүнө жараша кабарчылар айлана-чөйрөнү, улгайган адамдарды же билим берүүнү тармактык материалдын темасы катары тандап алышы мүмкүн.

Тармактык кабарларды жазган кабарчылардын бир негизги жоопкерчилиги болот, ал — өзү адистешкен тармактагы кабарлардын башында туруу жоопкерчилиги. Алардан жолугушууларды, басма сөзгө жарыяланган кабарларды же интернет кабарларын жана башка күндөлүк кабарларды күтүшөт, бирок мындан тышкары адаттан тыш нерселерди да күтүшөт. Тармактык кабарчылар өз булактары менен чогуу-чаран аракеттенүү аркылуу өз тармагынан кабарларды алып чыгат. Алар шашылыш билдирүүлөрдөн баштап жеӊил кабарларга чейинки ар түрдүү кабарларды беришет. «Мен тааныган тармактык кабарчылардын баары — өз ишине тыкан, чечкиндүү, жоопкерчиликтүү, ар түрдүү булактар менен иштей билген кабарчылар», — дейт Чип Скенлен, азыр Пойнтер институтунда иштеген «Найт риддер» газетасынын мурунку тармактык кабарчысы.

 

Тармактык материалдарды берүү көндүмдөрү

Журналист кандай тармакты тандап албасын же ага кандай гана тармак тапшырылбасын, бир негизги көндүм абдан маанилүү, бул – тармакта үстөмдүк кылган уюм-мекемелерди билүү жөндөмү. Системанын кандай иштээрин үйрөнүү убакыт менен аракетти талап кылат, бирок ал тармактан тышкаркы кабарчылар билбеген нерселердин кабарда берилиши менен акталат. Экинчи бапта сөз болгон куткаруучу кайыктар тууралуу кабардын автору Эрик Нейлдер тармакты иликтеп чыгуу үчүн төмөнкү суроолорду пайдаланган:

• Катышуучулар кимдер?
• Ким жооп берет?
• Ким жөнгө салат?
• Ким башкарат?
• Иш кантип жасалат?
• Жаӊылыштыктар кайсы жерге жазылат?
• Чыгымдар кайсы жерге жазылат?
• Чыныгы окуяны ким билет жана аны кантип алсам болот?

Бул суроолорго жооп алуу үчүн кабарчы тармакты иликтеп, «кыдырып чыгышы» керек. Темага тиешелүү бардык нерселерди окуп, чогулуштар менен алардын күн тартиптери тууралуу маалыматтарды чогултуп, атайын басылмаларга жазылыӊыз. Бирок баарынан маанилүүсү — ошол жерге баруу. Тармактык кабарчылар жалгыз эле телефонго көз каранды болбой, ошол тармакка же аймакка барып, анадагы адамдар менен жолугушуп аӊгемелешет. «Кабар бөлүмүнүн жанында отуруп эч ким кабар жаза албайт», — дейт мурун Норфолкто (Виржиния штаты) телекабарчы болуп иштеген америкалык ардагер журналист Майк Мейтер. Жардамы тие турган бардык кишилер (жетекчиден тартып жөнөкөй кызматкерге чейин) менен сүйлөшүп, бардыгына визит карточкаӊызды бериӊиз. Маалымат бере ала турган булактардын тизмесин түзүп, алар менен дайым байланышып туруӊуз. Тармактагы окуялардын негизги катышуучуларын чагылдыруу менен жакшы тармактык кабарчы алардын аракеттери коомдогу адамдарга кандай таасир тийгизип жатканын да карайт.

Тармактык кабарчылык тыкандыкты жана жеке жөндөмдү талап кылат. Тыкан болуу – календарды пайдалануу менен жолугушууларга, чогулуштарга үзбөй катышып, кабар үчүн зарыл болгон маалыматтарды жыйноо, даректерди, өзгөчө телефон номерлери менен электрондук адрестерди папкаларга тыкандык менен жыйноо жана колдонуу деген сөз. Бул ошол күндө болгон нерселерди атайын папкага топтоп, келечектеги кабарлардын идеяларын жыйноо деген сөз. Көп кабарчылар азыр мындай маалыматтарды өз компьютерлеринде сактап, атайын программалар менен адамдардын даректерин жана маалыматтарды оӊой эле таап алышат. Бирок мындай маалыматтар офистен башка жерлерде да керек болуп калышы ыктымал, ошондуктан кабарчылар алардын кагазга басылгандарын, алып жүрмө компьютерди же интернетке кире турган атайын жабдууларды ала жүрүшөт. Техника бузулуп калышы мүмкүн болгондуктан, маалыматтарды тез-тез кагазга чыгарып алып турган оӊ.

Тармактагы кабарларды берүү үчүн андагы адамдарды жакшы билип, алардын ишенимине ээ болуу керек, бирок ошол эле учурда кесиптик дистанцияны да кармоо зарыл. Тармактык кабарчы болуунун эӊ оор жагы, дейт Скенлен, — бул «өзүӊ жазган нерселер булактарга жакпаган күндө да алар менен күн сайын иштөө».

 

Бийлик жана саясат

Бийлик тууралуу жаза турган кабарчылар анын ички иштерин жана анын чечимдеринин натыйжасын көрө билүүгө тийиш. Бийлик жөнүндө жазып жатып «Ким кам көрөт?» деген негизги суроону берген кабарчы бийликтин аткарган иштери жашоо-турмушуна тасир тийгизген адамдарды таба алат. Бул адамдар тууралуу баяндаган кабарлар элге кызыктуураак болот.

Бийлик иштеринин көбү чогулуштарда айтылат, ошондуктан бул тармакта иштеген кабарчылар аларга көбүрөөк катышууга тийиш. Бирок тажатма чогулуш тажатма кабарга себеп боло албайт. Мында кабарчы аудиторияга анын баарын эмес, маанилүү нерселерди гана баяндап бериши керек. Чогулуштар жөнүндөгү эӊ мыкты кабарларда залда болгон нерселер эмес, алардын таасири тие турган адамдар тууралуу сөз болот.
Бийлик тармагында иштеген журналист үчүн бюджет жана башка финансы документтеринин кантип окулушун жана чечмеленишин билүү абдан маанилүү. «Акчанын артынан ээрчи» деген — бардык журналисттер үчүн жакшы кеӊеш, бирок бийлик жана саясат тууралуу жазып жүргөн кабарчылар үчүн бул өтө маанилүү. Бийлик тууралуу баяндаган кабарлар супсак сыяктуу сезилиши мүмкүн, бирок салыктар менен чыгымдар бардык адамдарга тикелей таасир тийгизгендиктен, алар акчанын кайда жумшалып жатканын билиши керек. Жалпысынан айтканда, документтер бийликтин жашоо булагы болуп эсептелгендиктен, тармактык кабарчылар аларды таап, аӊдай билүүгө тийиш.

Кабарчы тармакты иликтеп, «кыдырып чыгышы» керек.

Демократиялык коомдогу саясий кабарчылардын бир негизги миссиясы бар, бул – жарандарга зарыл маалыматтарды берүү менен алардын шайланма кызматка талапкерлерди аӊ-сезимдүү түрдө шайлоосун камсыз кылуу. Бул үчүн журналисттер талапкерлердин өмүрбаянын жана даярдыгын, алардын негизги маселелер боюнча позицияларын, кампания учурунда сүйлөгөн сөздөрү менен жарнамаларын иликтеп чыгууга тийиш. Саясат боюнча жазып жүргөн кабарчылар талапкерлердин колдоочуларына да көӊүл бурушат, анткени талапкер шайланып кала турган болсо, анын иш-аракеттери колдоочулардын кызыкчылыктарына да жараша болору бышык.

Коомдук пикирди сурамжылоо кампаниянын негизги элементи болуп саналат, бирок журналисттер сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоодон мурун аны кылдаттык менен иликтеп чыгышы керек (53-беттеги «Журналисттин сурамжылоолор боюнча бере турган суроолорун» карап көрүӊүз). Талапкерлердин ар бирине шайлоочулардын канча проценти добуш бере тургандыгын баяндаган «жарыш» сурамжылоолорунун баалуулугу чектелүү, убактылуу мүнөздө болот. Айрым журналисттер мындай сурамжылоолор чынында шайлоочуларга таасир этип, алдыда келаткан талапкердин пайдасына иштейт, анткени адамдар адатта жеӊүүчүнү колдогусу келет деп эсептешет. Бирок Кошмо Штаттардагы изилдөөчүлөр сурамжылоолорго көӊүл бөлгөн шайлоочулар кампанияда козголгон маселелерди тереӊ биле тургандыгын аныкташкан. Изилдөөчүлөр журналисттерге жөндүү сурамжылоолордун жыйынтыктарын кампаниянын башынан аягына чейин чагылдырып, бирок ал кабарлардын өзөгү болбош керек деп кеӊеш беришет.

Кампания маселелерине келгенде, журналисттер талапкерлердин сүйлөгөн сөздөрүнө эле эмес, шайлоочулар билгиси келген нерселерге да көӊүл бурууга тийиш. Көптөгөн кабар уюмдары шайлоо жылында аудитория эмнеге көбүрөөк кызыгарын билиш үчүн «тийиштүү маселелер боюнча сурамжылоолорду» өткөрүшөт. Кээде талапкерлер шайлоочулардын тереӊ кызыгуусун туудурган талаш маселелерди талкуулоодон качышат. Мындай учурда журналисттер аудитория сураган суроолорду көтөрүп чыгышы керек. Мыкты саясий кабарчылар талапкерлердин белгилүү бир маселе боюнча ээлеген позицияларын эле көрсөтүп тим болбостон, алардан бул маселени чечүү үчүн мурунку кызматында же ишинде кандай иштерди жасаганын да сурайт. Бул маселелердин эмне үчүн маанилүү экенин көрсөтүү максатында журналист алардын таасири тийген адамдарды издеп табат жана тигил же бул талапкер жеӊип чыга турган болсо, кандай айырмачылыктар болорун да аныктайт.

 

Бизнес жана экономика

Дээрлик бардык адамдардын жашоо-турмушунда бизнестин таасири бар. Жумушсуздук, азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы, жыйнаган акча менен инвестиция – булардын баары бизнес лидерлери үчүн эле эмес, жумушчулар менен керектөөчүлөр үчүн да маанилүү. Жергиликтүү бизнес тармагында иштөө жалдоочулар менен жумушчулар, курулуш, кыймылсыз мүлк сатуу, ошондой эле жергиликтүү экономиканы кармап турган айыл чарбасы, өндүрүш, кен казуу же саламаттык сактоо сыяктуу тармактар боюнча кабарларды жазуу дегенди билдирет. Улуттук деӊгээлде кабарчылар пайда жана фонддук биржа, проценттер, мекемелердин карызы сыяктуу олуттуураак маселелер боюнча иштейт.

Бизнес жана экономика боюнча иштеген кабарчылар өз материалдарын жалпы аудиторияга жеткиликтүү болгондой кылып жазууга тийиш. Алар экономикалык түшүнүктөр менен терминдерди тереӊ иликтеп, аларды элге түшүнүктүү жатык тил менен, же болбосо атайын түшүндүрмөлөр менен бериши керек. Бул ал турсун атайын басылмалар менен телерадио берүүлөрүндө иштеген кабарчылар үчүн да пайдалуу. Мисалы, Кошмо Штаттардагы бизнестен кабардар окурмандарга арналган «Уолстрит жорнел» да «улуттук дүӊ продукция» сыяктуу жалпы терминдер «мамлекет чыгарган товарлардын жалпы наркы» деген сыяктуу түшүндүрмөлөр менен берилет. Бизнес кабарчылары мезгилдин өтүшү менен өз кабарларында бере турган кыска аныктамалардын тизмесин түзүп алышат. Аудитория «карыз реструктуризациясы», «акча девальвациясы», «приватизация» сыяктуу экономикалык терминдердин так чечмеленип беришине ыраазы болот. Адамдар эмне үчүн бул түшүнүктөр жеке адамдар, ошондой эле корпорациялар менен бийликтер үчүн маанилүү экенин түшүндүргөн макалаларды баалашат. Бизнес кабарчылары финансылык билдирүүлөрдү, баланстык отчётторду жана жылдык отчётторду окуп чыгып, түшүнө билиши керек. Алар көп учурда кирешенин же чыгымдын жылдан жылга өзгөрүшүн кароо менен материал таап алышат. Компанияларды ошол тармактагы же аймактагы башка компаниялар менен салыштырып көрүшөт. Мисалы, бизнес жабылганда же оӊунан чыкпай калганда, кабарчылар жумушсуз калган адамдарды эле эмес, мунун коомчулукка кандай таасир этерин да сурамжылап иликтешет. Мындай олуттуураак суроого жооп берүү үчүн кабарчылар компания ошол аймактагы эӊ чоӊ ишканалардын бириби, башка жергиликтүү компаниялар ушундай продукцияларды чыгарып, кызматтарды көрсөтө алабы, жергиликтүү жумушсуздук деӊгээли кандай болот деген сыяктуу маселелерди аныктоого тийиш.

Бизнес тармагы башка көпчүлүк тармактарга караганда математика жана статистика боюнча тереӊирээк билимди талап кылат. Бирок бизнес кабарчылары цифраларды азыраак пайдаланууга тийиш, анткени цифралардын көп болушу кабардын супсак жана тажатма болушуна алып келет. Эӊ мыкты бизнес кабарлар окуялардын маанилүү экенин жеке адамдардын мисалында жеткиликтүү тил менен баяндап берет.

 

Ден соолук, илим жана айлана-чөйрө

Ден соолук жана айлана-чөйрө жөнүндөгү кабарлар адамдардын жашоо-турмушуна тике таасирин тийгизет. СПИД боюнча жазып жүргөн кабарчылар билбестик бул оорунун өзү сыяктуу эле коркунучтуу экенин жана өздөрүнүн кабарларын окуган адамдар бул оорудан кантип коргонууну билип калышарын билишет. Ден соолук, илим жана айлана-чөйрө боюнча иштеген журналисттер куш тумоосунан баштап адамдын генетикалык картасын түзүү менен тосулган дарыялардын таасирине чейинки бардык нерселер тууралуу жаза алат. Бул темалардын ар биринде негизги маселелер татаал болгондуктан, журналисттин иши аларды түшүндүрүп берүү болуп эсептелет.

Бул сыяктуу кабарлар менен иштегенде журналисттер адис эмес адамдарга түшүнүксүз болгон окумуштуулардын жана медициналык изилдөөлөрдүн тили менен тааныш болушу керек. «Канадиан пресс» кабар агенттигинин кабарчысы мындай тилден коркпоӊуз, бирок кабарыӊызда пайдаланбаӊыз деп кеӊеш берет. Бизнес кабарчылары сыяктуу эле илим менен иштеген кабарчылар да татаал терминдердин аныктамалары менен түшүндүрмөлөрүн жыйнап жүрүшөт жана аларды өз кабарларында жалпы аудиторияга түшүнүктүү болсун үчүн колдонушат.

Илим тематикасында менен иштеген кабарчылар илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын текшерип чыгуу үчүн илимий методду, математиканын негиздерин жана статистиканы билиши керек. Ошол эле учурда алар ар бир окуяны чечүүгө умтулуудан оолак болуп, «ооба» же «жок» деген так кесер жооптордун ордуна ыктымалдуулукту кабыл ала билүүгө тийиш.

Окуянын бардык жактарын камтып көнгөн журналист илим менен иштей баштаганда көбүнчө аксап калат. Ар түрдүү илимий ой-пикирлердин баарын калыстык менен чагылдыруу аудиториянын башын айландырышы мүмкүн. Мисалы, окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү коргошун баланын интеллектуалдык деӊгээлине таасир этет деген пикирди айтат. Бир аз гана окумуштуулар буга каршы. Кабарчы бул эки көз карашты теӊ айтууга тийиш, бирок андан бул маселе али чечиле элек турбайбы деген жыйынтык келип чыкпашы керек.

Илим тууралуу кабарларды жазуу жөнүндөгү китептерди редакциялап жүргөн Мэриленд университетинин журналистика факультетенин профессору Кэрол Рожерс бул тармакта иштеген кабарчыларга эки пайдалуу кеӊешин айтат. Биринчиси – автордун атын атоо. Журналисттер көп учурда сөзүнөн цитата келтирген эксперттердин атын аташпайт. Мисалы, климаттык өзгөрүүгө арналган эл аралык конференция туралуу кабарда Ак Үйдүн Илим жана технология бөлүмүнүн башчысынын сөзүнөн үзүндү келтирилет да, анын климат боюнча иштеген белгилүү адис экени айтылбайт. Мындай маалыматты берүү аудиториянын үзүндүнү жакшыраак баалоосуна мүмкүнчүлүк берет.

Экинчиден, дейт Рожерс, журналисттер аудиторияга окуяны татаалдаштыра турган кошумча маалыматтарды бербөөгө тийиш. Мисалы, сиз илимий конференцияны баяндап жаткан болсоӊуз, аудитория муну кечээ окуган же уккан болуш керек, же эртеӊ таанышат деп ойлобоӊуз. Аларга маселени түшүнүү үчүн зарыл болгон гана маалыматтарды бериӊиз жана муну аудитория сиздин гана кабарыӊызды окуп же угуп жаткандай таризде жасаӊыз. Ушундай болгондо кабар жакшыраак болот.

 

Полиция жана сот

Кылмыш жана сот боюнча иштеген кабарчылар бул системанын кантип иштей турганын билүүгө тийиш. Айрым кабарчылар кылмыш ишинин сотто каралышынан таптакыр кабары жок болот, ошондуктан полиция тармагында көптөн бери иштеп келаткан журналисттер бул боюнча кеминде бир курс сабак алуу керек деп кеӊеш беришет. Полиция кызматкерлери журналисттерге маалымат берүүнү каалай беришпейт, бирок алардын эрежелерин, жоболорун жана процедураларын билсеӊиз, жакшыраак суроолорду берүү менен алардан өзүӊүз каалаган маалыматтарды алууга болот.

Полиция боюнча иштеген кабарчылар өздөрү баяндаган кылмыштарга кандай аныктама берилерин билиш керек. Мисалы, Кошмо Штаттарда «түнкү уурулук» менен «тоноо» бирдей эмес. Түнкү уурулук кылмыш жасоо үчүн имаратты бузуп кирүү аракетин камтыйт. Ал эми тоноо күч колдонуу менен акча же мүлк уурдоо деген сөз. Маанилүү терминдердин глоссарийин түзүп алуу уят кыла турган жаӊылыштыктардын алдын алууга мүмкүнчүлүк берет. Полициянын пресс-релизинде кылмыш жөнүндөгү негизги фактылар берилиши мүмкүн, бирок мыкты кабарчылар тереӊирээк казышат. Алар мүмкүнчүлүккө жараша окуя болгон жерге барып, аны майда-чүйдөсүнө чейин териштирип, кошуналар же күбөлөр менен аӊгемелешет.

Сот кабарчылары сот процессин башынан аягына чейин билиш керек. Алар шектүү адам кармалып, айыпталганда, тергелгенде, соттолуп, өкүм чыгарылганда же бошотулганда эмне болорун билүүгө тийиш. Тажрыйбалуу кабарчылар процессти үйрөнүүнүн эӊ жакшы жолу сот имаратында убакыт өткөрүү деп айтышат. Адегенде карала турган иштердин тизмесинен, анан тизмени түзгөн сот кызматкеринен баштаӊыз. Сот отурумунун протоколунун, сот материалдарынын жана далилдердин көчүрмөлөрүн кантип алуунун жолун билиӊиз. Иштин материалдарын, анын ичинде сот процессине чейинки материалдарды окуп чыгып, көп учурда боло жүргөндөй сотко күн сайын келе албай турган болсоӊуз, иштин каралышына көз салып туруӊуз.

Жактоочу адвокаттар сот ишиндеги мыкты маалымат булактарынын бири болуп саналат. Көп учурда алар прокурорлорго караганда иш тууралуу көбүрөөк маалыматтарды айтып беришет. Сот ишиндеги жаргондорду жакшылап үйрөнүӊүз, бирок аларды кабарларда колдонбоӊуз. «Юристтер ишке юридикалык бааны журналисттерге түшүнүксүз сөздөр менен беришет», — дейт «Сот иштерин чагылдыруу. Журналисттер үчүн колдонмо» (Covering the Courts: A Handbook for Journalists) аттуу китептин автору С.Л.Александр. «Эгер бир нерсени түшүнбөй калсаӊыз, интервью алып жаткан кишиден аны түшүндүрүп берүүнү сураӊыз», — деп кеӊеш берет ал.

 

Спорт

Журналистикадагы эӊ мыкты кабарларды спорт кабарчылары жазышат. «Алардын кабарлары чынында эле драманы, эмоцияларды жана таӊ каларлык адам сапаттарын камтыйт», — дейт азыр Коннектикуттагы Куиннипек университетинде сабак берген мурунку телеспорт кабарчысы Билл Шванбек. Мыкты спорт кабарчылары оюндун эсебин же мелдештин жыйынтыгын билдирүү менен эле чектелбейт. Алар, албетте, негизги маалыматтарды беришет, бирок алар мындан тышкары адамдар оюнга барып же аны телевизордон карап отуруп ала албай турган маалыматтар менен да камсыз кылышат. Спорт кабарчылары ким жана эмнени эле эмес, эмне үчүн жана кантип мындай болуп калганын да түшүндүрүп беришет. Алар ошондой эле спорт бизнеси, спортсмендер, команда ээлери жана күйөрмандар тууралуу да кабарларды жазышат.
Бирок спорт кабарчылары негизги нерселерден баштоого тийиш. Алар спорттун бардык түрлөрүнөн кабардар болуп, өздөрү жаза турган спорт же оюн түрүнүн эрежелерин жана анда упайдын кандайча эсептелерин билиш керек. Алардын убактысы, өзгөчө түнкү оюндарды баяндаганда, абдан тартыш болот. Алар бир эле учурда упайларды эсептеп, оюнду баяндоого мажбур болот, ылдам темпте ойнолуучу оюндун шартында бул оӊой нерсе эмес. Эӊ маанилүүсү, алар ар бир кабардын өзөгүн таап, деталдарды анын тегерегине жайгаштырышы керек.

Көпчүлүк учурларда мыкты кабарлар оюн талаасында жаралбайт. Спорт кабарчылары сценанын артындагы нерселерди, чечинүүчү жайдагы маанайды, жалпы командага таасирин тийгизе турган эки оюнчунун өз ара мамилесин иликтеп чыгат. Алар оюнчулар менен машыктыруучуларды урматташат, бирок аларды ашыра макташпайт. Көп учурда өздөрү баяндаган оюндан ыракат алганы менен эч бир команданын күйөрманы же тарапкери болушпайт. Бардык журналисттер сыяктуу эле алар да өздөрү баяндаган окуянын калыс жана көзкарандысыз байкоочулары болушу керек.

Бизнес жана илим кабарчылары экономика менен бизнеске тиешелүү жаргондордон оолак болгон сыяктуу эле, спорт кабарчылары да күйөрмандарга мүнөздүү терминдерди колдонбоого тийиш. «Аларды жөнөкөйлөштүрүп бериӊиз», — дейт мурун спорт кабарчысы болуп иштеген «Журналист инструменттери» аттуу интернет сайтын ээси Майк Рилли. «Кызыктуу кылам дебеӊиз». Мындан тышкары ал жаш журналисттерди атаандаш спортсмендерден жана күйөрмандардан интервью албагыла (айрыкча жеӊилүүдөн кийин) деп эскертет. «Көптөгөн профессионал спортсмендер чочулашат», — дейт Рилли, «ошондуктан алар буга макул болушпайт».

 

Журналисттердин сурамжылоо боюнча бере турган суроолору

• Сурамжылоону ким жүргүздү? Ал мыйзамдуу сурамжылоо уюмубу? Ал кимдерге эмне боюнча сурамжылоо жүргүзөт?
• Сурамжылоону ким каржылайт? Алардын саясий максаты эмне?
• Канча киши суралды?
• Алар кантип тандалып алынган?
• Адамдардын кандай тобу суралган?
• Жыйынтыктар бардык жоопторго негизделгенби же айрым гана жоопторгобу?
• Сурамжылоо качан жүргүзүлгөн?
• Сурамжылоо кантип жүргүзүлгөн?
• Суроолор кандай болгон?
• Жаӊылыштык чеги кандай болгон?
• Алардын жалпы саны канча?
• Жыйынтык башка сурамжылоолордукунан башкачабы, эгер башкача болсо эмне үчүн?
• Бул сурамжылоону жарыялоого болобу?
20 Questions a Journalist Should Ask About Poll
Results, Third Edition, by Sheldon R. Gawiser,
Ph.D., and G. Evans Witt.
http://www.ncpp.org
(суроолор автордун уруксаты менен тандалып алынды)

7-бап

Этика жана мыйзам

Эгер күчтү башкаларга таасир этүү куралы катары аныктай турган болсок, эркин басма сөз – зор күч. Демократиялык коомдо кабар уюмдары адатта бийликтин уруксатысыз эле маалыматтарды жарыялоого акылуу. Көп өлкөлөрдө журналисттердин бул укуктары мыйзам тарабынан корголот. Бирок укуктар менен бирге жоопкерчиликтер да бар. Эркин коомдогу журналисттер үчүн эӊ негизги жоопкерчилик кабарларды так жана объективдүү түрдө берүү, журналисттик этиканы сактоо болуп эсептелет.

Этика – бул жүрүм-турум принциптеринин системасы. Мыйзам белгилүү бир кырдаалда эмне кылса болорун же болбошун аныктаса, этика жасоого тийиш болгон нерселерди билдирет. Ал баалуулуктарга (жеке, профессионалдык, коомдук жана моралдык) негизделет да, ой корутундусунан келип чыгат. Этикалык чечим кабыл алуу, жөнөкөйлөштүрүп айтканда, ушул баалуулуктарды күндөлүк иштерде колдонуу деген маанини билдирет.

1994-жылы Америка өлкөлөрү тарабынан кабыл алынып, бул жарым шардагы сөз эркиндигине карата жасалган кысымдарга көз салуучу Чепултепек декларациясында журналисттик этика кабар уюмдарынын узак мөөнөттүү ийгилиги үчүн маанилүү нерсе катары каралган:

Басма сөздүн ишенимдүүлүгү анын чынчылдыгы, тактыкка, калыстыкка жана объективдүүлүккө умтулгандыгы, кабарлар менен рекламаны так айырмалагандыгы менен байланыштуу. Бул максаттарды көздөөнү жана этикалык жана профессионалдык баалуулуктарды сыйлоону таӊуулоого болбойт. Булар журналисттер манан маалымат каражаттарынын жалпы жоопкерчилиги болуп эсептелет. Эркин коомдо коомдук пикир гана баа берет же жазалай алат.

Журналистикада этикалык жаӊылыштыктар болот. Кабарчылар маалыматты өз оюнан чыгарышы мүмкүн. Редакторлор булактардан акча алып коюшу мүмкүн. Кабар уюмдары рекламаларды жаӊылык катары жарыялап жибериши ыктымал. Мындай учурларда маалымат каражаттарында жарыяланган ар бир нерсе тууралуу сураганга коомчулуктун акысы бар. Журналисттер өз этикасына туура келбей турган иш кылганда бардык журналисттер, бардык кабар уюмдары жабыр тартат, анткени ал журналисттик кесиптин ишенимдүүлүгүнө доо кетирет. Ишенимдүүлүккө доо кеткен соӊ кабар уюмунун экономикалык жактан жашап кетиши да күмөндүү болуп калат.

 

Этикалык принциптер

«Журналистиканын бир ыйык эрежеси бар», — дейт Хиросимада жардырылган атомдук бомбанын кесепеттерин изилдеген мурунку журналист, жазуучу Жон Херси. «Кабарчы оюнан чыгарбаш керек. Күбөлүктөгү жазуу «Мунун бардыгы ойдон чыгарылган эмес» деп окулууга тийиш. Этиканы сактаган журналисттер адамдардын атынан сүйлөбөйт, барбаган жерине бардым деп айтпайт. Башкалардын жасаган ишин өзүнүкү катары көрсөтпөйт. Бурмалоо (фальсификация) жана көчүрүп алуу (плагиат) дүйнөнүн бардык жеринде журналисттик негизги нормаларды бузуу деп эсептелет. Бирок норма бузуулардын бардыгы эле мындай ачык боло бербейт. Журналисттер кожоюндардын, атаандаштардын, реклама ээлеринин жана аудиториянын кысымы менен күн сайын этикалык дилеммага туш болуп турушат. Алар бул дилеммаларды этикалык принциптерди бузбастан туруп чечүүгө тийиш. Алар туура чечимдерди кабыл алууга жардам бере турган этикалык маселелерди ойлоого муктаж болушат. Бул ойлом журналисттик принциптерге негизделет. Булар АКШдагы ыктыярдуу журналисттик уюм болгон Профессионал журналисттер коомунун негизги принциптери болуп эсептелет:

• Чындыкты изде жана аны жарыяла. Журналисттер маалымат жыйноодо, жарыялоодо жана чечмелөөдө ак ниет, калыс жана эр жүрөк болуш керек.
• Жамандыкты азайт. Этиканы сактаган журналисттер маалымат булактарына, жарандарга жана кесиптештерине урмат-сыйга татыктуу адамдар катары мамиле жасайт.
• Өз алдыӊча аракет кыл. Журналисттер элдин маалымат алуу укугунан башка эч нерседен көз каранды болбой, эркин болууга тийиш.
• Жоопкерчиликтүү бол. Журналисттер өз окурмандарынын, угармандарынын, көрүүчүлөрүнүн жана бири-биринин алдында жоопкерчиликтүү.

Бир караганда, бул принциптерди сактоо оӊой сыяктуу сезилет. Албетте, журналисттер чындыкты издеп, маалымат булактарына урмат менен мамиле жасайт. Бирок көп учурда принциптер бири-бирине карама-каршы келип калат. Чындыкты издеген журналисттер кылмышка тиешеси бар адамдын үй-бүлөсүнө жамандык алып келе турган маалыматты таап алышы ыктымал. Кабарчынын өкмөттүк эмес уюмга мүчө болушу ал уюмга тиешеси бар окуя тууралуу көбүрөөк маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет, бирок бул байланыш анын көз карандысыздыгын чектейт да, ал үчүн эл алдында актануу кыйын болот. Көп учурларда этикалык чечимдерди кабыл алуу оӊ жана терс нерсенин бирин тандоону эмес, эки туура нерсенин бирин тандоону билдирип калат.

Андай болсо журналисттер туура этикалык чечимдерди кантип кабыл алышы керек? Айрым учурларда мындай нерселер оӊой эле чечилип калат. Мисалы, кабарчылар эки тарапка теӊ кошулбай, же болбосо өздөрүнүн тиешеси бар топтор катышкан окуяларды баяндоодон баш тартып коюшу ыктымал. Ал эми башка бир учурларда болсо чындыкты издеп, коомчулукка кызмат өтөөнүн эӊ маанилүү экенин эске сактоо менен карама-каршы принциптердин теӊ салмактуулугун сактоо жолун издөөгө туура келет.

 

Этикалык чечим кабыл алуу

Айрым кабар бөлүмдөрүндө жогортон төмөн карай кеткен этикалык кыйынчылыктар болот. Оор маселе же дилемма пайда болгон учурда эмне кылууну жетекчи чечет. Бул жол тез болгону менен күчкө салуу болуп калышы ыктымал. Кабарчылар бөлүмдөн башка жерде жүргөндө же жетекчи жок болуп калганда мындан пайда аз болот. Ушул себептен улам көп кабар бөлүмдөрү этикалык чечим кабыл алуу ыкмасын кабыл алышкан, ал журналисттердин ар түрдүү жагдайларда туура чечим кабыл алышына жардам берет.

Ыкмадагы биринчи кадам – дилемманы аныктоо. Этикалык оор маселеге туш болгонун көпчүлүк адамдар билишет. Мында кооптонуу сезими пайда болот. Бир нерсе туура эмес болуп жаткандай сезилет. Мындайда сизди эмне кооптондуруп жатканын тактоо маанилүү. Кайсы баалуулуктарга доо кетиши мүмкүн? Кабардын кайсы жерлерине көӊүл буруш керек? Көп учурда кабардын максаты менен этикалык позиция карама-каршы болуп калат. Эч ким билбеген кабар колуна тийип калган журналист башкалар билип калганча аны жарыялап жиберүүгө шашылат, бирок ал анын арты эмне болорун да ойлонууга тийиш. Бул кабар жаӊылыш болуп чыкса эмне болот? Журналисттер мелдеште жеӊип чыгуу сыяктуу башка максаттарга жетүү үчүн этикалык баалуулуктарын курмандыкка чалбоого тийиш.

Эркин коомдогу журналисттердин эӊ негизги жоопкерчилиги – кабарларды так жана объективдүү билдирүү.

Проблеманы аныктагандан кийинки кадам –туура чечим кабыл алууга жардам бере турган маалыматтарды чогултуу. Кабар бөлүмүнүн багыты менен жетектөөчү принциптерин (эгер болсо) карап чыгып, башкалар менен бул дилемма тууралуу кеӊешиӊиз. Кабар бөлүмүндөгү кесиптештериӊиз менен башчыӊыздан баштаӊыз, бирок муну менен эле токтоп калбаӊыз. Бул окуяга тиешеси жок, бирок мындай жагдайларды жакшы билген адамдардын кеӊешин угуу көп учурда пайдалуу болот.

Белгилей кетчү маанилүү нерсе, журналисттер докторлор сыяктуу эле эч зыян келтирбейт деп айтууга болбойт. Чындык көрсөтүлгөн олуттуу кабарлардын көбү адамдардын сезимдерине же кадыр-баркына доо кетирет. Бул — сөзсүз боло турган нерсе. Бирок журналисттер жөнү жок нерселерге барбоо менен зыянды азайтууга аракет кылышат. Пойнтер институтунда журналисттик этикадан сабак берген Боб Стил мындай деп суроо бергенди жакшы көрөт: «Эгерде ролдор алмашып калса, кандай болор эле? Мен өзүмдү кандай сезер элем?» Кабарчы фабрикада жумасына алты күн 10 сааттан иштеген 12 жашка чейинки балдардын өлкөдөгү минималдык кызмат акысынан эки эсе аз эмгек акы аларын билип калды дейли. Өлкөнүн конституциясында болсо 14 жашка чейинкилерди жалдап иштетүүгө жана жумасына 45 сааттан көбүрөөк иштөөгө тыюу салынат. Фабриканы билүү – кабарчынын колунда балдарды эксплуатациялоонун далили турат деген сөз, бирок ал бул кабарды жарыялоодон мурун ал эмне кылышы керек?

Фабрика жөнүндөгү чындыкты айтуунун натыйжалары болбой койбойт, алардын айрымдары олуттуу болушу мүмкүн. Бул сыяктуу окуяга туш болгондо, окуянын таасири тие турган адамдар менен уюмдардын тизмесин түзүп, окуянын таасири кандай болорун карап чыккан оӊ. Фабрика жөнүндөгү кабардын таасири, албетте, балдардын өздөрүнө тиет, бирок андан тышкары алардын үй-бүлөлөрү менен фабрика ээсине тиери да бышык. Кабардын натыйжасы кандай болорун билүү менен журналисттер кандай болгондо кабар чындыкты чагылдырып, бирок зыяны азыраак болорун ойлонуштура башташат. Фабрика тууралуу кабарда анын кесепеттерин чектөө үчүн журналист балдардын сүрөтүн берип, бирок алардын атын атабашы мүмкүн.
Бул — натыйжасы журналисттик этикага сыя турган чечимдин бир мисалы. Башкаларынын тиби жана орду, ошондой эле маанайы башкача болушу мүмкүн. Аты биринчи бетке бадырайта жазылып, чоӊ сүрөтү менен берилген кабардын таасири газетанын ички бетине жарыяланган чаканыраак макаланыкынан алда канча чоӊ болору бышык. Эфирге чыгардан мурун көп жолу айтылган телекабардын таасири менен натыйжасы тележаӊылыктардын орто ченинде айтылып өткөн кабардыкынан бир топ чоӊ болот. Жакшы этикалык чечимдерди кабыл алуу ишин жүргүзүү менен журналисттер жана кабар уюмдары өз иш-аракетин актай алат. Кандай иштер эмне үчүн аткарылгандыгын түшүндүрүү менен журналисттер өз ишенимдүүлүгүн чыӊдап, эл ишенимин да актай алышат. Этикалык чечимдерди кабыл алууну баалай билген кабар бөлүмдөрүндө бул сыяктуу маселелер дилеммалар пайда болгондо эле эмес, дайыма талкууланып турат. Айрым кабар бөлүмдөрү чогулуш өткөрүп, тигил же бул кырдаалда эмне кылуу керектигин талкуулап турушат. Чын дилден тыӊдап, өзүн кармай билген, ийкемдүү кабарчы айтылган нерселердин баарын кабыл алуу менен этикалык проблемаларга туш болгондо аларды чече алат.

Журналисттик этика маалымат каражаттарындагы узак мөөнөттүү ийгилик үчүн маанилүү.

 

Этикалык кодекс

Дүйнөдөгү журналисттик ассоциациялар жана бирикмелер өз мүчөлөрүнүн этикалык кодекстерин иштеп чыгышкан. Этикалык кодекстер көчүрүп алуудан (плагиаттан) жеке иштерге чейинки, оӊдоолордон купуялыкка чейинки бардык маселелерди камтыйт. Алардын айрымдары кыска жана жалпы мүнөздө болсо, айрымдары узун жана бир топ ачык мүнөздө болот. Көп өлкөлөрдүн этикалык кодекстерин изилдеп чыккан Париж университетинин Француз басма сөз институтунун профессору Клод-Жин Бертранд кодекстердин көпчүлүгү төмөндөгү негизги үч элементти камтый тургандыгын айтат:

• Жашоону жана адамзат тилектештигин камтыган негизги баалуулуктар;
• Жалган айтпоону, жөнү жок зыян келтирүүнү же бирөөнүн мүлкүн тартып алууну камтыган негизги тыюулар;
• Тактык, калыстык жана көз карандысыздыкты камтыган журналисттик принциптер.

Бул кодекстер дээрлик ыктыярдуу мүнөздө болот да, аны бузгандар эч нерсеге кириптер болбойт. Бирок жогорку кызмат адамдары жана жалдоочулар адепсиз журналисттерди жөнгө салат деп күтүүгө болот. Кээ бир өлкөлөрдө басма сөз кеӊештери журналисттерге каршы дооматтарды карап чыгып, жаӊылыштыктарды оӊдоону сунуш кылышы мүмкүн. Басма сөз баяндамасын жарыялоочу журналдар да адепсиз журналисттердин туура эмес аракеттерин көрсөтүү аркылуу жөнгө салуу функциясын аткарат. Айрым кабар уюмдарында адатта омбудсмен деп аталган атайын кызматкер болот, ал жаӊылыштыктарды жана этикалык каталарды кароо менен кабар бөлүмүндөгү коомчулуктун өкүлү катары аракеттенет. Журналисттердин союзга же ассоциацияга мүчө болуусу талап кылынган өлкөлөрдө этикалык кодекстер көп учурда мажбурлоо жоболорун да камтыйт. Мисалы, Австралиянын журналисттер ассоциациясында журналисттик этикага жатпай турган иш-аракеттерди иликтей турган мыйзамдуу комитеттер бар. Этикалык кодексти бузган журналисттер эскертүү алып, жазаланат же уюмдан чыгарылат.

 

Жүрүм-турум кодекси

Улуттук же аймактык этикалык кодекстерден тышкары көптөгөн кабар уюмдарынын өздөрүнүн жүрүм-турум кодекстери же журналисттер баш ие турган нормалары бар. Мындай кодекстерде колдоого алына турган же тыюу салына турган, же болбосо жетекчинин жактыруусун талап кылган иш-аракеттер баяндалат.
Көптөгөн кабар уюмдары журналисттердин жумуш убактысында жана жумуштан тышкаркы убактарда кыла турган иштерин чектейт. Мындай чектөөлөрдүн негизги себеби – кабар уюмдарынын ишенимдүүлүгүн коргоо. Кабарчылар менен сүрөтчүлөр адамдардан кабар үчүн чынында кылбаган иштери тууралуу айтып берүүсүн сурануу менен кабарды өзгөртө же «уюштура» албай тургандыгын ачык айтышы мүмкүн. Маалымат коомчулук үчүн маанилүү болуп, аны алуунун башка жолу болбосо, кабарчылардын өз атын жашыруусуна уруксат берилет. Коомчулуктун кызыкчылыгынан улам телекөрсөтүүнүн жетекчиси кабарчынын камераны жашырын колдонушуна же материалды купуя тартып алуусуна уруксат бериши мүмкүн.

Цифралык фотографиянын пайда болушу менен жаӊы стандарттар кошулду жана анда сүрөттөрдү же видеоматериалдарды аудиторияны жаӊылдыра тургандай кылып колдонууга тыюу салынат. Буга бир нече белгилүү инциденттер себеп болду, алардын ичинде 1980-жылдардагы «Нешнл жиегрефик» журналынын мукабасындагы сүрөт да бар, мында Египеттеги атактуу Гиза пирамидалары өзгөртүлүп, бири-бирине жакыныраак кылып берилген.

Кабар бөлүмүндөгү жүрүм-турум кодексинин көптөгөн жоболору журналисттердин көзкарандысыздыгына байланыштуу. Кызмат абалынан пайдаланууну болтурбоо максатында журналисттердин акциялары же кызыкчылыктары бар компаниялар тууралуу кабар жазышына тыюу салынат. Журналисттердин саясий маселе боюнча көз карашын элге жарыялоосуна же кызмат талапкерин ачык колдоосуна уруксат берилбейт. Кабар уюму журналисттердин ар кандай маалымат булагы менен бизнестик байланышта болуусуна же жетекчинин уруксатысыз жумуштан тышкары мезгилде акы алуу менен башка иште иштөөсүнө тыюу салышы ыктымал.

Американын Мичиган штатындагы «Детройт фри пресс» газетасынын этикалык саясатында газетанын эмнени каалары жана эмнени каалабай тургандыгы ачык белгиленген. Мында маалымат булактарына жаӊылыктары үчүн акы төлөөгө жана маалымат булактарынын материалды жарыяланардын алдында карап чыгуусуна тыюу салынат. Канаданын телерадио компаниясынын (КТК) узун жоболор жазылган колдонмосу бар, анда кызматкерлерден КТКнын ишине таасирин тийгизе турган ар кандай белектерден баш тартуу талап кылынат, нормалдуу иш учурунда жакшы ниеттин же меймандостуктун белгиси катары берилген майда белектер гана кабыл алынышы мүмкүн. КТКнын кызматкерлери кабарды жазуу учурунда акысыз барып келүү же түнөп кетүү тууралуу сунуштарды кабыл албайт.

Бардык потенциалдуу чыр-чатактарды болтурбай коюу мүмкүн эмес, бирок журналисттер өздөрүнүн жүрүм-туруму кабар уюмуна терс таасирин тийгизерин билиши керек. Алар чыр-чатак болорун сезер замат өз жтекчилерине кабар берүүгө тийиш. Окуя менен жеке байланышы бар кабарчы башка кабарчы жиберүүнү өтүнө алат. Көптөгөн кабар уюмдары кызмат абалынан пайдаланды деген божомол пайда болору менен (ал чыныда болбосо да) кабарчыны чакыртып алышат.

Жүрүм-турум кодекси ички документ болуп эсептелет, бирок соӊку мезгилдерде кабар уюмдары аларды өздөрүнүн веб-сайттарына көбүрөөк жарыялай башташты, мында алар жоболорду элге тааныштыруу жана бул нормалар бузула турган болсо газета же каналдан эмнелерди күтсө болорун маалымдоо максатын көздөшөт.

 

Коомдук нормалар

Кабар уюмдары көп учурда кызыктуу кабарлары менен коомдук нормалардын кагылышууларына туш болушат жана аларды жөнгө салуу ийкемдүү этикалык чечим кабыл алуу практикасын талап кылат. Шайланган жетекчи оппозициялык партиянын мүчөсү менен болгон талкууда раса маселеси боюнча олдоксон пикир айтып койду дейли. Кээ бир газетелар анын айткан сөздөрүн так бериши мүмкүн. Башкалары анын сөзүнүн маанисин гана бериши ыктымал. Дагы башкалары жетекчинин оозго алгыс сөздөрдү айтканын гана жазышы мүмкүн. Газеталардын редакторлору окурмандардын сабырдуулугуна кароо менен ар түрдүү чечимдерди кабыл алышат. Бирок алар кээде айрым окурмандардын кыжырына тие турган чечимдерди кабыл алып коюшу да мүмкүн. Элдин итиркейин келтире турган, бирок маанилүү кабарды баяндаган эӊ таасирдүү сүрөттөр же видеоматериалдарга туш болгондо, редакторлор ушундай кыжалат абалда калышат.

Мунун кесепетин азайтуу үчүн көптөгөн кабар бөлүмүнүн жетекчилери кабардын өзүндө же өзүнчө «редактордун эскертүүсүндө» эмне үчүн мындай чечимге келгенин түшүндүрө кетет. Мисалы, ачкалыктан өлгөн баласынын сөөгү гана калган денесин кармап турган эненин сүрөтү жан кейитери бышык. Кыжыры келген адамдарды телефондон угуп, алардын ар бирине жооп берип отургандан көрө редактордун өз эскертүүсүндө ачкалык деген эмне экенин баяндоого караганда бул сүрөт алда канча таасирдүүрөк боло тургандыгын айтып койгону оӊ. Өз чечимдерин коомчулукка түшүндүрүү менен журналисттер жооптуулуктун негизги принцибин сактайт.

 

Юридикалык маселелер

Маалымат каражаттарынын эл аралык нормаларынын өзөгүн Бириккен Улуттар Уюму Уставынын 19-статьясы түзөт:

Ар бир адам ой-пикир жана аны билдирүү эркиндигине ээ; бул укук эч кандай кийлигишүүсүз ой-пикирге ээ болуу, маалымат менен идеяларды издөө, алуу жана чек араларга карабастан туруп ар кандай маалымат каражаттары аркылуу жарыялоо эркиндигин камтыйт.

Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон өлкөлөр Уставды, анын ичинде 19-статьяны сактоого тийиш, бирок бул кээ бир өлкөлөрдүн өзүндөгү маалымат каражаттарына кысым көрсөтүп, эл аралык кабарларды жеткирбей коюусуна тоскоол боло албайт. Айрым учурларда журналисттер өз милдетин аткарууга аракет кылгандыгы үчүн өлтүрүлөт, камакка алынат же сүргүнгө айдалат.

Америка аралык басма сөз ассоциациясынын мүчөсү, Уругвайдагы «Баскаеда» газетасынын кабарчысы Данило Арбилла эӊ мыкты басма сөз мыйзамы мыйзам эмес экендигин айтат. Ал идеалдуу дүйнөдө басма сөз эркиндигин сактай турган мыйзам эки гана беттен туруп, анда «сөз эркиндигин …жөнгө салууга тыюу салына тургандыгы ачык айтылышы керектигин» белгилейт. Дүйнө жүзү идеалдуу жер эмес экенин айтып отуруунун зарылдыгы жок. Дүйнө жүзүндөгү басма сөз мыйзамдары абдан ар түрдүү болгондуктан, алардын баарын жалпылап айтуу мүмкүн эмес. Айрым демократиялык өлкөлөрдө басма сөз мыйзамы журналисттердин коомдук маалыматтарды алуусун камсыз кылуу максатында кабыл алынса, башка бир өлкөлөрдө жарыялана турган маалыматтарды чектөө үчүн кабыл алынат. Кээ бир өлкөлөрдө сексуалдык кылмыштын курмандыгы болгондордун же кылмыш жасады деп айыпталган жаштардын атын атоого тыюу салынат. Ал турсун өлкөлөрдүн ичинде да жергиликтүү мыйзамдар ар түрдүү болот жана ал мыйзамдар боюнча журналист купуя маалымат булагынын атын атоого жана маалыматтарды сот органдарына берүүгө мажбурланышы мүмкүн. Журналисттер өздөрү иштеген өлкөлөрдүн мыйзамдары менен алардын чектөөчү жоболорун билүүгө тийиш.

Журналисттер өтө көп дуушар болуучу юридикалык маселелердин бири – жалаа. Кошмо Штаттарда жалаа – бул аты белгилүү болгон кимдир бирөө жөнүндөгү жаӊылыш пикир, ал ошол адамдын кадыр-баркына шек келтириши мүмкүн. Жалаа басма сөз менен телерадиодо эки башка аталганы менен алардын негизги параметрлери бир. Жалпы жонунан айтканда, айтылган пикир чын болсо, ал жалаа болбойт. Ошондуктан журналисттер маалымат булагы тарабынан айтылган пикир кимдир бирөөнүн кадыр-баркына доо кетире турган болсо, анын маалымат булагы тарабынан айтылгандыгын белгилеп кетүүгө тийиш.

Жаӊы технология журналисттердин иштөө таризин өзгөрткөн сайын маалымат каражаттарынын мыйзамы да кайра каралууда. Эӊ алдыда төмөнкүдөй суроолор турат: Интернет кабарчыларына мурунтан келаткан кабар уюмдары үчүн иштеген кабарчыларга берилчү укуктар жана коргоолор берилеби? Мындай суроолорго, сыягы, жакын арада жооп берүү кыйын.

Кабарчылар өлкөдөгү башка адамдар сыяктуу эле жеке турмушту коргогон мыйзамдарга баш ие тургандыгы өзүнөн өзү түшүнүктүү. Маалымат алууну каалаган журналист жеке менчик жайга кире албайт, документтерди уруксатсыз ала албайт, телефонду тыншай албайт жана мыйзамсыз иш-аракеттерге бара албайт. Кабар уюму айрым маалыматтар абдан маанилүү болгондуктан, опурталдуу иштерге барышы мүмкүн, бирок бул — кабарчылар, редакторлор жана жетекчилик биргелешип, этияттык менен чече турган өзгөчө иш.

 

8-бап

Журналистика ресурстары

Кесиптик уюмдар

American Society of Newspaper Editors
http://www.asne.org/
Америкадагы күндө чыгуучу газеталардын редакторлорунун уюму.

Association for Women Journalists
http://www.awjdfw.org/index.html
Стипендиялар, кесиптик гранттар, байланыш түзүү, адвокаттык иш-аракеттер, семинарлар жана жыл сайын өткөрүлүүчү Кастлберри конкурсу аркылуу маалымат каражаттарында аялдар маселесинин объективдүү чагылдырылышына көмөк көрсөтөт.

International Federation of Journalists
http://www.ifj.org/
100дөн ашуун өлкөдө 500 000ге жакын мүчөсү бар.

Investigative Reporters and Editors, Inc.
http://www.ire.org/
Иликтөөчү журналисттердин уюму.

National Press Photographers Association
http://www.nppa.org/
Басма сөздө жана телерадиодо иштеген фотокабарчыларга кызмат кылат.

Online News Association
http://www.journalists.org/
Serves online-media journalists.

Organization of News Ombudsmen
http://www.newsombudsmen.org/
Омбудсмендердин же кабар бөлүмүндөгү көзөмөлдөөчүлөрдүн эл аралык ассоциациясы.

Radio-Television News Directors Association
http://www.rtnda.org
Телерадио журналисттеринин дүйнөлүк уюму.

Society of Professional Journalists
http://www.spj.org/
Журналистиканы жакшыртуу жана коргоо үчүн иштеген профессинал журналисттердин коому. Бул коом ошондой эле журналисттердин эркин иштөөсүнө жана жүрүм-турумдун жогорку этикалык нормаларына колдоо көрсөтөт. Маалыматтардын элге эркин жарыяланышына өбөлгө түзүү менен журналисттердин болочок муунун тарбиялоо жана Биринчи оӊдоодо гарантияланган сөз жана басма сөз эркиндигин коргоо үчүн иштейт.

Society for News Design
http://www.snd.org/
Дизайнерлердин, сүрөтчүлөрдүн жана башка ушул багытта иштеген журналисттердин коому.

 

Баяндоо жана редакциялоо

Cyberjournalist.net
http://www.cyberjournalist.net/tips_and_tools/
CyberJournalist.net – ресурстук сайт, ал интернет, конвергенция (эскертүүнү караӊыз) жана жаӊы технологиялар маалымат каражаттарын кантип өзгөртүп жатканын көрсөтөт. Мында интернет журналистикасы, жарандык маалымат каражаттары, жаӊы операцияларды камтыган цифралык баяндама жана интернетти кабар жөнөтүү куралы катары пайдалануу жөнүндө кеӊештер, жаӊылыктар жана чечмелөөлөр бар.

Эскертүү: Маалымат каражаттарында конвергенция деп платформа аралык баяндама аталат. Мисалы, газета кабарчылары өз кабарларын газета, газетанын веб-сайты, ал турсун газетанын менчигиндеги телерадио каналдары аркылуу жарыялай алат.

Journalism.net
http://www.journalismnet.com
Канадалык кабарчылар түзгөн сайт, мында көптөгөн кызматтар жана даректер бар.

NewsLab
http://www.newslab.org
Телерадио журналисттери үчүн ресурстар, кошумча маалыматтар жана окуу материалдары бар.

Project for Excellence in Journalism
http://www.journalism.org
АКШдагы бул коммерциялык эмес уюмдун ресурстары жана иликтөөлөрү бар.

Reporter.org
http://www.reporter.org
Журналисттер үчүн ресурстар, анын ичинде тармактар боюнча даректер бар.

 

Тармактык журналистика

Бул топтордун көпчүлүгү – мүчөсү бар уюмдар, алар өз веб-сайттарында машыгууларды жана ресурстарды сунуш кылышат.

БИЗНЕС: National Center for Business Reporting
http://www.businessjournalism.org/

КОНФЛИКТ: Center for War, Peace, and the
News Media
http://www.bu.edu/globalbeat/

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ: International Federation of Environmental Journalists
http://www.ifej.org/

ИЛИКТӨӨ: International Consortium of Investigative Journalists
http://www.publicintegrity.org/icij/

ИЛИМ: International Science Writers Association
http://internationalsciencewriters.org/

СПОРТ: Associated Press Sports Editors
http://apse.dallasnews.com/

 

Журналисттик машыгуу

American Press Institute
http://www.americanpressinstitute.org/
Кошмо Штаттарда жайгашкан басма сөз журналисттеринин машыгуу борбору. Сайт ресурстарды, анын ичинде «The Journalist’s Toolbox» дарегин сунуш кылат.

CIESPAL
http://www.ciespal.net/
Эквадордо жайгашкан Латын Америкасынын эл аралык журналистика борбору. (Сайт испан тилинде).

European Journalism Centre
http://www.ejc.nl/
Нидерланддарда жайгашкан бул машыгуу борборунда Европанын маалымат каражаттары жана ресурстары боюнча маалыматтар бар.

IFRA Newsplex
http://www.newsplex.org/home.shtml
Кошмо Штаттардагы жана Германиядагы машыгуу борборлору.

Independent Journalism Foundation
http://www.ijf-cij.org/
Төрт аймактык машыгуу борбору аркылуу Чыгыш Европадагы эркин басма сөзгө колдоо көрсөтөт.

International Center for Journalists
http://www.icfj.org
Кошмо Штаттарда жайгашкан бул машыгуу борбору аркылуу дүйнө жүзү боюнча машыгууларды өткөрүүчү Журналисттердин эл аралык уюму менен байланышууга болот: http://www.ijnet.org/

Internews
http://www.internews.org/
АКШнын бул коммерциялык эмес уюму дүйнө жүзү боюнча журналисттик машыгууну сунуш кылат.

Institute for the Advancement of Journalism
http://www.iaj.org.za/
Түштүк Африкадагы машыгуу өткөрүүчү басма сөз институту.

Institute for War and Peace Reporting
http://www.iwpr.net
Лондондо жайгашкан бул коммерциялык эмес уюм аймактык кабарларды көп тилдерде сунуш кылат.

John S. Knight Fellowships
http://knight.stanford.edu/program/index.html
Белгилүү журналисттер үчүн Стенфорд университетиндеги бир жылдык журналистика курсун сунуш кылат.

Journalismtraining.org (Society of Professional Journalists)
http://www.journalismtraining.org/action/home
Адистик деӊгээлин жогорулатууну каалаган журналисттер үчүн борбордоштурулган окуу жайларын сунуш кылат. Сайт жергиликтүү, регионалдык жана улуттук деӊгээлдеги журналистика программаларын табууга мүмкүнчүлүк берет.

No Train-No Gain
http://www.notrain-nogain.org/
Бул сайтта газета редакторлору өз ойлору менен тажрыйбаларын бөлүшөт.

The Poynter Institute
http://www.poynter.org/
Кошмо Штаттарда жайгашкан журналисттер мектеби. Веб-сайтында ресурстар, кошумча маалыматтар жана көптөгөн даректер бар.

 

Сөз эркиндиги

Article 19
http://www.article19.org/
Сөз эркиндиги менен маалымат эркиндигине негизги адам укуктары катары колдоо көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюм.

Canadian Journalists for Free Expression
http://www.cjfe.org/
Дүйнө жүзүндөгү журналисттердин укуктарын коргоочу өкмөттүк эмес уюм.

Freedom Forum
http://www.freedomforum.org/
Негизинен АКШ Конституциясынын Биринчи оӊдоосу менен маалымат эркиндигинин маселелери каралуучу форум.

Inter American Press Association
http://www.sipiapa.org/
Батыш жарым шардагы эркин басма сөзгө колдоо көрсөтөт.

Journalists for Human Rights
http://www.jhr.ca/
Канадада жайгашкан, Африкадагы кабарчылык боюнча иштеген коммерциялык эмес уюм.

The Reporters Committee for Freedom of the Press
http://www.rcfp.org/
Журналисттерге акысыз укуктук жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюм.

Reporters Without Borders
http://www.rsf.org/
Парижде жайгашкан басма сөз эркиндигин коргоочу уюм. Ресурстары англис, француз жана испан тилдеринде.

World Press Freedom Committee
http://www.wpfc.org/
Басма сөз эркиндигин коргоочу жана ага өбөлгө түзүүчү эл аралык топ.

 

Китептер

Clark, Roy Peter and Cole C. Campbell (eds.) .The Values and Craft of American Journalism: Essays From .e Poynter Institute. Gainesville, FL: University Press of Florida, 2005.

The First Amendment Handbook. Arlington, VA: .e Reporters Committee for Freedom of the Press, 2003.
http://www.rcfp.org/handbook/index.html

Hachten, William A. Troubles of Journalism: A Critical Look at What’s Right and Wrong With the Press. Mahwah, NJ: Lawrence Erlbaum Associates, 3rd edition, 2004.

Hamilton, James T. All the News .at’s Fit to Sell: How the Market Transforms Information Into News. Princeton, NJ: Princeton University Press, 2003.

Overholser, Geneva, and Kathleen Hall Jamieson. .The Press. New York, NY: Oxford University Press, 2005.

Sloan, W. David and Lisa Mullikin Parcell (eds.) American Journalism: History, Principles, Practices. Jefferson, NC: McFarland & Company, 2002.

Sullivan, Marguerite H. A Responsible Press Office: An Insider’s Guide. Washington,
DC: U.S. Department of State, International Information Programs, 2001.

http://usinfo.state.gov/products/pubs/pressoffice/

 

Этикалык кодекстер

American Society of Newspaper Editors
ASNE Statement of Principles. Reston, VA: American Society of Newspaper Editors, 2002.
http://www.asne.org/kiosk/archive/ principl.htm

Radio-Television News Directors Association
Code of Ethics and Professional Conduct. Washington, DC: Radio-Television News Directors Association, 2000.
http://www.rtnda.org/ethics/coe.shtml

Society of Professional Journalists
SPJ Code of Ethics. Indianapolis, IN: Society of Professional Journalists, 1996.
http://spj.org/ethics.asp

International Center for Journalists
Code of Ethics (by country and region). Washington, DC.
English version: http://www.ijnet.org/

Director.aspx?P=Ethics
АКШ Мамлекеттик департаменти жогорудагы мекемелер менен уюмдарга таандык болгон ресурстардын мазмуну жана иши үчүн жооп бербейт. Интернет сайттардын бардыгы 2006-жылы күзүндө иштеп турган.
Аткаруучу редактору: Жорж Клак
Автору: Дебора Поттер
Редактору: Милдрид Сола Нили
Көркөм редактору: Мин-Чи Йао
Иллюстрациялар Брайан Лейстердики
Бул басылма Маргарита Силливандын «A Responsible press Office: An Insider’s Guide» аттуу эмгегине жуп болуп чыккан (http//usinfo.state.gov/products/pubs/pressoffice/).
Бул басылмада айтылган ой-пикирлер сөзсүз түрдө АКШ бийлигинин көз караштарын же саясий багытын чагылдырбайт.

 

Эл аралык маалымат программаларынын бюросу
АКШ МАМЛЕКЕТТИК ДЕПАРТАМЕНТИ
http://usinfo.state.gov/
2006

Эл аралык маалымат программаларынын бюросу
АКШ МАМЛЕКЕТТИК ДЕПАРТАМЕНТИ
http://usinfo.state.gov/

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *