АҢГЕМЕ

Балалык кездеги сүйүктүү фильмдин таасиринен улам, окурмандарым аны боолголойт деп үмүттөнөм.

Витя көпчүлүк айткандай арактан башка менен иши жок бекерпоз, кейбирлердин бири болчу. Анысын өзү деле билип, өзүн өзү катуу жемелей турган. Аракеч болгону менен ал уяттуу болчу, жок дегенде ичкендин эртеси уялып калчу. «Ооба, кечээ катуу кетип калыптырмын, – дей турган ал өзүнө өзү же жанындагыларына. – Демейкидей эле, аябай ичиптирмин! Ошондой кейбирмин да!»

Ал ичкиликти биротоло таштап, көпчүлүк катарындагы иштерман кишилерден болууну аябай самай турган. Кээде ошондой да болуп калчу. Алынын жетишинче карманып, соо (иччү деле эмес, кечкурун жүз-жүз элүү граммды алганын айтпаганда) болуп алып үйүндөгү же бирөөлөрдүн жумушун жасап жүрчү. Анысына тымызын кубанып: «Бүттү, эми дал ушундай жашай баштайм!» – деп чеччү. Бирок анын эрки бир же эки жумага гана араң жете турган. Жок, жок, бир ирет ал үч ай чыдаган болчу! Витянын колу алтын дешчү аны билгендер. Кесиби курулушчу болгону менен колунан баары келчү: кирпич кынап, мизилдете дубал шыбап, зым тартып, а тургай сантехник дегидей суу түтүктөрүн кураштырып, тартып, анын агызгыч, бурагычтарын да оңдой ала турган.

Анан ал ченде жок ак көңүл болучу. Көчөдөгү балдардын баары аны жакшы көрүшүп, мышыктар да дароо жанына келе калып сүйөнүп, тырмап берчи дегенсип кулактарын тосуп берише турган. Анын мастыгын деле эрөөн-төрөн алышчы эмес, анткени ал башкаларчылап катуу чыр салбай, эртеси эле дайыма уялып калычу. Атүгүл Марина, балпайган, никелүү болбосо да бир үйдө жашаган алпейим Марина да ага көпкө таарына алчу эмес. Тагдырын дагы бир ирет өзгөртүүгө чыгынып, айрыкча кезектеги курулуш фирмасынын бирине ишке орношмокчу болуп камына баштаган Витяга эски болсо да тыңыраак кийимин кийүүгө көндүрүп, аста узатып койчу. Анын адам кейпинен кетпей тазараак жүрүүсүнө көз салып жүргөн да ошол. Качан Виктордун чыдоосу самын көбүгү сыңары тарс жарылганда ал кайрадан аракка кирип, мас болуп арыкка кулап, кийиминин тамтыгы чыгып, ылай, чаң болуп келгенинде Марина ачуу ыйлап, аны сабап да жиберчү.

Андайда: «Мен ит, акмакмын, кейбирмин! – деп Витя эртеси өз чачын жулчу. – Эми эмне кылсаң өзүң билчи!..» Марина анын күйүтүн уккусу да келчү эмес.

Виктордун болсо төбөсү таз, бою пас, болугураак (балтайган Маринасына салыштырганда сымбаттуураак) неме, ден соолугу да жаман эмес. Ичкени эле болбосо баары жакшы. Анан да чарчаңкы, кээде ойноктоп кетчү кыбыңдаган көздөрү, өңүнө кең пейилдик түр берип турчу ничке муруту бар эле.
Бир жолу Витя ушунчалык ичти дейсиң, Маринанын чыдамы түгөнүп үйдөн чыгарып салды. Ал анчейин жаңылык деле эмес болчу. Ошенткен менен: «Эми өлсөм да ичпеймин» – деп катуу шерт кылды да, өзү жашаган Бишкектен Ысык-Көлгө жөнөй берди. Анткени жай мезгили болуп, бригадалаш достору небактан бери «шабашкага» чакырып жүрүшчү. Маринага да көрсөтөм ким экенимди, бутума туруп алсам көрөт, менин да киши экенимди деди ичинен, аныстүнө кайсыл бир жерге башты батырыш керек да.

Ал ошентип жайкы Ысык-Көлгө келип калды.

* * *

Шабашниктер Долинка айылынын четирээгиндеги эски, сырлары сыйрылган курулуш вагончикте турушчу. Иши болсо – бажыканада иштеген, адамдарга жогортон ылдый караган бешбармакчы-төбөл имиштин үйүнө жармаштырып салып жаткан курулуш. Ишенимдүү булактардан Витя угуп алган: бешбармакчы бажыканада иштегени менен көпчүлүккө ал ишмермин дейт, демек, анын үйү да өзүнө жараша сөөлөттүү көрүнүп, учтугуй чатырлуу болуусу керек. Достору, эми алар менен Витя да дал ошол учтугуй мунараны куруп жатышкан. Ал бүткөндө мунарадан Ысык-Көлгө керемет көрүнүш ачылат имиш.
Күнүгө иш, Кудай кут кылсын! Таңкы жетиде турушуп көлгө чайынып алышат да, басып баратып куурулган жумурткадан бурдап алып ишке киришмей. Түшкү тамак ашканада, бешбармакчынын эсебинен, баарыдан да ошонусу жакшы. Анан кайрадан иш, иш, иш. Кожоюн улам айдактап турат. Кечинде өздөрүнчө, бойдоктордун тамагы. Ичкилик ичмей жок, дээрлик ошондой. Ишенбейсиң, шабашниктердин да акылгөй өз «түшүнүгү» бар – эгерде ичпей койсоң, эртеси баш жазбайсың, артынан кубалап ичип да кетпейсиң. Эркектердин баары эле макоо эмес!

Айтылган мөөнөттө бүткөрөлү, сапаты да жакшы болсун деп жанталашып жатышты.

Тартип катуу, өздөрү да ага аракеттенишкени менен бирөөгө өтө көз каранды, кул дегидей эмес, эркин эле болушчу. Кээде кайсыл бир зарыл иши чыгып калганда өнөгү менен макулдашып алып айылга да чыгыша турган. Эч качан досторун уятка калтырышчы эмес, өз убагында кайтып келип, дароо ишке киришишчү. Ошенткен менен эркин адам болгон соң көңүл да алда нени, кенендикти эңсей берет эмеспи. Бирок ал, ишке кедергисин эч тийгизчү эмес.
Ошентип, бир жолу күндүзү айылга – эс алуучулары менен пансионаттары көп, айыл деп кичиртип айтарга ооз барбаган чоң, курорттук Долинкага чыгып, Витя Айнагүлдү капыс жолуктуруп калды.

* * *

Айнагүл жол четиндеги бактын көлөкөсү алдындагы орундукта абрикос сатып олтурган. Ысык-Көлдүн күңгөйүн айланып өткөн жол Долинканы аралап кетет. Абрикостор чакада, Бишкектин баасы менен алганда бекерге тете, жолдо зымырап бараткан автолордун кай бирлери токтой калышат: анда бараткан аялдар үйүнө жеткенде таттуу кыжым жасагылары келет эмеспи.

Витя чайпала басып Айнагүлгө бет алды. Дал ошол учурда каяккадыр зуулдап бараткан иномарка жакын, жол четине токтой калды да андан тизеден келген чолок шым кийген эс алуучу түшө калып, комоккобу, ажаткана издеппи каяккадыр жок болуп кетти. Ал тарапка карап да койбогон Витя кызыга сурады:

– Өрүгүңдү канча дейсиң?

Кыз Виктордун үстүнөн алда кайда карай берип баасын айтты.

– Эмне, арзандатпайсыңбы?

Бир нече машина Витя менен кыргыз кызын ысык желпий куушуп өттү.

– Арзандата албайм, байке. Алыңыз, аябай таттуу!

Витя Айнагүлдөн көзүн тартып ала албай ордунан жылбады. Ага кыздын наристелердикиндей назик, жылма, анчейин күнгө күйбөгөн, дегеле көлдүн ысык аптабына эртеден-кечке олтурбагансыган жылдыздуу жүзү жагып калды.

Бирок кызда бир мандем бардай. Шекший кетти. Витя анын бет алдынан алаканын шилтегилеп көрүп, азиз экенин биле койду.

Жаны ачына түшүп, көкүрөгү негедир тыз этип алды.

– Кандай, соодаң жакшы болуп жатабы? – деп сурады ал, үнүн саал жумшагыраак чыгарып, алгач кызды көз кыйыгы менен бара-бара тигиле карап, анын оголе көрбөстүгүнө көзү жетип калган.

– Жо-ок… Бүгүн эчтеме деле сата алган жокмун… Баары эле шашып өтүшөт. Хи! – кыз эмнегедир күлүмүш этти, жагымдуу эркелегендей. Өңүнөн жарык төгүлө түшкөнсүдү.

Витя анын «хи» дешинен ага биротоло арбалып калгансыды. Эми ал бул жерден жөн эле басып кете албасын туйду.

– А сиз Россиядан келдиңизби же Казакстанданбы? – кызыга сурады кыз. Ал орусчаны так, кынтыксыз сүйлөгөнү менен айрым үндүү тыбыштарды айылдык кыргыз кыздарына мүнөздүү калпыс айтып, өз тили эместигин билгизип турду.

– М-мен… Э-э… Москвадан, – Витя негедир калп айтып жиберди. – Эс алып келдим. Силердин керемет көлүңөрдү көптөн бери көргүм келип жүргөн.
– И, кандай экен, жактыбы? – кыз чабалекейдей ничке, татынакай болчу.

– Жакпаганда! Көл да, кишилериңер да укмуштай! Сулуу да… – деп кошумчалап койду, саал ой бага түшүп.

Бул сөздөр кызга жага түштү көрүнөт.

– Биздин өрүктөрүбүз да таттуу. Долинканын өрүктөрү баарынан таттуу! – ушул тапта кыздын соодагерлиги ойной түштү көрүнөт. – Москвада мындайды таппайсыңар! Бизде баары өзүбүздүкү, таза, өзүбүздүн бак, ар кандай дарыларды да чачпайбыз!

Витя бир чака абрикосту сатып алууга аргасыз экенин ичтен сезип турду. Ал дээрлик куру чөнтөктөрүн аңтарып кирди.

– Сиз мени кечирип коюңуз… Көздөрүңүз жакшы көрбөйт окшойт. Сатып алгандардын кай бирлери сизди… э-э… алдагысы келсечи? – ал келесоодой суроо берип жибербеспи.

– Мени эч ким алдабайт, – деди кыз жай гана. – Мен, албетте, эчтеме көрбөймүн, төрөлгөндөн ошондой экенмин. Бирок мага баары жардам беришет, агаларым болсо мени аябай жакшы көрүшөт, – бул сөздөрдөн Витя эки жагын элеңдей карап жиберди, анысы кыздын агалары жакын жерде турушкан жокпу деп чочулай түшкөнү эле, эч ким көрүнгөн жок, беш-алты машине гана зуулдашып кубалаша жандай өтүп кетишти. – Мен акчаларды кармалап көрүп эле билип коём! – кыз шаңкылдай күлдү, жашоону, бу дүйнөнү жакшы билип, чындап сүйөрү көрүнүп турду.

– Ушул чакаңызды алайын. Сиздей сулуу кызды колдобосом болбойт да, – Витя эски джинсысынын көп чөнтөктөрүнүн биринен бырышкан-тырышкан акчаны таап алганына көңүлү жайлана түшүп. – Эгер сиздин өрүктөрүңүз баарынан жакшы болсо, көлүңөр да керемет экен, анан кантип чыдап туралык!.. Мобул чаканы… – Ал кызга шекшине карады, көздөрү көрбөсө ал көрсөткөн өрүктү кантип таап, салып бере алат? Кыз жаңылган жок, колдору менен сыйпалап барып, Виктор көрсөткөн желим чаканы тапты да, алдынан целлофан баштык алып чыгып өрүктөрдү уучтай салып жиберди. Витя ага жардамдашып:

– Ой, чоң рахмат, сулуу кыз… Сизсиз эмне кылмакмын!

Кыз күрүчтөй аппак, текши тиштерин көрсөтө жылмайды.

– Сиздин атыңыз?.. – Витя суроолуу үн катып дымый түштү.

– Айнагүл. Мени баары Айнагүл дешет. Бир туугандарым болсо Айнаш, – кыз жанагысынан бетер жадырая жылмайды. – Сизге чоң рахмат! Сиз жакшы адам экенсиз! Боорукер! Алганыңыз аш болсун!

Витя мактоодон эсинен танып бараткандай сезип кетти.

Дал ушул маалда жанагы, кыска шымчан ээси кайдадыр житип кеткен машинанын эшиги тарс жабылып, улам катуулай зуулдап жөнөп калды. Айнагүл жүзүн ал жакка буруп, жылмая кол булгалап койду. Ал абдан баактылуу көрүндү.

Витя эмне болуп кеткенин дароо түшүнгөн жок, качан эсин жыйган соң абрикос салынган баштыгы менен жандай зуулдаган машинелердин доошуна удаа акырын жылып жөнөдү. Азиздердин угуусу күчтүү дешет, иномарка жөнөп кеткенден кийин ал да кетиши керек. Кыз аны кетти деп ойлоп калбадыбы.
Эси эңгиреген ал кызуусундай теңселе басып өздөрү жакка жөнөдү.

Күн ысык кактап кирген болчу.

* * *

Витя түндүн көбүн уктай албады. Абрикосун өзүнөн бөлөк эч кимдин жегиси келген жок, улам бирден алып күрмөй берди, оюнун баарын Айнаш ээлеп алган. Ага кыз негедир күзгүдөн чагылган күндүн үзүк жарыгына окшоп жатты.

Таңга жуук Витя эми аракты эч качан оозуна албастыгына көзү жетти.

* * *

Эртеси Витя түшкө жакын бригададан дагы суранып алды да, түз эле кечээги жерге жөнөдү. Ал жол бою Айнашты ордунан таппай каламбы деп кабатырга батып келди. Ырас, азиз кыз кечээкисиндей теректердин көлөкөсүндөгү орундугунда олтуруптур. Машиналар да кечээкидей чаңызгытып кайдыгер, шуулдап өтүп кетип жатышат.

Кызга жакындай бергенде Витя комоктон муздак, кичинекей кока-кола сатып алды да Айнагүл менен эски таанышындай учураша кетти. Кыз да аны дароо таанып, түз эле маекке өтүштү.

Витя сөзүн көлгө түшүп келатканынан баштап, эртеден бери жакшы эс алганын, ал тургай күнгө да күйө түшкөнүн, кереги тийип калабы деп алган кока-коласын али ача электигин, анысын чын ниетинен Айнагүлгө сунуштаарын божурап жиберди. Кыз аны жайдарылана угуп, бирок суусундукту алуудан көгөрө баш тартты. Витя көндүрөйүн деди эле, эч ынабай койду. Айнаш кайсыл бир сырдуу себептен улам чоочун адамдын суусундугун ичпей койду.
Ошентсе да кыз менен маек өзүнөн өзү эле уланып, жарым саатка чейин созулуп кетти. Балким, андан да узактыр?.. Витя убакытты эсинен чыгарып койду.
– Сиз эмне, абрикосту ушинтип өзүңүз жалгыз эле сата бересизби? – деп сурады ал. – Агаларыңыз, ата-энелериңиз каякта?

– Ата-энем жок – деди кыз, – алардын каза болуп калышканына көп болгон, бирок бир туугандары ага абдан камкор. – Бир нече бир тууганым бар – деди кыз, – алардын бири азыр бакчада, дагы бирөө Сибирде иштейт, бирөө болсо м-м… Эми ал маанилүү эмес… Ооба… Дагы бири пансионатта ашпозчу. Мен үчүн эс алуучуларга мөмө-жемиш сатуу оор эмес, иштеп жатамын да, эч ким мени таарынтпайт, тескерисинче, көптөрдүн мага жардам бергиси келишет. (Кыздын соңку сөздөрүнө Витя күмөнсүп турду, анткени экөө сүйлөшүп турган убакыт аралыгында бир да машина бадырайган сапсары өрүктөр толгон чаканын жанына токтогон жок.)

– Кечиресиз, көзүңүз эмне болду эле? Башынан эле ушундай болчу дейсизби?

– Ооба, мен төрөлгөнүмдөн тартып эле көрбөй калыпмын, догдурлар көзүмдү чел басып калыптыр, бирок аны алып салууга аракеттенип көрсө болот дешет, анысы кымбат экен, үйдө андай операцияга акча жок, айрыкча ата-энем өлгөндөн кийин кайдан тапмак элек анча акчаны. Чынында, кичине кезимде дарылап көрөлү дешкен экен, азыр да агаларым ошентип айтып калышат, буюрса бир күнү Бишкекке барып (Сиз аерде болгонсузбу? – Жок-жок, эч качан) көрөбүз го, азырынча чамабыз жетпей жатат.

– Сизге жардам берүү агаларыңыздын колунан келбейби?..

– Алар мени аябай жакшы көрүшөт… Алар жакшы… Сиз билсеңиз биздин Долинкада турмуш кыйын, акчабыз өп-чап жетет, Бишкектеги төңкөрүштөн кийин кишилер Ысык-Көлгө аз келип калды… Буюрса, эми жакында эс алуучулар көлгө кайрадан келе башташат, ошондо агаларым операцияма жардам беришет.

– Сиз орусчаны мыкты билет экенсиз. Мектептен эмеспи?..

– Атам орус тилинен мугалим болчу, негизи долинкалыктардын баары эле орусча жакшы билишет.

– Сизчи? Москвада кандай жашайсыңар? Сиздин аял, балдарыңар бар чыгар? Балдарыңызга Ысык-Көл жагабы?..

– Эми… кандай десем… Мен бул жылы өзүм жалгыз эс алып келдим. Аялымдын Москвада өз иши бар, балдарым билсеңиз, Швейцарияда окушат, аларды каникулунда да үйгө азгыра албайсың.

– А сиздин өзүңүз Швейцарияда болгонсузбу? Бизде Кыргызстанды экинчи Швейцария дешет.

– Ооба… Ошондой… Жакшы адамдар жашаган соң өлкөңөр да жакшы… Швейцарияга мен ар жай сайын, пардон, ар кыш сайын барып (лыжа тээп) турам, бирок Кыргызстан мага андан артык жагат.

– Оо, дүйнөнү кыдырып, саякаттоо аябай кызык болсо керек!.. Балким, мен дагы бир кезде ошентип калармын…

– Арийне, сиздердин өрүгүңөр чынында эле абдан ширелүү экен… Билсеңиз мен бир чака өрүктү кечээ жалгыз жеп салдым! Эми дагы алсамбы деп сизге келип турганым…

– Ырахмат сизге! Сиз мээримдүү, абдан мээримдүү адам экенсиз. Кудай колдосун сизди. Соодаңыз үчүн чоң рахмат…

Виктор кыз менен эсептешип бүтүп жылуу коштошту да (шериктеринен маянамдан беремин деп бир аз карыз акча алган эле), өрүгүн көтөрүп жолуна түштү. Кыйлага узап барган соң ал артына кылчайып, тиги кызды узакка чейин телмире карап турду.

Айтмакчы, кетээринин алдында бу жолу ал, ачылбаган кока-коласын алууга кызды эптеп көндүргөн эле. Эми алыста туруп кыздын элпек, өзү сымал ажайып кыймылы менен суусундуктун тыгынын ачып, ысык күндө чаңкоосун баса кылкылдата ичип жатканын жүрөгү элеп-желеп боло карап турду.

* * *

Кийинки күндөрү да Витя кызга келип дайыма абрикосунан сатып алып турду. Шериктери аны жемелеп, келиштире сөгүп да жатышты, анткени тез эле тар вагондо басып-турарга жол жок калды: абрикостор ысыкта тез эле эзилип (каяктагы муздаткыч), күнүгө барлыгын түгөтө жегенге эч мүмкүн эмес эле. Анан да бригададагылар Витянын күнүгө эле суранып кетип калууларына нааразы боло башташты.

– Иштейсиңби? Иштегин! Күнүгө эле каяккадыр айылчылап кете бергениңди токтоткун!

Витя баарын эле түшүнчү, уялып, санаага батып, бирок айласын таппай жүрдү. Ал күнүгө эле шериктерине баарын түшүндүрүп, токтотоюн дейт. Бирок түшүнө күндүн көз уялта жылтыраган үзүгү кирет да, жашоосу мурда болбогондой жарыкка толуп чыгат.

* * *

Кыздын көзүнө операция жасатууга акча табуу ою ага капысынан эле келе калды. Витя ал тууралуу эч ойлогон да эмес, бир күнү эле анын зарылдыгын түшүнө салды. Август айы аяктайын деп калган. Эс алуучулар белгисиз себептен улам 1-сентябрга карата үйлөрүнө кетүүгө жапатырмак камданып, көл жээги ээндей баштады. Айнагүл сөздү өзү баштап, Витянын жакын арада кетип калаарын, анын Москвада иши бардыгын, көптөн бери көрбөй, сагынып калган аялына да жолугуу керектиги тууралуу кеп козгоп калды. Витя ага кошулганы менен кеткиси келбей жатты. Бир жагынан шериктери менен мамилеси курчуса, экинчиден, кожоюну менен да мамилелери бузулуп баратат, майда-чүйдөсүнүн баарын айтып олтурганда эмне, көпчүлүк ичинде айтылып жүргөндөй «колхозчо иш» – кожоюн иш акысы менен толук эсептешпей, «эртең, кийин, дагы бир аз» деп, куру убада берип, тил эмизмейге өтө баштаган болчу.

Ошентсе да Витянын аябай жолу болду – Долинкада болгондон тартып бир да жолу Айнагүлдүн агалары менен жолуккан жок. Дал ошондон улам ал өзүн дүйнөнүн баарын көрүп, тоюп бүтүп түштүккө келген мартабалуу москвалык кылып узакка чейин көрсөтүп отурбайбы.

Бирок канчалык чойсоң дагы баарынын соңу келет.

Виктордун жакын арада кетээрине байланыштуу ички сырын Айнагүл али чыгара элек. Баары жайында, жакшыдай көрүндү. Теректин көлөкөсүндө экөө саамга жай сүйлөшүп турушту да, бөлүнүп кетишти, тагыраагы, Виктор салабаттуу басып кетти (өрүктүн кезектеги үлүшүн көтөрүп алып). Ал жолдо каршы-терши куушуп өтүп жаткан машинелердин шуулдагы алдында ойлуу келатты. Анын ар күнкү келип жолугуусуна кыздын дайыма кубанычта, өтө кубанычта болгонун, эми Виктор бул жактан кетип калса кандай күн болорун ойлоодон да коркуп жатканын ал бүдөмүк туюп келатты.

Августтун акыркы күнү бригадир үйдүн кожоюну – баягы бажыканада иштеген бешбармакчы менен катуу урушуп калды. Чатак бригаданын өзүндө да чыкты: иштин аздыгынан кимдир бирөөлөрдүн кетүүсү керек эле. Курулуш соңуна чыга берип, аны өткөрүп берүү учуру жакындаган сайын чечилбеген маселелер да көп болучу, аларды улам кийинкиге жылдыра берип, баары чогулуп калган. Талаштын түпкү ташы улам-улам эле Викторго айланып келип тие берди. Анын колунан мындай оор кырдаалды жайкап коюу деле келмек, баарынан кызыгы — ал антүүнү эч каалаган жок. Ал «такыр эле колдон чыккансып» ишти эмес, огеле талааны ойлоп калгандай.

Анан жүрүп-жүрүп эле бир күнү шайтан сайгансып ал жинденип кетти: түз эле кожоюндун үйүнө кирип барды, курулуп жаткан мунара үйгө жабыштыра салынып жаткан болчу, ошол маалда үйдө эч ким жок эле. Жумушчулар жөндөн-жөн эле көзгө чалдыгып, аралай басып жүрүшчү эмес. Витянын көңүлүн бөлмөлөрдүн бириндеги ак илбирстин териси өзүнө бурду, минтип үйдүн төркү бөлмөлөрүн аралап кирүүгө эч кимге жол берилчү эмес, бирок Витянын көкүрөгүндөгү уйгу-туйгу аны бардык шарт, тоскоолдорду бузууга түртүп жаткан. Ооба, бул терини ал мурда эле көргөн. Тери абдан келишимдүү болчу. Бирок ага колун тийгизген да эмес, эмне, илбирсти көрбөй жүрүптүрбү! Бу жолу Витя андан көзүн тартып ала албай турду, көөнүндө түшүнүксүз бир нерсе козголуп кетти.

Кыязы ал, бир саамдык оолугуу болсо керек. Ашыкпаса ал аткарган ишинин акысын баары бир алмак, албетте, бүгүн, азыр эмес, бардык талаш, чатактар биротоло чечилип бүткөндөн кийин гана. Андан да бригадири жана эле сен эч кандай акча албайсың деп Витяга атырылып кетпедиби! Көөнүндө жумушчуларга дайыма ороңдогон бешмармакчыга көптөн берки ызасы, таарынычы да ага оор жүк болуп турган.

Витя дубалдан терини этияттап сыйрып алып, жерге жайып жиберди да, саамга суктанып алды. Баа берди. Эмки чоң маселе, аны кантип ороп, эч ким көрбөгүдөй алып чыгып кетүүдө болчу.

Кейбир деп кемсинтишкени менен кишилер Викторду бекеринен мээси иштейт деп айтышчу эмес. Эски, түлөп бүткөн кытайдын чоң, чаарала таар баштыгынын түбүнө терини бапестеп салып, үстүнө эч ким шекшибегидей кылып өзүнүн эски-уску кийимдерин бурдай салды да эч ким менен коштошпостон (урганы барбы) чыгып, көп өтпөй жол жээгинде биринен сала бири зуулдап батышка, Бишкек тарапка кубалаша өтүп жаткан унааларга кол көтөрө тосуп турду. Коопсуздук үчүн Айнаш менен коштошкон жок. Кереги эмне? Баары бир, эки-үч күндөн кийин ага акча, операциясына жеткидей көп акча алып келет.

Сумкачан, жупуну кишиге автобустардын токтогусу келбей жатты. Эгерде билип калышса артымдан кууп келип кармап алышпагай эле деп кыйпычыктап, коркуп да турду. Бирок бир кезде анын бактысына да, кубанычына да жараша алыска жүк ташуучу «Мерседес» оор үшкүрүнө жанына токтоп калды. Анын айдоочусу Витькадан «өз кишисин» көрө калган болучу. Ошентип, жол кайгысы оңунан чечилди да калды.

Витя жол бою колунан келишинче шайырланып, айдоочуга эрмек болуп келди.

* * *

Бишкекте Маринанын алдында карганып, кечирим суроого туура келди (бир жерде түнөө керек да), ошол эле кечте таанышы менен «чер жазыша» сүйлөшүп келмекке Ош базарына бет алды. Ал таанышынын көптөн берки кыңыры иштери баарыга жакшы белгилүү болчу. Экөө көпкө чейин соодалашты. Акыры тил табышып, алакан да чабышты. Эртеси эсептешмек болушту. Витька Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген илбирске аңчылык кылууга мыйзам эч жол бербестигин, ошондон улам теринин контрабанда катары бааланарын билчү, демек, өз жанынан чочулаган бажычы жогу үчүн расмий, ачык чуу чыгара албайт деген Витянын санаасы тынч эле. Тери – толук миң долларга бааланды!

Албетте, ак илбирстин териси чет өлкөлөрдө Витянын оюна да келбей тургандай өтө кымбат бааланарын ал билген жок. Ит билсинби аларды…

Швейцарияны, ага баш оорутуп эмне кереги бар.

Ошол күнү кечте ал бир аз сеп этип койду, ишинин ийги бүткөнү үчүн.

* * *

Бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз, он… Франклиндин сүрөтү түшүрүлгөн он жүздүк кагаз Витянын алаканына түштү да калды. Санаасы тына түштү.

* * *

Айнаш адатынча теректин көлөкөсүндө, жандай өтүп жаткан машиналардын токтой каларын күтүп олтурган. Сентябрда унаалар аз болчу, эч кимиси деле токточу эмес. Аларга Айнаш кара өрүктү, бир аз жемиштерин сунуш кылчу, ансыз деле сейрек өтүп калган унаалар токтобостон зуулдап өтүп кете беришчү. Алардын зуулдаган үнү тээ, алыстап барып угулбай калчу.

Витя мартабалуу көрүнүү үчүн атайылап эле такси менен келди. Москвалык бардар эс алуучу да акыркы кездешүүсүнө жөө келмек беле. Антпесе Айнаш, Кудай сактасын, алда немеден шекшинип калмак. Таксиге төлөгөн акчасы акыркыларынан эле, эми болгону Бишкекке жеткидей эле ченемдүү калды. Ал жакка эптеп жетип алса көпчүлүктүн арасына сиңип кетип, бир топко чейин бригадалаштарына көрүнбөй жүрүүгө мүмкүн. Антпесе, алар мурдун талкалап коюудан да кайра тартышпайт!

Айнагүл аны алыстан эле сезип койду. Келгенин кантип билип алды экен? Кыз ордунан туруп, толкундана жолго утурлай басып келди. Виктор таксиден чыкты да («Досум, беш мүнөттөй күтүп турчу, азыр эле кайрадан автобекетке кетебиз»), сокур кыздын бет маңдайында турду.

– Сиз каякта жүрдүңүз?

– Иштер чыгып… билсеңиз…

– Сиз кайрадан кетесизби? Биротолобу?

– Ошентишим керек, билесиң да…

Үндөбөй калышты.

– Мен… кантип айтсам… сага бир аз жардам кылайын дедим эле… Бул кийинки сата турган мөмөлөрүңө, операцияңа да жетиши керек.

– Операцияга?!

– Операцияга… Биз мурда сүйлөшкөнчү… Билесиңби, Бишкекте «Көздүн микрохирургиясы» деген доктор Исманкуловдун атактуу клиникасы бар. Мен, кыскасы, ал тууралуу тааныштарыман сурап билдим (иттики, аз эле жерден «Бишкектеги тааныштарымдан» деп айтып жибере жаздабадыбы). Ал… ал ошондой операцияларды жакшы жасайт экен. Мына… алгын. Бул акчалар жетет. Сенин көзүң көрө баштайт.

– Мен сиздин акчаңызды ала албаймын!

– Айнаш, түшүнсөң… Муну сенден алган мөмөлөрдөн түшкөн пайдаң деп бил. Менде билсең дагы көп акча бар! Ай-ябай көп… Бул мындай, сендей сулуу кыз менен сүйлөшө алганым үчүн берилген кичинекей эле белек… Күндүн үзүк жарыгындай…

Үнсүздүк.

– Мен ала албайм.

– Айнаш! – Виктор кызууланып кетти. – Менин кетишим керек! Тигине, машине күтүп турат! Кыскасы, бул операцияга гана, башкага эмес. Кааласаң макулдашып алалык, мен келерки жылы келем да: сенин ден соолугуң жакшырып, көздөрүң көрүп, акча тапканыңда бул акчаларды мага кайра кайрып бересиң. Макулдаштыкпы? Мен сага карызга берип жаткандай түшүнгүн. Макулбу? Карызга алса болот да! Мен сага, сен мага – эч ким эч нерсе карыз эмес!

Үнсүздүк. Кыз акчаларды кармап турду.

– Бул сом эмес… Сомдорду кармасаң мындай эмес… Бул орус рублиби?

– Рублге окшош. Эй, дос, жинденбей тура тур, азыр кетебиз! Айнаш, угуп жатасыңбы, менин кетишим керек! Айнаш, Айнаш, сага эмне болду! Сүйлөчү!
Кыз ага көрбөс көздөрү менен кадала тиктеп, жүзү тартыла жакындап келе жаткансыды. Анын ким экенин билгиси келип жатабы? Эстеп калайын дейби? Виктор да ага тигиле тиктейт. Балким, колун тийгизип көрсөбү… Дос, сага эмне болду! Азыр кетебиз дебедимби!

– Айнаш, мен кетейин. Көп санаа тартпа. Баары жакшы болот. Агаларыңа менден салам айтып кой.

* * *

Аны бул эле, Ысык-Көлдүн автобекетинен кармап алышты. Жөндөн-жөн эле милиционер басып келди да паспортун көрсөтүүнү талап кылды, анын паспорту жок да! Бөлүмдө ким экенин, каяктан келгенин узакка сурашты. Анан күзөт башчысы бирөөгө телефон чалды да, чечекейи чеч боло: «Дал өзүн кармадым» – деп сүйүнүп кетти.

Көп өтпөй баягы бажыгер өз кишилери менен жетип келишти (дагы жакшы, бригадасынан эч кимиси келбептир) да кыйкырып, бирдемени талап кылып кирди. Витя түш көргөнсүп эмне болуп жатканын жакшы түшүнбөй турду. Акырында гана бажыгердин үйүнөн он миң доллар уурдап кеткендиги тууралуу анын үстүнөн арыз түшкөндүгү акылына жетти. Ал үрөйү уча «кандай, кандай?» дегенге гана араң жарады.

Илбирстин териси дейсиңби?.. Каяктагы илбирс?! Эч кандай илбирс болгон эмес! Илбирс деген контрабанда! Билсең биз сендейлердин далайын сындырганбыз!

Акча кайда, ит?!

Акчамды кайтарып бер!!!

* * *

Витяны тепкилеп киришти. Көбүнчө бөйрөктөрүнө. Мурдун да талкалашты. Аны түрмөнүн ооруканасында узакка дарылашты.

* * *

…Алар достору менен күн бою ичишти. Кир, сасыган алар пляждын четирээгиндеги жапайы жеринде жатып алып тынбай ичишти. Дагы жакшы, жайкы сезон бүткөн. Менттер жок. Эс алуучулар да жок. Бугун бир чыгарып алышса болот. Арактан ойда ичип… Атаңгөрү, дайымкыдай акча эле жетишпейт.
Сакал-муруту өскөн, эски кийимчен, жүдөө Виктор Швейцариянын кышкы курортунда кантип лыжа тепкени тууралуу досторуна шыпыртып атты. Ага эч кимдин ишенбеси айдан ачык дечи. Витя кызыраңдап, качандыр бир кезде анын Москвада бизнеси болгонун, Европага барып-келүү бир түкүргөндөй эле кеп болгонун далилдеп жатты.

Байкалбай кеч да кирди.

Бомжулар эптеп эң арзан бир бөтөлкөгө жеткидей акча чогултуп киришти. Көпкө чейин тыйындарын да санашты. Анан ким аракка барат деп чучукулак кармай кетишти. Ал Витькага тийип калды. Ал тилденип, ордунан туруп (денеси бүт ооруп жаткан), эшилме кум менен жээктеги узун чөптөрдү аралап жакынкы комокко бет алды. Ысык-Көлдүн бул жери Витькага жакшы тааныш эмес болчу, айрыкча дүкөндөрүнө келип көргөн эмес. Кубалап жиберишпесе эле болду. «Эмнеге?.. Менин акчам бар да! Силер мени эмнеге кубаламак элеңер?! Сатып аламын да, кетем. Досторум күтүп жатышат…»

Караңгы катуу киргенде айылдын четки үйлөрүнө алып барчу жолго чыкты. Жылтылдаган Ысык-Көл артында калды. Артка кылчайсаң айдын жарыгына чагылып, алтындай жылтыраган толкундар менен наркы жээктеги оттордун сууга чагылышкан алсыз жарыгы көрүнөт. Ал жакта пансионаттар куйрук улаш жайгашкан. Витя артын караган жок. Бул жашоодо ал эмнелерди гана көрбөдү.

Айылдын четинде ырас кичинекей дүкөнчө бар экен. Ал калайдан салынып, ичине кирип олтурбай эле соодалашсаң болот, терезеси сыртка ачылып турат. Сатуучу аял жалгыз экен, анын карааны текчелердеги анча бай эмес азык-түлүктөр, ичимдиктер тизилген тарабы жарык болгондон улам даана көрүнүп жатты. Аял бир нерсе деди эле, терезени сагалап турушкан топ балдар шамал ургандай жок болушту, аларга чылым саттыбы, жокпу бул жактан көрүнбөдү.
Витя чайпала басып, достору чогултуп берген сомдорду мыжыга кармап дүкөнчөгө келди. Эки жагын шектене каранды, ал, тумандаган көздөрү менен бөтөлкөлөрдү карай баштаганда сатуучу аял ага далысын салып, бир нерселерди эсептеп, колундагы калың дептерге жазып жаткан болучу.
– Сизди угуп жатамын, – деп ал жаңы келген кардарга бурула берди.

Витя бир саамга аны тумандуу көздөрү менен далдырай тиктеди. Экөө үнсүз тиктешип калышты. Аял да аны сабырдуу, эч кандай жектебестен, бой көтөрбөй, эң башкысы – ачууланбай күтө карап турду.

Аял аны тиктеди.

Ал аны көрүп жатты.

Анын көздөрүндө күндүн бир үзүм жарыгы ойноп турду.

Витька акырындап соолуга баштады. Эсин жыя берип, үн чыгара албай терезенин тушунда катып калды. Анын бир заматта нымшып чыккан алаканында бырышкан акчалар али уучунда турган эле.

– Сизди угуп жатамын, – деп, акырын кайталады кыз. Күтүүсүз жерден Витька артына шарт бурулуп, келген жагына далдактап чуркап жөнөдү.

Ал артына кайрылып кароодон коркуп, Ысык-Көл тарапка жиниге чуркап баратты. Капкараңгы. Дарактардын бутактары анын жуулбаган, кир бетине чапкылай тийип жатты.

Ага каскак болгон акчалардын бутактардан коргоно жүзүн тоскон кезиндеби же жамгырлуу добул алдында бетин жапкандабы, качан түшүп калганы белгисиз.

Акыры ал кумга жетип кулап түштү. Аңгыраган бош, жымжырт көл жээгинде ал жападан жалгыз болчу. Алдында капкара, оп тартып кетчүдөй сезилген чексиз суу чалкып жаткан сымал.

Витя илээлей бой көтөрүп олтура кетти, муздак алакандары менен бетин жапты. Ал ошентип олтура берди… Көпкө олтурду. Эч нерсени ойлой албай, болгону манжалары менен жүрөгүнүн диртилдей титирегенин басууга гана аракеттенди.

Акыры ал башын жай көтөрдү. Бет маңдайында Ысык-Көл. Айдын жарык жолу баштагысындай сууда аста жылтылдап туруптур, көлдүн наркы жээгиндеги пансионаттардын оттору көлгө чагылышып, табышмактуу жана ажайып көрүнөт. Тээ, алыста кайсыл бир чакан кеменин жалгыз жарыгы теребелде алсыз жылтылдайт.

Витя ал отторду алгач гана көрүп жаткандай үнсүз тиктеп олтурду.

Которгон Айдарбек САРМАНБЕТОВ
“Ала-Тоо”, декабрь, 2015

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *