Алтай жомогу

Ак кайыңдар күмүш бариктерин күүп, карагайлар алтын ийнелерин заардуу шамалга алдырып, асмандан муздак жамгырлар тез-тез жаап, бул аймактарга жай өтүп, күз келди.
Канаттууларды бул жерлерге билинбей басып кирген күз жүдөтүп, жылуу жактар эңсетип туруп алды. Жети күн токой четинде алар жыйын өткөрүп, жети күн тең бирин бири жоктоп атты:
— Баарыңар ушундасыңарбы? Эч ким калбай келдиби? Ким бар да, ким жок, тактагыла?
Баары бар да бир гана кереңкурдун карааны көрүнбөйт, доошу угулбайт.
Каарданган бүркүт иймекей курч тумшугу менен дарактын куу сөңгөгүн тарсылдата кайра-кайра чокуп, күкүккө кереңкурду таап келүүгө өктөм буйрук кылды.
Канаттарын каккылаган аргасы жок күкүк токойдун чытырман жагына учуп жөнөдү.
Бир жерге келсе кереңкур беймарал отурат: кедрдин башында, тобурчактын жаңгагын шашпай чагып, аны эрмектеп жайма жай.
— Урматтуу кереңкур, – дейт жини келген күкүк, – канаттуулардын баары ысык жакка учканы камынып, сени жети күндөн бери кезерип күтүп атабыз.
— Ай, ай, тополоң түшүрбөгүлөчү! – Кереңкур тигини тоотпойт, тим эле кычырайт. – Жылуу жактарга учуп жөнөөгө али шашылыш жок. Бул токойдо азырынча жер-жемиш, жаңгак деген толтура… Эмне булардын баарын тыйын чычкандар менен чычкандарга калтырабызбы?
Күкүк кайтып келди:
— Кереңкурдун кеткиси жок. Жаңгак чагып беймарал отурат, түштүк жакка учуп кетүүгө али эрте дейт.
Аны угуп, ачуусу келген бүркүт эми кереңкурду алып келүүгө шамдагай жылкычы чымчыкты жөнөттү.
Ал кереңкур отурган кедрди заматта он айлана учуп, жүз мертебе кайталап ага безилдеп атты:
— Жүр эле, жүр, кереңкур! Бол эле, бол, кереңкур!
— Сен мынча чебелектейсиң! Шаштырбачы! Алыс жолго чыгар алдыда күч топтоп, кубат жыйнап алыш керек да!
Жылкычы чымчык не кылсын, канат-куйругун кайра-кайра шилтеп, кедрди дагы-дагы айланып учуп, болбогон соң, сүйрөмөк беле, кете берди.
— Оо, улуу бүркүт, мен сиздин буйрук менен барсам, кереңкур алыс жолго чыгар алдынан күч топтоп, кубат жыйнап алышым керек дейт.
Бүркүт каарданып, кекенип, канаттуулардын баарына ысык тарапка уча берүүгө буйрук кылды.
Кереңкур болсо дагы жети күн тобурчактын ичин оюп, жаңгагын терип жеп, сегизинчи күнү гана оор үшкүрүнүп, тумшугу менен куйрук-башын таранып минтет:
— Ой, менин мунун баарын жеп түгөткөнгө дарманым келгидей эмес. Мындай жакшы нерселерди таштап кетүү кандай гана кыйын, бирок не кыласың арга жок…
Ошентти да, канаттарын араң каккылап, токойдун четине учуп келди.
«Бул эмнеси?»
Канаттуулардын бирөө да көрүнбөйт, айлана-тегерек кулак-мурун кескендей жымжырт. Бул жерлерди жети күн турган канаттуулар тытып жеп, жердин баарын булгап, тамтыгын кетириптир.
Кереңкурду эми ой басты. Ээндикти, жалгыздыкты сезди. Көзүнө жаш келди да ыйлап айтты:
— Канаттуулардын баары мени таштап жылуу жактарга учуп кетип-тир-тир… Эми мен кантип кыштан чыгып, кантип жалгыз жазга жет-е-е-м?
Көз жаштан кереңкурдун кара каштары кызарып чыкты…
Ошондон бери карай, куду ушул күнгө чейин кереңкурдун балдары, небере-чөбөрөлөрү, бүт урпактары ушул окуяны эстеп, ызаалуу ый чыгарышат.
Дал ошондон бери бардык кереңкурлардын каштары четиндин ашындай кыпкызыл.
Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Кереңкур – куштун бир түрү (оручасы глухарь)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *