Кабардин жомогу

Илгери дейт: жер үстүндө шайыр-шатман Кожо деген жашаптыр. Анын кылык-жоруктары эл оозунан түшпөптүр.

Бир мерте анын эшеги жоголот. Кожо аны издеп жөнөптүр. Көпкө издейт. Таппайт. Жер жуткансып жоголот. Күн батайын деп калат. Күүгүм да кирет. А эшек жок.

– Э кудай, сага сөз берем… – дейт Кожо, – эшегимди таап бере көр. Агер таап берсең, эшегимди эртең эле базарга апарып бир сомго сатат элем.

Ушуну айтаары менен эшеги бадалдын арасынан чыга калат. «Йе, кашайгыр, каяктан сөз бере койдум кудайга? – деген ой кетет Кожого. – Эми кантмек элем, кудай деген кудай, аны алдоого болбойт. Ага сөз бергенден кийин эшекти базарга апарышым керек».

Эртеси эшекке мышыгын кошоктоп, базарга алып жөнөйт. Эл анын эшегине да, мышыгына аңырайып карайт.

– Сатасыңбы?

– Сатам.

– Эшегиңди канчага?

– Бир сомго.

– Ой, бир эле сомго сатсаң, мен алам! – дейт аларман бирөө шыпылдап.

– Бирок эшек менен мышыкты чогу сатам. Мышыгым болсо илимпоз, окуп-чокуганды билет,– дейт Кожо.

– Охо! А чилистен мышыгыңдын баасы канча?

– Токсон тогуз сом.

– Кокуй, эмне дейт, гөтөк?! Кой анда кереги жок! – аларман чочуйт.

Кожо керелдин кечке алармандардын баарына ушул гана бааны айткандан жадабайт.

Күн уясына жашынат. Кожо кудуңдайт өзүнчө:

– О кудуретиңден кагылайын Кудай, мен сени алдаганым жок, ага күн да күбө. Керээлдин кечке эшекти бир сомго сатам десем да эчким албады. Менден айып кетпеди. Эшек эми өзүм менен калды.

Ошентип ал эшеги менен мышыгын жетелеген бойдон үйүнө кайтып келиптир.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *