АҢГЕМЕ

Алтындан бешик таянып,
Ыргап бир өтөм дейт элем.
Ардагым менен жанашып,
Жыргап бир өтөм дейт элем.

Алтындан соккон сөйкөнү,
Азага келип өзүң так.
Күмүштөн соккон сөйкөнү,
Күйүткө келип өзүң так.
(Элдик кошоктон)
Үч күндөн бери тынбай жааган кар кычыраган кышта кыштактагы элди меңдетип жиберди. Улуу-кичүүнүн баары эртеден кечке кар күрөгөндөн тажап бүтүштү. Айла канча, утуру күрөп турбаса, лапылдаган кар тизеден ашкандан кийин андан бешбетер меңдетет.

Мындан эки жыл илгери келин болуп келген Дүрдана болбосо, короосу кенен, бак-шагы көп бул үйдө жашаган кемпир-чалдын көргөн күндөрү кандай болорун кудай билет. Алдан-күчтөн тайган карыялардын ишенген-таянгандары да, күйөрмандары да азыр ушул Дүрдана. Ары боорукер, ары ыймандуу, ийненин көзүнөн өткөн эпчил келинди бешенелерине жазган Аллага миң мертебе шүгүр. Ушундай тың келинди тарбиялап өстүргөн ата-энесине да рахмат. Жакшы үй-бүлөнүн таалимин алган келиндеринин көзүн карап, улам-улам ага жалынып жалбарышат.

Дүрдана чал-кемпирдин батасын алайын деген тилекте аларды жаш баладай асырап, аябай ызааттайт. Даараттары үчүн ысык суусу дайым даяр. Таң заарда туруп агылдагы уй-койлорго жем-чөп салган да, малдын кыгын тазалаган да, жады менен чөп кырккан да, отун жарып, кар күрөгөн да, кир-кок жууп, даамдуу тамак жасаган да, айтор, түйшүктүн баары ушул кең пейил келиндин мойнунда. Өмүрүн берсин ылайым, баарына үлгүрөт. Арыдым-чарчадым дегенди билбейт. Ушу күнгө чейин каш-кабагын салаңдатканын же айрым келиндердей кемиреңдегенин көрүшкөн эмес. Качан карасаң жамалы Айдай нурданып, көздөрүнөн учкун чачырап, адамга жайдары тиктеп турат.

Көптү көргөн олуя кемпир кара ниет адамдын көзү жаман экенин келинине анда-санда айтып жүргөнү бекеринен эмес. Ошого кыжалат болгону үчүнбү, айтор Дүрдананын мойнуна көз мончок тагып, көкүрөгүнө үч бурчтуу тумар төөнөгөндөн кийин санаасы азайган. Кудайга шүгүр сексенден ашыгыраак түп алма, эки саан уй, бир бука, отуз чакты кой-эчкилери, кырк сотыхтай айдоо жерлери бар. Бастырманын астында жапжаңы «Жигулиси» да турат, бирок аны айдай турган адам жок азыр…

Бири кем дүйнө деп бекер айтылбаптыр, жашоодо бары эле ойлогонуңдай боло бербейт экен. Чал-кемпир кенен-кесир жеп-ичкенден, кийим-кечеден, чай-чакадан кем болбогону менен, жүрөктөрүндө коргошундай уюп, басса-турса жандарын эгеген бир оор кайгылары бар. Эки жылдан бери үстүнөн кара көйнөгүн түшүрбөгөн азадар келинин көргөн сайын ошо кайгынын жарасы канап, улам жаңыланып турат. Келини тагдырга таң берип кара көйнөгүн үстүнөн түшүрсө, элге окшоп той-тамашаларга барса, курбу-курдаштары менен маал-маал менен ойноп күлсө, балким мынчалык азап тартпас беле, ким билсин.

От каланган жылуу мештин жанында опоюп олтурган чал-кемпир баятан бери ушул тууралуу сүйлөшүп, жашып да алышты байкуштар. Тынбай жааган карга терезеден көз чаптырып турушканда, келини бир кучак отун көтөрүп кирди бөлмөгө. Колдору менен эки бети сууктан кызарып, карышып калса да, мындай суукту тоготпогондой жеңдерин чыканагына чейин түрүп алыптыр.

— Ай балам, отун жарба, балтаны бутуңа уруп аласың дебедим беле, — сүйлөнө баштады кайнатасы тынчсызданып. Ага кошулуп кайненеси да сүйлөнүп кирди:

— Садагаң кетейин, карачы, колдоруң сууктан муздап калыптыр. Бат-баттан мешке ысынып, үстүңө жылуу кийинип алып иш кылбайсыңбы, — деди жаналы калбай.

Дүрдана унчукпады, мыйыгынан жылмайып, колдорун мештин табына бир аз кактаган соң, камырга киришти. Кайненеси тутунуп жүргөн супураны жая салып ун элей баштаганда, негедир Эрмекти эстеп калды. Тышта кар күрөп жатып эки жылдан бери бастырмада жетимсиреп турган «Жигулиге» көзү түшкөндө жүрөгү алдакандай оолугуп алган эле. Эрмекти эстегенине ошол себеп болду окшойт. Аны эстеген сайын колу, буту калчылдап, канаты кайрылган көпөлөктөй арманы ашып-ташып кетет.

Келиндин ыраңы бозоро түшкөнүн чал менен кемпир дароо сезишти. Эрмекти эстегенде эле ал бечара ушинтип маанайы пасайып, ичинен эзилерин жакшы билишет. Келини төрдө илинип турган Эрмектин сүрөтүнө бир карап койду да, сыр билдирбейин деген ойдо жасалма жылмайып ишин улантты.

* * *

Дүрдана турмушка чыгаар алдында күйөрман энеси: «Эрмектин тубаса жүрөк оорусу бар, аны менен жашооң кандай болор экен» деп кыжаалаттанган эле. Энеси кызынын тагдыры ушундай болбосо экен деп, бул сөздү бекер айткан эмес турбайбы. Дүрдана Эрмекти жанындай жакшы көрүп калгандыктан, мындай сөздөрдүн далайын кулактын сыртынан өткөргөн. Тубаса жүрөк оорусу бар экенин Эрмек өзү да жаап-жашырбай айткан эле ага. Бирок бул ал экөөнүн жалындаган сүйүү отун өчүрө албады. Жүрөктөрүнө айрандай уюган аруу сезим аларды баш коштуруп, бактылуу турмуштун жолуна аттандырган эле.

Эрмек үй-бүлөдөгү жалгыз бала болчу. Ата-энеси ага тоодой жөлөнүп, оорукчан баласынын бактылуу болушу үчүн колдон келгендин барын жасашты. Бирок он жашарында борбордогу чоң доктурлар жүрөгүнө операция жасайлы дешкенде, макул болушкан эмес. Жалгыз баладан айрылып калбайлы деп коркушса керек. Ошентип көздүн карегиндей асыраган баласы эр жетти. «Элге чоң той берип үйлөйбүз» деген максаттары орундалып, келиндүү да болушту. Арадан бир жыл өткөндөн кийин небере көрүп, үйлөрү базарга айланды. Эки жылдын аралыгында мээнет менен өстүргөн алмаларынын, картошкаларынын түшүмү артып, кирешелери мурда болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Кудай берген ырыскы оңго-солго чачылып кетпес үчүн чал-кемпир өз ара кеңешип, Эрмекке жапжаңы «Жигули» сатып алып беришти.

Жалгыз баланын өмүрүн, денсоолугун тилеген кемпир-чал «эч нерседен арманыбыз жок, эми өлсөк да ыраазыбыз» деп, төбөлөрү көккө жетип жүргөн күндөрдүн биринде, үч уктаса түшкө кирбеген азага кабылышты. Мектепте мугалимдигин кылып, сак-саламат, ойноп-күлүп жүргөн баласынын жүрөк оорусу кокусунан күчөп, күтүлбөгөн жерден көз жумду. Доктурга алпарып дарылатканга да үлгүрбөй калышты. Үй-бүлөнүн таянган тоосу көз ачып жумгуча кулап, баштарына караан күн түштү. Чал-кемпир да, бактыга батып жашап жаткан Дүрдана да зар какшап кала беришти.

Эрмекти эстеп ыйлаган учурларында жандарында адам чыдап туралбайт. Көздөрүнөн кан агып ыйлаган бечаралар тагдырдын таш боор буйругуна баш ийбөөгө айлалары барбы, бара-бара барына көнүп, бешенеге жазылганга моюн сунушту. Ыйлап-ыйлап, сыздап-сыздап отуруп калышты.

Канаттарынан айрылган чал-кемпирди эми дагы бир кайгылуу күн күтүп турду. Баласынын өмүр суусу ушунча экен, жигит бойдон боздотуп кетти. Ал эми жесир калган келиндери эми эмне кылат? Сүйгөнүнөн ажырагандан кийин өмүр бою бул үйдө аза күтүп жүрө береби? Жок, бир күнү болбосо да бир күнү неберелерин алат да, төркүнүнө барат. Жаш неме мындан кийинки жолун табышы керек, албетте. Бирок чал-кемпир ошо коштошоор күндү эч элестеткилери келбейт. Анткени, келини балдарынан калган туякгын алып, короодон озондоп чыгып баратса, алар үчүн өлгөндүн үстүнө көмгөндөй дагы бир оор кайгы болбойбу. Ошондо бул кайгыны күйүткө күйгөн бечаралар көтөрө алат болду бекен?

Мына ушул ой улам күн өткөн сайын жүрөктөрүн мыкчып, санаага батырчу болду. Анын үстүнө келиндеринин бул тууралуу ою кандай экенин, мындан ары кайда, кантип жашаарын билишпейт. Аны сурагандан да, атүгүл ооз ачкандан да коркушат. Жытына тойбой ажырап калган жолдошун ойлоп ыйлап-сыктаганын көргөзбөй, күйүтүн ичине катып жүргөн жаш немени капа кылып албайлы деп, эмне иш болсо ошону менен кеңешишет, айткан-дегенин жерде калтырышпайт.

Кудалар тараптан да бул тууралуу али бир да сөз козголо элек. Кыздары менен тымызын сүйлөшүүлөр болсо болуп жаткандыр, бирок келиндин жүргөн-турганынан, жасаган мамилесинен эч нерсе билинбейт. Мурда кандай жашап, үй оокатына кандай киришип жүргөн болсо, ошо бойдон. Күйөөм каза болду, мен эми бул үйдө аманат адаммын деген түрүн эч байкай албайсың. Ким билсин, убак-сааты келгенде «ак батаңыздарды бериңиздер, ыраазы болуңуздар, мен эми төркүнүмө кетейин» десе керек өзү. Ага чейин чал-кемпир «бар, эми балам, биз ыраазыбыз» деп кантип андан озунушат? Иши кылып, баштары катып калган.

Ээн калышса эле ушул маселени талкуулай берип, кечээ келинди күтпөй адегенде өзүбүз айтып көрөлү деген бүтүмгө келишти. Туура да, шарыят боюнча аял деген күйөөсү каза болсо, ашып барса бир жыл үйүндө аза күтөт. Бир жылдан кийин турмушка чыгабы же чыкпайбы, ал өзүнүн ыктыяры. А Дүрдана болсо эки жылдан бери кара кийип, унчукпай жүрөт. Ата-энеси да, тууган-уруктары да бул тууралуу айтышпайт. Тобо, эмне үчүн унчугушпайт? А балким «кызыбызга ыраазычылык билдирип, жолун ачпай жүрүшөт» деп бейкүнөө чал-кемпирди ичтен күнөөлөп жүрүшкөн чыгаар. Ошондой да болушу ыктымал. Дал мына ушул ой алардын жанагындай бүтүм чыгарууларына көбүрөөк түрткү болду. Бирок бир бүтүмгө келишкени менен жүрөк заада немелер аны келиндерине качан, кантип бел байлап айтабыз дешип, кечээтен бери санаалары санга, ойлору онго бөлүнгөн.

Кечээтен бери ыңгайлуу учурду күтүшөт. Эртең менен чайга чогуу олтурганда айталы дешсе, Дүрдана барын камдап коюп, «мен кийин ичем» деген бойдон кар күрөгөнү чыгып кетти. «Түнү менен жааган кар тизеге жетиптир, тезирээк тазалап болуп, камыр жууруйм» деп турса, «жок балам, аныңды коюп мындай отур» деп, кантип бул сөздү айтышат?

* * *

— Айланайын балам, — деди кайнатасы камыр жууруй баштаган келини Дүрданага армандуу көздөрүн кадап. — Биз сага о дүйнөдө да, бу дүйнөдө да ыраазыбыз. Сенин бактыңды байлагыбыз келбейт…

Эч нерседен бейкапар отурган Дүрдана кайнатасынын муңдуу үн менен сакалын эрбеңдетип айткан сөздөрүн укканда, азай-бедени чымырап, колдору шалдая, нес болуп калды. Саалдан кийин эс-учун жыйып, кептин төркүнүн түшүндү окшойт, көз жашы мончоктоп ага баштады.

Чалынын сөзүн кубаттаган таризде жанындагы кемпир да сөзгө аралашты:

— Садагаң кетейин, булар мени үйдөн кууп жатышат деп эч ойлобогун, — көгүш жоолугунун учун кармалаган кемпир демин ичине тартып туруп, буларды кошумчалады: — Карыган чакта башыбызга кандай гана мүшкүл иш түшпөсүн тагдырга таң бербегенге, бешенеге жазылган буйрукка баш ийбегенге эч айлабыз жок экен. Жашаганын жашап, көргөнүн көрүп бүткөн бизге кошулуп сен да бактысыз болушуңду каалабайбыз. Балабыз Эрмек каза болгондон бери арадан эки жыл өтсө да, аза-кайгыны тең бөлүшүп, өз перзентибиздей жөлөк-таяк болуп келатканыңа өлөр-өлгөнчө ыраазы экенибизди сага айтып коюуга карыздарбыз. Эмнеси болсо да сен али жашсың, үстүңдөгү кара көйнөгүңдү…

Кемпир дилиндегисин айткан сайын ичи күйүгүп, өпкөсү казан болду. Дагы көп сөздөрдү айтып, күйүп бүткөн көөдөнүн бошотмокчу эле, бирок ага такат кылалбады. Жигит өлгөн баласын эстеп озондой баштаганда, Дүрдана камырын да таштап, кайненесинин жанына келди да, бет маңдайында чөк тизелей, алмадай башын көкүрөгүнө басты. Пахтадай агарган чачынан жыттап:

— Ыйлабаңыз эне, — деди өзүн дароо колго алып, — сиздер кантип какшап жүрсөңүздөр, мен да ошондой какшап, ошондой күйүп жүрөм. Эми бакыт издебейм, мага буюрулган бактыны балаңыздар өзү менен кошо алып кетти. Мени Эрмектен башка эч ким бактылуу кылалбайт, мен да андан бөтөн эркекти бактылуу кылалбайм. Ошону үчүн мындан ары мага бул сөздөрдү айтпаңыздар. Менин бактым сиздер менен Эрмектен калган туяк. Ким эмне десе дей берсин, бирок сиздерди таштап кетпеймин. Кубаласаңыздар да кетпеймин. Бул үйдөн мен эмес, менин өлүгүм чыгат…

* * *

Күйүткө күйүп бүткөн чал-кемпирди эки жылдан бери кыйнап жүргөн бир оор маселеге бүгүн акыркы чекит коюлуп, жандары жай алып калышты бечаралар. Эми алар жалгыз эмес…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *