«Чөптөрдүн же таштардын түрүн ажыратканга караганда адам аласын ажырата билүү эң маанилүү».
Бальтасар ГРАСИАН

1-макала

«Айткандын оозу жаман» дейт кыргыз. Калетсиз сөз. Арийне чындыктын тили менен сүйлөгөндөр дегеле кыргыз коомчулугунда эле эмес, адамзат тарыхында дайыма жек көрүнүп келишкен. Өлкөбүз өз алдынча эгемендикке ээ болгон чейрек кылымда үч жолу бийлик алмашты, үч бийликтин тушунда тең бийликке жек көрүнүп келаткан бир саясатчы бар. Ал Өмүрбек Текебаев деген «машаяк». Ал азыркы бийлик үчүн да эң башкы «монстрга» айланып чыга келди. Бул ысым А.Акаевдин, К.Бакиевдин, А.Атамбаевдин тушунда да коррупционерлердин кекиртегинде сөөк болду: ары тоголотсоң жутулбаган, бери тоголотсоң кусулбаган.

Азыркы бийлик башында отургандар менен бийликке жутунгандардын далайынын түшүнөн кетпеген киши да ушул. Себеби бу киши качан болсо сөөмөй кесеп, мамлекетти сызга отургузган коррупционерлерди, кылмыштуу чөйрө менен табакташтарды «Атамекен» партиясы бийлик башына келген күнү түрмөгө отургузаарын канкакшап келет. Анан кантип көптөрдүн үрөйүн учурбайт, кантип жаздыкка баштарын тынч койдуруп уктатат? Бизде мамлекеттик казынанын эшигин каалаганча тээп киргендер менен маммүлккө ээлик кылгандын баары бийликтин мерчемдүү бутактарында мыгып отургандар эмеспи… Алар Акаев заманынан бери карга-кузгундай тегеренип, эл ырыскысын мүлжүп аткандар. Так ошол шылуундарды Алмазбек Атамбаев 2010-жылы кайрадан бийликке апкелди! Табакташтар чогулду. Мамлекет тутумундагы коррупциялык схемалардын башына баягылар эле кайра топтолгон. Элди канкакшатып келгендер.

Карап баксаңыз: 2010-жылдан бери А.Атамбаевдин саясый илээшкерлери кимдер болду? Бийликке жетүү үчүн кимдер менен гана альянс курбады?!
Италия философу Галилео Галилей айткан мамындай бир айныгыс экмет бар: «Чындыктын күчү эмнеде? Сен аны төгүндөөгө тырышкан сайын – айыптоолоруңдун баары суу кечпей, чындыктын баркы кайра ошончо бийиктейт». Текебаевдин чындыгы кудум ошондой. Бүгүн да бийикте салаңдап туру. Акаев заманынан бери Текебаевдин чындыгы үстүдө калкып турса да, элге ким жек көрүндү? Текебаев. «Айткандын оозу жаман» деген ошо. Бирок анын чындыгын чымга бастыра албагандар толо. Себеби көбүнүн артындагы калбыры көрүнүп калчу учур жакындады. Ошо шиши толгондун баары «Атамекен» партиясынын таасирин азайтып, бийликтен обочолотуудан башка айла таппай аткан кезең. Ага кошул-ташыл: биздин коомдун сүйүүсү чындыкты айткан адамга карата эмес, жалганды көбүртүп-жабырткандарга карата көбүрөөк ысык.

Айтор, мен билген Текебаевдин чачы көрчеңгел бийликтин туу чокусундагылардын чекесине чыккан чыйкан болуп жүрүп агарды. Саясатка күлгүндөй жашында келди эле, ошондон бери эл көзүнөн, эл сөзүнөн түшпөдү. Жаны да темирден белем, бекем экен. Сынбады, чөкпөдү, кайраты улам курчуду. Анын коррупционерлерге шакылдаган тишин азыркы бийликтегилер да «сындыралбай» убара…

Канчалаган саясый лидерлер Кыргызстандын табынсыз эгемендиги жарыяланган мезгилден бери коррупциянын айыгышкан душманы боло алды? Баары бийликке, мансапка сатылды. Көздөрүн май басты. Ыраматылык Алым Токтомушевдин “Биздин аткаминерлердин салты: кызматтан түшүп ичи күйгөндөн, кызматка жетпей көзү күйгөндөн, байлыгын тарттырып көтү күйгөндөн кийин оппозицияга чыгат” дегенинде карандай чындык жатат. Аныгында бизде оппозиция терисин жамынгандын баары бийликтин буламыгына семирип келгендер. Эч кимиси Текебаевчелик мыйзам базасын түзүп, системалык күрөштү улантканын көрбөдүк. Учурдагы Конституциянын атасы делинген Текебаевдин тилегин таш каптырган бир гана Акаев, Бакиев болгон жок, 2010-жылкы кандуу окуядан кийин бийлик тизгинин колуна алган Атамбаев чайгоолоп өнүккөн коррупцияны тизгиндемек тургай, өлкөгө коррупциялык схеманы орноткон Ө.Бабанов менен А.Келдибеков баш болгон алкымы араандай ачык саясатчыларды 2010-жылы өзүнө өнөк кылып алганынан улам — революциянын саткыны дебегенде эмне дейбиз?

Улуттук идеологиянын кайра жаралуу мезгилин туура жолго коёр тарыхый мерчемди колдон чыгарып жибергенибизге биринчи кезекте КР Президенти катары А.Атамбаев өзү себепкер болду: 2010-жылдан кийин көпчүлүк коалицияны түзүүдө К.Бакиев орноткон режим менен тирешип келген тилектештери менен эмес, так ошол режимди колдоп, буттап келген саясый күчтөр менен альянс түздү. Ага кайрылып отурбайлы… Жалпысынан айтканда: КСДПнын революциялык чоң өнөктөшү “Атамекен” партиясы демилгелеген парламенттик башкаруу системасына көлөкө түшүрөр саясатчыларды бийликтин жогорку эшелонуна АША колдоп-буттап апкелди. Саясый ыйкы-тыйкылар, тирештер ошондон күчөдү.

Башынан эле оппозиция терисин жамынып келген А.Атамбаев эч кандай саясый ишмердик же күрөшчүл кайраты менен президенттик такка жеткен жок. Аны кандуу окуя жана өзүнүн калың капчыгы бийлик сересине отургузуп койду!

Убагында Салижан Жигитов айткан “Кыргызстанда Өмүрбек Текебаев президенттикке түбөлүк талапкер” деген учкул кептин артында чырылдаган чындык жатканын кыргыз алигиче аңдай элек. Себеби Текебаевге окшогон саясый фигура жеп-ичип, талап-тоногонго үйрөнгөн коомдун көзүнө коркунуч жараткан чоң күч. Себеби анын командасы бийликке келген күнү саясый элитанын күргүштөгөн тобу түрмөгө камалышы ыктымал. Ошонүчүн анын душманы көп. Анын душмандары – коррупционерлердин таламын талашып түрдүүчө нааразычылык акциясын уюштургандар, жол бөгөп док урунган масса. Шайлоодо добушун сатып көнгөн караламан калк! Анан да биздин шартта кайсы коррупционердин болбосун урук-тууганы көп, тамыр жайган катыш-бериш мамиледеги колдоочулары толтура. Мына ошолор бизде “саясый элитанын” арка бели. Ал арка белди Кыргызстанда майыштыраар күч азырынча жалгыз “Атамекен”!

Албетте, “Атамекен” партиясын идеалдаштыргандан алысмын, аталган партиянын жана анын лидеринин толтура катасын санап отурса чыга берер. Бирок салыштырмалуу түрдө калыс баа бере келгенде, “Атамекенден” башка кылмыштуу чөйрө, коррупция деген ажыдаар менен тирешээр айбаттуу кайсы партия, кайсы топ бар бизде?! Жайнаган партиялардын дээрлик көпчүлүгүнүн саясый платформасына азырынча ишенип болбойт. Себеби баарынын улуттук-мамлекеттик бирдиктүү идеологиялык фундаменти түптөлө элек. А турсун партия курамында так ошол кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрү, коррупциянын көчөтүн отургузган шылуундар толо. Шылуундун көбү саясый партиялардын лидери. Алар тек гана саясый группировкалар. Шылуундардын саясый клубу.

Олжобай ШАКИР

2 Replies to “Текебаев кыргыз саясатынын монстры”

  1. Эн туура! «Айткандын оозу жаман, ыйлагандын козу жаман», деп жашоодон, тарыхтан сабак албай озум билемдик менен эл башкарып жаткандыгы. Эн жаман каргыш бар «Озун билбе…билгендин тилин алба» деген.

    1. Олжоке, мыкты макала! cага удаалаш ушундай курч жазылган макалалар болсо согуш талаасында жалгыз каңгыган аскердей кылбай

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *