МЕНДЕГИ «МЕН»
(Ыр түрмөк)

I

Жөлөп-таяр, жанын берер жан жолдош
Адамың жок акак-талаада калдыңбы?
Кыйын күндө сатып кетет жаман дос,
Тең бөлүшпөйт азабыңды, кайгыңды.

Ат көтөргүс арманың көп ичиңде,
Сыр алдырбай, айгай салбай токтоосуң.
Бир чөгүн суу бербейт бирөө ичерге
Ойлойт: «Мейли алдан тайып жок болсун!»

Чөкпө, жашып ойго өзүңдү алдырба!
Өлүү дүйнө өлбөстүккө алпарбайт.
Рухуңду көмүп салат тар жерге,
Аркан менен жылбас кылып аркандайт.

Көпкөк бийик асманың бар, унутпа!
Ошол жакта сенин башат, угутуң.
Көрпенделер камап койсо туюкка,
Уч, учуп кет, жерди ыплас унуткун!

 

II

Жүүнүң бош дегендерге ишенбе
Билем, сенин жанарың бар кайнаган.
Сыртың окшош байкуш менен бечелге, –
Баалай албайт нарк билбеген майда адам.

Өмүр бою өлгүчөктү кармашаар
Өзүңдөгү өзүңө түк жеңилбе!
Сага далай ыплас сөз жармашаар, –
Жок кылышаар аракетиң тегинге…

Теңине албай жүргөндөр көп, дүйнөнүн
Кызыгы ошо, түпкүлүгү не болот?
Сен ал үчүн жан ачытып күйбөгүн,
Дүйнөң турмак, хандыгың да жоголот.

Жармашпагын сага жукпас нерсеге,
Сөз дүйнөсү болсун көргөн, бакканың!
Учкан жаның жерге кайтып келсе эгер,
Азык болор – сөз үрөнүн таштагын!

 

III

«Асан кайгы болуп калдың жөн эле,
Бүт баарынын чек өлчөмү, жолу бар», –
Десем анда: «Уяты жок шерменде
Заман келип, карга, кузгун, жорулар

Каптап барат «кой-айыңа» карабай…
Ушул беле арзуу кылган ак тилек?
Ыйман жерден учуп кетти шамалдай,
Оо, капырай! Биз эл белек парпирек?!» –

Дейт жандүйнөм кекээрденип, кезенип,
Кер-мур айтып кызылчеке болобуз.
Шалдап сөгүп, туталанып безерип
Ыкташууга тийбейт такыр чолобуз.

Ортобузда ырк бузулуп, жарака
Кетти терең, а замандын иши жок.
Билбей калдым баратабыз каякка?
Мойнубуздан шор куюлат шорголоп…

 

IV

Айланаңда шарап ичип дуулаган
Дос көп эле, кайда алардын карааны?
Капысынан Күн чыккандай кыбылаңан
Босогоңдон үзүлчү эмес аягы.

Эмне болду, кай кырсыкка кабылдың,
Аксадыңбы мүдүрүлүп бир жерден?
Ачыткысы жок калдыбы камырың, –
Кана, достор, олжоң бөлүп бир жеген?

Акыреттик болом деген болбос кеп,
Кыйбас досуң кыйгач өтөт жолуңан.
Ырас, тагдыр насип буйруйт ар бөлөк,
Бешенеңе өмүр жолуң жоорулган.

Оозуңа суу тамызаарга мен келем,
Мага айтасың акыркы дил сырыңды.
Досуң күтпө дүйнөсүнө чиренген,
Ак кепиндеп мен көтөрөм чыгымды.

 

V

Ар бир башта жалгыздык бар. Бул сенин
Казса түбү оюлбаган казынаң.
Жазса жазып бүтпөй турган эрмегиң,
Жутуп кумар тарабаган таза абаң…

Ээн жерде эс алчу ак сарайың,
Ат майданың күнү-түнү машыгаар:
Сүкүт салып сыйынчу жер, кудайың,
Сыр сандыгың бар дүйнөңдү жашыраар.

Миң жуурулуп ийге келчү жериң шу,
Кызыл данды бөлчү кызыл кырманың.
Он сегиз миң ай-ааламдын учугу
Бириккен жер – назик туюп кармагын!

Бал китеп бул, абайлап ач барагын,
Нурдан бүткөн көпүрө бар билгенге.
Аян берген касиетин баалагын,
Терезесин ача бербе ар кимге…

 

VI

Насилиң не? Башкаларга табышмак.
Ой-кырың көп изилденип бүтпөгөн.
Байкабастан кирген адам адашат,
Жерде туруп тамырлашсың көк менен…

Миң жыл жашап кексе болгон чалдайсың,
Баладайсың эми гана төрөлгөн.
Ажыдаардай жутамын деп арбайсың,
Балапансың ичер суусу түгөнгөн.

Өтмө катар жуурулушуп байыркы
Чегиң барып чексиздикке малынат.
Авазыңдын жанды эриткен сыйкыры
Бөтөн дүйнө күүсү сымал жаңырат.

Кээде дөөсүң, кумурскасың кээ бирде –
Ташты көзөп өтүп кеткен октойсуң.
Эч ким билбейт не турганын дилиңде,
Бир кезде эле бардайсың да, жоктойсуң.

 

VII

Табалайсың мынча неге сен мени?
Бассам-турсам шакабага аласың.
Ойной турган бута кылып мээледиң,
Билбейм деги кандай пайда табасың?

Чучугума жетет шылдың кылганың,
Өзөгүмдү өрттөп иет тамашаң.
Неге өзүмдү өзүм мынча кыйнадым,
Аз калдыбы өмүрдөгү намашам?

Кытмыр күлүп, жылмайганың өлтүрөт,
Куудулданып кууруп ийдиң тим эле.
Айперидей тулку боюң мөлтүрөп,
Турган менен шайтан сүйлөйт тилиңде.

Шайтансыңбы? Деги кимсиң билбедим,
Бирок мени кыйнаганың кыйнаган.
Өмүрүмдө акыркы бий бийлеймин, –
Коштошомун дүйнө менен кыйбаган.

 

VIII

Сен артисттей бир мезгилде бир нече
Каарманды ойноп коюп сыр бербей
Жүргөнүңө таң каламын… Бул эмне?
Кудуреттүү бүткөнсүңбү Теңирдей?

Сан миң ойдун башын мыкчып турасың,
Кубуласың сан-санаксыз дүйнөгө.
Туюму жок сезимдерди туясың, –
Кандай азык, ой катылган түбүңдө?

Оюнуңбу, калпыңбы же чыныңбы
Ажыратып билүү кыйын шо замат.
Азоо атка ыргыткандай чылбырды
Эркиң эпсиз мейкиндикке чубалат…

Сенден өткөн керемет сыр көрбөдүм,
Уктап жатсам, жаның тынчып жай албай
Көрсөтөсүң чегин чексиз дүйнөнүн,
Өзүмө араң келем издеп табалбай…

 

IX

Менин ар бир кадамымды эсептеп,
Шектүү карап, көзөмөлүң көбөйттүң.
Буйтап өтчү буйткаларга койдуң чек,
Толтосуна кирип алдың жүрөктүн.

Сенсиз жүрбөс болду базар, майрамым,
Күтпөс жерден чыгып өктөм бийлейсиң.
Карегиңде айлам кетип айландым,
Пейлиң салып, мага башың ийбейсиң.

Көксүң жеткен, өчүң бардай өчөшкөн,
Көз ирмемге ээн койсоң не болот?
Эрикпейсиң неге күн-түн күрөштөн,
Өмүрүмдү алдың байлап, жылоолоп.

Сенин жокпу башка кылар жумушуң,
Таңууланган хандыгыңды урдум мен.
Кудай акы, мойнумда жок кылмышым,
Бошотуп кой камап алган түрмөңөн…

 

X

Бөтөн дүйнө босогосун аттадың:
Анда кыял,болумуштун чеги жок,
Анда мобу жети катар асманың
Алты катар жериң болбос бир жомок…

Бүлбүлдөгөн жарык болуп учасың,
Кууп жетчү бир жандык жок артыңда.
Бирде көзү чоктой күйгөн букасың,
Бирде окшойсуң жалгыз учкан каркыра…

Кызыл мейкин, ала булут, көгүш тоо,
Ак дарбаза, ак шурулуу ак көчө…
Эми гана киргениңде короого
Сени күткөн күү жаңырат өзгөчө.

Ушул жерде тирүүлүктүн башаты,
Тооп кылып, өмүр алып кайтасың.
Жашооңо ичиң тойбой баштагы
Миң ийилип ыраазылык айтасың…

 

XI

Башкалардын бак-таалайын көралбай
Кызганасың, күйүнгөнүң жакшыбы?
Бул илдеттен жүрө берсең арылбай
Акыр бир күн жутасың өз башыңды…

Өз дегенде өрөпкүйсүң өзгөчө,
Баш-көзүңө карабайсың жиндидей.
Эгер Кудай чындап жолуң түздөсө
Ак болмоксуң ичиң чирип кирдебей…

Кайдан болдуң мынча митаам, карөзгөй?
Какчаңдаган кыялың бар кайдагы!
Жамандыкты жасап коюп көргөзбөй,
Акмалайсың оңой олжо, пайданы…

Ар нерседен шекшип издеп жамандык,
Бооруң кара такка айланып калгандай.
Кандай кесир-касиреттен жаралып
Калдың экен аруулукка жалганбай?

 

XII

Кайып бүткөн неме окшойсуң… Капилет
Кайдан чыга калганыңа баш катат.
Адам баспас туюктарга жетелеп
Өмүрүмө апкелесиң чыр-чатак.

Башаламан ой учугун табалбай
Карайлаган сокур кейпин киемин.
Бир бүтүмгө чечкин басып баралбай
«Өзүм» деген душманымдан күйөмүн.

Сымап сымал колго жукпайт мөлтүлдөп,
Эми кармап алаарымда дайын жок.
Күтпөй жолдо бара жатсам сөмтүрөп
Айгай салып чыга калат жол тороп…

Күтсөм келбейт жатып алып зарыгып,
Кыл учунда турсам бербейт жардамын.
Бирок үнү тээ түпкүрдөн жаңырып,
Айтат дүйнө чындыгын да, жалганын.

 

XIII

Эртең менен тарап кеткен тумандай
Даңк жоголот, кадыр түшөт төгүлүп.
Өмүрдү бу сезгин кызуу кумардай
Кызыгына баш от менен чөмүлүп…

Тамаша де ийгиликтин бүт баарын.
Күндөй айкөл, берешен бол, бийик бол
Баш айлантып бир ишеним тутпагын,
Жалгыз гана Күндүн жолу ыйык жол.

Артта калбайт жыйнаганың, тергениң
Агып кетет мезгил деген сел менен.
Өзүңдү өзүң падышадай тейлегин,
Сендей эч ким бу дүйнөгө келбеген.

Сенден улуу болгон эмес башка жан,
Күлгүн өмүр берет демиң, илебиң.
Оттон бүткөн сенин очок, астанаң,
Караңгыны чагылгандай жирегин.

 

XIV

Сенсиң менин азабым да, тозогум,
Айланамды курчап турган темир тор.
Жан дүйнөмө алып келип муз доорун,
Издегениң жеңил оокат, жеңил жол.

Эки жүздүү, алдар көсө, акмаксың,
Көчө сөздөн көтөрүлгөн маанайың.
Дүрт деп отту тутандырган чакмаксың,
Менин денем сенин кулуң, малайың…

Каалагандай калчап мени ийлейсиң,
Сенден качып кутулалбайт окшоймун.
Ээн жерде ээ-жаа бербей сүйлөйсүң, –
Үнүңдү өчүр! Болду жетет! Бош койгун!

Сенин мага керегиң жок. Чырмооктой
Жабышпагын… Кургап калсын тамырың!
Келатасың Кудайыма жолотпой, –
Көк деңизде жалгыз калган кайыкмын…

 

XV

Чексиздиктин бир чекити сыяктуу
Мага буйруп келген ушул өмүрдү,
Сенсиз жашап өтсөм, балким, канаттуу
Адам болуп туймакмын тез Теңирди…

Кутулмакмын көрпенделик жүгүмөн,
Кумар оттон, азгырыктан кыйнаган.
Периштенин нуру тамып жүзүмөн,
Көкүрөктө жашап турмак нур заман.

Эркиндиктин айдыңында мас болуп
Өлбөстүккө өтөөр элем эртерээк.
Күнөөсү бар пенде сымак мостойтуп
Жер караттың … Дагы сага не керек?

Болдуң менин атаандаш кас душманым ,
Өлгүчөктү жарашпаган бир мүнөт.
Мейли көөлөп, биротоло туздагын,
Сен ошентсең жүрөгүмө күн түнөйт.

 

XVI

Миң жыл мурун өзүмдү өзүм табалбай
Ийик сыңар чимирилди өмүрүм.
Кумарга жык азгырыкка туралбай
Көксөй берди көп нерсени көңүлүм…

Ошондо эле жазамын деп бул ойду,
Түп маңызын кармай албай кур калгам.
Туураймын деп таңдагы боз торгойду,
Зирек болуп ойгонбодум уйкудан.

Ээ -жаа бербес кыял бийлеп кылактап,
Таманымдан жерди туйбай күн өттү.
Өзүмө өзүм жакындабай ыраактап,
Бөтөн жактан издей бердим дүрмөттү.

Бүгүн дагы табайын деп өзүмдү
Сүкүт салып жүрөгүмө үңүлөм.
Кантип, качан жок кылам ой-сезимди?
Азгырыктан качан, кантип түңүлөм.

 

XVII

Кайсы күнү кызганычтын үрөнү
Түштү сага? Бейпилдикти унуттуң…
Жапайы бир жандык болуп үрөйүң,
Сан тамырың сарсанаага уукту.

Кутурган ит кейиптенип көздөрүң
Кыпкызыл чок – дүйнө сага кыямат.
Жакшылыгын көралбастан өзгөнүн,
Ойлогонуң касам, каргыш, кыянат.

Сормо саздай сени жутуп бул илдет
Жарыгы жок туңгуюкка калтырат.
Өзүңдү эмес, бүт дүйнөнү күнөөлөп
Көз жумасың – өмүр тозуп жанчылат.

Ошол чекке жан дүйнөңдү жеткирбе,
Тирүүлүктүн сезгин чексиз жыргалын.
Көзүңдү артпа, кызганбагын эч кимге,
Буйруганын бийлеп, ойноп, ырдагын!

 

XVIII

Бүгүн сенин босогоңдон баш багып
Кирип барсам … сүкүт салып олтурган
Жанды көрдүм. Жувалдыздай кош жарык
Бутак жайып тулкусуна толду анан…

Сагыныч жок, кубаныч жок, кайгы жок –
Жалаң гана мүлдө мөлтүр нур дүйнө.
Ойлор кана жылан сымак соймоңдоп,
Кулак, мээң жеген тынбай миң үндө?

Кас санаган карөзгөйлүк каякта?
Казсаң чыга берчү былык байкалбайт.
Жалгыздыкта тентип ээн тарапка
Бара жатат, эч ким жолдон кайтарбайт…

Издегени анын актык, тазалык…
Жуурулушуп ай-ааламга кан-жаны.
Чексиздикке чыгып кетти узарып,
Түккө арзыбай жердин тартуу мыйзамы.

 

XIX

Көкүрөктө бүл-бүл этет бир жылчык,
Теше тиктеп муюп улам үңүлөм:
Нечендеген катмар жатат миң жылдык –
Жон теримден шоргологон, төгүлгөн.

Кулчулуктун эн тамгасы басылган
Аң-сезимден кутулууга күч үрөп,
Жарык чачкан башатыма шашылам…
Кадам сайын буктурма жык миң бөлөк.

Түпкү башат, күч-кубатың алаамат,
Сага жетсем арылам ой-мүдөөдөн.
Кудай менен сүйлөшөмүн шыбырап
Жүрөгүмдү түнөк кылып түнөгөн.

Бүлбүлдөгөн жылчык улам жакындап,
Көкүрөктөн Күндүн табын туямын.
Ошол туюм кут даарыган асыл зат –
Чексиздигим, ишенимим, ыйманым.

 

XX

«Өзүм» дедим, өзөгүмдү ээлеттим,
Бу не деген туюм, дүйнө, кубулуш?
Канча жолу күйдүм дагы жер тептим,
Канча жолу жасап кеттим кыңыр иш.

Кантип андан кутуламын? Башым маң.
Жада калса түшүмдү да башкарат.
Өтүп бара жатканымда ашуудан,
Шек туудуруп, эрким бузуп мыш кылат.

Туруктуу бир жок карманган тутуму,
Бирде шамал, бирде дайра, бирде от.
Табайын деп издеп көрсөм учугун,
Түпсүздүккө улам житип жоголот.

Өлгүчөктү эрмек кыл деп, күрөш деп
Шыбагама туш кылганбы Жараткан?
…Күн-түн күрөө тамырымда күргүштөп
Өмүр агат келген мага кайыптан…

 

XXI

Сөз эмизип, ана-мына эртең – деп
Мени алдап биротоло жүдөттүң.
Кол жетпеген бийиктикке жетсем – деп,
Сага ишенип өмүрдү алга сүрөпмүн…

Жете турган кайсы дабаан, кайсы чек?
Чек болобу, ойлоп көрчү адамда?
Кулагыма сен шыбырап айткан кеп
Неге учуп кетпеди экен шамалга?

Көргөнүм жок сенден жакшы пайданы,
Мите сыңар каным соруп жашадың…
Жан дүйнөмө жалын берип кайдагы,
Эч ким туйбас жерге апкелип таштадың.

Кеч болсо да билдим сенин айлаңды,
Эми мага керегиң жок кыпындай.
Сенсиз эле тосуп алам майрамды,
Сен азгырган бийиктикке жутунбай.

 

XXII

«Кимге жагат сенин ушул кылганың?
Элден-журттан уялганым уялган…
Досторуңдай дүйнө-мүлктү жыйбадың,
Таянычың кайда сенин таянган?» –

Деген сөзүң кээде мага угулат.
Жарга алпарып камаймын деп ойлойсуң.
Дүйнө-мүлктөн эгер тапсам сый-урмат,
Билип турам анда деле кордойсуң.

Ошондуктан үнүңдү өчүр, тыйылгын!
Бул жөнүндө эми мага айтпагын.
Чындыгында «бар-жок» деген туюмдун
Чегин тепсеп эбак эле аттадым.

Майдалык бул … өзүңдү өзүң алдамай…
Байлык эмне? Жардылык не? Өзүңдү
өт дүйнөдөн эч нерсеге байлабай…
Кирдетпегин көзүңдү да сөзүңдү…

 

XXIII

Кайдан келдиң? Маңызың не? Түбүң ким?
Көктөн мөлт деп тамып түшкөн нурдайсың.
Кайдан менин көөдөнүмдө тирилдиң?
Тагдырымды желе тартып чырмайсың…

Дүйнө бүтүп жер каймактап жатканда
Сен кайда элең? Аба белең, от белең?
Болумуштун башатынын артында
Өктөм бийлеп өмүр сүргөн жок белең?

Сен жарыктын ылдамдыгы сыяктуу
Түпсүздүктөн келдиң окшойт бейдарек.
Чексиздиктен сүзүп алып кубатты
Жүргөнүңө, билбейм эмне тең келет?

Башым катты сени айкын туялбай,
Башкаралбай кыялыңды жөңкүгөн…
… Балким, сенин тизгиниңди жыялбай
Шунтип жүрүп, акыр бир күн өлтүрөм.

 

XXIV

Бир нерсени суранамын мен сенден:
Ишеним бер, ишеним бер, ишеним!
Учуп чыгып шектенүүнүн чегинен –
Жүрөгүмдүн талкалайын кишенин…

Ишеним бер! Отту кечип өтөйүн!
Сестенбестен көз ирмемге калтаарып.
Чымырканып күчөнгөндөн күчөйүн!
Дос-душманым карап турсун таң калып…

Ишеним бер! Туюктан жол табайын!
Лам дедирбей башкарайын эркимди.
Туш-тарапка каалагандай агайын,
Сезип койбой Мезгил менен Мейкинди…

Ишеним бер! Сүкүт салып суранам!
Ушул болсун эң акыркы напасым.
Жарык чачып турган кезде бул аалам –
Ар бир адам ишенимде жашасын!

 

XXV

Бирөө мени сөгүп өттү жок жерден,
Неге анткенин өзү дагы билбеди.
Ачуу сөздөр учуп кетти жел менен,
Кулагыма кирди дагы, кирбеди…

Ачуу сөзгө арданып кас санаба,
Аброюң андан түшүп кемибейт.
Келе берет сага келчү шыбага,
Бешенеге куттун нуру себелейт.

Жүрөгүңө жакын алып кирдебе,
Кайра сени наристедей тазалайт.
Кечиримдүү болалбасаң дүйнөдө,
Толгон азап жүрөгүңдү жазалайт.

Менменсинбей унутуп кой өткөндү,
Акмактарга акмак болуп теңелбе.
Өз дүйнөңө пааша болсоң өкүмдүү –
Жыргал ошол… Сага керек дагы эмне?

 

XXVI

Чый-пый түшүп чырылдаган адатың
Качан калат? Киресиңби эсиңе?
Барбы деги сенин арың, уятың?
Мээни кажып бүтүрдүң таң, кечинде…

Андай десем мындай дейсиң ажылдап,
Сөзгө конок бербеген бир немесиң,
Пас келбейсиң эч убакта кызаңдап,
Айтор, мени айгай салып жеңесиң .

Түшүнбөймүн талашыңды чынында,
Бүтпөй турган кыяматтык чырдайбы?
Акыбети арзыбайт бир тыйынга.
Кой, өмүрдү бөөдө тозок кылбайлы!

Элдешели, деги сага не жетпейт?
Бүт турпатым, дил ыйманым эркиңде.
Билем, сенин кулагыңа сөз өтпөйт –
Сендей көктүк, өжөрлүк бар, айт кимде?

 

XXVII

Сен өзүңдү артык баалап сүйөсүң,
Тээ бийикте көкүрөгүң, дымагың.
Качан болсо төрөпейил жүрөсүң,
Менменсинүү сенин тапкан куралың.

Чаң жугузбай, сөз тийгизбей сыпаасың,
Бой тутумуң өзгөчө бир жарашык.
Жерде баскың келбей бийик учасың,
Канаттуулар мейкиндигин талашып.

Кайдан жүрүп өзүмчүлдүк илдети
Көөдөнүңдү каптады боз тумандай?
Башкалардын жакпайт сага келбети –
Өзүңө өзүң таберик бир тумардай.

Минте берсең араздашып калабыз,
Мындай жорук жаккан эмес Кудайга.
Улам алыс узай берет арабыз –
Бир күн жатып калба балчык, ылайда.

 

XXVIII

Неге мени шылдың кылып күлөсүң?
«Байкушум» – деп табалайсың ансайын.
Бутага алып, омуроолоп сүрөсүң –
Деги сенин барбы ыйман, ынсабың?!

Барган сайын каткырыгың таш жарат.
Жанга батып бүттү азил, тамашаң.
Сөөкөче агарттың го ышкалап,
Барбы менде өнбөй турган аласаң…

Ар бир сөзүң кылтакка илип басынтат,
Сени менен бир бүтүндөй шакаба.
Келе жатам арт жагыңда ташыркап,
Өчүң бардай мени жарга такаба…

Шонтип жүрүп маскарапоз болбогун,
Биротоло чыгып калба назардан.
Эсиң менен тамашалап ойногун,
Өзүң барып түшпө орго казылган.

 

XXIX

Көкүрөгүң кага бербе менмин – деп,
Кыпындай бир андан пайда таппайсың.
Качан, кантип өлөөрүңдү ким билет?
Көктө төбөң жүрсө бир күн аксайсың…

Мүдүрүлүп кайсыл жердин кырында,
Кайсы чекте акыркы дем аласың?
Мейли даңкың тараса да кыйырга
Топуракка жуурулушуп каласың…

Менмин дебе жылдыз болуп күйсөң да,
Жетсең дагы дүйнөлүк чоң жеңишке.
Ай-ааламды чарк айланып жүрсөң да,
Турса дагы кызматыңда периште…

Жөпжөнөкөй таш сыяктуу бир сырдуу
Касиет күт… басып алгын демиңди…
Таш сыяктуу эгер болсоң сабырдуу
Анда мезгил сага чөгүп жеңилди.

 

XXX

Кызыксың ээ! Кээде сени бала да
Алдап кетет көз көрүнөө каратып…
Эмнегедир ыраазысың сен ага
Күйүп-бышып кейибейсиң жан ачып.

Не жоготсоң мейли дейсиң кол шилтеп,
Күйпөлөктөп көз артпайсың дүйнөгө.
Уксаң дагы ким бирөөдөн ачуу кеп,
Ызалыктын белгиси жок түрүңдө.

Сен жөнүндө кыянат сөз айтылып
Жатса дагы козголуп бир койбойсуң.
Кулагыңа жакпайт түрдүү айкырык –
Өз жаныңдын бейпилдигин ойлойсуң…

Кимге жаксын сенин мындай мүнөзүң?
Качан болсо алданганың алданган.
Канчагаче мына ушинтип жүрөсүң
Алыс калып азгырыктуу майрамдан?

 

XXXI

Сен жалгансың, жок нерсесиң, кыялсың!
Көрүнбөгөн көмүскө бир туюмсуң.
Азгырыксың, туйлап турган кумарсың,
Алааматты алып келчү куюнсуң.

Кыпынчалык жок болсо да салмагың,
Орошон, алп күчтү алдың каяктан?
Тилсиз туруп безеленип сайрадың,
Сени Кудай кайсы урпактан жараткан?

Башатың жок, аягың жок… Анан сен
Неге мени падышадай бийлейсиң?
Мени менен эгер бирге төрөлсөң
Неге боор тартып аян бербейсиң?

Шыбыраган шайтан болуп жүрбөгүн
Ак-караны алмаштырып мазактап?!
Айла-амалдуу сендейди эч көрбөдүм –
Жеттим десем жок болосуң узактап…

 

XXXII

«Өзүңдөн тап, өзүңдөн тап, өзүңдөн!» –
Деп айтышкан акылмандар илгери.
Мындай сөздөр анык шарап жүзүмдөн –
Бул сөздөргө уютушкан дилдени.

Башка келген азап-шорду, кайгыны
Бөлөк жактан издеп чекпе убара.
Сезе билгин өз күнөөңдү, айбыңды
Кечиргин деп миң тооп кыл Кудайга.

«Өзүңдөн тап!» Мындан улуу акыйкат
Өмүрүңдө жолукпайт эч жолуңдан.
Өзүң менен ойнобогун жашынмак –
Улуу сырды уурдатпагын колуңдан.

Өзүңдү өзүң каза бергин кен сымак,
Көз ирмемге баш көтөрбө, эринбе!
Түпкүлүгү – издегениң табылат
Сен Кудайга жолугасың шо жерде!

 

XXXIII

Акыйкатчыл боло бербе ар убак,
Чындык издеп чыркыраба жөнү жок.
Акыйкаттын миң бир учу табылат, –
Чындык бир күн калпка айланып жоголот.

Бул дүйнөнүн керемети ошондо,
Эч ким билбейт акыйкатты, ал эмне?
Ак карага, кара ак болуп жашоодо
Өтмө катар жуурулушуп тереңде

Эгер бүгүн дили таза, ак жүрөк
Болсоң, эртең ар нерседен шекшинип
Жан дүйнөңдө алай-дүлөй чаң жүрөт,
Чочулайсың өзүңдөн да сестенип…

Ошондуктан эч бир бүтүм чыгарба!
Эч нерсеге чек койбогун белгилеп…
Акмын дебе айгай салып дубанга,
Анда элеби, акмактыгың билинет.

 

XXXIV

Бир сөз чыкпайт, тунжурайсың мелтиреп,
Колдон жөлөп коёбу деп көз катты.
Сенден жардам сурап келсем темселеп,
Көңүл үчүн көрсөтпөдүң кызматты.

Муздак шамал ичиркентип денемди,
Муздай тоңгон мамилеге туш келдим.
Не кылаарым билбей турам мен эми –
Улам пастап, улам чөгүп ичкердим…

Сенден мындай митаамдыкты күтпөгөм,
Кысталышта сатып кеттиң кыйылбай.
Жаншерик деп жүргөнүмө өкүнөм,
Өзүмдү өзүм жемелеймин тыйылбай…

Эмне болду? Кара теке сүздүбү?
Бир сөз чыкпайт… Жерден көзүң албайсың…
Тагдыр биздин байланышты үздүбү?
Эгер үзсө, билбейм, кимди жандайсың?

 

XXXV

Эч нерсеге тойбойт сенин медериң,
Сабыр күтпөй жутунасың жулкунуп…
Ай-ааламды өзүң жалгыз ээледиң –
Чагылгандай жарк-журк этип чарк уруп.

Эңсөө-мүдөөң тыйылчудай сезилбейт,
Жетсем дейсиң күндө олжо, утушка.
Оюң тынбай жаңы чекти изилдейт –
Даяр турат түшүндө да учушка…

Качан, кантип каниетиң жоготтуң?
Түштүң мындай түгөнбөгөн жарышка?
Күчтү тыйбай, үнөмдөбөй короттуң
Кайыры жок арзуу, тилек, намыска…

Айтчы деги, жетээр чегиң кай тарап,
Кайсы бекет, кайсы асман, кайсы жер?
Жеттиң дейли ага мейли батыраак…
Анан эмне? Баягы эле теребел…

 

XXXVI

«Дүйнөсүнө көз артпайын бирөөнүн,
Там-ташына назарымды салбайын!
Насип кылган жолум менен жүрөйүн,
Баш айланткан азгырыкка барбайын!» –

Деп күн сайын таңда дуба кыламын.
Тазалайсың кирден жаны, дилимди.
…Кытмыр күлгөн сенин үнүң угамын,
Шакабалап көрсөтөсүң тилиңди…

Шегиң барбы, ишенимиң деги не?
Карманаарың кандай чындык, кайсыл нарк!
Эми гана бир бүтүмгө келээрде –
Жол тососуң сорок этип ырсаңдап.

«Кой, убара болбо, – дейсиң, – курбекер,
Алдабастан жаша, – дейсиң, – өмүрдү…»
…Маңдайыман чыга түшөт муздак тер,
Өлсөм ээлеп аласың го көрүмдү…

 

XXXVII

Аракетим текке кетип капилет
Эс-учумду жыйнай албай турганда:
«Куп болуптур! Шуну көрмөк элең, – дейт,
Мени буйтап өтөмүн деп кууланба!

Менсиз өзүң эч нерсеге жетпейсиң,
Ишиң алга жылбайт, жолуң ачылбайт.
Өтөм деген көпүрөдөн өтпөйсүң,
Ырыскың да аздайт, кенен чачылбайт.

Билсең сага таянычмын, жөлөкмүн,
Караңгыда чырагыңмын кармаган.
Сага кубат берип турган жүрөкмүн,
Кайрак ташмын сени тынбай кайраган.

Мени чансаң – тагдырыңды чанганың,
Туш болгонуң темир тордун ичине.
Менсиз күүгө келбейт өмүр ыргагың –
Эч бир нерсе аян бербейт түшүңө».

 

XXXVIII

Көргөн сыйың, жыйнаган бүт кадырың,
Кучагыңа гүл батпаган кездериң
Өттү-кетти… эми өзүңдү тааныгын,
Түпкү башат, маңызыңды издегин…

Жерге-сууга батпачудай жүрчү элең,
Чоң-кичүүнү көзүңө илбей күпүлдөп.
Сөз сүйлөсөң устарадай курч элең,
Тегирмендей сокчу жүрөк дүкүлдөп…

Өткөн күнүң кайталанбайт кайрылып,
Ал бир эски барак, эски болумуш.
Эңсей берсең эгер аны кайгырып,
Кыйын болот өзүңө өзүң жолугуш.

Тамырыңды кармап өрчүт туюмду,
Жашап жаткан көз ирмемди изилде.
Жүк кылбагын ой-санааны, буюмду,
Ансыз деле өмүр бычак мизинде…

 

XXXIX

Сен менин жалгыз ыйык досумдайсың,
Айтамын сага гана чын, төгүнүн…
Мен үчүн бөгөлбөйсүң, тосулбайсың, –
Туптунук агымысың ыр көлүмдүн.

Кыпындай сенден бир ой жашырбаймын,
Билесиң менин баскан кадамымды.
Сен ачкыч, сенсиз элге ачылбаймын,
Эш тутам сенин жалгыз карааныңды.

Жакшылык, жамандыгым сени менен,
Орто жолдо калтырбай дем бересиң.
Жетелейсиң чап кармап билегимден, –
Нурдан бүткөн сырдана бир немесиң.

Хан досум деп ишенип жашап жүрөм,
Жок кылбагын мына ошол ишенимди.
Өрттү коюп жибербе өзөгүмдөн,
Төгүп ийбе каргаша нөшөрүңдү…

 

XL

Акыры өлүп сенден кутуламбы?
Жок экен башка жолум чындыгында.
Күнү-түн арканыңа тушаламын, –
Калдактап учам тентек куюнуңда.

Мен сенин билбей калсам бар-жогуңду
Күндөрүм майрам болуп калат беле?
Эч нерсе дүрбөтпөстөн ойлорумду,
Бейпилдик жашайт беле тереңимде?

Оо, анда жан дүйнөмдө мемиреген,
Үлп эткен шамал дагы жолобостон
Жыргалдын нак өзүндө жашайт элем,
Улам бирден кетилип коробостон…

Жетмек элем куттуу бир ыйык төргө:
Түбөлүктүү, ырааттуу, ырыскылуу.
Шек санаган ойлорду көмүп көргө
Жашамакмын шу жерде бейиш сындуу.

 

XLI

Экөөбүздүн соодабыз бүтпөйт окшойт.
«Береке тап!» – десем да көнгөнүң жок.
«Утам» деген кумар ой сени козгоп
Жүрөгүңдө алоолойт кыпкызыл чок.

Бир аз паска түш десем, кайра-кайра
Көтөрөсүң бааңды улам өйдө.
Эмне берет ушинтип тапкан пайда? –
Тапкан пайдаң болбогон майда-чүйдө.

Ары-бери тартышып соодалашып
Келатасың өжөрлүк, көктүк менен
Өмүрүмө жок жерден коога ашырып,
Амалыңа тең келбей чимирилем.

Базар болду жашоонун ат майданы.
Пайдаң үчүн сен мени сатып ийдиң,
Бетке тутуп ааламды капкайдагы
Абийириңди күл кылып чачып ийдиң.

 

XLII

Бир пикирге келгендей болдук окшойт,
Чыр-чатакты тып басып бүтүрөлү.
Экөөбүзгө касташкан түк коошпойт,
Тагдыр жүгүн барабар көтөрөлү…

Бирибизди бирибиз кемсинтпестен,
Чукубайлы эски өткөн жараларды.
Арам ойду жолотпой тентип келген
Ак жолуна буралы намыс-арды.

Урмат-сыйлуу, күйүмдүү, ынак болсок –
Эч ким бизди мокотуп тепсей албайт.
Кыпындай бир шекти эгер жолотпосок,
Бийлик кылып ким бирөө тескей албайт.

Жөнөкөй шул туйгуну туйбай келдик,
Баш катырган табышмак сыры бардай.
Ымалага келишсек – улуу эрдик,
Келишпесек, билбеймин, арты кандай?

 

XLIII

Шүгүр айтып күнүмө өтүп кеткен,
Жаткан кезде эми эле төшөгүмө
Сөзүң чыгат наалыган, кыйды, өктөм,
Туз куйгандай ким бирөө өзөгүңө.

Деги пейлиң жактырбас болду мени,
Капкайдагы сөз козгоп жарыбаган.
Кызытасың чок салып делебемди,
Туруп кетпей өзүмдү кармайм араң…

Кыпындай бир нерсени унутпайсың,
Качанкы өткөн жылдардын жылындагы.
Ызылдаган сары аары уюктайсың
Турган эски коргондун кырындагы.

Эс алайын, болду эми, кыйнабагын!
Жогол ары, үнүңдү өчүрүп тур!
Качанкы эски жарамды тырмабагын!
Сүйүүгө мас күндөргө көңүлүң бур!

 

XLIV

Балким, биздин башатыбыз бир жерден,
Зубалабыз бир ийленген сыягы.
Келе жатам бөлүналбай мен сенден,
Кандай болот өмүрдүн бу аягы?

Акырында тапкан олжо, сыйыбыз
Ыр-чыр болбой кантип эки бөлүнөт?
Бир бүтүмгө келбей пейил-куюбуз
Билип турам, абийирибиз төгүлөт…

Мен жеттим деп жеңиштин бүт баарына,
Ай-ааламды түп көтөрүп чыгаарсың.
Карабастан дымагыңа, алыңа
Мен жыйнаган соопту да сураарсың.

Түгөнгөнчө напси, ырыскы, ичээр суу,
Жараткандын буйруганын көрөлү.
Мен өлгөндө – сен чыгарба ызы-чуу,
Эгер өлсөк ынтымакта өлөлү!

 

XLV

Оң мүрүмдө, сол мүрүмдө олтурган
Периштелер кантип сени көрбөсүн?
Туюп турат ниетиңди умтулган,
Сезип турат деги кандай көйгөйүң …

Ошондуктан, абийиримдин соту бол,
Ыйманым бол ак жолунан тайбаган.
Аруулуктан турган бийик чоку бол,
Алыс жаша зыян менен пайдадан.

Майда, ыплас балекетке малынба,
Булгап алба нурдан бүткөн дилиңди.
Сабыр менен топук болуп канымда
Агып тургун, бийлебей шок бийиңди!

Жакшылыгым жазып жүргөн периште
Көз ирмемге деги тыным албасын.
Кайдан дуушар болгонмун деп бул ишке,
Башын мыкчып, илебини чайнасын!

 

XLVI

«Көксөгөнгө жетпей калсам өлөм», – деп,
Жер тепкилеп турган чагың каякта?
Азыр кимге доо коёсуң күнөөлөп,
Дайра айланып калды балчык сызатка…

Арзууларың акырындап жок болду,
Кайда кетти күркүрөгөн дабышың?
Каныңдагы чагылган не токтолду?
Эми күмөн кайра жалт деп жанышың.

Кайра келип намысыңа, арыңа
Күйсөң дагы мурдагыдай табың жок.
Айланчыктап жүрбөйт эч ким жаныңда,
Жүрөгүңдө анткени ысык жалын жок.

Мынчалык тез сынарыңды билбепмин,
Жерди чукуп үңкүйөсүң баладай.
Таптаза элең… биротоло кирдепсиң,
Бой-башыңа коюпсуң түк карабай.

 

XLVII

Өмүр бою бирге жашап бөлүнбөй,
Бирге өткөзүп баштан ысык, суукту.
Кыйчалышта кыйшак басып төгүлбөй,
Келатабыз түгөнбөстөн уютку…

Ошондуктан билип бүттүм сырыңды, –
Деп эртерээк мактаныпмын, катыгүн!
Капилеттен уктум катаал чырыңды –
Мык сайгандай болду кийген өтүгүм…

Жан этимди сыйрып туруп туз куйдуң,
Балким, башка бирөө болсо аямак.
Сени өзүм деп жүрүп, мына, уттурдум,
Көз көрүнөө кылдың мага кыянат.

Душманга да эч салбасын мындайды
Ишенимди ач иттерге талаттым.
Өз дегениң өлүм болот турбайбы,
Өз деп жүрүп өзөгүмдү канаттым…

 

XLVIII

Эч ким мендей сага терең үңүлбөс,
Изилдебес катмарыңды миң ирет.
Айланчыктап аягыңа төгүлбөс,
Чыдап жүрбөс көлөкөңдөй кибиреп…

Бирок сенин жеталбадым чегиңе,
Жеткен кезде чексиздикке айландың.
Сыйбай койдуң менин туюм дилиме,
Билбейм, кайдан тагдырыма байландың?

Дөдөй көрүп назарыңа илбедиң,
Кумдай чачып тыркыраттың заматта.
Кайыбынан пайда болуп бийледиң,
Таппай калдым мен кай жерде, каякта?

Тийип-качып, ити-мышык оюндай
Качангаче ийге келбей жүрөбүз?
Калды канча түшүмүбүз орулбай,
Мынтсек бир күн ач, жылаңач өлөбүз.

 

XLIX

Бирөөлөрдүн жел сөзүнө ишенип,
Бутуң жерге тийбей көөп алыпсың…
Жоругуңа таң калдым мен сестенип,
Кандай мажес, бечара бир карыпсың!!!

Билбей туруп салмагыңды, ордуңду
Төшүң кагып жүргөнүңө күйөмүн.
Үйлөп койгон чанач сыңар толдуңбу,
Жеми болбо мите менен күйөнүн?

Уча бербе калдактаган камгактай,
Жел өпкөңдү басып бир аз дем алгын.
Тамырыңды жерге сайбай, чайлатпай
Деги кандай кам уруктан жаралдың?

Кимге жаксын бул кыялың, жоругуң?
Жети өмүрүм жерге кирип уялам…
Миң тамырым зыр-зыр этип оорудум, –
Кантип эле экөөбүз бир уядан?!

 

L

Ооруп калдың, эч ким билбейт себебин
Качан, кайдан, кантип илдет жабышкан?
Нымыжан бир жаралганбы данегиң,
Бассаң бутуң чалышканы чалышкан.

Эркиң кана чамгарактай түйүлгөн,
Бир кармаса кан чыгара кармаган?
Муштаганда үзө койгон жүлүндөн,
Көксөгөнүн көз ирметпей арбаган?

Кызыктырбайт азыр сени эч нерсе
Дөөлөт дагы, сөөлөт дагы бир тыйын.
Сабырың суз, үлдүрөйсүң тим эле,
Жан дүйнөңдү ээлеп алган кал куюн.

Илдетиңден кутула көр тезирээк,
Жата бербе жаздыгыңды өбөктөп.
Дүйнө башка,өзгөчө бир сезилет,
Жүрөгүңө куюлат нур көнөктөп…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *