АҢГЕМЕ

Үстүндөгү кители, погондору эскирип, күнгө оңуп кеткен ак чач капитан улам бет аарчысы менен чекесиндеги терин сүртүп коюп, мени участка менен тааныштырып жүрдү.
– Ылдый жакта Ойрон деген бир айыл бар. Балдары шунчалык бейбаш, жат киши баргандан заарканат. Той-топурга эмес, патаага барган кишилерди дагы чекеге сүйрөп чыгып, токмоктоп ташташат да. Бир жолу Араван жактан жуучулар келишсе, мас балдар машинасын токтотуп, ичиндегилерди аксакал эле девей, аял киши эле девей жанчишиптир. Шонон кийин беш жылдай Ойронго жуучу кевей, мектепти бүткөн кыздар турмушка чыга албай, кара далы боло башташат. Акыры аксакалдар чогулуш кылып, мунан бияка кимдин баласы келген мыймандарга кол көтөрчү болсо үй-бүлөсү менен башка жака көчүрүп иебиз дегенде кичине-кичине тыйылып, тартипке келип калышты окшойт. Олорго салыштырганда биздин эл тынч. Ким келип, ким кетип атканы менен ич кимдин иши жок. Бир гана колу туткак бала бар. Жарым жылдай болду түрмөдөн чыгып келгенине. Күндүзү кечке уктайт дагы кечкурун уурулукка чыгат. Үйлөргө кирбейт, бирок эшик-эликте балта көрсө дагы, суу куйган фляга көрсө дагы көтөрүп кетет, кысталак.
– Кармап, камап салсак болбойбу?
– Ич кимден арыз түшпөдү да. «Мен түрмөдө авторитет болгом, бирөөң гырың дечү болсоң бандиттерди апкелип, үйлөрүңөрдү өрттөйм» – деп коркутуп коюптур.
– Чын эле авторитет болгон бекен?
– Калп айтат! Чычкан улактай болгон ки-ичине бала. Бир-эки жолу үйүнө барып: «Бала жөн жүргүн, келген жагыңа кайта барып калба» – деп эскерткем. Сен дагы шо тирикти жакшылап контролдойсуң.
Биз эки көчөнүн кесилишине келип токтодук.
– Жүр үкам, эми, тойго киребиз, – деди капитан.
Жолдун боюндагы үйдүн кош канат дарбазасы эки жакка чоң ачылып, короо элге толо экен.
– Келгиле, – деди эки-үч киши алдыбыздан тосуп. – Үйгө кире бериңиздер. Балдар, колго суу куйгула!
– Биз мындай эле отурайлы, – деди капитан.
Колубузду чайкап, балдар сунган сүлгүгө аарчыдык да кире бериш жердеги сөрүгө отуруп калдык. Сөрүнүн үстүнө дасторкон жазылып, нан, боорсок, кант-май жайнап турган экен. Шыпылдаган балдар нарыдан бери чай алып келе коюшту.
– Эки та шорво! – деп кыйкырды бири казандын жанында тургандарга карап.
Биз сорпону жаңы эле ичип атканда үйдүн ичинен он чакты чал чыгып, галошторун кийишти да колдорун жууй башташты.
– Эй, Ашир, сен менин калашимди кийип алыпсың, чеч! – деди артта чыккан чокчо сакал чал.
– Өзүмүн эле калашим, – деди колун жууп аткан арык чал.
– Сеники эски эмес беле. Анавы путуңдагы меники. Шул адатыңды качан коёсуң?
Анан жанындагыларды карап, даттана баштады:
– Бул калаш уурулукту адат кылып алды. Атайлап эски, жыртык калаш кийип келет дагы кимдики жаңы болсо кийип, секин жылыверет.
Колун жууп аткан чал аны олурая карап калды.
– Сен көп гыжыныма тийбегин! Чоң-Алайдан келген мугалимди кантип атып таштаганиңди айтип коёюнбу? Ит шармандаң чыгат азыр.
Эми эле бак-бак этип аткан чокчо сакал чалдын кеби оозунан түшүп, өңү башкача болуп кетти.
– Айбан элесиң а!?
Анан биздин сөздү кимдер укту деген кыязда эки жагын бир карап алды да чукчуңдаган бойдон чыгып кетти.
– Бул ким? – дедим мен аны узата карап.
– Жармат ава. Биздин коллега болот. Көп жыл мелисада иштеген.
– Кайсыл мугалимди айтып атат?
– Ким билсин…Басмачылар чыккан маалда Ашир ава экөө Үч-Коргондо бирге иштешкен экен. Шондогу иштерди айтип атса керек да. Кана, аштан алайлычы…
Тойдон чыккандан кийин капитан үйүнө кетти, мен кабинетиме барып, кыйлага чейин журналдарды барактап отурдум. Эси-дартым жана аксакал айткан сөздө. Ал кандай мугалим? Милиция кызматкерлери аны эмне үчүн атып салышты экен?
Улам ойлонгон сайын фантазиям күч алып, милиция мектебинде үйрөнгөн дедукция ыкмаларым аракетке келип, кылымдын чоң кылмышын ачып ийе тургандай элирип, удургуп калдым. Эбин таап, эки аксакал менен сүйлөшүп көрөйүн дедим.
* * *
Капитан Кушбак Мурадиловдон ишти өткөрүп алып, квартира таап, үй-бүлөмдү көчүрүп келгенче эки жумадай өтүп кетти. Анан бир күн бош убакыт боо калганда Жармат аваны издеп жөнөдүм. Мен барганда аксакал сайдын боюна отуруп алып, атын сугарып аткан экен. Учурашкан соң бир саам экөөбүз тең унчукпай туруп калдык.
– Мен шул жерге жаңы участковый болуп келдим, – дедим бир аздан кийин. – Эл менен таанышып жүрөм. Сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле.
– Ишиң болсо повистке жөнөтүп, канторуңа чакыр, – деди чал башын чулгуп. –Бовосо мен сени менен жөн эле дайди гаптарди сүйлөшкөнгө вактым жок.
Ушинтти да атын жетелеген бойдон бактын арасына кирип кетти.
Мен суунун боюнда жалгыз туруп калдым. Ушул тапта арткы үйдөн кошунасы чыкты.
– Аксакалдын настроениеси жок го, – дедим мен.
– Кампири каттык, – деди тиги киши. – Бир аптадан балдары бери ана кетти, мына кетти деп пайлап отурушат.
Жармат ава менен кайра сүйлөшкөндөн эч пайда жок эле. Сөздү олдоксон баштап, чү дегенде эле чоочутуп алдым окшойт. Эми берки аксакалга барып көрүш керек. Аны да чоочутпаш үчүн адегенде айылдык кеңештин төрагасы менен кеңешип көрсөм окшойт дедим. Менин кабинетим айылдык кеңештин имаратынын бир бурчунда болчу. Кечке жуук кирсем төрага өзүндө экен. Семиздигиненби же кандайдыр бир оорусу барбы, көмөч нандай тоголок киши кыш-кыш этип араң дем алып отурду.
– Ашир, Жармат авалар илгери милицияда иштешкен турбайбы, – дедим мен. – Таанышып алайын дедим эле. Кеп-кеңеш сурап турганга.
– Туура кыласың, – деди төрага, – ветерандар менен тыгыз контактта иштеш керек. «Карынын сөзүнү капка сал» деп бекериден айткан эмес да. Ашир ава көп жыл айылдык кенештин депутаты болгон. Азыр дагы аксакалдар сотунун төрагасы. Үйүнү билесиңби? Мектептин эле жанида. Эшигинин алдыда бир түп чоң бака тереги бар.
Ал айткан дарек боюнча секин басып барып, дарбазаны каккыласам эшикти жетимиштердеги кемпир ачты.
– Кандайсыз эне? Авам үйдөбү?
– Ыы, үйдө. Кир.
Ашир ава шыбы пас, бирок ичи жапжарык бөлмөдө гезит окуп отурган экен. Мени көрөр замат колундагы гезитти нары таштап, көз айнегин чечип, өйдө турганга камданып калды.
– Ава, отура бериң, – дедим мен шаша-буша колумду сунуп.
– Ке, биякка отур.
– Мен сиздердин жаңы участковыйыңармын, – дедим мен аксакал көрсөткөн жерге отурган соң. – Уксаңыз керек, Кушбак аке пенсияга чыкты, ордуна мен келдим.
– А, жакшы, – деди карыя. – Кушбак алтын жигит эде. Беш жылда бир адамды каматпады, ич ким менен сен-мен айтишканам жок. Сенам эми ар кандай ишти колуңдан кесе тольке жакшылык жагыга оодара бер. Жакшылык жакшы да балам. Бизге башка жактан которулуп келдиңби? – Аксакал менин лейтенанттык погонума карап койду.
– Жок. Окууну быйыл эле бүттүм.
– Тез эле үйрөнүп кетесиң, Куда кааласа. Өзүң каеттен болосуң?
– Ноокаттан.
– Ноокаттанам кыйын адамдар көп чыккан. Генерал Абдырахманып Ноокаттан да а?
– Ооба. Салиевадан.
– Биз эми ниме дейвиз, ишиңе ийгилик, балам. Галдыр-гулдур этип жүрүп биз шуергече сүйрөдүк. Эми мунун биягы силердики.
Адегенде экөөбүз айылдын турмушу, саясат жөнүндө жалпы сөздү сүйлөшүп отурдук. Анан башынан өткөн окуяларын сурай койсом, аксакалдын жарпы жазылып, чечилип сүйлөп кирди.
– Оттуз алтынчы жылы биздин нарком келди. Ат менен.
Мен ошол кездеги ички иштер министри Суусамыр, Токтогул аркылуу Чүйдөн Ошко атчан келгенин элестетип, таң калып отурсам, аксакал дагы бир сөздү айтып, ого бетер оозумду ачырды.
– Ошто чогулуш кылып, жети саат сүйлөдү.
Муну укканда мен эле эмес, дасторкон жайып аткан кемпири да селт этип кетти.
– Зарил экен да а?
– Өлүп-өлүп калдык, – деди Ашир ава баш чайкап.
Аксакал өзү отузунчу жылдардан кеп баштап калган соң мен оңтою келди го деп суроо узата койдум.
– Бая күнү Жалман ава экөөңүздөр чоң-алайлык бир мугалим тууралуу сөз кылып аттыңыздар эле. Ал окуя дагы шол жылдары болду беле?
Эми эле берилип сүйлөп аткан аксакал сөзүн тык токтотуп, унчукпай калды. Көпкө тунжурап отурду. Сөздү кантип улап кетишти билбей мен да отура бердим.
– Шо нарком келип кеткенден кийин богон иш, – деди кыйладан кийин.
– Ал кандай мугалим экен? Басмачыларга кошулуп кетиппи?
– Як. Мактапка кагаз-калем, дагы бир нерселерди алганы Кызыл-Кыяга келаткан экен да. О маалда бир мактапта бир эле маалим болот эде. Директириям өзү, запхозу ям өзү, балдарды окутканяам өзү. Ол дагы мактаптин кем-каржы боюнча Дароот-Коргондон Кызыл-Кыяга түшүп келиптир. Үч-Коргондо милийсакана болот эде. Анан ат минген жат киши келатканын биздин бир уполномочин көрүп калып, кармап алат. Чөнчөйүндө дакүмүтү жок бекен, же босо ям жасалма көрүнгөнбү, иши кылып, начальник Жармат экөөвүздү чакырып: «Мынавы адамды Дароотко чейин колун байлап апарасыңар. Агар мактапта иштегени чын болсо таштап келевергиле. Жок, мундай киши бизде иштевейт десе кайтарып апкелгиле» – деди. Эртеси күнү саарлап Жармат экөөвүз ону алдывызга сылывалып, жолго чыктык. Маалимдин атыны алмак-салмак минип (ол өзү пияда) кетпартавыз. Түшкө чейин зорго он-он беш чакырымдай жол бастык. Анан түштө сайдын боюга токтоп, белибиздеги нанывызды сууга малып жеп атканда Жармат: «Дарооткочо дагы каминде саксан километр жол бар. Канчалык тез жүргөнүвүздөям эртең кечке зорго жетевиз. Онон көрө шуетте эле атып таштавайливи» – деди. Муну укканда мен жылан чаккандай секирип кеттим. «Тирик кишини көзүнү жалдыратып туруп кантип атып таштайсиң? Чын эле маалим босочу десем: «Мунуң битта ям маалимга окшовойт. Алаң-алаң этип караганынан эле басмачы экенин көрүнүп турат. Хоп дейвергин» – деди. Онун бул сөзүдөн кийин менам ойлонуп калдым. Менин ыргылжың боло түшкөнүмү көрүп, Жармат ого бетер күч алды (шондо эле биттин көтүнү көргөн кыйтыр жигит эде). «Агар сен корксоң маңа төңкөп кой. Мен көргөн жокмун, арчанын тагида даарат ушатып аттым эде де» – деди. «Шонтсек эле ишенип калышат дейсиңби? Нимеге аттыңар деп сурасачы?» – десем, «О ягын маңа кой» – деди. Шоеттен мен боштук кылып койдум да. Кой, бовойт. Апар дедиви, апаравыз деп маккам туруп алвай, старший сен, өзүң чеч деп үндөвөй койдум да. Шонон пайдаланып кетти бейтамиз! Маалимдин колуну чечип, чөбү жапжашил болуп өсүп турган товнун бетини көрсөттү. «Оонанда битта ышкын өсүп турат. Шону үзүп кел. Нанга кошуп жейвиз» – деди. Маалим аста товнун башыга чыгып жөнөдү. Ортолоп калган маалда мээлеп туруп атты эде мугалим мүдүрүлүп барып, бөк түшүп калды. Жармат экөөбүз аркасыдан барсак али тирүү экен. Дир-дир этип титиреп атыптыр. Жармат аркасыдан жүрөк тушуну мээлеп аткан экен у огу жүрөгүгө тийбей калыптыр да. Жармат мылтыгыны октоду дагы каракуш мээсиге такап туруп дагы бир жолу атты. Анан экөөвүз өлүктү шол жерге таш менен корумдап, кечке маал Үч-Коргонго кайта келип калдык. Жарматтын акылы боюча: «Колун кантип чечип алганыны билвейбиз, экөөвүздү эки жакка жыга түртүп качып жөнөдү. Колдон чыгып кете турган болгондо илаажи жок курал колдондук» – дедик.
– Мугалимди ошол бойдон эч ким издеп келген жокпу?
– Бир айдан кийин бекен эки киши: «Бизден бир мугалим Кызыл-Кыяга кеткен бойдон бейдарек жоголду, көргөн-билген жоксуңарвы?» – деп келишти. Бул мезгилде биздин начальник которулуп кетип, ордуга башка киши отуруп калган. Келер замат Жарматты өзүгө орун басар кылып алды. Чоң-алайлыктар келгенде ям орун басар катары олор менен Жармат сүйлөштү. Олор кетишкенден кийин мени чакырып, «ондой кишини биз көргөнам жокпуз, ол тууралуу бизде малыматам жок. Жолдо басмачыларга туш болуп калса керектир да» – деп койдум (шо жылдары Парганадан, Ноокаттан качкан басмачылардын акыркылары Чоң-Алайдын тоолоруда бекинип жүрүшкөн). «Бул иш тууралуу сен менен мен эле билевиз, экөөвүз айтпасак эле жавылуу казан жавылуу бойдон калат. Өлөр өлгүчө оозувуздан чыгарвайвыз деп ант ичишейли» – деди. Экөөвүз эркекче кол алышып, ант ичиштик.
– Анда, сиз антты бузган турбайсызбы?
Аксакал кайра тунжурай түштү.
– Сен ойловатасың го, калаш ууру деп койсо эле ошого чычалап айтиверди деп. Ондой азил сөздөр экөөвүздүн ортовузда күнүгө жүз жолу айтилат. Элдин бардыгы экөөвүздүн азилкаш экенивизди ям билет, онун жаңы калаши жок экенини ям билет. Гап калашта эмес, балам. Кыйналып кеттим… Шо жылдары алиги маалим күнүгө түшүмө кирет эде. Анан көп жыл кирбей калган. Акыркы бир жылдан бери кайра кирчү болду. Эшиктин алдыга келет дагы үн-сөзү жок туруп-туруп, кайта кетип калат. Бир жолу буулуп-буулуп, чыдавай кеткенде прокуратурага барам десем Жармат: «Мен аткан эмесмин десем эле суудан курук чыгып кетем деп ойлово. Сен дагы соучастниксиң» – деди.Ойлонуп көрүп, барайын деген оюман кайта айныдым. Шондо туура эмес кылган экенмин. Ниме болсо шо болсун деп баравергенимде камап, кесиверсеям акыры бошоп чыгат эдем да деп ойлоп коём. Быйыл жетимиш бешке чыктым, балам. Ол окуядан бери эллик жыл өтүп кетти. Эллик жыл дартимди ичиме катып, касал тарттым. Эми закүн мени эми ич нерсе кыла алвайт. Бирок өкматтин сурагыдан кутулганым менен Алланын сурагыга ниме деп жооп берем? Шон үчүн оор жүктү Акыретке дагы алып кетпей, көзүмдүн тиригиде баштан сакыт кылып коёюн дедим.
– Сизден мурдараак Жармат авага дагы бардым эле. Бирок ал киши сүйлөшпөй койду.
– Алланын алдыда ар ким өзү үчүн жооп берет. Мен айтип босо ям дартими чыгарып алдым. Алла-Гаффар. Кечирер. Жармат ниме кылса өзү билсин.
Мен сыртка чыкканда эчак караңгы кирип калган экен. Аксакал кийинип, мени менен кошо чыкты.
– Ава, сиз калавериң, –дедим мен дарбазага жеткенде.
– Жүр, жүрөвер балам, мен башка жакка барам.
Аксакал менен коштошуп, бир аз баскандан кийин артыма кылчайып карасам Ашир ава илкий басып, мечитке кирип баратыптыр…

One Reply to “Мамат САБЫРОВ: Ант”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *