АҢГЕМЕ

Кытай адабиятынын корифейи. Сычуань провинциясынын Чэнду шаарында туулган. Кытай адабиятында жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер катары белгилүү. 1985-жылдан 2005-жылга чейин Кытай Жазуучулар союзунун төрагасы болгон. Ба Жин 70 жылдык адабий чыгармачылыгында 26 томду, башка элдердин адабиятынан 10 томду которгон. 1923-жылы Нанкин улуттук институтуна тапшырган. 1927–1929-жылдары Франциядан билим алган. Ушул эле жылы Кытайга кайрылып келип, 1934-жылы Жапонияга билимин өркүндөтүү курсуна барып, 1935-жылга чейин окуган. Бир нече чыгармасы башка тилдерге которулган. Чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер Кытай кинематографиясынын казынасына зор салым кошкон. Ага Италия, Франция, Япония, АКШ адабий сыйлыктарын ыйгарган. Анын 1931-жылы жазылган чыгармаларынын бири менен тааныштырабыз.

Которгон Үмүт КУЛТАЕВА

– Менин ата-тегим кул болгон! – деди Пэн, бир жолу сыймыктануу менен.

Көп эле досторум теги жөнүндө сөз болгондо: «Менин ата-тегим кул жумшаган» – деп мактаныч менен жар салышчу эле. Азыр деле досторумдун арасында кул күткөндөр бар, чынын айтканда, айрымдарынын кулу өтө эле аз калды, кээ бирлеринде такыр эле жок. Ошондуктан досторум сүйлөшүп олтурганда бир кездеги капчык толгон акчаны өкүнүү менен эстешет. А мен өзүмчү? Менин эстутумум айтып тургандай, бабамдын төрт кулу болгон, чоң атамда – сегиз, атамда – он алты болчу. Ушул он алты кул мага таандык эле. Мен кул ээлөөчүмүн деген менменсинүү сезими мени дердейтип койгон. Ал аз келгенсип, кулдардын санын эки эсеге көбөйткүм келген.

Анан минтип, жашоомдо пайда болгон Пэн уялбай этпей, ал турмак анын ата-теги кул болгонун сыймыктануу менен айтып жатпайбы. Мен аны акыл-эсинен адашып калган го деп ойлогом. Пэндин буга чейинки өткөн өмүр таржымалын мен билбейм, ал мени менен курбалдаш. Башка досторум менен таанышкан сыяктуу эле, мен аны менен да кокустан таанышкам. Дал ушул кокустук менен ал менин турмушума кирди. Бул окуя мындайча болду: бир жолу түштөн кийин университеттен кайтып келе жаткам. Өзүмдүн оюм менен алек болуп, көпүрөдөн өтүп бараткам. Артыман кууп жеткен машинада айдоочунун тынымсыз кагып жаткан коңгуроосун укпаптырмын.

Бир аз болгондо баары бүтмөк экен, капыстан эле кимдир бирөөнүн темирдей колу мени апчыды да, четке түртүп жиберди. Качан гана өзүмө келгенде карасам, арык чырай жигиттин мени камырабай тиктеп турган токтоо жүзүн көрдүм. Мен ага чын дилимден ыраазычылык билдирдим. Ал болсо мага жооп да бербей, жылмайып да койбой, болгону мени салкын тиктеди. Бул эмне деген көз караш! Андан кийин гана өзүнө өзү сүйлөп жаткансып:

– Мындан кийин сак болуңуз, – деп башын бийик кармап, басып кетти.

Биз ушинтип таанышканбыз. Бир университеттин ар башка факультеттеринде окучубуз: мен – адабиятта, ал – коомдук илимдерде. Ар башка факультеттерде лекция уксак да, көп көрүшчүбүз, кээде кыска пикир алышып, кээде кайдыгер көз караш менен бири-бирибизди тиктеп коюп, өтүп кетчүбүз. Акыры аягында жакшы тааныш болуп калдык. Биздин сөзүбүз дайыма кыска болор эле, эч качан калжыраган маанисиз сөздү кеп кылчу эмеспиз. Биз курч устарадай ойлор менен гана баарлашчубуз.

Бизди бекем достук бириктирип жаткансыганы менен Пэнди анча жактырчу эмесмин. Мен аны менен, биринчиден, мага кылган жакшылыгына ыраазы болгонумдан, экинчиден, аны дагы терең билүүгө кызыкканыман достоштум. Балким, аны сыйлачумун, бирок сезимимдин тереңинде жактырчу эмесмин. Анын сөзүндө, сүйлөө манерасында, жүзүндө жылуулук жетишпейт эле. Ал кайсы жерде болбосун өзүн тоң жана салкын алып жүргөндөй туюлчу. Мен үчүн Пэн белгисиз, ал өзү тууралуу эч нерсе айтчу эмес.

Университеттеги жүрүш-турушуна караганда аны бай үй-бүлөдөн дешке болбойт. Ал башка студенттерге үлгү боло албай турган зыкымдыгы менен айырмаланчу, европа костюмун кийчү эмес, киного, бийге барбайт. Лекция бүткөндөн кийин же окучу, же өзү жалгыз аянтта, университеттин айланасында сейилдечү. Эч качан жылмайган эмес, дайыма ойлуу жүрөр эле. Ооба, ал дайыма бир нерсеге ойлончу. Үч жыл бою бирге окуган соң, мен анын дайыма ойлонуп жүргөнүнө ишенгем.

Бир күнү чыдабай кетип сурадым:

– Эмне жөнүндө мынча ойлоносуң, Пэн?

– Сен түшүнбөйсүң, – деп, токтоо жана салкын жооп берди да, бурулуп басып кетти.

Аныкы туура: чынында эле мен түшүнчү эмесмин, ушул куракта эмне үчүн Пэн ушунчалык түнт, эмнеге башкаларга окшобойт, эмне үчүн бардык жыргалчылыктан баш тартып, өзү менен өзү болуш керек экенин билүү кыйын. Таң калыштуусу, мен ушул суроолорго жооп алыш үчүн Пэнди билип, аны түшүнгүм келчү. Ошондуктан Пэндин жүрүш-турушун аңдый баштадым: ал окуган китептерге кызыктым, жолугуп сүйлөшкөн кишилерине көз салып байкадым.

Менден башка досу да жок болуп чыкты. Албетте, анын тааныштары бар, бирок алардын эч кимисине жакындабайт жана дос да күтпөйт. Сүйлөшүп жатканда бир калыптагы суз жүзүн да өзгөртпөйт. Биз канча убакыттан бери тааныш болсок да, мага деле салкын мамиле жасайт. Ошонусу үчүн ал мага жакпайт ко.
Пэн окуган китептер менен таанышсам, ал таптакыр ыраатсыз окуганын түшүндүм, алардын көбүнүн авторун билбейт экем. Ал китептерди Пэнден башка эч ким сурабайт, китепкананын текчесинде жылдап чаң басып жатканы жаткан. Пэн болсо, анын баарын катары менен «мойсоп», бүгүн – романдарды, эртең – трактаттарды, кийинки күнү тарыхты окуйт. Ачыгын айтканда, аны окуган адабияттары аркылуу түшүнүү да оңойго турган жок: китептерди ийне-жибине чейин окумайынча, мазмунун кайдан билесиң.

Бир күнү кечинде Пэн күтүүсүздөн мага кирип келди. Биз эки жумадан бери кездеше элек болчубуз. Өткөн семестрде университетте жашабай, жакын жерден өзүмө ыңгайлуу бөлмөнү батирге алып чыгып кеткем. Бөлмө жогорку кабатта болчу, терезеси университет тарапта болгондуктан, анын алдындагы топ ойноо үчүн жабдылган аянтча көрүнүп турчу.

Бөлмөгө киргенде Пэн өзү кийип турган эски кийиминин чаңын күбүдү да, уруксатсыз эле мен жаткан аппак шейшептүү керебетиме отурду. Бир топко унчуккан жок. Столдо окуп олтургам. Башымды көтөрүп аны бир тиктеп, кайра китепке үңүлдүм. Анткеним менен менин таза керебетимде Пэндин кир кийими менен олтурганы оюмду бөлүп туруп алды.

– Чжен, сен билесиңби, азыр Кытайда канча кул бар? – деп сурады, капысынан адаттагы өзүнүн күңүрт үнү менен.

– Бир нече миллион, – дедим ойлонбой туруп. Бул сан туура же туура эмес экенин билбейм, аны жакында бир жолдошуман укканым ырас. Мындай суроо мени кызыктырчу эмес.

– Бир нече миллион? Жок, ондогон миллион! – Анын үнүнөн ачуу ыза сезилди. – Эгер «кул» деген түшүнүктү кенен түшүнүүгө туура келсе, анда кытайлыктардын тең жарымы – кулдар.

Кандай болгондо да мен кул эмесмин деген ой мени Пэнди токпейил тиктөөмө себеп болду. – Пэн эмне үчүн мынчалык капалуу.

– Сенде кул барбы? – деп капыстан тике сурады.

Мен ойлодум: «Эгер ал мени кулу жоктугум үчүн жек көрсө, катуу жаңылат, менде он алты кул бар». Эрдимде менменсинүүдөн жаралган жылмаюу ойноп кетти окшойт, мактаныч менен жооп бердим:

– Албетте, бар. Болгондо да он алты!

Ал мыскылдуу күлүмсүрөдү. Мени тиктеген көздөрүндө сый да, суктануу да жок, бир гана жек көрүү толуп турду. Ошону менен ал он алты кулга ээлик кылган адамды тоотпой турганын билдирди. Ушундай да болобу? Мен көргөн көзүмө да ишенбедим, түшүнбөгөнүм – эмне үчүн? Ушул суроо мени ойлонууга мажбурлады. Капыстан оюма кылт этти, балким, бул мени көрө албастыктан, өзүн ушундай таң калыштуу алып жүргөндүр, анткени мунун кебетесине караганда, албетте, кулу болгон эмес. Ошондо мен андан сурадым:

– Силердин үй-бүлөңөрдө кул болбосо керек?

Ал кайрадан мени тиктеди. Бул жолку көз карашы сыймыктуу сезимге толуп турду.

– Менин ата-тегим кулдар болушкан! – деди мактануу менен. Бул сөздү намыстануунун кыпындай да белгиси жок, чоң нарктуулук жөнүндө айтып жаткандай сүйлөдү.

Менин таңыркоом дагы арта түштү:

– Болушу мүмкүн эмес! Эмне байкуш боло бересиң? Сен экөөбүз доспуз да.

– Эмнеге мен байкуш болом? – деди таң калып, – мен эмне, болбогон нерсени айттымбы?

– Сен ата-тегиңдин кул болгонун ачык айтып жатпайсыңбы!

– Чынында эле менин ата-тегим кул болгон.

– А сен университетте окуп жатпайсыңбы… – Анын сөзүнө дале ишенбедим.

– Сен кулдардын урпактары университетте окубаш керек деген ойду айткың келип турабы? Сенин деле түпкү ата-тегиң эркин болгонун ким билет.

Мен төбөмө муш тийгендей башымды мыкчый кармап ордуман ыргып турдум. Мен сөөгүмө жете шылдыңга кабылгандай болдум. Пэнге басып келдим да, каардуу тиктедим:

– Менин ата-тегим сеникиндей деп ойлоп турасыңбы? Жок! Миң жолу жок! Сага айтам: атам он алты кул жумшаган, чоң атам сегиз, бабам – төрт. Байыркы ата-бабаларым да кул жумшашкан.

Ачык айтканда, мен эч нерсени так билчү эмесмин. Балким, менин бабам майда соодагер болуп, кул жумшаган эместир, анын байыркы бабалары кул болушу да мүмкүн. Бирок мен кыялымда бабамды жүздөгөн кулга ээ, туткундарды жумшаган, хансарайлуу, мансаптуу адам катары элестетчүмүн.
Кээде мактанар элем: – Менин байыркы бабамдын бабасы чоң мансаптуу адам болгон! – деп.

Анан минтип, Пэн капыстан чыга калып: «Балким, сенин ата-тегиң деле кул болгондур» – деп күйгүзүп жатпайбы. Өмүрүмдө мындай шылдың болгон эмесмин! Буга чыдабайм! Өч алам! Пэнди кыжырдануу менен тиктедим. Көз караштарыбыз кесилише түштү, капысынан, менин таң калганым, Пэндин жек көрүүгө толгон өтө суук көз карашынын алдында менин дүүлүккөнүм басаңдай түштү. Менин көңүлүмө бейпилдик келе калды. Ал мени сактап калганын ойлодум да, муну менен сылык мамиледе болгонум дурус го деген чечимге келип, ордума кайттым.

– Мен сага ишенем, – деди ал, бекем үн менен, – кул ээлөөчүлөрдүн үй-бүлөсүнөн сага окшогондордун чыгары анык, алардан мендей адамдар чыкпайт! Ошол үчүн мен өзүм менен сыймыктанам. – Анын сөзүнөн мени келекелөө ачык эле билинди.

Пэн көралбастыкка өзүн алдырып койду деген менде ишеним бар эле. Анын заары бетине чыкты. Көзүмө көрүнбөй жогол дегендей кол шилтеди.

– Сен эмне, шылдыңдагың барбы? Мен өз тукумум менен сыймыктанам, кулдардын жашоосу мага жакын… Бирок сен аны түшүнмөк белең?! Сонун үйдөгү жылуу төшөк ичинде таттуу түш көрүп жаткан сен деги эмнени билесиң? Көзүн май баскан сага окшогондордун көзүнүн ачылышын чын дилден каалайт элем…

оба, мен кулдун урпагымын! Аны жашырбайм. Кимдин урпагы экенимди бүт дүйнөгө угуза айтууга даярмын. Менин ата-энем, чоң атам, анын атасы кул болгон. Биздин тукумдан кул болбогон адамды табуу кыйын.

Бул соо эмес, – дедим ичимен. Эптеп муну узатып коюу керек, дагы бир балээни баштай электе. Аңгыча дагы сүйлөнүп кирди:

– Болуптур, сенин он алты кулуң бар экен. Сен ошого мактанып, сыймыктанып дердейип турасың. Ошол кулдарың кантип жашап жатат, сен билесиңби? Жок дегенде бир кулуңдун тагдырына кызыктыңбы? Жок! Сен аны билбейсиң, биле да албайсың! Макул, мен сага айтып берейин…

Чоң атам абдан ишенимдүү кул болгон. Анчалык ээсине берилген кулду мен өмүрүмдө жолуктурган жокмун. Жарым кылымга жакын убакыт ал каруусун казык кылып өз кожоюнуна ак кызмат кылды. Кулдун баласы болгондуктан кулчулуктун даамын жаш бала кезинен таткан. Ал улгайган курагы менен менин эсимде калды. Биз ал кезде кожоюндун үйүнүн жанындагы ит кепедей жаман тамда атам, апам, мен жана чоң атам болуп жашачубуз. Апам биздин кепеде өтө эле сейрек уктачу. Анткени ал кожоюндун аялы менен кызына кызмат кылар эле. Чоң атамды кожоюн эле эмес, ага кошулуп анын баласы да урушуп жатканын мен көп угар элем. А чоң атам болсо кыпкызыл болуп, башын төмөн салган калыбында «Угуп жатам, макул» деген сөздү тынымсыз кайталап, дагы берилип иштөө үчүн тырышат болчу. Кышында катуу шамал биздин кепенин чатырын жулуп кеткен учурларда дубалдын жыртык-тешигинен үйгө суук кирип, атам менен чоң атам жылуулугу жок эски төшөк менен катуу керебетте уктай алышчу эмес. Биз жалбырак, бутак жана кургак чөп жыйнап, от жагып жылынар элек. Ошондо чоң атам чөгөлөп олтуруп алып, башынан өткөн окуяларды айтып берер эле. Андан кийинки сөз мени тарбиялоо жөнүндө: чынчыл жана жакшы адам болуу, кожоюнга чоң атамдай берилүү, адамга жасаган жакшылык жерде калбай тургандыгы тууралуу болчу. Атам көп сүйлөчү эмес. Чоң атамдын тарбия сабагы аяктарда от да өчүп, убакыт да кеч болот. Биз үчөөбүз кучакташып, бир керебетке жатсак да таң атканча калтырап, үшүп чыгар элек. Акыры чоң атам айткан «жасалган жакшылыктын сыйлыгы» келди. Бир күнү эртең менен турган бойдон жоголуп кетти да, кожоюндун багында даракка асылып алган сөөгүн табышты. Мен анын өлгөндөгү жүзүн көргөн жокмун, апам мага уруксат берген жок, чоң атамды шашылыш түрдө жерге беришти. Ал секичеде жатканда, белине чейин жабык болчу, бир гана кир буттарын көрдүм. Ошентип, чоң атаман айрылдым да, башка аны көргөн жокмун. Ал эмнеге асынып алды? Себеби өтө эле жөнөкөй дешти. Көрсө, чоң атам өлөрдөн бир күн мурун кожоюндун баалуу буюму жоголуптур, албетте, аны чоң атам уурдап алып, сатып жиберди деп ойлойт. Чоң атам өзүнүн кожоюнуна берилгендигин, мындай ишке колу барбастыгын айтып актанат. Актанууга жооп кылып, кожоюн чоң атамды жаакка чабат да, жоголгонду ордуна келтирүүнү талап кылат. Чоң атам өзүн абийири төгүлгөндөй сезет: эми кожоюндун ага ишеними кеткендигин, өзү өмүр бою жасаган жакшылыгына ал алкыш айтпай турганын түшүнөт. Ушунун өзү чоң атам үчүн чексиз кайгы эле. Ал аз келгенсип, кулчулук турмушунда жыйнаган сокур тыйын байлыгы болбогон соң, кожоюн талап кылган сумманы да төлөө мүмкүн эмес болчу. Мына, чоң атам элүү жылдан ашык берилип кылган кызматына алган акысы ушул болду, ал курун мойнуна байлап, кожоюндун багындагы даракка асынып алды. Чоң атамдын «жакшылыкка берилүүчү сыйлык» ишеними ушундай аяктады. Кожоюндун кызматкерлери чоң атамды абдан аяшты, бирок аны күнөөлүү деп ойлошту. Мен ошентип, кулдун гана эмес, уурунун да небереси болуп калдым. Бирок өзүм чоң атамдын ууру экенине ишенген жокмун. Мен анык билчүмүн: ал абдан чынчыл адам, андай ишке эч качан бармак эмес.

Кечкисин жумуштан ырп этерге алы жок, чарчап келген атам мени кучактап жаткан бойдон уйкуга кетчү. Ошондо мээримдүү чоң атамды эстеп, уктай албай кыйналар элем. Анын боорукер жүзү элестеп, көзүмө жаш алчумун. Бир жолу мен өзүмдү чоң атамдын койнунда жаткандай сездим. Аны кыса кучактап: «Чоң ата, мен билем, сен ууру эмессиң. Мен буга ишенем!»– деп, атамды жулкулдата баштаптырмын. «Ню-эр, эмне деп жатасың?» – атам кыйкырып жиберди. (Мен букачар жылдыз белгисинде төрөлгөнүм үчүн бала кезимде Ню-эр аташчу.) Көз жашымды аарчысам, чоң атамдын элеси жоголуп, жанымда атам жатат. Мен буулугуп ыйладым. Эми атам да уктай албай, мени менен кошо ыйлап: «Сен туура айтасың, – деди, мени соорото, – Ню-эр, сенин чоң атаң ууру эмес. Уурулукту ким кылганын мен билем!» Катуу дүүлүгүп кеттим да, атамды жулкулдата баштадым: «Айт, ким ал? Айтчы! Сен билсең мага айтышың керек!» Атам кыйналып турду. Бир топко кармалып, көз жашы менен мени тиктеди да, оор үшкүрүп ызалуу үнү менен: «Эч кимге айтпайм деп, карган!» – деди. Мен каргандым. Баланын антына ишеним жок болсо да, атам мага ишенди. «Ал буюмду кожоюндун өз баласы уурдаган» – деди атам кайгылуу. Чоң атаң да муну билчү. Бирок кожоюнга айтканга батынбай койду. Чындыкты айткандын ордуна өмүрү менен коштошууну чечти. Эми чоң атаң жок, чындыкты айтуудан да пайда жок, ким ишенет?..»

Пэндин жүзүн муң басып турду. Бир азга унчукпай туруп, ызалуу жылмая кошумчалады:

– Балким, атам башка сөздөр менен айткандыр, бирок маанисин жакшы эстеп калгам. Ишенсең, мен муну ойлоп чыгарган жокмун.

Мен үнсүз баш ийкедим. Ал аңгемесин андан ары улантты:

– Мага атамдын айтканы толук түшүнүктүү болбосо да, негизи ишендим, бул жөнүндө башка сураган да жокмун. Чоң атамды жоктоп гана ыйлап жүрдүм. Бирок атам да, апам да тирүү. Мен аларды жакшы көрчүмүн, алар да мени жакшы көрүшчү. Чоң атам өлгөндөн кийин атам абдан кайгылуу жүрдү. Мен анын жылмайганын өтө эле сейрек көрчүмүн. Кышында – бир күнү кечинде атам экөөбүз отко жылынып олтурганбыз. Капысынан көчөдөн чуу чыгып калды: бирөө катуу онтоп, жардам сурап жатты. Мен чочуп кетип, атамдын мойнунан кучактап, кучагына жабыштым. Атам мени эркелете кулагыма шыбырады: «Коркпо, балам! Атаң сени менен!» Сыртта тынчып калды. Көп убакыт өтпөй атама бирөө келип, кожоюн чакырып жатат деди. Атам чыгып кетип, көпкө келген жок. Мен үйдө жалгыз калып абдан корктум. Акыры атам, апам менен келди. Экөө тең ыйлаганы жүздөрүнөн көрүнүп турат. Атам мени кучактап алып көпкө ыйлады. Мен бир нече жолу токтотууга аракет кылдым. Апам экөө өтө кайгылуу нерсе тууралуу сүйлөшүп жатышты. Эмне жөнүндө сүйлөшкөнү эсимде жок, андагы көп сөздүрдүн маанисин билчү эмесмин. Эсимде калганы: «Менин өлгөнүм жакшы. Менин тирүү жүргөнүмдөн эмне пайда? Биз кожоюн үчүн кулбуз. Биз ага дайыма айыптуубуз… биз дагы балалуу болушубуз мүмкүн, неберелүү болобуз. Алардын баары кул болот, кулчулуктан бошоно алышпайт. Уулумдун кул болуп, биздин тукумдагы кулчулукту улантышы үчүн жашашым керекпи? Андан көрө мен өмүрүмдү кожоюнга сатам. Ошондо Ню-эр окуп, адам болот…»

Пэндин көздөрү кызарып чыкты. Унчукпай туруп, кайра улантты:

– Атамдын үнү эмдигиче кулагымда жаңырып турат, аны өмүрүм өткөнчө унутпайм. Мен атамдын сөзүн сен үчүн кооздодум, антпеген күндө да, сен атамдын жүрөгүнүн ысык демин сезгендирсиң… Апам болсо жооп берген жок. Болгону атамды бекем кучактап алып: «Мени эмне үчүн таштап кеткени жатасың?» – деп ыйлай берди. Ата-энемдин эмне болуп турганын түшүнбөй мен да ыйлап жаттым. Эртең менен эрте, биз али уйкудан ойгоно электе, атамды алып кеткени келишти. Апам атамдын колуна жабышып ыйлады, апамды көрүп мен да атама жабышып ыйладым. Бизге атаң түндө бир адамды өлтүргөн дешти. Мен кантип ишенмек элем: түндө экөөбүз бирге, отко жылынып олтурбадык беле! Көчөдө чуу чыккан мезгилде мен атамдын тизесинде отургам, мени менен отурган атам көчөдөгү кишини кантип өлтүрөт? Апам кайдыгер болуп калды да, башын жерге салып, атамды алып кеткенге жол бошотту. Мен элөөрүп кеттим. Атамдын колуна жабыша баарын сурагым келди, сүйлөөгө жетише элегимде эле мени ыргыта түртүп, атамды алып кетишти. Ушундан баштап, атамды да жоготтум. Аны эми эч качан көрбөйм. Аны бир нече айдан кийин түрмөдө өлдү дешти. Апам ошол күндөн баштап кожоюнда иштебей калды. Бизди жакшыраак имаратка көчүрүштү, мен окуганга мүмкүнчүлүк алдым. Албетте, биздин бардык чыгымдарды кожоюн төлөп турду. Ал менин атамдын өмүрүн сатып алды: атам анын киши өлтүргөн баласынын ордуна өлдү (аны кийин билдим). Кожоюн убадасын бузган жок… Мени ага милдеттүү деп ойлойсуңбу? Жок, аны жек көрөм, анын баласын жек көрөм. Алар менин душманым. Алар менин чоң атам менен атамдын өмүрүн кыйышты. Бирок алардын акчасын пайдаланып жатам, ал үчүн атам өз өмүрүн берген. Мени университетте окусун деп атам өмүрүн сатты. Атам максатына жетти. Кандай болгон күндө да мени менен биздин тукумдагы кулчулуктун доору бүтүүгө тийиш.

Пэн унчукпай калды. Анын жүзүндө каардуу ыза менен бирге амалсыздык да байкалып турду. Ал өтө өкүнүчкө батып, өзүн кармоо үчүн эрдин кан чыгара тиштеп турду. Мен анын бир нерсени жашырып жатканын туйдум. Анын баякы мага ушунчалык катуу таасир этти, аны өтө курч көз караш менен «Эмнени жашырып жатасың?» дегендей теше тиктедим.

Пэн менин оюмду түшүндү окшойт, капысынан эле же уялганынанбы же ачууланганынанбы, айтор, кызарып кетти. Ал ордунан туруп бөлмөдө ары-бери басты да, кайра отурду.

– Ооба, мен сага баарын айткан жокмун, – деп улантты сөзүн. – Калганын дагы айтып берем. Бир жолу мектептен адаттагыдан эрте үйгө келсем, апам бир эркек менен керебетте отуруптур. Алар мени байкашкан жок. Эшиктин артына жашынып, мен аларды аңдый баштадым. Мени уят менен заар муунтуп турду. «Мен мектепте жакшы окуганга аракет кылып жүрсөм, апам башка эркек менен көңүл ачат турбайбы!» – деген ой жүрөгүмө октой сайылып турду. Апамды жакшы көрчүмүн, ошондуктан башка эркектин көзүнчө аны шерменде кылгым келген жок. Анын үстүнө эркектин ким экенин билдим: кожоюндун баласы. Дал ошол! Чоң атамды, атамды өлтүргөн атам, эми апамды шерменде кылганы келиптир. Ачуум келгенинен көзүм караңгылап кетти. Апам анын кулагына шыбырап жатканын да угуп калдым: «Тезирээк кетиңиз, Ню-эр мектептен келип калат». Кожоюндун баласы бир нерсе деп шыбырады эле, апам кайра баштады: «Сизден суранаарым, көп келе бербеңиз. Бир күнү балам менен кезигип каласыз. Мени аясаңыз!» Мен көзүмдү ачсам, үйдө апам гана калыптыр. Башын шылкыйта, керебеттин чекесинде ойлонуп отуруптур. Бөлмөдөн чуркап чыгып, апама бет алдым да, тизесине катуу түрттүм. Ал селт эте, кызарып кетти. Апам коркуп кетип: «Сенсиңби?» – деди. Мен аны бекем кучактадым да, жемелеп кирдим: «Уялбайсыңбы, апа! Атамдын өлгөнүнө бир жыл боло электе, сен башка эркекти таптыңбы?» Ал унчуккан жок, бирок менин башымда турган колу калтырап жатканын сездим. «Мен окууда жүрсөм, сен эмне менен алек болуп жүрөсүң. Уялбайсыңбы, апа!» Ал: – Ню-эр! – деп бир бакырып алды да, керебетке жыгылып, өксөп ыйлай баштады. Апамдын көз жашы мени бир аз жумшартты. Анын мени кандай жакшы көрөрүн, аягандыгын, мага сабак даярдашып, жакшы сөздөрү менен окуума дем бергенин эстедим. Күнөөмдү мойнума алгандай, ага кайрылдым: «Апа, мен туура эмес кылдым. Мен сенин көңүлүңдү оорутууга тийиш эмес элем. Кечир!»
Апам кыймылдаган жок. Бир топ убакыттан кийин башын көтөрдү да, мени кучактап туруп, муңкануу менен мындай деди: «Жок, Ню-эр, сенин айтканың туура. Мен сенден кечирим сурашым керек. Атаң өлгөндөн кийин сен үчүн гана жашап жүрөм. Сен болбогондо мен атаң менен кошо өлмөкмүн. Сен атаң өлөр алдында эмне дегенин унутуп калдыңбы? Ал сенин кул болбой, адам болушуң үчүн өлбөдүбү. Ал сен үчүн өмүрүн курмандыкка чалса, мен сен үчүн денемди аяп эмне кылам? Билбейм, атаңды маскара кылуу үчүнбү же башка себеби барбы, кожоюндун баласы мага дайыма асыла берчү. Чынымды айтсам, кожоюндун үйүндө иштеп жүргөндө мен андан качып жүрүп, абийиримди да, денемди да таза сактачу элем. Биз эми атаңдын өлүмүнөн кийин бул жакка келгенден баштап, ал мага көп келчү болду. Албетте, ал үчүн мен оюнмун. Эмне кылам – мен али көркүмөн кете элекмин. Биз азыр иштебейбиз, алардын акчасына жашап жатабыз. Сен окушуң керек, биз алардын акчасына муктажбыз. Мен ага жеңилүүгө мажбурмун. Анын мага келгенине көп болуп калды… Уулум, кечир мени! Сенин окууң үчүн, сени кулдуктан куткаруу үчүн апаң өзүн аямак беле?» Албетте, апам да ал кезде бул окуяны башка сөздөр менен түшүндүргөндүр, бирок мен экөөбүз сүйлөшкөн сөздөрдүн маанисин жакшы билем. Мен апамды бекем кучактадым: аны абдан жакшы көрчүмүн, андан бетер жакшы көрүп кеттим. Аяганыман айттым: «Апа, өзүңдү өзүң кыйнабачы. Мен окууну таштайм. Сени азапка салгандан көрө кул болгонум жакшы». Ал колу менен оозумду шашылыш жаба салды: «Дөөдүрөбө! Сен окушуң керек, адам болушуң керек. Апаңдын денеси кордолуп бүткөн. Сенин окууң үчүн апаң өмүр бою жапа чегүүгө даяр».

Ошол күнү кечке ыйлап олтуруп, апам мени окууну таштабоого көндүрдү. Кийинки күнү адаттагыдай мектепке кеттим да, экинчи бул темага кайрылган жокмун. Окууну өтө кунт коюп, абдан тырышып окудум. Билим – акыры мени эңсеген жериме жеткирерине ишендим. Атамдын биздин тукум кул болбосо экен деген тилеги орундалса дедим. Бирок жашоонун ачуу чындыгы өз түйшүгү менен жаныма батты, өткөндүн элеси жүрөгүмө уу тырмагын матырып турат. Жашоо азап, айрыкча кулчулуктан бошонуу үчүн жан талашкан адамга бөтөнчө азап. Канткен менен жүрөгүмдө үмүт жашады, апамды абдан жакшы көрчүмүн, ошону үчүн баарына чыдадым. Кожоюндун баласы көп келди, ал эмес менин көзүмчө да келчү. Апам аны кабыл алчу. Канчалык жек көрсөм да, анымды өзүнө айта албадым. Ал кетери менен апам башкача боло калар эле. Ыйлаганын такыр токтоткон жок, аны сооротуу да мага чоң түйшүк болчу. Апам мындай жашоого көпкө чыдай алмак эмес. Бактыга жараша, төрт-беш айдан кийин кожоюндун баласы өзүнө жаш күң тапты да, бизге келбей калды. Бир нече жыл мен кеткенге чейин тынч жашадык. Апам каза болорго жакын абдан кыйналды. Аны мен университетти бүтөөргө чейин жетпей калчудай болгон өмүрүнүн аздыгы, ошол күнгө жетүү үчүн өзүн курмандыкка чалган күндөрү санаага салды көрүнөт. Аны кантип сооротот элем? Болгону, көкүрөгүнө башымды коюп, өксүп ыйладым. Апамдын көзү өткөнүнө үч жыл болду. Аны дайыма эстейм. Чоң атам менен атам да көз алдымда элестеп турат. Алардын аянычтуу жашоосу жөнүндө ойлоном да, кайра өзүм менен өзүм сыймыктанам. Чоң атам кул болгондугу менен сыймыктанам, ал үчүн уяла турган тырмактай себеп жок! Чоң атам асынып өлсө да, атам жалган жалаа менен түрмөдө өлсө да, апамдын абийири булганса да, аларды адепсиз деп эч ким күнөөлөй албайт. Алар бирөөгө жамандык кылдыбы?.. – Пэн кыйкырып жибере жаздады: – Кааласаң сен аларды күнөөлө, шылдыңда! Эгер алардын жүрөгүң билсең… Алардын жүрөгү алтын, аларга тете жүрөктү таба албайсың! Көп учурда түн жарымынан ооганга чейин мен аларды кирпик какпай ойлоном. Бир ой гана жаныма тынчтык бербейт. Кайсы бир жерлерде миллиондогон кулдар бактысыз жашоосуна ыйлап жатат; алар да менин чоң атама окшоп азап чегип жатат. Азыр да кожоюндар уйкунун кучагында жатканда, кайсы бир кулдар жалган жалаанын азабын тартып, асынып өлүү үчүн таңды күтүшөт; башкалары кожоюндарынын ордуна күнөөнү мойнуна алып, түрмөгө качан алып кетерин күтүшөт; алардын кыздары кожоюндардын койнунда жатышат, атасын акыркы жолу кучактаган балдар чыркырап ыйлашат. Ушундай минуталарда жүрөгүм чексиз жек көрүүгө толуп чыгат да, сага окшогон кул ээлөөчүлөргө каргыш айтам! Алардын бирин калтырбай кырып салганга даярмын! Силер менин чоң атамды курмандыкка чалдыңар, силер атамдын өмүрүн сатып алдыңар, апамдын абийирин булгадыңар. Алар эчак арбакка айланды, а силер али жашап жатасыңар. Мен силерден өч алышым керек…

Анын өңү сүрдүү эле. Ордунан туруп, мени көздөй басты. Коркуп кеткенимден кыйкырууга даярданып, коргонууну ойлондум. Бирок ал терезеге келип, көчөнү тиктеп калды. Капысынан эле бир нерсени сөөмөйү менен көрсөтүп, каардуу бурк этти:

– Кара!

Ал көрсөткөн багытка көз чаптырсам, топ ойноочу аянтта түңкү чырак жаркырап турат, жарым жылаңач чет өлкөлүк кыз билет сатып жатат. Ошондой эле жигиттер менен кыздар көңүлдүү кирип баратышат.

– Биз, тер төккөнчө иштейбиз, асынабыз, түрмөдө өлөбүз, аялдарыбыз шерменде болот, балдарыбыз ыйлайт. А тигилерчи? Алардын биринде да уят жок!

Пэндин каарданган үнүн угуп олтуруп, капыстан көзүм ачылгандай болду. Кыялымда трагедиялуу көрүнүштөр көз алдыма тартылды. Буга чейин кулдардын санын тынымсыз көбөйткүм келчү эмес беле? Он алтыдан – отуз экиге, андан ары дагы… Сандар менин жолумду тосуп калгандай. Өзүмдү кожоюндун баласындай сезип кеттим, бирөөнүн чоң атасына жалган жалаа жапкандай, атасын өлтүргөндөй, энесин кордогондой. Жанымды коркунуч басты. Күнөөлөрүмдүн жообун берчү мезгил келгендей коркконуман кыйкырып жибердим.

– Сага эмне болду, Чжен? Эмне кыйкырасың? – Пэн жумшак сурады.

Мен бир топко сүйлөй албай, көзүмдү гана сүрткүлөй бердим.

– Сен менден коркуп турасыңбы? Өзүң билесиң да, менин сага жамандык кыла албасымды, – деп келекелеп жаткандай жылмайды.

Өзүмө келгенден кийин гана ага карадым, ачуусу таркап кетиптир.

– Пэн ,– дедим таң калыштуу. – Эмне үчүн баягыда мени өлүмдөн сактап калдың эле? Мен да кул ээлөөчү, сенин душманың эмесминби. Эмнеге мени машинага тебелеткен жоксуң?

Ал көпкө ойлонуп калды. Анан жылмайып, ызалуу жооп берди: Менин денемде кулдун жүрөгү согуп турат ко.

Жандүйнөм селт эткендей катуу толкундап кеттим, көз жашымды араң тыйып, Пэнди үнсүз тиктедим.

Ал мени түшүнбөй калды деди окшойт, пикирин дагы чечмелеп кирди:

– Өз бактысынан кечип, башкаларга бакыт каалоону, өз эрки менен башкалар үчүн өмүрүн курмандыкка чалууну – кулдун жүрөгүндөй жүрөгү бар адамдар гана жасай алат. Мындай жүрөктү бабам – чоң атама, чоң атам – атама, атам – мага берген.

Ал көкүрөгүн сөөмөйү менен сайып турду. Пэндин көкүрөгүнөн оттой кызыл чоң жүрөк көрүнө түшкөндөй болду. Мен башымды төмөн салып, кооз көйнөгүмдүн ичиндеги өз жүрөгүмдү тиктедим.

– Бул, кулдун жүрөгү!.. Кулчулук психологиядан качан кутулам? – деди Пэн. Анын сөзүндө аргасыздан үмүтсүздүк сезилди.

Кулагымды эки колдоп басып алдым. Менде жүрөк, кулдун жүрөгү жок окшойт. Коркуу, уялуу, кайгы сыяктуу сезимдер толкуну мени басып алды. Пэндин качан чыгып кеткенин да байкабай калыптырмын.
Ошондон кийин Пэнди сейрек көрүп калдым. Ал өзүн таң калыштуу алып жүрө баштады: аянтта да көрүнбөйт, университеттин айланасында да сейилдебейт. Жашаган үйүнө да сейрек келчү болду. Биз бири-бирибизге бөтөн боло баштадык. Бир топ убакыттан кийин Пэнди унутуп да койдум. Өзүмдүн досторум, өзүмдүн кызыгуум бар эмеспи. Киного барчумун, бийге барып бийлечүмүн, кыздар менен топ ойночумун. Кулдар жөнүндө сөз болгондо мен мактаныч менен:

Менде он алты кул бар. Буюрса, отуз экиге жеткиремин! – деп жүрдүм.

Университетти бүткөндөн кийин көп жыл өтпөй эле менин тилегим орундалды: отуз эки кулдуу болдум. Алар мага жана менин үй-бүлөмө ак дилден кызмат кылып жатышты. Мен болсо бактылуумун, ыраазымын, жетиштүүмүн! Пэн мага бир кезде айтып берген кулдардын тарыхын деле унутуп калдым.

Бир күнү аялым менен бакта таза аба жутуп жүргөнбүз, беш кулум менден тапшырма күтүп жанымда болчу. Жаңы гезиттерди карап олтуруп, Пэн аттуу революционердин атылганы жөнүндөгү кабарды окудум. Аты да дал келип турат, мен унутуп койгон ак ниет адамымды эстедим. Анын айткандары кайрадан эсиме түштү да, эми биротоло кулдун жүрөгүнөн ал кутулган экен деген ойго кеттим. Мындан ары анын урпактарында кулдун жүрөгү болбойт. Балким, бул Пэндин бактысыдыр. Мен анын өмүрүмдү сактап калганын да эстегенимде, эрксизден көңүлүм чөгө түштү. Гезитти башаламан барактадым. Бир топко ойлоно түштүм да, оор үшкүрдүм.

– Эмнеге үшкүрөсүң, сүйүктүүм?

Аялым тынчы кеткен көз караш менен колумду назик сылады.

– Жөн эле, – дедим. – Бир курсташым курман болуптур. Байкуш!

Аялымдын камкор, сулуу жүзүн тиктегенимде, анын бакырайган чоң көздөрү мени баарын унуттуруп салды.

Которгон Үмүт КУЛТАЕВА
«Жаңы Ала-Тоо» 2013, 5 (49)

One Reply to “Ба ЖИН: Кулдун жүрөгү”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *