1958-жылы Борис Пастернакка адабият боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылат. Мына ушул күндөн тартып акынга бүткүл СССР боюнча куугунтук уюштурулат. Бийликтегилер ортомчу жиберишип, артынан түшүүлөр токтош үчүн сыйлыктан баш тартуусун талап кылышат. Борис Леонидович сыйлыктан баш тартат. Төмөндө сиздерге Пастернактын Нобель сыйлыгына татыктуу болгон “Доктор Живаго” романындагы кээ бир учкул ойлору менен тааныштырабыз. Адабият аткаминерлери романдан советтик түзүлүшкө каршы эмнелерди тапканы балким, ушул ойлордо катылып жаткан чыгар… 

* * *
Адам жашоого даярдануу үчүн эмес, жашоо үчүн төрөлөт.
Биз өтө жакшы көрүп, аздек туткандар бизге канчалык курмандык сыяктуу сезилген сайын, биз аларды ошончолук сүйөбүз.
Жарыкчылык кандай жакшы! Бирок эмне үчүн мындан дайыма жүрөк сыздайт?
Эгерде сенин арызданар жана өкүнөр эч нерсең болбосо, мен сени мынчалык сүйбөс элем. Мен сөзү дайым туура чыккан, жыгылбаган, чегинбегендерди жактырбаймын. Алардын жакшылыгы өлүк сындуу жана баасы арзан. Аларга жашоонун сулуулугу ачылган эмес.
Ар кандай үйүрлөшүү – идиреги жоктордун баш калкалоочу жайы.
Эң башкы кырсык – келечектеги жамандыктын тамыры, өз көз карашыңдын баасына болгон ишенимдин жоголгону.
Мунун коркунучтуулугунан улам, бул болбойт деп айта албайбыз.
Чындыкка кайдыгер адамдарды жактырбайм.
Эртең менен ал башка адам болуп, бирок ысымы дагы деле ошол экенине таң калуу менен ойгонду.
“Кылмыш жана жазанын” барактарындагы искусство Раскольниковдун кылмышынан да көбүрөк толкундатат.
Жашоонун табышмагын, өлүмдүн табышмагын, залкардын кереметин, ачылуунун кереметин, муну биз түшүндүк. А жер шарын кайрадан бөлүштүрүү сыяктуу майда-барат кыжың-кужуңдар болсо, кечирип коёсуз, бул биздин жумуш эмес.
Күчтүүнү жүзү каралар менен алсыздар жеңет.
Эмне үчүн маңдайыма ушундай тагдыр жазылды экен, баарын көрүп турам жана баардыгы үчүн ооруй берем?
Өмүрдү жашоо – талааны кесип өтүү эмес.
Мына сиз, кайрадан жараламбы деп кооптоносуз, бирок сиз туулуп жатканда эле кайра жаралгансыз жана муну байкаган жоксуз.
Лев Николаевич адам канчалык сулуулукка берилген сайын, жакшылыктан ошончолук алыстайт дейт.
Жакшысы, эч качан ашыкча сүйлөбө. Бул түбөлүк чындык. Сөз – күмүш, а унчукпоо – алтын.
Аял өзүнөн сурады: сүйгөн жан да кемсинтеби?
Бой жеткен эркек тиштенүү менен туулган жердин тагдырын тең бөлүшүүгө тийиш.
Мен укмуштуудай, өтө кумардануу менен жашагым келет, а жашоо деген дайым алдыга, асылдыкка, мыктылыкка умтулуу жана ага жетүү.
Меш жагуу сизге роялда ойноо эмес. Аны үйрөнүү керек.
…качан жашоону өзгөртүү тууралуу укканымда, өзүмдү жоготуп, үмүтсүздүккө курчалам.
Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *