Оскар Уайльддын башка афоризмдери береги шилтемеде: АЙЫРМА
Ишенимге дин кандай муктаж болсо, атеизм деле ошол.
* * *
Биздин доорду идея эмес, абройлуулар башкарып калды.
* * *
Коомубуздун кайсы катмары акча жөнүндө көп ойлонот? Байлар эмес, кедейлер. Кедейлер күнү да, түнү да акчаны ойлоп, ичкендери ирим.
* * *
Орусияда реформадан башканын баарын жасаса болот.
* * *
Дүйнөдө эң зор окуя эмне? Адам баласынын мээсиндеги өзгөрүү.
* * *
Ким бирөө ишеним үчүн жан кыйгандан эле чындык далилденбейт.
* * *
Өз кемчилигин көпчүлүгү сабак болот деп эсептейт.
* * *
Кылгылыкты кылып койгондор зымпыйма болушат. Алар кыл жип менен бууп койгон иштерин дайыма зымпыйган калыпта жашырып жүрөт.
* * *
Эгерде бардык көзүр колуңдабы, куулук-шумдугу жок ойно.
* * *
Кайраты боштор гана азгырыкка тез оойт деп ойлошот. А мен баардык опурталдуу азгырыкка жеткирген азгырыктан баш тартпаганга тобокел кылыш үчүн да чоң эрк керектигине баарыңарды ынандыргым келет.
* * *
Мен азгырыктан башканын баарына туруктуумун.
* * *
Менимче, жаратылыштын негизги озуйпасы – акындардын саптарын шөкөттөгөндө.
* * *
Искусство адамдары аял-эркекке бөлүнөт, искуство аял-эркекке бөлүнбөйт.
* * *
Искусствонун максаты – сулуулук көрүнүп, сулуулуктун артындагы сүрөткери көрүнбөйт.
* * *
Мени адамдардын принциби эмес, өздөрү кызыктырат. Анткени принциптүү адамдар зериктирме болот.
* * *
Мага принцип эмес, олку-солкулук жагат.
* * *
Жашоо – укмуштуу театр, бирок репертуары өтө начар экени гана кейитет.
* * *
Журналистика – уюшуп алып бирөөлөргө көө жабуу.
* * *
Үч томдук романды ким болбосун жазат. Анүчүн сөзсүз эле жашоону да, адабиятты да терең түшүнүүнүн кажети жок.
* * *
Сынчы окурманды окуганга шыктандырса, жазуучу сынчыны шыктандырат.
* * *
Жижиң калемгердин ойлонгонго убактысы жок.
* * *
Китепти мурда жазуучулар жазып, окурмандар окуур эле. Азыр китепти окурмандар жазат, а окуй турган адам жок.
* * *
Ыйманыңды тазартып же бузуп жиберген китеп болбойт. Жакшы жазылган же жаман жазылган гана китептер бар.
* * *
Ыңгайсыз суроо эчнерсе эмес, ыңгайсыз жооп жаман.
* * *
Коом арампөштөрдү жаратып, а билим тармагы жалаң арампөштөрдү акылдуу кылып чыгарууда.
* * *
Элеттиктердин турмушу эң сергек, анан жөнөкөй: иш көп үчүн үрүл таңда турушат, кайра эртеле укташат. Себеби, эчнерсеге баштары оорубайт.
* * *
Ой – опурталдуу. А опурталдуу эмес ойду ой деп эсептебейм.
* * *
Экзамен алгандардын арасында орошон ойчулдар жооп бералбас суроолорду жаадырган мээси бөксөлөр толтура.
* * *
Букаралар качан болсо азап тартып келген, алардын уңулдаганын угузбагыла. Мага генийлер көргөн азапты айткыла, ошондо көзүмөн жаш эмес, кан агызайын.
* * *
Өткөнчак, урурчак, келерчак – Теңир үчүн бир эле көзирмем. Биз ошол көзирмемде жашап калууга аракет кылышыбыз керек.
* * *
Дин жалаң кеңири жайылган жасалма ишенимдерден куралат.
* * *
Балаңды мыкты тарбиялагың келсе, бактылуу кыл.
* * *
Адамды социалист болууга чакыруу – болбогон сөз, бирок социализм жашоосуна жетүү – улуу иш.
* * *
Баарыңды сүйөм дегендер бириңди да сүйбөйт.
* * *
Сүйүү жок нерсеге убада бердирип, жок нерсеге ишендире берет.
* * *
Сүйүү жөнүндө акындар көп алжый бергендиктен – ишенимден чыкты. Андыктан, сүйүүгө ишенгендер да азайды.
* * *
Мейманга келген адам – мейман тоскон адамдын дасмалга жайганы менен кошо убактысын да жейт.
* * *
Коомдун төмөнкү катмарынын пайдасы – биз алардан дайыма жакшы үлгү алабыз.
* * *
Чындыкты айтаарсың, бирок эртеби-кечпи, калп менен өзүң да жарга такаласың.
* * *
Билимге зар болуу – көп жылдык билимиңдин жемиши.
* * *
Шектүү ой – ишеним босогосу.
* * *
Карылар баарына ишенет, орто жаштагылар баарынан шектенат, жаштарың эле баарын билет.
* * *
Карылыктын кайгысы карылыкта эмес, көкүрөк жаш бойдон калганында.
* * *
Адамзаттын жарымы Кудайга ишенбейт, жарымы мага ишенбейт. Ай-ай-а-аай!
* * *
Чыкыйта байланган галстук – турмушка болгон биринчи олуттуу кадам.
* * *
Билимге каныккан адам башкаларга, даанышман өзүнө-өзү каршы сүйлөйт.
* * *
Кудай сыяктуу эле сүрөткер да өз кадырын кетирбеши керек.
* * *
Жаза колдонуу канчалык азайса, кылмыш да ошончолук азаймак.
* * *
Кызыл кулактар баарынын баасын билет, бир гана рухий дөөлөт баасын билбейт.
* * *
Колумдагы курбоосу алтын чылымдын баасы кудай ургандай кымбат. Бирок мен муну карызга мойнуман баткан кезде гана чегем.
* * *
Бекерпоздуктан өткөн оор иш жок.
* * *
Жашоого эмне үчүн татыктуумун? Дайыма өзүмдү өзүм таңгалтырып жүргөн үчүн.
* * *
Жашоого караганда чындыгы көбүрөк үчүн театрды сүйөм.
* * *
Англияда аба ырайынан башканын алмашканын каалабайм.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *