«РухЭш» сайты учурдагы кырдаал боюнча «Текебаевдин кылмыш ишине баруусуна ишенесизби?» деген соболго коомчулуктун түрдүүчө катмарынын пикирин чагылдырууну көздөйт. Бул туурасында коомчулуктун пикири кандай?..

Назгүл БЕЙШЕКЕЕВА, убактылуу жумушсуз: Өмүрбек Текебаев эмне себептен эч бир бийликтин тушунда тилин тишине каткан саясатчы болгон жок? Себеби, артында калбыры жок адам гана эр жүрөк болот, тайманбайт. Эгер кылгылыкты кылып келген болсо, тымпыйып, Атамбаев менен тил табышып жүрө бермек. Эми аны быйылкы бийлик талашта чоң атаандаштык жаратпоо үчүн гана көз көрүнөө жалаа менен болсо да эптеп камакка алып, шайлоого катышуу мүмкүндүгүнөн ажыратуу керек болуп калды көрүнөт. А башка атаандаштарды саясый оюндан четтетип коюу — анча чоң кыйынчылыкты жаратпайт. Азыркы бийлик жалгыз коркунучтан кутулуунун аргасын табуу максатында гана Текебаевди камакка алууга барды деп ойлойм…

Темир БИРНАЗАРОВ, кинорежиссер: Эгер Текебаевдин кылмышы болсо соттолсун! Кылмышы жок болсо акталсын!

Алмас ТУРДУМАМАТОВ, журналист: Кылмыш ишине барган же барбаганын айта албайм. Аны Жараткан менен ал киши өзү эле билбесе. Кеп, белгилүү мамлекеттик, саясый ишмердин күч колдонуп кармалышы, мыйзам бузуу менен суракка алышы мени нааразы кылды. Аны чагылдырууга барган журналисттерди да кармап кеткени өкүнтөт. Бул окуяда акыйкаттыкты орнотуу эмес, бийлик башындагылардын аракети – мамлекеттик аппаратты жеке өч алуу үчүн колдонуп жаткандай ой калтырат.

Улукбек БЕРДАЛИЕВ, студент: Текебаевдин колунан ар нерсе келет, бирок кылмыш ишине аралашканын биз көрбөдүк, билбейбиз дагы. Аны бир гана өзү жана Аллах билет.

Адахам АХКАМ (Шамсуддин ХАКИМОВ) публицист, жазуучу: Дүйнөдөгү эч бир дебил (аңкоо) эч кимге «за обещание» бир миллионду карматып койбойт.

Ренат РАИМБЕКОВ, «Алиби» гезитинин коммерциялык деректири: Тергөө көрсөтөт деп ойлойм. Орусия жарандарына ишенбейли десек, Өмүрбек Абдрахманов чырылдап көрсөтмө берип атат. Эгерде Текебаев чыны менен күнөөсүз болсо, анысын тергөөдө же сот иштеринде далилдейт деп ойлойм. Бир гана жери – УКМК кызматкерлери аша чаап, калпыстык кетирип, элдин нааразычылыгын күчөтүп ийишти. Мындай иште атайын дайындыктагы кызматтар өтө кылдат мамиле кылуусу керек эле. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Эмнеси болсо да элибизде тынчтыкты сакташыбыз керек.

Назира СААЛАЕВА, журналист: Ишенбейм! Анткени, кагаз жүзүндө факты жок болуп атпайбы. Оозеки айтып койгон, анда дагы афералык иш менен издөөдө жүргөн Леонид Маевский деген шылуундун айтканы менен кармалып, камалып отурат. Анан ага ким ишенет? Бул жөн гана саясый атаандаштан арылуунун аргасы.

Айбек МЫРЗА, жаш саясатчы: Муну ачыктан ачык саясый куугунтук деп эсептейм. Бийликти сындагандарды коркутуунун жолу. Текебаев айтпады беле: «Мен Атамбаевдин чет мамлектте байлыгы тууралуу маалымат берем» деп. Аны ошого жеткирбей камап коюшканынын себеби, чындыкты жаап жашырууга болгон бийликтин акыркы аракети. Жеке бийлигин сактап калуунун далбасасы…

Райымбек ОСМОНБЕКОВ, ардагер: Бул иштин кылмыш экенине ишенбейм. Атамбаев өз өлкөсүнө чоң кылмыш иштерин уюштурган адам, ага эртең эл да өз жазасын берерине мен терең ишенимдемин! А Текебаев андай кылмыш иштерди уюштурууга эч качан барбайт болчу.

Бейшенбек БЕКЕШОВ, журналист: Бул да азыркы бийликтин кезектеги шыпыргейттеринин бири. Президенттик шайлоого жеткирбей жолду шыпырып, Текебаевден кутулуунун гана акыркы аргасы.

Жылдыз КАМЧЫБЕКОВА, Россияда жашаган мигрант: Текебаевдин кылмыш ишине баруусуна ишенем же ишенбейм деп айта албайм, аны убакыт көрсөтөт… Бирок Маевскийдин далили жок каралоосу күмөндүүлүк жаратканынан улам, муну атайын уюштурулган кезектеги саясый шоулардын бири го деп ойлом…

Назгүл ОСМОНОВА, акын, котормочу: Ушул собол менин да башымды маң кылып турган учур. Акыйкатты айткан жалгыз Текебаев деп келаткам, анан эле миллион алды деп кайдагы бир орус жер карап сүйлөп атса, чынын айтыш керек, ойлонууга мажбур болдум. Бирок митингге Текебаев үчүн эмес, чындык үчүн чыгар элем.

Курманбек МАМБЕТОВ, журналист: Тийиштүү документтерди, материалдарды көрбөгөндөн кийин ишке алдын ала ишенем, ишенбейм деп айтыш туура эмес го.

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА, журналист: Кылмыш кылганына жана ага каршы көрсөтмө берген адамдын айткандарына ишенбейм. Себеби, Текебаевге каршы көрсөтмө берген Маевский адамды каралоо жагынан уста экени, буга чейин да ушундай иштер менен алек болгону ачыкка чыкты. Өкүнүчтүүсү, жогору жактагылар эл жийиркене турган иштер менен алек болгон адамдардын айтканы боюнча кылмыш иш козгоп, ак карасын ылгабай туруп камап, кырдаалды чыңалышына шарт түзүп жатканы капалантат. «Ак ийилет бирок, сынбайт» демекчи Маевскийдин каралаганы кези келгенде эч кандай мааниге ээ болбой калышы толук мүмкүн. Маевскийдин айткандары анын буга чейинки тарыхын жок кыла албайт, кылмыш иш козголсо да, козголбосо да Текебаев жаштарга үлгү болгон, демократиянын көч башындагы лидери бойдон кала берет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *