№4

Адам космоско жетип, акылынын чеги аалам чапчып турган бүгүнкү күнгө чейин аялзатына болгон мамиле айрым элде дагы деле байыркы замандагыдай болуп келет. Мисалы, Африкадагы Чад деген мамлекетте, Сомалиде, Малиде, Борбордук Америкадагы Гватемалада, Афганстанда, Пакистан, Ирак, Индиянын айрым жерлеринде кыз-келиндер кордолуп, басмырланып, кемсинтилип, зордук-зомбулуктун бутасына айланган. Ал жерлерде кыз болуп төрөлүп калганы үчүн гана азап тартышат. Ошол кыз акыры анын энеси боло тургандыгы эч кимдин оюна да келбейт.

Батыш өлкөлөрүндө аялдар эркектер менен тең укукта. Андай бакытка ошол өлкөлөрдүн кыз-келиндери ал мамлекеттер цивилизацияга жеткенден кийин гана ээ болушкан. Айрым жерлерде дагы деле тең укук сакталбай, гендерлик маселе ушул күнгө чейин күн тартибинен түшпөй келет.

Ал эми кыргыздарда байыртадан эле аялзатынын үй-бүлөдөгү орду өзгөчө бааланган. Кыз баланын келечекте жакшы аялзаты болушу үчүн кам көрүп, “Кызга кырк үйдөн тыюу” деп аны бүтүндөй айыл тарбиялаган. Жакшы эне болууга жаштайынан үйрөтүшкөн. Анткени, аял үйдүн куту, кыймылдаткыч күчү, баарыдан мурда – эне. Энеден өткөн ыйык да, бийик да зат дүйнөдө жок. Үй коломтосун өчүрбөй бактылуу турмушту камсыз кылууда аялдын ролу эбегейсиз зор. Ошондой болсо да аял эркекке баш ийип, акылы менен эркекти имерип, ынандырган. Күйөөсүн пир туткан, аны сыйлап, туу көтөргөн. Аны көргөн балдары ата-эненин эбинен чыккан эмес.

Үй-бүлө ынтымагы ошонусу аркылуу ширелип, абийир, адеп, салт, нарк, каада өз жолунда өкүм сүргөн. Акылгөй аялдар назик, ак көңүл, кең пейил, жароокер келип, жаман эркекти орто кылган, ортону жакшынын катарына кошкон. Ошонусу менен өзү да эрге теңелип, эл-журтка алынган. Андай аялдар үй-бүлөнү эле эмес алыс-жакынды да ынтымакташтырган. Ага ушунусу менен капкалуу шаарга айланып даңазаланган Каныкей, Акылкарачач, Курманжан энелерибиз күбө. Акылдуу аял кызы төрөлгөн күндөн баштап тарбиялаган. Башкага бүлө болгондо уят болбошу үчүн аракеттенген. «Жакшы аял жаман эрди эр кылат,\Жаман аял жакшы эрди жер кылат» деген накыл кеп турмуштук тажрыйбадан улам чыкса керек.
Ал эми эси жок аялдардын албууттугу, ажаандыгы, кара өзгөйлүгү, тилдүүлүгү, үй-бүлөнү жеке өзү башкарууга аракеттенүүсү, күйөөсүн теңсинбөөчүлүгү, көйрөңдүгү, кара мүртөздүгү, ажаандыгы, долулугу, митайымчылыгы, өжөрлүгү, көктүгү, ичи тардыгы, ушакчылыгы, ит кыялдыгы үй-бүлөнү гана бузбастан балдарга, ал түгүл коомго да терс таасирин тийгизээри анык. «Уулдан уят, кыздан кылык, келинден келбет, кемпирден сымбат кетти. Карылардан кут качты», — деген сөздүн төркүнү биринчи кезекте үй-бүлөгө тиешелүү болсо керек.

Азыр үй-бүлө куруу мотивдери, баалуулуктар өзгөрүп, материалдык баалуулук биринчи планга чыкканы тынчсыздандырат. Мурда сүйүү, махабат биринчи орунда турса, азыр социалдык абал алдыга чыкканы, кыздардын экинчи, үчүнчү аял болууга өздөрү аракет кылгандары, жигиттер жашы улуу бай бой аялдардын үстүнө кирип алып, кыйналбай оңой жашоого бет алгандары жакшы көрүнүш эмес.

Ушундай болбос үчүн кыргыздын аялзатына карата нарктуу мамилесин жандандырышыбыз керек. Ал үчүн кыздарды кичинесинен эле адамдар менен мамиле түзүүгө, келген мейманды күтө билүүгө, өз боюн тыкан кармап, чыкыйып кийинүүгө, үй оокатын өз алдынча жасаганга, тамак-аш жасоого, кийим-кече бычтырып, тиктирип, эненин узчулугун аркалоого, китеп окуп ой өрүшүн кеңейтүүгө, чындыкты сүйлөп, түз жүрүүгө, ушак айтпоого, ууру кылбоого, келечекте бакыбат жашашы үчүн жаштайынан аракет кылууга үйрөтүшүбүз керек. Ал үчүн өзүбүз дагы үлгүлүү жүрүм-турумда болушубуз абзел. Ошондо гана алар жакшы тарбия алат, үйдүн бекем туткасы, уюткусу болууга даяр болуп чыгат.

Кыргыз эли эзелтеден эле тукумга, энесине өтө маани берип, тектүү жерден кыз издеген. Буга “Энесин көрүп, кызын ал, эшигин көрүп, төрүнө өт”, “Эндик көргөн бет эмес, эне көргөн кыз эмес”, “Бир тукумду эне оңдойт, бир тукумду эне бузат”, “Атасы жаман аста-аста оңолот, энеси жаман эзели оңолбойт” ж.б. макалдары күбө. Илим бүгүнкү күндө гана ДНК хромосому 7 ата өткөндөн кийин гана тазаланаарын билсе, кыргыздар байыртадан эле билип, 7 ата өтмөйүн кудалашкан эмес. Алыстан кыз издөө, башка улутка үйлөнүү салты мурда эле болгон. Мисалы, Жакыптын уулу Манаска аял алып берүү үчүн кыз издеп, тажик элинин кызы Санирабиганы (Каныкей энебизди) табышы. Демек, байыркы ата-бабаларыбыз мурдатан эле генефондду жакшыртууну, эки элди жакындаштырууну да эстеринен чыгарышпаптыр десек жаңылышпайбыз.

Кыргызда күйөөсү өлгөн аялды кайнисине же кайнагасына, аялы каза болгон эркекке балдызын алып берүү салты да кеңири жайылган, бул жетим калган балдардын кор болбой, туугандарынан ажырабай жакшы тарбия алышына шарт түзгөн, анын үстүнө балдарды жетимсиретпей тарбиялоо алардын милдети болгон.
Жеңелердин кызды, жигитти үй-бүлөлүк турмушка даярдоодо, өз теңин таап берүүдө орду чоң болгон.

зыркы кезде үй-бүлө күтүүнү жаштардын өз колуна берип койгонубуздан көптөгөн жигиттер кеч үйлөнүп, кыздар кара далы болуп калууда. Бирок, бүгүнкү күндөгү турмуш чындыгы жаштардын үй-бүлө курушуна ага-туугандардын кайдыгер болбой, мурунку салттардын айрымдарын калыбына келтирүү зарылдыгын каңкуулап турат. Ошондонбу азыркы кезде сөйкө салуу сыяктуу салттар кайрадан жанданып келатышы да көңүл бурууну талап кылат.

Элде калың берүү каадасы бар. Калыңдын негизги максаты – жаңы үй-бүлөнүн өз алдынча түтүн булатышына шарт түзүү, күнүмдүк жашоого зарыл болгон буюмдар менен камсыз кылып, аларды өзүнчө бөлүү. Калың ушул үчүн берилип, ал сеп даярдаганга кошумча болгон (калың берип кызды сатып алуу деген совет учурунда бурмаланган түшүнүк).

Сеп – күйөөгө кеткен кызга ата-энеси берүүчү колго жасалган көркөм буюмдардын жыйнагы. Кыздын барган жери жаңы келиндин уздугун, ишмердигин себинен эле баамдашкан. Анткени, сеп даярдоонун эң башкы максаты – кызды тестиер кезинен эле өз себин өзү камдоого даярдоо менен узчулукка үйрөтүү. Кыз энесинен, эжесинен, жеңелеринен, айылдагы чеберлерден сайма саюу, шырдак шыруу, чий чырмоо, курак куроо, килем токуу сыяктуу элдик өнөрдүн сырларын үйрөнгөн. Ошентип сеп даярдоого кыздын өзүн катыштырып, ата-бабалардан калган таберик буюмдарды жасоонун учугун улоо салтын унутпашыбыз керек. Демек, сеп даярдоо өзүнчө эле узчулуктун мектебинен өтүү болгон. Келиндин чоркок чыгышы энени, ал түгүл бүтүндөй айылды жер караткан.

Кыз баланы кыргыз өтө сыйлаган, төргө өткөзгөн. Атка учкаштырган эмес, ээрге мингизген. Кыз баланы мейман, бөлөк үйдүн бүлөсү деп катуу сөз айтпаган. Кызды күйөөгө узатууда чоң энеси, энеси, эже-жеңелери, сиңди, курдаштары өздөрүнүн тарбиялык маанидеги каалоо-тилектерин, насааттарын кошок түрүндө айтышкан. Бул бир чети кыз өзү туулуп-өскөн үйүнөн биротоло башка үйгө бүлө болуп кетип жатканына байланышкан коштошуу болсо, экинчиден калайык-калктын көзүнчө айтылган акыл-насаат, кеп-кеңеш, каалоо-тилек, барган жеринде адептүү, чыйрак болууга, күйөөсү, кайната-кайненеси, абысындары менен ынтымактуу жашоого үндөгөн чакырык, кайындарына кийинки тагдыр-тарбиясын табыштоо болгон. Барган жери туулган үйүндөгүдөй болбосун, ошондуктан аны тарбиялап алууну эскерткен. Бул улуу сөздөр жаш колуктунун эсинен кетпей, жаңы барган жеринде адептүү болууга, аларга тез аралашып кетүүгө көмөк берген.

Мисалы, “Каймактай таттуу булак бол, Кызыке, кайненең менен ынак бол”. Кээде кыздын жеңелери кыздын начар жактарын да чымчып айткан. Эстүү кыз ошол замат жаман адаттарын таштоого аракеттенген.

Келин келгенде чачыла чачып, келиндин оозуна май салышкан. Үйгө келинди абышкасы кайтыш болбогон, очор-бачар, нускалуу байбиче баштап кирет. Келин үйгө жүгүнүп кирет, отко май тамызылат. Бул келиндин баскан жолу жакшы болсун деген тилек. Андан кийин келинге кайын энеси, эгер болсо чоң кайненеси ак жоолук салат. Ак түс жакшылыктын белгиси, келинди ак жолтой болуп, ак жолу ачылсын деген ырым. Эгер кайын энеси жок болсо, же көп жамандыкты башынан өткөрсө (мисалы, күйөөсүнөн эрте ажыраса, ажырашса) ырым кылып бакубат жашаган, кадыр-барктуу, нарк-нускалуу байбичелерге салдырышкан.
Кыздын жеңелери кыз менен кошо келишип, мурда сеп менен кошо даярдалган көбүнчө ачык (агыш, жашыл, көгүш, кызгылт, гүлгүн) түстөгү кездемеден тигилген үлбүрөгөн көшөгөнү үйдүн бир капталына тартышат. (Көшөгө үйлөнүү символу гана эмес, эки жаштын узакка чогуу өмүр сүрүшү, урпактарынын көбөйүшү үчүн символ катары сакталышы керек.). Келин көшөгөнүн ичине киргизилет. Келиндин кайын сиңдилери, ошол айылдын бой тарткан кыздары шынаарлашып, тегеректеп отурушат. Алар жаңы келинге келин көрүп келгендерди, күйөөсүнүн туугандарын, жерге-жээгин, дос-тамырын көшөгөнүн ачык жеринен көрсөтүп, улам тааныштырып турушат. Кимисин кандайча тергээрин эскертишет. Келгендер үй ээлерине: Коңшу кут болсун!, ал эми үйлөнгөн жигитке Куш бооң бек болсун! – деген куттук айтышат. Адатта тойго келген аялдар көшөгөгө кирип, келиндин бетинен өөп, жоолук ырымдап чыгышат. (Мурда иштүү бүлө болушун тилеп жакасына ийне сайып колуна шакек, оймок салышкан). Келин келгендерге улам жүгүнүп, таазим кылып турат. Келин жүгүнгөндө «Ыймандуу бол, алдыңдан мал, артыңдан бала бассын!» деп бата беришет. Ал эми “Ак жоолугуң башыңан түшпөсүн!” – деген тилек үй-бүлөлүк бакыт каалоо менен, кыз менен келиндин айырмасын билдирип турат. Келин той таркагыча көшөгөдө отурат.

Уул-келинге өкүл ата, өкүл эне коюлат. Алар өрнөктүү, элге кадырлуу адамдар болушу керек. Алардын негизги милдети – уул-келинге экинчи ата-эне болуу менен алардын ынтымагын сактоо, камкордук көрүү, ата-энелери жаман мамиле кылса (мисалы, кайнене келинди катуу кармаса) аларды жайгарып, бирин бири түшүнүүсүнө өбөлгө болуу.

Нике ата-энелердин, эки жаштын макулдугунан кийин кыйылат. Нике сууну ууртатуу ант алганга барабар. Молдо нике кыюу менен бирге эле никени таза тутуу зарылдыгын, жаш үй-бүлөнү ыймандуулукка, боорукердикке үндөгөн сөздөрдү айтат. Нике кыюуда эки жаштын аурасынын энергиясы биригет. «Келин жаман эмес, келген жери жаман» демекчи, келинди тарбиялоо келген жердин милдети. Келиндин төркүнүнө бат-бат каттап, төркүндөрүнүн ички иштерине аралашуусу «чыккан кыз чийден тышкары» делип, жат көрүнүш болгон.

Кыз бала келин болуп келгенде кайната-кайненени, улуу-кичүүнү сыйлап турса “Баланчанын келини ыйбалуу, ызаттуу чыгыптыр” деп айылга дүң болот. Наркты билген кары “ – Бул үйгө кут түшүптүр, ылайым очогуна эл жылынган үй болсун!” – деп бата берет. Мындай келиндер -жүрүм-туруму, көтөрүмдүүлүгү, жупунулугу менен элге алынат, айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн асыл сапаттарын канына сиңирет. Үй-бүлөнүн бекем болушуна келин менен кайын сиңдисинин мамилеси да көп таасир берет. Анткени, алар бирин бири түшүнүп, ынтымактуу болбосо, тымызын эрегишип турушса үй бузулушу мүмкүн. Ошондуктан келин келген күндөн баштап жана улуураак болгондуктан кайын сиңдиси менен бир туугандык мамиледе болуп, аны али бала катары көрүп билбегенин үйрөтүүгө, аны менен сырдаш болууга милдеттүү. Кийин кайын сиңдисинин жигити менен жолугушуусуна шарт түзүп, күйөөгө узаткан да жеңеси болот.

Уул-келиндин никеси кыйылгандын эртеси келиндин чачы өрүлөт. Чач өрө турган келинди кайнене тандайт. Ал төрөп-түшкөн, биринчи никеси менен бактылуу жашаган, күйөөсүнө күйүмдүү, ыймандуу келин же нарктуу байбиче, элге алынган барктуу аял болууга тийиш. Бул жаңы келин дагы анын жолун жолдосо деген тилек. Ал жаш келиндин чачын тарап, экиге бөлөт. Бул чоочун үйгө бүлө, күйөөгө жар болуп келдиң дегенди түшүндүрөт. Бөлүнгөн чачты сары май менен майлап, өргөндөн кийин жоолугун башына салып, үстүнө чачыла чачышат. Чачыланы ооз тийишкенден кийин дасторконго отуруп, жаңы келиндин колунан чай ичип, бата беришет. Нике кыюу жубайлардын ынтымактуу, күйүмдүү болуусу үчүн бири-бирине жипсиз байлоо болсо, чач өрүү ошол ыйык милдетти жаш келиндин аң-сезимине сиңирүү. Мына ушундай тарбиядан – элдик университеттен өткөн келинден келечекте мыкты аялзаты чыгат.

Конкурстун шартына жараша макала 5 беттен ашпоого тийиш болгондуктан, акылгөй аялзатын тарбиялап өстүрүүдөгү кыргыз элинин нарк-насилинен, каада-салтынан кыздын келин болгонго чейинкисин чөп башылап гана айттым. Кыргыз элинин кызга, энеге, келинге, дегеле аялзатына болгон гумандуу мамилесин, акылдуу аялзатынын үй-бүлөгө гана эмес, коомго да таасири зор болоорун айтып отурса соолбос булак, чалкыган мухит. Аны айтып түгөтүүгө көптөгөн өмүрлөр, том-том болгон кагаздар чак келбес.

Сынактын жобосу ушул шилтемеде

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *