«Азыркы оюнга Орусиянын саясый күчтөрү кыргыз жетекчилигинин суранычы менен кийлигишүүдө», — дейт  «Атамбаев менен Текебаевдин тиреши эмне менен аякташы мүмкүн?» деген соболубузга акын жана конфликтолог Жыргалбек Касаболотов.

Конфликтологдун айтымында, «бирок бул утурумдук үстөмдүк жана абдан орой уюштурулган оюн. Менин түшүнгөнүмө караганда: бара-бара эки жагы тең алсырайт, биринчи планга улутчул күчтөр жана исламисттер чыгат. Акыры исламчыл күчтөрдүн борборлору дүйнө жүзүндө дискредитацияланган сайын улутчул күчтөр жеңишке жетишет. Азырынча алар өздөрү да бириге элек, көпчүлүгү азыркы саясый күчтөргө кошулуп, экинчи планда жүрүшөт. Бирок бул эртедир-кечтир баары бир боло турган нерсе», — экенин белгиледи.

Калмакбай КАРКЫБАР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *