«Канат неге жаралганын
унутпасын ылайым».

Ф. ТЮТЧЕВ

Канатсыз поэзия болбосун биздин мезгилде унутуп коюшту, акындар «канат неге жаралганын» жадынан чыгарды. Азыркы акындардын ырлары жерден боорун көтөрө албайт, турмуштун майда-бараттарынын туткунунда калган, «учалбайт», канаты кыркылган куштай кара жерде сойлоп жүрөт. А ырдын түпкү насили адам рухун көтөрмөлөп, көккө алып чыгуу эмеспи. Бир кезде Бодлер акындарга кайрылып, минтип жазган: «Сенин калдайган канатың паска түшүрүп, караламан калк катарына батырбайт, митаамдардын «мыйзамына» баш ийбейт» («Альбатрос»).

Арийне азыркы айрым акындар поэзиянын асыл наркына жат экендигин эске албай, жер үстүндө желип жүргөндөн ашпайт. Поэзиядагы жамакчылык небак эч кимге өөн учурап, өрөскөөл көрүнбөй калган. Бирок ыйман ачып сыйынган, ой-санааны чалкытып, көккө көтөргөн рухканат ыр гана поэзия даарыган ыр болот. Калганын кеп кылып да кажаты жок, калганы кара сөздүн сары суусу. Андай ыр анчалык талант талап кылбайт, ага ыр «токуганга» машыгуу гана керек, а биринчисине дух зарыл. Жөндөмдүүлөр көп, бирок дух көтөрөр ыр сейрек. Атүгүл «талант даарыгандар» бар, таңыркатып тамшанткандар жок.

Кудум бир кезде Пастернак жазгандай: «Таланттар көп – дух жок». Жасалма ырлар кудум бир тууган Райттардын аппаратындай олдоксон буюм экендигин эске тутуу зарыл, а ыр деген көкөлөп учушу шарт. Көкөлөп учалбаган ыр – проза, Пушкин айткандай, «атүгүл начар проза».

* * *

Эстрадага чыгып ыр окуунун оңой эмес опурталы бар. Эстрадада акындык эмес, кызыл кекиртектик кыйындык кылат. Элден өзгөчөлөнгөн кийим, тапан тамаша, кызуу кыйкырык – эстрададагы ийгиликтин өнөгү ушул сыяктуулар. Жок, мен эл алдына чыгып ыр окууга таптакыр каршы эмесмин, бирок чоң залдарда ыр окуунун кооптуу жагы көп, азгырыгы арбын, таза ниетти ылайлап салышы ыктымал.

М.Цветаева «Эмгек каарманы» деген макаласында: «Ырдын маани-маңызы бир окуганда, болгондо да окуп бергенде ачылбай турганына терең ишенем, андан да нары айтсам: көпчүлүк үчүн ырдын маңызы анчалык деле мааниге ээ болбой калат…» – деп жазган. Ырдын маани-маңызын бүт аян-аруусу менен залга «үн аркылуу» жеткирүү кыйын. Ага жетиш үчүн кайталап окуп же угуш керек. Кайталаганда да бир ирет эмес, көп ирет. Антпесе айрым учурда ыр эмес, акындын сырткы келбети, кийими, коңур үнү гана эсте калат… Тилекке каршы, айрым учурда жасалма таштар эстрадада айрыкча жаркырайт.

* * *

Атак-даңк, поэтикалык атак-даңк акылды айраң калтырар кубулуш. Канткенде атак-даңкка жетет? Эмне үчүн бирөөлөрү көмүскөдө калып, көрүнөөгө кийин чыгат? Таланттуулар аны таанууну жылдап, атүгүл жүз жылдап күтөт, ал эми башкалары бат эле атакка жетип, аты ооздон түшпөйт. Бирок белгилүү бир мерчемде ал акындын аты чыгармасы менен кошо өчөт, анткени анын ордуна кандайдыр бир жаңы «каймак» калкып чыгат. Ал жасалмабы же нукурабы? Ким аныктайт? Критерийи кайсы, арбитри ким, тигинин же мунун шык-жөндөм деңгээлин бекемдей турган аспап барбы, аты чыгуу деген эмне, чыкпай калуу деген эмне? Мезгил сынагыбы? Антейин десең, мезгил мухиттин кара күүгүм катмарындагы суулар сымак ысымдарды сиңирип алып тим болот.

Менин оюмча, атактуулук менен анык акындыктын алакасы баа менен нарктын алакасындай эле кеп. Алар айрым учурда бири-бирин актайт, көп учурда актабайт. Тигил же бул буюмдун базар баасы нукура наркынан кээде кымбат, кээде арзан болуп калат. Андай учурда эч арга табылбайт. Туура, мезгил, албетте, бардыгын өз ордуна коёт, бирок ар дайым эле эмес. Пушкин көп учурда: «Акынга акындар гана чыныгы баасын бычат» – деп эсептеген. Андыктан Пушкин: «Ай алдында бир эле акын тирүү турса атак-даңкым өчпөйт» – деп жазган. Бир эле акын тирүү турса Пушкиндин аты өчпөйт! Башкача айтканда, чыныгы сынчы, анык боордош акын аман турганда тараза таштын өзгөрүшү, рухий дөөлөттөрдү тактоо, тазартуу, кубулма мода, окурмандар кызыкчылыгынын өстөнү ашып-ташышы же тартылышы Пушкин деген ысымга эч коркунуч туудурбайт.

Чындыгында эле унутулуп бараткан акынды ошол боордоштору, ошол калемдештери канча ирет, канча бир жылдардан кийин кайра ачышты. Көзү тирүү кездеги ийгилик, атак-даңк көбүнесе кокустуктан жаралат. Тургеневдин эки акын тууралуу ыр менен жазылган прозасы бар. Юний деген бир акын ыр окуса, аны жактырбай ышкырып, кыйкырып кууп түшүшөт. Юлий деген дагы бир акын ошол эле ырды болор-болбос өзгөртүп окуса, шатыратып кол чаап тосуп алышат. Бул кандай болуп кетти? Анын себебин акылман карыя Юнийге минтип чечмелейт: «Сен өзүңдүкүн өз убагында айткан жоксуң, ал эми тигил башканыкын өз убагында айтты».

Поль Верлендин тагдыры андан ашып түшпөсө, кем калбайт. Француз адабий сынчысы М.Нордау минтип жазат: «Верлендин атак-даңкы акыры кантип чыкканын билебиз. Ал карып-арыды дегидей жашка жеткиче өз бөлмөсүнүн бир бурчунан чыкпай иштеген, анча-мынча жоро-жолдошторун эсепке албаганда, аны итсиңби, кушсуңбу деген адам болбогон. Бир жыйнагынан кийин дагы бир жыйнагы жарыбаган нускада чыгып, жок дегенде өзүн актабай, басмакана ээсинин өктөөсүнөн башка эч нерсе жаратпаган. Бир дагы кардар Верлендин ырларына кызылдай акчасын майдалатканды каалаган эмес, бир дагы сынчы ага жүрөк жылытар же дене муздатар сап арнабаган…» (Макс Нордау. Соб. соч. – М., 1913, т.4, с.81. Типогр. В.М.Саблина.) Верлен качан карып-арып, ичкиликтен башка иши жок калганда гана адабият астанасын ана-мына аттаган жаш акындар тобу аны капысынан кайра «ачып», жаңы агымдын туусу катары тутууну чечет. «Алар Верленди өз доорунун улуу акыны деп жарыялашты…

Ошентип Верленге атак-даңк ал эч нерсе жазбай калганда, жазса да аз, кунарсыз ырларды жаза баштаганда келди». «Бир ууч топтун мындай илме кайып иши Верлендин итинин чөп жешине кеч да болсо шарт түздү» – деп жазат М.Нордау. Мезгил өткөн сайын Верленге болгон кызыгуунун «олуттуулугу, акыйкаттуулугу арткандан арта баштады». Ушул тапта Верлен Францияга, дегеле бүт дүйнөгө небак шексиз классик катары таанылган. Арийне, акыйкаттын андай аныгына жетүү тамаша иретинде, ошол кезде ооматы жүрүп, мактоого тунуп, итенген сайын иши илгерилеген адабиятчылардын, ыр жазгычтардын ачуусуна тийүү максатында башталган. Атак-даңкты ак эмгек менен тапса да болот, уурдап алса да болот. Адабий, тактап айтканда, поэтикалык атак-даңк аябагандай таң каларлык нерсе.

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *