Жусуп бөбөк кезинде чоң атасы неберем жылуу-жумшак жатсын, жаман түштөрдү көрбөсүн деп, ага аябай кооз шайы кездемеден жууркан жасап берди. Жусуп чоңойгон сайын кооз жууркан эскирип отурду. Бир күн апасы Жусупка айтты: «Уулум, жуурканыңды карачы. Ал тамтыгы чыгып эскирди. Өңү өчтү. Бүтүн жери калбады. Эми аны ыргытчу убакыт келди.” Жусуп апасына: «Чоң атам оңдоп берет»,- деп жуурканды чоң атасына алып барды. Чоң атасы «ыммм» деп ичинен күңгүрөнүп, жуурканды ары айлантып, бери тегеретип көрдү. Кайчысы менен жуурканды узун-кыска, төрт чарчы кылып көп бөлүккө кести. Анан ийнесин саптап алып, кесиндилерди бири-бирине туташтырып тигип жатты. Бир кезде таятасы жеңи чолок бешмантты көрсөтүп: «Мына бул нерсеге жеткендей гана кездеме калган экен»,- деди. Жусуп кооз шайы бешмантты кийип, көчөгө балдар менен ойногону кетти.

Бирок Жусуп чоңойгон сайын анын шайы бешманты да эскире берди. Бир күнү апасы Жусупка кайрылды: «Уулум, бешмантыңды карачы. Ал сага тар да, кичине да болуп калды. Аны ыргыта турган болуптур!” ”Чоң атам оңдоп берет”, — деди Жусуп. Чоң атасы бешмантты алып, ”ыммм” деп күңгүрөнүп, ары айлантып, бери айлантып карап көрдү. Кайчысы менен бешмантты тасмадай узун-кыска жана алакандай-алакандай бир нече бөлүккө бөлдү. Анан ийнесин саптап, жанагы кыйыктарды курап тиге баштады. «Мына бул нерсеге жеткендей гана кездеме калган экен”, — деди чоң атасы кооз чыптаманы сунуп.

Жусуп денесине кынап койгондой тигилген шайы чыптамасын кийип, эртеси күнү мектепке барды. Бирок Жусуп чоңоюп, анын кооз чыптамасы эскирди. Бир күнү апасы уулуна айтты: «Жусуп, чыптамаңды карачы! Желим жабышкан экен, ордунда так калыптыр. Боёк да жугуптур. Эми чыптаманы таштачу убакыт болду!” «Чоң атам оңдоп берет”, — деди Жусуп апасынын сөзүнө көнбөй. Чоң атасы кайра эле «ыммм» деп өзүнчө күңгүрөнүп, чыптаманы ары оодарып, бери оодарып карап көрдү. Анан чыптаманы кайчысы менен көп тиликтерге бөлдү да ийнесин алып, кесиндилерден бир нерсе жарата баштады. «Мына бул нерсеге жеткендей гана кездеме калган экен”, — деди чоң атасы небересинин мойнуна кооз шайы галстукту тагып.
Жусуп жагоосун жума сайын чоң атасынын үйүнө тагынып барчу болду. Бир күнү апасы: «Жусуп, карачы жагооңду! Жагооңдун учу сорпого малынган экен, майланышып калыптыр. Аны ыргыта турган болуптур!”- деди. «Чоң атам оңдоп берет», — деди Жусуп апасынын сөзүнө макул болбой. Чоң атасы галстукту алып, «ыммм» деп ичинен күңгүрөнүп, ары айлантып, бери айлантып карап көрдү. Андан соң жагоону кайчылап бир нече бөлүккө бөлүп, аларды кураштырганга киришти. «Мына бул нерсеге жеткендей гана кездеме калган экен», — деди таятасы кооз жүз аарчыны сунуп. Жусуп жүз аарчысына кайнар булактан чогулткан кооз таштарды түйүп сактап жүрдү. Бирок Жусуп чоңойду, ал эми кооз жүз аарчысы эскирди. Бир күнү апасы кайра: «Жусуп, бет аарчыңды карачы! Ал сүзүлүп, самсаалап калыптыр! Бети ботала болуп бүтүптүр! Боёктун да изи жүрөт. Пайдаланып болбойт. Таштайлы!” — деди.

«Чоң атам оңдоп берет»,- деди Жусуп апасынын сөзүнө ынанбай. Чоң атасы «ыммм» деп күңгүрөнүп, бет аарчыны ары оодарып, бери оодарып карап көрдү. Анан кайчысы бет аарчыны «кыйч-кыйч» деп кесе баштады, жип сапталган ийнеси ары-бери бийлеп, бир нерсе тиккенге кирди. «Мына бул нерсеге жеткендей гана кездеме калган экен», — деди чоң атасы кооз түймөнү алаканында тоголотуп. Ал шайы топчуну Жусуптун шымынын кашатына кадады дагы, шымды ылдый түшүрбөс арчындагычын түймөлөп койду.
Бир күнү апасы сурады: «Жусуп, түймөң кайда?” Жусуп шымынын кашатын караса, топчусу жок экен. Кайда калганы белгисиз! Ал өзү баскан-турган, ойногон жерлердин баарын издеди, бирок топчуну таппады. Жусуп чоң атасынын үйүнө жүгүрүп жөнөдү. «Менин топчум! Менин кооз топчум жоголуп кетти!»

Апасы артынан жүгүрүп баратты. «Жусуп! Менин сөзүмдү укчу.Түймөң кетти. Эми табылбайт. Жок болду. Чоң атаң жок нерседен бир нерсе бар кыла албайт”. Жусуптун чоң атасы башын өкүнүчтүү чайкады. «Апаңды ук! Апаң туура айтат», — деди. Келерки күнү Жусуп мектепке барды. Ал партасына отуруп, дептерин ачты дагы «ыммм» деп калем сабы менен баракка бир нерселерди жаза баштады. «Мына бу аңыздуу аңгемеге гана жеткендей кездеме калган экен…”

Еврей жомогунун негизинде жазылган чыгарманы англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *