Кыргызстандагы жалгыз университетти 1982-жылы бүтүп, иш издеп барбаган жерим, кирбеген эшигим калбай чарчап-чаалыгып, капа болуп, зарыгып күтүп, бала менен үйдө отуруп калдым. Үйгө батпай буулугам. Асмандын башын эңсеген романтикалуу жаш курак, чиркин. Же эл сыяктуу колдоп коюучу белдүү куда-сөөк, тууган-туушкан жок. Даттанар карапайым ата-энем, кайын ата, кайын энелер өз түйшүгү менен айылда. Аргам түгөндү. Эрмегим чыгармачылык менен алектенип бирдемелерди тынбай жазуу.

Ошо кездеги Кыргызстандын биринчи секретарынын жардамчысы болуп иштеген капитан Курман Мусаев жолумду ачты. Кудай жалгап кайсы бир күнү капыстан эле жолдошумдан: «Эмнеге кабагың салыңкы, үй-бүлөң тынчпы?» – деп кадыресе сурап калыптыр. Ал: «Иш таппай, дипломун кучактап үйдө отурат» – деп менин ал-абалымды түшүндүрүп кейиптир. Курман Мусаев өзү дагы жетим балдар үйүндө өскөн, өз мээнети менен жашаган, чынчыл, намыскөй жигит экен. «Анда мен бир жерге чалып көрөйүнчү», – дептир ак көңүлдөнүп.

Эртеси эле: «Партия тарыхы» институтуна барсын, директоруна айтып койдум. Чыгармачыл болсо «марксизм, ленинизмди которуп иштесин» дептир. Бул институтка мурун иш издеп келип: «Коммунист эмес экенсиң», – деп чылгый коммунисттер иштеген жерге илинбей калгам. Ошентип, атам тааныбаган ат-башылык капитан Курман Мусаевдин жардамы менен «Партия тарыхы» институтунда кенже илимий редактор болуп иштеп калдым. Арадан жылдар өтүп, декретке чыгып уулумду төрөп, кайра ишке чыгып иштеп жүргөм. Башкы редакцияда ал кезде институттун директору формалдуу башкы редактор болгону менен анын орун басары Сатыбалды Мамбеталиев чыныгы башкы редактор эле.

Башын кагаздан албаган мээнеткеч, жеткен иштерман, өтө маданияттуу адам боло турган. Жооптуу секретары мен барганда Эрматов (Кулматовдун бажасы деп Бостоновдун иши чыкканда кызматтан кетти), кийин Сагын Наматбаев, андан кийин Бакай Сексенбаев аксакалдар болду. М.С. Горбачев жаңы эле КПСС БКнын генералдык секретары болуп кайра куруунун алгачкы илеби келип аткан. Мен «Ленинчил жаш» гезитине «Лениндин толук чыгармаларын 55 томдук кылып толук чыгаруунун зарылчылыгы жок, ылгап чыгарыш керек. Лениндин көп эмгектери актуалдуулугун жоготту, эскирди» деген мааниде макаланы, ага бизде иштеген эки адамдын учкай пикирин кошуп жазып жибергем. Шак эле чыгыптыр. Анда совет өкмөтүнүн гүлдөп турган маалы.

Эртең менен жумушка келсем чуру-чуу. «ЦКдан директорго телефон чалыптыр», «бул эмне деген шумдук, Ленин дагы эскирмек беле, Ленинди Сыдыкова ревизиялайт бекен?», «СССРде Ленинди чыгарбай коюу деген түшкө кирбес окуя го…» Айтор, тез эле Башкы редакциянын партиялык чогулушу башталды. Күн тартибинде бир эле маселе: «Жолдош Кален Сыдыкованын партиялык дисциплинадан четтеген ээнбаштыгы жөнүндө». Сатыбалды Мамбеталиев, Эрматов, Курманбек Абдыкеримов, Мукай Сагынов, Азамат Иманалиев, Калмамбет Эстебесов, Сагын Наматбаев, Бакай Сексенбаев, Кенжалы Сарымсаков, Жээнбай Байболов, Ырыскелди Ыбышов, Зарияда Өскөнбаева, Роза ж. б. катышып отурат. Баары олуттуу, көз айнек тагынышкан. Мокочо көргөндөй мага суз карашат.

1989-жылкы протокол үтүр-чекитине чейин кылдат жазылып атат. «Сени Ленинди жамандап жаз деп ким көкүттү?» «Эмне үчүн Ленин эскирди деп гезитке жаздың?» «Ошентип жазганга сенин акың барбы?» «Жаз деп сага ким тапшырма берди эле?» «Бул олуттуу саясый маселе экенин билесиңби?» ж. б. кокологон суроолор. «Сенин чоң атаң Сыдык 1938-жылы саясый репрессия болгону чынбы? Чын болсо, анан кантип ЦКнын органына ишке орноштуң? Эмне үчүн чоң атаңдын репрессия болгонун автобиографияңа жазбай жашыргансың? Сени бул жакка ким сунуш кылган?» ж.б. Баары үрпөйүшкөн. Сиркелери суу көтөрбөй мени жекирип, жемелеп аткан эле коммунисттер. Мен дагы шылкыйбай, шөлпүйбөй, күнөөкөр болбой аларга тике карадым. Мени «жаз» деп эч ким көкүтпөгөнүн айттым. Бул макаланы чыгармачыл адам катары өз көз карашымды жазууга укугум бар экенин айттым. Ошентип далилдей баштасам эле мага учкай пикир берген ыркыйган арык жигит менен ошол кездеги КГБ кызматкеринин аялы «биз маек берген эмеспиз» деп чалкасынан кетип, эки коммунист карандай танып чыгышты. Өңдөрү бозала болуп кубарган. Ошондо таң калганым котормочу, полковник Сагын Наматбаев жаңы эле МВДдан отставкага чыгып, бизге келип иштеп аткан. Сагын ага өңү-башы бузулуп, жаак эти түйүлүп мага акырая карап: «Мен гезитке барып билип келейинчи» – деп жооптуу секретарь Эрматовдун кабинетинен чуркап чыгып, «Ленинчил жаш» гезитине беш мүнөттүн ичинде чуркап барып келсе болобу, жарыктык. А кишинин жөө күлүк экенин ошондо билдим.

Партия тарыхы институту М.В.Фрунзе көчөсү менен кесилишкен Панфилов көчөсүндө, а «Ленинчил жаш» газетасы кийинки А.Орозбеков көчөсүндө жайгашкан эле. Тердеп-кургап, күйүгүп чуркап келген Сагын Наматбаев башынан шляпасын алып, бет аарчы менен мөлтүлдөгөн чеке терин сүртүп атып: «Редактордун колу коюлуп чыгыптыр», – деди шалкы бош. Совет убагында редактордун колу коюлбаган бир дагы материал чыкпасы иттин уулу Байгарага деле белгилүү эле. Ага чейин жагынып, кээси «калп деле болсо кара күчкө» күпүлдөп мени жемелешип, «партиядан чыгарыш керек» деп атышкан. Бул чогулушта мага унчукпаган эки эле киши болду. Бири – Жээнбай Байболов, бири – Зарияда Өскөнбаева. Ого бетер алардын итиркейин келтирип «мен коммунист эмесмин» десем, бир тобу «селт» этишти. Чынында Партия тарыхы институтунда эң жаш редактор, коммунист эмеси да мен элем. Эрматов жанталаша телефондун номерин терип, институттун парткому Ишенгүл Болжуровадан мен коммунист эместигимди тактады.

– Деги айтчы айланайын, эмнеге Ленинге каршысың? – деди калдайган Калмамбет ага. А киши Ата Мекендик Улуу согуштун ардагери болчу.

– Көпчүлүк эмгектеринин бүгүнкү күнгө кереги деле жок. Аны кагаз коротуп, көлөмүн көбөйтүп чыгаруунун зарылчылыгы барбы? Лениндин өзүнүн жазгандарынан да көрүнгөн окумуштуунун ага комментарий берип жазганы эле китептин жарымын түзүп атпайбы? Түпкүлүгү мен Лениндин идеяларын колдойм жана туура деп эсептейм, – дедим.

– Бул илимий китеп да. Кайсы комментарий ашык болуп сага жакпай жатат? КПСС сени менен акылдашып сенден уруксат сураш керек беле? – деп мыскылдагандар чыкты туш-тараптан. Анткени Лениндин томунун 4-чыгарылышын кайра редакциялап очойгон акча алса, арткы түшүндүрмөлөрүн дагы которуп чоң акча алышчу редактор-котормочулар жактырбай мурчуюшту.

Эми ойлосом, мен деле өрттөй жалындап турган жаш кезим экен, тайманбай:

– Мисалы, падышалык Россиянын түрмөсүндө жаткан Надежда Крупскаянын сифилис менен ооруп атканын, аны тезинен дарылап, жакшы камкордук көрүш керектигин суранган Владимир Ильич Лениндин катын чыгаруунун азыр эмне зарылдыгы бар эле? Ленинди идеал туткандарга Крупская менен Лениндин купуя сырларын ачып жарыя кылуу ЦК КПССке керек беле? – дедим туталанып.

Баягы мага атырылып, сөөмөйүн кесеп, шилекейин чачыратып акыл үйрөтүп аткандар тамагына томук тыгыла түшкөндөй көздөрү чакчайып, кара-көк тартып отуруп калышты. Саамга тунжуроо. Бир маалда кыжырданган жооптуу секретарь Эрматов мени каш кага: «Бара бериңиз» –деди. Бул чогулуштун аягы менден кине табалбай же партияда жок болгондуктан жазалай албай, партиялык дисциплинанын кандай экенин мындан ары билиш үчүн «муну коммунисттик партиянын катарына алыш керек» деген чечимге келишиптир. Ушул жагымсыз окуяга кыжаалаттанып көңүлсүз иштеп отурсам түштө Бакай Сексенбаев телефон чалып: «Келип кетчи» – деп калды.

Сабырым суз кабинетине кирсем, а киши Асанбек Стамов менен шахмат ойноп отуруптур. Мен бу кишини сыртынан, сүрөттөрүн газета-журналдардан көрүп жүргөндүктөн дароо эле таанып, ыйбаалуу учураштым. Анын үстүнө «Чүй дастандары», «Нөшөрдөн кийин», «Эгиз тал», «Жаңы тууган», «Кеч күздө» деген мыкты чыгармаларын тытып окуп, сыртынан жакшы эле билчүмүн. Мыкты публицистикалары да арбын эле.

– Кел, Кален. Бул Асанбек Стамов агайың. Сени менен таанышам дейт, – деди Бакай Сексенбаев кумсарганы тарап, жанагы чогулушта такыр болбогондой жайдары.

Шахматтын жүрүшүнө колун созуп бараткан олбурлуу Асанбек ага тып токтоп, мени көз айнегинин үстүнөн буркуя тиктеп калды.

– Аа, Кален карындашым сиз экенсиз го. Кел, келегой. Жазгандарыңды окуп жүрөм. Мага жакты. Азаматсың карындашым, – деди.

– Кален, кел, биз менен отуруп чай ич, жүрөгүң дагы ылдыйласын, – деди Бакай ага.

Асанбек байке:

– Жүрөгү эмне болду эле? – деп такып сурап калды.

– Карындашың жөн жүрбөйт да, баарыбызды дүрбөттү. Институтта ЧП болуп, ЦКнын жүрөгү жарылып кете жаздады. Эртең менен чогулушта Календи кыраакы коммунисттер жакшы эле ийлешти. Бул дагы жаштык кылдыбы, айтор, жүрөгүндө кара жок эр экен, кашкайып туруп моюн берген жок. Кален карындашың калтаарыбай туруп Лениндин көп эмгектери эскирди, аларды чыгаруунун кереги жок – деп жазыптыр гезитке. Анан ЦК приступ болуп директорго чалыптыр. Чогулуштун протоколун көтөрүп, институттун директору Керим Орозалиев менен орун басары Семенов ЦКга азыр кетишти. Ыя, айланайын Кален, ченеп иш кылсаңчы, от менен ойнобой абайлап жүрбөйсүңбү…

Ушул сөздөн кийин Асанбек ага саамга тил сөздөн калгандай көз токтотуп мени теше тиктеди. Алгач Асанбек ага менен ошентип тааныштым. Далай жолу аңгемелештик. Менин эне тил, Ата Журт, улуттук маселелер боюнча макалаларым гезитке чыккан сайын жылуу пикир айтып, телефон чалып калчу. Бул эки агам тең мага чыгармачылык жагынан көп камкордук көрүшүп, бири СССР Журналисттер союзуна, бири СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө сунуш кылып жардамын аяшкан жок. Жазуучулар союзуна мүчөлүккө алгач жазуучу Шабданбай Абдыраманов мени публицистика секциясынан сунуш кылган экен. «Алтымыш, жетимишке чыкканча Союзга өтө албай жүрөбүз, кандай эле жапжаш туруп кечээ чыккан Кален Сыдыкова СССР Жазуучулар союзуна шыр өтүп кетти?» – деп атаандашкан аксакал-көксакалдар да болуптур. Бакай ага менин алгачкы «Кайрылуу» деген аңгемелер жыйнагымдын кол жазмасын окуп, басмадан жарык көрүшүнө кол кабыш этип сунуш жазды.

Таланттуу акын Акбар Рыскулов Жазуучулар союзунда иштөөчү, ал жазуучулар союзунун жаштар секциясынын атынан алгачкы китебимди чыгарууга «Мектеп» басмасына 1986-жылы сунуш этти. Басмада бир топ жатып, анан планга кирген. Кийин «Кыргызстан аялдары» журналынын башкы редактору Дүйшөкан Муканбетова эже «пенсияга кетет» деп калышканда ыраматылык Асанбек Стамов ага өз колу менен Кыргызстан КП БКга кат жазып, ага бир топ чоң акын-жазуучулардын колун койдуруп, мени «Кыргызстан аялдары» журналынын баш редакторлугуна сунуштаганы эстен кетпейт. Катта менин чыгармачылыгыма, жеке мүнөзүмө баа беришип: «…Анын макалаларынан ойдун жаңылыгын көрө алабыз. Жаш болгону менен Календе жетилген кары адамдыкындай токтоолук, калыстык турат деп айтар элек.

… Кален Сыдыкова ири инсан, кыргыз жаштарынын ичиндеги ажайып көрүнүш, сейрек кездешчү талант» – деп Кыргыз Эл жазуучулары Насирдин Байтемиров, Кеңеш Жусупов, Жалил Садыков, Асан Жакшылыков, Майрамкан Абылкасымова, Бакай Сексенбаев, Асанбек Стамов, Акбар Рыскулов, Эсенгул Ибраевдер кол коюшуптур. «Кален Сыдыкованын публицистикалары өтө бир элестүү, далилдүү, көркөм оюнун тереңдиги менен айырмаланат. Ушунчалык бир тартынбай өтө кенен, такшалган адамдыкындай чоң ой айткан, жазгандарына чоң ой батырган журналистти кийин көрүп алып таңгалдым», «Өтө ишенимдүү жазат, калеми өтө кубаттуу, өтө ишенимдүү, мени мына ушул таңгалтырат», «Коомдук чоң жүктү көтөрө турган адилет, ак ниет иштей турган, объективдүү боло турган кыздарыбыздын бири – Кален Сыдыкова», «… Оюн тике айткан, оюн далилдей билген, коом арасында баса билген, сүйлөй билген ушундай өтө бир жетилген кыздарыбыздын бири», «Кален Сыдыкованын бир өзгөчө мүнөзү, менин байкашымча мунун эрдиги бар, бул – эр адам, терең адам…» – деп 1994-жылы Асанбек байке мен жөнүндө телефильмде тележурналист Бүбүкан Досалиевага сүйлөп бергени көңүлүмдү көтөрүп, канат байлап, кадимкидей демденип, шыктанып илгерки Санчы сынчынын сынына толгондой ыраазы болгонумду жашыргым келбейт.

Улуулардан калыс баа алыш – кичүүлөргө чоң дем эмей эмне. Каржылап өз күчүң менен өрүү жолдо талбай келатканда адамкерчилик менен жөлөп-таяган жылуу, эстүү, этият мамиле жаш адамдын эсинен эч качан кетпейт экен. Ошондон менде ыраазычылык сезим сакталып калды. Асанбек ага көптү билген, көп окуган, белгилүү улуу таланттардын купуя сырларын, чиеленишкен тагдырларын жакшы билген, көбүнө жардамдашкан, өзү дагы тартынбаган, чечкиндүү, баатырдык мүнөзү, жетекчилик касиети бар даанышман адам эле. Жеке пикири келишпесе дагы таланттуу адамдарды ичинен сыйлап, калыс оюн айтып жүрчү. Өзгөчө өсө турган таланттуу жаш адамдарды илгиртпей таанып, камкордукка алып, тийиштүү, керектүү жерлерде ал жөнүндө өзүнүн жакшы пикирин коомчулукка жүйөсү менен айта жүргөн кыраакы эле.

Чоң жазуучу Асанбек Стамов элдин турмушун мыкты билгендиги анын жазган аңгемелеринен, повесттеринен, романынан кашкайып көрүндү. Өзгөчө анын тарыхый чыгармалары көптөрдүн көзүн ачты. Кемелине келтире көркөм жазган тили жатык, элестүү, так, таамай жазгандарын түн уйкудан калып далай окудум. Орто мектепти бүтүп аткан 1975-жылы оомат жылоолоп Асанбек аганын элдин купулуна толгон «Жаңы тууган» повести Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгын алганы калктын кубаттоосуна ээ болгон. Анткени мен дагы кара сөз менен алектенип жүргөндүктөн классикалык котормолордон тышкары Касымалы Жантөшов, Касымалы Баялинов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касым Каимов, Шатман Садыбакасов, Төлөгөн Касымбеков, Асанбек Стамов, Орозбек Айтымбетов, Качкынбай Осмоналиев, Беганас Сартов, Кеңеш Жусупов, Насирдин Байтемиров, Бакы Өмүралиев, Бексултан Жакиев, Медетбек Сейталиев, Зуура Сооронбаева, Айткулу Убукеев, Мукай Элебаев, Кусейин Эсенкожоев ж.б. таланттуу жазуучуларды кууп окучумун.

Ошо кезде «Жаңы тууганды» сонуркап кайра-кайра окуганым, кумарланганым эсимде. Кыргыз тарыхына кызыгып жүргөндүктөн Асанбек Стамовдун «Жайыл баатыр», «Хан Тейиш» ж.б. тарыхый романдары мени өзгөчө кызыктырып сын көз менен талдап, таразалап окуп чыкканым да ырас. «Хан Тейиш» тарыхый романы кыргыз журтчулугунда өзгөчө сөз боло турган, талкууга алына турган чыгарма. Бул тарыхый роман мамлекеттик чоң сыйлыкка көрсөтүлсө да, көрсөтүлбөсө деле мамлекеттик Токтогул сыйлыгына толук татыктуу десем, аша чаппайм. Жунгар-ойрот баскынчыларынын мезгилинде кыргыз эли далай азап-тозокту башынан өткөрдү. Эки жүз жылдан ашык мезгилде жунгар-ойрот зомбулугун, кордугун кыргыз эли өз азаттыгы үчүн далай кандуу окуяларды аргасыз өткөрдү. Акыры Ата Мекенден калмактарды (жунгарларды) кууп чыгышты. Эркиндик күрөшүнүн башында турган Эшим кан, Көкүм бий, хан Тейиш, Чаа бий, Манап бий, Жарбаң баатыр, Талкан бий, Алакчын, Эр Кошой, Эр Солтоной, Бердике берен, Эр Табылды, Улак баатыр, Түлкү баатыр, Качыке, Тайлак баатыр жана Жайыл, Бишкек «туу жыгар» менен Ныша баатырлардын образдары романда жеткилең, чыйрак иштелген. Роман көркөм чебер тил менен жазылган. Анда романтика, лиризм, баатырдык окуялар, согуштук жүрүштөр, кереметтүү баяндар, ашыктык окуялар мыкты сыпатталган.

«Хан Тейиш» тарыхый романынын формасы жаңы, аны кыргыз адабиятындагы жаңы сөз, жаңы ачылыш деп эсептейм. Асанбек Стамов Маданият министринин орун басары, энциклопедия жамаатынын жетекчиси, «Учкун» концернинин директору, «Чалкан» журналынын башкы редактору ж.б. жетекчи кызматтарда көп жүрүп такшалгандыктан, адамдын уюштуруучулук жөндөмүн, таланттуу же шыксыз экенин ылгай билген, талдап баалай билген даанышмандык сапат жогору эле. Асанбек байке бир жолу сөздөн сөз чыгып отуруп, өзүнүн уругу суусамырлык саяк экенин, ата-энеси эркек балалуу боло албай жүрүп, даанышман, олуя Куйручуктун батасы менен төрөлгөнүн, ата-энесине Куйручук куудул: «Уулуң өнөрү өргө чапкан шыктуу эл адамы болот, тукумуң уланат. Бирок кап курсак болот» – деп айтыптыр деп ыкшып күлгөнү эсимде.

Асанбек байке жөнүндө өзүнчө тарыхый чыгарма жазса да жарашат. Анын өмүрү чылгый эле драмага толгон кызыктуу тагдыр. Анын чыгармалары боюнча кандидаттык, доктордук илимий диссертацияларды, изилдөөлөрдү жазуу зарыл. А.Стамовдун чыгармалары мектеп жана жогорку окуу жайларынын программасына киргизилип, кыргыз адабияты сабагынан окутулушу керек деп ойлойм. Кайра куруу учурунда социализм гүлдөп, советтик идеология жарым планетаны кыңк эттирбей баш ийдирип турган эле. Асанбек Стамов «өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген» бюрократ, мамлекеттен өзүнүн жеке кызыкчылыгын жогору койгон шовинист, жергиликтүү кадрларды көзүнө илбеген КП БКнын экинчи катчысы Киселовго тайманбай, тайсалдабай катуу сын-пикир айтып гезитке чыгарды.

«Чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле» дегендей ал макала коомчулукка бомба болуп жарылып, элдин кыбаасын кандырганы эсте. Мамлекеттик бийликтин экинчи адамына антип сын пикир айтуу ал кезде, болгондо да безге сайгандай курч сындоо дегеле мүмкүн эмес болчу. Бир айтса кара кулак шер мүнөз, арыстандай айбаттуу көк жал гана айтмак. Дал ошол арстан жүрөк эр Кыргызстанда Асанбек ага болуп чыкты. Бул макала көпкө эл оозунда аңыз болуп айтылды, автордун даңазасын арттырып, дагы бир жолу анын тубаса акылман, акыйкатты туу туткан ак жүрөк баатыр экенин далилдеди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *