АҢГЕМЕ

(Досум Таалайбекке)

Менин чоң атам Дүйшөнаалы, Абдырахман абам болсо Дүйшөнаалынын бир тууган иниси. Биз Моке деп койчубуз. Ошо Мокем бир жолу Кочкорго барып, малга туз алып келейин десе чоң атам эки төөнү комдоп, атка мингизип жибериптир. Кудайдын күнү аябай ысык кезде Мокем Кочкорго барып, суусаганда базарга кайрылат. Чакан базар да. Бир келин жыйырма литрден чоңураак жашыл мискейге кымыз куюп, сатып отурган экен. «Балам, келе кымызыңан» – дейт. Эки чоң кесени ичкенден кийин кымыз жакшы экен да, аябай жагыптыр. «Чөнтөгүмдө акчам жок, балам, мобу төөнүн бирөөсүн байлап берем» – десе, келин ишенбейт.

«Кепкенедей кымызга бир төөнү байлап берем дегениңиз кантип болсун?» – дейт. «Жок, чын айтам, куй» – дейт Мокем. Тиги келин тамашалап аткан экен деп куя берет. Мокем иче берет. Бир сааттын ичинде мискейдеги 20–25 литр кымызды ичиптир дагы эки төөнү тең чөгөрүп, биринчи төөнүн комун экинчи төөнүн үстүнө байлап, жайдактап туруп: «Мынакей балам, өзүмдүн ак малым, мал кылып алгын. Эгер бирөө сураса Жалгыз-Терек айылынан Абдырахман деген киши келип, кымызымды ичип, төөсүн таштап кеткен деп айтасың» – деп байлап берип, кетип калыптыр. Баргандан кийин чоң атам: «Кана бир төө?» – деп сураса: «А, Дүйшөке, анын эсебин таап койдум» – деп айтыптыр. «Сен ошону кылмаксың» – деп башка сөз болгон эмес экен экөөнүн ортосунда.

Чоң энем ушинтип айтып калчу. Анан дагы бир окуясы. Чоң атамдын эки жакка мингенге жакшы бир аты бар экен. Жорго, жүрүшү жакшы, алыбеттүү ат болсо керек. «Дүйшөке, Нарында бир жумушум чыгып калды, атыңды берип тур, бачым барып келейин» – дейт Мокем. Чоң атам: «Мейли, ал» – дейт. Ээр-токумун токуп, минип алып кетет. Кыштын күнү, Нарынга чейин кырк чакырым аралык. Жумуштарын бүткөрүп, кайра кайтарда курсагы ачат да. Базарга кирсе бир аял чоң сыр чака бозону көбүртүп, сапырып отурган кез болот. Эки кесе ичкенден кийин бозо жагыптыр. «Жакшы экен, жакшы экен, куй, мына бул атымды байлап берем» – дептир. Тиги аял да, албетте, ишенбейт. Ичип бүткөн соң аттын ээрин алып, атты бозо саткан аялга берип, анан ээрди жонго таштайт да шаардын аягынан машина тосуп кетиптир.

Чоң атам Дүйшөнаалы: «Кана ат?» десе: «Ой, Дүйшөке, анын да эсебин таап койдум» – дептир. Чоң атам да: «Атаң гөрү, ушул өнөрүң калбады да. Эми болору болуптур» – деп тим коюптур. Мен тогузунчу класста окуп жүргөндө Мокем экөөбүз сакмалга бардык. Кой тууп бүткөн кез. Экөөбүз кечке кой кайтарабыз. 400– 500 кой, козусу алты, жети жүздөй. Ал кезде сакмалда жүргөндөргө айылдагы туугандардан белектер келчү. Бозо келчү, татты-патты, нан-пан келет. Кечинде чайга отурганда (Мокем чайды көп иччү эмес) Сайра апам чоң чыныга бозо куюп келди. Экини ичкенден кийин: «Ай, Сайра, жакшы бозо экен. Калганын бир чаначка куюп бер. Эртең кой кайтарганы барганда ичем» – деди. Эртең менен Сайра апам кол чаначка бир чака бозону куюп, мага карматты. Мен канжыгага байлап атсам Мокем чыгып: «Эй, коё тур, сен балалык кылып, бош байлап коёсуң, кел, мен өзүм байлайын» – деди. «Меңиз» – деп берип койдум. Өзү байлады.

Экөөбүз койлорду айдап алып кеттик. Түш ченде бир кырга бардык. «Моке, келиңиз, шам-шум этип алалы десем: «Жок, балам коё тур, түштөн кийин, сууганда бир ичем» – деди. Мен нанымды жедим, айранымды ичтим. Арадан дагы бир сааттай убакыт өттү. «Моке, бозоңузду ичпейсизби» – десем: «Жок, дагы бир аз бар. Аябай суусаганда ичем. Бозонун даамы, ырахаты ошондо сезилет. Сен койдун аягын түрүп кел, мен биягынан тосуп, астында болоюн. Тээтиги кырга барып отурам» – деп калды. Мен койдун аягына кеттим. Ал жерде миңдей кой бар да козу-мозусу менен.

Тияк коктудан чогултуп, бияк коктудан чогултуп, кырга чыксам эле Мокем тиги кырдан бу кырга, бу кырдан тиги кырга эле бастырып атат. Кеминде эле жыйырма-отуз жолу бастырды го. Дүрбү салып турам. Мокем эмне болуп атат, эмнесин жоготту? – деп коём. Койдун баарын түрүп алып, экөөбүз кечинде саат жети-сегиздерде кездештик. «Ой, Моке, эмне болду? – десем унчукпайт.

Тиги кырдан бул кырга кеминде эле алтымыш жолу бастырдыңыз го десем: «Ой, мен куруюн, жана сен айтканда эле ичип албай» – дейт. «Тиги кырга барып ичейин десем эле жок, түшүп калыптыр» – дейт. «Аябай курсагым ачты, суусадым» – дейт. Кечке ачка жүрүп, далдырап, шалдырап калыптыр, араң сүйлөйт. Мен улам күлүп коём. «Күлбө» – дейт. Мен ансайын каткырам. «Бул кырдан караганда бар болчу, тиги кырга барганда эле жок болуп калыптыр» – дейт. «Желдирип койгом биртике, ошондо түшүп калса керек» – дейт. «Эми үйдө бир-эки жутум калса экен» – деп келатат.

Үйгө келсек жок, калбай калыптыр. Кайран Мокем, ошондо бир үшкүрүндү го! Оозунан көк түтүн чыгып кеткендей сезилди мага. Эртеси экөөбүз кайра кой жайып чыктык. «Эми атаң гөрү, чаначтын оозу өйдө карап түшүп калса экен» – деп коёт. Кырга чыкканда эле көрүндү, жер агарып төгүлүп калыптыр да. Мен алыстан эле көрдүм. Чаап келсем төгүлүп, чаначтын үч учу бар эмеспи, ошол жеринде гана биртике кылыптыр. Бир чоң чыныга куюп берсем ичип алып: «Эми сен мындай кыл. Мен Капарга (Капар анын баласы, койдун ээси да ошол) айтайын. Мончого түшүп, кийим-кечесин алмаштыр келсин дейин. Сен баргын да келинге айтып, баягы бозодон салдырып кел» – деди. Эки күндөн кийин бозону артынып алып келдим. Моке, чаначка куялыбы, тиги кырга барып ичесизби десем: «Жок, жок, ушул эле жерден ичем» – дейт. Бозонун кубатыбы, Мокем токсонго чамалап барып каза болду. Жакшы карыды. Балдарым деп баарыбызга үйрүлүп түшүп турчу. Мен барып калсам: «Такем келип калыптыр, козунун тандап туруп семизин сой» – дечү.

Өмүр бою малда жүрдү. Чоң атам экөөнүн бир кезде алтымыш-жетимиш төөсү болгон экен. Бирок жанагындай марттыгы малы көптүгүнөн эмес, пейилинин кеңдигинен го деп ойлоп калам. Болбосо бир чанач кымыз үчүн кандай киши бир төөсүн байлап берип койсун. Кийин Кочкордон жанагы Мокем төөсүн байлап берген аялды көрдүм. Экөөбүз кокусунан жолугуп калдык. Жалгыз-теректик экенимди билер замат: «Абдырахман деген кишини тааныйсыңбы? Көзү тирүүбү?» – деп сурады. Менин абам эле, кайтыш болуп кеткен десем көзүнө жаш тегерене түштү. «Ошондо жарыктык киши таштап кеткен төөнү сатып, музоолуу уй алдык. Каатчылык жылдарда эки балам менен бизди ошол уй сактап калды. Ал кишинин жоругун айтып берсем көбү ишенишпейт» – дейт…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *