«Сен кимсиң, Аялзат» деген аталышта публицисттер, журналисттер жана жалпы эле калемгерлер арасында 2016-жылдын декабрь айында сынак жарыялаганыбызды эскертебиз.
Бул сынак 8-Март аялдардын Эларалык майрамына карата уюшулган. Конкурска буга чейин эч жерде жарыяланбаган гана эмгектер кабыл алынууда жана сынакка катышкан авторлордун эмгектери номер түрүндө жарыяланып келүүдө. Сынак мөөнөтү 6-март күнү соңуна чыгарын эскертебиз!
Аталган сынактын жыйынтыгы ушул жылдын 7-марты күнү саат 12.00дө ЭлТР каналынын «Чак түш» көрсөтүүсү аркылуу түз ободо чагылдырылып, жеңүүчү авторлор аныкталат. Биз буга чейин эскерткендей: сынак жыйынтыгына чейин калыстар курамынын өкүлдөрү жана сынакка катышкан авторлордун эч биринин аты-жөндөрү жарыяланбай келди. О.э. ушул күнгө дейре калыстар курамындагы аттуу-баштуу үч инсан да бири-бири туурасында маалымат билбейт. Алар тууралуу маалымат 7-март күнү ЭлТР каналынын түз ободогу көрсөтүүсүндө гана жалпы атпай-журтка белгилүү болот. Биздин бул аракетибиздин башкы себеби – аталган сынактын объективдүүлүгүн камсыз кылуу…

Байге фонду 50 000 (элүү миң) сом.
1-байге – 15 000 (он беш миң) сом.
2-байге – 10 000 (он миң) сом.
3-байге – 5 000 (беш миң) сом.
Кызыктыруучу сыйлык катары 20 000 (жыйырма миң) сом каралат. Аны калыстар курамы топтолгон упайларга жараша бөлүштүрөт.
Сынактын демөөрчүлөрү – Алтынбек ЖУНУСУ уулу, Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын депутаты жана Кылыч ИСАМАМБЕТОВ, «Калемгер» адабий клубунун негизги демөөрчүсү жана жеке ишкер.

«РухЭш» сайты маалыматтык колдоо көрсөтүп келаткандыгы үчүн ЭлТР каналынын жалпы чыгармачыл жамаатына жана сынактын демөөрчүлөрүнө терең ыраазычылык билдирет.

P.S. Урматтуу публицисттер, журналисттер жана жалпы эле калемгерлер! Эгерде аталган сынакка катышууну кааласаңыз, ыкчамдаңыз! Материалдарды кабыл алуу 6-март күнү соңуна чыгат. Сынактын жобосу менен береги шилтемеден тааныша аласыздар… Сен кимсиң, Аялзат?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *