Алтай жомогу
Жылымык тарткан жазгы күнгө жана заардуу баардын шамалына кыш бою жаткан кар туруштук бере албай чет-четинен сөгүлө баштады. Анан бат эле жер карарып, чөпкө жан кирди.
Жаныбарлар да, канаттуу куштар да – бары эле жаз келгенге көңүлдөрү шат, делебелери куунак. Бир гана ак коён сумсайыңкы, ат түгүл ыйлап да алган:
— Аппак кар, аппак кар, кете көрбө! Мени, ак коёнду, таштай көрбө! Сенин ак жүндөрүң менен мен бүт кыш бою душмандарымдан коргонбодум беле… Эми мына бул кара жерде, көк чөптө мен агарып турсам, баарына даана көрүнүп калам да, анан алар мени абдан капа кылышат. Аппак кар, аппак кар, кете көрбө! Мени, ак коёнду, таштай көрбө!
— Мен бул жерде кала албайм. Эгер кааласаң сенин ак тонуңду өзүм менен кошо ала кетейин. Кыш болгондо аны кайра сага ала келем. Жайга сен күрөң кемзел тигип ал. Күз бүткөндө мен, аппак кар, кайра эле келем, өзүңдүн ак тонуңду ошондо ала келем.
Ошентип алар маакулдашкандай кылышат. Аппак кар кетип жатып өзү менен коёндун ак тонун чече кетет. Бүт жаз, жай, күз коён күрөң чапанын чечпей сыраңдап секирип-секирип жүрө берет. Кыш келер менен кар досу анын аппак тонун ала келет.
Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *