«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата
Абдыкерим МУРАТОВ

Мевлана Жалилиддин Руми ээси таштап кеткен итти үч күчүгү менен таштай албай, аларга узак жол басып тамак-аш ташып турган. Атүгүл бир мертебе аны сыйлап Эмир Парвана күмүш идиште тамак алып келгенде, ал болсо бул күмүш идиштеги тамакка мага караганда мына булар муктаж болуп турат деп, ал идишти иттердин алдына коюп берет, Эмирдин адамдары күмүш табактарды алайын десе да болбой, иттерди адамдардан артык сыйлайт.
Эмир Темир эң бир сүйүктүү жана ишин улантуучу небереси мырза Улукбекке өзүнүн бир окуясын тынымсыз айтып берет экен. Ал баян боюнча атактуу саркарда Хурасандын Сеистан акиминде колбашчы болуп жүргөндө катуу жараланат, аны баары таштап кетет, өлүм менен бетме бет келип, аябай азаптанат, атына сойлоп жете албайт. Дос деп жүргөндөрү саткынчы чыгат. Бир куураган дарактын астында жатып, жанынан кумурсканы көрүп калат, аксак кумурска улам далалат кылып таштын үстүнө чыгайын деп, кайра кулай берет экен, кайра аракет кылып, кайра кулап, иши кылып эң аягында ташка чыгат. Эмир Темир Күрөгөн да ошондо ойлонуп, жашоого бел байлайт. Кийин-кийин мырза Улукбек да башына оор күндөр түшкөндө бабасы айтып берген ошол аксак кумурсканы эстеп, өзүнө өзү «Кумурсканы унутпа», «Кумурсканы эсте» деп турчу экен.
Эки адамдын жеңишке жетип, атак алышына бир аксак кумурска кандай таасир эткенин карап көрүңүзчү…
Кумурска демекчи аңыз кептерди аңдасак, Шайх Шиблий алыс кыштагынан шаарга түшүп, бир нан дүкөнүнөн дан сатып алат, аны айылына алып барып ачса, бир кумурска жүрүптүр. Жаныбар, аябай тынчсызданып, ары-бери чуркайт дейт.
Шайх Шиблий кумурсканы ойлоп таң атканча уктабаптыр. Качан гана таң үрүл-бүрүл болгондо даны менен кумурсканы кайра шаарга алып жөнөптүр. Баягы буудай алган жерге келип кумурсканы коё берип карап турса, жалгыз кумурска жүгүрүп-жүгүрүп барып, ийинине кирип кетиптир.
Бул ибарат ар бир жан-жаныбар үчүн мекени, топурагы кымбат дегенди айтуу менен адамдардын жаныбарларга мамилеси куду адамга мамиледей болуш керектигин түшүндүрөт. Ошон үчүн кыргыздар «кумурсканын ийинин бузбагыла» деп турат. Асан Кайгы «кулан байкуш кантти экен», «жылан байкуш кантти экен» деп жүрүп бүткүл казак менен кыргызга ал элдер экология окуй элек учурда да эле жан-жаныбарларды коргоочу акын катары таанылган.
Фирдоуси айтат: «Дан ташып жүргөн кумурсканы да иренжитпе, анткени ар бир жаныбардын жаны өзүнө таттуу. Көңүлү кара, ташбоор киши ошол кумурскага да азар берет. Мындай кишилер бир күнү дал ошол кумурска сыяктуу өзү да аяк асты болот».
Дагы бир адам башынан өткөргөн окуяны мындай айтып берет: Ал киши узак сапарга Хорезмге чыгат, жолдо бир киши кошулат. Ошол киши ага тынбай эле дос боло тургандыгын, кыяматтык жолдош болгосу келгендигин айтып отурду. Буларга бир ит да кошулуп, ээрчип алды. Окуяны баяндап аткан киши колунда бар адам экен, тиги жолдо кошулган адамга тамактын чүйгүнүн берип, кийиндирип-ичиндирип, кадырлап барды, анын үстүнө жан-алы калбай эле дос бололу деп барат имиш. Ал эми итке арткан нан, сөөк таштап коюшчу.
Жолдо буларга эки каракчы кол салат. Баягы дос болом деген адам алар алыстан көрүнөрү менен жүктөрдү таштап, каражанын алып качты. Ит болсо каракчылардын бирин буттан тартып, жыгып жардам кылды да, экөөлөп ал каракчылардан кутулду.
Анан жанагы киши кайра келди. Андан көрө ит чыныгы дос экен деп, адамды кууп жиберди да, итти жолдош кылып алды.
Жан-жаныбарларга кыргыздар кандай мамиле кылгандыгын алардын жыл аттарына берген баасынан да билүүгө болот. Бул тууралуу кытайлык кыргызтаануучу Макелек Өмүрбай эл оозунан мындай уламыш накыл жыйнаган: Илгери Кыргыз ата бир доорду он эки жылга бөлүп, ал жылдарга ар кайсы айбандардын атын атап белгилемек болуп:
– Жыл эсебине катышайын деген айбандар келгиле, — дегенде, 13 түрдүү жаныбар жетип келген экен. Кыргыз ата туруп келип:
– Жыл аты он эки болбосо, эсеп төп чыкпайт, бириңер кайткыла, — дегенде, эч кимиси кайтышка ынаңкырабаптыр. Кыргыз ата:
– Кимиңер жылдын башына киресиңер? Ошону токтоткула, — десе, он үч жан тең эле:
– Мен жылдын башына кирем, — дешип талашып, бир бирине жол бербептир. Ошондо Кыргыз ата:
– Эй, азиз жандар! Эртең бүрүлдөн калбай, баарыңар чогулгула. Мен калыс болоюн, ким мурда чыккан күндү көрүп, алдын айта алса, ага башкалар күбөлүк кылса, ошол жылдын башы болсун. Күндүн чыкканын көрө албай 13-иретке калып калган жан жыл катарынан чыгып кетсин, — деген экен. 13 жан:
– Эртең менен уктап калбайлы, азыр эс алып эрте уктап, таң менен туруп, күндүн чыгышын карайлы, деп жайларына кайтышыптыр.
Кыргыз ата таң эртең менен 13 жан чогулушаар жайга келип караса, 13 жан таң белги бергенде, чыгышты бет алып, ынтаасы, зээни менен күн чыгышын байкап турушкан экен.
Кыргыз ата:
– Иш оңуна айланыптыр, Чычкан баатыр жыл эсебине кирбей эле коёюн деген окшойт деп ойлоптур. Ар иште калыс Кыргыз ата, жер абдан жарык болгондо, он эки жылдын ортосуна келип, чыр чыкпасын деп чындыкты байкап турган экен.
Он эки жылдын күн чыгыш жактын четинде, тартайган Төө ансайын моюн созуп кокоюп, күндү байкап, кепшеп турган экен. Ал кезде, баары эле жылдын башы Төө болот деген ойдо экен. Күн нуру бөксөгө түшкөндө, он эки жан тең эле:
– Мен мурда күндү көрсөм экен, — дешип, удургуп тынчы кетип, шашып калган экен. Кыргыз ата ого бетер тикийип, жандарга саресеп салып турган экен.
Күндүн чекеси кылайышы менен Чычкан баатыр:
– Мен күндү көрдүм, ашкере көрдүм! — деп чыйылдап жиберген экен. Кыргыз ата жана башка жандар чочуп кетишип, чычканды карашса, ал Төөнүн туу чокусунда, эки колун серейтип:
– Мен көрдүм, — деп кыйкырып турган экен.
Кыргыз ата:
– Жылдын башы чычкан, — деп жарыялаган экен.
Артынан эле Уй:
– Мен көрдүм, — деп челейип туруптур, андан ар кайсы жандар удаалаш өздөрүнүн аттарын жарыялаптыр. Төө чокусунан Чычкан баатырдын үнү чыкканда чочуп, бүткөн-бою чыйрыгып, күндү көзү көрүп турса да:
– Мен күндү көрдүм, — дегенге тили күрмөлбөй, «баф» деп бакыргандан башка эчтеме дей албай, жылга кире албай калган экен.
Жылын билбеген кишиге каратып:
– Сенин жылың Төө беле? — деген сөз ушундан калган түрү бар.
Ошентип кыргыздар кайсыл жылы туулса, ошол жылы туулгандарды ошол жан-жаныбарларга окшоштуп, аларга жакындык түзөт.
Бул же тигил уруулар да өздөрүн бугудан, бөрүдөн, багыштан, иттен ж.б. жандыктардан тараганбыз деп айтышат…
Хамид Зиёев Өзбекстандагы белгилүү тарыхчы, профессор, кыргыз окумуштууларынын бир тобунун устаты, ал өзүнүн жылдап топтогон тажрыйбаларын – көргөн-билгендерин, уккандарын байыркы Чыгыш баяндарынын услубдунда (стилинде) китеп кылып жазган. Ошол китепте мындай бир улама айтылат: өткөн заманда бир карып төөсү менен кире кылып, эптеп тиричилигин жүргүзөр экен. Элдер да анын атын айтпай «төөчү» дешер экен. Анча-мынчада ал ири соода кербендерине кошулуп, башка алыс өлкөлөргө да чыгып турчу. Ошондой күндөрдүн биринде какыраган элсиз чөлдө түнкү эс алуудан кийин кайрадан жолго чыгарда төөчү өзүнүн төөсү жоктугун байкап калат. Аны издеп, бир бархандын ары жагына өтүп, таң каларлык окуянын күбөсү болот. Караса, бир келемиш төөнүн тумшугуна байланган узун аркандын учун тиштеп алып, төөнү аякка-буякка жанын койбой жетелеп жүрөт.

Төөчү өзүн токтотуп, далдаланып, окуяны байкап туруптур. Төө күн бою келемиштин сүйрөгөнүнө көнүп, артынан ээрчип жүрө берет. Келемиш болсо, өзүнүн тырнактай экенине карабай, тоодой айбанды баш ийдиргенине курсант боло чыйылдайт. Төөчү бул көрүнүштү байкап, төө өзүнөн миң мертебе кичине жана байкуш бир жандыкка моюн сунганы, анын көңүлүн алганы, тиги кичинекей жандыкты аяганы, аны сүйүнтүүгө аракет кылганы экенин түшүнөт. Ал өз төөсүнүн сабырдуулугуна, бейазадалыгына, көтөрүмдүүлүгүнө ичи чыгып, ыраазы болот.

Акыры караңгы түшөр менен карап турса келемиш аркандын учунан бекем тартып, төөнү ийнин көздөй сүйрөйт. Төө болсо келемиштин ийнине тумшугу тийгенче бара берет. Тумшугу ийинге тийсе да арканды тартып ийсе кокус келемиштин тиши сынбасын деп төө улам чөгөлөп, тигини аяп коет. Бир убакта ийиндин ичинен арканды тартууга уруксат дегендей ишаара кылынат. Ошондо төө арканды тартып кирет, бир убакта анын келемиш тиштеген учу ийиндин оозунан жер үстүнө чыгар менен айлананы ажайып шоола каптап калат. Эси эндиреген төөчү чуркап барса аркандын учунда жаңгактан чоңураак лаал түйүлүп туруптур. Анын шооласынан көз уялып, дүйнө башкача боло калат. Бул төөнүн сабырдуулугуна, мээримдүүлүгүнө келемиштин ыраазычылыгы, жооп кайтаруусу эле.
Бул окуядан кабар тапкан падыша төөчүнү жана анын лаал ташын сарайга алып келтирет. Көрсө, ал лаалды бир падыша жоготуп, аны кийин-соңку көп падышалар издеп убара тартып жүрүшкөн экен. Аны болсо бир кезде келемиштер таап, ийнине алып кетишкен. Табылга ушунчалык баалуу экен, ага бир нече өлкөнүн баарынын бүт казыналарын кошсо до чендебейт имиш.
Лаал ордуна төөчүгө кийим-кечек, төөгө болсо өзүнчө жайыт ажыратылат. Баяндалган окуядан кийин элде «сабырдын түбү – сары алтын» деген макал калыптыр.
Албетте, мында сабырдуулук тууралуу сөз болот, ошол эле кезде адамдар сабырдуулукту төөдөн, жакшылык кылууну келемиштен үйрөнсөңөр боло деген насаат ибаратталар.
Дагы бир икая мындай: Бир киши аркы дүйнөнү ойлоп бул дүйнөдө сооп иштерди кылайын деп мечит салдырыптыр, медресе салдырыптыр, көпүрө куруптур, карып-мискиндерди ичирип-жедириптир. Ошол эле киши бир мертебе сапардан келе жатса, алдынан бир азаптанып, кыйналып турган итке кезигиптир, анан ал ошол итке боору ооруп, аны өлүмдөн алып калып, багып, жакшынакай ит даражасына жеткириптир.
Күндөр өтөт, баягы киши каза болот. Анан анын жакындарынын биринин түшүнө кирет, түшүндө маркум ага тигил дүйнөдө иттен келген сооп гана ашык атканын айтып бериптир.
Ошентип адамдар жан-жаныбарлар аркылуу бакыт нуруна жетишет, ошолор аркылуу жакшы ыйманга, адепке ээ болот, адамдын адамдыгы алардын макулуктарга кылган мамилеси менен да ченелип, бычылат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *