Мен сыйлаган инсанат 

Ар замандын өз ырчысы, өз күлүгү, баатыры да, сулуусу да, улуусу да ооздон оозго уламыш болуп тараган. Даңазасы таш жарган. Улут сыймыгын жараткан.
Ичибизди тарытпай, адамдын көзү барында урматтап-сыйлап, өрнөгүн өзгөлөргө кеп кылууга келгенде өз заманыбызда алдыга озгон чыгаандардын өрнөгүн жамы журтка жайгандан кебибиз коромжу болбос. Капчыгы калың эргулдардын томуктай ишин тоодой даңктаганга келгенде оозубуздан шилекей чачырайт деле, көжөлүп өз алдынча мээнеттенип ийгилик жараткандарга келгенде – сөзгө сараң элге айланбадык бекен…
Ыраматылык Мелис Эшимканов эң бир мыкты саамалыкты баштап кеткени бар. Ал кишинин жакшы сапаттарынын бири – «Асаба», кийин «Агым» гезити аркылуу саясый айдыңда кырчылдашууга чыккан аты-жыты белгисиз жаңы муундун өкүлдөрүн атпай-журтка таанытып, канчалаган жаңы лидерлердин жылдызын жандырды? Канчалаган өнөрпоз, акын-жазуучулар, спортчуларды таанытып турду…
Чыгыш медицинасынын укалоо (массаж) ыкмалары менен элге шыпаасы тийген Медер Бишкектин ысымын эл ошондо таанып баштаган эле. Кырчындай жаш жигитибиз кылкылдаган кытай медицинасынын терең сырын үйрөнүп, дени сак улутка кам көрөр түйшүктү аркалап келатканына андан бери далай мезгил сызылып, Медер инибиз бүгүн кырктын кырынан да ашып калды окшойт. Ошондон ушул күнгө дейре азгырык жолго түшүп (саясый мансап көздөп дегеним) же бир дүйнө артынан кубалап кетпеди. Түйшүктүү өнөрүн улам терең өздөштүрүү озуйпасын аңдады белем, Чыгыш баалуулуктарын таанып, элди табигый медицина жолу менен дарылоо жолун улантып келет. Аны азгырык жолго түшкөн жок дегеним ошол. Адатта, бизде элге төбөсү көрүнө калгандын көбү депутаттык же министрлик орунга жетсем эле элге кызмат өтөйм деген түшүнүк менен түйшөлүп башташат.
Ал эми биз сөз кылар каарман – Медер Бишкектин урку андайлардан эмес экен. Мансап кууган жок. Төрөпейил мүнөз күтпөдү. Качан көрсөң: кичипейил, жөнөкөй, илбериңки. Илебинен илдетиңди унутуп таштайсың. Маңдайы жарык жигит. Жарык шооласы маңдайынан эле эмес акылынан да, жүрөгүнөн да тамып турат. Дидаарлаша келгенде, дилиң тазара түшөт. Ал экөөбүз амандык сурашып эле Чыгыш баалуулуктарын, илим-билим, философия, адам дүйнөсүн сөз кылып баштайбыз. Байыркыдан бүгүнкү заманга чейинки даанышмандар насыятын айтып түгөтө албайбыз.
Улагасында мага окшоп кыңкыстап, ахалап-охолоп, кокуйлачулар котолойт. Массажга келгендер кезмет күтүп отурганы отурган. Качан болсо шыкалган. Баары «Император-Каган» массажынын босогосун аттоо үчүн биринчи кезекте «Кыргызча тактык: беш мүнөт эрте!» деген эрежени темирдей тартип санап көнгөндөр. Медер инибиздин бир эрдиги ушул: убакыт-саат дегендин эсебин билбеген кыргыздын кулк-мүнөзүнө, аң-сезимине жаңы эреже, жаңы түшүнүктү калыптандыруу үчүн дал ушул салтты, маданиятты калыптандырып келатат. Муну жаңы саамалык, жаңы маданият, жаңы салт дебегенде эмне дешибиз керек?..
Береги эскертүүнү караң: «Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте!»
СУПЕР КЫРГЫЗЧА ТАКТЫК – 10 мүнөт эрте келсе;
НЕМИСЧЕ ТАКТЫК – Өз убактысында келүү, баруу же баштоо;
ЧАБАНЧА ТАКТЫК – «немисчеден» 15 мүнөткө дейре кечигип келсе;
СЫЙЛАБАСТЫК – 30 мүнөткө дейре кечиксе;
ӨЗҮН СЫЙЛАБАСТЫК – 30 мүнөттөн 45 мүнөткө дейре кечиксе;
МЕКЕНИН СЫЙЛАБАСТЫК – 45 мүнөттөн 1 саатка кечиксе.
Мындай эскертүүнүн маани-маңызын өзүңүз аңдаңыз окурман!
Элдин денсоолугуна гана эмес, моралдык соолугуна кам көрөр өрнөк эмес бекен бу. Убакыт кадырын билбеген кыргыздын кулагына күмүш сырга эреже-принциптери менен коомдо өзүнчө бир катмарды жараткан мээнети тууралуу айтар сөзүбүз али толтура… Медер түптөгөн мектептен жүздөгөн, миңдеген шакирттери таалим-тарбия алып келатат. Алардын алды күрдөөлдүү өнүккөн өлкөлөрдөн: Германия, Улуубритания, Франция, Америка, Турция, Австралия, Жапония, Түштүк Корея, Канада, Дубай, Катар, Гонконг, Индия, Тайвань, Египет, Швеция, Италия, Россия, Казакстан өлкөлөрүндө өз өнөрлөрү – Император-Каган массажын жайылтуу менен бирге өздөрүнүн үйбүлөлөрүн, жакындарын багып, Кыргызстандын казынасына акча түшүрүп аткан деңгээлге жетишкени – бул ар бирибиз үчүн сыймык жаратар жетишкендик! Кыргыз тукуму эми минтип дүйнөлүк алкакта канат жайып, тай-цзи чебери Медер Бишкектен үйрөнгөн табигый медицинаны жайылтып, соода-экономикалык мамилелерди жүргүзүүгө жетишкени – кыска мезгил аралыгындагы ийгилик эмес. Бул ошол узак жылдар бою ноюбас мээнеттин мөөрү, аракеттин акыбети!
Ириде руханий-интеллектуалдык сапатка ээ болмоюн эч бир кыргыз тукуму Ала-Тоодон ары ашып өз өрнөгү, өз өнөрү менен башкаларды таңгалдыра албайт. Цигун, тай-цзи, йога, медитация, аутотренинг, акупрессура жана кытайдын чекит массажы, япондун ши-ацу, аюрведа медицинасынын тхану массажы, тайланддын йога массажы, даос массажы, цигун массажы, сыдырма массаж, шаман массаж, медитативдүү массаж ж.б. түрлөрүн синтездеп, акыры өзүнүн Император-Каган массаж мектебин түптөп чыккан бул замандашыбызды төбөбүзгө көтөрөр жердебиз. Дегеним, дүйнө жүзүндө медицина тармагы эң кирешелүү бизнес экенин ач элибиздин чоң курсак чоңдору аңдаган болсо, Медер Бишкектин табигый медицина жолу менен омуртка оорулууларды дары-дармексиз өз калыбына келтирген феноменалдык артыкчылыгын өлкө экономикасынын финансылык булагына айлантууга толук мүмкүн эле.
Мен буга өзүм күбө болгон жагдайлардан улам кеп козгоп отургандагым. Өзүм канча ирет Медердин массаж мектебинде кезмет күтүп отургандардын арасынан инвалиттик коляскада отургандарды көрдүм. Алардын кээси чалагайым врачтардын колунан майып болуп калгандан кийин Медер Бишкектин жардамы менен жүгүрүп кеткенине күбө болдум. Омуртка сөөктөрүнө грыжа пайда болгондорду көргөн хирургдардын канчасы бычагын кайрап турганга даяр, ал эми Медер Бишкектин босогосун аттаган оорулуулардын далайы цигун, тай-цзи, йога, медитация, аутотренинг, акупрессура-массаж жолу менен эле айыгып кеткен үчүн качан болсо Медердин убактысы тар экени белгилүү.
«Миң уккандан – бир көргөн артык» дейт кыргыз. Мындан он жыл убакыт мурда өзүм бел омурткамдын грыжасынан врачтардан врачтарга кайрылып, алардан грыжамды операция жолу менен гана алууга мүмкүн экендигин угуп, акыры аргасыздан Медердин улагасын аттоого туура келди. Мына ошондо көрдүм: табигый медицинанын күчүн! Медердин массажын алып, өзү көрсөткөн цигун көнүгүүлөрүн үзбөй жасап жүрүп, акыры бел омурткамдын дарты менен кош айтыштым…
Бир курдай урматтуу устатым Алым Токтомушевдин эки буту баспай калган кезде такси менен Медер Бишкекке жеткирдим эле, үч-төрт күндөн кийин Алыкемдин оорудан кыңкыстаган үнүн эмес, карсылдаган каткырыгын угуп, шартылдап басып кеткенин көрдүм. Андан кийин шаарда шаңкылдашып далай ээрчишип жүрдүк устатым экөөбүз.
Ал эми ааламга атагы тараган Чыңгыз Айтматов өзү Бишкекке каттаган сайын Медердин колунан далай ирет уюган денесин жасып, массаждын ыракатына канып, алкышын жаадырып, кайрадан өзүнүн рухий деңизине чумуп кеткен учурлары канча…


Албетте, дүйнөнүн төгөрөк төрт бурчун чарк айланып жүргөн Ч.Айтматов массаж жасатар жер таппаганынан Медер Бишкекке дамамат келип жүрдү дейсиздерби?.. Жок. Дартына шыпаа табылган үчүн Медерди ылым санап, бекеринен батасын берип келбегендир…
Жогоруда медицина (болгондо да табигый медицина жолу) тармагы да дүйнөдө эң кирешелүү булак экенин айткан себебим: агер биздин бийликтегилер «Император-Каган» массажын Кыргызстандын бренди катары туризм тармагы менен бирге таанытуу саясатын жүргүзгөн болсо, мындан мамлекетибиз гана пайда табат эле, аттиң!
Эсиңиздерде бардыр, «Шоро» компаниясынын продуктыларын жайылтууда президент Аскар Акаев ыраматылык Табылды Эгембердиевдин ишкердик тажырыйбасын өстүрүүгө өзү кызыкдар болуп, Табыкени дайыма мамлекеттик делегация мүчөлөрү менен бирге далай жерге алып жүрөр эле. Кийин ал өз үзүрүн берип, «Шоро» компаниясы бүгүнкү күнү улуттук тамак-аштарыбыздын зоболосун канчалык деңгээлде көтөрүп койду? Мамлекетке канча миллиондогон салык төгүүчүлөрдүн алды болуп чыга келди! Т.Эгембердиев атамекендик өндүрүшчүлөрдүн жол башчысы болуп калды!
Акаевдин ошол өрнөгүн кайталоо Алмазбек Шаршеновичтин колунан келбейт беле?! Ар качан четөлкөлөргө барса да, бу жакта жүрсө да өз байлыгы менен мактанбай, эмнеге Медер Бишкектей жаратман уулдарыбызды даңаза кылбайт?!
Канчалаган аткаминерлер Медер Бишкектин босогосунда кезекте турганын билебиз, эмнеге ошолордун бирөө-жарымынын мээсине ушул идея келбейт?! Эларалык алкактагы мамлекеттер арасында мамиле түзүүдө толтура иш-чаралар уюшулуп жүрөт. Ал жерге жалаң өздөрү барып чардайт. Ошондойдо мамлекеттик резиденцияга четөлкөлүк меймандарга сый көрсөтүүдө эмнеге бизде «Император-Каган» массажы деген бар деп сыймыктанууга ооздору барбайт?! Ошол сый көрсөтүүнүн аркасы менен «Император-Каган» массажын Кыргызстандын бренддеринин катарына кошууга болбойт беле?!
Тилекке каршы, Медер Бишкекке аткаминерлерден андай мамиле күтүлмөк тургай, эң жөнөкөй жакшылыкты күтүүгө болбойт көрүнөт. Мен билгенден: «Император-Каган» массаж мектебинин өз имараты жок үчүн көрүнгөн жерде баш калкалап, аренда төлөп, улут саламаттыгына кам көрүп келет… Ай, жолуң болгур кыргыз! Өнүгөлү-өсөлү деп өнтөлөбөйт экенбиз го!
Олжобай ШАКИР 

P.S. Медер Бишкек: Император-Каган массаж мектеби (видео)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *