Мен муну ар бир окурманга жана мени менен кызматташып келаткан авторлорго эскертип коюуга аргасызмын. Туура кабыл алгыла! Мындай билдирүүмдү жарыялоом керекпи, жокпу деп көпкө ойлондум. Акыры жазууга туура келди. Себептери:

1) «РухЭш» сайты окурмандардын көркөм табитин өстүрүүнү башынан бери максат кылгандыктан: биз мүмкүн болушунча өрнөктүү чыгармаларды тандап чыгаруу менен алекпиз. Бирок ар дайым эле төгөрөгү төп келишкен чыгармалар колго уруна бербегендиктен, айрым учурда ортозаар чыгармаларды деле жарыялап атканыбызды моюндайбыз. Анын себеби: жакшы чыгармаларды тандап жарыялоо үчүн көз майың да, көп убактың да коройт. Ылгоого келгенде, кайсы бир чыгарманы жарыялоодон мурда – анын жакшы же жаман экенин сайттын редактору катары сөзсүз окуп чыгууга милдеттүүмүн. Ансыз иле албайм.

2) Көп учурда электрондук почтама келип түшкөн чыгармалар арбын, ар бирин окуп чыгууга туура келет. Ошондон улам күндө таң эртең менен ойгонорум менен жарыялана турган чыгармаларды ылгоо ишимди баштайм. Сандаган авторлордун арасынан бирин-экини дурус болуп калса, дароо сайтка илгенче шашам, окурмандарым умсунуп жакшы нерсе күтүп калбасын деп… Алардын арасында көлөмдүүсү бар, чаканы бар. Айрым көлөмдүү чыгармаларды ара-чолодо кол тийе калганда окуп чыгыш үчүн эле кеминде 2-3 күнүм сызып кетүүдө.

3) Эң кокуюн эми айтайын, жолуң болгур кээси кыргызча береги Ө, Ң, Ү үч тамганы жазуудан эринет, шылтоолору – «Менин компьютеримде кыргызча тамгалар жок эле». Э куураган кыргыз, ушул үч тамганы сыйлабасаң да өз эне тилиңе сый мамиле кылганды качан үйрөнөсүң?! Биз качан өз тилибизге өгөй мамиле кылганды токтотобуз?! Өз эне тилиңди сыйлабай атып чыгарма жазгандын балакетин аласыңбы?!

4) Сөздүн кыскасы, ушул сыяктуу майда-барат көрүнүштөрдү ар бир авторго түшүндүрүп кат жазып отургандан жадап бүттүм акыры! Менин ар бир күнү иш үстөлүмдө баш көтөрбөй отурган убактым 15-16 саатка жетет экен. Бирок Кудай менин көчүгүмдү таштан жасаган болсо, ноюбай отура берет элем. Аны Кудай эттен жараткан үчүн көп отура бергенден улам денеге кан жүгүрбөй калганда, дене бой уюбай коёбу… Кээде буттарым чымыраганда тикемен тике туруп иштеген күндөрүм бар.

5) Акыркы мезгилдерде фейсбук баракчама кат жазгандар оголе арбып кетти. Ар бир окурман, ар бир авторлорго жооп жаза берип тилим тешилди, колум жешилди. «Олжоке, сен абыдан укмуш иш жасап атасың» деген маанидеги мактооңорду мага экинчи жазбагыла! Жакшы иш жасап атканымды өзүм да билем! Тек, мен ар бириңе кат жазып отурганга алтындай убактымды коротконум эч нерсе эмес дейин десем, кийинки учурларда эки көзүм канталап кызарып, баш оору пайда болду. Жаш акканы арбыды! Ар бириңдин көңүлүңдү оорутпай жооп жазууда менин канча энергиям короп атканын эсиңерге алып койгула!

6) Айланайын, чыгармачылыкка ышкыбооз жашыңар да, карыңар да бир нерсени унутпасаңар: «Чымыным бар эле, мага чыгармачылык кеңеш берип коюңуз» дегениңерди токтоткула! Мен деле адабий билимим жетишсиз жижиң калем көптүн биримин. Эч бириңе адабий кеңеш бере албайм, эч бириңдин талантыңды ойгото албайм. Талант дегенди Кудай таала таратат. Мен таратпайм!

7) Мындан ары «РухЭш» сайты жарыялаган сынактарга Ө, Ң, Ү тамгалары жок жөнөтүлгөн эмгектер кабыл алынбайт да, жарыяланбайт. Ансыз да көп түйшүктүн алдына жалгыз жаным көмүлүп калды!

P.S. Кокус менин фейсбук баракчамда жашыл чекит күйүп турса, «Олжокебиз» бош отурган экен деп ойлобогула! Мен ал учурда керектүү авторлор менен байланыш түзүп отурган болушум мүмкүн же соцтармактар аркылуу сайттагы материалдарды окурмандарга бөлүшүү үчүн отура калганым болбосо, менин кенедей убактым жок!!!
Эгер анчалык эле мага эбедейиңер эзилип ыраазычылыгыңарды билдиргиңер келсе, мага оозеки мактоо жаадыргандан көрө «ушу кембагалдын туруктуу айлыгы жок иштеп жүрөт, жардамым болсун» деп береги эсепке 50 сом, 100 сомдон болсо да салып коюп тургула. Куру дегенде тамекиден өксүбөйүн. 

Каалоочулар 0558 08 08 60 номуруна (ЭЛСОМ) жана 987912 банк эсебине  (РСК) которо аласыздар…О.э. 1290043490000078 эсеби ачылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *