№5

Аялзаттын үй-бүлөдөгү орду кандай болууга тийиш жана бүгүнкү күндөгү социалдык турмуш жүгү эмне себептен Аялзаттын мойнуна көбүрөк жүктөлүп калууда?
“Аял кабырга сыяктуу. Аны түздөөгө аракет кылсаң, сындырасың…” 

Ислам дининин негиз салуучусу, адамзатка жакшылык үрөнүн сепкен Мухамед пайгамбардын учкул сөзгө айланып кеткен “Бейиш энелердин таманы астында” деген сөзүн ыгы келген да, келбеген да жерде кыстарып калмайыбыз бар. Пайгамбарыбыздын: «Мен эки алсыз жанды капарга албай коюуга уруксат бербейм. Алар — жетимдер жана аялдар» деген сөзүндө канчалаган терең маани жатат! Биздин коомдо дал ушул аялуу эки катмар кор болуп жатканы айныксыз чындык, демек, пайгамбар айткан насаат аткарылган жери жок.

Бир ирет пайгамбарыбыз төө минип ыңгайсыз кетип бараткан топ аялдарды көрөт. Ошондо Мухамед пайгамбар алардын артынан шаштырып айдап алган кишиге: «Сен хрусталь кутучасын алып баратасың, этиет мамиле кыл», — деген экен. Демек, аялзаты кылт эткен олдоксон бир кыймылдан сынып калуучу хрусталдай назик, айнектей үлбүрөк жана морт келет тура…

Бир ирет пайгамбарга келген адам: «Мен кайсы адамдарга жакшы мамиле кылышым керек?» — деп сурайт. Аллахтын элчиси: «Апаңа», — деп жооп берет. Ал киши: «Анан кимге?» — дейт. Пайгамбар: «Апаңа», — деп жооп узатат. Тиги киши: «Андан кийин кимге?» — деп дагы сурайт. «Андан кийин, кийин атаңа», — деп Мухаммед пайгамбар жооп берген экен. Демек, аялзатын эркектен эки эсе бийик жана улук санап жатат.
Батыш акылмандары сайрап келаткан “Женщина – лучшая половина человечества” деген учкул ойду пайгамбарыбыз алда качан эле «Аялдар — күйөөсүнүн жарымы» деп бир сүйлөм менен айтып койгон тура. “Бири-биринин бузукулугун жана күнөө иштерин туураган аял-күйөөгө миңдеген наалат! Алар бири-биринин тозок отуна ыргытылышына жардамчы болуп жатышат”, – деп үй-бүлөдөгү жубайлардын бири-бирине эрегишүүсү эмнеге алып барарын да эскерткен пайгамбар дагы мындай дейт: “Аял кабырга сыяктуу. Аны түздөөгө аракет кылсаң, сындырасың. Эгер андан пайдаланууну кааласаң, ошол бойдон дагы пайдалана аласың. Аял кабыргадан жаратылган. Ар дайым сени ыраазы кыла тургандай мамиле кыла албайт. Эгер андан пайдалангыңар келсе, ушундай абалда пайдалангыла. Эгер түздөйм десеңер, сындырасыңар. Аялдын сынганы – ажырашканы”.

Кабырга ийри болот эмеспи. Демек, табигатынан ошондой бир аз ийри, бир аз чалпоо, бирок назик, жароокер, мээримдүү жаратылган аялзатын эркектана өзүнө теңеп, өзүндөй түз, бетке чабар, оргу-баргы мүнөздүү кылып өзгөртө албайт тура.

Мага айрыкча жагып, ойлонтуп-толгонткону – бул улуу инсандын адамзатына калтырган дагы бир керээзи, ал мындай дейт: “Артымда эркектерге аялдардан дагы жаман сыноо калтырбадым”. Бул сөздү чечмелей турган болсок, демек, эркектер үчүн жашоодогу эң чоң сыноо — аялзатына кылган мамилесине, ага көргөн камкордугуна же тескерисинче, ага көрсөткөн кордугу менен зордугуна жараша болот экен. Пайгамбардын бул хадисинин мааниси океандай терең, мейкиндиктей чексиз. Азыркы жашообузда үй-бүлө жүгү аялдардын мойнуна көбүрөк жүктөлүп калганынын бир себеби, эркектерибиздин мына ушул Мухамед алейки салам айтып кеткен насаатын аткарбагандыктары, аткармак түгүл, пайгамбардын ушундай сөзү бар экенин билбестиктен болуп жүрбөсүн? Же аялдарыбыздын аялдык назиктигин, Жараткан берген жаратуучулук, тарбия берүүчүлүк вазийпасын унутуп, тастаңдап эркектерге теңелип, аларды туурап кийинип, аларга окшоп пикет-митингдерге чыгып алкынып-жулкунганы Кудайга жакпай, аялзатка мына эмесе деп толгон түйшүк берип жатпасын? Эмне гана дебейли, эмне деп актанбайлы, биздин азыркы коомдун аялдарга жасаган мамилеси, кайдыгерлиги, өзүмчүлдүгү барып-келип улут келечегине чабылган балта… Себеби, дени таза, бою сергек, руху бийик аялзатынан гана Манас, Чыңгыз, Жусуп, Алыкулдар төрөлөт…

Аялдыгым – алсыздыгым, аялдыгым – бакытым…

Эх, десеңчи, бул жарыктын азаптыгын, жалганын, айта берсем түгөнбөс-ов, дилге баткан арманым. Бир өзүмдөн башка жандын баарын аяп, толгонгон, боору мерез бул ааламда аял болуп калганым — ушул менин арманым.

Ааламга аял болуп жаралуунун өзү тозок… Жаңыдан гана дүйнөгө көзүм ачылган мезгил үч же төрт жаштардагы курагым экен азыр ойлосом. Ошондо эсимде калганы – апам мени колдон жетелеп, менден эки жаш кичүү инимди колуна көтөрүп мектептеги сабагына барыш үчүн бизди бизге жакын жашаган тайенеме алып баратканы болуптур…

Кичинекей секелек кыз болсом да инимдин апамды ээрчип эзилип ыйлаганына жиним келген ошондо. Азыр ойлосом, наристе чагымдан эле апамдын мектептеги азабы мол мугалимдик жумушу, үйдөгү өкүмзор атамдын (атам тууралуу дагы сөз болот) татаал пейил-мүнөзүнө, эки кайын энесинин (чоң атамдын эки аялы болуп, алардын бири биздин үйдө, экинчиси кошуна жашашчу) ташпиштерине, бири 3-4, бири 2-3 жаштардагы балдарынын түйшүгүнө чыдап жашаганын жон терим менен сезип-туйчу экенмин. Узундугу такымга жеткен, капкара чачтарын бир өрүм кылып артына таштап, айылда жашаса да шаардыктарча татынакай кофта-юбка, бутуна өкчөлүү туфли кийген апам колуна жарашыктуу сумка көтөрүп мектептен келатканын көргөндө чымын-куюн алдынан чуркаар элем. Ошентип, апам инимден кийин дагы бир уул, үч кыз төрөдү. Булары – жашап калган балдарыбыз. Калган төрт уулу жарыкчылыкка баа этип келип, аз гана саат жашап, кайра периште бойдон учуп кете беришти…

Апам биздин жашоодо жаза баскан кадамдарыбызга айрыкча кейиген учурда “балдарымдын да жакшыларын кудай алып кеткен окшобойбу…” деп көз жашын мөлт эткизгенин эки-үч ирет уккан жайым бар. Андайда жүрөк-боорум эңшерилип, өзүмдү алансайын күнөөкөр сезгенимчи… Ошентип, апам алты баланы өстүргөнчө, айылдык мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан берип, дээрлик отуз жыл убакыт иштеди. Окуучуларынын урмат-сыйына бөлөнүп, ааламдын туш тарабынан кат жазышып, айылга келишсе алдынан өтүп сыйын көрсөтүп турушат. Бирок да менин өтө сабырдуу, эл он сүйлөсө бир сүйлөгөн, узун чачтуу (чачына кайчы тийгизбегенин айткан жайы бар), дүйнөдө баарынан да китеп окуганды сүйгөн апакем жашоосунда бакыт дегендин чыныгы даамын татты бекен же өмүр бою айылда башкарма, кийинчерээк совхоздун башкы агроному болуп иштеген, иш десе эт-бетинен кеткен корс мүнөз, кырс пейил атамдын азабын тартып өттү бекен?.. Ойлогон сайын апамдын атам менен чындап бактылуу болбогонуна улам көзүм жетип, апамды барган сайын аяп келем, колдон келсе апамдын өмүрүн кайрадан жашата алсам деп ичимден эзилгеним эзилген…

Аялзатты чыгармасында көкөлөтүп, жашоосунда сүйбөгөн залкар…

Кара сөздүн чебери, дүйнөдөгү мен деген беш жазуучу болсо, алардын бири болгон Лев Толстойдун аялзатына болгон мамилеси да өзү жазган каармандар сыяктуу татаал, чиеленишкен мүнөздө болгон. Баарына белгилүү болгондой, өмүрүнүн акырында көп жылдар бирге жашаган жубайынан качып, жол тартып баратып каза болгон Лев Николаевичтин апасы ал эки жашка толо электе дүйнөдөн өтөт. Апасын дээрлик эстеп калбаса да, элесин өмүр бою ардактап өткөн. “Согуш жана тынчтык” эпопеясындагы князь кызы Мария Волконскаянын образын апасына арнаган Толстойдун аялдар жөнүндө карама-каршылыктуу ойлорду айтканы кызык. Балким, буга анын апасынан наристе курагында калып, энелик мээримге тойбогону, кийин эр жеткенде аялы менен көп жагынан көз караштары окшошпой, өмүрүнүн акырында алардын мамилеси такыр эле элдешкис мүнөзгө өткөнү себеп болгондур… Ким билсин, канткен күндө да залкардын оюн окуп, талдап коюу адамзатынын жарымын түзгөн аялзатынын мүнөзүн, кылык-жоругун жакшылап билгиси келгендер үчүн ашыкча болбос…

Толстой мындай дейт:

Эгер эркектер бардык аялдарды күйөөлөр өздөрүнүн аялдарын билгенчелик билишчү болсо, анда алар эч качан алар менен талашпай жана алардын оюн урматтап-сыйлашкан болор эле.

Аял киши үчүн шекердин аздыгы же көптүгү, акчанын молдугу же жоктугу абдан маанилүү, бирок алар чын дилинен чындыктын көп же аздыгынын айырмасы жок деген ишенимде.

Кайсы бир төрөнүн кызына үйлөнүү – цивилизациянын бардык уусун жутуу дегендик.

Аялдар коомун коомдук жашоонун болбой койбос кырсыгы катары кабыл алып, андан колдон келишинче качуу керек. Болбосо биз аял жандуулукка, эркеликтен бузулганга, жеңил ойлуулукка жана башка көптөгөн бузукулуктарды аялдардан болбогондо кимден үйрөнүп жатабыз? Бизге, эркектерге берилген кайраттуулук, бекемдик, акылдуулук, тазалык жана башка сезимдерди жоготушубузга аялдар болбогондо ким күнөөлүү?

Аялдар эркектерден баамчылыраак жана ууз курагында бизге, эркектерге караганда мыктыраак келишет; бирок да улам бузуку жана жаман куракка жакындаган сайын алар бизден жаман болушат.
Эгерде аялдар өз ордун билип, өз ордунда болушканда баардыгы жакшы болмок.

Эгерде катты окуп жатып, бул аял кишиден келгенин билсем, кат мени андан ары кызыктырбайт.
Мен эркектердин арасынан гана дос издейм. Аял адам мага дос боло албайт. Аялдарыбызга сен менин мыкты досумсуң деп эмнеге калп айтабыз? Ооба, аялга бир гана жагымдуу бой-мүчөнү бергиле, ал ошого эле бактылуу…

Сөзүбүздүн акырын аялзатын сындап эмес, жадыраган жаз майрамы алдында көкөлөтүп даңктаган маанай менен аяктап, заманбап икая айтып берели.

Чыныгы аял

Ар бир икая бул – түшүнүп окуган адам үчүн кичинекей, бирок мааниси чоң сабак. Бул окуя чындыгында эле болуп өткөн деп айтылат. Президенттин аялынан кабарчылар интервью алышат дейт. Аял мештин жанында отуруп, теле кызматкерлери аппаратураларын даярдап жатышканын кызыгуу менен карап отурган. Бөлмөгө алып баруучу кирип келди. Канайым анын жүзүнө көңүл коюп карап, бул жаштыгында ага ашык болуп, артынан чуркап жүргөн жигит экенин байкады.

— Дүйнө кең деле эмес, — аял ичинен ушинтип ойлонуп, жылмайып койду.

Алып баруучу канайымдын маңдайына отуруп, маектешер адамынын жүзүнө тигилди.

— Баштадыкпы? – Аял башын ийкеди.

Канайым өзүн ыңгайсыз сезип, маңдайындагы адам аны тааныган-тааныбаганын билбей жатты. Себеби, ал бир калыптан жазбай, суроолорун жай жана шашпастан узатып отурду. Ал дагы кесипкөй адис эле.

Аңгемелешүү аягына чыгып калганда, алып баруучу капысынан сурап калды:

— Эгер сиз башка эркекке турмушка чыксаңыз, азыр ким болоруңуз тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?

аштыгыңызда артыңыздан чуркаган көп эле жигиттер болгондур?

Канайым алып баруучуга жылмая тиктеп, мындай деди:

— Мен кайра эле президенттин жубайы болмокмун, болгону… анда силердин президент башка адам болмок.

Алып баруучу кызарып кетип, кайра өзүн колго алды:

— Мындан шек санабас элем.

— Маектешүү бүттү, рахмат, — деди режиссёр.

Канайым ордунан туруп, сыртты көздөй бет алды.

Алып баруучу сын келбети келишкен перинин артынан көпкө чейин карап турду. Бул аял кыз чагында да ушундай тайманбас болчу.

Ал жердегилердин эч кимиси бул экөө мурун тааныш болгондугун билбеген бойдон калышты. Алып баруучу болсо эми гана чыныгы эркекти чыныгы аял тарбиялап чыгарарын түшүндү. Эмне дечү эле? «Вазир жакшы, кан жакшы. Аял жакшы, эр жакшы» ушул тура.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *