ДИЛАЗЫК

Бир падыша миллиондогон күзгүдөн турган заңгыраган аксарай салдырат. Бир күнү анын ичине кокустан бир жолбун ит кирип кетет. Жайнаган күзгүлөрдөн аны курчаган сансыз иттерди көрөт. Өзүнүн коопсуздугун сактап коеюн, аларды сестентип коеюн деген ниетте тигил иттерге ызырынып коет. Антсе, тигил иттер да ага ызырынат. Ал эми үнүн жоонурак чыгарып ызырынат да, кайра ошондой жооп угат. Өмүрү коркунучта экенин түшүнгөн ит чочуп, айласын таппай, жүнүн үрпөйтө болгон күчү менен үрө баштайт. Иттердин баары так өзүндөй жооп кылып үрүшөт. Катуулаган сайын, тигилер да катуулайт.

… Таңында тигил иттин өлүгүн табышат. Заңгыраган сарайда жалгыз ит жана миллиондогон күзгү гана бар эле. Ага эч ким тийишкен эмес. Тегерегиндеги өзүнө окшогон жайнаган жандарды көрүп чочулап, согушту өзү баштаган эле.

Эгерде сиздин ички дүйнөңүздө эч кандай кара ниет тоскоолдуктар болбосо — сыртта да, бараткан жолуңузда да тоскоолдук болбойт. Мыйзам ушундай.

Бизди курчаган аалам — чагылдырып турган күзгү.

Үч башка адам

Индиянын падышасы Акбарга чылкый алтындан жасалган үч опокшош кичинекей белек, ага кошо тиркелген кат келет. Катта ар бир алтын фигуранын өзүнчө белгиси, баалуулугу бар экени айтылат. Падыша кеңешчилерин чакырып, ар биринин өзгөчөлүгүн табууну буюрат. Көпкө чейин убара тарткан кеңешчилер салмагын, узундугун, алтындын сапатын текшерип олтуруп, сырткы да, ички да айырмачылыгын табышпай, айлалары кеткенде алакандарын жайышат.

Бир гана Бирбал аттуу даанышман өжөрлөнүп, изденип отурат. Акырында фигурадагы кулактардан көзгө араң көрүнгөн кичинекей көзөнөк таап, ичке алтын жипти андан өткөрөт. Биринчисинде жип биринчи кулактан кирип, экинчисинен чыгат, экинчисинде — ооздон, үчүнчүсүндө — жүрөктөн чыгат. Ушундан кийин ал Акбар падышаны карап:

— Табышмактын жандырмагы жанды. Биринчиси — бир кулагына сөз кирсе, экинчисинен чыгып кеткен адамды түшүндүрөт; экинчиси — айтылган нерсени угуп-укпай, түшүнүп-түшүнбөй туруп башкаларга бежиреген адамды; үчүнчүсү — уккан сөздү эске тутуп, жүрөгүнөн өткөргөн адамды түшүндүрөт. Бул үч белектин эң баалуусу — ушул үчүнчүсү, — дейт.

Карынын акылмандыгы

Өзүнүн акылмандыгы менен таанылган, өтө жакыр жашаган абышкага бир күнү шаардын ханы жолугууну, даанышман сөздөрүнөн угууну каалап, анын үйүнө баш багарын билдирет.

— Эми аны кантип меймандайбыз? — деп сурайт аялы. — Үйдө эч нерсе жок эмеспи!

— Ашканаңдан эмне тапсаң, ошону алып келесиң да, мен айтканды жасайсың, — деп жооп берет ал.

Хан келгенде даанышмандын аялы ортого дарбыз алып келет. Кожоюн кармалап көрүп:

— Мындан жакшысы бар болчу. Бар, ошону алып кел, — дейт.

Кемпири алып кетип, башкасын көтөрүп келет. Тигил дагы кармалап көрүп, дагы башкасын алып кел дейт. Ал унчукпай үчүнчүсүн алып келет. Мына ушунда акылман кары ыраазы болуп, ошол дарбызды союп ханды коноктойт.

Экөөнүн маегинен соң үйүнө кайткан хан даанышмандын аяр меймандостугуна жетине албай, көңүлү көтөрүңкү келет. Акылмандын үйүндө жалгыз тамак-ашы ошол бир эле дарбыз бар экенинен кайран хан күмөн санаган жок…

Сулуу кыз

Периштенин өзүндөй болуп жолдо сулуу кыз каалгып басып келатты. Бир маалда артынан бир эркек ээрчип келатканын байкап, башын «жалт» буруп карады да:

— Эмнеге артыман түшүп келатасың? — деп сурады.

— Сенин сулуу чырайың ушунчалык азгырып, мени толугу менен башкарып, артыңан ээрчүүгө аргасыз кылып жатат. Жүрөгүмдү арбаганың үчүн сага өзүмдүн сүйүүмдү билдиргим келет! — дейт эркек.

Сулуу кыз бир азга унчукпай аны карап турат да:

— Кандайча мени сүйүп калдың? Менин кичүү сиңдим алда канча менден сулуу, ажарлуу эмеспи. Ал артымда келатат, көз салып көр, — деп узап кетет.

Эркек артына кылчайып, кийинки сулууга ашыгат. Бирок маңдайынан жамаачы эски кийимчен, бетин миң бырыш баскан кемпирди гана көрөт. Шашыла басып сулууга жете келет да, көзүн алакачып, күнөөкөр үн менен сурайт:

— Айтчы, жалган сүйлөгөнгө кантип дитиң барды?

Кыз жылмаят:

— Достум, арзууңду билдиргенде сен дагы мага жалган айттың. Сүйүүнүн баардык эреже-жолдорун билип туруп, мага деген махабаттан жүрөгүң алоолоп тургандай түр көрсөткөнүң кандай? Сүйүүң анык болсо, неге артыңдагы айымга кылчайдың?

Үч суроого бир жооп

Өзүн тынчсыздандырган суроолорго жооп тапчу адамды издеген жаш жигит көптөргө жолугуп, суроолорунун жообун таппай убара болот. Кайсы бир күнү ал илимпоз мусулманга кезигип, үч суроосун узатат:

  1. Кудай барбы? Бар болсо мага анын өң-келбетин көргөзчү?
  2. Тагдыр деген эмне?
  3. Эгер Шайтан оттон жаралса, аны кайра эле тозоктун отуна салышат экен, оттон отко барса бир жери оорумак беле. Эмне, Алла ушул жагын ойлогон жокпу?

Илимпоз күтүүсүз тигини жаакка чаап жиберет. Эч нерсе түшүнбөгөн жигит:

— Эмне үчүн мага ачууңуз келди? — деп сурайт.

— Ачуум келген жок. Бул, сенин суроолоруңа жооп!

— Кандайча?

— Сени чапкандан кийин эмне сездиң?

— Албетте ооруксунууну.

— Демек, оору бар экенине ишенет экенсиң?

— Ооба!

— Анда мага анын өң-келбетин көргөзчү?

— Кантип көргөзөм? Көргөзө албайм!

— Бул сенин биринчи сурооңо жооп. Эми айтчы, мен сени жаакка чабарымды кече күнү түш көрдүң беле?

— Жок.

— Сени жаакка чабарым качандыр бир кезде оюңа келди беле?

— Жок.

— Бул — тагдыр… Чапкан колум эмне менен капталган?

— Тери менен.

— А сенин бетиңчи?

— Тери менен.

— Анан оорудубу?

— Ооба, аябай!

— Бул сенин үчүнчү сурооңдун жообу.

Даярдаган Салтанат КЫДЫРМАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *