Кыргыз жомогу

Байыркы өткөн заманда Маамыт аттуу бир чабал киши жашайт. Анын отуз чакты эчкиси болот. Эрди-катындын ишенген оокаты — ошол эчкилер. Маамыт мөөнгө жуурат куюп алып, эчкилерин кайтарат. Бир түлкү ар күнү келип, куйругу менен Маамытты жыга чаап, жууратын ичип кетип жүрөт. Карышкыр бирден эчкисин жей берип, акыры он беш эчкиси калат. Ошол арада кайып-каскагынан Кара дөө кездешип калат:

— Маамыт, эчкилериңдин бардыгын мага бергин! — дейт ал.

Маамыт:

— Эчкилеримди сага бербейм, — дейт.

Анда Кара дөө:

— Эмесе, экөөбүз күчүбүздү сынашып, кимибиз утсак, эчкилерди ошонубуз алалы, айтканыма көнбөсөң сени өлтүрөм.

Дөөнүн айтканына Маамыт аргасыздан макул болот. Дөө мындай дейт:

— Биринчи экөөбүз тоону кулатышабыз, эртең эрте ушул жерге кел, мен күңгөйдүн тоосун, сен тескейдин тоосун кулат.

Эртеси болжогон жерге Маамыт менен дөө келет. Кара дөө чечинип алып, күңгөйдүн тоолорун бирине-бирин койгулаштырып кулатып, түз жерге айландырат. Ал эми Маамыт болсо бир чоң кара таштын түбүнө барып, бир аягына, бир биягына чыгып, тегерете басып турат. Кара дөө жетип келип, Маамытка суроо берет:

— Маамыт, сен эмне кылып турасың? — деп.

Анда Маамыт:

— Ушул ташты былкылдатып эле койсом, жер астын-үстүн болуп, аласалып кете турган көрүнөт, — дейт. Кара дөө токтой калып ойлонуп, Маамыттын кыйындыгына жана билгичтигине таңданып айтат:

— Эмесе, Маамыт, мөрөй сеники, ташты ала салдырбагын, башка мөрөй коюп сынашалы, эртең менен кел, мен күңгөйдүн, сен тескейдин токойлорун жулушалы, — дейт.

Эртеси келишип, Кара дөө чечинип алып күңгөйдүн токоюнун бардыгын жулуп салат. Маамыт бир узун теректин башын бир, аягын бир карап, тегерете басып турат. Кара дөө суроо берип:

— Маамыт, эмне кылып турасың? — дейт.

Маамыт мындай жооп кайтарат:

— Ушу терек жер жүзүндөгү жыгачтардын падышасы экен, эгер сындырсам, дүйнөдөгү бардык эл тамак-аш бышырып жей алышпай кала тургандай. Ошондуктан кандай кыларымды биле албай турам, — дейт Маамыт.

— Кокуй, андай болсо, кой. Маамыт, мөрөй сеники! — дейт Кара дөө. — Эмесе Маамыт, жерди оё тебишели.

Маамыт үйүнө келип, жууратты мөөнгө куйдуруп алып, болжошкон жерге эрте барып, мөөндү жерге көөмп, үстүнө топурак сээп коёт. Кара дөө да келип, болжогон жерди бир тепкенде, киндигине чейин жерге батат. Эми кезек Маамытка келет, көөмп койгон жууратты бир тепкенде, мөөн жарылып кетип, Маамыт киндигине чейин жерге кирип, жуурат былп этип жердин үстүнө чыгат.

Анда Маамыт мындай дейт:

— Ой, Кара дөө, сен бир тээп киндигиңден жерге баттың, мен бир тепкенде жердин мээси чыкты, эми тепсем, жердин карды жарылып, ала салып, бүтүндөй таш-талканы чыгат, — деп айтканда, Кара дөө аң-таң калып, мөрөйдү дагы Маамытка берет.

Кара дөө эми Маамытты конокко чакырып, абдан сыйлап, жатып уктагандан кийин өлтүрмөкчү болот. Маамыт билип, үйүнүн төрүнөн бир дөңгөчтү көрүп, Кара дөө уктагандан кийин туруп, дөңгөчтү сүйрөп жаткан ордуна коюп, өзү дөңгөчтүн ордуна жатып алат. Бир убакта Кара дөө тура калып, балта менен дөңгөчтү бир салып, аялына айтат:

— Маамытты жайладым, эртең менен жигиттерге айтып, жар көчүрүп таштасын, — деп уктап калат.

Дөө уктагандан кийин, Маамыт дөңгөчтү кайра ордуна коюп, өз ордуна жатып уктап калат. Маамыт эртең менен дөөдөн мурда ордунан турат.

Дөө Маамыттын аман-эсен тургандыгын көрүп, айран-таң калып, тамак ичип отурганда дөө Маамытка суроо берет:

— Маамыт түш көрдүңбү?

— Билбейм, түндө чымынбы, чиркейби, бир кыбыраган неме үстүмдө жөргөлөгөндөй болду, — дейт.

Ошондо дөөнүн жүрөгү оозуна тыгылып, Маамыттан эптеп кутулуунун аракетин кылып, көп алтын берип жөнөтөт.

Маамыт дөөнү конокко чакырат. Дөө аргасыздан барат. Маамыт аялына амал үйрөтүп коёт да, дөөгө суусун ичиргенден кийин, үйүнөн ыраак барып, эчкилерин айдаган болот. Аял от жагып, казанга суу куюп бек кыйкырат:

— Ой, Маамыт, конокко кандай эт саламын? — деп.

— Баштагы дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, алар аз келсе, алдыгы отурган дөөнүн санын кесип сал!

Дөө токтолуп тура албай, Маамыттын жаман алачыгынын чамгарагын моюнуна илген бойдон безе качып жөнөйт. Дөө качып баратып түлкүгө кезигет, түлкү дөөнүн кимден качкандыгын сурайт. Дөө Маамыт деген баатырдан качып бараткандыгын айтат. Анда түлкү: Маамыт жер үстүндөгү адамдын эң чабалы экендигин, куйругу менен жыга чаап салып, жууратын ичип алгандыгын айтат. Түлкүнүн айтканына дөө ишенбейт. Түлкү дөөнү жетелеп кайра Маамытты көздөй жөнөйт. Ошол учурда Маамыт алардын алдынан чыгып:

— Кайран түлкү дос, качкан дөөнү кайта ээрчитип келаткан турбайбы! — деп каткырат.

Дөө түлкүнү башка чаап өлтүрөт. Анан Маамыттан качканына арданып, дөө тоодон кулап өлүптүр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *