(Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналат)
Мухити соолуп кыргыздын
Муңканып турган чагыбыз.
Муунтканы калган ажалдан,
Мунаса кылып алганга,
Мурдараак жетип барганга,
Муунабай койду алыбыз.

Келбеси кетип кыргыздын,
Кетилип турган чагыбыз.
Кешигиң каткан ажалдан,
«Келе!» – деп сууруп алганга,
Кечикпей жетип барганга,
Келалбай койду алыбыз.

Желеги түшүп кыргыздын,
Жер муштап турган чагыбыз.
Жеткирбей жексур ажалга,
Жергелүү кыргыз жерине,
Жетелеп алып кеткенге,
Жеталбай койду алыбыз.

Кош эми, Чыке, жалганда,
Өлүмгө айла жок экен.
Өчүрөр кези келгенде,
Өөдө-ылдый өкчөй бербестен
Өзөккө тийчү ок экен.
Өкүмү жаман түгөнгүр,
Өлчөөсү өтө зор экен!

Какшатчу өлүм башта бар,
Кашайган кезде сезербиз.
Кара баш жетөө болсо да,
Кайтарда жалгыз экенбиз.
Кадыркеч кайран дүйнөдөн,
Капылет жалп деп этербиз.
Караңгы көргө башбагып,
Карандай кумду жазданып,
Калкылдап өтүп кетербиз.

Жыдытчу өлүм башта бар,
Жылбышкан кезде сезербиз.
Жылдыздай көппүз десек да,
Жыгылсак жалгыз экенбиз.
Жылмайган ушул дүйнөдөн,
Жың-жыңсыз жайга этербиз.
Жыландын пирин тутсак да,
Жылгалап алтын сузсак да,
Жылаңач бойдон кетербиз.

Айланган өлүм башта бар,
Ай баткан кезде сезербиз.
Атадан алтоо болсок да,
Ажалга жалгыз экенбиз.
Ак жаркын ушул дүйнөдөн
Акырет жайга этербиз.
Алты кез жерди жай кылып,
Ак шыбак көрдү там кылып,
Ай-Күнсүз жайга кетербиз.

Күүлөнүп өлүм келгенде,
Күн туруштук бербептир.
Гүлдөгөн бейиш үстүндө
Гүл туруштук бербептир.
Түпкүргө барып жашынган,
Түйшүктүн баарын жашырган
Түн туруштук бербептир.

Үшкүрүп күндө жоктогон,
Үмүтүн ырга коштогон.
Үргөнчүн кечип сүйүүнүн,
Үркөрдүн үйрүн козгогон.
Үй кылып айсыз тоолорду,
Үкөйүн издеп боздогон
Үн туруштук бербептир.

Алуучу ажал келгенде
Ай туруштук бербептир.
Сандаган дайра, сан өзөн,
Сай туруштук бербептир.
Кайыгып тили байланып,
Кареги тетир айланып,
Кабылан Манас, Алмамбет,
Кан туруштук бербептир.

Качырып өлүм келгенде,
Калдактап качып безалбай,
Кайгынын чаңын кечалбай.
Кара көз ушул дүйнөнү,
Калтырып жалгыз кеталбай.
Кара тер басып, жаш кулап,
Канатын Айга чапкылап.
Калканыч таппай Айдан да,
Капкагын Жердин каккылап,
Кантели, Чыке, ажалга
Кадимки ,
Жан туруштук бербептир.

Желмаян берсе кезалбай,
Желжетпес берсе безалбай,
Денесин катар жай издеп,
Деңизге түшүп кетелбай.
Кулагын катар жай издеп,
Куюнга кулгуп кеталбай.
Куюлуп жаткан кум чөлдүн
Кумсарган өңүн тешалбай.
О, Чыке,
Жегени келген ажалга,
Жел туруштук бербептир.
Желелеп тозоң буу каптап,
Жексендеп топон суу каптап,
Жер туруштук бербептир.

Ак калпак кыргыз элинен
Аттары калып, көзү жок,
Асылдар өткөн жок беле?
Айтканы калып, өзү жок,
Акындар өткөн жок беле?
Чарасы калып, көзү жок,
Чалкарлар өткөн жок беле?
Санаты калып өзү жок,
Залкарлар өткөн жок беле?

Кечээ,
Ааламга салчу үйөрдөй,
Аз экен десең түмөндөй.
Арбагы кымбат Манасты
Алты жыл айтсаң түгөнбөй.
Жер-сууга батпас үйөрдөй,
Жеке өзү десең түмөндөй.
Жетеси кымбат Манасты
Жети жыл айтсаң түгөнбөй.
Жараткан жердин үстүндө
Жан калбай ага теңешкен.
Жанкечти Манас өзү да
Жактырып ага кеңешкен.
Жасаты мыкты чоң акын,
Жайсаң да өткөн элестен.

Ыңкыган көктүн астында
Ырчы жок ага теңешкен.
Ыртыштын ары жагында
Ынагы менен тең өскөн.
Ынанып Манас өзү да,
Ызааттап дайым кеңешкен.
Ырында калды Манасы
Ырамандын баласы,
Ырчы уулдай ырдын кени өткөн.

Сөөлөтүн алган жылдыздан,
Сөздөрүн алган чындыктан.
Сөгүлүп турган заманда
Сөз менен мунар тургузган.
Ырайын алган жылдыздан,
Ыйманын алган чындыктан.
Ыргыштап турган заманда
Ыр менен мунар тургузган.
Керемет акын абабыз
Кет Бука өткөн кыргыздан.
Кет Бука келди дегенде
Тагына төшөк салдыртып,
Так өзү тоскон Чынгыс хан.

Булуттай көктө акса да,
Бул ааламды бутуна
Будалап туруп басса да.
Буюмдай көрбөй эчкимди,
Бурганак салып жатса да.
Бука акын келди дегенде
Буйдалбай тоскон Чынгыс хан.

Кубарткан дагы сөз болгон,
Кубанткан дагы сөз болгон.
Кудайдан түшүп келгендей,
Куушуп келип аттигиң,
Куушуп кеткен кыргыздан
Кунда жок акын көп болгон.
Кууратып ажал келгенде,
Ошо,
Кургурлар бизден адашып,
Кубулуп баары чөп болгон.

Тентиткен дагы сөз болгон,
Телчиткен дагы сөз болгон.
Теңирден түшүп келгендей,
Теминип келип аттигиң,
Теминип кеткен кыргыздан
Теңдешсиз акын көп болгон.
Тездетип ажал келгенде,
Ошо,
Теңселип бизден адашып,
Тепселип баары чөп болгон.

Келдибек келди дегенде,
Келиндер жолду карашкан,
Кепичин сүйрөп ашыгып,
Кемпирлер жолду талашкан.
Карбоздун уулу келгенде,
Калк жыйылып карашкан.
Катуу айтат экен деп,
Канчалар колдон талашкан.
Кайраты тийген жалдууга,
Камкору тийген малдууга.
Калмакча айткан Манасты,
Кай бирде барып манжууга.
Ошо,
Келдибек менен Тыныбек,
Кем болгон менен кагаздан,
Кем болгон менен сабаттан.
Кеменгер болчу экөө тең,
Керемет айткан «Манастан».
Кесепет өлүм келгенде,
Кереги тиет бизге деп,
Кетирбей экөөн тизмелеп,
«Келе?» – деп бизден талашкан.
А балким, эки залкарды,
«Ал жакка «Манас» айтсын» – деп,
Апкеткен чыгар Жараткан!

Чоюке, Шапак, Дыйканбай,
Чоң-кичүү элди караткан.
Чокудан «Манас» айтканда,
Чок болуп тоого күн батып,
Чоюлуп тоодон таң аткан.
Чолосу тиет бизге деп,
Чотко алып баарын тизмелеп,
Чогулуп ажал талашкан.
«Чоң жакка «Манас» айтсын» – деп,
А балким,
Чогуулай алды Жараткан!

Буудандар чыккан бул жолдон,
Буйдалбай салган сур жоргоң.
Акындар чыккан бул жолдон,
Адашпай салган сур жоргоң.
Акындыгы зор экен,
Ала-Бука жактагы
Ак-Кыялык Нур Молдоң.
Айла жок тура ажалга,
Ак закым баскан талаага
Ал дагы барып кум болгон.

Кызыл шайы Ташкенден,
Кызыл-Кыя, Баткенден.
Кыйратам деп тийишип,
Кыйлалар ага тап берген.
Тап берген менен тайсалдап,
Таймашар акын аз келген.
Ичкиликтин Курманы,
Ири акын экен турганы.
Ийрилип ажал келгенде
«И» дээрге алы келбестен,
Иримди көздөй сорулуп,
Изи жок кетти бул дагы.

Ак калпак кыргыз элинен,
Атагы алыс тараган,
Аз Жаныбек доорунда
Айтканы мээни кадаган
Арбын өткөн бута акын.
Толубай менен Токтогул,
Асан Кайгы куса акын.
Арманда өткөн дечү эле
Анжыяндык Муса акын.

Кечээ Жалал-Абад, Сузактан,
Жаннатка жанын узаткан
Жадыгөй ырдын марты эле.
Жайнаган катын алса да
Жараткандан жалкы эле.
Жаактуудан пенде тең келгис,
Жанар-Тоо эле, алп эле.
Жай-кышы сөзү соолубас
Жамгырлап турган Барпы эле.
Жалаңкыч ажал тилди алса,
Жакшы эле алды, тойбойбу.
Баасы жок ырчы экен деп,
Бажырай бергин эсен деп,
Башканын баарын алса да,
Барпыга тийбей койбойбу!

Казак менен кыргызга,
Калдайып турган карааны,
Кара жаан болгон арааны.
Айтышкан жанды кайсаган
Акындардын жаяны,
Балыкооз деген абабыз,
Бал тилден калып ал өткөн,
Балакет өлүм келгенде,
Кантели,
Балбылдап барып баары өчкөн.

Калыгул деген олуя,
Кайран сынчы дагы өткөн.
Карагат көзү жошулуп,
Кайыган буудай созулуп.
Калдайган калың асманга
Калкылдап барып жаны өчкөн.
«Уялгандан тобулгу
Кызыл болот» – деп айткан.
«Коркконунан карагай
Узун болот» – деп айткан.
«Уяты жок адамдар
Улук болот» – деп айткан.
«Ууру-кески, алдамчы,
Уюк болот» – деп айткан.
«Уят таппай эл-журту
Улуп болот» – деп айткан.

Акмакты айтып сындаган,
Азапты айтып ыйлаган.
Түндүгү менен Түштүгү
Түрүлүп баары сыйлаган.
Түркүксүз көккө ал кээде
Түнөрүп жалгыз сыйбаган.
Түбү жок мухит өңдөнүп,
Түбүнө күчүн жыйнаган.
Балкылдап туруп Өтөгө
Батасын берип ырдаган.
Бастырып өлүм келгенде,
Башымды менин жөн кой да,
Баарысын ал деп ыйлаган.
Анысын ажал угабы,
Алгысы келсе турабы,
Ак мөңгү зоока көчкөндөй
Агарган көрдүн алдына
Арстанбек дагы кулады.
«Карасаң карыш жер калбай,
Көз кыскарат» – деп кеткен.
«Кардуу кыя бел ашпай,
Көч кыскарат» – деп кеткен.
«Ата кетип наркынан,
Уулу бийлейт» – деп кеткен.
«Байы кетип баркынан,
Кулу бийлейт» – деп кеткен.
«Кимде байлык көп болсо,
Пулу бийлейт» – деп кеткен.

Келериңде а дүнүйө,
Керилип жаткан тулаңсың.
Кетериңде а дүнүйө,
Кемирилген дубалсың.
Келериңде а дүнүйө,
Керемет тоонун боорусуң.
Кетериңде а дүнүйө,
Кесел кетпес оорусуң.
Келериңде а дүнүйө,
Куунаган жансың колдогу.
Кетериңде а дүнүйө,
Куураган талсың жолдогу…

Келериңде а дүнүйө,
Кемибей аккан арыксың.
Кетериңде а дүнүйө,
Кейпи кеткен чарыксың.
Келериңде а дүнүйө,
Кызыгы канбас тыйынсың.
Кетериңде а дүнүйө,
Ыргытып салган буюмсуң.

Казакка тилин өгөшкөн,
Казакка дилин бөлөшкөн.
Кайыгып кетип кыргыздан,
Кайран акын Жөжө өткөн.
Эсенаман, Чоңду өткөн,
Калмурза, Нишан, Эрназар,
Жумамүдүн молдо өткөн.

Асманда күндөй ачылган,
Ааламга нуру чачылган.
Аптаптуу жолдо жүргөндү
Ак жамгыр ырга чакырган.
Сырттаны эле ырчынын
Сыртына баарын жашырган.
Сыр дайрадан кең сууну
Сыр аякка батырган.
Сыйыртмагын ажал салганда
Сый көрүп келчү немедей
Сыз баскан көрдүн түбүнө
Сымаптай жылжып жашынган.

Артыгы эле акындан,
Акылын башка жашырган.
Аккан суусун ааламдын
Алаканга батырган.
Арканын ажал салганда
Ашкере акын Жеңижок,
Ай батпас көрдүн түбүнө
Акырын барып жашынган.

Төбөдөн таңы сөгүлгөн,
Төлдөгөн селдей төгүлгөн.
Төрт аалам төөдөй чөк түшүп,
Төгөрөк төрткө бөлүнгөн.
Төбөдө далай манасчы,
Төмөндө жалпак үйгө окшоп,
Төрдөгү залкар Сагымбай
Төрт кабат тамдай көрүнгөн.

Сай-сайлап аккан агымдай,
Салаалап жаткан жалындай.
Сан сөзүн анын алсак да,
Сан сөзү калган алынбай.
Сапырып ажал келгенде,
Салмагы Жердин шарындай.
Саякбай менен Сагымбай
Санаты калып калкында
Сарыкты тоонун карындай.

Тарткылык экен кантели,
Тамылжып күндөй баттыңыз.
Табият берген таланттын
Тамырын бойлоп актыңыз.
Таберик болуп кыргызга
Тарыхты көздөй бастыңыз.
Таржымалын замандын
Таш китепке жаздыңыз.
Таманы жука кыргызга
Табылгыс байлык каттыңыз.
Талашпай оокат кылсын деп,
Табытка барып жаттыңыз.

Ысмайыл акын айткандай,
Ала-Тоонун байрагын
Ыргап жүрүп өттүңүз.
Жыласы көп дүйнөдө
Жыргап жүрүп өттүңүз.
Баасы кымбат талантты
Багып жүрүп өттүңүз.
Батыш менен Чыгышка
Барып жүрүп өттүңүз.
Кандай заман келсе да,
Карагердин тизгинин
Кагып жүрүп өттүңүз.
Кандай бийлик келсе да,
Канторунда алардын
Калып жүрүп өттүңүз.
Жанар тоодой дайыма
Жанып жүрүп өттүңүз.
Жалгыз тийген Күнгө окшоп,
Жарык жүрүп өттүңүз.

Жалганы көп жашоодо,
Жаза баспай бир дагы
Жагоосу жок жандарга,
Жагып жүрүп өттүңүз.
Асман-Жерди соолутпай,
Арасында ааламдын,
Агып жүрүп өттүңүз.
Эми,
Багынтып ажал жеңгенде,
Балакет өлүм келгенде.
Балдаксыз таштап кыргызды
Балбылдап Күндөй өчтүңүз.
Эми,
Батаңды журтка бергисиз,
Батмандап алтын сунсак да,
Бастырып кайра келгисиз.
Чыке,
Барса-келбес деген бир,
Башка бир жайга көчтүңүз.

Канча бир дубан, калаадан
Кайгырып калың эл келди.
Канаттуу уулун жоготуп,
Кара Жер кайра термелди.
Карайлап бүгүн Алтынай,
Казангап ыйлап сенделди.
Кайыгып жолдо Толгонай,
Кан жутуп турган Сейдеңби?
Кайрылып, Чыке, ким берет,
Катыгүн,
Кайта эми бизге сендейди?

Кысылып булут кыраңдан,
Кыйгачтап акты булагы.
Кылтыйып келген ажалдын
Кырсыктуу беле сурагы?
Кымбаттуу уулун жоготуп,
Кыйналып журтуң турабы?
Кыйла элден келип канчанын
Кылгырып жашы кулады.
Кыйырды билген адамга,
Кыргыздын эле тоосу эмес,
Кыямат,
Кылымдын тоосу кулады.

Теминип булут тектирден,
Тескери акты булагы.
Тебелеп келген ажалдын
Текебер беле сурагы.
Теңдешсиз уулун жоготуп,
Теңселип журтуң турабы.
Тескейден келип канча элдин,
Тегизди билген адамга,
Тектирдин эле тоосу эмес,
Теңирдин тоосу кулады.

Куюндап булут кумайдан,
Кубулуп акты булагы.
Кубалап келген ажалдын
Куужолтой беле сурагы.
Кунда жок уулун жоготуп,
Кумсарып журтуң турабы.
Кургуйдан келип канчанын
Кумайга жашы кулады.
Куранды билген кишиге,
Курдайдын эле тоосу эмес,
Кудайдын тоосу кулады.

Кол калды тартпай жебеде,
Коңгуроо калды кемеде.
Конушун таппай айланып,
Кош тулпар калды желеде.
Коштошуп турат комузуң
Кол булгап муздак денеңе.
Кордуктун арты ушу экен,
Колдогу алтын элеңиз.
Кор кылбай сизди кыргызга
Койнуна катты Жер эне.

Ала-Тооң калды суналып,
Арманы ичте тунарып.
Ай, Күндөй Соң-Көл да калды,
Ак өрүм чачы чубалып.
Азаңды тартып алыстан
Ак көбүк чачып кубарып.
Ак толкун болуп жер муштап,
Арманын жээкке чыгарып.
А көрө айтчы, калайык,
Айтматов бизге калтырган
Абийирди кандай кылалык?

Ысык-Көл калды суналып,
Ылдыйтан өйдө чубалып.
Ырыстан бүткөн эмедей,
Ыраңы көккө кыналып.
Ыр болуп турган кайран көл,
Ый болуп муңун чыгарып.
Ызасын тартып Чыкемдин,
Ыргыштап толкун жер муштап,
Ызгаарын чачып кубарып.
Ырасын айтчы, калайык,
Ыйлап бир бизге калтырган
Ыйманды кандай кылалык?

Чолпону көктө жаркырап,
Чокусун жылдыз өпкөн жер.
Чолпусу жаркып мөңгүнүн
Чоюлуп булут көчкөн жер.
Чоң Маймак, Шекер, Манас Тоо,
Чолпонбай, Чыңгыз өскөн жер.
Чогуусу менен ал калды,
Чоң-кичүү далай жан калды.
Такалуу аттын изи жок,
Талантын издеп тал калды.
Талааны бойлоп Танабай,
Таякчан Момун чал калды.
Таластын суусу шолоктоп,
Табытың тиктеп Ай калды.
Таарыса огу ажалдын,
Тагдыр ай,
Таяна турган жан барбы?
Каныкей ашкан бел калды,
Кан Манас баскан чер калды.
Кайгырып ини-карындаш,
Катарлаш өскөн тең калды.
Каарманың калды канча бир,
Калк үчүн кымбат жер калды.
Кантели, Чыке, билгенге
Каба Таш кылып ааламга,
Кадырлап алчу эл калды.

Көзөнөк ушул дүйнөдөн
Көчпөгөн барбы, о Чыке?
Көк менен Жерде түбөлүк
Көктөгөн барбы, о Чыке?
Өтүрүк ушул дүйнөдөн
Өтпөгөн барбы, о Чыке?
Өлбөчү сууга киринтип,
Өлгөн соң кайра тирилтип,
Өчпөгөн барбы, о Чыке?

Кечээ,
Таластын төмөн жагында,
Там-ташы токол айылда.
Тагдыры татаал күндө өскөн,
Тайгүлүк кезде өзүңдүн
Таалимиң алып үндөшкөн.
Тарбия, билим алган соң,
Танабай менен сүйлөшкөн.
Таптаган Гүлсары атыңды,
Такалап бизче сүйлөткөн.
Жакыпбек уулу Ашымды,
Жараткан өзү кайра алып,
Жалаңкат чымга жашырды.

Теңирге теңеп Манасын,
Теңдешсиз жазып кагазын.
Тең таппай турган кезинде,
Тездетип ажал санатын.
Көрүнөө чиркин алды эле,
Көз көргүс жайга салды эле.
Көзү жок ажал жөн турса,
Көгөрүп китеп жазгандын
Көзөлү эле, алды эле.

Уңгулуу сөздүн ири эле,
Улут деп күйгөн пил эле.
Уу жүзү курсун, шум ажал,
Унчукпай келип Ашымды,
Уйпалап кетти тим эле!

Бой бербейт экен эч кимге,
Болбойле колдон жулдурдук.
Болжолсуз кайран талантты,
Боо түшүп Куран окуган
Бозоргон дөбө кум кылдык.

Таластын аркы башынан,
Таамай чыккан жашынан.
Таап алып ажал аны да,
Табытын карай ташыган.
Жаш кетти кайран жигит деп,
Жан тургай таш да жашыган.

Өлөрүн эрте билгендей,
Өрчүтүп ишин жылгызды.
Ыйманы ысык жан эле,
Ыраазы кылып кыргызды.
Ырдатып салды тим эле,
Ырасул менен Чыңгызды.
Өлүмдөн ким бар бошонгон,
Өлбөс жан барбы ошондон.
Өкүнтүп кеткен Аманың,
Өзүңчө жазган өзүңдү
Өзгөчө мыкты которгон.

Көпүрө-Базар айылы,
Көөнө жер эле кайыны.
Көз тийип Аман өлбөсө,
Көкөлөп турмак дайыны.
Көкүрөк дарты ачылбай,
Көк жондон соккон закымдай.
Көр чеңгел ажал колунда,
Көкшүгөн талдай талыды.
Көрүнбөй учкан буу болуп,
Ал дагы,
Көз көргүс жакка кайыды.

Эсебин эч ким таппаптыр,
Этектен алып ажалды.
Эмгеги элин көтөргөн
Ээсине бердик далайды.
Анделектей кезинде,
Аласын терип актаган,
Алымкул өзү таптаган.
Агарып келип батадан,
Ак калпак кыргыз элине
Алтымыш жылы какшаган.

Шаң эле анын болушу,
Шартылдап турчу комузу.
Шайырың эле бир келген,
Шаңкылдап турчу добушу.
Даңзасы болчу өткөндүн,
Дайрасы болчу сөздөрдүн.
Дарысы болчу ырчынын,
Дабасы болчу көптөрдүн.
Телегейи тең эле,
Тебетейи кең эле.
Теминип жалгыз чыкканы
Театрга тең эле.
Тегеренип кыргызга
Теңирден түшкөн эр эле.

Эсилим, Чыке, караңыз,
Эси жок ажал тойбойбу.
Эгерде өтпөс жаралса,
Элиңдин сүйгөн эркеси,
Эстебес өтпөй койбойбу?
Калкына сиңген кадыры
Канчалардын жаны өткөн.
Канаттуу калктын дулдулу
Кадырман Калый кары өткөн.
Кайыңдай Чолпон бала өткөн.
Соо келип өрттөн ок учкан,
Соо келип өлчү согуштан,
Атасы болгон «душанын»,
Атасы болгон музанын.
Айла жок тура, аттиң ай,
Ажалдын темир торунда
Асанкан дагы зоруккан.
Окейдин уулу Төлөмүш,
Океан талант ал өткөн.
Сүймөнкул, Динар, Болоттой
Сүйүктүү жандар да өткөн.
Рыскулов Муратбек,
Рыспай ырдын жаны өткөн.
Тулпарың Турар, Жолондой
Туйгундардын баары өткөн.
Серпилип ажал серпкенде
Секиде жаткан чал өткөн.
Сексенге жашы жетпестен
Сегизге чыккан бала өткөн.
Жумадил уулу Советбек
Журтуңдун улуу уулу эле
Жулунбай жүрүп а да өткөн.
Кечээ,
Догурунбай ооруга,
Добулбас кагып дооруна.
Дооронбек деген иниңиз,
Каркыра болуп кайгысы,
Канатын жулуп күнүгө,
Кайдыгер болуп быкшыган
Калкынан жаны түңүлө.
Тамырын элдин сыздаткан
Тагдырын таштап үйүнө.
Талаада калган бийликтин
Таарынып кандуу түрүнө.
Тартылып кетти кантели,
Таяксыз көрдүн түбүнө.

Кош эми, Чыке, асылым,
Артыла берсин баркыңыз,
Атпай журт билген даңкыңыз.
Айтматов деген ысымың,
Ааламдын төрдө төшүнө
Ак Жылдыз болуп орносун.
Түрүлгөн кыргыз элинин,
Түгөтпөй турсун ордосун.
Түрк аттуу түркүм дүйнөнүн
Түркүгү болуп орносун.
Ыраазыбыз сизге эми,
Ысмайыл акын айткандай:
«Сексенге чейин жеттиңиз,
Сегиз жүз жылга татырлык,
Ырахат көрүп кеттиңиз.
Ыраазы болгун бизге эми,
Канча миң кылым өтсө да,
Дүйнө эли эстеп жүргөндөй,
Намысы болсо кыргыздын,
Эстелик коёр сизге эми!..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *