АҢГЕМЕ

Алардын аттары да уйкаш эле: өзүнүн аты — Мыктыбек, итиники — Акжолтой.

Ал дайыма ишинен кайтканда ити алдынан тосуп чыгат. Куйруктарын шыйпаңдатып, тилин салаңдатып, кара томолок топтой жолду чаңызкытып чуркап келип бутуна сүйкөнө эркелегенде Мыктыбек бир жагынан багалегин булгап койбосо экен деп акырын итти тээп коёт, бирок айбан болсо да мээримдүүлүгүнө ичи жылып, тепкени үчүн кайра өкүнүп калат.

Ит болсо да адамдыкынан өткөн опаасы бар байкуштун. Анан ошол күнөөсүнөн актангансып Мыктыбек үйгө кирип, биртке каткан нандан алып чыгып берет. Кайран Акжолтой ошол замат анын тепкенин кечирип таштайт. Бечарада ырайымдуулук да көп.

Мыктыбек өмүр бою айылда жашап, ошол жерде башкармалыкка чейин жеткен. Ошол айылда жүргөнүндө бир жолу иштен аябай чарчап, анысы аз келгенсип аксакалдан да кеп угуп, көңүлү чөгүп үйүнө кайтып келсе, демейде топурап эле короодо жүрчү бала-чакасынан да, катынынан да дайын жок. Жада калса Акжолтой дагы алдынан тосуп чуркап чыкпады. Эмне болду деп короону бир сыйра аралап өтүп, үйдүн ичине кирип барса, аялы бала-бакырасы, кыз-кыркын менен төркү бөлмөгө толуп алыптыр. Жаны ачыганын айтпа: ал ошол замат өтүгүнүн кончундагы камчысын колуна ала коюп:

— О энеңди урайындар, ит кана? Акжолтой кана? Тапкыла! — деп дарылдап айкырып-өкүрүп жиберди.

Бөлмөдөгүлөрдүн баары эшикти карай качып чыгып, үйдүн ичинде төрдө отурган өкүл кызы гана калыптыр. Көрсө көп жылдан бери бир айылчылап келип калган өкүл кызына сүйүнүп, аялы болгон сый-урматын, меймандостугун көрсөтүп төгүлүп-чачынып жаткан экен.

Эмеле жайнап-жадырап отурган үй ээлери бир паста шагырап чыга качканына, өкүл атасынын тигинтип ашата сөккөнүнө эси оогон жаш келин эмне кыларын билбей, бакырайган көздөрүн ого бетер алайта Мыктыбекке тигип отура берди. Үйдүн ээси дагы өзүн оңтойсуз сезип калды. Эптеп бул абалдан чыгуу үчүн эмне кыларын билбей, Мыктыбек кекечтенип жалдырап жибергендей болду:

— Айланайын, кызым, бу… эмеле айтканым… жанагы айткан сөздөрүмүн бүт сага тиешеси жок, садагаң кетейин!..

Андан бери бир топ мезгил өттү, заман өзгөрүлдү, чарбалар жоюлду, башкармачылыгы дагы унутта калды, ал эмес өлкөнүн өзү тып-тыйпыл болуп жоголду. Жоон топ элдер ар кандай себептен чогулуп, эки тарап болуп кырылып-чабышып, бири адаттагыдай эле өкмөттү коргоп, бири ошондой эле адаттагыдай өкмөткө нааразы болуп, бирде биринчилери, бирде кийинкилери улам алмашып бийликке келе берди. Эзели эл менен сүйлөшпөгөн төбөлдөр эми элден айланайын деп жар салып, кичине эле ордунан кыйшайса ошол кара таман элди чогулта коюп өкмөткө тиш кайрап, баягы жек көрүп, жийиркенип жүргөн букараны бетине карманып, аны алдыга салып алып, багы барга дагы бар дегендей, кайра эле өздөрү алмак-салмак аткаминер бойдон калып отурду.

Ошол эле элин мактап коюп, кайра бийликке келгенден кийин андан безе качып кутулуп, учуру келгенде каратамандардын колун пайдаланып, добушун сатып алып, алардын өкүлү катары борборго жетип, өкмөткө кошулуп кайра элин тоноп, элин сатып, жерин сатып, болгон мүлкүн таламай-ташыганга салып жатты. Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт экен: ошол төбөлдөрдүн сөзүнө кирип алып кырк уруу эл кыркка бөлүндү, ичкилиги ичинен жарылды; илгери калмакка таланып, кыпчакка тонолгондой эле ак ордосунун үстүнө бөтөндөрдүн туусун илип алып, бөтөндөрдүн ырын ырдады, бөтөн тилде сүйлөдү.

Журтту кашкасы да башкарды, башкасы да башкарды, бирок тигил ак көңүл элдин кимисине болсо да эшиги ачык экен, дүйнөнүн бурч-булуңунан көрүнгөнү келип, төрүнө өтүгүн илип, жигиттерин кул кылып, кыздарын күң кылып кете берди. Мына эми тар заманы да, зар заманы да бир келди, артынан ээрчип кашайган кал заман менен арам акыр заман келатты.

Ушундай алпейим заман ал кайда, батыл заман башыңда, калайман заман кашыңда турганда, эртең элиң жоголсо, бүгүн өлүп сен тынба деп Мыктыбек көнгөн адаты менен бир жылуу жерге кызматка илинип алды. Ал кызматка жетиш үчүн Мыктыбек эшектей эмгектенди, иттей иштеди, бере турганын берди, кошомат кыла турганына үч бүктөлүп ийилди. Анан мине, жашоо оңой-олтоң оюн бекен! Ишиң оңолгончо итиңе жүк артасың керек болсо.

Мыктыбек дагы эле май-талкандын жанына жакындап барды. Багына буйруп бир кезде ал чоң төбөлдөрдүн бири менен чогуу окуп калган экен, бир күнү көтөрүнүп-ташынып сыныпташына жетип келди. Тигил аны жылуу кабыл алды, дароо жылуу орунга отургузду. Айкөлдөн айран, туугандан талкан келип отуруп, ал алпейим заманда каймакка талкан көөлөп жеп жатып калды. Бул кыргызча айткандагысы дечи, чынында болсо кара талкан жеп отурмак беле, күнүгө той-үлпөт, күнүгө түркүн-дүйүм тамак, оюн-зоок, энеси өбө элек кыздар, тамаша, чет өлкөлөргө саякат, кыскасы Мыктыбекке сыныпташы экөөнө жыргал жашоо эми башталды.

Өкүнүчтүүсү — мунун баарына чыдабай аялы кетип калды. Дагы жакшы, бала-чакасы өзүнчө үйбүлө куруп калган, катынды болсо эмне — мындай жигитке бир эмес, канча катын алса жараша берет.

Анткен менен жүрөгү бир аз тызылдай түштү: андан аялы кетти да, ити эмес. Жалгыз жашай баштады. «Кетсең кете бер, энеңди урайын, төрт тарабың кыбыла. Тиреген асманың болсо таштап ий! Мен керек болсо сенсиз деле жашайм. Каадаланганын кантесиң, акмак, бир келген бактысына чыдабай…»

Ал төбөл сыныпташы менен жүрүп далай сый көрдү: тигил аны дайыма жанына кошуп алчу, барган жеринде сыныпташынан кийинки эле төрдү ээлечү, андан кийинки эле сөздү ага сунушташчу, белектердин эң мыктысын дагы, албетте, экөөнө беришчү. Бир гана өкүнүч: ал казгаяк жашады. Мына ушул кандеги гана бар.

Акжолтойдун опаасын карабайсыңбы, бардыгы аны чанып кеткенде да ал ээсин таштаган жок. Бирок бу мине бир макулук: муну менен же сүйлөшө албасаң, же дос боло албасаң. Тээп койсоң арылдайт, бир аз жумшак сүйлөсөң кайра куйругун шыйпаңдатып келип сага сүйөнө баштайт. Байлап койсоң жата берет, аяп бир аз бошотуп койсоң көчөгө суранат. Баягыда түнү короодон чыгарып койсо, таң атаарда денеси бүт кызылала болуп көчөдөгү иттерге таланып келди. Өлө албай үч күн, үч түн жатты. Дагы жакшы оңолуп кетти. Таң атканча болбогон нерсеге деле үрөт, уйкуну бузат. Же коңшусунун короолорду өз кожолугундай аралап өткөн таргыл мышыгына үрөбү, же түндөп деле, күндөп деле эшиктин алдында нары-бери чуркап жүргөн келемиштерге үрөбү, же тигил кеседеги анын тамагына асылган чымчыктарга үрөбү, — кыскасы Акжолтойдун керээли-кечке үргөнү үргөн.

Бирок кээде анын дабыш чыгарганы жагымдуу угулуп кетет: кантсе да тунжураган дүмөккө караганда иттин да болсо үнү чыгып турганы бир аз жарпын жазат эмеспи. Мейли үрсө үрө берсин… Ит үрө берет, кербен…

Сыныпташынын атаандаштарына карата айткан ушул сүйүктүү макалын эстей коюп Мыктыбек бир жагынан сестенип, бир жагынан жийиркенип кетти. Төбөл досу кантсе да ажонун жанында жүрөт эмеспи. Бу падышаларың баары ле өзүн кербен башы көрөт окшойт, айтса ле кербенге байланыштуу макалдарды айтат: ана тиги коңшу өлкөнүн да падышасы өз өлкөсүн кербенге теңеген. «Көч артка тартканда акыркы төө биринчи болуп калат», — деп ал мурун жакыр өз элине бай өлкөнү куруп берип, өзү болсо оо дүйнөгө кете берди. Биздин өлкө гана эч оңолбой койду: мурун да оторчулардын астында жатканда элибиз эң жарды ле, эми да өзүбүзчө болгондо баарыбир жарыбадык.

Эл жакшы падышаны күтөт, анысы болсо эч кенебей өзүнүн үйбүлөсү менен бир туугандарын гана жыргатканды билет. Элин туш тарапка чилдей таратты, жерин ар кимге кур-бекер талатты. Бирок элиң өзү да бир жалакай немекен. Оозун ачып жүрө берет, келгиндерге ишенгенин койбойт. Өзү эчтекени билбейт, үйрөткөндү жаман көрөт. Байды баалабайт, кедейди кенебейт. Чөнтөгүндө бир тыйыны жок, бирок көкүрөгүн падышадай жайып, эки колун чөнтөгүнө салып, чийт түкүрүп коюп эч жерде иштебестен жүрө берет. Аттиң мен ажо болуп калганда ушу кара таман элдиби… баарын чогултуп барып бир ороого көмүп салмакмын. Алардын арасында бүлүк салгандары да бар. Алар мине… бир ууч атандаштары да, аларды бир унаага тыгып шаардын тээ четине чыгарып коймокмун. Мына сага деп, эми каалаган жагыңа кете бер деп. Уурдап атат, жеп атат эле дей берет ушу көзү кашайгырлар. Уурдаса минекен? Ким кайсы заманда уурдабай коюптур? Кана, көрсөткүлөчү мага ошо чынчыл акыйкатчыны! Азыркы заманда керек болсо жалкоо менен дөпүрөстөр гана уурдабайт… Чындык, чындык эле дейт. Ким көрүптүр ошо чындыгын. Чын сүйлөгөн киши тогуз айылдан куулуптур дегенин эле билебиз. Атам айтчы ле:

– Бир киши дагы чындык, чындык деп эле чыркырай бериптир. Бир эле жолу мага көрсөтүп койгулачы чындыкты, – дейт имиш.

Бир күнү ага чындыкты көрсөтүптүр, мынакей деп сенин чындыгың. Тиги караса ле турат дейт бирдеме: өңү суук, дүмүрөйгөн капкара, оозу-башы кыйшык.

– Ушубу чындык? – дептир тиги, – койгулачы калп айтпагыла.

– Жо-ок, – дейт экен ал, – бу чындык эмес. Ушу… ушу, – дейт экен ага, – мына ушу нукура чындык. Бая сен айткан чындык нак ушу өзү. Карай бер эми чындыгыңы, көрө бер какшанган чындыгыңы.

Берки киши ыйлап ийиптир. Ушундай да чындык болобу, чындыктын өңү ушундай суук беле дептир.

– Ооба, – дептир ага, – чындыктын өңү дайыма ушундай суук болот. Сен мине сулуу кызды көрөм дедиң беле? Сулуу кызда чындык болбойт: ал жигиттерди тузагына илет, сыртын жылтыратып кийинет, ичи көңдөй болот. Ал эми сен жөнүндө чындыкты айтсынчы, кандай гана туталанбайт экенсиң. Анткени чындык дайыма ачуу, ичиңи тызылдатып күйгүзөт, жүрөгүңү лакылдатат, жиниңи келтирет, өңү-башыңы тырыштырып бузат. Мына чындык ушундай болот.

– Кокуй, – дейт экен анда тиги киши, – мага кереги жок андай чындыктын, мындай өңү суук чындыкты менин да көргүм келбейт…

«Баарыбыз ушундайбыз: чындык, акыйкат дей беребиз, бирок чын-чынына келгенде ошо акыйкаттан безе качабыз. Мага болсо эч кандай чындыгынын кереги жок, мен чындыксыз эле жашайм. Ар бир нерсенин өз чындыгы бар. Ар бир кишинин да өз чындыгы бар. Байдын да өз чындыгы бар, кедейдин да өз чындыгы бар, алар эч качан коошпойт. Кылмышкер менен жабыр тарткандын ар биринин өз чындыгы бар, алар бири-бирине карама каршы турат. Ар кимдин өз чындыгы бар. Мына бу иттин дагы өз чындыгы бар болушу керек…»

Мыктыбек босогосун аттап баратып итин бир карап койду. Анан ишине жөнөдү. Ошол күнү ишинде аны бир суук кабар күтүп турган экен: баягы сыныпташы жок, бир жакка кетип калыптыр, орун басарына бүт жумушту таштап, өзү жок. Орун басары болсо Мыктыбекке суук кабарды жарыялады, кыйратып койгонсуп аны орусча тантырады:

— Байке, в общем так… шеф сейчас в командировке. Он просил меня передать вам, что мы сокращаем штат нашего офиса. Но мы не увольняем вас, поймите нас правильно, а просто предлагаем вам повышение. Мы предлагаем вам другую работу, байке…

Мыктыбектин жүрөгү кысыла түштү: «Мына менин да күнүм жеткен экен да!» Мурун да ал башкаларды ушинтип иштен бошотконун угуп жүргөн, бирок анда анын өз башына да ушундай күн түшөрүн ойлогон эмес.

— Мен шефке жолуксам болобу? — деп булдуруктады ал.

— Байке, я же сказал, что шеф в командировке, и он не скоро будет, — деп чукчуңдай берди орун басары.

Мыктыбекке эмнегедир өзгөчө тигинин орусча сүйлөгөнү катуу тийди. Чукчуңдап орусча сүйлөйт, анан бирдеке десең эле: «Байке, меники ата хан тукумунан болот,» — деп чыгат. «Наалаты ошо хан тукумуңа, энеңди урайын, чукча! Чукча да, анан мине? Өз элинин тилин жериген чукча!»

— Тамбовский волк тебе байке, понял ты, чукча? — деп кыйкырды бир маалда Мыктыбек. — Наплодили на свою голову таких чукчей, которые не знают даже своего родного языка. Чукчи с глазами узкими, с языками русскими. Кыйратып койгонсуп орусча чукчуңдайсың, сволочь ты поганая!.. Ошо ишиңи көчүгүңө тыгып ал!..

Мыктыбек эшикти тарс жаап эшикке атып чыкты. Жолдо келатып ал көпкө эс-учун жыя албай койду. «Мына ушинтип эле мен көчөдө калдымбы? Кечээ ле элдин сый-урматында жүргөн мен эми минтип ылайга тепселип атам. Анда дагы ким тарабынан? Каяктагы бир улут безер мадыра баш тарабынан куулуп кеттим. Тиги сыныпташымчы? Өзү келип адамдай түшүндүрүп айтып койсо болбойт беле? Бирок туура, биз коркок иттей куйругубузду кыпчып, мына мындай чукчага өзүбүздү талаттырып жүргөнгө көнүп алганбыз да…»

Мыктыбек үйүнө кирип баратып итин дагы бир сыйра карады. Каяктагы иттей? «Сыныпташым дагы, мен дагы, тиги чукча дагы итке теңелмегибиз кайда? Бу байкуш ит жок дегенде үн чыгарып үрүп турат, биз болсо ага да жарабайбыз. Биз өзүбүзгө күч келмейинче коркуп көчүгүбүздү кысып, үн чыгарбай отура беребиз. Биз өз үйүбүзгө бекинип алып, жылуу бөлмөдө ысык тамак ичип, сырттагы караңгы түндөн жалтанып, көчөдөгү уурулардан качып камалабыз. Ал эми ит болсо байкуш күнүгө жаанда суу болуп, суукта үшүп, караңгыда туш тараптан каптап келген коңшулардын иттери менен алышып, түнгө жамынып мал уурдаганы келген ууруга тайманбай тиш кайрап, кесесиндеги оокатын талашкан келемиштер менен таймашып, караңгыдан коркуп, чагылгандан үркүп таң аттырат…»

Бир жолу Мыктыбек эшигин ачканда, байкуш Акжолтой үшүгөнүнөнбү же бир нерседен корккондонбу аны менен кошо үйдүн ичине кирип барган. Ошондо Мыктыбектин кыжыры кайнап, жини келип итти бүт күчү менен куйрукка бир тепкен.

— Чык, энеңди урайын! Карасаң мунун үйгө киргенин…

Акжолтой кыңшылаган бойдон кайра үйдөн учуп чыккан. «Мурун мен итти тептим эле, эми мени иттей кууп чыгышты. Мурун мен итке бир аяк жугундуну берип коюп, өзүм үйгө бекинип алып жүрдүм эле, эми тигилер мени жугундуга тойгузуп, өздөрү бекинип алды… Сволочи мы все поганые!..»

Мыктыбек өзүнүн орусча сүйлөп жибергенине таңгалды. Мен да чукча болуп баратамбы? Ал бөлмөсүнө кирери менен бутундагы пайабзалын ыргытып жиберип төшөктүн үстүнө боюн таштады да, муштуму менен жаздыгын ургулап боздоп жиберди:

— Энеңди урайын, ит турмуш! Энеңди урайын…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *