Алтай жомогу

Кыштын узун түндөрүнүн биринде арс ууга чыкты. Кар малтап келип, бир жерге жеткенде арткы кош аягы менен тике туруп, моюндарын ары-бери созуп, туш тарапка аңдоо салып, жыт искеп баштады.
Ошо кезде тоо баскандай эле бир оор жүк артынан басып калды. Арс чычкан кичинекей болгон менен тайманбас эле. Бурулуп, тишин кайрап жанагы тоодойго тап берди:
— Ууга тоскоол кылба!
— А-а-а-а! – Кыйкырык, ызы-чуу, ый чыгып эле, анан арс чычкандын ийнинен коён ыргып түштү.
Коёндун арткы аягынын сөөгү көрүнүп, ак карга кызыл кан тамат. Ал апакелеп ыйлап, тим эле боздойт:
— О-о-о! Үкүдөн качып, өз жанымды сактайын десе… Билбей сенин далыңа чыгып алыпмын, сен болсо, мени тиштеп салдың…
— Ой, коенбай, кечирип кой! Таарынбачы, мен да атайлаганым жок да…
— Эч нерсени уккум келбейт, а-а-а!.. Эч качан кечирбейм! Сенин үстүңдөн аюуга арызданам!
Күн али чыга электе эле арс чычкан катуу жарлыкты колуна алды:
«Менин айылыма тез сотко жетип кел!» деп бул токойдун аксакалы кара-күрөң аюу». Ушинтип жазылыптыр анда.
Муну окуп арстын тегерек жүрөгү түрсүл согуп, коркунучтан жука сөөктөрү ийиле түштү… Барбай койсо жакшы болор эле, бирок аюунун айтканын кантип эки кыласың.
Калтырап-титиреп ал аюунун турагына араң баш бакты.
Аюу төрдө – бийик секиде отурат, оозунда чылым, кожоюндун оң жагында болсо коён. Ал таяк таянып, аксак бутун алдыга сунуп таштаган.
Аюу жүн баскан кирпиктерин көтөрүп, кызгыл-сары көздөрү менен арска айбаттуу тигилди:
— Ушул сен кантип тиштөөгө батындың!?
Арс болсо үнсүз-сөзсүз, керең немедей эриндерин араң кыбыратат. Көкүрөк-көөдөнүнө жүрөгү толуп батпайт.
— Мен… Мен деген ууга чыгып…
— Кимге ууга чыктың эле?
— Чычкан кармайын дегем, оң келсе түнкү чымчыктарды…
— Ырас, түнкү чымчыктар менен чычкандар сенин жемиң дейли, а бул коёнго неге кол салдың?
— Коен өзү мени биринчи капа кылды. Жонума чыгып алды…
Аюу оор денеси менен коенго бурулду:
— Баса десе, сен неге бул арстын үстүнө чыгып аласың?!
Калтыраган коендун көз жаштары шаркыратма болуп куюлуп:
— Улуу урматтуу аюу төрө, мен сизге жерге чейин бүгүлүп ант берем, калп айтсам буйрубасын, бу арстын жону куду эле кардай аппак экен… Мен анын жонун билбей калдым… Жаңылыштым…
— Мен да жаңылдым, – арс кыйкыра үн катты, – коён да кышында аппак тура, мен аны маңдайынан кардан ажырата албай калбадымбы!
Акылман аюу көпкө унчукпай турду. Алдыда жалкоо от жалын бүркүп аткан. Отто темир тулга . Тулгада сегиз коло кулак алтын казан асылган. Бул алтын казанын аюу абдан жакшы көрчү, ошондонбу ага кол тийгизбей, такыр тазалачу эмес. Тазалап койсо кир менен кошо бакыт учуп кетет дечү. Ошон үчүн жанагы казаны жүз кабат кир, ыш менен капталып, көөсүн эми айтпай коё бергиле.
Аюу оң колун казанга сунуп, бир аз ыйкап койду эле, алакандары капкарадан капкара болуп жатып калды. Анан ошол алаканы менен коендун кулагынан кармап, делдейген кулагынын аяк жагын кара көө менен сызып салды.
— Мына эми, арс, сен коёнду кулагынан карап эле айра тааныйсың.
Арс болсо маселе ушунчалык бат жана оң чечилгенге сүйүнүп, артка бурулуп жөнөй берди эле, аюу аны куйруктан тартты. Карашса, арстын куйругу да карарып калды.
— Мына эми, коен, арсты сен мындан кийин куйругунан ажырата билесиң.
Айтуудан, ошол окуядан бери арс менен коён бири-бирин тааныбай калбайт экен.
Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *