БОРООН БОЛБОЙБУ?

Алмазбек Шаршенович Кыргызстанда болуп өткөн эки жолку революциянын башында турган өзү экендигин В.Путиндин алдында мактанды. Мактансын. А бирок ошол мактанычтын майнабы эмне болуп отурат?.. Демек, 2005-жылкы жана 2010-жылкы революциянын жоопкерчилиги анда кимдин мойнунда экендигин кечээ экс-эл депутаты Болот Шер кемелин келиштире айтты. Көрсө, эки жолку революциянын автору эл экен деп жүрсөк, Атамбаев экен. А башкалары эки жолку козголоңдо тең четте карап туруптур. Чайкоочулук эмес бекен…

Эми ушул жерден 2010-жылкы революцияга келели. Революция учкуну каяктан тутанды?.. Муну бүгүн ар бир кыргызстандык билет. Учкун 6-апрель күнү Таластан башталды. Ал учурда Атамбаев өз алапайын таппай атканы белгилүү. Өз үйүндө… Ал кезде ар бир оппозиция лидери четинен камалып, Ак үй алдына келген элдин башында турар бири да жок эле. Карапайым эл жамгырдай жааган октун алдында төшүн тосуп, жанын берип, кырчындай эр-азаматтарыбыз курман болуп кетти! Революциянын ээси адилеттик, эркиндик үчүн жаны кыйылган кырчындай эр-азаматтар эмей эле ал учурда абакта жаткан Атамбаев болуп чыга келди. Болгондо да бүгүн. Өткөн өттү…

6-апрелде Таласта болгон окуянын өзөгү бүтүндөй Кыргызстанга чагылгандай жеткен учурда УКМК абагында отурган Атамбаев анан кайдан жүрүп революция автору болуп калат?! Бу жаатында ооз ачкысы жок. 2010-жылкы жалпы элдин эркиндикке болгон күрөшүн өз энчисине оодара калган президенттен бүгүн эмнени күтүүгө болот?

Таластыктардын толкуну бүтүндөй Кыргызстандын элин силкинтип, Бакиев бийлигинин шаштысын алып, алапайын таптырбай калган саатта караламан калк Бишкекте Форумдун алдына чогулуп, Ак үйдү көздөй агылды эле го. Ошол агылган элдин эрдиги менен чайкоочулук кылып отурганы кайсы абийирге, кайсы ар-намыска сыят?! Же Ак үйгө агылып келген эл жалгыз эле Атамбаевдин санаалаштары, тилектештери беле?! Жети жыл мурда болгон тарыхты көз көрүнөө бурмалап, эки революциянын башында мен тургамын дегени Атамбаевге абийир алып келчү мактанычпы?! Же революция жалпы элдин мүдөөсү, максаты эмес беле?!

Тар жол, тайгак кечүүгө кептелген өлкө тагдырын сактап калууга күч үрөгөн ошол мезгилдеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн бүгүн жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү – кеп, мамлекет бүтүндүүлүгү сакталып калганында эмеспи. Туура,канбулоон түштүк коогалаңы болуп кетти, бирок кудай сактап: Сирия же Украинанын кейпин кийип калбадык. Аял башы менен бүтүндөй өлкө тагдырынын жоопкерчилигин өз мойнуна алган Роза Отунбаевага бүгүн кекээр келтиргендерге австирялык жазуучу Мария Эбнер-Эшенбахтын «Акылдуу аялдын табигый душманы – миллиондогон зөөкүр эркектер» дегенден өтөр жооп таппайсың. Бирок экс-президенттин дарегине карата көчөдөгү кулпенденин эмес, өлкө президентинин оозунан эмне кеп айтылганы жамы журтка дайын.

Бүгүн болсо Бакиевдердин бийлигине каршы чыккан саясый күчтөрдүн баарына жалаа жапкан бир гана “таза киши” калды. АША. Анын оозу менен Убактылуу өкмөт курамындагылардын айып тагылбаган кимиси калды?! Экс-президенттен баштап бир дагы жүрөгү таза саясатчы калбай, алардын ичинен эң тазасы жалгыз өзү болуп чыга келди. Тилекке каршы, өзүнүн идеялаштарына караганда шайтан менен болсо да өнөктөш болуп кетээрин Бакиев тушунда да көргөнбүз, андан берки жети жылдан бери да көрүп атабыз. Көргүлүгүң көп экен, кыргыз. Кудайды оозунан түшүрбөгөн президентибиз бара-жүрө жалган жалаачы болуп чыга келгенин баамдап атасың эми…

Мыйзам баарыбызга бирдей экенин өзү дамамат кайталап келет, туурубу? Туура болсо, мародер атка конгон «атамекенчилердин» бирөө-жарымы минтип чыкса эмне болот: «Ооба, мародерлук кылганым чын! Бүт акчаны, бүт байлыкты басып алган менмин! Бирок ал акчаларды Алмазбек Шаршеновичке бергемин! Андыктан Атамбаев да камалууга тийиш. Себеби, Текебаевге бир миллион доллар карматканы үчүн Леонид Маевский эркиндикте жүрсө, а алган киши – Текебаев камалып отурат. Эгер параны алган киши отуруш керек болсо, Кудайды оозунан түшүрбөгөн Атамбаев да камалууга тийиш. Мен Маевскийден айырмаланып, УКМК камагына өзүм барып отуруп берейин, а Текебаев бошонсун. Бу жерде мен шерменде болоюн, мен мародер атанайын да, камакта отурайын. Себеби мен Атамбаевге пара берген кишимин…» десе кандай болот деп ойлойсуз, азис окурман?

Албетте, мен муну бийликтегилердин логикасынан улам ушундай фантазия кылып аткандагым. Себеби Кыргызстанда кимдир бирөөнө карата өзөгүңдө өчүң, кээриңде кегиң болсо, ошол адамга карата оозеки түрүндө жалаа жаап деле көрсөтмө берип, каматып коюуга болорун Текебаевдин мисалынан көрүп отурабыз го.

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *