№7

Аялдын үй бүлөдөгү орду эбегейсиз. Ал үйүндө үй кызматчы, тукум улоочу, психолог, артист, педагог, адвокат, кыскасы көп жактуу. Ошонун баарысы боло алганда гана үйдүн кутун кармайт.  Ушунча  “кызматты”  катарлаш аткарып жатып сулуу,  назик, сылык болууга тийиш. Ооба, аялдын үй бүлөдөгү милдеттерин тизмелеп саноо баарынан оңой иш. Аны аткаруу өмүргө тете нерсе.

Ооба, аялдын милдеттери  ушундай болчу. Бирок соңку жылдардагы коомдогу  кымгуут турмуш аларды жайына койбоду. Этек-жеңинен сүйрөп эшикке чыгарды.  Кыскартуулар, жумушсуздук,  акчанын куну качканы — сырткы тон болгон күйөөлөрдүн үй бүлөдөгү ролун, кадыр-баркын төмөндөттү. Эркек тамекисин шашпай чегип турмуш жагдайды ойлонгуча,  аял белин бек бууп, нан таап келүү үчүн көчөгө чыгып кетти.

А көчөдөгү кайыктырган муздак шамал, боздогон бороон-чапкын аялдын айжаркын жүзүн туурултуп, ууру-кескилик, алдамчылык, эки жүздүүлүк  анын аяр дүйнөсүн булгап, ирээнжитип, алар менен айтышып-тартышууга, керек болсо жулмалашып чачташууга аргасыз кылды. Жемин жедирбеш үчүн албуут, бейжай болууга туура келди. Анткени жан багуу керек болчу.

– Кой, антпечи. Сен үйдө болчу, мен багайын силерди, – деген жок күйөөсү.  Десе эле кана?! Демек тургай алардын  бир далайы аракка ооп кетишти.  Аракеч күйөөнүн азабы менен үй бүлө багуунун түйшүгү аялга опол тоодой оор жүк болду. Ошенткен сайын аял чыйралып, кайраттанды.  Үстүнө курумшу, башына жүн жоолук, бутуна кийиз өтүк кийип, көтөргөнү жүк болду. Баягы  назик колдор барбайып, алакандар чор болуп эркектен айырмасы болбой калды. Ооба,  илгеркидей эркектери согушка кетип, тылдагы оор жүк аялдардын мойнуна түшкөндөй эле болду. Көптөгөн дипломдор, эмгек китепчелер сандыкка салынды. Күн сайын жашоо үчүн күрөш жүрдү. Үзүлгөндү улап, жыртылганды жамап, жоктон барды жасап, жан талашкан тирилик өтө берди. Ал арада аял өзүнүн аял экенин эстен чыгарды. Ден соолукка, бой келбетке кам көрүүгө убакыт да, шарт да, көңүл да  болбой калды.

Эмне үчүн аял көр оокатка күйөөсүнөн мурда киришип кетти?  Аял биринчиден, турмуштун практикасына келгенде тез ойлонуп,  тез чечим чыгарат. Экинчиден,  ар бир аял ашканасынын тамак жыттанып, казаны күнүгө кайнап турушун каалайт. Ошон үчүн күйөөсүнөн мурда канатын каккылап нан издеп кетип жатпайбы?! Эгер ал күйөөсүнө атаандашып: «Бар таап кел,  сенин милдетиң!»- деп олтуруп алса  күйөөсү каражат тапкыча  ал ортодо балдары менен ачка да калышы мүмкүн эле. Андайга аялдын жүрөгү чыдабайт.

Статистиканын көрсөткүчү боюнча ар бир  4-аялдын күйөөсү жок. Башкача айтканда,  ажырашкан, жесир же турмушка чыкпай калган. А жалгыз бой аял бала-чакасын багууда өзүнө гана ишенет. Ага алименттен башка (ажырашкан болсо) мамлекет тарабынан эч кандай жардам же жеңилдиктер каралган эмес.  Туугандары деле колдоо көрсөтө алышпайт. Андыктан жалгыз бой аялдар балдарын багуу үчүн төбөсү  менен жер казууга мажбур.

Күйөөлүү аялдардын турмушун үч түргө бөлүүгө болот:

1). Үй бүлөсүн күйөөсү багып, өзү үйдө балдарды тарбиялап,  үй-жайды  ирээттүү кармап олтургандар.

2). Экөө тең бирдей  иштеп, аялы  күйөөсүнөн кем эмес каражат таап, балдарын багып өстүрүп жаткандар.

3). Күйөөсүнүн  жумушу жок, туруктуу киреше таба албай,  үй бүлөнү багуу  түйшүгү  аялга  жүктөлгөндөр.

Ургаачы жан эс тарта баштаган кезден эле өз бактысы тууралуу  кыялдана баштайт. Идеялдуу күйөөнү кыялында жаратып алат. Уул-кыздарын,  коломтосун  баарын-баарын кынтыксыз кылып элестетип алат. Эгер ага тагдыр оң караса  баары ойлогондой эле болот. Бирок тагдыр-жазмыш деген дайыма эле кеңпейил эмес. Ар кимге эле күлө карай бербейт. Аял канчалык идеялдуу турмушту кыялданбасын  тагдыр башына ар кандай мүшкүлдөрдү салып кое берет. Аялдын багы — кандай күйөөгө туш келгендигинде.  Биздин эл  “Кара кыздын агынан эмес, багынан”, “Алган эри жарашса кара катын ак болот” деп бекер айтышкан эмес чыгаар.

Аял турмушунун 3 түрүн карап көрөлү: 3 — түрдү эч бир аял каалабайт. Ал белгилүү. 1-2-түрдү бир нече аялдан сураштырып көрдүк. Көпчүлүк аялдар (68 %) күйөөсү менен бирге эле иштеп каражат табууну каалашат. Күйөөсүнө  материалдык жактан көзкаранды болгусу келбейт.  Калганы (32%) күйөөсүнүн багуусунда үйдө  балдарды тарбиялап, үй иштерин жасап олтургусу келет. Мындай пикирдеги аялдардын көпчүлүгү эркек катары таңдан кечке сыртта  иштесе да кененчилик  жашоого жете албай,  өп-чап турмуштан чарчагандар.

Бул медалдын эки бети бар сыяктуу маселе.

Эгер биз табияттын  аял-эркекти жуп кылып жараткан улуу мыйзамына таяна  турган болсок, анда аял бала төрөп, тарбиялап, үй-жайды таза тутуп, даамдуу тамак жасап, коломтонун кутун кармап, эринин жакасына кир жугузбай үйдө гана олтуруусу керек эле.  Бирок бүгүнкү замандын талабы таптакыр башка. Аял билим алып, кызматка орношуп, өзүн коомго таанытып, карьера жасоосу керек. Ошол эле учурда каражат таап балдарды багуу  түйшүгүн күйөөсүнөн кем тартпайт.

Ооба, биз аялдын үй бүлөдөгү орду жөнүндө ой калчап жатабыз.  А чындап келгенде ал үйдө олтуруп аялдык, энелик вазипасын аткарабы  же кара жанын карч уруп сыртта иштейби —  мунун баарысы күйөөсүнүн кожоюндук касиетине байланыштуу. Эгер  эркек үй бүлөсүнө баардык шартты түзүп берип, аялы үйдө өз милдеттерин  гана аткарган болсо  — бул идеялдуу нерсе. Мындай турмуш  бир канча  аялдардын каалоо-тилеги дагы. Тилекке каршы, мындай шартта жашаган  үй бүлөлөр өтө аз.

Аял табиятында үйдөгү жасаган  иштеринен тымызын көп ырахат алат. Жаркыраган терезе, үлпүлдөтө жуулган кирлер, мизилдеген таптаза идиш-аяктар,  колго жасалган жумшак нан, түрлөп бышырган тамак-аштар — мунун баары кожойкенин ырахаты. Балдары мектептен, күйөөсү жумуштан чарчап келгенде  босогодон жылмая тосуп алган чынында кандай бакыт!  Аялы үйдө чайын демдеп, тамагын жасап күтүп жатканын билген эркек дайыма үйүнө шашат. Андай үйдүн босогосун аттаганда эле кут, береке сезилип турат.  Тилекке каршы, бир буту үйдө,  бир буту сыртта болгон аялдын үйдө  да, сыртта да иштери ойдогудай бүтө койбойт.  Муну өздөрү да жакшы билишет.

Бирок бүгүнкү ааламдашуу заманында үй кожейке гана болуу —  азчылыктын кыялы болгону менен  көпчүлүк айымдар коомдон  өз ордун таап,  ишмердигин, жөндөмүн,  талантын  көрсөткүсү келишет. Ошол эле учурда өз эмгеги менен каражат табуу далалаты бар.

Кыскасы, бүгүнкү учкул заманда АЯЛ  өзүн жашоонун баардык тарабынан көрсөтүп келет. “Аялдагы алсыздыкты жактырам” – деген К.Маркстын таамай сөзү бар. Баардык нерсенин табигый болгону кандай жакшы. “Күчтүү эркек аялды бактылуу кылат, алсыз эркек аялды күчтүү кылат” деген учкул сөз да эске келет.

Ылайым эркектер  аялды күчтүү кылбай, бактылуу эле кылса кана?!  Бактылуу аялдар мээримдүү, назик, жароокер, кечиримдүү болушат.  Ачууланып чыр-чатакка барышпайт, баардык нерсеге айкөлдүк менен мамиле кылашат. Мындай аялдар балдарды жакшы тарбиялашат. Мээрим менен чоңойгон балдар кайрымдуу, боорукер келишет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *